Menu

КООМ

Фото - Жалал-Абадда мамлекеттик кызматкерлер ишембиликке чыгышты

Бүгүн, 18-мартта КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери ишембилик өткөрүштү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын кызматкерлери бак-дарактарды акиташ менен сырдоо, башкы имараттын айлана-тегерегин таштандылар менен икир-чикирлерден тазалоо жана бак-дарактардын былтыркы жылдан калган жалбырактардан тазалашты.

Облус аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин талаптагыдай өткөрүү  максатында КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин  3 айлыкты өткөрүү боюнча атайын буйругу чыккан. Ага ылайык облустун район-шаарларында жана айыл аймактарында көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун 3 айлыгын өткөрүү боюнча иш-чаралар иштелип чыгылган. Атайын белгиленген жайларга жана көчөлөрдүн бойлоруна баалуу бак-дактарды олтургузуу иштери дагы мерчемделген.

– Бүгүн облустук мамлекеттик администрациянын жалпы кызматкерлери атайын ишембилик өткөрүп жатабыз. Мамлекеттик кызматкерлер өздөрү иштеп жатышкан имараттын айлана-тегерегин талаптагыдай тазалап иретке келтирүү максаттарын коюшкан. Бул багыттагы иш-аракеттер облустун аймагындагы бардык район-шаарларда, айыл аймактары менен ар бир мекеме-уюмдарда жана ЖОЖдор менен мектептерде дагы жүргүзүлүп жатат. Тазалык бар жерде тартип бар экендигин жадыбыздан чыгарбоого тийишпиз,- дейт ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов.

Ноокатта 1000ден ашуун аялдын катышуусунда жыйын болуп өттү

Кечээ, 16-мартта Ош облусунун Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн “Молдо Абдукаххар” атындагы мечитте 1000ден ашуун аялдардын катышуусунда жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Ош облустук казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Жыйынга  Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, “Мутакалим” уюмунун башчысы Жамал Фронтбек кызы, Ноокат районунун башкы имам-хатиби Маматкасым ажы Турдубаев, Ноокат РИИБнын 10-бөлүмүнүн өкүлү Жаныбек Пусуров, казыят кызматкерлери жана  жергиликтүү бийлик органдары катышышты.  Жыйында КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков КРнын Коргоо Кеңешинин чечимдеринин жана 2020-жылга чейинки диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат концепциясын ишке ашыруу багыты боюнча түшүндүрүп, укуктук жана мыйзамдык базаларга токтолду. Ошондой эле аялзатынын диний илим алуусунда атайын имамдын көзөмөлүндө расмий уруксат берилген окуу борборлорунан илим алуу керектигин түшүндүрдү. Ал эми облус казысы Самидин кары Атабаев жалпы аялзатына кайрылып, балдарды тарбиялоодогу аялдын орду коомго чоң таасир этээрин белгилеп, аялдардын билим алуусу жана балага болгон адеп-ахлактуу тарбиясы жөнүндө баян жасады. Мындан сырткары ата-энени сыйлоо, мектепте жана жогорку окуу жайлардагы окутуучу агай-эжелерди урматтоо маселелерине токтолуп, жаштарды коомдук жайларда жүргөндө адеп-ахлактуу болуусуна жана мекенди сүйүп айлана-чөйрөнү таза кармоого чакыруу керектигин билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Аксы окуясына катышкандар жана курман болгондордун туугандары менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 17-мартта, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында 2002-жылдын 17-мартында Аксы окуясына катышкандар жана курман болгондордун туугандары менен жолукту. Эскерүү иш чарасы трагедиялуу окуянын 15 жылдыгына карата өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Өкмөт башчысы Аксы окуясы Кыргызстандын тарыхында терең так калтырганын, ошондуктан 17-мартта курман болгондордун элеси түбөлүк сакталарын баса белгиледи.

Жолугушууга келгендер Премьер-министрден социалдык маселелерди чечип берүүгө көмөк көрсөтүүнү, тактап айтканда, жеткиликтүү жана сапаттуу  медициналык жардам көрсөтүүнү сурап кайрылышты. Ошондой эле алар кышкы сезондо альтернативдик отун менен камсыз кылуу маселесин көтөрүштү.

Сооронбай Жээнбеков көтөрүлгөн маселелер жергиликтүү деңгээлде чечилээрин айтып,  буга байланыштуу жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына маселени чечүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы медициналык жардамга байланыштуу маселе  тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрине тапшырма берди.

Андан ары Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кербен шаарында жаңы бала бакчанын жана спорт залдын пайдубалын түптөө иш чарасына катышты. Ал билим берүү тармагы өлкөнүн Улуттук өнүктүрүү стратегиясында приоритеттүү багыттардын бири экенин кошумчалап, мамлекет бул тармакка өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи.

Жалал-Абад аймагында калктын 80-85 пайызы санариптен пайдаланышат  

Жалал-Абад областынын Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорунда, Жалал-Абад шаарында калктын 80-85 пайызы санариптен пайдаланышат. Аталган аймактарда керектөөчүлөр азырынча телевизордон 32 каналды көрүшүүдө. Бул тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары Эшмамбет Аматов Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматына билдирген.

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жыйындар залында шаардын активинин катышуусу менен санарипке өтүү маселеси боюнча жыйын болуп, анда бул тармакты тейлеген жетекчилер жана адистер шаардыктар менен баарлашып, бул процесстеги ийгиликтер жана көйгөйлөр тууралуу кеңири кеп болду.

Э. Аматов ушул кезге чейинки аткарылып келген аракеттер тууралуу айтып, Жалал-Абад областынын бир катар аймактарында, анын ичинде Жалал-Абад шаарында калктын басымдуу көпчүлүгү санариптен пайдаланып жатышкандыгын белгиледи. Ошондой эле болуп жаткан кыйынчылыктарды четтетуу боюнча аймактардагы “Кыргызтелеком” ишканаларынын адистери техникалык кеп-кеңештерди, практикалык жардамдарды бере алышарын билдирди. Мисалы, көп кабаттуу үйлөр бир эле антеннага бардык батирлерди туташтырып алышса болорлугу айтылды. Мында тиешелүү адистер тургундарга жардам берүүгө даяр. Ал эми антенналарды тандоодо дециметрлик диапазондогу антенналарды алуу зарылдыгы да айтылды.

Жолгушуунун катышуучулары тоолуу аймактардагы аз түтүн жашаган айылдарда санарипти пайдалануу кандай чечиле турганына кызыгышты жана жоопторду алышты. Келген коноктор Жалал-Абад областында алыскы 60 айылдарга техникалык жардам берүү жагы пландалганын түшундүрүштү. Азырынча ал айылдарда телевизорлор 13 гана каналдан тартып жатышат.

Жалал-Абадда өткөрүлгөн өткөн түңкү рейдде мектеп окуучулары кармалган эмес  

Жалал-Абад шаарынын мэриясы шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясы менен бирге уюштурган түңкү рейдде 53 адам кармалган, бирок аардын арасында мектеп жашындагы өспүрүмдөр болгон эмес. Бул тууралу мэриянын басма сөз кызматына шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы Камчыбек Шаволотов билдирди.

Анын айтымына караганда, шаарда 2 күндүк  “Селсаяк” аталышындагы рейд жүрүп, рейд учурунда 18 лөлү кармалып, алардын Ош шаарынан келишкени аныкталды жана Ош шаарына жөнөтүлдү. Калгандары орто окуу жайлардын студенттери деп табылып, алардын 8и гана шаар тургуну болуп чыкты.

-Жалал-Абад шаарынын аймагында жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун  алдын алуу боюнча  иш-чаралар тынымсыз өтүп жатат. Ошону менен бирге жашоо шарты оор болгон, кайырчылык менен алектенип, мектепте билим алууга тартылбай калган жаш өспүрүмдөрдүн  укук бузууу, кылмыштуулукка баруусунун алдын алууга да көңүл буруп жатабыз. Ушуга байланыштуу өткөрүлгөн кезекте рейдде мектеп жашындагы өспүрүмдөр кармалган жок. Демек, шаарда өспүрүмдөргө болгонар тараптуу көзөмөл өзүнүн натыйжасын берип жатат. Эгер өпүрүмдөр түндөгү көчө кыдырып жүрүшсө, аларды кармалат жана тийиштүү документтер түзүлүп, мэриянын алдында түзүлгөн комиссияга тапшырылат жана тийиштүү жардамдар, чаралар көрсөтүлөт, – дейт ал.

Эскерте кетсек, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы ай сайын “Каникул”, “Түңкү өспүрүм”, “Кайырчылык” жана башка аталыштагы рейддер өткөрүп келүүдө.

Премьер-министр Аксы окуясынын 15 жылдыгына арналган иш чарага катышат

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта, Жалал-Абал облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында 2002-жылдын 17-мартында курман болгондорду эскерүү иш чарасына катышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Аскерте кетсек, бүгүн Аксы окуясына 15 жыл болду. 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абал облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында укук коргоо органдары куралсыз демонстранттарга ок ок чыгарган. Трагедиялуу окуяда Аксы районунун тургундары курман болушкан.

«АЮга» өтпөгөн мыйзам жана автордун арызын ким угат?

Ар ким бактысын ар тараптан таап келет. Маселен, бири нан сатып, бири ун сатып, дагы бири сүт азыктарын, дагы бири наркотрассадан оокат тапса, айтылуу Шаршенбек Абдыкеримов деген мырза бактысын адамды жинди кылган арактан таап туру. Ырасында, атың өчкүр арак коомду кандай бузуп атканын көрүп-билип турсак дагы тыюу сала албай келебиз. Кадимки Шакинин «АЮ» деген аталыштагы арак чыгарган заводу былтырлардан «Кызыл өрүк» деген аталыштагы арак чыгарыптыр. Мейли, атын атаса атай берсин дейли, бирок дал ушундай аталыштагы ыр бар эмеспи. Ал эми биздин мыйзамда кандайдыр бир аталышты мыйзамдуу түрдө ким бирөө каттатып ала турган болсо, анда ал ат ошол адамдын интеллектуалдык менчигине айланат. Маселен, ырчылардын, акындардын ырлары, чыгармалары атайын каттоодон өтүп, автордук укуктары корголот. Эгер ошончолук эле аталыш зарыл болуп атса, анда автордон келишим аркылуу сурап же уруксат алыш керек. Бирок «аючулар» андай кылган эмес. Тагыраагы, ырдын авторуна эч кайрылбастан эле аталышын энчилеп, ал аз келгенсип так ошол ырдагы «Кызыл өрүк, кызыл өрүк, сүйүп калдым сени көрүп…» – деген саптарын дагы арактын бетине чаптаптыр. Арак чыккан күндөн бери «Кы­зыл өрүк» ырынын автору Мирлан Алыкулов сотко кайрылып, укугун коргой албай жүрөт. Ал ырды ав­тор 2012-жылы эле патенттен өткөрүп, менчиктеген экен. Эми ушул жерден жөнөкөй собол туулат. Эмне бетти табактай кылып бирөөнүн укугун тебелеген «АЮ» компаниясына мыйзам иштебейби? Же мыйзамды да «аючулар» акчага, аракка сатып алышканбы? Акыйкаттык кайда?

Булак: “Де-Факто”

Меню