Menu

КООМ

Жалал-Абадда вирустук гепатитке кабылгандар саны үч эсеге азайды

 

“Жалал-Абад шаарында 2017-жылдын алгачкы эки айында вирустук гепатитке кабылып, оорудан жабыр тарткандар саны өткөн 2016-жылдын экинчи айына салыштырмалуу үч эсеге азайган. Бул тууралу областтык  үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Хадича Пратова билдирди” – деп маалымдады Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Анын айтымында, өткөн жылдын алгачкы эки айында 29 атуул вирустук гепатит оорусуна чалдыккан болсо, быйылкы жылдын 2-чи айында 9 оору катталган.

-Бул оорунун эң кыйын жери бир жылга чейин оорунун белгиси байкалбаганында.  Оору дени соо кишиге вирус менен булганган тамак-аш, оюнчук, сүлгү, идиш-аяк, жуулбаган кир колдор аркылуу жугушу мүмкүн. Жалал-Абад шаарында январь, февраль айларында 9 киши аталган оору менен катталып, алар дайыма биздин көзөмөлүбүздө болуп, медицина кызматкерлери алардын үйлөрүнө жума сайын барып, текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Биз азыр шаар тургундарына, бала-бакчаларда, мектептерде түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп жатабыз, – дейт ал.

Эскерте кетсек, жугуштуу оорулардын алдын алуу, ушул багытта дарыгерлердин билимин арттыруу максатында област боюнча 17 дарыгер Бишкек шаарына барып, билим-тажрыйбаларын арттырып келүүгө даярданып жатышат.

Азиа-2017: Түркмөнстанда жаңы окуу жылы 1-июлда башталат

Ашхабадда 2017-2018-жаңы окуу жылы 1-июлда башталат. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы Билим берүү министрлигиндеги өз булагына таянып билдирүүдө. Маалыматка караганда, азыркы окуу жылын мөөнөтүнөн эрте бүткөрүү тууралуу токтомго дагы кол коюлду.

“Жаңы токтомго ылайык, Ашхабад шаарынын орто мектептеринде окуу жылын 1-июнга чейин бүткөрүү каралган. Жаңы окуу жылы адаттагыдай 1-сентябрда эмес, 1-июлда башталышы керек. Биринчи чейрек августтун аягында жыйынтыкталат. Мындан кийин окуучулар бир ай эс алат. Экинчи чейрек октябрда башталат”,– деди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булагы. Айрым маалыматтар боюнча орто мектептердеги мугалимдердин эмгек өргүүсү дагы 45 күндөн 30 күнгө чейин кыскарышы мүмкүн.

Окуу жылынын датасын алмаштыруу – Азиада-2017 оюндарын өткөрүү менен байланыштуу. Бийлик иш-чарага окуучуларды жана мугалимдерди тартууну пландап жатат.

V Азия оюндары 2017-жылы сентябрда Ашхабадда өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда «кастык жаратуу» үчүн жарандыктан ажыратуу сунушталууда

Казакстанда «социалдык, уруулук, расалык, диний же улуттар аралык кастыкты козутуу» беренесине жарандыктан ажыратуу жазасы киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлигинен кабарлашты.

Мекеменин билдирүүсүндө ушул жана башка бир катар сунуштар айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунда каралып жатканы айтылат.

Учурда аталган берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. Ал эми жарандыктан ажыратуу жазасы куралдуу жаңжалдарга катышкандыгы үчүн айыпталгандарга карата колдонулат. Юстиция министрлиги тарабынан «террористтик кылмыштарды кылган, ошондой эле Казакстандын кызыкчылыктарына зыян келтирген» деп айыпталгандарды да жарандыктан ажыратуу сунушталууда.

Мекеменин маалыматына ылайык, «террористтик кылмыштарды кылуу, ошондой эле Казакстандын кызыкчылыктарына зыян келтирүү» түшүнүгүн кылмыш кодексинин 15 беренесине киргизүү каралууда.

4-апрелде Юстиция министрлиги мекемелер аралык комиссиянын жыйынын өткөрүп, анын жыйынтыгы менен мыйзамдын акыркы долбоору сунушталат.

Эгер мыйзам долбоору парламент тарабынан жактырылса, ал өлкө президенти Нурсултан Назарбаевдин кол коюусуна жөнөтүлөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тамеки заттарына карата акциздик салык коюмун жогорулатуу демилгеси сунушталууда

Жогорку Кеӊеште тамеки заттарына карата акциздик салык коюмун көтөрүүгө багытталган “КР Салык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын бириктирилген долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар тобу. Белгилей кетсек, депутаттардын эки тобу бирдей маанидеги мыйзам долбоорун даярдагандыктан, экинчи окуу жүрүшүндө бириктирилди. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Жыл сайын тамеки заттарына карата акциздик салык коюму жогорулоодо, бирок бизде ЕАЭБ курамындагы мамлекеттерге салыштырмалуу кыйла төмөн. Ошондон улам, тамеки заттарына карата акциздик салык коюмун жогорулатуу чаралары сунушталууда.

Демилгечилердин айтымында, акциз коюмун жогорулатуу – жаңыдан тамеки чегүүчүлөрдүн санын азайтуунун, анын алдын алуунун дагы бир жолу болуп саналат. Акциз наркынын көтөрүлүшү тамеки баасынын кымбатташына алып келет. 2018-2019-жылдары 1 пачка сигареттин баасы жыл сайын 5 сомго жогорулап турат. 2020-жылы акциздик коюм 1750 сомго жетип, бюджетке болжол менен 8 млрд сомго чейин кошумча каражат түшүүсү күтүлөт.

 

Элнура Кулуева, журналист: "10 жашында жетим калган Ринат өлкөгө коркунуч туудурган террорчубу же адам өлтүргөн кылмышкерби?"

Садыр Жапаровдун уулу Ринаттын видеосу баарыбызды шок кылды. Эне жүрөгүн эзди, эаманбызды курутуп, боорубузду оорутту. Эне жүрөгү деген… эне жүрөгү экен да. Билген кишиге бийлик жетим баланы эки айга кылмышкер деп камап койду.

Ооба Ринат жетим бала. Бул боюнча Садыр Жапаровдун жубайы Айгул эже буларды айтып берди:

“Ринат баламдын сабалып, алсыз, аптыгып ыйлап жатканын видеодон көрүп, жүрөгүм жанчылып ыйладым. Ринат 10 жашында бир күндө ата-энесинен ажыраганда… ушунтип аптыгып, бугу көкүрөгүнө толуп ыйлаганы көзүмө келе түштү. Ринат Садырдын бир тууганынын баласы. Ринаттын ата-энеси авто-кырсыкка учурап, каза болушкан.

Ал автокырсыкта 10 жаштагы Ринат жана кичинекей карындашы машинанын ичинде болчу. Элестетип көргүлөчү… 10 жаштагы бала… ата-энесинин кан болуп, өлүп жатканын көрүп, апасы менен атасын томолотуп, бир жерге жаткырып, үстүлөрүн жаап, башы жарылган кичинекей карындашын бекем кучактап, жардам келгиче аптыгып, эч жакка жылбай ыйлап олтурганын… Мына ушундай чоң жоготууну, чон трагедияны наристе жүрөгү менен баштан кечирген бала. Кичинекей карындашы башынан жаракат алып, 4 айдан кийин араң эсине келген. “Бир тууганымдан калган жалгыз туяк”- деп Садыр Ринатты өзүбүзгө алып багып алганбыз. Атасы жогун билип, Садырды аталап, ага өзгөчө жакын. Ринат үчүн Садыр идеал. Сыймыктанат. “Садыр атамды неге камашат ? Ал кимге зыян кылды. Атам келсе тосуп алабыз”- деп аябай кубанып жүргөн. Куугунтуктун да чеги болот го. Кордогондун да чеги болот. 12 жаш баланы сурагы жок 2 айга камап коюшту. Бу эмне деген өч алуу. Кайсыл бийликте ушундай көрүнүш болду эле?”.

Мына чындык …Ринаттын окуясын угуп олтуруп, көз алдыма Дача-Суудагы аба кырсыгынан улам жетим калган эки бала Султан менен Жакшылыкты эстеп кеттим. Ата-энесинен бир күндө ажырган жетим балдардын тагдыры замандын бүтүндөй тагдыры болуш керек. 10 жашынан жетим калган Ринат өлкөгө коркунуч туудурган террорчубу же адам өлтүргөн кылмышкерби? УКМКнын имаратынын терезесин талкаладыбы же болбосо тосмодон аттап, Ак үйгө кол салдыбы? Ринат болгону атасын тосуп алганы келген бала. Ушул жетим баланы ичке уруп, бүк түшүрүп, атасы үчүн абакка 2 айга камап салыш керекпи? Жетимди кордогон күнгө жетип калдыкпы? Ансыз деле абакты ашкабак, тоок уурдаган жаш балдарга толтуруп, эми минтип баш көтөрүп, сын айткан саясатчылардын жакындарына толтурабызбы? Минтип да, тигинтип да таразага тартып көрөм: жөн эле айтып берчү жомок эмес, бул чындык. Бир жетим баланын тагдырына бүт замандын тарыхын салып карайт окшойбуз. Турмуш баарыбызды бир түйүнгө байланыштырып, камырдай жууруп салган күндө да эчтекесин жашыра албайсың. Энелер үн каткылачы… Үнүбүз 7-кабаттагыларга кантип жетпесин!

Булак: “Майданkg”

Кыргызстанда ВИЧ илдети менен 7100 адам катталса, өткөн жылы аны 712 адам жуктурган

Жогорку Кеӊеште иштеп жаткан мыйзамдагы карама-каршылыктарды жоюу максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилей кетсек, БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлчүлүгү билдирүүсүнө караганда, өлкөдө ВИЧ боюнча абал начарлап, илдетти жуктуруп алуу коркунучу жогору бойдон сакталууда.

2017-жылдын 1-январына карата өлкөдө ВИЧ инфекциясы менен 7117 адам катталган, анын ичинде 712 адам бул ооруну былтыр жуктурган.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча ВИЧ тармагында эпидемиологиялык абал курч жана илдеттин көбөйүү тобокелчилиги сакталууда. 2020-жылга карата оор дартты жугузган адамдар 20 миңге жетиши мүмкүн.

"Локомотив" кайрадан талашка түштү

“Кыргыз темир жолу” (мындан ары кыскартылып – “КТЖ”) ишканасынын чырдан башы чыкпай келе жатканына көп жыл аяк басты. Жакында эле “Дыйкан” базарына байланыштуу чыр ырбап, нааразы болгон эл митингге чыкты эле. Эми болсо “КТЖга” караштуу, көптөгөн коррупциялык талаштын ордосуна айланган “Локомотив” спорттук ден-соолукту чыңдоочу комплексинин талашка түшкөнү белгилүү болду. Бул ирет биз “Локомотивдеги” коррупция тууралуу сөз кылбайбыз (ал жөнүндө буга чейин көп ирет жазганбыз), маселе – аны тартып алуу аракетинде болууда.

КР темир жол жана унаа курулушчулары профсоюзунун төрагасы Р.Мазитов жана Темир-жолчулардын профсоюз жетекчиси Э.Докенов 2017-жылдын 24-мартында КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумкадыровго кат жолдогон. Анда алар үстүбүздөгү жылдын 7-мартындагы Маммүлк фондусунун башында турган Болсунбек Казаковдун “Кыргыз темир жолуна” караштуу “Локомотив” спорткомплексин алардан алып, жыл башында түзүлгөн “Мүлк” мамишканасына өткөзүп берүү багытындагы буйругуна нааразычылык билдирген. “Биз, темир жолчулар Маммүлк фондусунун башчысы Болсунбек Казаковдун мыйзамдарды көзгө илбей, биздин укуктарды көз көрүнөө тебелеп жатканына нааразыбыз. Биз бул спорт комплексин өзүбүз мээнет менен тапкан каражатка эмгекчилер, алардын үй-бүлөлөрүнүн ден-соолугун чындоо максатында курганбыз. Б.Казаков муну таптакыр эске албастан, аны “Мүлк” мамишканасына коммерциялык багытта иштетүү үчүн, демек пайда көрүү максаты менен берип салууда. Муну рейдерчилик десек жумшак айткан болобуз, бул кадимкидей эле бандиттик талап-тоноо!”,- дешет профсоюз мүчөлөрү. Мыйзамга ылайык, “Кыргыз темир жолу” КР Транспорт жана жол министрлигинин башкаруусуна таандык, ал мамлекеттик ишканадан акционердик коомго айланбагандыктан, мамлекеттин үлүшү бар чарба субъектилеринин катарына кирбейт. Демек, Маммүлк фондусу “КТЖга” тийешелүү “Локомотивди” өзү каалаганча бир жерден алып, экинчисине өткөзүп жиберүүгө таптакыр акысы жок.

Деги эле, “Мүлк” фондусу атайылап, Болсунбек Казаковдун жеке кызыкчылыгын ишке ашыруу максатында гана түзүлгөндөй туюлат. Аны “конфискацияланган мүлктөрдү эффективдүү башкарууга” жамынуу менен Болсунбек мырза жыл башында, тагыраагы 2017-жылдын 17-февралында түзүү чечимин чыгарат да, өкмөттүн атайын токтому “Эркин Too” гезитине 28-февралда жарык көрөт. 3-мартта ага жетекчи катары – барган жерин талкалагандан башка иши көрүнбөгөн, айтылуу Орозбек Нусувалиев дайындалат. Анан түзүлө элек жатып булардын назарынын киреше берүүгө оңдуу “Локомотивге” түшүп калганын карабайсызбы! Аталган буйрукту “КТЖ” жетекчилиги 13-мартта гана алган. Буйрукка ылайык, “Локомотив” комплексин бүт жер аянты менен “Мүлккө” 13-мартка чейин өткөзүп берүү керектиги белгиленген. Аны “Мүлктүн” башчысы Орозбек Нусувалиев 10-марттагы “бардык документтерди ыңгайлаштырууга жардам берүү” өтүнүчү камтылган кат менен кошо өзү “лично” 13үндө алып келген. Ушунун өзүнөн дап-даана рейдерлик иш-аракет болуп атканын байкаса болот. Болбосо, эмнеге бир карыш жерде турган жерге буйруктун нускасы арадан аткаруу мөөнөтү бүтөрдө гана берилди? Ушундай байкабастык жол менен “Локомотивге” ээлик кылып, акчага туйтунуп, байыгылары келип атканы кашкайып көрүнүп калбадыбы! “Биз бул иштин артында Болсунбек мырзанын өзү турганынан шек санабайбыз. Себеби, бул Б.Казаковдун мамлекеттин мүлкүнө карата биринчи эле мыйзамсыз иш-аракети эмес. Б.а. азыркы премьер-министр С.Жээнбеков Б.Казаков “подставить” этип аткан биринчи өкмөт башчысы эмес. Ал 2011-12-жылдары эле “Кыргыз темир жолун” рейдерлик тартып алууга аракет жасаган. Бирок анда ал буга үлгүрбөй калган. Анткен менен, ошол кезде ал ишке ашырып ийген нормативдик-укуктук актылар азыр да. “КТЖга” терс таасирин тийгизүүдө. Мунун максаты тармакты талкалоо, банкроттукка кабылтуу, анан жеке менчикке чыгарып кетүү”,- делет профсоюз комитеттеринин кайрылуусунда.

Болсунбек Казаковдун премьер-министрдин кароосуна киргизген “Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар тууралуу Жобону бекитүү” багытындагы КР өкмөтүнүн токтомунун долбоорунан баш тартуу керектиги профсоюз тарабынан айтылды. Ага кол коюлса, Маммүлк бардык мамлекеттик мүлктөргө ээлик кыла баштайт, аларды четинен сатып, жок кылуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Анан өзүнө башкармалык башчыларын, орун басарларды жыл сайын алмаштырып туруу укугун алууда. Минтип олтурса ал кызмат сатып эле укмуш байып кетет го! А “Мүлк” фондуна аты коррупция менен символдош экени эл арасында айтылып аткан Нусувалиевди жетекчи кылып тандаганын эске салсак, маммүлктү сатып жок кылуу базары ачылганы калды окшойт.

Маммүлк башчысы учурда “Локомотивди” эптеп “КТЖдан” сууруп чыгуу максатында өкмөт башчыларын ар кандай сөздөр менен алдоодо. Мисалы, анын айтымына караганда, “Локомотив” – чыгашалуу ишкана имиш. “Бирок, “Локомотив” өз алдынча ишкана эмес, ал темир-жолчулардын спорттук ден-соолукту чыңдоо комплекси, ошону да эске алыш керек. Ошого карабастан ал элге кызмат көрсөтүп келүүдө”,- дешти профсоюздан.

Бир гана нерсеге таң калып турабыз. “КТЖнын” мүлкү тууралуу сөз болуп жатса, эмнегедир анын башчысы Алмазбек Ногойбаев үн катпай, кумга башын салган “страустай” олтурат. Же “КТЖ” мүлкүн коргоо жалгыз эле профсоюздун ишиби? Деги эле А. Ногойбаев темир жолчулар учун күйөбү?

Булак: “Майданkg”

Жалал-Абад шаарында өрт кырсыктары эки эсе азайды

 

“Жалал-Абад шаарында быйылкы жылдын биринчи кварталында ар кайсы себептер менен чыккан өрт кырсыктарынын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсе азайган. Бул тууралуу шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнөн кабарлашты” – дейт Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы.

Алынган маалыматтарга караганда, быйылкы жылдын биринчи чейрегинде шаар ичинде 8 өрт кырсыгы катталса, өткөн жылдын ушул мезгилинде өрт кырсыктарынын саны 16га жеткен эле. Ошондой эле, быйылкы жылы өрт кырсыган келип чыккан материалдык зыяндардын өлчөмү 114 миң 947 сомду түзсө, өткөн жылы ушул мезгилде зыяндын көлөмү 976 миң 747 сомго жеткен болчу. Шаардык өрткө каршы кызматтын өздүк курамынын аракети менен 2 миллион 650 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калынган.

Өрттүн чыгуу объектилерин алып караганда, быйылкы жылы турак үйлөрдө, мамлекеттик мекемелерде, унаа коюучу жайларда, жеке менчик ишканаларда, жол боюндагы же ачык жайда турган чөп үймөктөрүндө, таштандыларда өрт кырсыктары катталбады. Бирок, короо-жайдагы курулуш объекттеринде чыккан өрт кырсыгы өткөн жылга караганда эки эсе көп катталган.

Көптөгөн майып адамдар факсимилдик кол коюуга, сурдокотормо менен камсыз кылууга муктаж

Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери маселелери боюнча) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добущ берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар Дастан Бекешев, Каныбек Иманалиев, Элвира Сурабалдиева, Жанар Акаев, Садык Шер-Нияз. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Демилгечилердин айтымында, майыптардын адамдардын укуктары менен кепилдиктерин бекемдөөгө багытталган мыйзам долбоорунда төмөнкүдөй негизги жоболор камтылган:

1) “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” мыйзамга БУУнун майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясына шайкеш келген бир катар аныктамалар киргизилет;

2) “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам” жана “Майыптыгы бар адам” деген аныктамалардын чектелишине байланыштуу бир катар мыйзамдарга “майып” деген сөздү алмаштырган “майыптыгы бар адам” деген сөз айкалышы боюнча түзөтүүлөр киргизилет;

3) колдорунун учтарында жана көрүү сезимдеринин көйгөйлөрү болгон адамдардын ар кандай документтерге факсимилдик кол тамгасын өз алдынча коюу укугу белгиленет;

4) угуу жана сүйлөөсү боюнча майыптыгы бар адамдарга ар кандай чөйрөлөрдө сурдотилмечке укугу кепилденет, ошондой эле сурдотилмечтердин статусу аныкталат;

5) “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн мамлекет тарабынан окуу куралдарын чыгарууну камсыздоого багытталган түзөтүүлөр киргизилет.

Демилгечилер өлкө аймагында факсимилди киргизүү зарылдыгын белгилейт. Мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар документтерге кол коюу учурунда көптөгөн кыйынчылыктарга кабылат. Алар факсимилдик кол коюуну мыйзамдаштыруу, сурдокотормо менен камсыз кылуу өтүнүчү менен кайрылууда. Жаштардын сурдокотормо адистигине кызыгуусу аз. Мамлекет аларга колдоо көрсөтүшү зарыл.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда угуусу боюнча I, II, III топтордогу майыптыгы бар 5000дөн ашык адам, ошондой эле 5600гө жакын адам катталган. Судьялар, прокурорлор, милиционерлер, нотариустар өз ишинде Сокурлардын жана дүлөйлөрдүн кыргыз коому коомдук бирикмесине кайрылууга муктаж.

Табият да каарын салып тургандай...

Бийликтегилердин канчалык пейли бузулуп, тынч митингге чыккан карапайым элди уруп-сабап, камаган сайын өлкөбүздө табигый кырсыктар да көбөйүүдө. Алардын бири 28-марттын түнүндө саат 00:55 чамасында Бишкек-Ош жолунун Чычкан капчыгайында болду. Транспорт жана жолдор министрлигинин “Тойота Пикап” үлгүсүндөгү унаасы Бишкек-Ош жолунун 255-чакырымында (Токтогул району, Чычкан капчыгайы) болгон кар көчкүнүн алдында калып, министрликтин 4 кызматкери каза болду. Мындан тышкары көчкүнүн алдында калган “Лексус” үлгүсүндөгү унаанын ичинен 1 эркек адам жана 2 аял куткарылды. Алар жабыр тартышкан эмес. Мындан тышкары саат 02:30 чамасында куткаруучулар тарабынан “Субару Легаси” унаасы көчкүнүн алдынан чыгарылып, ичиндеги 1 аял менен 2 эркек адам куткарылды. Жалпы 6 адам аман-эсен куткарылды. Албетте, табияттын кырсыгына дабаа жок. Бирок бийлик, тийешелүү министрликтер алдын ала мониторинг жүргүзүп, жер жана кар көчкүлөр болорун эскертсе жана түнкүсүн жолду тосуп койсо, ушунча жолдо бараткан адамдар бөөдө өлүмгө учурабайт беле? Сыягы, азыркылар мындай мониторинг жүргүзгөндү да билбей же көнүл бурбай жатат окшойт? Деги бийлик болбосо да, эл бир түлөө өткөрбөсөк болбой калды окшойт. Сыягы, табият да каарын салып тургандай…

Булак: “Майданkg”

Меню