Menu

КООМ

Караңгы калктын саламаттыгы үчүн күйгөн жан барбы?

Өлкөдө, деги эле дүйнө жүзүндө акыркы жылдары рак оорусу күч алып, ар кандай формада, стадияда өөрчүп, медицинаны эле эмес, бүткүл адамзаттын кыйынчылыкка кептеп турган учуру. Кыргызстанда акыркы убакта ысымы байма-бай оозго алынган, өзүн онкология ооруларынын дарыгери катары эсептеген Зайналиев Ашым аттуу элдик табып иш жүргүзүүдө. Та­бып отуз жылдын аралыгында ушул жаатта өз алдынча изилдөө жүргүзүп, соңку эки жылдан бери рактын акыр­кы стадиясындагы оорулууларды дарылоого аракет жасап келет. Аталган элдик табыптын клиника деп өзү атап алган Көк-Жар конушундагы имараты – байлардын кадимки особняк үйү.

Өткөн жылдын 5-июлунда табыптын клиникасында 56 жаштагы Абдыкадырова Г.А. аттуу бейтапка Ашым Зайналиев тарабынан опера­ция жасалган. Операция учурунда бейтаптын кан басымы төмөндөп кетип көз жумган. Окуя болгон жерге МИИБдин (Мамлекеттик ички иштер башкармалыгы) кызматкерлери келип, өлүм фактысы боюнча Зайналиевге кылмыш иши козголгон. Би­рок жабырлануучу тарап арыз менен кайрылбагандыктан Зайналиев кай­ра бошотулган. Эч кандай хирургиялык операцияны жасоого шарты жок жерде иш жүргүзгөн табып жоопкерчиликти өз моюнуна алган. Ал окуяны мындайча баяндады:

—Биздин жасаган иш дарыланууга муктаж адамдарга пайда, ал эми дарыгерлерге пайдасы жок. Клиникама өтө оор абалда келип жаткандар дарылануудан соң сакайып, өздөрү басып кетишүүдө. Операция учурунда көз жумган Абдыкадырованын кан басымы төмөндөп кеткен. Опера­ция жасабай коюу дагы мүмкүн эмес болчу. Анын организминдеги илдет ичинен чирип аткан. Буга чейин ал аялга үч ирет чакан операцияларды жасагам. Иштин астында «Мен хирург эмесмин» деп Улуттук онко­логия борборуна жөнөткөм. Бирок ал жердегилер да мындай жоопкерчиликти моюнуна алгылары келген жок. Аргасыздан операция жасоого мажбур болдум. Массалык маалымат каражаттарында «Зайналиев бир канча адамды өлтүрдү» деп эч кандай далили жок маалыматтарды жазып чыгарышууда, ал жалган.

Чындыгында, хирургиялык иш- аракеттер үчүн кан басымды өлчөп турган аппарат, бейтапты керек учурда кычкылтек менен камсыз кылчу жабдуулар менен коштолгон атайын бөлмө болушу керек. Тазалык маселеси айтпаса да башкы орунда. Бирок Ашым Зайналиевдин клиникасынан андай жабдууларды көрө албадык. Анын үстүнө кадимки бир кишилик керебетти көрсөтүп, ошол жерде Абдыкадыровага операция жасалганын жана көз жумганын айтып берди. Ашым Зайналиев рак ооруларын гана эмес, акыркы убактарда жүрөк, кан тамыр ооруларын дагы дарылап жатканын билдирди.

Мындан бир нече ай мурун жур­налист Бейшеноек Бекешов дал ушул клиникада кырк күн жатып, жүрөгүн дарылатып кеткендигин элдик табыптын өз оозунан уктук. Табып өзүнүн пациенттерин элдик ыкма, тагыраак айтканда, чөп-чар менен дарылайт. Көп учурда 4-стадиядагы рак менен ооруган оорулуулар келет. Улуттук онкология борборунан үч жолу химиотерапия алган Сүйүнбаева Чынаркүл акыркы үмүтүн Зайналиевдин клиникасынан тапкан.

Сүйүнбаева Чынаркүл, бейтап:

«АКЫРКЫ ҮМҮТҮМ ТАБЫПТАН»

—Кудайым буюрса, жакшы болуп калдым. Үч жолку химиядан кийин абдан алсырап калгам, интернеттен угуп алып Ашымга бардым. Ал мени чөп-чар менен дарылады. Буга чейин депутаттардан да жардам сурап ала албагам. Акыры Ашым табыпка кайрылгым келди. Дарыланууга 46 миң сом коротуп, азырынча абалым дурус.

Ашым Зайналиев тамыр кармоо менен ооруну аныктап, дарылоо жүргүзөт. Дарыгерден кеңеш алыш үчүн келген пациенгттердин саны арбын экенин байкадык. Кыргызстан эле эмес, Казакстандан келген оорулууну биздин көзүбүзчө кабыл алып, дароо жаткырды. Белгилей кетсек, бул клиникада дарылануу үчүн суткасына эки миң сомдон ашык акча кетет. Кыргызстанда мындай жеке клиникалардын саны чексиз. Медицинанын өнүккөн учурунда элдик табып тамыр кармоо менен классикалык дарылоо методун өнүктүрүп келет. Мындай дарылоонун канчалык деңгээлде жакшы тарабы болсо, жаман жагы да андан аз эмес. Себеби гигиена, антисанитарияны эске албаганда, онкологиялык ооруларын дарылоодо жок дегенде медициналык билим, операция жасоодо хирургиялык тажрыйба керек. Клиника иштетүүдө салыкты, мамлекетке келген кирешени эмес, оболу жарандардын саламаттыгы ишеничтүү колдо эке­нин билиш керек. Саламаттыкты сактоо министрлигинин лицензия берүү бөлүмү Зайналиевдин клиникасында текшерүү иштерин жүргүзүп, стандарттарга жооп бербегендиктен мындан ары ишин уланта албашын айтышкан. Аталган бөлүмдүн башчысы Арзыкулова Бурул Өмүрбековна Ашым Зайналиевге карата козголуп жаткан кылмыш иш боюнча төмөнкүдөй түшүндүрмө берди:

-Окуя болгон күндүн эртеси эле хирург-онколог, юрист, мен жана эки эксперт болуп бардык. Ал жер­ди өз көзүбүз менен көрүп, иликтөө учурунда медициналык билими, лицензиясы жок экенин билдик. Анын ишмердүүлүгү мыйзамга дал келбегенин түшүндүргөнүбүздө макул болду. Ошол жерден кылмыш иши козголуп, иликтөө үчүн МИИБге өткөрүп бергенбиз. Бирок октябрь айында иликтөө иштери жабырлануучу тараптан арыз жазылбагандыктан токтотулган. Зайналиевдин клиникасына келип дарыланып, бирок үйүнө барганда каза тапкандар да жок эмес. Иш иликтенип жатканда башка каза тапкандардын үй-бүлөсүнөн МИИБге бир нече кат түшкөн. Ал каттарды Биринчи май районунун сотуна ишти өткөрүп берүүдө тиркегенбиз.

Эмне себептен өз ишмердүүлүгүн мыйзамга ылайыкташтырбай, салык төлөбөй, лицензия албастан жүргүзүп жатканын Зайналиев:

—Менин дарылоо методум он­кологиялык протоколго дал келбейт. Ал жерде жазылган атайын эреже, шарттар менде болбогондуктан мамлекет мага лицензия бере албайт, – деп түшүндүрдү.

Элдик медицина ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча саламаттыкты сактоо мыйзамынын 16-беренесинде айтылган түшүндүрмөгө ылайык, табыптар оорулууларга зыян келтирбестен, лицензия алгандан кийин да­рылоо укугун алышат.

Ден соолук – биринчи байлык, андан ажыраган адам баарынан ажырайт. Ар бир адам өз ден соолугуна кам көрүүгө, дарылануу үчүн тийиштүү жерге кайрылууга укуктуу. Бейтаптардын капчыгын кагып алганды билген элдик табып эмне үчүн талап кылынган шарттарды түзүп албайт? Ошол эле бийликтегилер, санэпи­демстанция кызматкерлери эмне үчүн текшерүүгө алгылары келишпейт? Же балким түшкөн кирешеден алардын оозун табып «майлап» турабы, белгисиз…

Булак: “Де-факто”

Жашы жете электердин никеси эмнеси менен коркунучтуу?

Үй-бүлө – коомдун бекем туткасы. Адам эр жетип, каалаган адистиги боюнча билим алып, андан кийин үй-бүлө курса, мындай адамдар өзүн гана эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө да салым кошо алат. Ал эми жашы жетелекте зордук же күч менен үй-бүлө курулса анын натыйжасы кандай болот? Мына ушу тууралуу бизге Нарын облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы методикалык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Касымбек Мамытов  кенен айтып берди.

-Адам жашы жетелекте турмуш курганда социалдык жактан кандай терс жагдайларга туш болот?

— Жашы жете элек балдар баш кошуу эмне экендигин толук түшүнүүгө жөндөмсүз жана өз жашына байланыштуу никенин кесепеттерин толук түшүнө алышпайт, үй-бүлөлүк жана жубайлык милдеттерин толук аткара албайт деп эсептелет.

Дүйнө жүзүндө жашы жете элек курактагы никелер балдардын укуктарын орой

бузгандык деп санашат. Турмушка чыккан кыздар мектепке барганды токтотушат. Көп учурда окуусун кайра уланта алышпайт. Алар билим албай жана адистикке ээ болбосо, эң аз акы төлөнүүчү жумуштарда иштешет, натыйжада төмөн пенсия алышат. Бул болсо жашы жете элек жубайлардын көпчүлүгү жакырчылыкта жашоосун шарттайт, анткени жакшы жашоо үчүн өздөрү иштеп табуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болот.

-Эми бул маселенин укуктук жагын айтып берсеңиз?

— Зомбулук, экономикалык көз карандылык, кодулоо, басынтуу, мажбурлаган жыныстык мамилелер, укугунун жоктугу – булардын баары күйөөсүнүн үй-бүлөсүндө жашы жете элек кыз туш боло турган көйгөйлөрдүн толук эмес тизмеси. Көп учурларда мындай никелер ажырашуу менен аяктайт жана жаш кыздарды кичинекей балдары менен үйлөрүнөн кууп чыгарышат, алар үй-жайсыз, жашоого каражатсыз калышат. Ошентип, жашы жете электердин никеси кыздардын билим алуусуна жана өнүгүүсүнө терс таасир тийгизет. Алардын жана балдарынын ден соолугу опуртал абалда болот. Жашы жете элек жубай-жаш кыз – бул мүмкүнчүлүктөрү эч качан ишке ашпай турган бала. Кыргызстанда жашы жете электе турмушка чыккандар бардык аймактарда, үй-бүлөнүн жашоо абалынын деңгээлине карабастан бардык этностук топтордо кездешет. Биздин өлкөдө жашы жете электердин никелери мажбурлап никеге тургузуу, кыз ала качуу жана көп аял алуу сыяктуу туура эмес иштер менен байланышкан.

-Бул күйгөй боюнча мыйзамдарда эмнелер каралган?

— Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси жана башка ченемдик укуктук актылар тарабынан 18 жашка толо электер жашы жете электер деп таанылат. Ошондой эле Үй-бүлө кодексинде никеге туруунун эң төмөнкү курагы 18 жаш деп бекитилген.  Кылмыш-жаза кодексинде никеге туруу мыйзамын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралат. Алсак, он жети жашка толо элек адамды  никелик мамилеге мажбурлоо – беш жылга чейин эркиндиктен ажыратуу менен жазаланат. Ошол эле курактагы адамды никелик мамилеге өтүү үчүн уурдаган (ала качкан) учурда – ал он жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Кылмыш-жаза кодексинде он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнаш жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттер үчүн үч жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган.  Ушул эле кодексте жашы жете элек адамдардын ата-энесинин, аларга карата никеге туруу диний каадасын жүргүзгөн адамдардын, жашы жеткен күйөөсүн үчтөн беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу да көрсөтүлгөн.

-Бирок жашы жетелектердин никеси тууралуу элдин оюн иликтеп көрдүңүздөрбү?

— Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин изилдөөсү көрсөткөндөй, калк нике курагы жөнүндө толук маалыматты билбейт. Атап айтканда, изилдөөнүн ар бир алтынчы катышуучусу (17% аялдар жана 16% эркектер) адамдардын никеге тура алган жаш курагын туура айта алышкан эмес. Сурамжылоонун катышуучуларынын теңинен көбү (56% аялдар жана 55% эркектер) кыздарын жашы жете элек куракта турмушка берген ата-энелерге карата мамлекет чара көрүүгө тийиш деп эсептешет. Айыл жергесинин тургундары шаардыктарга караганда кыздарын жашы жете элек куракта күйөөгө берген ата-энелерге карата мамлекет тарабынан чара колдонулушун белгилешкен (тиешелүүлүгүнө жараша 59% жана 49%). Аймактар боюнча балдарын жашы жете элек куракта күйөөгө бергендиги үчүн ата-энелерге чара колдонулушун айткан аялдардын көп үлүшү Баткен (73%), Ысык-Көл (76%) облустарына жана Ош шаарына (71%) туура келген. Өтө жакыр үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү башка үй-бүлөлөргө караганда мындай чаралардын колдонулушун көбүрөөк белгилешкен (48%га каршы 63%).

-Жашы жетелектердин никеге туруусун жоюу үчүн катардагы адам кандай аракет кыла алат?

— Практика көрсөткөндөй, жогорку класстын окуучуларынын басымдуу бөлүгү нике мыйзамдары, никеге туруунун эң төмөнкү курагы жөнүндө, ошондой эле 16 жашка чыга электер менен нике мамилелерин түзгөндүк үчүн жоопкерчилик туурасында маалыматтары жок. Эрте турмушка чыгуу жана бала төрөө кандай терс кесепеттерге алып келе турганын алардын көбү билбейт. Ошол эле учурда көпчүлүк мугалимдер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эрте турмушка чыгуунун кесепеттери жөнүндө жакшы маалымат алышкан, алардын айрымдары андай тойлордо жана баш кошуу салтанатында конок болуп да барышат.

Бүгүнкү күндө ар бир мамлекеттик кызматчы, мугалим, социалдык кызматкер же дарыгер 18 жашка чейинки адамдардын катышуусу менен болгон никелер жөнүндө укук коргоо органдарына билдирүүгө милдеттүү, жашы жете электерге карата диний каадаларды жүргүзүү кылмыш болуп саналат.

Булак: “ПолитКлиника”

Видео - Сөз эркиндиги үчүн Бишкекте өткөн марш камоолор менен аяктады

Кечээ, 18-мартта коомдук ишмер Эдил Байсалов уюштурган Сөз эркиндиги үчүн марш Бишкектин 8-кичирайонундагы  Жеңиш багынан шаардын борборундагы Уркуя Салиеванын эстелигине чейин уланып, ага 200дөй киши катышты.

Бийлик марштын катышуучуларынын укугун чектеп, жол менен эмес, тротуар менен гана жүрүүгө мажбурлады. Бөкөнбаев көчөсүндө жолго чыга калган жаш активисттер Азамат Аттокуров, Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырзаны, депутат Каныбек Иманалиевди, Апрель Баатыры Расул Умбеталиевди милиция баса калып, кармап кетти. Акыркы маалымат боюнча жаш активисттерди Свердлов райондук соту 5 күндөн абакка камаган.

https://www.youtube.com/watch?v=f7ZdSqEbE48&feature=push-u&attr_tag=t10khUlZ14e4j0QB-6

Видео: Наш Бишкек

Фото - Ош облусунда дин кызматкерлери ишембиликке активдүү катышышты

Кечээ, 18-март күнү Ош облусунун аймагында Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын №98 буйругунун негизинде жарыяланган ишембиликтин алкагында казыят кызматкерлери, райондук хатибияттар, 700дөн ашык мечиттин имамдары, диний окуу жайлардын кызматкерлери жана студенттеринин катышуусунда  диний объектилердин айланасын жана көчө бойлорун тазалап, бак отургузуп, тал-теректерди бутоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле дин кызматкерлери ишембилик учурунда карыялар үйүнүн айланасы тазаланып, кароосуз калган жалгыз бой үй-бүлөлөргө зыярат жасалып, көрктөндүрүү иштерине кол кабыш кылышты.  Ал эми аталган жараяндын алкагында Ош облусунун казысы баштаган казыят жамааты Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүндөгү “Бабалашкар” мечитинде жана Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу “Ал-Худа” мечитинде өткөн ишембилике катышышып, бак-дарактарды отургузуу жана арыктарды тазалоо жумуштарына кытышышты.
Эскерте кетсек, Ош облусунун Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа райондорунун тоолу айылдарында кар бар болгондуктан, аталган аймактардын мечит имамдары массалык ишембилик өткөрүүнү апрель айына пландаштырышууда.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Талас облусундагы социалдык объекттердин абалы менен таанышты

Кыргыз Республкиасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова жумуш сапары менен Талас облусуна барды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Жумуш сапардын алкагында вице-премьер-министр балдар интернатынын мекемесине жана саламаттыкты сактоо объекттерин кыдырды.

Чолпон Султанбеков Манас районунун Покровка айылындагы жашоо турмушу оор абалда болгон үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам берүүчү социалдык борбордун ишин сынга алды.

Борбордун абалын көрүүдө, мекемеде бирдиктүү иш системасы жоктугу жана бул борбордун ишмердүүлүгүнө тескери таасирин тийгизип  жатканы аныкталды. Мындан сырткары Чолпон Султанбекова бул жерде чечүүгө муктаж болгон көйгөйлүү маселелер көп экенин билдирди.

Ошондой эле  вице-премьер-министр 2015-жылы Талас шаарында ачылган  «Кайрым»  балдар реабилитациялык борборуна барып, борбордун абалы жана андагы жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Борбордун кызматкрелери ачылгандан баштап, зомбулукка туш болгон 11 балга жардам берилгенин маалымдады.

Объекттерди кыдырууда медициналык кызматкерлер вице-премьер-министрден убагында дары-дармек менен камсыз кылуу маселесин чечип берүүнү суранышты. Тендердин айынан ооруканада жаткан бейтаптарга көп дарылар кечиктирилип берилет.

Чолпон Султанбекова  бул маселени жеке көзөмөлүнө алып, анын чечилишине ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

 

Боспиекте Аксы окуясынын 15 жылдыгы эскерилди

17-мартта Боспиекте каргашалуу Аксы окуясынын 15 жылдыгына арналган эскерүү митингиси болуп өттү. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы билдирди.

2002-жылдын 16-17 март күндөрү башталган Аксы окуясы Кыргызстандагы демократиянын башаты катары карапайым элдин ошол кездеги үй-бүлөлүк, кландык кылмыштуу бийликке өз талаптары менен ачык каршы чыгышкан. Үзөңгү-Кууштун Кытайга сатылып кетиши элдин ачык кыжырдануусун туудурган. Ошол каргашалуу Аксы окуясында адилеттүүлүк менен эркиндик үчүн өз өмүрлөрүн берген аксылык мекенчил эр-азаматтар: Эркиналы Четинбаевдин, Кадыркул Сапаралиевдин, Медетбек Бекмуратовдун, Сатымбай Үркүмбаевдин, Советбек Тагаевдин, Элдияр Үмөталиевдин жана ошол коогалаңдуу мезгилде Аксылыктарды ачык колдоп, ачкачылык жарыялап каза тапкан Шералы Назаркуловду алардын жакындары жана тууган-уруктары, Аксы районунун эли менен коомчулугу таң заарынан Боспиекке келишип, алардын эстелигине гүлдөрдү коюп жатышты.

Мындан 15 жыл илгери ошол каргашалуу окуяда денелеринен ар кандай жаракаттарды алышкан Кербен шаарынын тургуну Атамырза Токтоматов, Жерге-Тал айылынан Самаган Мурзабеков, Кара-Жыгач айылынын тургуну Бекболсун Чекиров жана Кербен шаарынын жашоочусу Бектемир Жуманалиев Боспиектеги Шейиттер мазарына алгачкылардан болуп келишти. Ал эми ошол каргашалуу окуяда бир боору, 1957-жылы туулган агасы Сатымбай Үркүмбаевден ажыраган Бүбүсара Үркүнбаева 15- ирет көзүнө жаш алып, агасын сыздап эскерип олтурду.

– Агамдын артында чырактай болгон беш баласы калды. Акем үч уул, эки кызды тарбиялап жаткан болчу. Апам уулунун азабын көтөрө албай бул дүйнө менен тез эле коштошуп кете берди. Арман дүйнө, агам уулдарынын үйлөнгөнүн, кыздарынын турмушка чыккандарын көрбөй калды. Неберелеринин таттуу балдай ширин күлкүлөрүн укпай калды. Үй-бүлөдө атанын орду башкача экендигин өз башымдан өткөрүп сездим,- дейт 55 жаштагы Бүбүсара Үркүмбаева көзүнөн аккан жашын арчып жатып.

Эртең мененки саат 10до КРнын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, КРнын Президенттик администрациясынын аппаратынын башчысы Сапар Исаков, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган жетекчилер Аксы окуясында курман болгондорго тургузулган эстеликке гүлчамбарларды коюшту. Аксы окуясынын 15-жылдыгына арналган эскерүү митингисин КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев ачты. Алгач каргашалуу Аксы окуясында шейит кеткендердин жаркын элесине арналып, куран түшүрүлдү.

Аксы окуясынын 15 жылдыгын эскерүү митингисинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Аксы элине Кайрылуусун КРнын Президенттик администрациясынын аппарат башчысы Сапар Исаков окуп берди.

–  Мындан 15 жыл мурда “Аксы” деген ат Кыргызстанды бүт дүйнөгө дүңгүрөткөн. Эркиндик, адилеттик үчүн керек болсо жан аябай күрөшүү керек экенинин аксылык баатырлар өз өмүрүн берип көрсөтүшкөн. Аксылыктар кыргыздардын байыркы замандан бери “түгөнгөн сайын түтөп, кырылган сайын күчөгөн” эр  көкүрөк эл экенин эске салган! Эркиндик, адилеттик, намыс деген дөөлөттөр каныбыздан эч качан кетпей турганын эске салган!

Аксы окуясы болбосо Март – 2005 жана – Апрель 2010 революциялары болмок эмес. Бул үч окуя эгемен Кыргызстандын демократия жолундагы, жаңы коом, жаңы мамлекет куруу жолундагы эң оор, бирок эң маанилүү үч ашуусу болгон,- деп айтылат Кайрылууда.

Эскерүү митингисинде КРнын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Аксы элине жана ошол каргашалуу окуяда каза болушкан эр-азаматтардын эрдигин дагы бир ирет эскерип, алардын жакындарына көңүл айтуу менен өлкөдө жасалып жаткан реформаларга токтолуп кетти.

Аксы окуясынын катышуучусу Максатбек Момункулов бийлик башчыларынан каза болгондор менен  жабыркагандарды кабыл алуу өтүнүчүн билдирди. Ушул күнү Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков Аксы окуясына катышкандар жана курман болгондордун туугандары менен Аксы райондук мамлекеттик администрациясында жолукту. Жолугушууга келгендер бир катар социалдык маселелерди чечип берүүнү, сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүнү суранып кетишти. Премьер-министр жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытовго милдеттендирди. Медициналык жардам көрсөтүү боюнча КРнын Саламаттыкты сактоо министрине тапшырма берди.

2016-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин буйругуна ылайык жана КРнын  17-март – Аксы окуясынын күнү, ал эми 24-март – Элдик революция күнү катары белгиленүүчү атайын даталуу күндөр болуп калды.

Астана алдамчылыкка шектелген Германия жаранын Бишкекке өткөрүп берди

Казакстан алдамчылыкка шектелип эл аралык издөөгө алынган Германия жаранын Кыргызстанга өткөрүп берди. Өлкө ИИМи 66 жаштагы Аселборн Вальдемар күн мурун экстрадицияланганын билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча Аселборн Вальдемар 2013-жылы майда Германиядан шире чыгаруу үчүн жабдуу алып келүүнү убадалап, кыргызстандык жарандан 120 миң доллар алып кеткен.

Ал Алматы аэропортунда 2016-жылы октябрда кармалып, экстрадицияга чейин убактылуу тергөө абагында жаткан. Шектүү Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ашхабад полициясы "начар" кийингендерди кармоодо

Ашхабад полициясы начар кийинип, өзүн балит алып жүргөн кишилерди кармап кетүүдө. “Азаттыктын” түрмөн кызматынын билдиришинче, кармалгандардын аты-жөнүн аныктоо үчүн документтери текшерилүүдө. Шаардык каттоосу жокторго айып пул салып, аймактарга жөнөтүшүүдө.

Аймактардан борбор калаага иштөө үчүн келгендерге чектөө коюу жараяны 2015-жылдын соңунда башталган. Ашхабад бийлиги облустук номерлери бар жеке унаалардын кирүүсүнө тыюу салган. Тартипке моюн сунбагандарды административдик жактан жазалоо каралган.

Мындан тышкары президенттин көрсөтмөсү менен облус жашоочулары расмий түрдө ишке орношууга уруксат алуусу керек.

Аймактан келгендерди кармоо иш-чарасы сентябрда өтө турган эл аралык Азия-2017 оюндарынын даярдыгына туш келди.

“Азаттыктын” түркмөн редакциясы жарандардын тышкы көрүнүшүнө карата кармоо жана айып пул салуу боюнча расмий маалымат ала алган жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Людмила Путинанын фонду Москва бюджетинен 250 млн рубль алганы кабарланууда

Орусия президенти Владимир Путиндин мурдагы аялы Людмиланын сүрөөнчүлүгү алдында иштеген “Инсан аралык байланышты өнүктүрүү” коомдук фонду Москва бюджетинен 250 миллион рубль каражат алды. Бул тууралуу “Дождь” телеканалы билдирүүдө. Фондго каржылай жардам берүү боюнча көрсөтмөгө Москва мэри Сергей Собянин 2015-жылы эле кол койгон.

“Дождь” телеканалынын маалыматы боюнча фонд “Москванын жашоочуларын социалдык жактан камсыздоо” программасынын алкагында жардам алып жатат. Былтыр уюмга 62 миллион рубль бөлүнгөн, быйыл дагы ушундай эле сумма каралды. Каржылай колдоо алдыдагы эки жыл катары менен уланат.

Фондду Артур Очеретный жетектейт. ММКлар анын Людмила Путинанын азыркы жолдошу экенин билдиришүүдө.

“Дождь” телеканалынын маалыматына караганда, фонд Воздвиженкадагы хан сарайга ээлик кылат. Уюм ал имаратты Владимир Путиндин мурдагы аялына таандык болгон «Меридиан» компаниясына ижарага берип келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда коомдук унаа айдоочуларын жумушка алуу тартиптери катаалдашат

Дүйшөмбүдөгү бардык коомдук транспорт айдоочуларынын манжа издери алынып баштайт. Мындан ары тиешелүү органдарга манжа изин тапшырбагандар айдоочулук жумушка алынбайт.

Шаар бийлигинин маалыматына караганда, көпчүлүк учурларда айдоочулук жумушка тиешелүү деңгээлде билими жок адамдар кабыл алынып, арасында оор кылмышка баргандар болууда.

Буга чейин Хатлон облусунда коомдук транспорттун айдоочусу Бахром Сафаров 27 жаштагы аялды өлтүргөндүгү кабарланган. ИИМдин маалыматы боюнча 42 жаштагы айдоочу алгач аялды сабап, андан соң автобусуна камап кетип калган. Эртеси милицияга кайрылат деп коркуп, аны жип менен муунтуп өлтүргөн. Кылмышты жашыруу үчүн аялдын денесин Дүйшөмбү-Куляб трассасынын боюна таштап кеткен.

Айдоочу кармалып, ага карата кылмыш иши козголгон. Ал буга чейин да зордуктоо боюнча соттолгону айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню