Menu

КООМ

Тажикстанда мектептерде «көчмө сот жыйындарын» өткөрүү сунушталууда

Хожент шаардык билим берүү башкармалыгы мектеп окуучулары жана ата-энелердин административдик иштери боюнча соттук териштирүүлөрдү сот залында эмес, мектеп короолорунда өткөрүүнү сунуштады. Бул маселе өткөн аптада шаардык мэрияда каралган.

Шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, мектептерде жергиликтүү тургундардын катышуусундагы соттун көчмө жыйындарын өткөрүү демилгеси эки окуучунун ортосундагы бычакташуудан кийин көтөрүлгөн.

Башкармалык көчмө жыйындар башка балдар менен ата-энелер үчүн сабак болуп, мектеп окуучуларынын арасындагы кылмыштуулуктун санын азайтат деп эсептейт.

8-мартта шаардагы лицейлердин бириндеги окуучулардын кайым айтышуусу бычактар жана союлдар колдонулган мушташка айланган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Сурамжылоо: "Арам жакка айдаган, пайда барбы арактан?"

 

«Аракка биздин ашказан,

Алынып калган капкачан.

Жарай берет калганы,

Жарымын кесип таштасаң» — ​деп улуу акын Байдылда Сарногоев аткандай, арактын түсү жылтыр, түбү чуңкур. Учурда кандай гана соода дүкөндөрү болбосун эң өтүмдүү товары спирт ичимдиктери. Аракты ичип канчалаган кырчын өмүрлөр кыйылып, канчалар ден-соолугунан ажыроодо. Спирт ичимдиктеринин айынан төбө чачты тик тургузган окуялар катталып жатат. Спирт ичимдиктерин чыгарган ишканалардын экономикага тийгизген таасири чоң деген менен коомго тийгизген терс таасирин көп сөз кылбай келебиз. Өлкөдө арак чыгаруу боюнча монополист деп «Аю» фирмасын атай турган болсок, бул фирманын бюджетке төккөн салыгы тууралуу гана кеп козгойбуз. Аны өлкөдөгү эң ири фирма деп мактап, көп тармактуу иштерди жүргүзүп, жумушчу орундарын түзүп жатканын айтып мактайбыз. Чыгарган арагы менен канча адамдын көз жашын төгүп жатканын эч кимибиз айта албайбыз. Бирөөлөрдүн көз жашын агызган атың өчкүр арак менен байлык топтоп, байлыгына манчыркагандардын дүнүйөсү адал болуп саналабы? Биз ушул маселеге кызыгып көрдүк.

Камчыбек Ташиев:

— Адамдардын көз карашы ар түрдүү, жашоонун нугуна карата өзгөрүп туруучу кубулуш эмеспи. Бирок арак боюнча өзгөчө кеп айтууга мажбурбуз. Себеби, арак адамдын акыл-эсин өзгөртөт, кемитет жана ыплас иштерге жетелейт. Ошондуктан мен бул кесепеттен такыр алысмын, Жаратканым бул кайгыга жакындата көрбөсүн.

Шайлообек Аширов:

— Негизи эле адам баласы үчүн “Арак” деген атың өчкүр жаралбай калса, канчалаган кырчын өмүр, канчалаган адам асылдары сакталып калмак. Ушул арак жөнүндө бир окуя уктум эле. Аракты алгачкы ойлоп тапкан адам биринчи абдан сүйүнүп, кубанып жүрчү экен. Аны ичкен адамдар кайгы-капаны унутуп, бири-бирине жакшы сөздөрдү айтып, эскини эстебей, алдыга койгон максаттары жөнүндө сүйлөшүп жакшы болуп калышчу тура. Ошентип ал адам абдан байып, жергесинде абройлуу адамга айланыптыр. Арадан аз убакыт өтпөй аракты ичкен адамдар бири-бирин өлтүрүп, уруш-талаш, зомбулук күчөп, адам акылына сыйбаган көрүнүштөр абдан көбөйөт. Аягында аракты ойлоп тапкан адам, абдан капаланып өзүн-өзү асып өлгөн экен. Азыр арак ичип үй-бүлөсүн таштап, көчөдө түнөп, ден-соолугун жеген адамдар аябай көп катталып жатат. Эми баардык пенделерге Кудайым насип берсин. Ал атың өчкүрдү ичпей, чыгарбай эле койсо дурус болмок.

Усман Садыков:

— Арак жөнүндө айтсам, диний аалымдарыбыз «адамдын ден-соолугуна зыян келтире тургандын баары харам» деп айтып кетишкен. Аллах-Таала бул нерселерден тыйган. Демек, Жараткан тыйган нерселерди чыгара берүү ага каршы чыккандык болуп эсептелет. Арак саткан, ташыган, чыгаргандын баары бир жаамат. Алардын күнөөсү да ошондой болот. Арактын пайдасынан зыяны көп. Кыямат күнү баарына жооп берет. Эгерде бир адам арак саткан болсо, аны канча адам сатып алып ичкен болсо, ичип алып зыян тийгизе турган иштерди жасаса, ошол саткан адам өтө чо-оң күнөөгө батат. Бул арам нерседен алысташ керек. Ооба, аракты чыгарып, сатып байып жатат. Алар байый берет, аларга Кудай бере берет. Бирок ал «арам» болот. Мындан байыган адамдар убактылуу жыргап маашыркашы мүмкүн. Бирок акыретте сурагы жаман болот.

Назарбек Нышанов:

— Шарыятта аракты арам деп коёт. Бирок медицинада спирттин көп пайдалары бар. Медицина 200 жылдан бери спиртсиз бир дагы ишин жүргүзгөн жок. Себеби спирт микробторду өлтүрөт. Ошону менен адамдын өмүрүн сактап калууга болот. Кээде адамдарды спирт менен дарылаган да учурлар болот. Эгерде муну чени менен ичсе көп пайда жактары да бар. Бирок, биздикилер ашыкча ичип алып жатышпайбы, андан ооруга айланып кетип жатат. Аракты көп иче бергендик акыры кембагалчылыкка алып келет, үй-бүлө бузулат. Ал эми ошону сатып араккечтердин көбөйүшүнө шарт түзүп жаткандар, тозоко түшөт. Негизи эле ачууну сатып байыган адам эч качан жарыбайт. Мындай адамдар өзүнүн кылган иштерине тообо кылып, Кудайдан көп кечирим суроо керек. Ал эле эмес, мен андай адамдардын бийлике келишине да каршымын.

Нурзубек Бакиров:

— Бабаларыбыз байыртан эле жаман адаттардан алыс болуп, урук-тукумуна доо кетирбеген нерселерди жасоого, өздөрүн жаман аттыга калтырган көрүнүштөргө каршы туруп келишкен. Азыр Кыргызстанда ушул сиз айткан арак, тамеки сатуу эң кирешелүү тармак. Муну тана албайбыз. Эгерде дүкөн иштетем десеңиз тамеки, араксыз соодаң да анча жүрүшпөйт. Бирок акыркы мезгилдерде жакшы жаңылыктарды угуп жатам. Аракка талак берилип айылдарда талкалап, өрттөп жаткандарын айтып жатышпайбы. Мисалы, Алайкуу деген жерде ошондой иш чара болгонун интернеттен көрдүм. Мындай окуялар көп катталууда. Мындай иш чаралар жакшы, бирок ошол нерсе чыгып жаткан тамырын кыркыш керек. Болбосо канча талак берсек деле анын чыккан жерин бүтөп койбосо ал аракеттин баары бекер. Эми мен аракты чыгарган, саткан, аны ичип ит жиндилигин салган адамдарга эч кандай сын пикир айта албайм. Кудай баарыбызды карап турат. Негизи андай жаман жол менен келген байлыгың деле буйруп жукпайт. Анан калса, бул беш күнчүлүк жашоону азыркы адамдар түбөлүктөй тутуп, акыретти ойлонбой калбадыкпы.

Чыныбек Абдишов:

— Менин көз карашым аракты чыгарып, андан байыган адамдарды билбесем да карандай бирөөнүн убалына, бирөөнүн каргышына калып жатат деп ойлойм. Буйруса эл түшүнүп, арак эмне экенин билип калды көрүнөт. Бул түгөттү диний чөйрөдө же жөн эле адам болсун жада калса ичип жүргөн адамдар да, анын чыгышына, сатылышына каршы чыгат. Саткандарга каршымын, чыгарбай деле койсо жакшы болот. Айылдарда арак саткандарга тыюу салып жатыптыр. Эң туура, мен дагы аны колдойм. Аксакалдар, айыл тургундары биригип баардыгы ушу ишти колдош керек деп ойлойм.

Бакыт Абазбеков:

— Спирт ичимдиктерин сатып, пайда көрүп аткандарга катуу айтуунун кажети жок. Анткени, суроо-талап болгондуктан сатып, соодагерчилик ишин жүргүзүүдө. Биз өзүбүз аракты ичпей, сатып албай койсок баардык соодагерлер сатпай, даярдоочулар чыгарбай калмак. Ошондуктан аларды күнөөлөөдөн мурда, ичкен соң жаман иштерге алпараарын жутаардан мурда сезели да. Баардык нерсе өзүбүздө жатат. Жалпы жолунан ичимдикке абдан каршымын.

Мыктыбек Арстанбек:

— Алар өздөрүнө өздөрү кесепет издегендер. Алардын бизнеси, тапкан каражаттары дагы башка жетишкендиктери чынында ийгилик эмес. Алар кандай ойлошпосун, алардын бүт тапкандары болгону кесепет.

Руслан Бекназаров:

— Учурда, бүгүнкү күндүн талабына ылайык пайда табыш үчүн ар кандай жаман жолдорго барышууда. Ошол арак чыгарып, арак сатып жаткан адамдар деле анын зыяндуулугун жакшы билет жана өздөрү андай зыян кылууга баргылары келбейт. Бирок, пайда табуу максатында спирт ичимдиктерин чыгарышууда. Куранда Аллах-Таала “Арамдан жакшылык издебегиле! Андан тапкан пайдасы дагы, көрүп жаткан жыргалчылыгы дагы убактылуу болот. Бирок, бир күн анын арты кайгыга айланат” деген. Ошон үчүн аны өндүрүп жаткандарга катуу эскертүү бериш керек. Бир эле анын зыяндуулугу эмес, Аллах-Тааланын алдында өтө чоң каргыш бар деп. Эми биз демократиялуу өлкөдө жашап жаткандан кийин ар ким өзүнүн билгенин жасай берет экен. Ошон үчүн ага тыюу салганга мыйзам жок болгон соң кутуруп жатышат да. Муну түшүндүрүү иштери менен гана токтотпосо, ага каралган атайын мыйзам да жок.

Бейшенбек Бекешов:

— Мен илгертен эле спирт ичимдиктерине каршымын. Анын элге, коомго зыяны тууралуу айтып зарылдыгы жок. Өзүнөн өзү түшүнүктүү. Арак сатып жыргап кеткен кишини деле көрө элекмин. Арам бизнес акыры бир жериңен тешип чыгат. Биздин коом үчүн, кыргыз эли үчүн арак ичпөө — ​ыймандын жарымы, балким андан да көбү. Арак ичпеген кишинин мээси туура иштей баштайт да, өзү эле акылга, адеп-ахлакка сыярлык иштерди жасап кирет.

Булак: “Жаңы ордо”

Сурамжылоо: "Бишкек шаарын көрктөндүрүүгө, өнүктүрүүгө Нариман Түлеев менен Албек Ибраимовдун кимиси алгылыктуу жумуштарды жасай алды?"

 

Марат Кайыпов, экс-министр: «Бишкек шаарына Наримандай мэр боло элек»

— Албетте, Нариман Түлеев Бишкек шаары үчүн өтө көп жумуштарды жасаган. Анын мезгилинде шаар гүлдөп, көчөлөр абдан таза болуп калган. Азыр болсо көчөнүн баары чаң, кайсыл көчөгө барсаң чаң жутасың. Албек Ибраимов болсо эч нерсе жасай элек да. Көчөлөр таптакыр тазаланбай жатат. Кар жаагандан кийин, тазаланбай машина менен эмес, жөө жүргөн коркунучтуу болуп калбады беле. Нариман Түлеев өз мезгилинде жол тыгындарын жок кылган. Жолдорду кандай оңдоду эле, түштүк магистралды эки тараптуу кылып туруп Алма-Ата көчөсүнө чейин жеткирип салмак, бүткөнчө кетирип жиберишпедиби. Кыргызстандын тарыхында Бишкек шаарына Наримандай мэр боло элек. Ал мэр болуп турган учурда ар бир Кыргызстандык Бишкекке дүйнө жүзүнөн каалаган коногун чакырып, уялбай костюмун желкеге илип алып, көчөдө сыймыктанып сейилдей турган шарт түзүлгөн болчу. Азыр шаар каралбай калды. Башка көчөлөрдү айтпай эле коёюн, президент жүргөн борбордук көчөлөр тешилип абийири кетип турат.

Мамбетжунус Абылов, коомдук ишмер: «Ибраимов паракорлукка алдырып койсо, арты жаман болот»

— Албетте Наримандын Бишкек шаары үчүн жасаган иштери көп. Чынын айтыш керек, анын иштерин эл деле айтып жактырып жүрүшкөн. Ал эми, Албек Ибраимов келгенден бери Иса Өмүркуловго салыштырмалуу жакшы иштеп жатат. Иса келгенде эч кандай иштер деле жүргөн жок. Ал келе элек жатып эле коррупция боюнча иштери билинип калбадыбы. Албек Кулматовго да караганда алда канча жакшы. Эми Албек коррупцияга малынбай иштей турган болсо, мунун иштерин жакшы деп айтыш керек. Эгерде бул да паракорлукка алдырып койсо, арты жаман болот.

Бакыт Аманбаев, экс-акыйкатчы: «Нариман эл үчүн иштесе, Албек президент үчүн иштегендей болуп жатат»

— Ар бир ийгиликтин артында кадр, жакшы жетекчи турат. Мисалы, Нариман Түлеевдин мезгилинде шаарда бир топ жакшы иштер жасалган. Абдан чарбачыл киши болгон, иштин көзүн билген жана шаардагы негизги болгон көйгөйлөрдү билип, аны жоюу максатында пландуу иштерди аткарган. Шаардагы эң чоң көйгөй бул жол маселеси. Ал киши жолдорду салып баштаган. Анын учурунда түштүк магистраль салынган, Фучиктеги жолдор салынды. Ал эми шаарды жашылдандыруу боюнча бак-дарактарды отургузуп фонтандарды жаңылап, жаңы фонтандар коюлду. Экинчиден, шаардагы таштандыларды тазалоо боюнча дагы иштерди кыймылга салып, таштандыларды кайра иштетүү боюнча завод курам деген пландары бар болчу. Ошол эле мезгилде шаардагы тыгындарды азайтуу максатында кичи автобустарды жоюп, чоң автобустарды алып келе баштаган эле. Ошентип, бул киши тез эле эл оозуна алынып, мунун кадыр-баркы өсө баштаган да. Анан муну колдоп өстүрүштүн ордуна соттоп, камап салды эле, жакшы кадрдан айрылдык. Ал эми азыркы мэр анын жанында иштин деле көзүн билбеген адам окшойт. Себеби, эки жылдан бери иштеп келе жатат, эч кандай жыйынтык көрүнбөйт. Бул эл үчүн эмес, президент үчүн иштеп жаткандай сезилет. Себеби, президентке Максим Бакиевге караштуу жерди алып мыйзамдаштырып берди, аны коомчулук элдин баары билди. Анысы аз келгенсип хан сарайды айлантып жол салды, столбаларды орнотуп жарык койду. Эми экөөнүн айырмасы ушунда, бирөө президент үчүн, бирөө эл үчүн иштеген.

Ишенбай Кадырбеков,  коомдук ишмер: «Ибраимовдун көзгө көрүнөрлүк эч кандай иштери жок болуп жатпайбы»

— Азыр кимиси көп иштерди жасады деп айтыш кыйын. Мэр болгон кишинин баары эле болгон аракетин жумшайт. Ал эми Нариман Түлеевдин өзгөчөлүгү ал көп жылдан бери чечилбей келген көйгөйлүү маселелерди чечип кеткен. Ошол эле транспорт маселеси боюнча түштүк магистралды жасабаса өтө кыйын болуп калмак. Чечкиндүү чоң-чоң маселелерди жасагандыгы үчүн Нариман элдин эсинде калды да. Азыркы мэр дагы бир нерселерди жасагансып жатат. Бирок көзгө көрүнөрлүк эч кандай иштери жок болуп жатпайбы. Ошол эле кезде машина токтотуучу жайларды курдурам, Бишкекте пландуу курулуш иштери жүрөт деп айтты эле. Андан эч бир жылыш жок. Курулушу өзүнчө, башкасы өзүнчө кетип, мэрия сырттан карап турган эле субъект сыяктуу болуп турат.

Болот Дыйканов, коомдук ишмер: «Нариман Түлеевге баа бериш керек»

— Иштетилбеген жаңы дың жерди бузуп, ошол жерге эгин эккен бул Нариман Түлеев экенин моюнга алыш керек. Экинчиден, жашылдандыруу боюнча абдан жакшы иштерди жасаган. Азыркы Бишкектеги көчөнүн боюнда өсүп турган бадал, бак-дарактардын баары ошол кишинин эмгеги. Билсеңиздер шаардын ичи гүлдөргө толуп абдан кооз болуп калды эле. Ошол эле жолдорду оңдогон болчу. Ал эми Албек Ибраимов чет өлкөдөн келген грант менен таштанды таштаган ящиктерди оңдоп жатат. Андан башка көзгө көрүнөөрлүк эч кандай иштерди жасай элек. Эми качан жасайт Кудай билет, эртең жасайт деп жүрүп биз деле карып кетмей болдук. Негизгиси, Нариман Түлеевге баа бериш керек.

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: «Албек Ибраимов Өмүркуловго, Кулматовго салыштырмалуу жакшы иштеп жатат»

— Нариман Тулеев аябай иштерман мэр болчу. Таң атпай өзү шаарды кыдырчу, “Тазалыктын” жумушчуларынын жумушун өз көзү менен көрүп, айтчусун айтып иш кылганын мага Роза Отунбаева таң калып, баа берип бир канча жолу айтканы эсимде. Албек Ибраимов Иса Өмүркулов жана Кубанычбек Кулматов менен салыштырмалуу алда канча жакшы иштеп жатат. Өзгөчө ал кишинин чечкиндүүлүгүнө баа бердим. Мыйзамсыз коюлган жарнама щиттерди жана курулуштарды алдыртып, буздуртуп атат.

Марат Казакбаев, серепчи: «Наримандай так иштесе, жакшы баа бермекпиз»

— Менин оюм боюнча салыштырып айтканда Нариман Түлеев менен Албек Ибраимов экөөсү тең жакшы эле иштешти. Азыр Албек Ибраимов жакшы иштерди алып барып баштады, жолдор салына баштады акырындык менен. Бирок иш көп чынында. Ал эми Нариман Түлеев абдан жакшы иштеди, кандай болгон күндө да шаар тургундары деле мактап жатышат. Менин оюмча Албек Ибраимов дагы ошондой так иштесе, анда баарыбыз жакшы баа бермекпиз. Бирок, бул жаңы эле ишин баштады. Саясатка аралашпай, шаардын маселелерин жакшы чечип таза иштесе, анда элге да жакмак.

Жумакадыр Акенеев, экономист: «Албетте Нариман биринчи орунда турган»

— Чынында Нариман Түлеев жакшы иштерди баштады эле, Бишкек шаарын оңдоо боюнча. Бирок кыска мөөнөт иштеп калды да. Мен Нариман Түлеевден кийин эле жакшы иштерди Албек Ибраимов алып барууда деп ойлойм. Көчөлөрдү оңдоп жатат. Албетте Нариман биринчи орунда турган. Түлеевдин артыкчылыгы, Бишкектин бюджетин ишкерлерди уюштуруу менен оң жолго салган. Ал эми Албек Ибраимовдун таянганы Кытайдын гранты болуп жатат. Бул дагы Наримандай ишкерлерди уюштуруш керек болчу.

Нарынбек Молдобаев, экс-депутат: «Нариман Түлеев кризис-менеджер деп элдин оозунда калды»

— Чынында эл оозунда Нариман көп көрүнүктүү иштерди жасады деп жүрөт. Мисалы, түштүк магистраль көчөсүн жасап кетти. Бишкек шаарынын ичин кандай гүлдөттү эле. Ал эми Албек Ибраимов Кытайдан келген грант менен жакшы иштерди жасап жатат. Жүзгө чукул жолдорду ошол гранттын эсебинен оңдогону жатат, бул да болсо чоң эмгек. Таштанды маселеси боюнча жакшы иштерди алып барууда. Бирок, Нариман Түлеев кризис-менеджер деп элдин оозунда калды да.

Бакыт Бакетаев, серепчи: «Түлеев сөзү аз, иши көп, айтканын жасачу»

— Нариман Тулеев эркек мэр болчу. Сөзү аз, иши көп, айтканын жасачу. Анын мезгилинде шаар кандай өзгөрдү эле?! Баары акырындан оңолуп келе жаткан болчу. Ал эми Албек Ибраимов жаңы баштады, курч саясатка өтсө шаарды тез оңойт.

Булак: “Жаңы ордо”

 

Мугалимдер ишин таштап, митингге чыгышты

Нооруз майрамынын алдында, 20-мартта Кочкор районундагы Семиз-Бел айылында мектеп мугалимдери иш ташташты. Алар ай сайын айлыкка кошулуп берилүүчү 20% кошумча акчанын мамлекет тараптан алынып салынышына нааразы болушууда. Иш таштоого аталган мектептеги 40 мугалимдин 35и катышты. Мурда белгилүү болгондой, былтыр ноябрда райондук билим берүү башкармалыгынан аларга «маянага ай сайын кошулуучу акча мындан ары төлөнбөйт» деген билдирүү келген. Бир жарым коэфициент менен 20% кошумча буга чейин “бийик тоолуу аймак, шарты катаал” деген негизде төлөнүп жүргөн эле. Ал эми билим берүү жана илим министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын башкы адиси С.Асанов жогорудагы төлөм тийиштуу эрежелерди бузуу менен берилип жүргөнүн билдирди: “Бир жарым коэфициент менен берилип жаткан төлөм 1800 метр бийикте жайгашкан жердеги мектептерге төлөнөт. Ал эми бул мектептики 1790 метр болуп жатат”. Ошентип 10 метр ылдыйда жайгашкан айылдын мугалимдери кошумча төлөмдөн кур калышкан. Баарынан да өздөрүнүн интеллектуалдыгынан улам эзели эч качан пикет, митингге чыкпай, иш таштабай келген мугалимдердин жаз алды менен козголуп жатышы таң калтырууда…

Булак: “Майдан.kg”

Текебаевди камаш үчүн күнү-түнү иштеген сот чындыкты айтып чыккан адамдардын тагдырына келгенде

Билбейм, бийлик башында олтургандар өздөрүн кол жеткис укшмуштуудай кучтүү адамдай сезишеби же Ак үй короосунда АШАнын бийлигин эртерээк кетирүүнү каалаган, “котур ташы койнунда жаткан” интригандардын ишиби, айтор, Кыргызстандагы коомдук-саясий абал аябай чыңалып кетти. Б.а. жетчү чектен да ашып түштүк.

Саясатчы Азимбек Бекназаров салыштырып айткандай, УКМКнын тергөө абагы Кокон хандыгынын зындан оросуна куп гана айланганы аз келгенсип, эми оозунан бийликти сындаган пикир айткан эле адам табылса, катуу куугунтукка тушукчу болду. Ошондой маанайды чагылдырганы айтылган “Заноза” сайты, “Азаттык” үналгысы, абактагы депутат Текебаевдин адвокаттары, жеке журналисттерге каршы Башпрокуратура миллиондогон дооларды коюп сотко кайрылып, алардын үй-мүлктөрү камакка алынууда. Абал оор. Чейрек кылымдан бери куруп келе жаткан демократиялык коомдун фундаменти чекесинен оюла баштады. Кулап, коркунучтуу коом курулуусуна аз калды окшойт.

Мына ошондуктан да өлкө келечегине кайдыгер карабаган активисттер 18-мартта Бишкекте сөз эркиндиги жана саясий укуктарды коргоо багытында жөө жүрүш уюштурган болушчу. Керней-сурнай тартылып, майрамдык шаң менен башталган жүрүшкө жүзгө жакын адам катышты. Плакат, желек, шарларды кармаган тынч жүрүш Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталып, Байтик баатыр көчөсү менен ылдый түшүп, Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында аяктаган.

Иш-чарага парламент депутаттары Каныбек Иманалиев, Аида Салянова, Жанар Акаев, Наталья Никитен­ко, ошондой эле Равшан Жээнбеков, Эдил Байсалов өңдүү саясатчылар, укук коргоочулар, журналисттер жана жарандык активисттер катышты.

Жаңжал жүрүш Бөкөнбаев көчөсүнө жеткенде башталды. Жакшынакай эле бараткан активисттердин бир тобун милиция күч менен кармап кеткен. “Бөкөнбаев көчөсүнөн бизге милиция тарабынан кол салуу болду. Бизди бастырышкан жок. Биз жолду эч кандай тосмок эмеспиз. Керек болсо бир тилке менен басып, мерчемделген жерге он мүнөттө жетмекпиз. Алар атайын чагым кылып жүрүштүн катышуучуларын кармап кетти. Мени да кармаганга аракет кылышты. Мунун баары мыйзамсыз”,- дейт жүрүштүн уюштуруучусу Эдил Байсалов.

Демек, элдин өз конституциялык укуктарын пайдаланып, пикетке же жөө жүрүш жасоого да укугу жок калган турбайбы. Болбосо, үч авто­бус толгон милиция кызматкерлери кантип эле оперативдүү түрдө пайда боло калат? Аны айтпасак деле баа­ры алдын-ала пландалганы билинип турат го. Ошол милиционерлер эмесе депутат Каныбек Иманалиевди тааныбайбы? Аны жөн гана “ради шутки” кармап, кайра коё беришкен сыяктанат. Ал эми жаш активист, “Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбековду, ушул эле партиянын мүчөсү Айбек Мырзаны, энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиевди, экономист Азамат Аттокуровду жана Мухитти тез аранын ичинде сот чечими менен 5 суткага камашты. Булардын адвокаттары жолотулган жок. Жада калса, булар кааласа-каалабаса да 5 сутка камакта болуудан башка айлалары жок экен. Себеби адвокаттар аппеляциялык арыз берейин десе, майрамдарга байланыштуу соттор иштебейт. Булар камакта жаткан акыркы күн, 22синде гана сот эшигин ачат. Таң каласың, Текебаевди камаш үчүн күнү-түнү иштеген сот чындыкты айтып чыккан адамдардын тагдырына келгенде кантип эле иштебей калат? Нөөмөтчү судья карай бериш керек го?

Эмнеси болсо да, бийлик өз башына өзү балээ үйүп жаткандай туюлуп жатат. Сөз эркиндигин муунтуу эксперименти мурунку эки режимдин кулашын шарттаган. Бул азыр кимге керек? Төңкөрүштөрдөн тажап бүткөндөй болдук эле го… Же…

Булак: “Майдан.kg”

Фотобаян - Жалал-Абадда Ноорузду шаңдуу майрамдашты

Бүгүн, 21-мартта Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында Нооруз майрамы жалпы элдин катышуусу менен шаңдуу маанайда майрамдалды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди. Майрамдык иш чарага карата борбордук аянтка эки боз үй тигилип, алты бакан селкинчектер орнотулуп, Нооруз майрамына келгендердин кызматына коюлду. Айыл чарба азык-түлүктөрү, тамак-аш азыктары менен өнөр жай товарлары коюлган жарменкелерде  шаардыктар менен келген конокторго кеңири соода-сатык кызматтары көрсөтүлдү.

Нооруз майрамы башталаар алдында КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, КРнын Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов, Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов жарманкелерге чыгарылган азык-түлүк жана өнөр жай товарларын бир сыйра көрүп, кыдырып чыгышты. Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чара театралдаштырылган оюн-зооктор менен башталды.

Андан сон Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында өткөрүлгөн майрамдык салтанаттуу иш-чараны Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов куттуктоо сөзү менен ачты. Андан кийин сөз КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевге берилди.

—      Сиздерди Нооруз майрамы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын атынан жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын. Нооруз майрамы биз үчүн ырыс менен берекенин, сабырдуулук менен өз ара түшүнүшүүнүн, тазалык менен мээримдүүлүктүн жана үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам болуп калды. Тээ эзелтеден ата-бабаларыбыз Нооруз майрамын улуу үмүт, жакшы тилек, ачык маанай менен тосуп келишкен. Бүгүнкү күндө да Нооруз майрамы элибиздин келечекке болгон үмүтүн арттырып, ар бирибизди, коомубузду жана өлкөбүздү жаңыланууга, тазаланууга үндөп турат.

Ноорузда элибиз жапа тырмак жазгы талаа жумуштарын башташып, кош айдашып, даркан талаага чоң үмүт менен үрөн себишкен. Эл-журттун амандыгын, мал-жандын түгөлдүгүн тилешип, жараткандан мол түшүм суранышкан. “Жаздын бир күнү жылды багат” деген накыл сөз жөн жайынан айтылган эмес. Жаздын илеби менен келген Нооруз баарыбыздын жүрөктөрүбүздү кубанычка, жылуулукка, сүйүүгө, ишенимге жана турмуштук күч-кубатка толтура берсин!

Быйылкы жыл  Президентибиз Атамбаев Алмазбек  Шаршенович  тарабынан “Ыйман, адеп жана маданият” жылы деп жарыяланды. Ошондуктан облустубуздун көп улуттуу ынтымактуу калкы мамлекетибиздин бакубат кубаттуу болуусу биринчи кезекте биримдик менен достукта экендигин жакшы түшүнүшөт деп ойлоймун. Ал эми бай жана дөөлөттүү жашоо ар бирибиздин аракетибизге жана маңдай тер агызып эмгектенүүбүзгө байланыштуу болоорун унутпайлы. Нооруз майрамынын келиши, Жаңы жылдын башталышы Эгемендүү Кыргызстан үчүн өнүгүүнүн жана ийгиликтердин башаты болот деп ишенемин.

Жети дубан элибиздин ынтымагы бир болсун,

Жер жайнаган жыпар жыттуу  гүл болсун.

Эгемендүү кыргыз элдин атагы,

Жакшылыктан, ийгиликтен бүт дүйнөгө дүң

болсун!

Жараткандын ушул улуу күнү болгон Нооруз майрамында бири-бирибизге күйүмдүү, камкор жана тутумдуу бололу. Куттуу Нооруз майрамында баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалаймын.

Улуу-кичүүлөрдүн баарына быйылкы жылга койгон асыл ой-максаттарынын турмушка ашуусун каалаймын. Нооруз майрамыңыздар куттуу болсун, урматтуу мекендештер жана кадырлуу коноктор!,- деди КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев.

—       Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары жана коноктор. Мен Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана КРнын Транспорт жана жол министрлигинин аппаратынын атынан Нооруз майрамыңыздар менен куттуктаймын. Акыркы жылдары Жалал-Абад облусуна чет элдик инвесторлордун колдоосу менен Балыкчы — Жалал-Абад түштүк альтернативалуу жолунун курулушу кызуу улантылып жатат. Мындан сырткары быйылкы жылы Бишкек – Ош автомагистралынын Маданият – Жалал-Абад участогунун жолунун курулушу башталат. Мындан сырткары быйылкы жылы облустун ар бир район шаарларында 3 км. жолдорду асфальттоо жумуштары ишке ашырылат. “Жол азабы – көр азабы” деп элибиз бекеринен айтпаган. Ошондуктан жолдорду куруу жана анын бойлорундагы инфраструктураны жакшыртууга КРнын Транспорт жана жол министрлиги такай көңүл бурмакчы,- деди КРнын Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов.

Нооруз майрамына келгендерди Жалал-Абад шаарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Аламан Адиев дагы куттуктады.

Нооруз майрамына арналган салтанаттуу майрамдык иш чара кеңири программадагы концерт жана бийлер менен коштолду.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Сөз эркиндигин коргоо комитети Азаттык форумун өткөрөт

Азаттык форумуна чакырабыз!

Сөз эркиндигин коргоо комитети менен «Конституциялык кенешме» кыймылы мекендештерди Нооруз майрамы менен куттуктайт жана ар бириңизге бакубатчылыкты, өлкөбүзгө тынчтыкта гүлдөп өнүгүүнү каалайт!

Тилекке каршы, акыркы күндөрдө биз – сөз эркиндигинин өлкөдө кескин чектелишине күбө болуп жатабыз. Жарандардын эркин жана тынч чогулууларына болгон конституциялык укуктары басмырланып жатат. Эркин басылмалардын ээлери менен журналисттердин кесиптик ишмердигин жүргүзүү укуктары бузулууда.

Бийликтин сотторго болгон «телефондук укугу» жана соттордун «Ак үйгө» болгон көз карандылыгы мурдагыдай көнүмүш адаттан системалык көрүнүшкө айланып баратат. Укук коргоо органдары мыйзамга кызмат кылбай, бийликтин саясый каршылаштарын куугунтуктоо жана жазалоо куралы болуп калды. Жаза аткаруу тутуму жана анын абактарындагы адам чыдагыс шарттар жарандарды кайра тарбиялоочу эмес эле, алардын адамдык ар намысын тебелеп-тепсөөчү чарага айланды.

Бүгүн мындай абалды өзгөртүүнүн чараларын талкуулоо үчүн өлкөнүн бардык көңүлкош эмес жарандарынын бириге турган мезгил келди. Ошондуктан биз активдүү мекендештерди «Азаттык форумуна» чакырабыз.

«Азаттык форуму» 23-мартта, саат 15.00дө «Ак кеме» мейманканасында өтөт. Азаттыкты сыйлаган жарандарды биригүүгө жана форумга катышууга үндөйбүз!

Сөз эркиндигин коргоо комитети

«Конституциялык кенешме» кыймылы

 

Фотобаян - Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Нооруз» майрамына арналган майрамдык иш чарага катышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-мартта, Бишкек шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» аянтында «Нооруз» майрамын майрамдоого арналган майрамдык иш чарага катышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Ал кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Нооруз майрамы менен куттуктады.


«Нооруз» майрамын майрамдоонун алкагында «Ала-Тоо» аянтында Кыргыз Республикасынын искусство чеберлеринин жана эстрада аткаруучуларынын театрлаштырылган оюн-зоок жана концерттик программасы тартууланды.

Кыргыз Республикасынын маданият министри Түгөлбай Казаковго ачык кат: “Өнөр адамдарына наам берүүдө калыстык болбой жатат!”

Урматтуу Түгөлбай Токтогулович, сөзүмдүн башында баса белгилеп койоорум, сиздин талантыңызга таазим этем! Сиз – улуу адамсыз! Бийиксиз! Сизге кат жазып жатканыма эмне түрткү берди? Өзүңүз окуган чыгаарсыз, жакында эле “Майдан” гезитине Жолболду Алыбаев, Маматибраим Бостонкулов баш болгон оштук өнөр адамдарынын кайрылуусу чыккан. Эми алардын пикирлерине токтолбой эле койоюн. Айтайын дегеним, өнөр адамдарына наам берүүдө калыстык болбой келе жаткандыгы тууралуу нааразычылыктар эл арасында, албетте, жок эмес. Ошон үчүн мен жеке сунушумду айтай­ын деп чечтим.

Ардактуу наамдарга сунуш кылынган өнөр ээлеринин ысымдары эң оболу кандидат катары алдын-ала жарыяланып, анан маданий уюмдарда талкууланып, андан кийин тандалган татыктуулар гана төш белгилерге ээ болушса. Мындай ыкмадан өң тааныштык, жең ичинен сүйлөшүү деген илдеттер жоюлат деп ойлойм. Эгер учурдагы жолдон чыкпай кете берсек, маданияттын эмне экенин түшүнбөгөн акчалуулар да “Эл артисти”, “Эмгек сиңирген артисти”, “Маданияттын мыкты кызматкери” наамдарына эгедер болуп калышы мүмкүн.

Ал эми “айрым чыныгы таланттардын эмгеги бааланбай жүрөт”- дегенге мен кепилдик бере алам. Мисалы, сиздин Маматибираим Бо­стонкулов, Камчыбек Жусупов сыяктуу сахналаштарыңызга даражалуу наам берсе болбойбу?

Эгер жогорудагыдай ыкмадан майнап чыгаарына көз жетпесе, наам берүүнү таптакыр эле жоюп салуу керек. Бул тууралуу, бир кездери, өзүңүздүн да теледеги бир маектен сүйлөгөнүңүздү кулагым чалып калган. Өнүккөн өлкөлөрдө өнөр ээлерине эч кандай наамдар деле берилбешин, ар кимисинин эмгеги өз дараметине жараша гана эл арасында бааланаарын, даңкталаарын айткандай болдуңуз эле. Эгер биз дагы ошондой жолго барсак, тааныштарынын арасында кадырлуу болуу үчүн, болочоктогу пенсиясы “майлуу” болуу үчүн буттары жерге тийбей жүгүргөндөр гана токтобостон, маданият тармагындагы коррупцияга да бөгөт коюлаар эле.

Орозбек БӨРҮГУЛОВ, Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү

Булак: “Майдан.kg”

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: “Аксы окуясынан эки бийлик тең сабак алган жок”

Аксы окуясынын 15 жылдыгы 17-мартта белгиленди. Өлкө башчы Алмаз Атамбаев борбор аянттагы Аксы жана апрель окуясына арналып орнотулган эстеликке гулчамбар коюп, ал эми тарыхый окуя болгон жерге президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков жана өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков барып эскеришти. Бир катар тарыхчылар менен окумуштуулар кереге кеңеш өткөрүп, бүгүнкү күнгө чейин Аксы окуясына тарыхый, саясий баа берилбей, каза болгондордун күнөөлүүлөрү жазалана электигин айтышты. Мына ушул теманын тегерегинде Аксы окуясы учурунда камакка алынган депутат, мамлекеттик жана коомдук ишмер Азимбек Бекназаров менен маектештик.

Аксы окуясынан бери туура 15 жыл өттү. Ал саясий анан юридикалык жактан өзүнүн баасын алдыбы?

Ооба алды. Анткени мамлекет­тик, парламенттик жана коомдук саясий партиялар Акаев президент, Танаев премьер-министр болуп турган мамлекет­тик бийлик күнөөлүү деген тыянак чыгарышкан. Мына ушундай корутундуну эл аралык комис­сия да чыгарган.

– Мына ушул Аксы окуясы карапайым калк акыйкатсыздык менен келише албай турганын көрсөттү. Бул бийликке, элге сабак боло алдыбы?

– Негизги маселе мына ушунда, “Акаев курал-жараксыз пикетке чыккан элди, ээн талаада аттырып салганы башкаларга сабак болдубу?”- деген маселе Аксыда өткөн жыйында да коюлду. Мисалы, Баки­ев өзүнө каршы чыккандарды, митингчилерди эмне кылганын баарыбыз билебиз. Ага кенен токтолуунун кереги жок. Ал эми азыркы бийлик деле аябай айрымаланган жок. Азыр тогуз адам президентти сындап коюп, УКМКнын СИЗОсунда жатат. Убагында мени камашканда, эл “Бекназаровду үй камагына чыгаргыла” деген талап менен чыгышкан. Азыр деле Текебаев жана башкалардын тарапташтары ошондой талап коюп жатышпайбы. Эгер коррупционерди колунан кармап алышса, башка кеп болмок. Анан толугу менен далилденбеген алты жыл мурунку ишти карманып, депутатты камап койгондору баарын көрсөтүп турат. Ошону менен азыркы президенттин маалымат жыйындарда, расмий жолугушуулардагы билдирүүлөрү эч кандай сабак албаганынан кабар берип турат.

Ал эми элчи?

-Эл болсо туура сабак алды. Аксы окуясы эркиндик үчүн, акыйкаттык үчүн күрөшүүнүн башаты болду. Аны менен элибиз өз укугун коргоп, бийлик­ке талаптарды коюу менен адилеттүүлүкө жетүүгө үйрөнүштү десем болот.

Бул окуя унутулуп бараткандай. Кийинки муун өз тарыхына кызыкпай калдыбы же башка себептер барбы? Чындык унутулбашы үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатат же көрүлүшү керек?

-Биздин бийлик жылда 17-март күнү эскерүү уюштуруп, жабырлануучуларга, каза болгондордун жакындарына социалдык, материалдык жардам бе­рет. Бирок, “ушул окуялардан сабак алалы” деген чоң көрсөтүүлөр жок. Биздин башкы каналдар эл ошол учурда эмнени талап кылган, аларды кан­дай атышкан, азыр абалдары кандай дегендерди көрсөтпөйт да. “Силер баатырсыңар, мыктысыңар” деген сөздөр менен гана жайгарып кетип калышат. Ошондуктан, жаштар билбейт. Бул окуя боюнча эки кандидаттык, бир докторлук жакталды. Бир жаш жигит атайын китеп жазган экен. Аны бүгүн элге таратты. Мен дагы “Аксы ыйы – улут кайгысы” де­ген китеп жазгам. Ал эми биздин илимпоздор, илимий конференцияларды өткөрүп, биздин тарыхыбызды тактоо үчүн бирдиктүү идеологиялык саясат жүргүзбөй жатат.

Булак: “Майдан.kg”

Меню