Menu

КООМ

Митингдер кыргыздын мүнөзүн өзгөрттү

Митингдер бизге Бакиевди берди, Атамбаевди берди, эки жолку чоң морадерчулукту жана 86 адамдын ажалын берди бирок, бир да сабак бербей койду. Митингдер кыргыз элинин аң-сезимине эркин ойлонууну же демократиялуу ой жоруудан мурда агрессияны көбүрөөк сиңирди, бири-бирин сыйлабоону көбүрөөк үйрөттү, чындыктын, мыйзамдыктын алдында тоготпостукту жана бетбактыкты үйрөттү.

Митингдер ошого көндүрдү. Кыргыздын мүнөзү өзгөрдү. Чындыкка эмес, аянттагы элдин санына, караанына, кыйкырыгына карап баа бергенге үйрөттү. Эл баарыдан мурда кара күчкө жүгүнүп калды. Митингдер кыргыздын касиетине ОБОНчулардын образын кошту, танк менен тепсетсең да кеп сиңире албаган ажаандыкты үйрөттү. “Бул эне эмес, бул кыргыз эмес!” деп кыргыздар кыргызга түкүрдү. Кыргыздан кыргыздар түңүлдү. Эзелкинин уй мүйүз тарткан жыйындарынын, туура сөзгө сынган касиеттин ашмалтайы чыкты! Анткени эки тарап уй мүйүз тартып бирикпейт, анткени туура кепке сынбай калдык. Түндүк менен түштүккө эмес эми “тигилер” менен “биздикилерге” бөлүндүк. Кыргыз короосуна ушундай жаңы бороон кирди. Бийлик – түрмө менен, эл ыңкылап менен коркуткан заман болду. Ак үйдүн СССРден калган күчү менен сүрү бар эле… бүгүн аны түз эле атканага теңеп сөгүнчү болдук. Каратаман калк ак үй менен аянттын ортосунан чындыкты ажыраткандан, издегенден адашты. Чарчадык, тажадык деген байкуш элдин ого бетер алты айласын кетирди: ак үй менен аянттын “чоңдору”. Кызыкчылыктын жана саясий кумардын апогейине жеткенде “Калайык, Ата-Мекен коркунучта!!!” деп жар салышты. Бийлик, эки ыңкылапты көргөн бийлик – жакаңды карматып кечээки мурдунун учундагы катаны кайталагандан тажабады. Ажо, эки ыңкылап жасадым деген ажо – бир үмүт шамын жагалбай, башкаруу жолун табалбай койду. Ыңкылаптын маани-маңызы бузулду. Ыңкылап ал болгону өчөшкөн саясатчылардын бири-биринен өч алышкан күрөшүнө айланып барат… Аянттын айрым жасалма ораторлору дагы эле болсо “сен от жүрөк” деп жаштарды далыга таптап окко айдоого даяр турушат. Ыңкылап үчүн кан төгүү бул “өлгөндүн өз шору” деген арман болоорун биздин турмуш ырастады. Кайдыгерлик жаман бирок бүгүнкүдөй сая­сий кыл чайнашта бир жагына от бүркпөй, ынтымак менен сабырга үндөгөн тарабында көбүрөөк болсок экен! Элдер, саясат менен бийликке – “бир келген дүйнөдө деп, атасынын көрү деп, мен да татып көрөйүн”, “мен да элден калбайын”- деген принципти адат кылып келгендей сезилет. Элге деңгээл менен эмес, саясий жана адистик билим менен эмес башка жол менен, “сыйлоо” ме­нен кызмат кылуу амалдуу ыкмага айланды. Интеллигенция

деген уюткуну кеп кылуудан калдык. Анткени ал деңгээлде биз жукардык. Ишенген кожолор бир тараптуу сүйлөп жулкунуп чыккан мүнөттө ишенимден чийилчү болду. “… Алды, артыңдан тал кармаар “ учур келди. Элге бүгүн улуу кептен улап, Манастап ураандасак таасирдүүбү же мечитке жыйнап такыбалар насаат айтса жакшы сиңеби, билбей калдык. Не дегенде Кыргыз эли башынан кечирген эреже салт, философиябыз да, тутунган динибиз да бизди бириктирбей келет. Биз батышты карайбызбы же чыгыштыбы, кай жагы болсун баарынын бир эле сыры бар экенин ал – мыйзам экенин унуттук. Өнүгүүнүн он түркүн системасы болгон менен жандырмагы – мыйзамын кастарлап, сыйлоодо экенин эстен чыгардык. Мамлекетке салыкты келесоолор төлөй берсин деген “кыйындыгыбыздан” арыла элекпиз. Демократия дейбиз. Ар демократиянын өз чындыгы бар. Өз кан-жанынан, тарыхынан чыккан чындыгы бар. Биздин тарых Европа менен Америкада өткөн эмес. Биздин демократиябыз ар коктудан келип кепке келише алганыбыз, аксакал экен деп төргө өткөзө алганыбыз, ич күйсө да эринди тиштеп эпке келгенибиз ошол биздин де­мократия. Эзелкинин эрежесинен чыкпай, ичкен касамынан коркконубуз ошол биздин – демократия. Качан бул касиетибиз сакталып турса – де­мократияны демократия дебей манасыя дейсиңби, ханасыйа деп коёсуңбу анын айырмасы жок. Демократия бул күндө жашооңду аралап, тирилигиңди түзүп турушу керек. Ал колуна кармалып, тишке салсаң чайналып тургандай кан болуп денебизде айланышы керек. Кыргызга жаман көрүнүштүн баары Батыштан, Европа менен Америкадан келген дейбиз. Бирок каргаша болуп башка иш түшсө бүт чындыкты, адилеттикти ошол жактан издейбиз. А адилеттүүлүк – гумандуулук менен ыймандуулук бар жерде болот. Биз адилеттүүлүк түзө албаган өлкөдө жашайбыз. Батыш бүгүн согуш болуп атат деп Жакынкы Чыгыштан, ачкачылык болуп атат деп Африкадан агылган жүз миңдеген качкындарды жайгарып, үй- жай берип багуу менен алек. А биз кыргыздар, башканы кой, тажик менен афгандык кыргыздарды кой “түштүктөн кел­ген кыргыздар” деп жеришип отурабыз. Болбосо, “курама кылып – журт кылган” ал – башкадан мурда биздин сапат болушу керек эле.

“Ар бир революция таарыныч менен башталып таарыныч менен бүтөт” дейт. Элге бүлүк салып ыңкылап кылаарын кылып алып кайра бурч-бурчтан таарынгандар чогулуп аягы жок айлампага түшпөсөк экен. Дүйнө коомчулугун мындай коёлу мобуреки коңшу өзбек менен казак туугандарга күлкү болбосок экен. Дүйнө картасында кыргызга сабак болчу сыйкырдуу сандар турат, ал: 30 миллионго чукул уйгур менен 50 миллион күрд элинин чийилген картасы, эш туткан өлкөсү жок экендиги. Бул чыркыраган чындык. Эмесе, Кыргызды кудай бүтүн кылсын аруулайын Ала-тоосунда.

Булак: “Ачык саясат”

“Ош шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо” долбоорунун жалпы наркы – 7 млн 300 миӊ евро

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Ош шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация тутумун калыбына келтирүү боюнча насыялык макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу КР ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарынын суу менен жабдуу тутуму өткөн кылымдын 50-жылдары курулгандыктан, алар алмаштырылууга муктажы. Ошондон улам, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен “Ош шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” долбоору боюнча 7 млн 300 миӊ евро көлөмүндө насыялык жана гранттык келишимдерге кол коюлган.

Азыркы учурда аталган долбоор аяктоонун алдында турат. Бул долбоор боюнча төмөнкү иштер аткарылды:

– суу эсептегич счётчиктерди сатып алуу жана орнотуу;

– суу менен жабдуу тутумдарын алмаштыруу;

– насостук станцияларды реконструкциялоо жана реабилитациялоо;

– канализация тутумдарын кеңейтүү;

– суу сактагыч курулмаларын калыбына келитрүү.

Бирок, баарыга белгилүү болгондой, Ош шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын толук оӊдоо дагы бир топ каражат керек. Ошондон улам, азыр ал долбоордун кезектеги фазасын ишке ашыруу милдети турат.

Долбоордун жалпы өлчөмү 10 млн 765 миӊ еврону түзөт, анын ичинде:

1. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан – 2,5 млн евро (насыя);

2. Европа инвестициялык банкынан – 2,5 млн евро (насыя);

3. Европа бирлигинен – 4,750 млн евро (грант);

4. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан – 1,265 (грант).

Долбоордун алкагында КР Өкмөтү тарабынан кош каржылоо шарты, ошондой эле республикалык бюджеттин эсебинен чыгымдар каралган эмес.

Талкуу жүрүшүндө депутат Улан Примов жергиликтүү бийлик органдары эл аралык каржы уюмдарынан алынган мындай насыя каражаттарынан өз алынча кутула албасын, жергиликтүү бюджетте карыжылык мүмкүнчүлүктөр аз экенин билдирди. Каржы министри Адылбек Касымалмев валюталык тобокелчиликтердин баарын Өкмөт өзүнө аларын, жергиктүү бийлик насыядан өз маалында кутула албаса, ал республикалык бюджеттин эсебинен төлөнөрүн же насыяны кайра түзүмдөштүрүү жолдору карала турганын айтты.

Акин Токтоналиев, адвокат, укук коргоочу: “Максат ажы үч жыл бою муфтий болуп иштеп мыйзамсыз маяна алып, мусулман коомчулугун алдап жүргөн”  

 

Азыркы муфтий Максатбек ажынын тиешелүү диний билими жок, ал мусулмандардын укугун анча коргой албай, кайдигерлик кылып жатат деген Акин Токталиев менен байланышып, суроолорубузга жооп алдык.

-Акин мырза, маалымат жыйын берип, муфтий тууралуу айткандарыңызды муфтияттан жокко чыгарып, Максатбек ажы Скря­бин атындагы айыл чарба институтунан зоотехник адистигине ээ болгонун жана Пакистандын Лахор шаарындагы “Алъ-Арабия” университетинен билим алганын айтышты го? Буга кандай жооп кайтарасыз?

-Максатбек ажы жогорку би­лим алдым деген “Аль-Арабия” деген окуу жай Пакистанда жо­горку окуу жайга кирбейт экен. Айтайын дегеним, “Аль-Арабия ” диний окуу жайы тууралуу Дин комиссиясынын директору Орозбек Молдалиевге Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен 04.06.2015-жылы №16-025/6101 номерлүү кат ме­нен маалымат беришкен. Ал документти жакын арада эле көрдүм. Кайсы тармак болбосун адилеттүүлүк орун алсын деген максатта ошол маселени көтөрүп, Максат ажы үч жыл бою муфтий болуп иштеп мыйзамсыз маяна алып, мусулман коомчулугун алдап жа­на КМДБнын уставын бузуп жүргөнүн айтып чыктым.

-Муфтий тууралуу тараткан терс маалыматтарыңыздан улам аны менен мамилеңиз начар окшойт деген ойго кептелет экенсиң. Азыркы муфтий менен кандай мамиледесиз?

-Негизи муфтий Максатбек ажы тууралуу коомчулукта терс пикир жаратайын деген деле оюм жок. Чынын айтсам, Максатбек ажы менен абдан жакшы мамиледемин. Мен аны, ал мени сыйлайт. Башкача айтканда, пофессионалдуу укук коргоочу жана адвокат деп мага урмат-сый менен мамиле кылат. Бирок орустар “Платон мой друг, но истина дороже” дегендей, мен КМДБ өздөрү кабыл алган мыйзамдуу устав сакталсын де­ген гана ой менен ушул маселени көтөрүп, бул нерсе кийинки шайланчу муфтийлерге сабак болсун деп жатам. Анткени эртеби-кечпи жасалма сөздөр, дипломдор айтор, ар кандай терс иштери бүгүн жашырганы менен эртең эле ачыкка чыгып калат деп ойлонсун, өзгөчө молдокелер мыйзамды сыйлаганды жана аны аткарганды үйрөнсүн деп жатам.

-Муфтийликке am салышсамбы деген оюнуз барбы? Муфтий Максат ажыга кар­шы топтун заказын аткарып жаткан жоксузбу?

-Мен өзүм укук коргоочумун жа­на адвокатмын, өз профессионалдуу ишимди гана аткарам. Менде муфтий болот элем деген ой жок. Себеби диний билимим жок. Муфтийликти талаша албайм. Өзүм да муфтийликке жарабайм. Кабыл алынган мусулмандардын уста­вы бурмаланбай так аткарылсын деген гана таризде ошол маселе­ни көтөрүп, өз көз карашымды билдирип жатам. Чынын айтсам, мага муфтийликке ким келгенинин айырмасы жок. Эң негизгиси, муфтийликке мусулмандардын укугун коргогон адам келиши керек. Эгер чала сабат адам келсе, ал бийликтин марионеткасы бо­луп, ажылыкта акча бөлүшкөндөн башка иш алып бара албай калат.

Өкүнүчтүүсү, 1700дөн ашык момун мусулмандар мыйзамсыз экстремист деген жалган жалаа менен соттолуп кетишти. Масатбек ажы болсо аларга арачы түшө албай кайдигер мамиле кылып, мен келтирген далилдерди бийликке жеткире албай мококтук кылып жатат. Ушул жагынан кара­ганда, мусулмандардын таламын талашкан адам муфтий болсо де­ген оюм бар.

-Сизди экстремист, террористтердин демилгечиси деген маалымат чыкты эле. Ал сөздүн аныгына чыга алдыңызбы?

– Мени аз жерден экстремист – террористтердин уюштуруучусу, демилгечиси деп, сот жообуна тарттыруу үчүн УКМКга жашыруун катты Дин комиссиянын ди­ректору жибериптир. Ал аз келгенсип, Акин Токталиев эл аралык уюмдан акча алат террорист-экстремисттин уюмун коргош үчүн жана ызы-чуу салыш үчүн деп жазышыптыр. Мен айткан жашыруун каттын ээси менен соттошуп жатам. Мага өтө чоң оор кылмыш кылды деп жазыптыр, ошону далилдеп бергиле деп, 2015-жылдын июнь айынан бери соттун аягына чыга албай жатабыз.

-Чубак ажыны да президенттик тактан көргүсү келгендер бар экен. Өзү Чубак ажыга ишенгендер барбы?

-Чубак ажы негизи реформатор муфтий болгон. Бийлик менен теңтайлашып, мусулмандардын укугун коргой алат жана бийлик­тин кетирген кемчилигин саясатчыларга окшоп беттен албай, Куран, хадистерди айтып, тарыхта падышалар, вазирлер, соттор кан­дай болгон жана кандай болуш керек экенин жалпак, жумшак тил менен түшүндүрөт. Ал эми коомчулукка болсо падышаны жана анын өкүлдөрүн кандай мамиле жасашты айтып даават жасап ми­тинг, пикет дегенди жоготот, Сирияга адашып кетип жаткан элди токтотуп, кеткендерди чакырып алып келет. Мусулман өлкөсү президентке караганда Чубак ажы­га ишенет. Ошондуктан инвестицияны Чубак ажы жеңил алып келип, кыргыз элин бир заматта байытып жибере алат. Азия жана Россияда билими ага тең келген бир дагы муфтий жок. Чубак ажы президенттикке койсо да эл колдойт, бирок ал саясий жагынан жаш, такшала элек. Ошондуктан “карышкырларга” алданып калышы мүмкүн.

Булак: “Фабула”

Атасынын коргоочусу катары Ай-Данэк Текебаева оозго алынууда

Биринчи очогунда бакыт болсо, үлгүлүү үй-бүлөнү жарата алсаң, андан соң коомдук иштерге, саясатка аралашканың маанилүү боло турганы анык. Ошондо гана ийгиликгүү баскычтарга, бийиктикке көтөрүлөсүң. Митингдерден күбө болдук. Камактагы Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл айым абдан күйүмдүү жар экенине көзүбүз жетти. Ал эми Өмүкенин тун кызы Ай-Данэктин билдирүүлөрү, интервьюлары интернет айдыңында эң көп окулуп атканына баа бердик. Көпчүлүк катмар Ай-Данэктин орундуу сөздөрүнө, кайратына ыраазы болушууда. Бул кыз атасынын эң башкы коргоочусу экен! Мына ушундай көрүнүштөн соң, аны миңдеген интер­нет сүйүүчүлөрү колдошуп, жылуу маанайдагы каалоолорун жазышууда. Мындай зээндүү кызы турганда Өмүрбек Текебаев түрмөдө убактылуу жатса дагы бактылуу болсо керек…

Булак: “Азия ньюс”

“Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо” долбоорунун жалпы наркы – 6 млн 200 миӊ евро

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация тутумун калыбына келтирүү боюнча насыялык макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу КР ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Чолпон-Ата шаарын инженердик инфратүзүм менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды ишке ашырыш үчүн ири өлчөмдөгү каражаттар талап кылынат. Тилекке каршы, Чолпон-Ата шаарынын мэриясында мындай каражат жок болгондуктан, бул маселенин чечүү үчүн тышкы жана ички инвестицияларды тартуу зарыл. Ошондон улам, Өкмөт Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына кайрылган.

Долбоордун жалпы суммасы 6,2 млн еврону түзөт, анын ичинен:

1. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан – 1 млн евро (насыя);

2. Европа инвестициялык банкынан – 1 млн евро (насыя);

3. Европа бирлигинен – 3,1 млн евро (грант);

4. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан – 1,1 млн евро (грант).

Долбордун алкагында КР Өкмөтү тарабынан кош каржылоо шарты, ошондой республикалык бюджеттин эсебинен каржылык чыгым каралбайт.

Өмүрбек Абдрахманов, мурунку депутат: «Текебаев менин тилимди укканда камакка алынмак эмес»

 

— Өмүрбек байке, саламатсызбы. Текебаевдин камалышы тууралуу сиздин ойду уксак, сиз айтып жүргөн маселе менен камалбадыбы?

— Мен мурун айтсам Атамбаев да, Прокуратура да (Салянова) көңүл бөлбөй койгон. Анда эки дракон «дос» эле. Эми экөө согуша кеткенден кийин орустарды таап Текебаевди камакка алышты. Эгерде ошол маалда Текебаев менин тилимди укканда камакка алынмак эмес.

— Сиз бир миллион долларды орустар алып келгенин, Текебаев алганын көргөнсүзбү?

— Мен көргөн эмесмин, орустар менен жолугушуусуна катышкам. Андан кийин Чотонов 1 миллион доллар алып, партиянын ишине жумшаганын айткан.

— Маевский менен сиз да жолуккансызбы?

— Текебаевдин кабинетинде жолукканбыз. Мен “Мегаком” боюнча комиссиянын башчысы элем. Ошон үчүн мени да Текебаев чакырган.

— Маевскийдин билдирүүсүндө сиздин атыңыз аталбаптыр го?

— Ал менин фамилиямды эстеп жүрүптүрбү же мага акча бербесе…

— Сизди «Ата-Мекенчилер» коркутуп жатабы? Коркутуп жатат деген маалымат чыгып кетпедиби?

— Жок. 5-каналга интервью бербей койсом ошентип жазышыптыр.

— Текебаев сизди ушул маселе боюнча сотко берип, утуп алган болчу. Эми сиз аны сотко бересизби?

— Көрөбүз аны.

— Демократ саясатчы, эл өкүлү болгон кишисиз. Текебаевди аэропорттон күч колдонуп кармап кеткени мыйзамдуу болдубу?

— Кармай турган болгондон кийин каяктан кармаганы маанилүү эмес. Түлеевди үйүнөн алып кеткенде бала-бакырасы боздоду деп жазгансыңар.

Булак: “Жаңы Ордо”

Күйөө баласы 77 жаштагы кайын энесин өлтүргөн

Бишекте 77 жаштагы кайын энесин өлтүрүп, өз аялын да өлдү деп таштап кеткен Руслан аттуу жаран кармалганын милициядан кабарлашты. Маалым болгондой окуя 23- январда болгон. Анда 42 жаштагы Елана аттуу аял Руслан аттуу жарандык никедеги күйөөсү менен арак ичип, андан соң Руслан Еленанын апасынан акча талап кылган. Акча жоктугун айткан анын апасын дароо таш менен башка чаап өлтүрүп, апасына болушкан Еленаны муунтуп, акыл-эстен танганда өлдү деген ой менен таш­тап кете берген. Бирок бактыга жараша Елена аман кал­ган. Ал Русландын колунан апасы каза болуп, өзү өлүмдөн аман калганын милицияга кабарлап, милициялар ошондон бери кылмышкерге издөө салып, кечээ жакында эле аны кылтакка илишкен. Тергөө маалында ал буга чейин үч жолу сот жообуна тартылгандыгы аныкталган.

Булак: “Фабула”

Россиядан жаңы мобилдик клиникалык автоунаа келди

Жалал-Абад шаарындагы облусттук биргелешкен клиникасына Россия Федерациясынан “КАМАЗ” автомашинасына орнотулган дөңгөлөк үстүндөгү жаңы мобилдик автоунаа клиникасы келди. Бул туурасында өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Бул жаңы мобилдик клниканы Россия Федерациясынын Саламаттыкты сактоо министрлиги “СПИД инфосвязь ЮНЭЙДС” долбоору аркылуу Кыргызстанга гумманитардык жардам катары акысыз тартуулады.

– Жалал-Абад облусттук клиникасына Россия Федерациясынан гуманитардык жардам катары аксыз келтирилген мобилдик автоунаа клиникасынын келишине КРнын Саламатыкты сактоо министрлиги менен өкүл Кыянбек Сатыбалдиевдин түздөн-түз демилгеси болгондугун баса белгилеп кетмекчимин. “КАМАЗ” автоунаасына орнотулган мобилдик клниканын жалпы наркы 12 млн. 500 миң рублди түзөт. Мобилдик автоунаа клиникасынын негизги функциясы алыскы тоолуу келген айыл-кыштактардын калкына медициналык натыйжалуу жардам көрсөтүү болуп саналат. Жаңыдан келген мобилдүү автоунаа клиникасына УЗИ аппараты, электрокардиограммалык аппарат, лабораториялык анализ жана акушердик-гинекологиялык жабуулар орнотулган. Мында дарыгер-терапевт баш болгон 5 дарыгер адистер иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Жаңы автоунаа мобилдик клиникасынын жардамы менен эми биз алыскы Токтогул районунун Толук жана Сары-Камыш айылдарына, Чаткал менен Тогуз-Торо райондорунун тоолуу алыскы айылдарына барып, калктын ден соолугун профилактикалык текшерүүгө жана дарылоого толук мүмкүнчүлүк алдык,- дейт Жалал-Абад облусттук клинкасынын директору Жаныбек Карабаев. Жалал-Абад облустук биргелешкен клиникасынын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Мелис Баймуратов жана усулдук уюштуруу иштери боюнча директордун орун басары Гүлбарчын Рахманова жаңы келген дөңгөлөк үстүндөгү мобилдик клиника облустубуздун калкынын ден соолугуна профилактикалык көзөмөл жүргүзүүдө жана дарылоо иштерин өз убагында жана сапаттуу алып барууда пайдасы абдан чоң экендигин баса белгилешти. Облусттук биргелешкен клиникасынын ак халатчан дарыгерлерине март айынын орто ченинде Россия Федерациясынан атайын дарыгер адистер келишип, мобилдик клиниканы натыйжалуу иштетүү боюнча бул жердеги дарыгер-адистерге кеп-кеңештерин берип кетишээри айтылды. Бул салтанаттуу иш-чарага КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинен дагы өкүлдөр келип катышаары күтүлүүдө.

Артур Медетбеков, коомдук ишмер: “Атайын кызмат документтерди жибергенде элчилик эмес, президенттин жанындагы көп адамдар билбей калышы мүмкүн”

 

— Артур мырза, кечээки Ата-Мекен фракциясы тарабынан Президент Алмазбек Атамбаевге жана анын жубайына тийешелүү болгон документ жөнүндө эмнелерди айта аласыз? Дача-СУга кулаган учактагы жүк чын эле өлкө башчыга жана биринчи айымга тийешелүү болуп калышы мүмкүнбү?

— Бул маселени эки тараптуу карасак болот. Биринчиси, эң негизгиси, атайын документтер президенттин атына жазылган документ экен. Ал документтин кандайдыр бир иштердин же кызык окуялардын негизинде документтин көчүрмөсү башка адамдарга түшүп калганы өтө таң калыштуу. Экинчиден, бул документ оперативдүү маалымат. Оперативдүү маалыматтын ушундай деңгээлде жазылышы дагы күмөн. Үчүнчүдөн, бул документ окуялардын жана ушул окуяга катышкан фигуралардын аттарынын аталышы дагы кандайдыр бир деңгээлде күмөндүү ойлорду элестетет. Мындан тышкары ачыгын айтсак, кээде ушуга окшогон документтерди авиа компаниялар камсыздоону төлөбөш үчүн кандайдыр бир адамдарды жалдап, же өздөрүнүн атайын кызматтагы адамдарын жалдап кандайдыр бир документтерди даярдап элге таркатууга, ошондой эле биздин мамлекеттеги оппозициялык маанайдагы адамдарга маалымат катары жиберүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн учурлар пайда болот. Ачык эле айтыш керек, ушуга окшогон маалыматтардын айынан дүйнө жүзүндө согуштар дагы болуп келген. Мисалы, Англиянын атайын кызматынын адамдары убагында Иракта химиялык оор жарылуучу заттар бар деп туура эмес маалымат бергенинин негизинде кийин согуш ачылып кеткен. Же болбосо алыс кетпей эле биздин мамлекетте дагы жогорку бийликке кете турган документтер жоголуп, же болбосо кандайдыр бир деңгээлде ачыкка чыгып калган учурлар дагы көп эле кездешкен. Ошондуктан бул документти бүгүнкү күндө көңүл буруп, чын эле жасалма экендигин же чындыгын такташ үчүн карап чыкса болот. Себеби канткен менен айып тагылып жатат, бул боюнча бүт коомчулукка билдирүү болгондон кийин каралып чыгышы керек. Эң негизгиси 40 жараныбыз каза болуп, ушундай кырсыкка туш кылган контрабандалык жол менен келген учактар деп биз эсептеп жатабыз. Мен буга толугу менен кошулам. Себеби буга чейинки президенттердин убагында, бүгүнкү күндө дагы транспорттук, авиа, темир жолдору менен келип жаткан товарлар келген жана азыр да келип жатат. Бул ушунчалык коррупциялык схемага өтүп кеткен. Ошондуктан мындан кутулуш, арылыш өтө кыйын болуп калды. Былтыр Белоруссиянын президенти чоң бир жыйында “Кыргызстандын чек арасында чоң тешик бар, тешиктен контрабандалык жолдор менен товарлар келип турат”-деп айтты. Буга чейин дагы бир нече жолу анализ болуп келген. Биздин Кыргызстанга келген товарлардын баасынын суммасы башка мамлекеттен чыккан товарлардан 10 эсе аз көрсөтүлүп, абдан төмөн болуп кеткен. Бул ушундай ачыктан ачык, биздин Кыргызстанда болуп жаткан контрабандалык системалардын дагы деле иштеп жаткандыгын билдирип турат. Эми буларга жогорку деңгээлдеги атка минерлердин тийешеси бар, буга эч ким күмөн санабайт деп ойлойм. Мындан сырткары чек ара, бажы тармагынын кызматкерлери ушуга байланыштуу болгон укук коргоо кызматкерлери бул боюнча муну көп жылдардан бери жакшы билишет. Алардын кээ бир ыплас схемалуу жол менен иштеген жетекчилеринин иштерин же ушуга байланыштуу иштеген адамдары кийлигишип ушул боюнча шугулданып келишет. Буга бөгөт коюу абдан оор болуп калган. Жөнөкөй эле мисал бүгүнкү күндө Кыргызстандан өзүбүздүн жакынкы эле мамлекеттерге контрабандалык жол менен чыгып жаткан күйүүчү майлар дагы деле болсо болуп турат. Бул боюнча бир нече деген мисалдар дагы келтирилген, ошондуктан бүгүнкү күндө бул абдан татаал опурталдуу иш. Биздин укук коргоо органдары ушул боюнча териштирүү иштерди таза, чын, адилеттүү, Кыргызстандын мыйзамынын негизги нормалары менен туура көргөзсө көп контробандалык жол менен шугулданган жогорку деңгээлдеги атка минерлердин ысымдары эмес алардын схемалары кошо чыгып калышы мүмкүн. Бирок бүгүнкү күндө ушундай болуп калышы коомчулукту абдан ойлондурат.

— Турциядан келген документте 18 ката бар экен. Ушунча катадан кийин бул документтин “чындыгына” кантип ишенсе болот?

— Өткөндө “Белизгейт” маселеси чыкканда ондон ашык ката чыккан. Ондон ашык ката чыккандыктан оперативдик негизде айыптоолор болгон. Азыр деле ошонун жообу болуп жатат. Президентке жазылган расмий документтин үтүрүн же чекитин койбой койсо башка болмок. 18 ката болушу мүмкүн эмес эле. Мен жана да айттым, азыр да айтам ушуга атайын кызыктар болгон компаниянын, камсыздандырган агенттиктин кызматкерлери дагы таасирин тийгизиши мүмкүн. Же болбосо Турциянын өзүндө дагы президентке каршы иштеген адамдары бар. Себеби былтыр төңкөрүш болуп кете жаздап араң калышпадыбы. Дагы деле болсо алардын арасында жашыруун негизде ага каршы иштеген адамдар дагы пайдаланышы мүмкүн. Же болбосо шылуундар кандайдыр бир деңгээлде ушундай документти жасап, оор трагедиялуу окуядан акча табыш үчүн шугулданган учурлар дагы болот. Документти баардык жактан карап, мүмкүнчүлүк болсо коюлган мөөрлөргө байланыштуу текшерүү иштерин жүргүзсө ким аркылуу жасалганы чыгып калышы мүмкүн. Ачык эле айтаар элем, бул боюнча элчилиги билдирүү жасады. Чалгын же атайын кызматтын кызматкерлери документтерди жибергенде элчилик эмес, президенттин жанындагы көп адамдар билбей калышы мүмкүн. Бул документти кээ бир ошол жактагы адамдар кийин таппасын деп бурмалап атайын ката да киргизиши мүмкүн. Бул териштирүү жана иликтөөнүн негизинде көп нерселер белгилүү болот.

Булак: “Жаңы Ордо”

Гүлмира Үмөталиева, “Сезим” кризистик борборунун адиси: “Ата-энеси чырдашкан үй-бүлөдө балдардын тагдыры татаалдашат”

 

Үй-бүлөдөгү зордук- зомбулуктан канча аялдын жаны кыйылды. Канча аял, канча эне эрдин кырча тиштеп күйөөлөрүнүн, ичтен чыккан ийри жылан уулдарынын зомбулугуна, бекерпоздугуна чыдап жашап келишет. Коомдо азыр баары жакшы жашоодо жашап жаткан жок. «Сезим» кризистик борборунун адиси Гүлмира ҮМӨТАЛИЕВА аялдар тууралуу ой бөлүштү.

Азыркы учурда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, аялдардын өз жанын кыюусу, энелер өлүмү азайбай, ошол бойдон эле калууда. Сиздерге да ушундай тагдыры талкаланган энелер кайрылат. Ошол кыйналган аялзаттары, энелер тууралуу өз оозуңуздан уксак?

-Акыркы убакта аялдар арасында суицид же өз жанын кыйган же кыюуга алып барган фактылар жок эмес. Учурда «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова ушун­дай бир оор кылмыш боюнча соттук процесстерге катышып жатат. Мыйзам боюнча соттук териштирүү жүрүп жаткаңдыктан, бул тууралуу маалыматтарды азыр ачыкка чыгара албайбыз. Бирок, келечекте бул сот иши кандай аяктаса, ошондой билдирүү жасалат го.

Аялдар арасындагы оор кырдаал бул бир нече факторго жараша болот. Экономикалык, психологиялык басмырлоого алынган айрым аялдар мындай абалдан чыгуунун жолун таппай, өз жанын кыюу менен маселени чечүү жолун көрүп калышат. Мындай учурда үй-бүлөдөгү ар бир адамдын психологиялык саламаттыгына көңүл буруп, жакын адамдарга кол сунуп, жардам көрсөтө билсек, айрым өлүмдү дагы алдын алса болот.

Ошондой окуялар кездешеби?

-Мен бир окуяны айта кетсем. Алыскы аймактагы бир келин кайненеси жана колундагы баласы менен чогуу жашап жатышкан. Анын күйөөсү Москвага иштегени кеткендиктен, жаш келин эч жакка чыкчу эмес экен. Атургай өз телефону болбогондуктан, жолдошу менен кайненесинин телефону аркылуу сүйлөшчү. Күндөрдүн биринде ал чарбасындагы койлорду жайып жүрүп жоготуп алган. Бир күндөн кийин койлор табылганы менен бир кой кем болгон. Бул үчүн келин өзүн күнөөлүү сезип, өз жанын кыюуга аракеттенген. Мүмкүн кайнене катуу айткандыр, балким келин бул кой жоготууга ага чейинки бук болгонун кошуп, абалды татаалданткандыр. Бирок, кийин кайын журту келинди кетирүүгө аракет кылып, ажыратууга чейин барышты. Бактыга жараша, сүйлөшүү жолу менен ортодогу түшүнбөстүктөр чечилип, учур­да кайрадан жаш үй-бүлө өз жашоосун улантууда.

Азыркы жаш үй-бүлөлөрдө ар кандай оор кырдаалдар кездешип калат. Кырдаалды күчөтүп, татаалдантып жибербеш үчүн эмне кылуулары керек?

– Кандай гана оор кырдаал болбосун, чечилбей калчу маселе жок. «Сезим» кризистик борборунун ишеним телефону күн-түн дебей 0312-51-26-40 номери аркылуу кабыл алууну жүргүзө берет.

Айрыкча жаш үй-бүлөлөр ар кандай оор кырдаалга туш болгондо туугандарга айтып (кай­ын журт, төркүн) чуркабай, нейтралдуу тарап – психологдорго кайрылып, болгон абал­ды түшүндүрсө, балким андан чыгуунун жолдорун өз алдынча издеп, кыйын кырдаалдан чыкса болот. Тилекке каршы, учурда үй-бүлө күтүүгө жаштар тургай, жаштарга үлгү болчу улуу адамдар дагы азайып бара жаткандай. Баардык нерсе материалдык нерседен, дүнүйөдөн турбайт да. Бирок, акыркы убак­та дал ушуга басым жасалууда. Ошондуктан, тарбиядагы өксүктөр жаңы үй-бүлө курулганда пайдубалы жок имараттай урап, кулап жатат. Мисалы, ата-энеси дайыма урушуп жашаган үй-бүлөдөн кыз дагы, уул дагы эмне тарбия алат? Экөөнүн урушунда балдар «курал» катары колдонулуп, атургай аларды тигил же бул тараптын сөздөрүн ташууга үйрөткөн учурлар жок эмес. Биз эч качан баардык үй-бүлө мүчөлөрүн бири-бирине карама-каршы койбошубуз керек. Мисалы, кайнене менен келин – булар бир эле функцияны аткарат. Бирөө улуу муун, экинчиси кийинки муун, үй-бүлөнүн очогун улантуучу. Ошондуктан, кызды да, уулду дагы турмушка чыкканга чейин психологи­ялык, моралдык жана укуктук жактан тарбияласак жакшы болмок. Антпесе, турмуш курууну «бир күндүк» кылып, кичине кыйынчылыктар болсо, эркектери дароо мусулман экенин эстей калып, «талак» деп эшикти «тарс» жапса , аялдар дагы «ажырашам» деп баарын кесе эки жакка кетүүдө. Ушун­дай кырдаалдарда нейтралдуу тараптар мурда өкүл ата, өкүл апалар элдештирип, эки жак­ты кепке келтирчү. Азыр алар тойдо эле бир көрүнүп, белек берип, эң башкы милдетин аткарбай калышкандай. Бул кыргыз элиндеги кылымдык салт ааламдашуу доорунда өз позициясын жоготууда. Ошондук­тан, бул учурда психологдорго кайрылып, үй-бүлөлүк маселени чечсе болот. Анткени, бул жердеги «үй-бүлөлүк сырды сыртка чыгарбайлы» деген принцип, купуялуулук сакталып, эмо­ция менен эмес, талдап, ой жүгүртүүгө багыт берилет.

Азыркы учурда сиздерге кайрылган аялдардын тагдырларынын талкаланышына кандай себептер болууда?

-Учурда бизге кайрылган үй- бүлөлөрдүн басымдуу бөлүгүнүн уруш-талашы арак, бекерпоздук, кумар оюндары, баңгизат себепкер болууда. Адамдар социалдык турмушка активдүү аралашып, сергек жашоо образын жүргүзсө, өз тагдырларын татаалдаштырбайт эле. Антпесе анча-мынча оордукту, кыйналууларын «арак менен басам» деп, аны адат кылгандар үй- бүлөдөн ажырашууда.

«Сезим» кризистик борборунун коопсуз жайына, тилекке каршы, зордукталган жашы жетелек кыздардын келиши өтө аянычтуу. Кыз балдарга аяр мамиле жасоонун ордуна, коом алар үчүн кооптуу болуп кеткени жан кейитет. Балдарга бактылуу балалык тартуулоо ар бир ата-эненин милдети. Андыктан, ата-энелер дагы кыздар-балдардын коопсуздугу үчүн кам көрүп, тобокелдикке салып, тааныш, туугандарга, шектүү адамдарга таштап кетпесе. «Сезим» кри­зистик борбору – булар америкалыктар каржылаган, аялдарды ажыраштырууну эле каалаган уюм» деп айткандар да жок эмес. Тескерисинче, биздин уюм үй-бүлө институтун сактоого, зомбулуксуз жашоону даңазалоону максат кылабыз. Анды­ктан, биздин башкы урааныбыз: «Үйдүн куту учпасын» деп атайын маалыматтык китепче, буклеттерди чыгарып, элге бекер таратабыз. Жакында балдар жана ата-энелер үчүн атайын китепчени басып чыгарганы жатабыз. Андан тышкары, оор тагдырдан чыккан он аялдын тагдыры тууралуу жазып жатабыз. Бул дагы мүмкүн маселесин чече албай жүргөн аялдар үчүн жакшы дем береби, жол көрсөтүлөбү де­ген тилекте жасалууда.

Босогобузда жаз, 8-март аялдардын майрамы келип калды. Каалоо-тилектериңиз…

-Баарыңарды 8-март аялдар­дын эл аралык майрамы менен куттуктайм. Бул майрамдын тарыхын унутуп, белек алган күн катары элестетпейли. Дал ушул аялдардын укугу үчүн канча аял­дар курман болушкан. Биздин Уркия Салиева – аялдардын эркиндигинин символу. Кыргыз эли негизи аялдарын, кыздарын кор туткан эмес. Демек, келечекте аялдарга карата зомбулуктун, басмырлоонун азаюусуна ар бирибиз салым кошууга милдеттүүбүз…

Булак: “Азия ньюс”

Меню