Menu

КООМ

Кечээ митингде кармалган 105 жарандын 64 кишиси 5 суткага чейин абакка алынды, 12 жаранга айыппул салынды

Кечээ, 25-мартта болуп өткөн экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митингин кууп таркатуу учурунда милиция 105 жаранды кармап, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясына жеткирген. Түнү бою алардын иштерин документтештирип толтурушуп, сотко өткөрүшкөн. Милиция аларды Кылмыш-жаза кодексинин 234-бейбаштык, 173-бирөөнүн мүлкүн бүлдүрүү жана 341-бийлик өкүлүнө каршы күч колдонуу беренелери менен айыптаган. Бул тууралу КР ИИМ басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Бүгүн, 26-мартта Биринчи май райондук соту кармалгандардын иштерин карап, 64 адамды 2 суткадан 5 суткага чейин абакка олтургузууга, 12 адамга айыппул салууга өкүм чыгарган. Эки адамга эскертүү берилип, калгандары эркиндикке бошотулган.

 

Жалал-Абадда 134 ветеринарга мал жандыктарын дарылоочу хирургиялык  ветеринардык жабдуулар жана мотоциклдер тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу жана АРИС  долбоору алкагында Жалал-Абад облусунун аймагындагы 134 жеке өз алдынча иш алып барышкан 134 ветеринарга товардык грант түрүндө 14 млн. 268 миң 52 сомдук ветеринардык жабдуулар жана мотоциклдер тапшырылды. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жолдошбай Осмонов маалымдады. Бул иш чарага айыл чарбасын тейлеген райондордун акимдеринин орун басарлары, айыл чарба департаментинин башчылары жана ветеринар адистер катышты.

–     Кыргызстанда айыл чарбасы менен мал чарбасы негизги тармак болуп саналат. Тээ союз мезгилинде ветеринария боюнча атайын мыйзам иштеген. Адамзатты медицина эмес, ветеринария сактайт деген түшүнүк өз маанисин азыр деле жогото элек. Облустун ветеринария тармагында иштеп жатышкан адистерге товардык грант түрүндө тапшырылып жаткан жабдуулар менен мотоциклдер алардын натыйжалуу иш алып барууларына мыкты өбөлгө болооруна терең ишенемин,- деди КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн реалдуу өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажымамат Исаев.

Жалал-Абад облусундагы жеке иш алып баруучу 134 ветеринардын ар бирине наркы 53750 сом турган ТМ-150-10 “TianMA” мотоциклдери жана ветеринардык хирургиялык инструменттер менен жабдуулар салынган, ар биринин наркы  106 миң 478 сомду түзгөн ветеринардык сумкалар тапшырылды. Бул иш аракеттер жеке ветеринарлардын кесиптик жана техникалык дараметтерин жогорулатууга багытталган. Эми мындай транспорттук техникалык жана ветеринардык жабдуулар менен камсыз болушкан жеке ветеринар адистер мал жандыктарынын ар кандай оорулары менен ылаңдарын дарылап сакайтууда чоң мүмкүнчүлүккө ээ болушту деп айтууга толук негиз бар. Кеп, эми тартууланган товардык грантты натыйжалуу иштетип, пайдаланууда калды.

Кыргызстандын айыл-чарба жана өнөр-жай продукциялары Казакстандын Тараз шаарындагы жарманке-көргөзмөгө коюлат

Кыргызстандын айыл-чарба жана өнөр-жай продукциялары Казакстан Республикасынын Жамбыл областынын Тараз шаарында бүгүн, 25-мартта өтүп жаткан жарманке-көргөзмөгө коюлат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Иш чарага Талас облусунун бардык айыл өкмөттөрүнөн айыл чарба азыктарын өстүргөн дыйкан-фермерлер, ишкерлер катышат. Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев облустагы дыйкан-фермерлер үчүн жарманкенин мааниси чоң экенин билдирди.

«Анда эки облустун мекеме-уюмдарынын, бизнес өкүлдөрүнүн жана айыл-чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда мындан ары кызматташуу боюнча келишимдерге жана макулдашууларга кол коюлат. Анын натыйжасында экспорттун көлөмүнүн жогорулоосу болжолдонууда. Мындай келишимдер Талас облусунун социалдык-экономикалык абалынын жакшырышына да өбөлгө түзөт. Эске салсак, Талас облусунун Кара-Буура районунда 9-мартта фитосанитардык жана фетеринардык лаборатория ачылды. Мындай мүмкүнчүлүк менен облустун дыйкандары үчүн азыктарын коңшу мамлекеттерге экспорттоого шарт түзүлдү», – деди Дайыр Кенекеев.

Тараздагы иш-чара маданий концерттик программа менен коштолуп, эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо максатында улуттук буюмдардын жарманкеси да өткөрүлөт.

Эки өлкөнүн аталган облустар ортосундагы соода-экономикалык жана маданий гуманитардык алакаларын бекемдөө максатында өтүп жаткан Казакстандын Тараз шаарында Кыргызстандын айыл-чарба жана өнөр-жай продукцияларынын жарманке-көргөзмөсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосунда уюштурулууда.

Видео – Бүгүн Бишкекте митингичилерге ок атылып, кууп таркатылды

Бүгүн, 25-мартта экс-депутат Садыр Жапаровдун чек арадан кармалышына байланыштуу анын тарапкерлери УКМКнын алдында нааразычылык акциясын өткөрүшүп, Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылышты. Натыйжада, милиция элге каршы резина ок жана газ менен атышып, митингди кууп таркатышты. Жүздөгөн митингичилер сабалып, 200дөй адам кармалды.

https://www.youtube.com/watch?v=SdNEpRqd0nA

Видео: Наш Бишкек

Видео - Милиция митингге чыккан Садыр Жапаровдун уулу Руслан Жапаровду жана башка жаш балдарды аёосуз сабаган

Бүгүн, 25-мартта митингге чыккан Садыр Жапаровдун уулу Руслан Жапаровду жана башка жаш балдарды  милиция катуу сабаган. Бети башы жарылган, бөйрөгүн баскан, онтолоп жаткан жаш балдарды укук коргоочулар видеотасмага тартып чыгышкан.

https://www.youtube.com/watch?v=tpP1xlL8sDM

https://www.youtube.com/watch?v=D04oj6mk3NY&feature=push-u&attr_tag=naMsKX4Zw2CdG0yW-6

https://www.youtube.com/watch?v=si6Y0Cp20r8&feature=youtu.be

Видео: Талант Исмаилова и Наш Бишкек

 

 

Жалал-Абадда бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөш күнү белгиленди

 

 Жалал-Абад шаарында 100дөн ашуун студенттин катышуусу менен “Биз кургак учукка каршыбыз” аттуу жөө жүрүш өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулова билдирди.

Анын айтымында, Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөш күнүнө карата шаарда атайын буйруктун негизинде 24-февралдан 24-мартка чейин бир айлык жарыяланган эле. Анын ичинде бала-бакчаларда, мектептерде тарбиялык-түшүндүрүү иштери өткөрүлсө, областтык үй-бүлөлүк медицина борбору тарабынан шаар тургундарына түшүндүрмө кагаздар таратылды.

-Жалал-Абад шаарынын орто окуу жайларынын, кесиптик лицейлердин студенттери-окуучулары атайын жөө жүрүшкө чыгышты. Бул күнгө карата алар атайын тематикалык дубал газеталарды даярдашкан. Бул акцияны өткөрүүнүн негизги максаты – жаштар арасында ооруга байланыштуу басмырлоону жоюу, кургак учук оорусу кандай жолдор менен жугаарын, кантип анын алдын алса болорун түшүндүрүү. Бул биздин биринчи акциябыз эмес, мындай акцияны жыл сайын өткөрүп келебиз, – дейт ал.

Алынган маалыматка караганда, акциянын жүрүшүндө жаштар арасында суроо-жооп оюну болуп, жеңүүчү студенттерге “Улуттук Кызыл Ай” коому тарабынан белектер берилген.

Бишкек жылуулук борборун жергиликтүү көмүр менен камсыз кылуу көлөмүн 1млн тоннага чейин көбөйтүү керек

“Бишкек жылуулук борборун жергиликтүү көмүр менен камсыз кылуу көлөмүн 1млн тоннога чейин көбөйтүү керек. Атамекендик көмүр өндүрүүчүлөр мындай көлөмдү камсыздоого даяр. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта өткөн Өкмөттүн жыйынында Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2016-2017-жылдын күз-кыш мезгилине өтүүнүн жыйынтыктары жана 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө маселени кароо учурунда билдирди” – деп берилет КР Өкмөтүнүн Аппаратынын басма сөз кызматынын маалыматында.

Өкмөт башчы белгилегендей, быйылкы жылы Бишкек жылуулук борборун реконструкциялоо ишинин аяктоосу менен кошумча кубаттуулук алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Буга байланыштуу жылуулук борборун жергиликтүү көмүр менен камсыздоого басым жасалат. Мындай кадам атамекендик көмүр өндүрүү тармагынын өнүктүрүүгө жана импорттун санын азайтууга шарт түзөт.

2016-2017-жылдарга күз-кыш мезгилин өткөрүүнүн жыйынтыгы жана 2017-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилине даярдоо тууралуу Өнөр жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетиинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев, «Улуттук энергохолдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев маалымат берди.

Ага ылайык, 2016-2017-жылда күз-кыш мезгилинде калкты жылуулук менен камсыздоо иши канаатандырарлык деңгээлде жүргүзүлдү. Айрым аймактардагы өзгөчө кырдаалдардын орун алгандыгына байланыштуу электр энергиясы жана отун менен камсыздоо маселелери ыкчам кабыл алынган иш чаралардын негизинде чечилген.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков энергетика тармагында жоготууларды азайтуу, дебитордук карыздарды кыскартуу максатында акылдуу эсептегичтерди орнотууну жылына 100миңге чейин көбөйтүү зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле ишкер чөйрөнүн энерго ресурска болгон жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана калкты тейлөө шарттарын жакшыртуу талабын койду.

Электр энергиясына болгон ишканалардын карыздарын төлөө боюнча маселесине токтолгон Өкмөт башчы бардык мамлекеттик мекемелер электр энергиясын сарамжалдуу жана үнөмдүү пайдалануусу керектигин баса белгиледи.

Соңунда 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө Улуттук энергохолдинг компаниясына дебитордук карызды жабуу боюнча иш чараларды активдүү жүргүзүү, Энергетика комитетине электр энергиясын экспорттоо боюнча сунушту тез арада киргизүү, Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө отун базарларында көмүрдүн керектүү көлөмүн жана ага болгон бааны камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү, Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети аталган маселени көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.

Жалал-Абадда бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөш күнү белгиленди

 

 Жалал-Абад шаарында 100дөн ашуун студенттин катышуусу менен “Биз кургак учукка каршыбыз” аттуу жөө жүрүш өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулова билдирди.

Анын айтымында, Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөш күнүнө карата шаарда атайын буйруктун негизинде 24-февралдан 24-мартка чейин бир айлык жарыяланган эле. Анын ичинде бала-бакчаларда, мектептерде тарбиялык-түшүндүрүү иштери өткөрүлсө, областтык үй-бүлөлүк медицина борбору тарабынан шаар тургундарына түшүндүрмө кагаздар таратылды.

-Жалал-Абад шаарынын орто окуу жайларынын, кесиптик лицейлердин студенттери-окуучулары атайын жөө жүрүшкө чыгышты. Бул күнгө карата алар атайын тематикалык дубал газеталарды даярдашкан. Бул акцияны өткөрүүнүн негизги максаты – жаштар арасында ооруга байланыштуу басмырлоону жоюу, кургак учук оорусу кандай жолдор менен жугаарын, кантип анын алдын алса болорун түшүндүрүү. Бул биздин биринчи акциябыз эмес, мындай акцияны жыл сайын өткөрүп келебиз, – дейт ал.

Алынган маалыматка караганда, акциянын жүрүшүндө жаштар арасында суроо-жооп оюну болуп, жеңүүчү студенттерге “Улуттук Кызыл Ай” коому тарабынан белектер берилген.

ОшМЮИда интеллектуалдык оюн

Ош мамлекеттик юридикалык институтунда студенттердин арасында ректордун кубогу үчүн «Күчтүү звено» аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүлдү. Бул тууралуу институттун басма сөз катчысы Сабыр Буркашев маалымдады.

Аталган жогорку окуу жайдын «Мамлекеттин, укуктун теория жана тарыхы» кафедрасынын демилгеси менен уюштурулган оюнда бардык факультеттердин жакшы окуган студенттери катышты. Алгач аларга ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгембрди Токторов куттуктоо сөздөрүн айтып, ийгилик каалады. Андан кийин катышуучуларга мыйзамдуулук, укук боюнча түрдүү суроолор узатыла баштады. Суроолорго жооп берип жаткан студенттердин билим денгээли, интеллектуалдык ой жүгүртүүсү калыстар тобу тарабынан байкоого алынды.

Интеллектуалдык оюнга мыкты даярданган студенттер суроолорго практикалык мисалдар менен бышыктап жооп бергендиктен атаандаштарынан  күчтүүлүгү сезилип турду. Кызуу атаандаштыкта уланган сыноолордон ийгиликтүү өткөн катышуучулар финалдык беттешүүлөргө чыгышты. Мында «Башкаруу жана укук» факультетинин студенти Алия Абдыкаарова атаандаштарын артта калтырып, көптөгөн көрүүчүлөрдүн алдында өзүнүн билими жана интеллектуалдуулугу жагынан  күчтүүлүгүн далилдеп, ОшМЮИнин ректорунун кубогун жеңип алды.

Аягында ОшМЮИнин ректору Э.Токторов интеллектуалдык оюнда активдүү катышкан студенттерге баалуу белектерди жана жеңүүчүгө атайын диплом менен кубокту салтанаттуу тапшырды.

Фото - В преддверии весенних праздников мэрия Бишкека оформила столицу

В преддверии празднования Дня города Бишкек и Дня Победы мэрия города Бишкек оформила центральную площадь «Ала-Тоо», проспект Чуй и фонтан у здания мэрии Бишкека.

Муниципальным предприятием «Бишкексвет» для украшения площади разработана праздничная светящаяся композиция, в которой учтены все особенности малых архитектурных форм, присутствующих на площади. В центре композиции расположена цветочная поляна, символизирующая  расцвет природы. По четырём сторонам от поляны – на малых фонтанах установлены фигуры животных, которые внесены в Красную книгу: снежный барс, благородный олень, архар и беркут. По периметру, площадь украшена цветными светящимися деревьями и установлены тюльпаны на фонарях уличного освещения.

Сотрудники МП «Зеленстрой» в свою очередь установили железобетонные вазоны с туями (золотистая, колоновидная, шаровидная) и можжевельником.

Для украшения проспекта Чуй разработаны тематические светодиодные растяжки, с возможностью замены центральной части. Центр растяжки предполагается заменять на подходящие к тематике праздников – День города и День Победы.

Сотрудниками предприятия “Бишкексвет” дюралайтом украшен и фонтан у здания столичной мэрии. Светодиодный дюралайт – это универсальный инструмент для создания неповторимых световых композиций. Основу композиции фонтана составляет металлокаркас обкрученный светодиодным дюралайтом.

Меню