Menu

КООМ

Аксы окуясында курман болгондордун туугандарына жана жабыр тарткандарга 1 320 000 сом өлчөмүндө материалдык жардам берилди

Алмазбек Атамбаев 2002-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы окуясында курман болгондордун туугандарына жана жабыр тарткандарга жалпы суммасы 1 320 000 сом (бир миллион үч жүз жыйырма миң)  материалдык жардам берди. Бул тууралуу КР Президенттик Аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын буйругуна ылайык,  курман болгондордун үй-бүлө өкүлдөрүнө жана жабыр тарткандардын ар бирине – бардыгы 33 адамга 40 миң сомдон бөлүндү.

Президент Алмазбек Атамбаев 2002-жылы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-мартта 2002-жылы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Мамлекет башчысы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында эркиндик жана адилеттик үчүн курман болгондордун Бишкек шаарынын Ала-Тоо борбор аянтында жайгашкан Эстелигине гүлчамбар койду. Бул азем 2002-жылы 17-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында болгон каргаша окуялардын 15 жылдыгына арналды.

Жалал-Абадда жеңил атлетика боюнча мектеп окуучуларынын арасында мелдештер өтүп жатат

“Жалал-Абад шаарындагы борбордук “Курманбек” стадионунда шаардагы мектеп окуучуларынын  арасында жеңил атлетика боюнча мелдеш өткөрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Адыл Бакиров билдирди” – деп маалымдады Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Анын айтымында, өткөрүлүп жаткан мелдеш “Нооруз” майрамына карата Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте шаардагы мектептерден түзүлгөн командалардын катышуусунда өткөрүлүп жатат. Агар ар бир мектептен он алтындан окуучу катышууда.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Акимжан Абдурашевдин айтымында, өткөрүлүп жаткан бул мелдеш 2 күнгө созулуп, бүгүн шаардагы 18 мектептин жүз элүүгө жакын окуучулары стадионго келишти. Мелдештин биринчи күнүндө 6-класстан 8-класска чейинки окуучулар катышса, эртең мелдеш жогорку класстардын окуучуларынын  арасында өткөрүлмөкчү.

– Мектеп окуучуларынын арасындагы мындай спорттук мелдештердин өткөрүүнүн негизги максаты, окуучулардын ден-соолугун чыңдоо жана мектептер аралык окуучулардын ынтымакташтыгын бекемдөө болуп саналат дейт, – ал.

Эскерте кетсек, шаардагы борбордук “Курманбек” стадиону өткөн жылы толугу менен реконструкцияланып, резина жолчолору курулган. Бул жерде азыр республикалык жана эл аралык деңгээлдеги жеңил атлетика боюнча мелдештер өткөрүлүүдө.

Премьер-министрЖалал-Абад облусундагы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында 2002-жылдын 17-мартында Аксы окуясында курман болгондорду эскерди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жана Кыргыз Республикасынын Президенттинин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков Аксы окуясы болгон жерге гүл чамбар коюп, 2002-жылы 17-мартта курман болгондордун арбагына багыштап куран окушту.

Гүл чамбар коюу иш чарасы 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында болгон трагедиялуу окуянын 15 жылдыгына карата өткөрүлдү.

 

Жалал-Абад аймагында калктын 80-85 пайызы санариптен пайдаланышат  

 

Жалал-Абад областынын Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорунда, Жалал-Абад шаарында калктын 80-85 пайызы санариптен пайдаланышат. Аталган аймактарда керектөөчүлөр азырынча телевизордон 32 каналды көрүшүүдө. Бул тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары Эшмамбет Аматов Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматына билдирген.

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жыйындар залында шаардын активинин катышуусу менен санарипке өтүү маселеси боюнча жыйын болуп, анда бул тармакты тейлеген жетекчилер жана адистер шаардыктар менен баарлашып, бул процесстеги ийгиликтер жана көйгөйлөр тууралуу кеңири кеп болду.

Э. Аматов ушул кезге чейинки аткарылып келген аракеттер тууралуу айтып, Жалал-Абад областынын бир катар аймактарында, анын ичинде Жалал-Абад шаарында калктын басымдуу көпчүлүгү санариптен пайдаланып жатышкандыгын белгиледи. Ошондой эле болуп жаткан кыйынчылыктарды четтетуу боюнча аймактардагы “Кыргызтелеком” ишканаларынын адистери техникалык кеп-кеңештерди, практикалык жардамдарды бере алышарын билдирди. Мисалы, көп кабаттуу үйлөр бир эле антеннага бардык батирлерди туташтырып алышса болорлугу айтылды. Мында тиешелүү адистер тургундарга жардам берүүгө даяр. Ал эми антенналарды тандоодо дециметрлик диапазондогу антенналарды алуу зарылдыгы да айтылды.

Жолгушуунун катышуучулары тоолуу аймактардагы аз түтүн жашаган айылдарда санарипти пайдалануу кандай чечиле турганына кызыгышты жана жоопторду алышты. Келген коноктор Жалал-Абад областында алыскы 60 айылдарга техникалык жардам берүү жагы пландалганын түшундүрүштү. Азырынча ал айылдарда телевизорлор 13 гана каналдан тартып жатышат.

Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеӊеш депутаттары Аксы окуясында каза болгондорду эскеришти

Бүгүн, 17-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар Аксы окуясында каза болгондорду эскеришти.Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылындагы кайгылуу окуянын 15 жылдыгына карата Жогорку Кеңештин депутаттары “Ала-Тоо” аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы апрель окуясында каза болгондорго арналган эскерүү монументине гүлчамбар коюшту. Бул тууралуу КР ЖК басма сөз кызматы билдирди.

 

 

 

 

Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков : Коомдун эркиндиги, бийликтин адилеттиги үчүн күрөштүн алгачкы жеӊиши – ушул Аксыда курман болгон жигиттер баштаган күрөштүн жеӊиши

Сооронбай Жээнбеков жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков бүгүн, 17-мартта,  Жалал-Абад облусунун Аксы районунун  Боспиек айылында 2002-жылдын 17-мартында орун алган Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү иш чарасына катышышты. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын басма сөз кызматы бидирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Сапар Исаков  Аксы окуясы орун алган жайда Эстеликке гүл коюп, 2002-жылдын 17-мартында курман болгондордун элесине арнап куран окушту. Сапар Исаков  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атабаевдин атынан Аксы окуяларынын 15 жылдыгына байланыштуу Кайрылуусун окуду. Андан соң Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөдү.

Төмөндө Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун сөзү:

«Урматтуу мекендештер! Мындан 15 жыл мурда, дал ушул жерде жерибиздин бүтүндүгү, мамлекетибиздин келечеги үчүн күрөшкө чыгып, курман болгон эр-азаматтарыбызды эскерүү үчүн чогулдук.

Ошол кезде Аксы эли адилеттик үчүн бийликке катуу айбат көрсөткөн. Колунда куралы жок болгон менен, бирок, жүрөгүндө жалыны, жүзүндө айбаты бар жигиттер өлүмгө тик карап, ошол кездеги бийликти селт эттирген. Биз элесин эскерип жаткан балдар сырткы душмандын колунан эмес, ошондогу бийликтин колунан каза тапкан.

Өз кызыкчылыгы үчүн элдин өмүрүн кыюудан баш тартпай турган ал кездеги бийлик өзүнүн чыныгы жүзүн ушул жерден көрсөткөн.  Элдин жана Акаевдин бийлигинин жолу, келечеги эки башка экени ушул жерде, Боспиекте айкын болгон.

Коомдун эркиндиги, бийликтин адилеттиги үчүн күрөштүн алгачкы жеӊиши – 2005-жылдын мартындагы жеӊиш –  ушул Аксыда курман болгон жигиттер баштаган күрөштүн жеӊиши десек болот.

Андан бери көп убакыт өттү, ошол жигиттердин өмүрү бекер кыйылган жок. Алардын элеси кийинки күрөштөрдү шыктандырды. 2005-жылдын март революциясы, 2010-жылдын апрель революциясы –  ушул Аксыда башталган күрөштүн уландысы болуп калды.

Аксы окуяларынын  мамлекеттик маанисин өзгөчө белгилеп, ошондо каза болгондордун элесин урпактардын эсинде сактоо үчүн Президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин жарлыгы менен 17-март «Аксы окуяларын эскерүү күнү» деп  жарыяланды.

Жылдан жылга тарых бардыгын өз ордуна коюп келе жатат.

Урматтуу замандаштар! Жеӊишке жеткен менен, аны сактап калуу үчүн да талыкпаган күрөш зарыл экен. 2005-жылдагы жеӊишти уурдатып жибердик. Элдин күчү менен бийликке келген бакиевдин режими адилеттикти орнотмок турсун, мурдагыдан да коррупцияланган бийлик орноду. Элди  эркиндик, адилеттик деген үмүтүнөн түӊүлтөм, бийлик элге кызмат кылбай, эл бийликке чөгөлөп берет деп ойлошту. Өлкөнүн байлыгын каалагандай калчап, элдин ырыскысын өз билгениндей соро баштады. Өз бийлигин сактап калыш үчүн, ага каршылык кылгандарды өлтүрүүгө чейин барды.

Эркиндикти, адилеттикти баарынан бийик баалаган кыргыз коомчулугунун кыжыры келип, чыдамы кетти. Элибиз 2010-жылы апрелде революцияга аттанды. Бийлик үчүн бакиевчилер эч бир мыкаачылыктан кайтпай турганын көрсөттү. Элге каршы мөндүрдөй ок жаадырды. 2002-жылдагы Аксы окуясынан, 2005-жылы март революциясынан мисал алган эр жүрөк элибиз октон качкан жок. Жүзгө жакын жигиттер элдин эркиндиги, мамлекеттин келечеги үчүн өз өмүрлөрүн аяган жок. Миӊдеген адамдар жаракат алышты. Ошентип, азыркы жеӊишибиз, бүгүнкү турмушубуз, келечекке болгон ишенимибиз оӊой-олтоӊ келген жок.  Кара өзгөй бийликти кууп чыгыш үчүн кырчындай өмүрлөр кыйылды.

Бакиевчилер кутулуп кеттик деп ойлобосун, азырынча качып кеткен менен, түбөлүгүндө соттун жазасынан, элдин каарынан, кайтыш болгондордун арбагынан качып кете албайт.

Мурдагы бийликтегилердин кылмыштарын жазалай турган мыйзам беренелеринин мөөнөтү эч качан эскирбейт.

Урматтуу мекендештер! Адилеттик, эркиндик үчүн болгон күрөш дагы деле уланып жатат. Таза коомду, адилет бийликти, өнүккөн өлкөнү куруу – талыкпаган күрөштү талап кылаарын өзүӊүздөр көрүп турасыздар. Коррупция менен болгон күрөш – эч качан бүтпөй турган күрөш. Ак менен каранын, ак ниеттик менен кара өзгөйлүктүн күрөшү – түбөлүк улана турган күрөш экен.

Ошол түбөлүктүү күрөшкө бел байлаган коом гана эркин жана адилет мамлекет кура ала турганын дүйнөлүк тажрыйба көрсөттү.

Биз ошондой улуу күрөшкө аттанган, артка кайтпай турган коом болдук. Артка кайтканга 2002, 2005, 2010-жылдардын сабактары жол бербейт.  Көздөгөн максаттарга жетүү үчүн акыркы алты жылда абдан чоӊ иштер аткарылды.

Экономикабыз өнүгүп жатат, жолдор, мектептер, ооруканалар курулду, мугалимдер менен врачтардын эмгеги жогору бааланууда, пенсиялар менен пособиелер көбөйтүлдү.  Эӊ негизгиси – эл эӊсеген, ошол үчүн күрөшкө чыккан – таза коомду, адилет бийликти куруп жатабыз. Энергетикалык көз карандысыздыкка жетиштик. ИДП көбөйүп, жеңил өнөн жай тармагы өнүгүп жатат.

Мурдагы бийлик учурунда тамырлашып кеткен коррупцияга каршы күрөш тынымсыз уланууда.

Биз Борбордук Азияда ушундай максатты ишке ашырып жаткан биринчи коом болуп жатабыз. Биздин региондо элдин бийлиги орногон жалгыз өлкө болуп турабыз.

Урматтуу агайын-туугандар!

Эл тараза, элден айланса болот. Эл деген тоо, эл деген сел, эл – зор күч. Элдин колдоосу жок эч бир бийликтин иши жүрбөйт. Өлкөбүз эркин, мамлекетибиз адилет, жерибиз бүтүн болсун деп  15 жыл мурда кайтыш болгон эр-азаматтарыбыздын жаркын элесине таазим этебиз.

Курман болгондордун бейиши болсун, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Окуткан кураныбыз кабыл болсун!».

Өкмөт мүчөлөрү Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында Аксы окуясында курман болгондорду эскеришти

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси-министр Акылбек Осмоналиев жана министрлик менен ведомстволордун жетекчилери бүгүн, 17-мартта, Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында жайгашкан элдин эркиндиги үчүн 2002-жылы Аксы, 2010-жылы Апрель окуяларында курман болгондордун жаркын элесине арналган эстеликке гүл чамбар коюшуп, 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылындагы болгон кандуу окуянын курмандыктарын эскеришти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Курман болгондорду эскерүү иш чарасы 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында болгон трагедиялуу окуянын 15 жылдыгына карата өткөрүлдү.

Түркиянын жаранынан Алмаз Атамбаевге кат:" Кыргызстанга инвесторлорду чакыргандын ордуна, кордой беришеби?"

Президентке кат!

Кыргызстанга инвесторлорду чакыргандын ордуна, кордой беришеби?

Кыргыз Республикасынын Президенти А. Ш. Атамбаевге

Кыргызстанда ишкер болгон Түркиянын жараны Алтан Жанберк Созерден кат

–Урматтуу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаев! Сизге  кайрылып жатканымдын себеби, мен Кыргызстанда ишкерлик менен алек болуп, бул мамлекетке баш-аягы 120 миң доллар салык төлөп жана эч кандай кылмыш жасабай эле, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ИИБ тергөөчүсү Бактыяр Эрменовдун кылтагына илинип калып, анын айынан жапа чегип, материалдык жана моралдык зыян тартып олтурганымды айтайын дедим. Кыргызстанга менден башка ишкерлер, инвесторлор келсе, мен көргөн күндү көрбөсүн жана төмөндө мен айтып бере турган тергөөчү мыйзамсыз иштери үчүн өз жазасын алып, сабак болсун деген максатта ушул “ПолитКлиника” гезити аркылуу кайрылып олтурам.

Мен Кыргызстанга 2014-жылы келип, Байтик баатыр көчөсүндө текстиль продукцияларын сатуучу дүкөн ачкам. Дүкөндү эки жылдай, 2016-жылдын апрель айына чейин иштеттим. Андан кийин “Карделен” аттуу кафени ижарага иштете баштадым. Эки жарым айдан кийин “Карделен” кафесинин ээси Абит Умар “кафени ижарага бербейм” дегенинен  кызматкерлерге айлык акыдагы карыздарды төлөп берип, ал жактан жумуштан кеткен болчумун.

Андан бир айдан кийин Бишкек шаарынын Биринчи Май ИИБинин тергөөчүсү Бактыяр Эрменов (азыр башка рай. ИИБде) Кыргызстанда иштеген түрк жарандары Кенан Бол менен Ильхан Гөл менин үстүмөн арыз түшкөндүгүнө байланыштуу милициянын тобунун коштоосунда үйүмө келишти. Милиция кызматкерлери мени коркунучтуу кылмышкерди кармагансып коркутушту. Жашаган үйүмө 2016-жылдын 12-апрелинде кечки саат 10до такылдата башташты. Чоочун кишилерге эшикти ачпай, үй комитетинин башчысын, Түрк элчилигинен киши чакырттым. Алардын “эшикти ач”  дегенинен улам түнкү саат  2де эшикти ачууга аргасыз болдум. Таңкы саат 4кө чейин мени тергөөчү суракка алды. Милиция кызматкерлери, анын ичинде тергөөчү Бактыяр Эрменов, эч кандай документи жок эле үйүмдү тинтип, менин түрк жараны экенимди тастыктаган паспортумду алып кетти. Булардын мыйзамсыз аракетине менин кошуналарым, үй комитетинин башчысы күбө.

Эртеси мен Биринчи Май ИИБине өзүм бардым. Тергөөчү Бактыяр Эрменов “Кенан Бол менен Ильхан Гөл 9 миң доллар карызын сурап жатат, ошону төлөбөсөң түрмөгө олтуруп каласың” деп дагы коркута баштады. Мен Кенан Бол менен Ильхан Гөлгө эч кандай акча карыз эмес болчумун. Тергөөчү Эрменов менин үстүмөн дагы кафенин администратору Айдай, анын агасы Жандар, баш-аягы 7 адамдын менден акча аласасы бар деген арыздары менен тааныштырды. Ал эми дагы бир кишиге “18 миң АКШ доллары карыз экенсиң” дегенде, ошол түрк жаранына ачуум келгенде, тергөөчү аны чыгарып жиберди. Кийин ал жаранды таптакыр таппай калдым.

Тергөөчү Бактыяр Эрменовдун кысымынан кийин мен 2016-жылдын 8-апрелинен 2016-жылдын 19-июлуна чейин баш-аягы 20 миң АКШ долларына жакын чыгаша болдум. Бул мезгил аралыгында тергөөчү Б. Эрменов ИИМ кызматында иштебей да калган учурлары болду.

Ал эми менин үстүмөн “акча карыз имиш” деп арыз жазышты деген кишилер тууралуу айта кетейин: Алардын бири—Жандар. Мен Кыргызстанга келгенден бир жылдан кийин аны менен таанышып, жакшы мамиледе элем. Өзү менде иштеген эмес, бирок карындашы Айдайды кассир-администратор кылып менин командама жумушка орноштурган. Анын айлык акысын толугу менен төлөп бергем. Кийинки—менин үстүмөн арыз жазышты деген түрк жарандары Кенан Бол менен Ильхан Гөлдү да ошол Жандар ашпозчулукка жумушка ал деп алып келген. Мен аларды бир ай сыноо мөөнөтү менен жумушка кабыл алгам. Бул эки жаран “Карделен” кафесин менден ижарага алабыз деп жүрүшкөн. Кафеге жабдуу сатып алуу үчүн Кенан Бол менен Ильхан Гөл мага 2750 доллар беришкен. Бирок кафенин ээси менен маселем чечилбей, алар тамактануучу жайды ижарага албай калышкан. Бирок  жогоруда аталган акчасын буларга бөлүп-бөлүп, ал тургай ашыгыраагы менен төлөп кутулган болчумун.

Бирок тергөөчү Бактыяр Эрменов  “94-берене менен 8 жылга соттолуп кетесиң” деп коркутканынан, ал айткан акчаларды четинен төлөп берип жаттым. Бөөдө камалып кетпейин деп айлам кеткенде Түркиядан атамдан акча алып турдум. Тергөөчү Эрменовду баягы менин эски “досум” Жандар дайыма жандап жүрдү. Төлөгөн акчаларымдын ичинде Бактыяр Эрменов 1500 долларды Бишкек шаарынын Биринчи Май ИИБ кызматкерлеринин сауна акысына, 3 миң долларды Биринчи Май районунун прокуроруна кылмыш ишин жабуу үчүн бергин деди. 1200 долларды тергөөчү Эрменовдун жеке чыгымдары үчүн төлөдүм. 9 миң долларды Кенан Болго карыз эмес болсом да бердим.

Кыргызстандагы менин визам 2016-жылдын 4-майында аягына чыккан. Бирок паспортумду тергөөчү Эрменов алып коюп, чек арадан да ал тергөөчү өзү өткөрдү. Ал эми КР чек ара кызматына менин атыма кароол баракчасын коюп койгон. Эрменов болсо мени Кыргызстанга келүүгө тыюу салынган деп айтты. Менин Кыргызстанда үй-бүлөм, үй-жайым, бизнесим, баары калды. Азыр мен Казакстанда баш калкалап жүрөм. Бирок тергөө органдары, УКМК бул ишти аягына чыгарат деген ишеним менен, мага окшогон ишкерлерге сабак болсун деген максатта ушул ишти аягына чыгарууга бел байладым.  Иш жасап жүрүп Кыргызстанга 120 миң доллардай салык төлөдүм.  Бирок мага түрк жарандары бизге акча карыз болчу деп арыз жазды деп эле коркутуп, ишимди, тагдырымды талкалап салууга тергөөчүгө боло береби? “Арыз жазды” деген жарандардын арыздары да мыйзамдуу түрдө тастыкталбай жатат. Эгер менин түрк жарандары менен кандайдыр каржылык маселем болгон күндө да мыйзамдуу жолдор, аракеттер менен иш алып барууга неге болбосун?

Кыргызстанга инвестор чакыруунун ордуна ишкерлерди, инвесторлорду ушундай кылып кордой беришеби? Келген инвесторлорду кайсы бир тергөөчү эле мыйзамсыз аракет менен качыра береби? Мага жасагандай мамиле жасашса, Кыргызстанга чет өлкөлүк ишкерлер, инвесторлор келеби? Мен ушул ишти аягына чыгарып берет деп Кыргызстандын президенти сизге, прокуратура органдарына, УКМКга кайрылып жатам. Тез аранын ичинде бир жыйынтык чыгарып, акыйкаттуулукту орнотууга салым кошот деп терең ишенем. Кыргызстанда чет элдик ишкерлер, инвесторлорго жагымдуу шарт түзүлүп, мыйзамдуу иш-аракеттер жасалат деп ишенем.

Алтан Жанберк Созер, Түркия жараны 

Аксы окуясында курман болгондордун туугандарына жана жабыр тарткандарга 1 320 000 сом өлчөмүндө материалдык жардам берилди

Алмазбек Атамбаев 2002-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы окуясында курман болгондордун туугандарына жана жабыр тарткандарга жалпы суммасы 1 320 000 сом (бир миллион үч жүз жыйырма миң)  материалдык жардам берди. Бул тууралуу КР Президенттик Аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын буйругуна ылайык,  курман болгондордун үй-бүлө өкүлдөрүнө жана жабыр тарткандардын ар бирине – бардыгы 33 адамга 40 миң сомдон бөлүндү.

Меню