Menu

КООМ

Жалал-Абадда бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөш күнү белгиленди

 

 Жалал-Абад шаарында 100дөн ашуун студенттин катышуусу менен “Биз кургак учукка каршыбыз” аттуу жөө жүрүш өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулова билдирди.

Анын айтымында, Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөш күнүнө карата шаарда атайын буйруктун негизинде 24-февралдан 24-мартка чейин бир айлык жарыяланган эле. Анын ичинде бала-бакчаларда, мектептерде тарбиялык-түшүндүрүү иштери өткөрүлсө, областтык үй-бүлөлүк медицина борбору тарабынан шаар тургундарына түшүндүрмө кагаздар таратылды.

-Жалал-Абад шаарынын орто окуу жайларынын, кесиптик лицейлердин студенттери-окуучулары атайын жөө жүрүшкө чыгышты. Бул күнгө карата алар атайын тематикалык дубал газеталарды даярдашкан. Бул акцияны өткөрүүнүн негизги максаты – жаштар арасында ооруга байланыштуу басмырлоону жоюу, кургак учук оорусу кандай жолдор менен жугаарын, кантип анын алдын алса болорун түшүндүрүү. Бул биздин биринчи акциябыз эмес, мындай акцияны жыл сайын өткөрүп келебиз, – дейт ал.

Алынган маалыматка караганда, акциянын жүрүшүндө жаштар арасында суроо-жооп оюну болуп, жеңүүчү студенттерге “Улуттук Кызыл Ай” коому тарабынан белектер берилген.

Бабановдон сүмөлөк

21-март Нооруз күнү Ө. Бабанов өзүнө тийиштүү «Технопарк» соода борборунун алдына боз үйлөрдү тиктирип, күрөш, кол күрөш, аркан тартыш, чака чапмай, тогуз коргоол сыяктуу улуттук оюндарды уюштуруп, баарына байгелерди сайып берди. Ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн жана бал өндүрүүчүлөрдүн ярмаркасы өттү. Келгендерге казан-казан күрүч бастырып берип, чакан идиштерге куюлган сүмөлөктөрдү өз колу менен таратып жатты. Жанында Апас Жумагулов аксакал, Жогорку Кеңеш менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары коштой жүрүштү. Майрамдык маанайдагы жабылган ал биринен сала бири келип, бир сааттан ашык убакыт Ө. Бабанов менен сүрөткө түшкөнүн көрүп, эл сүйүүсүнө ээ болгон саясатчы экенине ынандык.

Булак: “Фабула”

Турапов ак жеринен күйүп жатабы же..?

Курманбек Бакиевдин доору жүрүп турган кезде, ошол кездеги филармониянын директору Керим Турапов курулуш жүргүзүүгө мүмкүн эмес, эс алуу сейил багы болчу 26 сотых жерди 11 миллионго сатып алып, көп кабаттуу турак үй салдырган. Бирок бул үй салынып баштаганда эле чуу чыгып, Башкы прокуратура иликтөөгө алган. Алдан бери соттошуулар аягына чыкпай келген. Кечээ жакында эле шаардык сот тарабынан үйдүн мыйзамсыз курулганы боюнча чечим чыгарды. Эми көп кабаттуу үйдүн курулушун токтотууну Эко-техинспекциясы ишке ашырат. Турапов болсо ак жерден күйүп жатам деп ыйламсыраса жанына киши чыдап тура албайт. Мамлекеттик органдар үйдү бузуп, мыйзамдуулукту калыбына келтиреби же болоор иш болду дешип курулушту бүткөрүүгө уруксат беришеби, жакынкы мезгилде күбө болобуз…

Булак: “Фабула”

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу: "Март революциясы чыныгы бийлик эл колунда экенин көрсөткөн ишеним берген"

Мындан туптуура он эки жыл мурун мамлекетибизде элдик бийлик орноп, «Жоогазын революциясы» деген ат менен белгилүү болгон март ыңкылабы болгон. Жер-жердеги нааразычылыктар чогулуп отуруп, борборго келип жарылган. Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев элдик толкундоолордун, элдик каршылыктын айынан кызматынан чегинүүгө аргасыз болгон. Кыскасы, эгемен өлкөдө биринчи жолу элдик бийлик орногону менен элдин эсинде калды. Ошондой эле ал революцияга ак­тивдүү катышкандар Акаевдин авторитардык саясаты, өз балдарын парламентке алып келүү аракети, элдин жашоо-турмушунун оордугу, социалдык-экономикалык абалдын чыңалуусу 24-марттагы элдик революциянын болушуна шарт түзгөнүн айтышат. Аталган революциянын ишке ашышына жаштар негизги күч болуп берген дегендер да бар. Себеби саясатчылардын жалындуу кептерине ынанып, таасирленген

жаштары” деген кыймыл түзүп, абалдын курчушуна салым кошушкан. Келечекке үмүт бербеген кырдаал бийликтин алмашуусуна шарт түзгөн. Кыскасы, март ыңкылабы өз учурунда демократиянын жарчысы катары кабыл алынганы менен андагы жоогазындар кепке чейин ачылып турган эмес.

“Элдик толкундоолордун арты менен келген Бакиев бара-бара авторитардык нукка түшүп, эми тазалануу болот деген элдеги үмүттөрдү соолуткан. Ошон үчүн эл өзү берген бийликти өзү алып койгон. Эң негизгиси, март ыңкылабы Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүлөргө из салган окуянын башаты болгон. Айтайын дегеним, март ыңкылабы адилетсиз, коррупциялашкан бийлик болсо, аны шайлоо жолу менен алмаштырса боло турганын, эгер ага жол берилбесе эл революциялык жол менен сүрүп салаарын көрсөтүп койду. Экономикабыз гүлдөп, өнүгүп кетпесе да, март ыңкылабынан кийин сөз эркиндиги, адам укугу, демократиялык баалуулуктарда өсүш болду. Негиз­гиси бийликке эл менен эсептешүү керек деген чоңсигналды берип койду.

2005-жылдагы революция­нын активдүү катышуучусу Чолпонбек Абыкеев менен Кыргызстанда орун алган алгачкы март революциясы тууралуу баарлашып, азын-оолак кеп курдук.

-Чолпонбек мырза, 2005-жылдагы 24-марттагы революциянын активдүү катышуучусу элеңиз. Азыр ал революция максатын жоготуп, апрель ыңкылабы даталуу күндү жокко чыгарып койгон жокпу?

– 2005-жылдын 24-мартындагы революция 2009-жылга жетпей эле өзүнүн негизги максатынан тайган. Ошондуктан 2010-жылдын 7-апрелиндеги экинчи рево­люция келип чыкпадыбы. Ал эми 24-марттын даталуу күн экендиги тууралуу айтсак, бул күн тарыхый күн да. Ошондуктан ал тарыхта өчпөй жазылып кала берет.

-2005-жылдын 24-мартындагы революция эмнеси менен артык деп ойлойсуз?

-2005-жылдын 24-марты эл өз күчүнө ишенген күн болгон. Кыргыз эли эч убакта бир үй-бүлөлүк башкарууга жол беришпесин, бийлик эл үстүнөн каалаганын жасай бере албай тургандыгын көрсөткөн. Элдин мындай күчү барына ал түгүл ошо кезде революцияны уюштуруп, баштап жүргөндөр деле ишенишкен эмес.

-Март революциясы Кыр­гызстанга эмне берди?

-24-март Кыргызстанда чыныгы бийлик эл колунда экендигин көрсөткөн ишеним берди. Тилекке каршы Бакиевдин бийлиги муну түшүнө албады. Бүгүнкү бийлик деле толук түшүнгөнүнө ишенбей турам. Ошон үчүн революция жасоо өнөкөткө айланышы мүмкүн. Эгер бийлик башындагылар элдин талабын канааттандырбай тескери жолго түшүп, ар кандай өзүмчүлдүк иштерди жасап, өздөрүн хан сезе башташса револю­ция болбойт деген кепилдик жок. Эгер бийлик калыс иштеп мыйзамдуулуктан тайбаса, эмнеге революция жасалмак эле. Негизи эл көрөгөч калыс келет. Чындыкты тааный билет.

Булак: “Фабула”

24-март элдик революциябы же төңкөрүшпү?

Үсөн Касыбеков, журналист:

-Бир гана К.Бакиев мамлекеттик төңкөрүш деп жатат. Калгандарынан элдик революция дегенден башка бааны жолуктура элекмин. Бир гана айта турган кырдаал, революциянын элге пайда-батасы тийдиби? Кеп ошондо болуп жатпайбы. Революциянын түпкү максаты элдин турмушун жакшыртуу болуп саналат да, туурабы.

Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу:

-Революция деген бул партия же саясий кыймылдын негизинде уюштурулат, алардын программаларында революциялык төңкөрүшкө барганга жолду аныктайт, ошол аныктаманын негизинде элдин кызыкчылыгын чагылдырат, революциядан кийин кандай коом түзүлөт, кимдер бийликке келип, кандай социалдык шарттар болот ж.б. иш-чаралар каралат. Биздин эки революциябыз тең биз жактан революция деп аталганы менен, эл аралык илимий жана саясий коомчулукта төңкөрүш катары таанылат.

Жолдошек Бузурманкулов, милициянын полковниги

-Эми революция менен төңкөрүш экөөнүн бири орус, экинчиси кыргыз тилиндеги бир эле түшүнүк. Илгери улуу октябрь революциясын деле октябрь төңкөрүшү деп айтып да, жазып да жүргөнбүз. 24-март окуясынын кадырын түшүргүсү келгендер “төңкөрүш деп, көтөргүсү келгендер “револю­ция” деп жүрүшпөйбү “грамотный” болушуп. “Революцияны акылмандар ойлоп табышат, эр жүрөктөр жасайт, шылуундар пайдасын көрөт” – деп бечара еврей Карл Маркс айткандай, март төңкөрүшүнүн убайын “манты жеп отурган” көрбөдүбү.

Өмүрбек Абдрахманов, саясатчы:

-Бийликти шайлоосу жок тартып алуунун баары төңкөрүш. А эгер төңкөрүштөн кийин револю­циялык өзгөрүүлөр болсо, ал төңкөрүш революция деп аталып калат, биздеги эки төңкөрүш тең өзгөрүү алып келе алган жок. Ошон үчүн экөө тең төңкөрүш болгон…

Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты:

-24-март чет өлкөнүн жардамы менен ишке ашкан төңкөрүш болгон. Бийлик өзү да терс кадамдарга барып, окуяны оң жолго салуунун ордуна кайра тездеткен жана татаалданткан.

Кыяс Молдокасымов, тарыхчы:

– Албетте элдик революция болгон. Акаевдин үй-бүлөлүк, коррупциялык башкаруусуна каршы жалпы эл көтөрүлүп, бийликти тазалаган. Акаевдин кылмыштуу аракети азыркыга чейин өз баасын албай келет. Элден жашырып, жең ичинен жерлерди өткөрүп бергени, кен байлыктарды өлкөгө эмес, өзү менен өзгөгө иштеткени, өлкөнү бүлүндүрүп, талатып-тоноткону, талоончулардын, уурулардын жаңы муунун жаратканы, кыскасы кыргыз элине кыянаттык аракеттерине жалпы эл көтөрүлүп, Акаевди өлкөдөн куушту. Бирок “Алма сабагынан алыс түшпөйт” дегендей, Акаев менен табакташ, кызматташ болгондор революциянын жемишин уурдап алышты. Системалуу реформа жүргүзүп, таза коом, адилеттик башкаруу орнотконго эрки жеткен жок. Натыйжада элдин мүдөөсү толук аткарылбай, кайрадан көтөрүлдү.

-Курманбек Мамбетов, “Объектив” гезитинин башкы редактору:

-Революция, төңкөрүш маселелери боюнча адистердин ою кандай билбейм, мен бул маселени Улуу Октябрь революциясы деп аталып жүргөн 1917-жылдагы окуяларга салыштырып түшүндүрөөр элем. 100 жыл мурун өткөн революциядан кийин мамлекеттин башкаруу системасы өзгөрдү, монархия, жеке менчик деген жоюлду, бийликтен айрым адамдар эмес, бүтүндөй катмарлар (таптар деп койчу элек го) четтетилди, 2005-жылы бизде эмне болду? Болгону бир прези­дент кетти, экинчиси келди. Биринчи президенттин командасы дээрлик толугу менен саясаттагы, экономикадагы өз позицияларын сактап калды. Башкаруу система­сы өзгөртүлгөн жок, президенттин бийлиги ого бетер күчөдү. Бийликтин сот, парламент сыяктуу бутактарынын, өкмөттүн ыйгарым укуктары күчөтүлгөн жок, территориялык-административдик реформа жасалган жок. Ре­волюция деген сөз албетге, кооз угулат, мындай жыйынтык төңкөрүш дегенге караганда, айрым саясатчылардын кызыкчылыгына да туура келет, бирок кандай негиздерге таянып 24-марттагы президент алмашууну революция деп айтабыз?

Жалил Сапаров, журналист:

-2005-жылы 24-мартта чындап эле элдик революция болгон, себеби элдик нааразылыктар ар кайсы аймактардан башталып, ошол жактарда а дегенде эл­дик бийликтер орноп, анан га­на Бишкекке келген. Төңкөрүш болсо, дароо эле Ак үйдү ээлеп, бийликти бөлүштүрүп алуу бо­луп калат. Ошол март күндөрү бардык аймактарда эл көтөрүлүп, чыныгы өзгөрүүнү күткөн, бирок эл максатына жетпегени анык.

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:

– Мамлекетгик төңкөрүш болгон, ал БУУнун 2005-жылдагы отчётунда бекитилген.

Президент Алмазбек Атамбаев да өзүнүн Евразиялык бирикмесинин президенттери Бишкекте чогулганда тастыктаган. Аскар Акаев 2003-жылы Өмүрбек Текебаевди ишенген саясатчысы катары Конституцияны өзгөртүү үчүн оппозиция тараптын өкүлү катары кошуп, Конституцияга өзгөртүү киргизет. Ошондон соң Текебаевге “Эмгек сицирген юрист” деген наам берет. Оппозициянын талаптарын аткарат. Куловду бошотууга да жол ачып берет. 2005- жылы оппозиция крим дүйнөнүн өкүлдөрүн өздөрүнө тартып, батыштан келген каражаттардын негизинде төңкөрүш жасашкан. Революция эмес, накта төңкөрүш болгон.

Булак: “Фабула”

Видео - Эркиндик форуму күч стуруктураларын десаясатташтыруу жана мыйзамды бузган кызматкекрлерди люстрациялоо маселесин талкуулады

Кечээ, 24-мартта Бишкекте Сөз эркиндигин коргоо комитети менен Конституциялык кеңешме кыймылы уюштурган Эркиндик форуму болуп өттү. Форумга журналисттер, жарандык активисттер жана саясатчылар катышышып, Кыргызстанда кысымга дуушар болгон сөз эркиндиги жана саясый укуктар тууралу талкуулашты. Күч структуралары жана сот органдары сөз эркиндигин кысымга алууда бийликтин куралына айланып калгандыктан канткенде аларды саясаттан ажыратууга (десаясатташтыруу) жана сөз эркиндигин кысымга алуууга катышып жаткан мамлекеттик кызматкерлерди люстрациялоого болот деген суроо жыйындын негизги өзөгүн түздү.

Видео: “Азаттык”

Сурамжылоо: “Кыргызстанда сөз эркиндиги чындап эле коркунучтабы? Же биздегидей эркиндик кошуна мамлекетерде жокпу?”

Шайлообек Атазов, спортсмен: Демократияга шек келтирбесек жакшы болот эле”

-Канча жаап-жашырганыбыз менен байкаган кишиге сөз эркиндиги муунтула баштаганы байкалат. Сендеги эркиндик кошуналарда жок. Ушуга тобо кыл дебей, сөз эркиндигин сактап, демократияга шек келтирбесек жакшы болот эле.

Замира Сатыбалдиева, актриса: Элди бөлүп-жаргандан маселе деле чечилбейт го”

-Айрым чындыкка дал келбеген ушак маалыматтарды таратууга чек коюлганы менен баш­ка мамлекеттерге салыштырмалуу сөз эркиндигибиз бар. Кудай ошону кут кылсын дейли. Ар ким, эмне кааласа ошону айтат. Кээде айрым бейөкмөт уюмдар гана чет жактан грант алыш үчүн же алган акчасын акташ үчүн сөз эркиндигине байланыштуу акцияларды өткөрүп коюшат. Элдин тынчын албай, президент күздө кетем деп камынып жаткандан кийин кичине тынчтык кылышса жакшы болот эле. Ак­ция өткөрүп, элди бөлүп-жаргандан маселе деле чечилбейт го. Андан көрө президенттикке иштей турган жаш, илимдүү, билимдүү, эл-журтка күйгөн бирөөнү табышса жакшы болмок.

Өмүрбек Абдырахманов, экс-депутат: Сөз зркиндиги коңшуларга караганда бир аз бар..”

-Авторитардык системада сөз эркиндиги болбойт… Бизде жумшак авторитардык система, ошон үчүн сөз эркиндиги коңшуларга караганда бир аз бар…

Эркинай Эшенгулова, журналист: Кошуна мамлекеттердин бири да биздикиндей ээн-ооз сөз эркиндигине жеткен эмес”

-Кошуна мамлекетгердин бири да биздикиндей ээн ооз сөз эр­киндигине жетишкен эмес. Биз чектен ашып баратабыз. Бир аз тыйбасак, колдо бар алтындын баркы жок болууда. Өлкөнүн башкаруу системасынын саясаты тил менен жасалгандыгы үчүн сасык саясатчылардын саясатка адашып келгенинин айынан тилибиз бир аз азап тартып жатат. Сөз эркиндигибиз эч кандай коркунучта эмес. Бүгүн ким эмнени кааласа ошону сүйлөп жатат. Менин жеке пикиримде кыргыз калкы бүгүн эркин жана ар тараптуу сүйлөөнүн туу чокусуна жетип турган убагы. Бул жетишүүнүн баркына жетпесек, өнүккөн мамлекеттердин катарынан азыраак жылдардын арасында орун алып жайрап калабыз.

Аликбек Жекшенкупов, экс-министр: Кыргызстан демократиялык жолдон тайбаш керек”

-Илгертен бери келген кыргызда макал бар го, баш алмай бар, тил кесмей жок деген. Тилекке каршы, бүгүнкү массалык маалымат каражаттарын талдап көрсөңөр, бийлик сөз эркинди­гине басмырлоо жасап жатканы көп байкала баштады. Ага журналисттерге, кээ бир ММКларга доомат коюп, сотко берип жаткандары далил. Кыргызстандыктар кошуналардын ички саясатын салыштырбай, аларга үлгү болуп, демократиялык жолдон тайбаш керек. Биз өзүбүздүн өнүгүү жолубузду дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринен үйрөнүп, сөз эркиндиги , адамдын укугу, өнүгүү боюнча тажрыйба алууга муктажбыз.

Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: Сөз зркиндиги коркунучта”

-Чын эле сөз эркиндиги коркунучта. Сөз эркиндиги эле эмес, Кыргызстанда саясий куугунтуктар да арбыды. Эгер бийлик ушуга окшогон нерселерди колдоно берсе, аягы жакшылык менен бүтпөй калышы мүмкүн.

Чолпон Осмонова, коомдук ишмер: Башка мамлекеттер окуса эмне дейт деген ой жок”

-Ал, бул дегенибиз менен биз­дикиндей сөз эркиндикти эч бир мамлекеттен көрө элекмин. Де­мократия деген түшүнүк бизде та­кыр башкача кабыл алышкандай сезилет. Өзгөчө сөз эркиндигин. Биздин айрым саясатчыларда жана жазмакерлерде жогорку жактагыларды кичине сыйлоо, башка мамлекет окуса эмне дейт деген ой жок. Башкача айтканда, намысы жоктой жазгандар көбөйдү. Алар жамандап жазып жиберип, падышаны уят кылып жатабыз деп ойлошу мүмкүн. Бирок тескерисинче иренжитип коюшту. Ошондуктан кичине болсо да чекти билгизгенге тартип керек. Ал тартипти сөз эркиндигин муунтуп жатат деп ка­был албашыбыз керек.

Искендер Шаршеев, экономист: “ж00пкерчилик болуп, эч бир тарап аша чаппашы керек”

-Сөз эркиндиги коркунучта деп “Баш кесмей бар, тил кесмек” жок дейбиз. Бирок ошол эле учурда ММКларда кичине болсо да жоопкерчилик болушу зарыл. Бийлик- тин айланасындагылар да бөрк ал десе баш албай, кичине этият бо­лушу керек. Кайсы маселеде болбосун жоопкерчилик болушу керек. Ошондой эле эч бир тарап аша чаппашы керек.

Булак: “Фабула”

Биздин окумуштуулар кайда?..

-Европа өлкөлөрүнүн жана орустардын окумуштууларына баа, ченем жок. Мисалы, капитанчы Кустону алалык. Анткени алар накта илимпоздор. Илим жактоо үчүн аларың бир нече айлап-жылдап экспедицияга чыгышып, ал жактан эксперимент жүргүзүшүп аска-зоого чыгып, суукка тоңуп океан-деңиздерде сүзүп, акула, киттерди издеп таап, жанын оозуна тиштеп аларга бетме-бет барып тасмага түшүрүп, Антарктида, Түндүк муз океандарда конуп-түнөп далай кырсыктарга учурап, адам баспаган жерлерге жетишип Ата Мекендин туусун желбирете сайышып, ак аюу, морж, тюлень, пингвиндерге жолугушуп, деги койчу карап турсаң кызыктуу болгону менен ойлойсуң, аларда жан деген, үй-бүлө деген жокпу деп. Ошентип тентип жүрүшүп, башка бир дагы даяр жазылбаган материалдарды колдонушпай, өздөрүнүн экспедицияда чогулткан материалдарын жыйнап келишип, накта таза эмгек жаратышат. Ал эми биздин окумуштуулар кыйналбай эле илимий иштерин жактай салышат. Даяр материалдар турса жактабай жандары жокпу. Анан бош отура алышпай биртике бирдеме жаза коюшуп, элге бир аз эле көрүнсө болду, өздөрүн мекендин элитасы катары сезишип, саясатка аралашып депутат, өкмөт керек болсо ажо болгулары келишип ыктытып араң эле турушат. А тигилердин окумуштуулары илимий эмгектерин арыдан-бери бүтүрө салуу, саясат­ка кийлигишүү алардын үч уктаса дагы ойлоруна келбесе керек. Анткени аларды карасаң, илимге ушунчалык берилгендиктен өздөрүн карабай, жумушчулардан бир аз эле айырмасы болбосо, окумуштуунун окумуштуулары. Айга учуп, ааламды аңтарып, океан деңиздердин түбүнө чейин изилдеп, алардын илимий эмгектери өндүрүштүн бардык тармактарында колдонулуп пайдасын берип жатат го. Башкасын айтпаганда да, айыл-чарба техникаларын айт. Ошентип алар өз иштери менен гана алек. Эгерде бизде, алардыкындай окумуштуулар чыкса, аларың “Эл каякта, басканга жер каякта” деп калышмак. Урматтуу мыйзамчылар, өндүрүштун ар тармагы боюнча мыйзам жазаарда сөзсүз Илимдер академиясынан ошол тармакка тиешелүү болгон атайын илимпоздорду чакырып, алардын дагы башын оорутуп мыйзам жазууга салымын коштуруш керек. Алар дагы жоопкерчиликтүү болушсун. “Катыным бучук жаным тынч” деп жата беришпей. Ии баса, Путин былтыр РФ Илимдер академиясынын башчысын чакырып алып “Эмне үчүн жогорку окуу жайларда, президенттик аппаратта, өкмөттө, парламенттик кызматта жүргөн илимпоз членкоррлор Илимдер акаде- миясынан да кошумча айлык алып жатышат түшүндүрүп берчи? Мындайларды токтоткула” – деп академиянын башчысын такалаган эле. Бизде эмне жокпу мындайлар, толтура болсо керек. Акыры айтайын дегеним, биздин Илим­дер академиясында ар бир тармак боюнча канчалаган илимпоздор самсып жүрүшөт. Алардын мээлерин качан колдонобуз? Мээлери “свежий” бойдон кетеби? Мурдагы эки ажо алардын мээ­лерин убагында пайдалана албай калып, азыр бармагын тиштеп качьш жүрүшөт. Роза Отунбае­ва болсо жетише албай калды дейлик. Атамбаев болсо колдонбой жүрүп, эми мөөнөтү да бүткөнү калды. Демек аларды, урматтуу окумуштууларыбызды Путиндей суракка алып, кана эмнең окумуштуу, мекенге кылган зыяныңдан мурун пайдасын айтчы, кана иш жүзүндө көргөзчү, чын эле экономика илимдеринин доктору болсоң, бир облусту берейин оңдоп көрчү деп жарга такаса, илимдер академиясында реформа эмес, башкасы да жүрүп кетмек. Тынч эле айлыктарын алып, анын үстүнө пенсиясын кошо алып, кыйратып жатышкансып бюджеттен соруп коюп асманды сүйлөп жата беришсе кайдагы илимий ачылыш? Деги окумуштууларыбыз кайда, шаардабы же айылдабы?

Темирбек МАМБЕТАЛИЕВ, Бишкек шаары

Булак: “Фабула”

24-март элдик революциябы же төңкөрүшпү?

Үсөн Касыбеков, журналист:

-Бир гана К.Бакиев мамлекеттик төңкөрүш деп жатат. Калгандарынан элдик революция дегенден башка бааны жолуктура элекмин. Бир гана айта турган кырдаал, революциянын элге пайда-батасы тийдиби? Кеп ошондо болуп жатпайбы. Революциянын түпкү максаты элдин турмушун жакшыртуу болуп саналат да, туурабы.

Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу:

-Революция деген бул партия же саясий кыймылдын негизинде уюштурулат, алардын программаларында революциялык төңкөрүшкө барганга жолду аныктайт, ошол аныктаманын негизинде элдин кызыкчылыгын чагылдырат, революциядан кийин кандай коом түзүлөт, кимдер бийликке келип, кандай социалдык шарттар болот ж.б. иш-чаралар каралат. Биздин эки революциябыз тең биз жактан революция деп аталганы менен, эл аралык илимий жана саясий коомчулукта төңкөрүш катары таанылат.

Жолдошек Бузурманкулов, милициянын полковниги

-Эми революция менен төңкөрүш экөөнүн бири орус, экинчиси кыргыз тилиндеги бир эле түшүнүк. Илгери улуу октябрь революциясын деле октябрь төңкөрүшү деп айтып да, жазып да жүргөнбүз. 24-март окуясынын кадырын түшүргүсү келгендер “төңкөрүш деп, көтөргүсү келгендер “револю­ция” деп жүрүшпөйбү “грамотный” болушуп. “Революцияны акылмандар ойлоп табышат, эр жүрөктөр жасайт, шылуундар пайдасын көрөт” – деп бечара еврей Карл Маркс айткандай, март төңкөрүшүнүн убайын “манты жеп отурган” көрбөдүбү.

Өмүрбек Абдрахманов, саясатчы:

-Бийликти шайлоосу жок тартып алуунун баары төңкөрүш. А эгер төңкөрүштөн кийин револю­циялык өзгөрүүлөр болсо, ал төңкөрүш революция деп аталып калат, биздеги эки төңкөрүш тең өзгөрүү алып келе алган жок. Ошон үчүн экөө тең төңкөрүш болгон…

Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты:

-24-март чет өлкөнүн жардамы менен ишке ашкан төңкөрүш болгон. Бийлик өзү да терс кадамдарга барып, окуяны оң жолго салуунун ордуна кайра тездеткен жана татаалданткан.

Кыяс Молдокасымов, тарыхчы:

– Албетте элдик революция болгон. Акаевдин үй-бүлөлүк, коррупциялык башкаруусуна каршы жалпы эл көтөрүлүп, бийликти тазалаган. Акаевдин кылмыштуу аракети азыркыга чейин өз баасын албай келет. Элден жашырып, жең ичинен жерлерди өткөрүп бергени, кен байлыктарды өлкөгө эмес, өзү менен өзгөгө иштеткени, өлкөнү бүлүндүрүп, талатып-тоноткону, талоончулардын, уурулардын жаңы муунун жаратканы, кыскасы кыргыз элине кыянаттык аракеттерине жалпы эл көтөрүлүп, Акаевди өлкөдөн куушту. Бирок “Алма сабагынан алыс түшпөйт” дегендей, Акаев менен табакташ, кызматташ болгондор революциянын жемишин уурдап алышты. Системалуу реформа жүргүзүп, таза коом, адилеттик башкаруу орнотконго эрки жеткен жок. Натыйжада элдин мүдөөсү толук аткарылбай, кайрадан көтөрүлдү.

-Курманбек Мамбетов, “Объектив” гезитинин башкы редактору:

-Революция, төңкөрүш маселелери боюнча адистердин ою кандай билбейм, мен бул маселени Улуу Октябрь революциясы деп аталып жүргөн 1917-жылдагы окуяларга салыштырып түшүндүрөөр элем. 100 жыл мурун өткөн революциядан кийин мамлекеттин башкаруу системасы өзгөрдү, монархия, жеке менчик деген жоюлду, бийликтен айрым адамдар эмес, бүтүндөй катмарлар (таптар деп койчу элек го) четтетилди, 2005-жылы бизде эмне болду? Болгону бир прези­дент кетти, экинчиси келди. Биринчи президенттин командасы дээрлик толугу менен саясаттагы, экономикадагы өз позицияларын сактап калды. Башкаруу система­сы өзгөртүлгөн жок, президенттин бийлиги ого бетер күчөдү. Бийликтин сот, парламент сыяктуу бутактарынын, өкмөттүн ыйгарым укуктары күчөтүлгөн жок, территориялык-административдик реформа жасалган жок. Ре­волюция деген сөз албетге, кооз угулат, мындай жыйынтык төңкөрүш дегенге караганда, айрым саясатчылардын кызыкчылыгына да туура келет, бирок кандай негиздерге таянып 24-марттагы президент алмашууну революция деп айтабыз?

Жалил Сапаров, журналист:

-2005-жылы 24-мартта чындап эле элдик революция болгон, себеби элдик нааразылыктар ар кайсы аймактардан башталып, ошол жактарда а дегенде эл­дик бийликтер орноп, анан га­на Бишкекке келген. Төңкөрүш болсо, дароо эле Ак үйдү ээлеп, бийликти бөлүштүрүп алуу бо­луп калат. Ошол март күндөрү бардык аймактарда эл көтөрүлүп, чыныгы өзгөрүүнү күткөн, бирок эл максатына жетпегени анык.

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:

– Мамлекетгик төңкөрүш болгон, ал БУУнун 2005-жылдагы отчётунда бекитилген.

Президент Алмазбек Атамбаев да өзүнүн Евразиялык бирикмесинин президенттери Бишкекте чогулганда тастыктаган. Аскар Акаев 2003-жылы Өмүрбек Текебаевди ишенген саясатчысы катары Конституцияны өзгөртүү үчүн оппозиция тараптын өкүлү катары кошуп, Конституцияга өзгөртүү киргизет. Ошондон соң Текебаевге “Эмгек сицирген юрист” деген наам берет. Оппозициянын талаптарын аткарат. Куловду бошотууга да жол ачып берет. 2005- жылы оппозиция крим дүйнөнүн өкүлдөрүн өздөрүнө тартып, батыштан келген каражаттардын негизинде төңкөрүш жасашкан. Революция эмес, накта төңкөрүш болгон.

Булак: “Фабула”

Жалал-Абадда 24-март – элдик революциясынын күнү белгиленди

Бүгүн, 24-мартта Жалал-Абад шаарындагы Сүйүнбек тейлөө комплексинде 24- март – элдик революциясынын 12 жылдыгы белгиленди. Бул иш-чарага март ревоюциясынын 80ден ашуун катышуучулары катышты. Алгач, 24-март – элдик революциясында каза болгондордун жаркын элесине арналып, куран түшүрүлдү.  Өкүлчүлүктүн аппарат жетекчиси Исламбек Масабиров 24-март – элдик революциясынын катышуучуларына КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин куттуктоосун окуп берди. Бул туурасында өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

–     2005-жылдын 24-мартында  Кыргызстанда биринчи жолу эл толкуп, элдин ой-мүдөөсү жана адилеттүү талабы менен эсептешпей калган бийлик алмашты. Кыргызстан эли үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы көтөрүлдү жана революция жолу аркылуу эл менен такыр эсептешпей калган бийликти алмаштырды. 17-марттагы кандуу Аксы окуясы жана 24-марттагы элдик революция ошол кездеги бийликтин элге каршы жасаган саясатына каршы чыккан ачык-айкын күрөшүнүн үлгүсү болуп калды. Кыргыз эли ар кандай кыйынчылыктарга жана оор сыноолорго ар дайым чыдап келген, бирок бийликтин эки жүздүүлүк менен адилетсиз саясатты алып баргандыгын эч качан көтөргөн эмес.

–    Мындан 15-жыл мурда “Аксы” деген ат Кыргызстанды бүт дүйнөгө дүңгүрөткөн. Эркиндик, адилеттик үчүн керек болсо жан аябай күрөшүү керек экенин аксылык баатырлар өз өмүрүн берип көрсөтүшкөн. Аксылыктар кыргыздардын байыркы замандан бери “түгөнгөн сайын түтөп, кырылган сайын күчөгөн” эр көкүрөк эл экенинин эске салган! Эркиндик, адилеттик, намыс деген дөөлөттөр каныбыздан эч качан кетпей турганын эске салган!

Аксы окуясы болбосо Март – 2005 жана Апрель – 2010 жыл революциялары болмок эмес. Бул үч окуя эгемен Кыргшызстандын демократия жолундагы, жаңы коом, жаңы мамлекет куруу жолундагы эң оор, бирок эң маанилүү үч ашуусу болгон,- деп айтылды Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин кандуу Аксы окуясынын 15 жылдыгына карата Кайрылуусунда.

Мындан 12 жыл илгери карапайым калкылдаган миңдеген элдин ошол кездеги адилетсиз бийликке болгон ачык нараазычылыгы алгач Жалал-Абад жергесинде башталып, анан өлкөнүн башка аймактарына тарап кетти. Ошентип, 24-март элдик революциясынын бешиги Жалал-Абад шаары болуп калган десек жаңылбайбыз. Элдин ишениминен ажырап калган үй-бүлөлүк-кландык бийлик көпкө узабай тургандыгын 24-март элдик революциясы тарыхый чындык катары тастыктап койду.

Кыргыз эли тээ байыркы кылымдардан бери эле досторуна меймандос айкөл эл катары жакшы белгилүү болгон. Ошол эле учурда кыргыз эли башына мүшкүл иш түшкөндө, мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч туулганда муштумдай бириккен жоокер эл болгондугу карт тарыхта жакшы белгилүү. Эң башкысы кыргыз эли адилетсиздикке чыдабаган, эркиндикти туу туткан улуу калк экендигин 24-март элдик революциясы дагы бир ирет айгинелеп койду.

Эркиндикти алуу оңой, аны сактап калуу өтө кыйын экендигин эч качан эсибизден чыгарбоого тийишпиз. Ынтымагы менен биримдиги жок элден, тынчтыгы болбогон жерден ырыскы качат.  Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийинки эки революция, коогалаңдуу июнь окуялары дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстан өлкөсү туурасындагы жакшы пикирлерге бир кыйла көлөкөсүн түшүрүп койгондугун жашыра албайбыз. Кайсыл жерде тынчтык менен биримдик, ынтымакчылык болсо, мыйзамдуулуктун доктринасы болсо, ошол жерге инвесторлор агылып келет. Өлкөбүздө саясий туруктуулук орноп, көп улуттуу элибиздин бекем ынтымагы менен болоттой бекем ширелишкен достугу жаралып олтурат. Башкы максат өлкөбүздөгү тынчтыкты көздүн карегиндей сактап, өлкөбүздү алга карай туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга жетишүүдө турат.

Сөзүмдүн соңунда баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалаймын. Эгемендүү Кыргызстаныбыз алга карай ишенмдүү өнүгө берсин. Дагы бир жолу Сиздерди 24-март элдик революциясынын 12 жылдыгы менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктаймын!,- деп айтылат ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиевдин куттуктоосунда.

Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев 24-март элдик революциясынын катышуучуларына Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин  Авазовдун куттуктоосун окуп берди. 24-март — элдик ревоюциясынын катышуучуларын Жалал-Абад шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Алман Адиев дагы куттуктады. 24-март – элдик революциясынын катышуучуларынын атынан Карабек Өмүрбеков сөз сүйлөп, жергиликтүү бийлик башчыларына атайын көрсөтүлгөн сый-урматтары үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

24-март – элдик революциянын 12 жылдыгына арналган иш-чаранын катышуучуларына сый-тамак тартууланып, “Жалал-Абад айымдары” ырчылар тобунун өнөрпоздору тарабынан кеңири программадагы концерт тартууланды. 24-март – элдик революциясынын 12 жылдыгына арналган ушундай эле иш-чаралар Сузак жана Базар-Коргон райондорунда дагы өткөрүлдү.

Меню