Menu

КООМ

Фото - Жалал-Абадда бүткүл дүйнөлүк театр күнү белгиленип, сүмөлөк кайнатылды

 

 Жалал-Абад шаарында Барпы атындагы кыргыз драма театрынын эмгек жааматы Дүйнөлүк театр күнүн шаардын коомчулугунун коштоосунда кыргыздын улуттук оюндары жана сүмөлөк кайнатуу менен белгилешти. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жалал-Абад шаанын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулованын айтымында, Барпы театрынын чыгармачыл жамааты быйыл өзгөчө программада белгиледи.

-Бүгүнкү театр майрамында элге жакшы маанай тартулоо максатында атайын концерттик программа, сценалык аткаруулар болду. Жылдан айырмаланып, быйылкы жылы театр ишмерлерибиз казанда сүмөлөк кайнатып, ушул жыл жемиштүү жылдардын болсун деген тилектерин билдиришти, – дейт ал.

Майрамдык  иш-чаранын алкагында Жалал-Абад шааынын мэриясынын Ардак грамоталары театрдын алдыңкы театр кызматкерлерине тапшырылды.

Эске сала кетсек, Өткөн Тарых жана маданият жылында уюшулган  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Курманбек баатыр” драмасы менен барган театр кызматкерлери баш байгени жеңип келишкен. Ал эми театрда уюшулган 1992-жылдан бери 40тан ашуун спектаклдер сахнага алып чыгылып, чыгармачыл топ бир катар эл аралык фестивалдардын лауераты болгон.

Жарандык коом 25-марттагы митингдин катышуучуларына милиция ашкере күч колдонгонуна байланыштуу Жогорку Кеңешти Омбудсмендин бул окуя боюнча отчетун угууга чакырат

2017-жылдын 25-мартында, Бишкек шаарында экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги болуп өттү. Массалык маалымат каражаттарынын репортаждарынан көрүнүп тургандай, Садыр Жапаров УКМКнын абагына камалгандан кийин митингичилер да Максим Горький скверинен УКМКнын имаратынын алдына көчүшүп, ошол жерде милиция менен кагылышкан. Нааразычылык акциясына чыккандар милиция тарапка пластикалык бөтөлкөлөрдү ыргытышып, желектер кадалган таяктар менен тап беришет,  ыкчам орнотулуучу тосмолорду бузуп, алып ташташкан. Аялдар кыйкырып, ызы-чуу салышкан. Аларга жооп кылып милиция айрым митингичилерди тандап кармоону жүргүзгөн. Формасыз эле жарандык кийим менен жүргөн белгисиз адамдар элдин арасынан айрым жарандарды кармап, сууруп чыгып, милициянын белгиси жок машиналарга күч менен тыгып, белгисиз жака алып кетип турушту.  Сабалган жаш балдардын ыйы жана онтоолору тартылган видеотасмалар коомчулуктун үрөйүн учурду. Ал жаш балдар Садыр Жапаровдун уулдары жана инилери деген маалымат социалдык түйүндөрдө кеңири тарап жатат. Ал эми бир жаш аялды кыйкырып койгонуна эле өчөшүп, качканына карабай кууп жүрүшуп кармашты. Көптөгөн видеокадрларда милиция качып бараткан адамдардын артынан кууп жетип тандап, кармап жатышканы тартылып калган. Биринчи май райондук милициясында кармалгандардын үстүнө Кыйноолор боюнча улуттук борбордун өкүлдөрүн киргизбей коюшкан. Маалымат жыйынында КР ИИМдин өкүлдөрү кармалгандардын саны боюнча улам ар башка сандарды айтып, адашып жаткандыгы жарыяланган маалыматтардын так экендигинен шек туудурат. 26-мартта белгилүү болгондой милиция дагы деле кармалгандарга Кыйноолор боюнча улуттук борбордун өкүлдөрүн, атүгүл адвокаттарды киргизбей жатат.

Жарандык коом 25-марттагы митингдин катышуучуларына милиция ашкере күч колдонгонуна байланыштуу Жогорку Кеңешти Омбудсмендин бул окуя боюнча отчетун угууга чакырат.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кызматкерлери КР Өкмөтүнүн алкыш барагына ээ болду

КР Премьер-министринин 2016-жылдын 29-декабрындагы № 716 буйругу менен, кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн “Кыргыз Республиксынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кызматкерлери КР Өкмөтүнүн алкыш барагына ээ болушту. Бул тууралуу комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Алар : Билим берүү, уюштуруу жана мамлекеттик тилди компьютерлештирүү бөлүмүнүн башчысы  Ишеналиева Аида Огобековна, билим берүү уюштуруу жана мамлекеттик тилди компьютерлештирүү бөлүмүнүн башкы адиси Бирназарова Гүлмира Томотоевна, котормо, терминология жана жарнама иштери бөлүмүнүн башкы адиси Абдыжапар уулу Мундузбек.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жалпы жамааты алкышка арзыган кесиптештерин куттуктап, иштериндеги мындан аркы дагы ийгиликтерди каалайт

Жакында Бишкек шаарында Анатолий Карповдун шахмат Академиясы ачылат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына таянсак, жакынкы аралыкта Бишкек шаарында Анатолий Карповдун шахмат Академиясы ачылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун эркектер арасында шахмат боюнча дүйнөнүн үч жолку Чемпиону Анатолий Карпов менен болгон жолугушуусында белгилүү болду.

Анатолий Карпов Бишкек шаарына,  2017-жылдын 25-мартында шахмат боюнча балдар арасында  өткөн Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышуу үчүн келген.

«Сиз— көптөгөн муундардын кумирисиз, шахмат сүйүүчүлөр үчүн — тирүү легенда, мен сиз менен Бишкек шаарында жолукканыма кубанычтамын деди Сооронбай Жээнбеков. Сиздин келишиңиз жаш шахматисттер үчүн улуу гроссмейтер катары дайыма алардын эсинде кала турган жагымдуу окуя болду. Бул шахматка кызыккан өсүп келе жаткан муундарга дем бере турган маанилүү турнир», —  деди  Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Анатолий Карповго кайрылып жатып.

Жолугушууда Анатолий Карпов советтик спортсмендердин ийгиликтери, аны менен катар Кыргызстандын спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы тууралуу эскерүүсү менен бөлүштү. Ал Кыргыз Республикасынын шахматчылары менен жакшы тааныш экенин жана жергиликтүү шахмат мектебин да жакшы билерин  баса белгиледи.

«Биринчи жолу Кыргызстанга мындан 40 жыл мурда атайын адистерштирилген шахмат мектебинин ачылыша келгенмин. Андан кийин дайыма Ысык-Көл жээгинде татаал турнирлерге даярдануу үчүн келип турганмын. Сиздердин өлкөдө күчтүү шахмат мектеби болгон, анын учу азыр да куру эмес. Мен Кыргызстанга келүү боюнча чакырууну чын дилимден кабыл алдым», — деди Анатолий Карпов. Ал Кыргыз Республикасынын шахмат Федерациясы менен биргеликте, Бишкек шаарында автордук шахмат Академиясын ачуу боюнча иштер журүп жатканын билдирди.

«Мен ишенем, аталган мектеп балдардын шахматка кызыгуусун арттырат, буга чейинки башка мамлекеттерде иштеп жаткан Академиялар ийгиликтүү иштеп, жаштар арасында шахматка кызыккандардын саны өсүүдө», — деди гроссмейстер Анатолий Карпов.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков дүйнөнүн үч жолку чемпиону Анатолий Карповго Кыргызстанда шахмат Академиясын ачууну колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирип, Өкмөт Бишкек шаарында Анатолий Карповдун Академиясынын ачылышына ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

Улуттук Илимдер Академиясынын "Жизнь науки" илимий журналынын жаңы саны жарык көрдү

Улуттук илимдер академиясынын  “Жизнь науки”  илимий журналынын жаңы саны басылып чыкты. Бул тууралуу академиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган басылма  «Улуттук  илимдер академиясынын кабарлары» илимий басылмасына тиркеме катары  жылына бир жолу  УИАнын «Илим» маалымат-басма борборунда басылып чыгып келет.

Анда окумуштуулардын илимий изилдөөлөрүнөн сырткары, жашоосундагы чыгармачылыгы, жетишкендиктери  жана  жаштарга  үлгү  катары  басып өткөн турмуш жолу баяндалып окуурмандардын бүйүрүн кызытып келет. Басылмада  айыл – чарба илиминин доктору, академик  И.М. Ботбаевди эскерип кызы  Айганыш Ботбаеванын орус тилиндеги  «Мой папа – на одном дыхании…»  аттуу макаласы жарык көрдү. Анда академиктин  өмүр – таржымалы, басып өткөн турмуш жолу жана илимдеги жетишкендиктери  баяндалган.КР Улуттук илимдер академиясынын академиги корреспондент-мүчөсү, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер геолог, минерология илимдеринин доктору Апас Бакирович Бакировдун «121-кылымдан саякатчы» деген аталыштагы  илимий-фантастикалык  аңгемеси басылып чыкты. Анда автор ноократия деген түшүнүктү карапайым калкка жалпак тилде түшүнүктүү кылып жеткирип, жер пайда болгондон баштап, бүгүнкү күнгө чейинки өнүгүшү жана башка маселелердин үстүндө ой жүгүрткөн. УИАнын окумуштуусу илимден сырткары, чыгармачылык менен алектенгени  окурмандар  үчүн кызык болоору шексиз.

Фото - Япон эли менен Жалал-Абаддын ортосундагы кызматташтык күчөйт  

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, мындан ары Япония эли менен Жалал-Абад шаарынын билим берүү тармагы жана коомчулугу ортосундагы пайдалуу кызматташтыктар күчөтүлөт. Бул тууралуу Япниянын Кыргызстандагы элчилигинин 3-катчысы Юри Накагава шаардагы Б. Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясында болгон кезде белгилүү болду.

Юри Накагава айымдын мектептеги жолугушуу иш-чарасына Жалал-Абад шаарынын 1-вице-мэри  Турдалы Темирбаев жана шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Ырысбек Калчаев катышшты.

Аталган гимназия-мектебинин директору Кульнара Мамытованын айтымында,  мындагы негизги максат – эки элдин ортосундагы билим берүү багыты боюнча кызматташтыкты күчөтүү.

-Быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата достукту, ынтымакты бекемдөө багытындагы мындай иш-чаралар ар тараптуу маданий байланыштардын өнүгүүсү менен коштолушу шарт . Бул жолугушуу учурунда япон эли менен кыргыз элинин жашоосундагы, билим берүү жана маданият жаатындагы окшоштуктар ортого салынып, тыгыз кызматташуулар тууралуу кепп болду, – дейт ал.

Юри Накагака айымдын айтымында, кыргыз жана япон элдеринин окшоштугу – бул  алардын меймандостугу. Ал мугалимдер жамаатына жана окуучуларга япон элинин, урп-адаты, каада-салты жана бүгүнкү күндөгү билим берүү системасындагы өзгөчөлүктөрү тууралуу атайын даярдап келген слайд аркылуу жолугушууга катышкандарды тааныштырды.

Жолугушуунун соңунда  келген конокторго мектеп окуучулары тарабынан түрдүү улуттардын ыр-бийлери коштогон чакан концерттик программа тартууланды.

Аталаш жашы жетелек карындашын зордуктап жүргөндүгү үчүн 22 жылга эркинен ажыратылды.

Аталаш жашы жетелек карындашын зордуктап жүргөндүгү үчүн 22 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Талас облустук сотунун басма сөз кызматы маалымдады. Д. Эрлан 1985-жылы Талас облусунун Ленинполь районунун Ключевка айылында туулган, билими жогорку, үй-бүлөлүү карамагында жашы жете элек үч баласы, карыган энеси бар, убактылуу эч жерде иштебейт, мурда соттолбогон, жашаган жери: Бакай-Ата району, Кыргызстан айылы.

Манас райондук сотунун 2016-жылдын 2-сентябрындагы өкүмү менен Д.Эрлан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 131-ст. 3-б. менен күнөөсүз деп табылып, жосунунда кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган. КЖКнын 132-ст. күнөлүү деп табылган жана 1 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган, жазасын жатак абагында өтөөсү белгиленген. Кыргыз Республикасынын КЖКнын 61-ст.негизинде анын 30.07.2015-ж. 21.01.2016-ж. чейинки алдын ала камоодо болгон ар бир күнү 3 күн эсебинде өтөлгөн деп эсептелинип жана белгиленген жазаны өтөгөн деп саналган.

Д. Эрлан алдын-ала тергөө органдары тарабынан 2014-жылдын сентябрь, октябрь айларында тергөөдө так аныкталбаган күнү Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылынын тургуну Ж.А.нын 16-жашка толо элек экенин билип туруп, алардын үйүндө чоң ата, чоң апасы жана атасы жоктугунан пайдаланып, үйүнөн ар кайсыл бөлмөлөрдөн ушул күнгө чейин Ж.А.га карата күч колдонуп, жабырлануучуга психикалык кара күч зомбулугун көрсөтүү менен анын каалоосуна жана эркине каршы, алсыз абалын пайдаланып, жыныстык катнашта болуп зордуктап жүргөн деп айыпталган.

Мындан тышкары Д.Эрлан жогоруда жасаган оор кылмыш иши менен токтолбостон кайрадан кылмыштуу кыймылын улантып төмөндөгү кылмыш ишин жасап жүргөн, атап айтканда 2014-жылдын сентябрь, октябрь айларында Ж.А. менен эркине каршы жыныстык катнашта болуп зордуктап салгандан кийин, Ж.А. 7-класс мектеп окуучусу экенин, ага карата көз карандылыгынан пайдалануу менен Ж.А.га, эгерде биздин жыныстык катнашта болуп жүргөнүбүздү үйүңдөгүлөргө, чоң апаңа жана атаңа айтсаң, анда атаңдын ичип жаткан арагына уу дары кошуп койомун, атан шал ооруусу менен ооруп калат, же болсо өлүп калат деп, жаш кызды шантаж жасоо жолу менен өзү 30 жаштан ашып калгандыгын ойлонбой 2014-жылдын октябрь айынан баштап 2015-жылдын июнь айына чейин Бакай-Ата районун Кыргызстан айылынан, үйүнөн ар кайсыл бөлмөлөрүнөн жыныстык катнашта болуп жүргөн деп айыпталган.

Талас облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 21-февралындагы өкүмү менен:
Д. Эрлан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 129-ст.4-б., 131-ст. 3-б менен күнөлүү деп табылган.Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 129-ст.4-б. менен жыйырма жылга эркиндигинен ажыратылган.Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 131-ст. 3-б. менен үч жылга педагогдук иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен алты жылга эркиндигинен ажыратылган.Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 59-ст. негизинде кылмыштардын жыйындысы боюнча белгиленген жазаларды бири-бирине жарым жартылай кошуу жолу менен үч жылга педагогдук иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен жыйырма эки жылга эркиндигинен ажыратылган.Жазаны күчөтүлгөн тартипте түзөтүү абактарында өтөөсү каралган.

Фото - Жалал-Абадда бүткүл дүйнөлүк театр күнү белгиленип, сүмөлөк кайнатылды

 

 Жалал-Абад шаарында Барпы атындагы кыргыз драма театрынын эмгек жааматы Дүйнөлүк театр күнүн шаардын коомчулугунун коштоосунда кыргыздын улуттук оюндары жана сүмөлөк кайнатуу менен белгилешти. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жалал-Абад шаанын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулованын айтымында, Барпы театрынын чыгармачыл жамааты быйыл өзгөчө программада белгиледи.

-Бүгүнкү театр майрамында элге жакшы маанай тартулоо максатында атайын концерттик программа, сценалык аткаруулар болду. Жылдан айырмаланып, быйылкы жылы театр ишмерлерибиз казанда сүмөлөк кайнатып, ушул жыл жемиштүү жылдардын болсун деген тилектерин билдиришти, – дейт ал.

Майрамдык  иш-чаранын алкагында Жалал-Абад шааынын мэриясынын Ардак грамоталары театрдын алдыңкы театр кызматкерлерине тапшырылды.

Эске сала кетсек, Өткөн Тарых жана маданият жылында уюшулган  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Курманбек баатыр” драмасы менен барган театр кызматкерлери баш байгени жеңип келишкен. Ал эми театрда уюшулган 1992-жылдан бери 40тан ашуун спектаклдер сахнага алып чыгылып, чыгармачыл топ бир катар эл аралык фестивалдардын лауераты болгон.

Ашхабад полициясы көчөдө жүргөн түгөйлөрдүн документтерин текшерүүдө

Ашхабадда көчөдө жүргөн кыз-жигиттердин документтери текшерилип, туугандык байланышы жок болсо полиция бөлүмдөрүнө жеткирилип жатышат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирүүдө.

Борбордогу жогорку окуу жайлардын биринин Максат аттуу студенти бир айдан бери шаар көчөлөрүндө жаш түйгөйлөрдүн документтери текшерилип, айрымдары кармалып жаткандыктарын билдирди. Айтымында, полиция кызматкерлери аларды суракка алып, дагы бир жолу кармалса окуудан чыгарыла турганын айтып эскертүү беришүүдө.

Ашхабаддын тургундарынын айтымдарында, полициянын жаштарды кармап, суракка алып жаткан аракеттери аларга түшүнүксүз болууда. Бул боюнча укук коргоо органдарынын өкүлдөрү эч кандай түшүндүрмө беришкен жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Cөз эркиндигин коргоо комитети жана “Конституциялык кеңешме” кыймылы КР Жогорку Кеңешине шашылыш кайрылуу жасайт

Cөз эркиндигин коргоо комитети жана

“Конституциялык кеңешме” кыймылы

КР Жогорку Кеңешине шашылыш Кайрылуу жасайт

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына чукул жыйынга чогулуп, кечээ, 2017-жылдын 25-мартында болуп өткөн окуяларды иликтөө боюнча комиссия түзүүгө чакырабыз.

Садыр Жапаровдун чек арадан кармалышына нааразыланган анын тарапкерлеринин Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын алдында өтүп жаткан митинги милиция менен элдин кагылышуусуна айланып кетти.

Комиссия массалык маалымат каражаттары менен социалдык түйүндөрдөгү репортаждарды жана видеоматериалдарды изилдеп көрүп,  митингичилердин аракеттерине каршы укук коргоо органдарынын күч колдонуусунун канчалык зарылдыгы болгонуна, анын профессионалдулугуна, мыйзамдуулугуна баа бериши керек.

Кыйноолор боюнча улуттук борбодун кызматкерлери эмне себептен милиция тарабынан кармалгандар менен жолугушууга Биринчи май райондук милициясынын имаратына киргизилбегенин тактоону суранабыз.

КР Жогорку Кеңешин өзүнүн парламенттик көзөмөл функциясынын алкагында тез жана натыйжалуу чараларды көрүп, нааразычылык акцияларынын мындан ары курчушунун жана радикалдашуусунун алдын-алууга чакырабыз.

Cөз эркиндигин коргоо комитети

“Конституциялык кеңешме” кыймылы

Меню