Menu

КООМ

Кыргызстандын эң бай 10 адамы

  1. Өмүрбек Бабанов

Байлыгы: $1,5 млрд.

Кызматы: экс премьер- министр, ЖК депутаты

Жашы: 46

Мурдагы СССР өлкөлөрүнүн эң бай адамдары чиновниктер болуп саналары жашыруун эмес. Алардын катарына өзү кедей мамлекет болгон менен Кыргызстандын чиновниктери да кирет. Бул тизмедеги биринчи орунду Өмүрбек Баба­нов ээлейт. Ал бийликке келгенче бизнес менен алектенген. Бир ка­тар пахта экспорттоо жана өлкөгө мунай азыктарын ташып келүүчү мамлекеттин капиталдык үлүшү бар ири фирмалардын жетекчиси болгон. 2005-жылы «жоогазын» революциясынан кийин КРнын ЖК депутаты болуп шайланган. 2007-жылы президент Курманбек Бакиевдин отставкасын талап кылган оппозициянын катарына кошулган. Революциядан кийин жана К. Бакиев өлкөдөн качып кеткен соң Алмазбек Атамбаев жетектеген өкмөттүн курамына кирип, биринчи вице-премьер- министр кызматын ээлеген. 2011- жылы октябрда А.Атамбаев пре­зидент болуп шайлангандан кийин премьер-министр болгон.

 

  1. Аскар Салымбеков

 Байлыгы: $1,2 млрд.

Кызматы: КРнын ЖК экс- депутаты, ишкер

Жашы: 61

Борбор Азиядагы эң ири деп саналган «Дордой» базарынын ээси Аскар Салымбеков бир кездеги Москвадагы «Черкизов» база­рынын кожоюну Тельман Исмаиловдон айырмаланып, соода жайын тез-тез өзү текшерип турат: кызмат көрсөтүүчү ишкалардын ишин өз көзү менен көрүп, соодагерлердин сунуш, пикирлерин угат. Ушул эле жерде ал базардагылар менен катар отуруп тамактанып да калат. Анын карамагындагы базардын бир жылдык мамлекетке төлөгөн салыгы (ижара, коммуналдык кызмат, күзөт жана башка) $500 млн.го жакын. А. Салымбеков базардан тапкан кирешесинин суммасын ачык айтпайт. «Товардын 70%га жакыны бул жерден Россиянын Челябинск шаарынан тартып Красноярск крайына чейин кетет,- дейт А. Салымбеков. – Бул биздин аймак, ал эми европалык бөлүктү мурда товар менен Черки­зов базары камсыздап келген».

 

  1. Алмазбек Атамбаев

Байлыгы: $650 млн.

Кызматы: Кыргыз Республикасынын Президенти

Жашы: 60

Үч ирет Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин койгон. Үчүнчү ирет гана -2011-жылы 30-октябрда

биринчи турда Кыргыз Ре­спубликасынын Президенти болуп шайланган. Президенттик кызматка 2011-жылы 1-декабрда киришкен. Оппозицияда жүргөн кезинде бюджеттик каражатты туура эмес пайдалангандыгы үчүн бир нече сөз болгон. 2009-жылы президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда Базар-Коргон районунда элдин алдына мас абалында чыккандыгы тартылган видеотасма тарап кеткен. А. Атамбаевдин өзүнүн айтуусунда, ал бизнести Союздун учу­рунда дүйнөлүк классиктердин китептерин орусчага которуп, Россияга сатып баштаган жана байлык топтогон. Ошондой эле ал азыркыга чейин, чет элдик дипломаттардын ишеним катын алганда жана чет мамлекеттерге расмий сапарга чыкканда биринчи прези­дент А. Акаев «Вольво» менен жүргөндө «Мерседес» мингендигин көп айткан. Ал эми анын атаандаштары Союздун учурунда КРнын жазуучулар союзуна Россиядан берилген ири гранттык акчаны пайдалангандыгын жана «Автомаш» баш болгон бир нече заводдорду менчиктештирүүдөн байыгандыгын айтып жүрүшөт.

 

  1. Нариман Түлеев

Байлыгы: $500 млн.

Кызматы: ЖК экс-депутаты, Бишкек шаарынын экс-мэри

Жашы: 52

2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болгон. Фрун­зе политехникалык институтунун «инженер-куруучу» адистиги боюнча жогорку билим алып, 1985-жылы аяктаган. 2013-жылы 29-июлда Бишкектин Ленин райондук соту Бишкектин мурдагы мэри жана «Ата-Журт» оппозициялык партиясынын депутаты Нариман Түлеевди 10 жылга эркинен ажыраткан. Н. Түлеев тергөө органдары тарабынан КРнын КЖКнын «коррупция» жана «кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу» беренелери боюнча айыпталган. 2016-жылы 7-майда Н. Түлеев соттун чечими мейен мунапыска ылайык жана мамлекетке келтирилген чыгымды толук кайтаргандыгы үчүн эркиндикке чыгарылган.

 

  1. Кадыржан Батыров

Байлыгы: $400 млн.

Кызматы: ЖК экс-депутаты

Жашы: 60

Улуту өзбек, белгилүү ишкер, кыргыз парламентинин (Жогорку Кеңеш) экс-депутаты, Кыргызстандын өзбек коомунун лидери болгон. Ал Жалал-Абад шаарында атасынын атындагы Алим Батыров университетин түзгөн жана прези­денти болгон. 2-класстагы мамлекеттик кеңешчи. «Ватан» (Мекен) партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү болгон. Улуттар аралык ынтымакты чыңдоого кошкон салымы үчүн «Даңк» медалы менен сыйланган. 2010-жылы 19-майда Убактылуу Өкмөттү колдогондугу үчүн өч алуу максатында Бакиевдин тарапкерлери ага караштуу А. Батыров атындагы Элдердин Достугу Университетин өрттөшкөн. Бирок ошол эле жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйылган июнь окуясы үчүн айыпталып, К. Батыровго укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголгон жана ал качып кеткен. Учурда Швецияда саясый башпаанек алып, жашап жатат.

 

  1. Борис Сан

Байлыгы: $350 млн.

Кызматы: ЖК экс-депутаты

Жашы: 66

Оюн бизнеси жана коомдук тамактануу тармагында иштеген ишкер. Жогорку Кеңештин экс- депутаты.

 

  1. Карганбек Самаков

Байлыгы: $320 млн.

Кызматы: ЖК экс-депутаты

Жашы: 53

КРнын Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси. Юридика илимдеринин кандидаты. Депутат кезинде экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин төрагасы болгон. Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

 

  1. Чыныбай Турсунбеков

Байлыгы: $300 млн.

Кызматы: ЖК спикери

Жашы: 55

Парламенттеги КСДП фракциясынын лидери болгон, бул фракциянын Нарын облусундагы саясый кеңешинин курамына кирет. Филология илимдеринин кандидаты. Чыныбай Турсунбековдун жубайы – Нуржан Тентимишова «Акылинвестбанктын» жалгыз акционери болуп саналат. Ал мындан тышкары «Акун» компаниялар тобунун – ун чыгаруу жана кайра иштетүү, тамак-аш азыктарынэ анын ичинде макарон азыктарьи суусундуктар, ичүүчү жана минералдык сууну чыгаруу боюнча ири холдингдин башкы директору болуп саналат.

 

  1. Роман Шин

Байлыгы: $200 млн.

Кызматы: ЖК экс-депутаты

Жашы: 68

Ири ишкер, «Хепинес» жана «Арбат» сыяктуу казинолор түйүнүнүн ээси болуп саналат. Жергиликтүү газеталардын бири теги корей саясатчы тууралуу мындай деп жазган: «Роман Шин депутат болуп туруп өзүнүн бизнесин коргогон, бирок кыргыздар үчүн дээрлик эч кандай жакшылык жасаган эмес. Мындай пайдасыз депутаттар толтура. Келерки шайлоодо биз депутаттарды тандоодо жаңылбашыбыз керек».

 

  1. Акылбек Жапаров

Байлыгы: $250 млн

Кызматы: ЖК зкс-депутаты

Жашы: 51

Кыргызстандын мамлекеттик жана саясый ишмери, Жогорку Кеңештин II – V чакырылыштарынын депутаты; 2-класстагы мам­лекеттик кызматтын мамлекеттик кецешчиси; Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору. 2012-жылы августта каржы министри болуп иштеп туруп Акылбек Жапаров, иштеген пенсионерлерге пенсиясын бербей коюну сунуштаган. «Мен мамлекеттик мекемелерде иштеп жаткан пенсионер­лерге пенсиясын төлөбөөнү сунуш кылам. Биз ашыкча социалдык чыгымдарга мораторий киргизүүнү сунуш кылабыз. Биздин өлкөдө бир иштеген адамга эки пенсио­нер жана эки жөлөкпул алуучу туура келет»,- деген ал. Акылбек Жапаров өзүнүн бул демилгесин Советтер Союзунда мамлекеттик мекемелерде иштеген пенсионерлер 50% гана маяна алышкандыгы менен түшүндүргөн.

Булак: “Майданkg”

 

Сооронбай Жээнбеков «Тараз-Талас-Суусамыр» автожолун реконструкциялоонун үчүнчү фазасынын курулуш иштери менен таанышты

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-мартта, бир күндүк жумуш сапары менен Талас облусуна барып, «Тараз-Талас-Суусамыр»  (30 км) авто жолун реконструкциялоонун үчүнчү  фазасынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Өкмөт башчы мамлекет жол-транспорттук инфрастуруктурага өзгөчө маани берип жаткандыгын белгилеп, андагы бардык техникалык нормалардын сакталышына өзгөчө басым жасоо керектигин эскертти.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов учурда «Тараз-Талас-Суусамыр» авто жолунун 75-105 чакырымыда реконструкциялоонун үчүнчү фазасы жүрүп жатканын маалымдады. Реабилитиациялоонун үчүнчү фазасы жана Талас шаарынынын ичиндеги жол кошулуп, 2017-жылдын август айына чейин бүткөрүлөрүн кошумчалады. Ондоо иштерин каржылоо эл аралык финансылык институттар жана Өкмөт тарабынын жүргүзүлүүдө.

Премьер-министр иштин сапаттуу аткарылышына басым жасады. Аны менен бирге Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков «Тараз-Талас-Суусамыр» авто жолунун үчүнчү фазасын ишке ашырууда жол четине  тротуарларды салуу жана Талас шаарынын ички жолдорун камтуу тапшырмасын берди.

Жамшитбек Калилов  белгилегендей,  ремонт иштери графикке ылайык жүргүзүлүүдө жана долбоордун артта калуусу жок.  Мындан тышкары бүгүнкү күндө донорлор менен «Тараз-Талас-Суусамыр» (94 км) унаа жолунун төртүнчү фазасы үчүн акча каражатын бөлүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абад облусунун башчысы Кыянбек Сатыбалдиев Сузактагы мектепте болду

Бүгүн, 9-мартта КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Сузак районундагы Барпы айыл аймагына караштуу “Комсомол” айылындагы “Аль-Фауз” атындагы жалпы билим берүүчү менчик мектепте болуп, окуучуларга терең билим жана таалим-тарбия берүү иштеринин абалы менен жеринде таанышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү маалымдады.

Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиевдин мектептин иши менен жеринде барып таанышуусунда Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Абдумуктар Маматов жана Сузак районундагы Барпы айыл аймагынын башчысы Апсатар Сыргабаев бирге болушту. “Аль-Фауз” менчик мектептин директорунун орун басары Темиркул Айдаров жана мектептин директорунун окуу тарбия иштери боюнча орун басары Таттыбү Жумуков окуучуларга терең билим жана таалим-тарбия берүүдөгү иштери жагдайында кеңири маалымат беришти.

Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагынын “Комсомол” айылына жайгашкан “Аль-Фауз” жалпы билим берүүчү мектеп 2016-жылдын 1-сентябрында пайдаланууга берилген. Мектептин курулушу Кувейт мамлекетиндеги “Риссалия” коомдук фондунун каржылоосунда 70 млн. сомго бүткөрүлгөн. Учурда бул мектепте 185 эркек балдар терең билим жана татыктуу таалим-тарбия алып жатышат. Окуучуларга терең билим жана таалим-тарбия берүү иштери толугу менен КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Учурда аталган мектепте 33 жогорку билимдүү жана тажрыйбасы мол мугалимдер иштеп жатышат. Мугалимдерди ишке алуу конкурстук тандоо жолу менен ишке ашырылган. Мектеп толугу менен компьютерлештирилген. Учурда мектепте заманбап 12 класстык бөлмөлөр окуучулардын терен билим алуулары үчүн иштеп жатат.

Сабак өтүүнүн алдыңкы усулдары мектептин мугалимдери тарабынан терең өздөштүрүлгөн. Мектепте сабактар мамлекеттик тилде жана расмий тилде кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Мындан сырткары 3-класстан баштап окуучуларга кошумча араб жана англис тилдери окутула баштайт. Аталары жок 40 бала бул жердеги жатканада акы төлөбөй жашашат жана акысыз билим алышат. Аларга күнүнө 4 маал ысык тамак берилет. Ал эми келип-кетип окуган калган окуучулар айына 2000 сом жана түшкү тамагына 50 сом төлөп билим алышат. КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев жана келген коноктор мектептин заманбап окуу класстык бөлмөлөрү, ашканасы жана жатып окуган балдардын жатаканалары менен кеңири таанышып чыгышты. Арап тилиндеги “Аль-Фауз” деген сөз кыргыз тилине которгондо “Жеңиш” деген маанини билдирет.

Марс САРИЕВ, саясый талдоочу: “”Мураскер катары ким гана дайындалбасын, эл аны кабыл албайт”

Марс мырза, президент Алмазбек Атамбаев кечээ жакында «парла­мент тарап эле кеткени оң» дегендей ойду кыйытты. Бул канчалык реалдуу?

-Мен ойлойм, ал жөн эле депутаттарды опузалап койду. Алар сөзсүз чочуп калат, себеп дегенде дагы бир жолу шайланып келгенге көбүнүн ресурстары, акча каражаттары жок. А чындыгында парламентти таратып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөргөн президенттин өзүнө деле пайдасыз. Би­рок, абал өтө эле курчуп, форс мажордук абал түзүлүп, кырдаал башкаруудан чыгып баратса, анда ошондой кадамга барышы мүмкүн. Азыр көрүп атпайбызбы, КСДП алдан тайып, потенциалы аябай төмөндөп кетти. Жаз келди, Текебаевдин тарапкерлери бүт күчтөрүн мобилизациялап, тышкы күчтөр да өз оюндарын башташы мүмкүн. Евробиримдик Текебаевдин ишине көңүл буруп, кылдат баам салып турат. Ушуга байланыштуу абал курчуй берсе, парламент тарашы ыктымал. Парламент кантип тарайт? Өзүн өзү таратуу жолу менен. Азыркы учурда башка варианттар жок. Анда азыркы саясый күчтөрдүн баары парламентке кайра шайланып келүү менен алек болуп калышат. Ушу кезге чейин түзүлгөн блоктордун баары чачырайт. Бирок, мен мындай вариант ишке ашарына ишенбейм.

Жөн гана эмоция менен айтылган сөз дейсизби?

-Ооба.

Акыркы мезгилдерде бир топ күтүүсүз кадрдык орун которуулар болду. Аалы Карашев депутат бо­луп келди, Фарид Ниязов кеңешчиликке орун которуп, Сапар Исаков аппарат жетекчилигине дайындалды. Бул жөн гана орун которууларбы, же президенттик шайлоого ка­рата даярдыкпы?

-Албетте, шайлоого даярдык. Фарид Ниязов аябай тажрыйбалуу уюштуруучу. Ал шайлоо алды штабын жетектеп калышы мүмкүн. Аппарат жетекчисинин кызматы – бул баш көтөрбөй иштөөнү талап кылган механикалык жумуш да. Ниязов ошондой машакаттан бошотулуп, уюштуруучулук

иштерди жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк алды. Карашев да аябай тажрыйбалуу уюштуруучу. Жакында Икрам Илмиянов да парламентке келет. Президент КСДПны ичтен тазалап, мыкты кадрлар менен чыңдап атат.

Кээ бир серепчилер божомолдогондой, Сапар Исаков президенттин мураскери болуп калышы мүмкүнбү?

-Азыр мураскер деген сөздүн өзү эле терс мааниге ээ болуп калды. Мураскер катары ким гана дайындалбасын, эл аны кабыл албайт. Сапар Исаков өзү деле «андай маселе күн тартибинде жок» деп айткан. Менимче, бул жөн га­на алаксытуучу маневр болуп атат го. Фарид Ниязов штабдын ишин, шайлоо алды компаниясын уюштурушу үчүн аны аппарат жетекчилигинен бошотуу керек болду. Анын ордуна Сапар Иса­ков барды. Анын милдети – жөн гана аппаратты жетектөө. Элдин баарынын көңүлү Сапар Исаковго бурулуп кал­ган учурда бийлик президентке баш­ка бирөөнү даярдап жатат. Ал Жээнбеков сыяктуу биз билген кишилер эмес, башка бирөө болушу мүмкүн. Албетте, Бакыт Төрөбаев менен Өмүрбек Баба­нов да эмес. Булар карама-каршы жээктегилер. Негизи эл коррупцияга аралашпаган, таза адамдардын келишин каалап турат.

Өмүрбек Текебаевдин камалышы канчалык туура болду? Чоң окуялардын алдында бийлик өзүнө-өзү проблема жаратып алган жокпу?

-«Ата Мекендин» кадыры төмөндөп,Текебаев Феликс Кулов сыяктуу эле саясый аренадан кеткени калган. Эми бийлик аны камоо менен «мученикке» айлантып, аброюн көтөрүп салды. Текебаев муну түшүнүп, Венадан эч камырабай учуп келбедиби. Себеби, кан­чалык куугунтукка кабылса, рейтинги ошончолук өсөрүн билет. Азыр чындап эле рейтинги өсүп, Атамбаев менен тирешүүдөн упай жыйнап атат. Бийлик аны «тындым кыла» да албайт. Мын­дай «патовый» абалдан жүзүн жоготпой чыгуунун бир гана жолу – бирөөлөрдү жиберип, Текебаев менен тил табышуу.

Булак: “Азия ньюс”

Сооронбай Жээнбеков: Өлкөдө эл аралык стандартка ылайык фитосанитардык лабораториялардын ачылышы Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнүн алкагындагы иштердин жыйынтыгы болуп саналат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-мартта Талас облусуна болгон бир күндүк жумушчу сапарынын алкагында Кара-Буура  районун Кызыл-Адыр айылындагы фитосанитардык лабораториянын ачылыш салтанатына катышты. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Өкмөт башчы белгилегендей, өлкөдө эл аралык стандартка ылайык  фитосанитардык  лабораториялардын ачылышы  Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ)  кошулуусунун  алкагында белгиленген иштердин жыйынтыгы болуп саналат.

Премьер-министр  белгилегендей, Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу менен республикада бир катар милдеттер кабыл алынган. Атап айтсак, ветеринардык жана фитосанитардык  лабораториялардын эл аралык стандартка жооп бериши коюлган талаптардын бири болгон. Буга байланыштуу ЕАЭБ интеграциясынын алкагында инфраструктураны жакшыртуу боюнча чараларды ишке ашыруу зарылдыгы келип чыккан.

Сооронбай Жээнбеков Өкмөт 2016-жылдын май айында башка жактардан келген каражаттарды күтпөстөн республикалык бюджеттин эсебинен эки лабораториянын имаратын капиталдык ондоп-түзөө иштери, ошондой эле зарыл болгон лабораториялык жабдуулар, эмеректер жана башка материалдар менен камсыздоо тууралуу чечим кабыл алган. Бардык тиешелүү органдарга 2017-жылда ветеринардык жана фитосанитардык лаобраторияларды куруу жана модернизациялоо иштерин аягына чыгарууну тапшырган.

«Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенде мүмкүнчүлүктөргө гана ээ болбостон,  бир катар талаптарга да жооп бериши керек. Мына, өз күчүбүз менен курулган фитосанитардык лабораториянын бирөөсү бүгүн ишке берилди. Ысык-Көл облусунун Түп районунда да ушундай лаборатория крулуп бүтүп, ишке берилер алдында турат. 2017-жылы Баткен, Нарын жана Жалал-Абад облустарында ушундай эле фитосанитардык лабораториялар ишке берилет. Каракол, Балыкчы, Талас жана Баткен шаарларында ветеринардык лабораториялар курулат. 2017-жылдын аягына чейин Кыргызстанда 13 фитосанитардык жана ветерианрдык лабораториялар ишке кирет», — деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы өлкөдө 13 фитосанитардык жана ветеринардык лаборатория ишке кирерин баса белгиледи. Бул максатта мамлекеттик бюджеттен 190 млн. сом каражат бөлүүдө. Мындан сырткары Ош жана Бишкек шаарларында эки чоң лаборатория ишке кирет.

Кубатбек Байболов жана «Мегакомдун» чуусу бүтпөчүдөй...

Кээде «булт» этип чыга калып, бүгүнкү бийликти сындап калмай адаты бар Кубатбек Байболовду коомчулук жакшы билет. Оппозициянын каршылык көрсөткөн тегерек столдорунда Кубат мырза катышып, өз ой-пикирлерин бөлүшүп, бүгүнкү бийликти кетирүү идеясын колдогондой жүргөнү байкалат. Баса, 2010-жылдан кийин революциянын шарданы менен Байболов башкы прокурор болуп калганы, ошондо «Мегакомго» байланыштуу чатактарга аралашканы, анан көп узабай ошонун кесепетинен кызматынан кол жууганы эсибизде. Таңгалычтуусу, «Мегакомдун» чуусу ушул күнгө чейин бүтпөй, ортодон былыктар чыгууда. Тымызын тергөөнүн натыйжасында, Байболовго карата да материалдар иликтенип атканы, жакында чет-бучкагы  чыгаары боюнча каңшаар тарады.

Булак: “Азия ньюс”

«Көмүскөдөгү өкмөт» дейт го…

Биз «Көмүскөдөгү өкмөт» деген маани кандайдыр бир жашыруун түрдө расмий бийликти башкарууга аракет жасаган  экинчи бир бийликти айтабыз. «Көмүскөдөгү өкмөт» адатта, официалдуу бийлик начар болгон кезде түзүлөт. Менимче, анын мыйзам менен шөкөттөлгөн жол-жобосу да жок. Эми бул маселе өтө эле узун маселе… Жыл башында Кыргызстанда «Көмүскөдөгү өкмөт» түзүлдү. Анын курамында «Бүтүн Кыргызстан», «Эрк», «Ишеним» деген партиялар жана эки-үч коом-соом кошулуптур го. «Эми бул көмүскөдөгү өкмөт көрүнүп турган өкмөттүн ишин сындап, гана тим болбостон жардам да берип турат, буюрса, мамлекетибиздин экономикалык, социалдык абалы кыйла оңолот» деп кыйкырык-сүрөөн болуп эле жатып калды. Бул өкмөттүн курамына мурун кыйла кызматтардын «башын жеген», азыркы бийликке керексиз болуп калган немелер кириптир. Кызыгы, «көмүскө өкмөттүн» премьер-министри болуп, кызматтан айдалган Коопсуздук кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Марат Иманкулов деген жигит экен. Бул жигитти бир-эки ирет телевизордон көргөнүм бар. Ошондой бир көрсөтүүдө: «Эй, Абдил Сегизбаев, мен сенден коркпойм! Мага бок да кылалбайсың!» деп атпайбы. Э балекет баскыр, саясатчы болом деп талпынып алып, анан ушинтип көчө бандитиндей болуп сүйлөйбү?!Ошондо ушул жигит бир-эки кишини баса калчу дарамети бар эле терең эмес жигит көрүндү…Э балекет баскыр, саясатчы болом деп талпынып алып, анан ушинтип көчө бандитиндей болуп сүйлөйбү?! Ошондо ушул жигит бир-эки кишини баса калчу дарамети бар эле терең эмес жигит көрүндү… Марат Иманкулов өмүр бою аскердик тартип менен жүргөн, ишти көңүлү менен эмес приказ менен жасаган адамдар шалтурук өңдүү катып калат, алардан ийкемдүү саясатчы чыкпайт… Иманкуловдун орун басары Турсунбай Бакир уулу көп жыл депутат болду. Бул иним жөнүндө бир билгеним, эгерде ал бийликке келсе, анда биздин мамлекет ислам дининин канондору менен жашаган мамлекет болмокпуз…«Көмүскөдөгү өкмөттүн» тизмесинде Накен Касиев аксакалдын жүргөнү кызык экен. Бу киши Акаев заманында жакшы жүрдү, «жакшы көптү» деңгээлине деле жетти окшойт… министр, губернатор, президенттик аппарат башчысы болду.  Анан Акаев жексур кебетесинде чет жерге дырдыккандан кийин деле, Касиев «Акаевдин куйругу» катарында куугунтукталбастан, дурус кызматтарда иштеп жүрдү. Кийин, жүрө-жүрө бош калды. Анан эл оозуна алынып калган немелер тынч жата албайт турбайбы… «көмүскөдөгү өкмөттүн» курамына кирип дагы бир жерге илинип турушум керек деген чындыгынын туткунунда калып жатпайбы… Феликс Куловдун баскан жолу жаманы жана жакшысы менен эл оозунда. Мен деген кызматтардын бардыгында иштеп турду. Кезегинде элим деп да жүргөн, дагы бир кезеги келгенде жарылганча жеген, ал дагы пенсиясын «кемирип», коюп жата берген «шүгүрчүлүктөн» куру экен…Эми башкаларын тизмектебей эле коёлу. «Көмүскөдөгү өкмөт» элге жарыя салып жатат: биз деген өкмөткө жардам беребиз, биз деген мамлекетибиздин экономикалык, социалдык абалын оңдоого, чыныгы демократиянын орношуна жардам беребиз… дегенден баштап далай жакшылыктарды алып келмей болуп жатышат. Болсун. Тилеги жакшы. Бирок, бул «өкмөттүн» курамында бычакка сап бир жигит көрүнбөйт го?.. Далай кызматтарда иштеп майнабын чыгара албагандар, кызматтан куулгандар, кызматка илинбегендер, популисттер, жана башка «бир немелер» жөн жата албай эле ар кандай коомдорду, кыймылдарды, партияларды, топторду түзүп, эл көзүнө наркы-терки жойлоп, кыйын инсан эсебинде басканын айт. Эй, ошолор, андан көрө жегениң жегениңди, пенсионериң пенсияңды чыгымдап, жериң барың жериңди иштетип, жериң жогуң бирөөлөөргө иштеп, катын-балаңды дурустап багып адамдык парзыңды өтөбөйсүңбү!

Булак: “Багыт.kg”

КСДПда паника. Президент бийликти тазалай баштады

КСДПнын депутаттарын элге чыгуусун суранышат.

Депутаттык мандат алган 38 социал-демократтардын сегизи гана саясый аренада өздөрүн аздыр-көптүр көрсөтө алышууда. Ушул сегизинин төртөөсү өлкө президентинин саясатын колдошот, калган төртөөсү каршы сүйлөшүүдө.

Алмазбек Атамбаев масштабдуу ротация жүргүзүп, Жогорку Кеештеги саны өтө көп фракциянын 2/3 курамын алмаштыруу ниетин билдирүүдө.

Азырынча иштеп турган мамлекет башчынын пикиринде, ишенимди актабаган парламентчилердин ордуна КСДПнын резервиндеги жигердүү жана жөндөмдүү саясатчылар келүүгө тийиш.

Партиялаштары менен болгон жабык жыйындардын биринде Алмазбек Атамбаев башка да жо­горку деңгээлдеги кадрдык алмашууларды кабыл алууга мажбур болорун моюнга алган.

Андыктан, Фарид Ниязовдун президент аппаратынын жетекчиси кызматынан отставкага кетиши менен эле иш бүтүп калбайт.

Шайлоолор бир туугандар Жээнбековдорсуз

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана Жогорку Кенештин экс-спикери Асылбек Жээнбековду кайгылуу кабар күтөт. Анткени бул эки бир туугандардын бири да мураскордун ордун ээлөөгө татыктуу эмес.

Биринчиси президенттин пикиринде, өз алдынча чечим кабыл алууга жөндөмү болбогондуктан, премьер-министрдин милдетин аткара алган жок. Пре­мьер жана анын министрлери эч кандай демилге көтөрбөй, жогору жактан гана көрсөтмөнү күтүп отурушат. Ал эми өздөрүнүн жасаган ишин өкмөт башчы жана анын кол астындагылар президенттен болгон тапшырмалардын саны менен гана баалашат.

Жээнбековдор кланынын экинчиси, КСДПдан президенттикке көрсөтүлө турган талапкерлердин запастагы варианты катары саналган Асылбек да кастингден өтпөй калды.

Президенттин тегерегиндегилер бир тууган Жээнбековдордун кичүүсү акыркы мезгилде толугу менен динге “кетип калгандыгы” үчүн нааразы болушууда.

Анын башкаруусу менен Кыргызстан экинчи Пакистанга, андан да коркунучтуусу, Афганистанга айланып калуусу мүмкүн экендиги өтө коркунучтуу. Бул аргумент Асылбек Жээнбековдун келечеги тууралуу чечим кабыл алууда чечүүчү жагдай болду.

Сыягы, бир тууган Жээнбековдорго иш жүзүндө түзүлүп калган шайлоо алдындагы штабын таркатууга туура келет го.

КСДПда дагы ким ишенимден кетти?

Парламентте          жыйын өткөргөн   социал-демократтардын кадыр-баркы акырындап, бирок ишенимдүү түрдө “Ак үйдүн” өзүндө да төмөндөөдө. КСДП фракциясынын жыйындарында президент аппаратынын жетекчиси бир нече ирет көзөмөл астындагы депутаттардын активдүүлүгүнүн төмөндүгүн жана начар ишин белгилеген. Ошондой эле өз депутаттарына эгер кырдаал өзгөрбөсө, кескин чаралар көрүлөрүн эскерткен.

Кырдаал өзгөрдү, бирок жаман жагына. Бул жагдай Алмазбек Атамбаевдин тынчын алуу­да.

КСДП фракциясынын катарынын бекемдиги да айырмаланбайт. Парламенттеги социал-демократтар үч топко бөлүнүшкөн: бир бөлүгү фрак­ция лидери Иса Өмүркуловду ээрчийт, башкалары Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго баш ийет, калгандары экс-спикер Асылбек Жээнбековго ыкташууда.

Эксперттердин пикиринде, бул саясатчылардын кимисин болбосун биринчи катарга чыгаруу бүтүндөй КСДПны бир нечеге бөлүп жиберет. Партиянын катарындагы мындай ажырымдык Атамбаевдин баардык пландарын жокко чыгарышы мүмкүн.

Азырынча КСДП фракция­сынын депутаттарынын бири моюнга алгандай, анын көпчүлүк кесиптештери чемоданын жый- нап турат. Жаман кабарлар тез тарайт эмеспи.

Президент талаада жалгыз

Акыркы мезгилде Алмазбек Атамбаев атаандаштары менен жалгыз өзү салгылашууда. Текебаев жана анын тарапкерлери менен тирешүү баардык жумуш убактысын алууда жана президенттин эмоционалдык маанайына Караганда, анын не- рвине терс таасир тийгизүүдө.

Мындан тышкары өкмөттү да өзүнө тартып, өзүнүн имид­жи үчүн иштөөгө туура келүүдө. Ошондой эле пресс-катчы ката­ры.

Президенттин жакын тегерегинде резиденцияда өзүнүн милдетин официанттар гана так аткарып жаткандай таасир жаралууда.

Президенттин душмандарынын полку толукталышы мүмкүн. “Ата Мекендин” камалган лиде- ринин тарапташтарына дагы эки Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн колдоочулары кошулуп калары күтүлүүдө. Ал эщ жогорку кыз- маттагы революционерлер өздөрү УКМКнын СИЗОсунун камера- сын ээлешет.

Жакында Алмазбек Атамба­ев кол астындагыларга эки ото белгилүү “убактылуулар” $5 мил- лионду “уурдап кетишкендиги” тууралуу маалымат пайда болгондугун билдирди.

Президент бейтарап талапкерди чыгарышы мүмкүн

Азырынча Алмазбек Атамба­ев мурдагы шакирттерин ачыкка чыгарганча партияда президенттикке номер биринчи талапкер болуу үчүн күрөш күч алууда.

Жогорку кызматтагы социал-демократтар бул тирешүүлөрдү публикага чыгаруудан да тартынышпайт. Өлкөнүн түштүгүндө командировкада жүрүп Иса Өмүркулов менен Асылбек Жэ­энбеков кантип чырлашкандыгы азыркыга чейин айтылып келатат.

Президенттин тегерегинде ишенимдүү, берилген адамдар да бар, бирок кризистик кырдаалда төшүн отко тосо турган эр жүрөк саясатчылар калган эмес.

Бирок эң негизгиси – Атам­баевдин жанында шайлоочуларды өлкө үчүн туура жол менен алпараткандыгына ишендире турган саясый оор салмактагы адамдар жок болууда.

Партиянын катарындагы бөлүнүүчүлүк жана улам курчуп бараткан саясый кризис Атамбаевди президенттикке бейтарап талапкерлер менен сүйлөшүү жүргүзүүгө мажбур кылышы мүмкүн. Ал мөөнөтү бүткөн пре­зиденттин саясый келечегине керектүү кепилдик бере тур­ган саясатчы боло тургандыгы түшүнүктүү.

Анткени бир гана КСДПнын кадыр-баркы төмөндөбөстөн, бул жагдайдан улам президент да позициясынан кайтууда. Азыр Алмазбек Атамбаевди жалпы эл колдой тургандыгын Алмазбек Атамбаев жеке өзү гана айтууда.

Булак: “Майданkg”

Сапар Исаков “Чайна Роуд” компаниясы аркылуу чоң суммадагы акчаларды уурдап жатабы?

Аташкасынын “сапсарышкасы” Сапар Исаков деген учурунда Максим Бакиевдин көздөй көргөн баласы болгон. ал Максим Бакиевге “коррупциялык схемалар” боюнча идеяларды бергени үчүн жагып, жанында оң колу болуп жүргөн. Мына ошол Бакиевдин куйругу бүгүн Атамбаевдин жанында жандай көргөн кадрына айланды. Башкаларды “бакиевчилер” деп күнөөлөгөн Атамбаев эмнеге жанында чыныгы бакиевчини алып жүрөт? Анын себеби жөнөкөй эле.

Сапар Исаков Мак­сим Бакиевге жагып жүргөн “идеяларын” азыр да аткарып, анын арты менен Атамбаев казынасын кампайтууда.

Буга далилдүү фактылар толтура. Кытайлык “Чайна Роуд” жол куруу компаниясы көп жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп, жол куруп келүүдө. Ал, акыркы жылдары, тактап айтканда 2010-жылдан кийин өтө чоң суммаларды жол курууга короткон. Башкача айтканда тышкы карыздын 2 млрд долларга көбөйүшү “Чайна Роуд” аркылуу жол курууга жумшалган каражаттар. Кытайлык “Чайна Роуд” компаниясы Кыргызстандын аймагындагы жол куруу боюнча жүргүзүлгөн тендерлерге катышпай эле жол курган негизги компания катары белгилүү болуп калды. Себеби, анын артындагы “көмүскө” колдоочусу Сапар Иса­ков экени баарына эле белгилүү болбосо керек.

Кыргызстандын аймагындагы башка жол куруучу компаниялар жолдун 1 чакырымын 500 мин доллардан 750 миң долларга чейин курат. Ал жолдун курулуусундагы чыгымдарына, жайгашкан аймагына жараша. Ошол эле кезде жол куруучу компаниялар мамлекетке салык төлөшөт.

Сапар Исаков жана Калык Сул­танов колдоо кылган “Чайна Роуд” компаниясы 1 чакырым жолду 1 миллион 535 миң 150 доллардан – 3 миллион 112 мин 468 долларга чейин чыгымдап курган.

Булар Бишкек-Балыкчы жолундагы 147-172- км аралыгындагы айланма жолду кайрадан оңдоого жалпы суммасы 38 мил­лион 378 мин 771 АКШ долларын чыгымдаган, ошондо 1 чакырымына 1 миллион 535 мин 150 дол­лар сарптаган. Арал – Казарман авто жолундагы 195-291- км аралыгындагы Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунунун долбооруна 96 чакырым үчүн 298 миллион 796 мин 966 АКШ доллары менен куруп жатышат. Ошондо 1 чакы­рым жолго 3 миллион 112 миң 468 доллар чыгымдалат. Ушундай эле өлчөмдөгү жолдун бир чакыры­мын башка компаниялар 750 мин доллар менен куруп берүүнү сунушташкан.

Тилекке каршы, Сапар Исаков менен Калык Султанов “көмүскө” аракеттерин “Чайна Роуд” аркылуу ишке ашырып жаткандыгына байланыштуу башка компанияларга мүмкүнчүлүк берилген эмес. Ал тургай “Чайна Роуд” мамлекеттин казынасына 1 сом да салык төлөбөйт. Муну менен Сапар Иса­ков, Калык Султановдор аябай чон суммадагы каражаттарды уурдап жатышат. Булардын кесепетинен, Кыргызстандын тышкы карызы 6 жылда 4 миллиард 105 44 долларга жетти. Ушул жүйөөлүүсебептерден улам, мурдагы Максим Бакиевдин эң ишенимдүү, коррупциялык схемаларынын түзүүчүсү Сапар Иса­ков президенттин жанында эмнеге эркин жүрөт деген суроо жаралат. Мындай келемиштер жазага тартылуунун ордуна бүгүн прези­денттин эң жакын адамы катары кызматтан-кызматка көтөрүлүп жатканы өкүнүчтүү.

Акыркы жылдары карыздын 2 миллард долларга көбөйүшү Сапар Исаков менен Калык Султановго байланыштуу. “Чайна Роуд” ком­паниясы Сапар Исаковдун колдоосуна таянып 2-3 эсе кымбат чыгым менен жол куруп, ашкан суммаларды Сапар Исаковго берип жатат. Муну текшерген эч ким жок, булар ээн эркин элди карызга батырып, өздөрү байып жатат. Эки-үч адамдын ач көздүгүнөн улам Кыргызстандын 6 миллион калкынын ар биринин мойнуна 22  000 сом карыз илинүүдө. Акыркы 6 жылдагы өскөн 2 млрд карыздын  1млрд доллары Калык Султанов менен Сапар Исаковдун чөнтөгүнө кеткен. Президенттин энчисине канчалаган пайызы кетип жатканы ал табышмак…

Булак: “Майданkg”

Саясий туткундар сот өкүмүн 22-мартта угат  

 

Кечзэ, 7-мартта Биринчи Май райондук сотунда абакта жаткан оппозициялык ишмерлер Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов жана Эрнест Карыбековго сот өкүмү чыкмак. Бирок, адвокаттардын биринин ооруп калгандыгына байланыштуу, сот 22-мартка жылдырылды.

Мамлекеттик айыптоо төртөөнүн тең “бийликти басып алууга аракети” далилденгенин айтып, К.Кадыровду менен Б.Асановду 15, Д.Сарыгуловду 12, Эрнест Карыбековду үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 22 жылга абакка кесүүнү соттон талап кылган. Эске салсак, сот жабык өтүүдө.

Ошол эле учурда дал ушундай негизде камалган “Элдик парламент” саясий уюмунун мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков, Марат Султанов, Тойгонбай Калматов, Төрөбай Колубаев жана Александар Гусевдердин иши да аталган райондук сотто аягына чыгуу алдында турат жана ал да жабык болууда.

Жогоруда аты аталгандардан жалгыз гана Дастан Сарыгулов ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Буга чейин бийликтин эл уулдарын негизсиз куугунтуктап, камоого аракетгенгенин айыптап, Талас эли митингге чыккан. Кечээ болсо Жалал-Абад облустук администрациянын алдына Бектур Асановдун тарапташтары митингге чыкты. Абактагы саясий туткундарды бошотуу талабы ме­нен чыккан 200дөй адам 22-мартта кайра чыгышаарын, эгер эл талабы аткарылбаса, 24-мартта республика боюнча масштабдуу акциялар уюштуруларын маалымдашты.

Митингдер сезону муну менен бүтпөйт. Кара-Кулжада Д.Чотоновдун, Базар-Коргон менен Бишкекте Ө.Текебаевдин жактоочулары “бийликти уктатпайбыз” дешүүдө. Деги аман калабызбы?

Булак: “Майданkg”

Меню