Menu

КООМ

Жалал-Абадда жеңил атлетика боюнча мектеп окуучуларынын арасында мелдештер өтүп жатат

“Жалал-Абад шаарындагы борбордук “Курманбек” стадионунда шаардагы мектеп окуучуларынын  арасында жеңил атлетика боюнча мелдеш өткөрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Адыл Бакиров билдирди” – деп маалымдады Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Анын айтымында, өткөрүлүп жаткан мелдеш “Нооруз” майрамына карата Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте шаардагы мектептерден түзүлгөн командалардын катышуусунда өткөрүлүп жатат. Агар ар бир мектептен он алтындан окуучу катышууда.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Акимжан Абдурашевдин айтымында, өткөрүлүп жаткан бул мелдеш 2 күнгө созулуп, бүгүн шаардагы 18 мектептин жүз элүүгө жакын окуучулары стадионго келишти. Мелдештин биринчи күнүндө 6-класстан 8-класска чейинки окуучулар катышса, эртең мелдеш жогорку класстардын окуучуларынын  арасында өткөрүлмөкчү.

– Мектеп окуучуларынын арасындагы мындай спорттук мелдештердин өткөрүүнүн негизги максаты, окуучулардын ден-соолугун чыңдоо жана мектептер аралык окуучулардын ынтымакташтыгын бекемдөө болуп саналат дейт, – ал.

Эскерте кетсек, шаардагы борбордук “Курманбек” стадиону өткөн жылы толугу менен реконструкцияланып, резина жолчолору курулган. Бул жерде азыр республикалык жана эл аралык деңгээлдеги жеңил атлетика боюнча мелдештер өткөрүлүүдө.

Баласы Сирияда согушуп өлгөн аял медреседе мугалим болуп иштейт экен

Дин маселелери боюнча мыкты эксперттердин бири Орозбек Молдалиев дин маселелери боюнча мамлекеттик комиссияны бир нече жыл жетектеген. Саясат таануу илиминин кандидаты.  Борбор Азиядагы коопсуздук маселелери, ислам жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча бир катар монография жана илимий макалалардын автору. Женева шаарындагы Булан университетинин сайты үчүн Орозбек мырза бүгүнкү медреселер тууралуу төмөндөгүдөй пикирин билдирген.

«Медреселерде окуу программаларын эч ким көзөмөлдөбөйт. Көпчүлүгү куран жаттатып эле тим болот экен. Сабак бергендер өздөрү сабатсыз. Элестетиңиз, баласы Сирияда согушуп атып өлгөн аял медреседе мугалим болуп иштечү экен. Аттестацияда билинди. Кайра-кайра айтып жатып, жумуштан араң кетиргенбиз. Алардын окуу программасын муфтияттын окуу бөлүмү карашы керек эле, кимдер сабак берип атканын текшериш керек эле.

Бирок, ачык айтуу керек, медреселердин көбү сапаттуу диний билим бербейт, светтик билимди таптакыр окутушпайт. Тогузунчу класстын билими менен барган бала эки-үч жыл окуйт. Ошол медресенин күбөлүгүн алат. Алардын баары эле имам болуп кетпейт. Жогорку окуу жайына тапшырайын десе документи жок. Медресе жөн гана күбөлүк берет, ал диплом катары эч жерде таанылбайт. Иштейин десе кесиптик билим алган эмес. Азыркы медреселер эч кандай шарты, эч кандай сапаттуу билими жок эле бир жактан демөөрчү таба коюп, бала окутумуш эткен жай болуп жатат. Өзүңңө жетапггүү билим болбосо, балдарга кайсы билимди бермек элең? Биз мунун баарын аныктап, тактаганбыз. Бир аз шарты бар, билими барына мөөнөт бергиле, калганын жапкыла дегенбиз. Бирок, муфтият аны аткарган жок. Көйгөй ошондо болуп жатат. Балдарды кыйнап, билимден ажыратып келечегине балта чапмай эле оокат болуп жатат да.

Булак: “Азия ньюс”

Мамлекеттик эмес Балдар үйү жабылуу коркунучунда!

2016-жылдын ноябрь айынан тартып мамлекеттик эмес балдар үйүнүн электр энергия акысы 3 эседен 10 эсеге чейин көтөрүлүп кетти. Ушундан улам балдар үйлөрү жабылуу коркунучуна туш болду. Бул абалдан кантип чыгабыз деген маселе 10-мартта мамлекеттик эмес Балдар үйлөрүнүн жетекчилери, бүтүрүүчүлөрү, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышкан тегерек столдо талкууланды. Иш-чараны Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) менен «Билим берүү мекемелеринин Бирлиги» ассоциациясы өткөрдү. Бул көйгөй боюнча КР Президенти А. Ш. Атамбаевге, ЖК төрагасы Ч. А. Турсунбековго, премьер-министр С.Ш. Жээнбековго, энергетика жана өнөр жай министри Д. Т. Зилалиевге, КР Акыйкатчысы К. Оторбаевге Кайрылуу жолдонду.

Тегерек столдо сөз болгондой, Кыргызстанда 148 балдар үйлөрү болсо, анын 66сы мамлекеттик эмес балдар үйлөрү болуп саналат. Анда 1200 бала тарбияланат. Бул мамлекеттик балдар үйлөрүнөн 300гө көп дегенди билдирет. Балдар үйлөрүнүн электр энергиясынын баасы төрт эседен он эсеге чейин көтөрүлдү. Мындан улам балдар үйлөрү жабылып калуу коркунучуна туш болгону тууралуу сөз болду.

Гайша ИБРАГИМОВА, «Билим берүү мекемелер Бирлиги» ассоциациясынын төрайымы:

«Балдар үйлөрү үчүн электр тарифи эбегейсиз өстү»

– Ар бир жеке Балдар үйлөрүнүн өз тарыхы, ар бир баланын өз таржымалы бар. Бүгүнкү күндө балдар үйлөрүндөгү жалпы балдардын 60 пайызы мамлекеттик эмес балдар үйлөрүндө тарбияланып жатат. Бирок бүгүн алар электр энергиясынын баасынын кымбатташынан жапа чегип жатышат. Эгер мурда электр энергиясына 0,77 тыйындан төлөп келишсе, азыр 2,54 тыйындан, ал эми кошумча нарк салыгын кошкондо 3,1 тыйындан төлөп калышты. Тактап айтканда, электр энергиясынын тарифи төрт эседен он эсеге чейин өстү. Мына ушундай баанын өсүшүнөн мамлекеттик эмес балдар меке­мелеринин карызы көбөйүп кет­ти. 2016-жылдын ноябрь айынан тартып алардын электр энергияга

болгон карызы 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин өстү! Мындай суммадагы карызды балдар үйлөрү төлөй албай калды. Алсак, Чүй облусундагы «Явна» балдар үйү мурда электр энергия акысына 5 миң сом төлөсө, азыр 16 миң сом төлөмөй болуп калды. Ошондуктан балдар үйлөрү жабылып калуу коркунучуна туш болду.

Эгер мамлекеттик эмес балдар үйлөрү жабылып кала турган болсо, мамлекетке башка жактарын айтпаганда да экономикалык жактан баш оору алып келет. Мисалы, өкмөттүк балдар үйүндө 954 бала тарбияланса, буга мамлекеттик эмес балдар үйлөрүндөгү 1200 бала келип кошулса, дагы бир кыйла чыгым болот. Балдар үйүндөгү бир балага өкмөт 82 миңден ашуун сом коротсо, буга дагы мамлекеттик эмес мекемелерде багылган 1200 бала кошулса, 98 минден ашуун сом чыгым кошулат! Андан көрө өкмөттүк эмес балдар үйлөрүнө электр энергиясынын тарифин алгылыкгуу иштеп чыгууга жардам берели!

Турду ШАМУРАТОВА, «Баястан» коомдук бирикмесинин директору, Нарын шаары:

«Нарында мамлекеттик балдар үйү жок. Жекече балдар үйүн колдойлу!»

-Бизде, Нарында, мамлекеттик балдар үйү жок. Нарын облусунда аба ырайы катаал, быйыл 40 градустан ашык суук болду. Бизге саатына 1000 квт берет, андан ашык 2,54 тыйындан төлөшүбүз керек. Азыр суу кенен, ГЭСтерде суу бар. Анда эмнеге жеке балдар үйүнө коммерциялык тарифти салып ташташты.

Замир ИЛЬГИЗОВ, юрист, «Мээрим булагы» жеке балдар үйүнүн тарбиялануучусу:

«Капыс келген кайгы болду»

-Биз бул көйгөйгө капысынан туш келип калдык. Электр энергиясынын мындай тари­фин биз көтөрө албай калдык. Мындай учурда абалдан чыгып кетүүгө абдан аракет кылып,

үнөмдөөгө баруудабыз. Бирок баары бир алыбыз келбей кал­ды. «Мээрим булагы» балдар үйү электр энергиясынын баа­сы 0,77 сом болгондо айына 10 миң сомдон төлөп келсе, эми 2 сом 54 тыйындан толөгөндө 33 миң сомго чыкты. Мындай сумманы төлөгөнгө Балдар үйүнүн алы келбей калды. Ошондуктан биздин мамлекет, өкмөт башчыларыбыз, мыйзам чыгаруучу жетекчилерибиз жеке Балдар үйү туш болгон электр энергиясы боюнча көйгөйгө көңүл бурат деп ойлойм.

Асель ОМУРДИНОВА, «Үмүт-Надежда» калыбына келтирүү борборунун координатору:

«Бизде оор абалдагы балдар тарбияланат»

-70 бала бизде реабилитацияда турат, алардын 15 мында жашап жатат. Бизде абалы оор балдар тарбияланат. Азыр электр энергиясы кымбаттап, акчабыз жогунан жабылуу коркунучунун алдында турабыз.

Булак: “ПолитКлиника”

Өлкөбүзгө жаңы муфтий келе жатат

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына кайрылганыбызда, өлкөбүз боюнча жалпы 2704 мечит бар экенин билдиришти. Анын 2400ү каттоодон өткөн, калганы каттоодон өтө элек. 4-апрель күнү Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы – муфтийди шайлоо өткөнү турат. Муфтийликке азырынча үч талапкердин аттары аталууда. Алар мурдагы муфтий Чубак Жалилов, Абдышүкүр Нарматов жа­на азыркы муфтий Максат Токтомушев. Эске салсак, Максат Токтомушев уставда көргөзүлгөндөй, мөөнөтүнө жараша муф­тий болуп үч жыл иштеди.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында жалпысынан он муфтий алмашкан. Алардын жетөө жети жыл мурдагы апрель

окуяларынан кийин шайланган. Айрым муфтийлер «чуулуу ишке аралашты» деген айып менен кызматынан алынган. Эмнеси болсо да диний абал курчуп турган убакта бири-биринин былыгын чукушпай, элди биримдикке чакырган, өлкөбүздү ар кандай экстремисттик кыймылдардан алдын ала сактаган акылгөй аалым келсе экен.

Булак: “Азия ньюс”

Балдарды мектепке кабыл алууда электрондук кезекке туруунун ирети эске алынат

Депутат Т.Икрамов,-“Мектептердин негизги муктаждыктарын мамлекет өзү каржылаш керек. Билим берүү акысыз,-деп Баш мыйзамда жазылып тургандыктан, мыйзамга жат иштерге жол берилбеши шарт. Болбосо, 500-600 сомдон жыйнап ата-энелерди убайымга салган адат көндүм көрүнүшкө айланып калды. Буга кайсыл бир үй-бүлөнүн шарты болсо, кээ биринин чамасы жетпейт. Ошондуктан, мыйзам талаасына салып, мектепке колдоо көрсөткүсү келген тараптар болсо анда өйдө-ылдый каражат жыйнабай, Бишкек шаары үчүн жылына ар бир окуучуга 1200 сомдон төлөм каралсын деген сунуштар айтылып жатат. Ошондо ар бир балага ай сайын 100 сомдон айланат”,- деп билдирди “Парламент” радиосуна курган маегинде. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Депутат ошондой эле мектеп окуучуларын жылына эки ирет медициналык кароодон өткөрүлүп турарын айтып, коопсуздукту камсыздоодо тиешелүү органдын кызматкерлери мектептерге барды-келди иштебей, ал жакта туруктуу кызмат кылууга милдеттендирилет,- дейт.

Балдар бакчалары менен мектептердин жетекчилерин дагы бир орунда 6 жылдан ашык убакыт иштетип олтурбай, башкаруучу кадрлардын жаңыланып туруусуна жол ачуу зарылчылыктары айтылып жаткандагын депутат өз сөзүндө белгиледи.

Билим берүү жана илим министрлигинин  мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелер боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси  Нурзида  Касымова да радиостудияда мейманда болуп:- “Мектептерге бөлүнгөн каражаттын 91%ы мугалимдердин айлыгына, калган 9%ы ар кандай керектелүүчү каражаттарга жумшалат. Албетте,  бул  каражат жетишсиз болгондуктан, камкордук кеңешин түзүп иштешип жатабыз”, -деп түшүндүрдү.

Ошондой эле, адис, – “Бишкекте  окуучулар көбөйдү. Статистикага ылайык,  бир класста 40тан ашык  окуучу бар. Алгач мектептер өз аймагындагы катталган  балдарды кабыл алышып, андан кийин гана башка райондордон кабыл алууну жүргүзүшөт. Андан тышкары, учурда Билим берүү министрлигинде  электрондук кезекке туруу системасы да иштеп жатат. Системага  аталган министрликтин сайтынан байкоо жүргүзсө болот. Анда ата-энелер  балдарын  каалаган  мектептерге  каттатууга укугу бар”,- деп кошумчалады.

Билим берүү жана илим министрлигинин  жогорку окуу жайлар боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси  Сусаркүл Алынбекова да угармандардын суроолоруна жооп берип, – “Жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн кайрадан тесттен өткөрүү талабы көбүн эсе медициналык багытта билим алгандарга тиешелүү болсун,- деп сунуш бергендер бар. Муну сыноо иретинде колдонсо болот. Бирок, бардык тармактар боюнча жайылтуунун зарылчылыгы жок”,- деп билдирди.

 

Пенсия чектөө саясатын өркүндөтүүнүн жаӊы усулдары менен чаралары сунушталууда

Жогорку Кеӊеште пенсиялык тутумдун натыйжалуулугун арттыруу, пенсия дайындоонун камсыздандыруу принциптерин бекемдөө, жарандарды пенсия менен камсыз кылуу жол-жоболорун ыраатташтыруу максатында иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына» өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Соцфонддун маалыматына караганда, мыйзам долбоору аркылуу пенсияларды индексациялоонун, 1-топтогу майыптардын пенсияларынын өлчөмүн жогорулатуунун, пенсиянын өлчөмүн эсептөө үчүн 1996-жылга чейинки эмгек акынын өлчөмүн бышыктоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнүн жаңы чаралары каралууда. Ал үчүн «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө» мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү милдети турат.

Буга чейин 1997-жылдан берки мезгилдеги пенсияларды индексациялоо ар кандай усулдар аркылуу жүрүгүзүлүп, камсыздандыруунун негизги принциби – которулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасында алынган пенсиялардын өлчөмдөрүнүн теӊдештиги сакталбай келген. Ошондон улам, пенсиялык саясатты өркүндөтүү жаатында бир катар өзгөртүүлөр сунушталууда.

Пенсиянын  камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоонун коэффициенти керектөө бааларынын индексинин суммасынын жана өткөн календардык жылы калыптанган орточо бир айлык эмгек акынын өсүшүнүн орточо маанисинен кем эмес көлөмүн түзөт. Орточо маани  сандарды кошуп, андан соң алардын санына бөлүү аркылуу аныкталат.

Мыйзам долбоору тармактык комитетте каралып жатканда, депутаттар тарабынан пенсиялык камсыздоо жаатындагы электрондук арип колтамгасы бекер берилиши керектиги, аны саткан айрым жеке менчик компаниялар “шабашка” жасап жатканы, электрондук арип колтамгасы боюнча кызмат мамлекеттик компаниялар иш алпарып, ал бекер же символикалык акы менен берилиши керектиги белгиленген.

Депутат Садык Шер-Нияз Соцфонддун өкүлүнө Маданият министрлиги менен бирге СССРдин эл артисттеринин пенсиясын көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунуштады. “Кыргызстанда 3-4 эле СССРдин эл артисти бар, аларга жетиштүү көӊүл бурулбай калды. 20 миӊ сомго жетпеген пенсия алышат экен. Алардын өлкө маданиятынын өнүгүшүнө сиӊирген эмгегин баалаш керек”, – дейт ал.

Акыркы маалыматтарга караганда, электрондук арип колтамгасын даярдоо боюнча өлкө аймагында 3 жеке менчик компания иш алпарып, анын эки комплектиси 7800 сом турат, аны бөлүмдөрдүн башчылары менен бухгалтерлер сатып алышууда. Ушу тапта өлкө аймагында 604 миң 800 пенсионер бар. Анын ичинде I топтогу майыптар – 9 миӊ 600 адам, алардын пенсиянын орточо өлчөмү – 4779 сом.

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө” мыйзамдарга) да экинчи окууда каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

 

Жалал-Абадда эрте никеге туруу көйгөйү боюнча коомчулуктун аракети күчөтүлөт

“Жалал-Абад шаарынын, Сузак, Базар-Коргон райондорунун коомчулугу жаштардын эрте никеге туруусуна түп-тамырынан каршы. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн областтагы өкүлчүлүгүндө өткөн “2015-2017 жылдарга Кыргыз Республикасында гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планын аткаруу, жашы жете электер менен никеге туруу: кылмыш жоопкерчилигин киргизүү жана калкты маалымдоо” аталышындагы тегерек столдо белгилүү болду” – деп маалымдады Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы.

Бул иш-чарага шаардык, райондук, областтык жергиликтүү бийликтердин кызматкерлери, медицина тармагынын, ички иштер органдарынын, дин чөйрөсүнүн, массалык маалымат каражаттарыны, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, аялдар иштери боюнча эксперттер, жарандык активисттер катышышты.

“Аялдар тынчтык банкы” коомдук фондунун өкүлү Жылдыз Артыкованын айтымында, 2016-жылдын октябрь айында Үй-бүлө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине 18 жашка жашы толо элек жарандар менен никеге турууга тыюу салган өзгөртүүлөр кирди. Ошого байланыштуу Кыргызстандын аймагында ушул жагынан түшүндүрүү, жайылтуу иштерин жүргүү максатында маалыматтык өнөктүк жүргүзүлүүдө.

Тегерек столдо бул маселе боюнча сатистикалык маалыматтар айтылып, анын катышуучулары мындай терс көрүнүштөрдү турмуштан четтетүү жагынан кандай алгылыктуу иш-чараларды жүргүзсө болорлугун ортого салышты. Айрыкча, Сузак районундагы Ырыс айыл аймагында жүрүп жаткан активдүү, натыйжалуу иштер тууралуу айтылып, коомдун бардык чөйрөсүндө бул терс көрүнүшкө каршы туруу зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле бул маселеде дин кызматкерлеринин ролу да кызуу талкууланды.

-Тегерек столдун журүшүндө катышуучулар райондук жана областтык деңгээлде тайпаларга бөлүнүп, өз аймактарында бул мыйзам тууралуу маалыматты жайылтуу иш-чараларынын пландарын түзүштү. Бири-биринин тажрыйбаларын үйрөнүшүп, терс көрүнүштөргө каршы туруунун практикалык чаралары ишке ашырылмай болду. Эң негизгиси, коомчулуктун өкүлдөрү эрте никеге турууга жапырт каршы турмай болушту, – дейт Ж. Артыкова.

Эскерте кетсек, мындай маалымат жайылтуу кампаниясы БУУнун Өнүктүрүү долбоору жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.

Мекенибиздеги негизги байлыктар неге кыргыздарга буюрган эмес?

Урматтуу мекендештер жана туугандар!

Биз кайсы арыбызга партияларга бөлүнөбүз? Бөлүнгөндүн бир себеби барбы? Эч нерсебиз калбаптыр, баардык кыргыз ойгонсун!

Өлкөбүз 25 жыл аралыгында башка коңшу мамлекеттерден 1 кв метр да жер албаптыр, тескерисинче, бизден миңдеген гектар жерлерибизди арендага алышып, кайтарып бербей койгонун баарыбыз жакшы билебиз. Мисалы, Каркыра казактарга, Үзөңгү-Кууш кытайларга. Ворух, Сох, Шахимардан өзбек жана тажик бийликтери тарабынан алынган. Мындан сырткары, Токмок шаарынан 800 метр жер 8 жыл мурун казактарга өтүп кеткен экен, азыр анын аты-жыты да жок. Мамлекеттик кен байлыктардын саны 1070 болсо, анын ичинен 126сы алтын кен байлыктары болуп эсептелинет. Тилекке каршы, 24 жыл аралыгында лицензияларды ар кандай ыкмалар менен чиновниктер болгону 300 сомдон сатып жеп келишкен. Мындан 90% кен байлыктарды кытайларга, ал эми 10%ын башка мамлекеттерге сатып жиберишкен. Кен байлыктардан кийинки эле мамлекеттин казынасына көп киреше алып келген беш уюлдук компаниябыз бар экен, бирок алар да биздики эмес . «Билайн» – Россияныкы, «О!»-казактардыкы, «Кател» – Американыкы, «Фонекс» – кытайлардыкы, «Мегаком» – еврейлердики…

Бишкек шаарында соода борборлорубуз бар, бирок алар да­гы биздики эмес. «Бета Сторес»-түрктөрдүкү, «Вефа-борбор»-түрктөрдүкү, «Бишкек парк»-түрктөрдүкү, «Народный» дүкөндөрү – казактардыкы. Түркияны жети жылда өнүктүргөн бир акылман айткан экен, «Көп уктаган эл ойгонгондо кул болуп ойгонот» деп. Ошол сөздө чындык бар окшойт, туугандар. Нефти тармактарында бизге тиешелүү үлүшүбүз жок экен. «Газпром» – орустардыкы, «Шнос» – казактардыкы, «БНК»-орустардыкы, «Бишкек пе­тролеум» – орустардыкы, «Ро­снефть» – орустардыкы.

Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеген бир да банк жок экен, баары чет жактын кызыкчылыгы үчүн иштеп, карапайым элдин канын соргон банктар экен. «Демирбанк»-түрктөрдүкү, «Оптимабанк»-казактардыкы, «Халыкбанк» – казактардыкы, «Росинбанк» – орустардыкы, «Росинвестбанк»-орустардыкы.

Мына туугандар, Кыргызстанга комоктор менен калдыктардан башка эч нерсе калбаптыр. Дагы эмнебиз менен бөлүнүп-жарылалы? Же бизге ушулар аздык кылып жатабы? Биз ушундай оор кырдалда ынтымакка биригип, баарыбыз 4 млрд. долларга жеткен карызыбызды жана өлкөнүн келечегин ойлонушубуз керек. Анткени карызыбыз ар бир киши башына 1000 долларга жетти. Эгер ушундай жол менен кете берсек, Кыргызстандын тагдырын башка бирөөлөр чечип калышы мүмкүн. Ошондуктан, тарыхы ыплас партияларды шайлоого жолотпой, жаңы заманбап жашоону куралы. Көкүрөк кагып, «заводдорубуз бар» деп мактанабыз, мамлекетке иштеп, элге кызмат кылган заводдор жок экен. Кант цемент заводу – казактардыкы, Кызыл-Кыя це­мент заводу – кытайлардыкы, Майлуу-Суудагы завод – кытай­лардыкы, Токмоктогу айнек за­вод – немистердики, Хайдаркендеги завод – казактардыкы, Кадамжайдагы сурьма заводу – казактардыкы, Кара-Балтадагы нефтини кайра иштеп чыгаруу заводу – кытайлардыкы.

Ушунча байлыкты тарттырып ийип, үнүбүздү чыгарбай отура берсек, эртең өз жаныбызга да ээ боло албай калабызбы?..

Булак: “Азия ньюс”

Өлкөдө чет элдиктердин жеке ТВ түзүүсүнө чектөө киргизилет

Жогорку Кеңеш депутаттары “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун 15-мартта экинчи окууда жактырышты. Жыйынга катышкан 101 депутат аны колдоп, алтоо каршы добуш берди.

Документте жалпыга маалымдоо каражатын негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук жактар, Кыргызстан жарандары гана акылуу экени жазылган.

Бул мыйзам алгач сунушталганда “чет элден каржыланган медиага сырттан келген акча жалпы каржынын 20 пайызынан ашпоосу керек” деп чектөө киргизилген. Кийинчерээк алып салынып, медиауюмдун “чет элдиктерге таандык үлүшү 35 пайыздан ашпашы керек” деген бөлүк калтырылган.

Мыйзамды депутаттар Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, Жыргалбек Турускулов жана Табылды Тиллаев сунуштаган. Демилгечилер сунушталып жаткан өзгөртүүлөр телеканалдарга багытталганын, гезит жана радиолорго, эл аралык радиолорго тиешеси жоктугун белгилешет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ошто окуучулар арасында 70-спартакиада старт алды

 

Окуучулар арасында өткөрүлүүчү спартакиаданын уюштуруу комитетинин түзүлгөндүгүнүн 70 жылдык маарекесине карата, Ош шаарынын окуучулары арасында 70-спартакиаданын 2-баскычы башталды. Бул туурасында Ош шаардык билим берүү башкармалыгы кабарлады. Бул тууралуу Ош шаардык билим берyy башкармалыгы пресс кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, спартакиаданын 1-баскычы ноябрь, декабрь айларында шаардын ар бир мектебинде ич ара өтүп, мыктылары тандалып алынган.

Ал эми өтүп жаткан 2-баскычы шаардагы баардык мектептер арасында март, апрель айларында атайын түзүлгөн графиктин негизинде уланат. Анда мектепте тандалып алынган команда жана мыкты окуучулар спорттун 6 түрү жеңил атлетика, столдук теннис, шахмат, тогуз коргоол, ордо жана волейбол түрлөрү боюнча күч сынашат.
Шаардык спартакиадан жеңип чыккан командалар Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарбынан граммота, белектер менен сыйланып, Бишкек шаарында өтүүчү Республикалык спартакиадага барышат.

Меню