Menu

КООМ

Алмазбек Атамбаев өлкө жарандарына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

«Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында бүгүн, 6-мартта Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын элинин тарыхый жана маданий мурасын сактоого жана өнүктүрүүгө, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана каргашалуу окуялардын 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоого, уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн, ошондой эле Тарых жана маданият жылынын жыйынтыктары боюнча кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн сыйланган өлкө жарандарына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле кайраттуулугу, эрктүүлүгү, оор турмуштук кырдаалда адамдын татыктуу жашоого жана үзүрлүү эмгекке умтулуусунун зор үлгүсүн көрсөткөндүгү, ошондой эле кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн «Талыкпас-Ата» майыптардын коомдук бирикмесинин жетекчиси Турсунбек Абдылдаев, «Тумар» бий тобунун катышуучусу Адина Самыйбек кызы жана Нарын облусунун Ат-Башы  районунун тургуну Рахатбек Үсөнкожоев Мамлекет башчысынын колунан «Даңк» медалдарын алышты.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлык менен сыйлангандарды жылуу куттуктап, сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти толук келтирилет:

“Урматтуу мекендештер!

Урматтуу бүгүнкү салтанаттын катышуучулары!

Эң оболу бүгүнкү сыйлык алып жаткан жарандарыбызды кыргыз элинин атынан, бүтүн жумурай-журттун атынан куттуктап коюуга уруксат этиңиздер!

Сыйлык кут болуп, жаныңар бек болсун!

Сыйлык ээлеринин ар бирин мактасак жарашат. Бирок, үч жараныбыз жөнүндө өзгөчө сөз айткым келет. Алар – Рахатбек Үсөнкожоев, Адина Самыйбек кызы жана Турсунбек Абдылдаев.

Тоону томкоро турган көптөгөн эркектерибиз сиздерден үлгү алышса. Иш жок, мага иш, кызмат таап бергиле деп көрүнгөн шылтоо айтып, канча эргул жүрөт? Жалкоолордон уялыш керек. Ата-бабалар илгери эле “Жардылык – жалкоолуктан” деп таамай айтышкан. Иштейм деген адам – ар дайым иш табат. Жалкоо – ар дайым шылтоо табат.

Урматтуу мекендештерим! Бүгүн биз улуттук маданиятыбызга зор салымын кошкон жарандарыбызга да сыйлык берип жатабыз. 2016-  Тарых жана маданият жылы эгемен өлкөбүздүн тарыхында эсте каларлык жыл болду. 1916-жылдагы улуттук көтөрүлүштүн жана улуттук каргашанын 100 жылдыгын мамлекеттик деӊгээлде өткөрдүк. Эгемендик үчүн курман болгондорго эстелик ачып, куран окуп, көп жылдар бою башыбызда жүк болуп келаткан парзыбызды аткардык.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанды дүйнөгө таанытты. Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык ассамблеясы көчмөндөр оюндарына бийик баасын берди.

Ошондуктан, бүгүн ошол чоң иш-чаралардын өткөрүлүшүнө зор салым кошкон жарандарыбызды сыйлап жатабыз.

Өткөн жыл – Тарых жана маданият жылы болгондуктан, бүгүн маданият жана тарых тармагына эмгеги сиңген бир топ белгилүү инсандарыбыз сыйлык алышат.

Алардын арасында эл жазуучусу Кеңеш Жусупов да бар. Агабыз кыргыздардын тарыхын тынбай жазып келатат. Кеңеш агабыздын адамгерчилиги, жупунулугу башка чыгармачыл адамдарга үлгү болсо дейт элем. Агабызды сыйлык өзү кубалап тапты.

Урматтуу мекендештер!

Кыргызстаныбыздын соңку тарыхына чейрек кылымдан бир аз ашты. Бул аралыкта башыбыздан далай оор сыноолор өттү. Бирок сыноолор бизди сындырган жок, тетирисинче, бизди чыйралтты. Биз  жолубузду таптык.

Албетте,өлкөбүздө кемчиликтер, жасалбаган иштер да аз эмес. Бирок, унутпасак – көч бара-бара түзөлөт! Эң башкысы, Кыргыз көчү эң оор ашуулардан аман-эсен өттү, өз жолун тапты.

Элибизге эми эмне керек? Элибизге эми тынчтык, ынтымак керек.

Албетте, өлкөбүздө орногон тынчтык, туруктуулук айрым тышкы жана ички күчтөргө жакпайт. Тышкы күчтөргө Кыргызстан бутка туруп, тизеге чөгөлөбөй, көз каранды болбогону жакпаса, айрым биздин саясатчыларга болсо тынч, туруктуу өлкөдө алар көздөгөн кара максаттарына, бийликке, байлыкка жетпей калгандары жакпайт. Жана, албетте, бул саясатчылар өлкөбүз үчүн өзгөчө коркунучтуу болот, элдин биримдигин, ынтымагын бузганга бүт аракетин жумшайт.

Белгилүү акын Барпы айткандай:

Жамгырдын кыян, сели

Жерди бузат,

Адамдан чыккан бузук

Элди бузат

Апрель революциясынан кийин айрым саясатчылар бийликке жетип алып, элдин мүлкүн талап-тоноону, мародерлукту башкарып, кийин кылмыш издерин жашырганы баарыбызга белгилүү. “Туура бийде тууган жок” деген улуу сөздү унутуп, колго тийген бийликти эл үчүн эмес, жеке өздөрүнүн үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгына пайдаланышканын да билебиз. Алар 7-апрелден кийин тез арада эле чириген бай, миллионер болуп калганы баарыбызга маалым.

Мындайлар жөнүндө белгилүү Абдирайим Молдо минтип айткан:

Жаман бийдин жүрөгү

кара болот эмеспи,

Издегени итке окшоп

пара болот эмеспи

Тийген жери тилинин

жара болот эмеспи.

Бир жамандын кесири

миңге тийет эмеспи.

Ошол паракор, уурулардын кесири тийип, өлкөбүз тынчыбай жатат. Өзгөчө алардын кыңыр иштери ачылып, жарыкка чыгып баштагандан тартып.

Мисалы, 2-3 айдан бери Жогорку Кеңеште кайра-кайра депутаттык комиссия түзүлүп, ызы-чуу токтобойт.

Ураган Боингде “Атамбаевдин алтын-каухарлары болгон”, “Атамбаевдин Кипрде акчасы бар”, “Атамбаевдин аялынын эсебинде акча 2011-жылдан кийин эле пайда болгон” деген ушактар парламенттин трибунасынан айтылып, Жогорку Кеңеш күндөн-күнгө мыйзам чыгаруучу жайдан ушак чыгаруучу жайга айланып баратат.

Урматтуу мекендештер!

Эми депутаттар чындыкты билгиси келсе, эки айдан бери ызы-чуу салбай, Гонконгко, Стамбулга деле барып келишсе болмок да? Венага, Венецияга, Америкага барганга убакыт бар, чындык издегенге убакыт жок. Билетке акчасы жок десең – көбү миллионер.

Анда керек болсо, билетин мен сатып берейин . Ызы-чуу салбай, ушак таратпай, элге чындыкты тезирээк айтпайбы?

Кипрге да билет алып берейин, доверенность да берейин. Ал жерде акчам болсо, ошол депутаттар өздөрү бөлүп алышсынчы!

Өздөрү деле мунун бардыгы жалган, калп экенин билишет. Бирок, Президентти жаманат кылып, элди дүрбөткүсү келип жатпайбы!

Өткөн аптада депутат Бакыт Төрөбаев сессияда депутаттарга кайрылып, “тарап эле кетпейлиби” деген сунуш айтты. Ал го, мародер акесине болушуп, күйүп айтты, бирок, мен анын сунушун колдойт элем.

Урматтуу депутаттар!

Карга карганын көзүн эч качан чукубайт деген сөз бар. Эл бузарларды, мародерлорду тайраңдатып, балыктай болуп карап отурганча, чын эле депутат Төрөбаевди колдоп, тарап эле кетпейсиңерби? Же болбосо, мыйзамды сыйлап, өлкөнүн тагдырын ойлоп, эл үчүн иштебейсиңерби? Кудайдан корккула да!

Силерге чындык кереги жок болсо, элибизге керек!

Силерге тынчтык кереги жок болсо, элибизге керек!

Урматтуу мекендештер!

Албетте, ал ушактарды, калптарды таратканга башка мамлекеттерден маяна алган, акча алган НПОлор жана маалымат каражаттары да чоң салым кошуп жатат!

“Азаттык” деген ыйык атты жамынып алып, Америка конгресси тарабынан каржыланган радио “Свободанын” өлкөбүздөгү филиалы өзгөчө жанталашып жатат өлкөбүз жөнүндө, мен жөнүндө ушак таратып. Америкадан алган акчасын актап жатат абдан!

АКШнын деле мага таарынычынын себебин жакшы билем.

Кеп, албетте, демократияда же чындыкта эмес. Кеп Атамбаев “Манас” аэропортундагы Американын аскердик базасын кетиргенинде.

Мен өткөн жылы АКШ мамлекеттик катчысы Джон Керри келгенде да сурадым. “Эмнеге Азимжан Аскаров камалганда, ага соттук чечимдер чыгарылганда президент болуп отурган Отунбаевага ошол кезде сыйлык бересиңер, а бирок базаңарды Атамбаев чыгаргандан кийин чоочуп ойгонуп, Аскаровго сыйлык бересиңер. Бул эмне деген эки жүздүүлүк?” деп сурасам, эмне деп жооп берерин билбей калды Джон Керри, жарыктык.

АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп Америкадагы саясаттагы эки жүздүүлүк жөнүндө абдан туура айтып жатат. Мен аны толук бойдон колдойм! Бирок бул эки жүздүүлүктү жоюуга алы жетээр бекен?

Урматтуу мекендештер!

Атамбаевдин кымындай илинчеги болсо, тийиштүү документтер “Азаттыкка” дароо түшмөк, эчак парламентке жеткирилмек. ЦРУ эшек такалап жүрөт дейсиңерби!? Атамбаевди аңдыгандар көп!

Бул биздеги радио “Свободанын” максаты башка. Элди бузмак, ынтымакты бузмак, Президент жөнүндө ушак таратмак. Анткени, элдин Президентке ишеними кетсе, өлкө олку-солку болот, ыдырап, ит-кушка жем болот. Ошондуктан, Конституцияда Президент эл менен бийликтин биримдигинин символу болуп эсептелет деп баса белгиленген.

Урматтуу мекендештерим!

Мына, бүгүн 6-март. Туура бир айдан кийин 7-апрель революциясынын жети жылдыгын белгилейбиз.

Эми ошол 7-апрель күнү Ала-Тоо аянтында ок менен атылган, өлтүрүлгөн жигиттерибиз өздөрүнүн ден соолугун, өмүрүн Убактылуу өкмөт мүчөлөрү миллионер болсун деп бериштиби? Мародерлер элдин атын жамынып, бийликке келип, элди тоноп, миллионер болсун деп өлдүбү?

Сурагыла жаракат алып, тирүү калган жигиттерден! Сурагыла жетим калган балдардан! Сурагыла өксүп калган энелерден!

“Атамбаев Ата-Мекенден колуңду тарт” деген лозунг көтөрүп алышыптыр митингде. Эй, биздин Ата-Мекенибиз – Кыргызстан. Ошол 7-апрелде курман болгон жигиттер сасыган партияңар үчүн өмүрүн берди дейсиңерби? Ата-Мекенибиз үчүн берди! Кыргыздын ыйык сөздөрүн да уурдап, менчиктештиргиңер бар! Эл ичинде партияңарга эчак эле башка ат коюшкан. Башчыңарга жараша!

“Эшени кандай болсо, дербиши да ошондой” деп айтчу илгери. Анан дагы “Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деген кыргыздын сөзү бар.

Эй, туугандар! Булардын кылыгын видеого тартсаң да, бул мен эмесмин, кур да меники эмес деп айтат! Колунан кармасаң да, бул кол меники эмес деп айтат. Булар күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурайт деп ойлобогула! Буларда уят деген, бет деген жок!

Урматтуу мекендештер!

Мен ушул жылды “Ыйман” жылы деп бекеринен атаган эмес элем. Жараткан колдоп, ыймандуулук жылы кыргыз элибиз ыймансыз сасык саясатчылардан кутулса экен деп, Кудайдан тилеп койгом.

Кудай тилегибизди укса экен!

Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсе экен. Ыплас, ыймансыз саясатчылардан элибизди сактаса экен!

Урматтуу мекендештер!

Албетте, ушундай салтанаттуу күндө сасык саясат жөнүндө айтпай эле койсом болмок. Бирок, “Убагында айтпасаң, сөз атасы өлөт” дегенди унутпаш керек.

Кыргызда “Бетеге кетип, бел калат. Бектер кетип, эл калат”, – деген сөз бар. Бул күндөр да өтөт. Эч ким кыргыз көчүн тапкан жолунан бура албайт. “Ит үрө берет, кербен жүрө берет”.

Эң негизгиси – элибиз аман болсун. Элдин өзөгү болгон сиздер аман-эсен болгула. Баарыңарды дагы бир жолу мамлекеттик сыйлыктар менен куттуктайм!

Баарыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр, бак-таалай, бакубат жашоо каалайм!

Сыйлыгыңар кут болсун!

Бактылуу болуңуздар!”.

Турсунбек Акун, мурунку Акыйкатчы: «Атамбаев айткандай Өмүрбек парламенттеги эркек “Теке” болчу»

-Турсунбек мырза, сиз Текебаев камалган күндөн бери активдүү чуркап жүрөсүз. Митингде жалындуу сүйлөдүңүз, сотко чейин бардыңыз. Бирок, Текебаев азыркы башаламан системаны курган башкы архитектор өзү экенин жакшы билесиз да. Ушул эле версия менен бир топ саясатчыларды сындырганга шарт түзгөн адам. Өзү ошол абалга туш келгенде мыйзам бузуу болду деп кыйкырып жатат. Бул кош стандарттуулук болуп калбайбы?

— Мен жалгыз гана Текебаевди коргоп митингге чыкканым жок. Демократиянын абалы коркунучта болуп, сөз эркиндиги бузулуп, саясий куугунтук күч алгандыгы үчүн чыктым. Жалгыз эле Текебаев эмес, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дүйшөнкул Чотонов, Дастан Сарыгуловго окшогон адамдар камалып жатканы үчүн чыгып атам. Укук коргоочу, өмүрүн демократияга арнаган адам катары Кыргызстанда демократия, сөз эркиндиги болушун каалайм. Азыр демократияны, сөз эркиндигин муунтууга коркунучтар жаралып жатат. Өмүрбек Текебаев менин досум, теңтушум болгону менен мага камакка алынган башка саясатчылар да ошондой жакын адамдар. Мен Текебаевди актоодон алысмын. Коррупцияга, алдамчылыкка каршы болуп, тазалык үчүн күрөшүп келатам. Бирөөнүн эмгегин жеп, акчасын алдап алганды каалабайм. Ким алдамчы экенин, ким коррупцияга аралашканын бир гана сот чече алат. Абдил Сегизбаев, Индира Жолдубаева дагы коррупционер, алдамчы деп айта албайт. Текебаевди алдамчы, коррупцияга аралашкан деп айтууга эч кимдин укугу жок. Эгер ага тагылып жаткан күнөөлөрдү далилдей албаса камакка алгандар мыйзамдын алдында жооп бериши керек болот. Акчаны кайсыл убакта алды? Колуна алганы тууралуу тил кат жазганбы? Аудио же видео жазуу барбы? Башка өлкөдөн келген эки жарандын акча алган деген көрсөтмөсү менен эле камай берсе жаман өнөкөт түзүлөт да. Эгер кимдир бирөө президент менден мынча акча алды эле деп көрсөтмө берсе эле камай береби? Ошон үчүн өзүмдүн пикиримди ачык айтып жатам.

— Текебаев үчүн чыкканым жок деп жатасыз. Митингде Текебаевди жактаган, Атамбаевди эсиңе кел, Өмүкөмдү бошот деген сөздөрдү айтпадыңызбы?

— Текебаевди, саясий куугунтукка кабылган башка саясатчыларды коргогон комитет түзүлдү. Ошонун жетекчиси катары айтчу сөзүмдү айтам да. Бектур Асановду, Кубанычбек Кадыровду, Дастан Сарыгуловду коргогон митинг болду. Ага да барып сүйлөдүм. Бектурларды коргоп 4–5 жолу туура эмес камалды, саясий куугунтук болуп жатат деп маалымат жыйынын бердим. Митингге мен эмес, адам укугун коргогон акыйкатчы Кубат Оторбаев чыгыш керек болчу. Анын ордуна мен жүрөм го.

— “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттарына кылмыш иши козголуп, башынан кара булут айланып турат. Бирок, Аида Салянова башкы прокурор болуп турганда “Ата Журттан” депутат болгон Камчыбек Ташиевди, Ахматбек Келдибековду, Нариман Түлеевди, Талант Мамытовду дагы Текебаевди камаган ыкма менен камаган. Анда мыйзам бузуу болгон эмеспи?

— Текебаевдин жактоочуларын же болбосо нааразычылык акцияга катышып жаткандарды мыйзам бузду деп айта албайбыз. Алар бир имаратты барып басып алса, кимдир бирөөнү сабап койсо мыйзам бузуучулукка барды десек болот. Ошол эле Камчыбек Ташиевдин, Ахматбек Келдибековдун жактоочулары деле митинг, пикетке чыккан. “Ата-Мекендин” лидеринин күнөөсү болсо сот аркылуу далилдесин. Ал чет мамлекетке качып баратса камакка алса бир жөн. Тескерисинче, ал бул жакка келип жатпайбы. 25 жылдан бери саясатта жүрүп, номур биринчи деген саясатчы болуп аталып, Конституциянын атасы делген лидерди качып кетчүдөй кылып, Бен Ладенди кармаган сыяктуу 300 жоокер менен аэропортко барып, самолёттон түшүрбөй кармап кеткени чуу жаратып жатат. Көрсөтмө берген Маевский эл аралык издөөдө экен. 357 млн долларды жеп койгондуктан орус бийлиги издөө салыптыр. Ушундай аферисттердин көргөзмөсү менен кармабай, алгач тергөө жүргүзүп, тергөөгө барбай качса камап койсо неге болбосун?

— Саясий лидерлерди камакка алган учурда биздин баланы камап койду деген эл көчөгө чыгып, аягы кайгылуу окуя менен бүтчү эле. Мисалы, Аксы окуясы ушундай болгон. Азыр да УКМКнын жер төлөөсүндө ондон ашык саясатчы кармалып жатат. Алардын тарапташтары бийликке болгон нааразычылыгын билдирип келүүдө. Текебаевдин адамдары мөөнөтсүз митинг жарыялашты. Мунун аягы кыйын абалга алып келбейби?

— Кыйын абал жаралып калышы толук мүмкүн. Мен 3–4 күндөн бери сүйлөгөн сөздөрүмдө “Урматтуу Алмаз Шаршенович, Текебаевди камаганыңыз өзүңүздү камаганыңыз. Текебаевке кылмыш иш козгогондук, өзүңүзгө кылмыш иш козгогондук. Жаныңызда жүргөндөр Акаевге кызмат кылгандар, сизге жакшылык кылбайт, аларга бийлик, байлык болсо болду. Сиз биз менен чогуу жүрүп бийликке келгенсиз. Биз мөөнөтүңүздүн аягына жетпей качып кетишиңизди каалабайбыз!” деп айтып жатпаймынбы. 31-августтан бери экөөсүнүн ортосундагы тирешүү, чукушуу башталып, азыркы күнгө чейин уланып келе жатпайбы. Маевский 2010-жылы берген болсо ушул кезге чейин эмнеге карап олтурду? Качан кармаш-тиреш башталганда алып чыгып жатпайбы? Бул өч алуу, саясий куугунтуктун өзү болуп жатпайбы. Кечээ президент “Мында эч кандай саясат жок” деп айтып жатат. Менин Атамбаевден эч кандай өчүм жок. Эл “Кетсин!” деп кыйкырып жатса кетсин деп айтпагыла деп атам. Мунун эмнеси жаман?!

— Сиз “Атамбаев Аксыда, Базар-Коргондо кимдин үйүндө жатканын, таң аткыча эмне болгонун билебиз. Муну азырынча айта элекпиз” деп айттыңыз. Эгер көп нерсени билсеңиз аны эмнеге ачык айтпай жатасыз? Коркутуп жатасызбы?

— Күнүмдүк сөздөрдү айта берүү саясатчынын сөзү эмес. Билем дегенден кийин президенттин өзүнө жетет. Мен эмне үчүн айтышым керек? Президент кандай болгонун өзү билет. Болгону эсине салып коюш керек. Шералынын чокою илинип турушу зарыл да. Кыргызда ушундай ыкма бар. Эсине салып коёт. Бул жамандык ой эмес. Душман сүйдүрүп, тууган күйдүрүп айтат дейт. Мен күйдүрүп айтып жатам. Азыр президенттин көзүн май басып кетти. Досторунун баарын ала кетем дейт. Ала кеткидей ал ким? Ал эмне Кудайбы? Эмне үчүн антип айтат? Өзү кетсе эле баары кетиш керекпи? Азыркылар кетип, жаштар келсин дейт. Интересно. Кытайда алтымыштан ашкандан кийин гана акыл-эсине эми келди деп бийликке алып бара баштайт. Мисалы, мен алтымышка келишиме дагы 3 жыл бар. Президент эмне үчүн баарын “похоронить” этип салды. Тапканы Бакиев менен Акаевдин айланасында жүргөн жаш балдарбы?! Аларга баарыбир, принцип деген жок. Алар эч убакта Текебаев, Атамбаев же Турсунбек Акун боло албайт. Азыркыларды канчалык жаман көрбөсүн, бул муун тарыхты баскан адамдар.

— Турсунбек мырза, сиз ажыга барып келген кишисиз. Ажыга барып келген адам катары президентке тескери бата берип коюшум мүмкүн дептирсиз. Катуу кетип калгандык эмеспи?

— Бул дагы Базар-Коргондогуну эске салуу болуп эсептелет. Тескери батаны мен бербейм, мен сыяктуулар берип коюшу мүмкүн. Мен сыяктуу ажы адамдар бар да. Балким мен же башка бирөө берип коюшу ыктымал. Мен ага барамбы-барбаймбы башка маселе. Андай жолго барышым оор. Президентке жамандык каалабайм. Бирок, кээ бир адамдар элге каршы иштесе, туура эмес иштерди жасаса, элдин намысына тийип, абийирин тепсесе эл тескери бата берип коюшкан. Кеп ошол жөнүндө жүрүп жатат.

— Үч күн убакыт берем, болбосо буга баш-отум менен кирип кетишим мүмкүн дедиңиз. Бул да коркуткан адамдын сөзү го?

— Ачкачылык жарыялап олтуруп алышым мүмкүн. Бул коркутуу эмес да. Атамбаев деле Акаевди кетириш үчүн эмнелерди гана кылбады. “Көрсөтөм, Кетсин, Акаев саткын, болбой калды” деп Атамбаев менин жанымда туруп айткан. Интернетте мурунку айткан сөздөрү менен азыркы айткан сөздөрүн жарыялап коюшуптур. Экөөсү такыр башка болуп жатпайбы. Атамбаев да пикет, митинг, революциянын аркасы менен бийликке келген. Мен дагы революция менен жүрөм. Атамбаев экөөбүз бирдей элебиз. Мен айткан сөздөрдү ал да айткан. Атамбаев деле Акаев менен күрөшкөндө ушундай ыкмаларды колдонгон. Күрөшүүнүн толтура ыкмалары бар. Өлкөдө кыйын эки саясатчы болсо ошонун бирин камап салды. Бул жакшылыкка алып барбайт. Чыгарбай камап койгону Текебаевге эмес, Атамбаевге жаман. Текебаев чай ичип коюп тынч олтурат. Атамбаев болсо сар-санаа болуп, эмне болуп кетет деп коркуп калтырап олтурат.

— Президент үчүн күчтүү оппозиционер Өмүрбек Текебаев гана болуп калгандай болчу. Парламенттин трибунасынан жалгыз өзү эле президентти баш кылып командасын алдактатып койгондой болгон. Текебаевди камоо менен оппозициянын үнүн биротоло өчүрөйүн деген принцип колдонулган жокпу?

— Кыргыз түгөнгөн сайын түтөгөн эл да. Бир Текебаевди сындырса калганынын баары сынып калбайт. Парламентте Текебаев сыяктуу оппозиционер калбай кала турганы чындык. Атамбаев айткандай Өмүрбек парламенттеги эркек “Теке” болчу. “Теке” деген эркек деген сөз. Аялдай болуп коркпойт. Парламентте оппозиция калбай калганы менен көчө оппозициясы күч алат. Көчөдө Текебаевди колдогондор табылат. Кыргыз элинин духун эч ким баса албайт. Атамбаевден күчтүү болгон Акаев, Бакиев да баса албаган. Бул экөөнө караганда Атамбаев өтө эле алсыз.

— Путин менен жолукканда президентибиз “Эки революцияны тең мен жасагам. Үчүнчүсүн жасабайм” деп айтты. Революцияда жүргөн киши катары терикпедиңизби?

— Жарыктык киши Путиндин алдында бир мактанып алайын деди да. Ал өмүр бою эле мактанып жүрөт. Бирок, кечээ өзгөчө мактанды. Кыргызстанды мен башкарып жатам, саясий погоданы жасаган менмин, менин күчүм ушундай дегендей кылды. Текебаевди камаганы да өзүнүн күчүн көрсөтүп жатат. Мен доллар менен мультимиллионер болгом дейт. Бул уят сөз. Акаевдин учурунда Атамбаев бизнесин сакташ үчүн Түркияга качып кеткен. Аксылыктардын аркасы менен кайра келген. “Аксылыктар силерге рахмат. Силердин аркаңар менен мен кайра келдим” деген сөзү жазылуу турат. 2005-жылдагы революция Аксынын аркасы менен болду. Ошол революцияда Атамбаев чыккан. Бирок кечигип келген. Мен Акаевдин кабинетинде анын креслосунда олтургандан соң Атамбаевдин колоннасы түштөн кийин келгени чындык. Мен революцияны жасагам деп айтканы болбойт да. Ал жерде Бекназаров, Отунбаева, Үсөн Сыдыков, мен жана башкалар болгон. Керек болсо Нурлан Мотуев жүргөн. Эң негизгиси Курманбек Бакиев болгон. Ошол киши лидер болчу. Бакиевди жаман көрсө эле мен лидер болгом дей береби. Андай болбойт. 2010-жылы да Атамбаев болгон эмес. Аны камап койгон болчу. Менин офисимдин жанына чогулган дейт. Эл деген Ак үйдүн жанына, мүмкүн менин офисимдин жанына чогулушу мүмкүн. Өзү элди баштап барып, Ак үйдү алган болсо бир жөн. Мактангандын да чеги болот го дейм.

Булак: “Жаңы Ордо”

Аялы күйөөсүн милицияга салып берди

Бишкектеги “Ала-Too” аянтына жакын жайгашкан “Илбирс” имаратынын ашканасынан 1- март күнү саат үчтөр чамасында күйөөсү менен аялы уруша кетип, күйөөсү аялын катуу сабаган. Окуяга ошол жерде отурган жарандар менен ашканын кызматкерлери толук күбө болушкан. Бирок, аялы көпчүлүктүн көзүнчө токмок жегенине ызаланганбы айтор, күйөөсүнүн үстүнөн ми­лицияга арызданган. Көп өтпөй эле милициялар күйөөсүн кармап барып камакка алышкан. Азыр окуянын чоо- жайы иликтенүүдө.

Булак: “Фабула”

Жапаровго кылмыш иши козголобу?

УКМК Садыр Жапаровду күбө катары сурак алууга кызыктар экенин өзү чет өлкөдө жатып кабарлады. Мындан улам, чет өлкөдө жүргөнүнө байланыштуу, Кыргызстанга 25-март күнү бараарын айтып, ошондо өзү УКМКга бараарын жар салды. Бирок андан көп өтпөй, мени чек арадан киргизбөө боюнча УКМК тапшырма бериптир деп айкырып чыкты. Буга байланыштуу “Мага кылмыш иши козголгон жок. Козгойбуз деген ниеттери бар болсо керек? Мейли билгенин кылышсын»-деген билдирүү таратты.

Булак: “Фабула”

Аселкан Онорова: «Жолдошумду бир сааттын ичинде өлтүрүп алышыптыр»

 

— Аселкан эже, жолдошуңуз Абдыкерим Гапаровдун Медицина академиясында иш учурунда каза болгон окуя дүң эткени менен анын жыйынтыгы эмне болгону билинбей калды. Ошол окуяны башынан баштап айтып өтсөңүз?

— Жолдошум Абдыкерим Гапаровдун каза болгонуна бир жыл болду. Ал пенсияга чыккандан кийин медакадемияда ректордун аппарат бешчысы болуп иштеп турган эле. Ашыралы Зурдинов окуу жайдын ректору, илимдин доктору, аны аяш аке деп жүрчүбүз, илгери кайнагамдын досу болгон экен. Ошол киши телефон чалып «Абдикерим, мен медакадемияга ректор болдум, кел иштешели, мага кагаз жагынан жардам бербейсиңби?» дегенинен макул деп барган эле. Ошентип ал киши менен 7 жылча иштешип, кайсы орган текшерип келсе өзүнүн төшүн тосуп, узатып жүрдү. Ал киши ректор болгон күндөн тартып эле ага көптөгөн арыздар түшө баштады. Ректорго татыктуу эмес, жакшы иштей албай жатат деген сыяктуу. Ага менин жолдошумдун эч кандай тиешеси жок эле. Бирок, ал жалаң документ иштерин бүтүргөнүнө байланыштуу, арыздарды карап сот иштерине барып жүрүп, бүт башы менен ректорду жактаганга өтүп кетти. Ошону менен жети жыл соттошуп жүрүштү. Эми ошол киши ишенип кызматка алып келип жаткандан кийин сөзсүз Зурдинов үчүн чындап ак дилинен иштеп берди. Мага жолдошумдун өлүп калганы деле Зурдинов үчүн аны коргойм деп жүрүп ошол өлүмгө кириптер болгондой туюлат. 2016-жылы 24-февралда Жогорку сотто акыркы сот болот деп айтып аткан эле. Зурдиновду ректорлукка ыраа көрбөгөндөр менен. Анда да Абдыкеримди сен барып баарына көз салып тур деген экен. Ошентип сотко бир-эки юристи менен кеткен болчу. Кечке маал келди сүйүнүп, менин көзүмчө эле ректорго чалды: “Ашыралы Зурдинович! Сиздин иш бүттү. Туура чечим кабыл алынды” деди. Анан ал киши эртең мугалимдерди чогултуп түлөө өткөрүп коёлу деп сүйлөшүп жатканын уктум эле. Ошону менен 25-февралда жакшынакай болуп ишине кетти. Биз ал күнү тойго чакырылдык эле “Ала-Тоо” ресторанына, кайнимдин досу уулун үйлөп аткан. Биз жакшы катташып жүрчү элек. Эрте менен костюмун машинага илип алайын деди, мен эмнесин аяйсың кийип эле алчы дегем. Тойго барганда бир кийчү костюму эле. Кошумчага деп мен өз колум менен конвертке акча салып, көкүрөк чөнтөгүнө салып берген элем. Ошону менен жумушка жакшынакай узаттым. Төрткө жакын АКСтенбиз деп 12 бала күзөт кызматкерлерине да тоотпой тапыр-тупур кирип кетишиптир. Алар киргенде эле жакшы учурашып кимге келдиңер балдар дептир, муну ошол жерде кошо жүргөн балдардын бири айтып жатат. Алар сиздин үстүңүздөн арыз түштү, Епифанов деген орус жер сураган экен, сиз 30 000 сом пара талап кылыпсыз, ошонун негизинде келдик дешиптир. Абдыкерим «балдар силер адашып келип албадыңарбы» дептир. Ошентип ошол жерде балдар өзүлөрүнүн билгендерин көргөзүшүптүр. Эми медакадемиядагы кабинеттер жакын да, өзү жаңы эле юристтин кабинетинен чыккан экен. Алар айтып жатышат маанайы абдан жакшы болчу, түлөөнү кантип өткөрөбүз деп пландап жатканбыз дешет. Анан Гапаровдун кабинетине бир топ бала кирип кетти кабар алалы деп келишсе, эки эшикте экиден төрт бала тосуп киргизбей коюшуптур. Кадр бөлүмүндө отурган кыздар жер титирегендей болуп шкафтар кыймылдады, жер титиреп жаткан го деп ойлодук деп айтат. Ошол жердеги күбөлөр айтып атышат, сөгүшүүлөр болду, кыйкырып “коё бергиле, дарымды ичип алайын” дегендери баары сыртка угулуп жатты деп. Ошол жердегилер күбө катары бизди киргизгиле десе таптакыр болбой коюшуптур. Ал турсун улгайган эле юрист кишини керек болсо сени да кармап кетебиз деп коркутуп коёт дейт жанагы АКСтин балдары. Жолдошумду бир сааттын ичинде өлтүрүп алышыптыр.

— Тез жардам чакырып же ошол жердегилерге акыбалы начар болуп жатканын кабарлашпаптырбы?

— Эч нерсе айтышкан жок, бир убакта экөө чуркап чыгып кетишти дейт. Менчик клиникадан тез жардам алып келишиптир. Ал мезгилде медакадемияда иштегендер өлүп калганын билип калышыптыр. Ошентип түртүп эле кирсек жерде өлүп жатыптыр дешти. Ошол жердеги бирөө айтат, кагаздар чачылган, тартмалар ачык, кийимдери чаң, кир, галстугу кеткен деп. Ошол кабинеттин ичинде дагы бир күбөнүн айтуусу боюнча, бир баштык калыптыр, ичинде жарым метрлик эшилген жип бар экен. Менимче желим баштыкты башына кийгизип кыйнашкан окшойт да.

— Ошол жердегилер милицияга кабар беришпептирби?

— Жок. Ал турсун бир-бирден эле качып жок болушуптур. Ошол жерде иштегендер өлтүрүп алышыптыр деп видеого, сүрөткө тартып алышыптыр. Аңгыча балам, кайним жетип барышыптыр. Үйдө отурсам эле досторубуз келип, эмне болду Асел, биз суук кабар угуп келдик дешти. Көрсө эбак эле интернетке “пара алып жаткан жеринен кармалып инфаркттан көз жумду” деп маалымат кетиптир. Ошентип пара алып кармалды деп ишти жаап коюшту.

— Укук коргоо органдарынан кандай чара көрүлдү?

— Эки жумадай өзүбүздүн баш-отубузду жыя албай териштирүүгө акыбалыбыз келген жок. Андан кийин медакадемияга барып видео байкоодон жазууларды сурасак, жок, жазбай атыптыр деп аны эбак жоготуптур. Биз ошол орус чынында кирдиби жокпу карайлы деген элек. АКСтин балдарында жок эле дегенде экөөндө видео камера болуп тартыш керек экен эле. Сурасак мен жазууну баспай коюпмун, тасмага түшпөй калыптыр деген шылтоону айтышты. Элестетиңиз, ошол жерде жазууну баспай калганчалык кандай кызыктуу окуя болду экен. Демек, ал жерде Абдыкеримди ошолор өлтүргөндүгү анык. Антпесе эмнеге колунда кармап отурган, күндө жасаган ишин унутуп калсын? Кийин биз митингге чыкканда ректор «бирибизди да күбө кылып киргизбей койду эле, эми көчөдөн эки жаш баланы кармап алышып аларды күбө болчу деп көргөзүп жатышат» деп айтты. Мына ушул жерде да чоң суроо жатат. УКМКнын алдына чындык издеп, арманыбызды айтып митингге чыктык. Атамбаевге, Жогорку Кеңешке арыз жаздык, беш мүнөттүк тартылган видеону көрсөттүк. Ошону менен ушул мезгилге чейин өтө көп күч кетирип жакшы жыйынтык ала албадык. Араңдан-араң дегенде аскер сотунан ишти караттык. Бул акмактар күнөөсү азыраак эки баланы бизге салып беришти да, итке сөөк ыргыткансып. 12 бала барса эки эшик кайтарган балдарды Айманбаев, Мусаев деген, тергөөчү Суваналиев деген үчөөнө иш козгошту шалаакылык деген берене боюнча. Киши өлсө анын ишин карабайт экен, ал өлүп калды деп кылмыш иши ачылбай кала берди. А эмне үчүн өлдү? Ошону текшерип койгон киши жок. Жолдошумдун жүрөгү ооручу, эки жолу инфаркт болгон. Бирок, доктурга барып дарыланып, спорт менен машыгып өзүн карап, абдан тың жүрчү. Бизге чейин кардиологиялардан толтура справкаларды чогултуп алышыптыр. Кадр бөлүмүндө иштеген кишиге сотто суроо берип жатпайбы «Эмне үчүн жүрөгү ооруган кишини ишке аласың?» деп. Ал «Мен таптакыр билбепмин» деп айтты. Залда отурган проректор Беримкулов деген киши “Мен үч жолу инфаркт болгом, азыр андан киши өлбөйт, убагында дары ичип режим кармаса жакшынакай эле жүрө берет. Мына мен деле иштеп жүрөм, сабак берем. Силер эмне мени өлсүн деп атасыңарбы? Ал киши өлмөк эмес, силер аны өлтүрүп койбосоңор» деди. Булардын айтайын дегени өзү эле өлүп калган, биз эч нерсе кылган эмеспиз деп кутулуп кеткилери бар да. Ошентип барбаган жерибиз калбай араң козгогон ишибизди жаап салды. Биздин ишибизди аскер соту карап жатты эле аны да декабрь айында жоюп салды. Төрт айдан бери сот болгон жок, эмне болот деп күтүп отурабыз. Октябрь сотуна ишти өткөрүп берди дейт. Эми элестетиңиздер, баардык ишти башынан баштайт экен. Күбөлөр чогулуп бардык көргөн-билгенин айтышты да. Аларды да коркутуп бала-чакасынан бери асылып жатышты, рахмат ошолорго коркпой келип жооп берип жатышты. Сот аларды кайрадан чакырып көрсөтмө алат экен. Алар деле адам да иштери, балдары бар, башка эле бирөө үчүн кыйын абалда калгылары келбейт. Мурунку сотто араң келишкен эле. Бул өлтүргөн кишилердин баары кызматта отурушат. Алар телефон чалып коркутушат экен. Эми ошол иштин баарын кайра караса канча убакыт, канча нерв. Менин да ден-соолугум начар, ар бир иш сайын өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып эстетип, чукуп кайра-кайра уга бериш оңой бекен? Жүрөгүм ооруп жатат.

— Ошондо жолдошуңуздү өлтүргөндөр тарабынан коркутуулар да болуп жатабы?

— Жолдошум өлгөндөн кийин эле мага айттырып жиберишти. Ректордун оозунан «Жөн эле койбойсуңарбы? Болору болду, бийлик, күч ушуларда, силердин бизнесиңердин баарын эсептеп жазып алышыптыр» деген сөздү уктум. «Жалгыз уулуң бар аны да ойлон» деди. Ошол күнү эле менин ишканама төрт бала ак жип менен барып, ошол жерде иштеген аялды сөгүп, силерди иштетпейбиз деп кетишиптир. Сотто отурганда бир баласы чандайып отуруп алып, сот жүрүп жатса оозунда сагызын балчаңдап чайнап, телефон ойноп отурат. Мен силерге эми көрсөтөм “билять” деп сөгөт. Ошол баланын мендей апасы болсо керек. Мен ашыкча эч нерсе сурабадым, материалдык жактан төлөп бергиле дебедим, ошол балдарды түрмөгө тыккыла деген жерим жок. Менин бир эле өтүнүчүм жолдошумду «буйрутма» өлтүрүп койду да, анысы аз келгенсип пара алып өлдү деп жалган-жалаа жаап коюшту. Биздин талабыбыз болгону ошол жалган-жалааны алып салса. Эгерде жолдошумдун чын эле күнөөсү болсо күбөлөрдү алып келип көрсөтүшсүн! Ишене турган бир нерсе көргөзө албай жатышат. Жок дегенде күнөөнү мойнуна коюп беришсе «ай ит кылдың» деп туруп калат элек. Мен азыркы УКМКда ушундай балдар иштеп жатканы маскарачылык, орусча айтканда позор деп эсептейм. Кыргыздын келечеги ушулардын колунда болсо анда жыргаганыбыз ушу. Мени паракордун аялы дешет. Эгерде жолдошумдун пара алганы анык болсо, анда үй-бүлөбүз менен атып салгыла, биз менен ушул коррупция деген куурагыр маселеңер жоголуп кетсин. Эгерде чын эле коррупция менен күрөшүп жатсаңар деп айттым. Мен учурдагы бийликке, бийликтин ушундай тоокчолук мээси жок балдарды ишке алып көптүрүп иштетип жатканына капамын. Мен кыргызмын, кыргызга бүт өмүрүн арнаган кишини кыргыздын балдары өлтүрүп койгонуна зээним кейип баратам. Бир кечирим сурашканга жарашкан жок.

Булак: “Жаңы Ордо”

Бишкекте 7-мартта Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Евразия экономикалык бирлигине кирген мамлекеттердин Өкмөт башчылары эртең, 2017-жылдын 7-мартында, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине төрагалыгынын алкагында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков жана Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карепетян, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышат.

Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны тар чөйрөдө жана кеңири курамда өтөт.

Жыйында интеграциялык биримдиктин алкагындагы маанилүү маселелер талкууланат.

Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.

 

Жалал-Абад шаары муниципалдык менчиктен канча пайда көрдү?

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасы Болот Джусупбековдун билдиришинче, максаттуу жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында шаардык казынага 2016-жыл ичинде 12 миллион 280,8 миң сом түшкөн, ал эми бекитилген план 11 миллион 770 миң сом болчу. Киреше жагынан план 104,3 пайызга аткарылган же болбосо 510,8 миң сом акча каражаты көп түшкөн. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма-сөз кызматы билдирди.

2016-жыл ичинде 10 жолу конкурс өткөрүлүп, конкурс аркылуу 81 жер участкасы ижарага берилген, анын жалпы жер аянты 37862,05 чарчы метрди түзөт. Жер участокторун ижарага берүүдөн 6 миллион 259,4 миң сом акча каражаты шаардык казынага түшкөн, белгиленген план 6 миллион сом болсо, план 104,3 пайызга аткарылган же болбосо 259,4 миң сом акча каражаты шаардык казынага көп түшкөн. Шаар аймагындагы муниципалдык автопарковкаларды иретке келтирүү жана бюджетти көбөйтүү максатында жеке жактардан автокунаа каражаттарын коюу укугу үчүн алынуучу жыйымдардан 2 миллион 484,3 миң сом акча каражаты шаардык казынага түштү, белгиленген план боюнча 2 миллион 470 миң сом болсо, план 100,6 пайызга аткарылган.

Муниципалдык менчикти башкаруу комитети тарабынан комитеттин алдындагы жарнак жана кооздоп жасалгалоо бөлүмү шаар аймагындагы жарнак жана кооздоп жасалгалоо иштерине уруксат документтерин бергендиги үчүн акы төлөө кызматынан 1 миллион 614,1 миң сом шаардык казынага түшкөн. Белгиленген план боюнча 1 миллион 600 миң сом болсо, план 100,9 пайызга аткарылган. Өткөн жыл ичинде муниципалдык менчиктин карамагындагы жашоого ыңгайлашпаган имараттарды жана курулуштарды ижарага берүү боюнча 1 жолу конкурс өткөрүлүп, 8 жашоого ыңгайлашпаган имараттар жана курулуштар ижарага берилген, анын жалпы аянты 122,9 чарчы метрди түзөт. Мындан 1 миллион 397,6 миң сом шаардык казынага түштү. Белгиленген план 1 миллион 200 миң сом болсо, план 116,5 пайызга аткарылган же болбосо 197,6 миң сом шаардык казынага көп түшкөн.

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: «Атамбаев көптөгөн саясатчыларды президенттикке чыгарбай, өзүнүн мураскерине жол ачат»

 

— Табылды мырза, бийликке каршы үн катып жаткан Өмүрбек Текебаевдин 2 айга камакка алынышы саясий абалды өзгөртүшү мүмкүнбү?

– -Бул суроого алды менен кечээки ЖКнын отуруму жакшы мисал болуп берет го дейм. Айрым калбыры бар депутаттар үн каталбай коркуп жатпадыбы. Айрымдары бийликтин сөзүн, көзүн карап, күнкарамага айланып жатпадыбы. Эл көрүп алып күлүп жатат. Бүгүн президент Атамбаевге тике карап, чындыкты көзүнө айта ала турган бир эле Текебаев болчу. Ошого аны саясий негизде кандай гана болбосун оюндан чыгаруу керек деген операциясы жүрүп жатат. Муну Акаев, Бакиев деле жасап келген. Аны баарыбыз билебиз. Башкасын айтпасак да “Матрешкагейтти” эстесек жетиштүү. Бүгүн болсо “Мародерство”, “ Белизгейт” эми “Маевскигейт”. Менимче, эми бийликке эч ким тоскоолдук кыла албайт. Ал президенттик шайлоолорду өзү каалагандай өткөрөт. Масленин баары ошондо.

— Текебаевге жан тарткан саясатчылардын басымдуу бөлүгү Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү болууда. Башка саясий күчтөр сырттан байкап тургандай элес калтырууда. Бул кармаш Атамбаев менен Убактылуу Өкмөттүн калган мүчөлөрүнүн ортосунда боло турган болуп калды окшойт. Кайсыл тарап элге жакыныраак боло алат?

— Ооба, 31-августта А. Атамбаев Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн кескин сынга алып, тирешке жол ачты. Бирок, саясатчылар президенттик шайлоолор алдында өзүнчө ар бир кандидаттын тегерегине топтолушат. Башкача айтканда бир эле УӨ эмес, башка да күчтөр пайда болот. Бүгүн эле өлкөдөгү баардык патриоттук күчтөрдү бириктирген күчтүн пайда боло тургандыгы айтылды. Президенттикке барам деп жарыя кылган Т. Сариев, Б. Төрөбаевдердин тегерегине да бир топ саясатчылар топтолуп жатат дегендей.

— Башкы “Атамекенчиге” көрсөтмө берген орус ишкери Маевский өз өлкөсүндө ызы-чуулуу иштерге аралашканы, арты таза эмес экени маалым болду. Ал М. Бакиев менен тааныш болгон экен. Кийин Россиядан куулган Березовскийдин адамы болгону да айтылды. Ошондой адамдын көрсөтмөсү менен Текебаевге кылмыш ишин ачып, камакка алуу акылга сыйчу ишпи?

— Кыргызстанда абийири, ар- намысы күмөндүү адамдарды пайдаланып кылмыш ишин ачуу, саясатчыларды сындыруу көнүмүш болуп калды. Мына “атамекенчилер” үчүн “ мошенниктер”, мурда отуруп чыккан адамдар катары таанылган А. Юсупов, Рыкунова, Маевскийлер колдонулуп жатпайбы. Белизгейтте да эл аралык деңгээлде “мошенник” аталган компания колдонулбадыбы. Бирок, ушунун баарын көрүп туруп, саясатчылар унчукпай олтурушпайбы. Эртең эле бийлик алмашып кетсе, өзүлөрү ошондой абалга кептелип калаарын билбей жатышат. Анан калса, биздин саясатчыларда ар-намыс дегенден эч нерсе жок. Депутат болуп алып, Президент аппаратынын кызматкерлерине жүгүнүп кирип, айтканын айткандай, дегенин дегендей жасап берип жатпайбы.

— Маевскийдин видео көрсөтмө берүүсүнө ФСБнын макулдугу жок биздин УКМК жетише алат беле? Бул ишке ФСБ да кызыкдар деп шек саноого болобу?

— Ооба, менимче Маевскийди ФСБнын жардамысыз арыз менен кайрылтуу кыйынга турмак. Анан калса, ал экс-депутат. Госдумада байланыштары бар дегендей. Биздин СНБ орус тараптын макулдугусуз башка өлкөнүн гражданинине, фракциянын лидерине каршы арыз жаздыра албайт. ФСБ дароо эмне үчүн биздин башыбыздан ашып түшүп иштеп жатасыңар деп чыкмак. Маевский ФСБ жана башка укук коргоо органдарынын колунда, башкача айтканда алардан көз каранды адам. Орусияда репутациясы өлгөн, бир канча жолу соттошуп, азыр да сотто жүрүп жаткан адам катары айтылууда. ФСБ ага “макул” биз бул ишиңди бүтүрүп берели, сен болсо кыргыз оппозиционерине каршы көрсөтмө бер деп көндүрүп коюштары мүмкүн да. Анан калса, Маевский өзү деле эмне үчүн биздин коопсуздук кызматына ишениши керек эле. Ошондуктан, менимче бул макулдашылган. Кайсы бир деңгээлде макулдукту алыш учун акча да берилген. Себеби, Орусияда деле биздегидей коррупция күч. Ошол эле учурда Маевскийге да көп нерселер убадаланышы мүмкүн. Мисалы, “Мегакомду” арзаныраак сатууга. Же акциясынын кайсы бир процентин сатууга дегендей.

— А. Атамбаев “Маевский 6 жыл мурун арыз менен кайрыла албай эми кайрылыптыр. Себеби, бүгүн ал бийликке ишенип, укук коргоо органдарына кайрылып жатат” дегендей айтты. Сиз кандай ойлойсуз, эмнеге ал 6 жылдан бери арыз менен кайрылган эмес? Бул жерде кандайдыр бир саясат жатса керек, кандай дейсиз?

— Өзүңүздөргө белгилүү “Ата-Мекен” фракциясы буга чейин дайыма коалицияда болуп келген. Бирок, акыркы коалиция түзүлгөндө “Ата-Мекен” кирбей калды. Мына ошондон баштап бийлик “Белизгейт” операциясын уюштурду. Андан майнап чыккан жок. Анан Саляновага кылмыш ишин ачты. Анан Шыкмаматовго, эми Текебаевди камап олтурат. Башкача айтканда ушул согуштун жүрүп жатканын көргөн соң, тиги Маевский деген шылуун арыз жазып, бир чоң нерсени утуп алууну көздөп жатат. Албетте, Маевский бул оюнга дароо эле көнө койгон жок. Бул үчүн Маевский өзүнүн тылын бекем кылып алган. Мисалы, анын артында ФСБ же Госдуманын депутаттары турушу мүмкүн. Же болбосо ФСБнын отставкадагы генералдары турушу ыктымал. Алардын бул структурада крышалары бар.

— Кыргызстанда кимде-ким взятка менен шектелсе, анда взятканы сунуштаган адам да камалышы керек. Бул жерде орус гражданини үчүн мыйзамдар иштебей жатат. Эмне учун? Путин менен макулдашылган эмеспи?

— Мен жогоруда айткандай Маевскийдин «крышасы» бар. Ошондуктан, Маевский биздикилер менен өзүнүн коопсуздугу тууралуу өтө так келишип алган болсо керек. Ал келип арыз жазат, очный ставкага катышат. Анын бул кызматы үчүн биздикилер ага кылмыш ишин ачпайт. Эгер ачса, ал тескери сүйлөп, менден суранышкан, мага акча сунушташкан деп көп нерселерди айтып, коопсуздук кызматынын абийирин аштай төгүп коюшу мүмкүн. Ооба, айрымдар бул ишти Путин менен макулдашылган деп жатышат. Себеби, Маевский Госдуманын экс-депутаты. Ага Кыргызстандын укук коргоочулары эмес, Коопсуздук кызматы кызыгып жатат. Ошол өңүттөн алып, Маевскийди көндүрүш үчүн Путинден макулдук алынган деп жатышат.

— Эмнеге орус жараны Маевский тандалган?

— Себеби, Текебаев өтө популярдуу саясатчы. Аны сындырыш үчүн кыргыз жаранын колдонуу кооптуу. Кыргыз жаранынын артында тууган- уругу бар дегендей. Ал кайсы бир учурда баарын айтып салышы ыктымал. Маевский бир колдонулуучу тряпкадай эле да. Ал кайсы бир кызматтарды кылып берет, анан кетип калат. Биздикилердин проблемасы болбойт. Кыязы, ушундай негизден Маевскийге токтолушкан го дейм.

— Маевский сотко келбей коюшу мүмкүнбү?

— Ооба. Маевский сотко келбей коюшу толук мүмкүн. Анан калса, Маевскийдин айткандарын сотто далилдөө кыйын. Мисалы, ал акчаны эки бөлүп жибергем дейт. Биринчисинде 300 миң долларды Модинге берген. Ал дагы бирөөнө берген. Бирок, ал бүгүн жок. Кайтыш болуп калган. Акча каякка кеткени белгисиз. Анан калса, Маевский ошол 300 миң долларды Кыргызстанга кантип киргизген? Бул маселе да так эмес. Эч документсиз. Экинчи жолу 700 миңди Москвадан жөнөткөм дейт. Ал акчанын Кыргызстанга киргени тууралуу эч далилдери жок. Ошого ал сотко толук келбей коюшу мүмкүн. Бирок, биздикилерге саясат керек да. Максат эптеп Текебаевди сындыруу учун ага асылып, аны жулмалап, тынч койбош керек болуп жатат да. Эркин дүйнөнү кыдырып, коррупциялык документтерди чогулткан Текебаевден көрө, СИЗОдо олтурган Текебаев артык болуп калды көрүнөт.

— Путиндин келиши менен Маевскийдин көрсөтмө берүүсү аркылуу Текебаевдин камакка алынышы бир мезгилге туура келип калбадыбы. Бул атайын жасалган ишпи?

— Бул бекер болгон жок. Муну менен бийлик Текебаевден өтө коркоорун, аны камоо өтө маанилүү экенин билгизип койду. Эң негизги максат Текебаевди камоо экени билинип калды десем жаңылбайм. Менимче эң негизги себеби, президенттик шайлоолор жакындап келатат. Орусия кандидаттарды караштырып, акырындык менен тымызын консультацияларды жүргүзөт. Балким, Текебаевдин өзүнө да кызыгып калабы деген коркунуч болду. Же Текебаев көрсөтүп, сунуштаган кандидатты жактырып калышпасын деген коркуу бар. Кыскасы, Текебаев негизги конкурент деп аны оюндан чыгаруу негизги максат болду көрүнөт.

— Путин келсе президенттик шайлоого старт берилет деп айтылып жүрдү эле. Орус президентинин иш сапары учурунда мураскер тууралуу сөз козголду деп ойлойсузбу?

— Жок, сөз козголгон жок деп ойлойм. Текебаевдин камалышы менен саясий процесстер башка нукта өнүгүшү мүмкүн. Атамбаев буга чейин деле айтып келбеди беле, мураскер болбойт деп. Кыязы, мындан ары саясий процесстер эки нукта өнүгөт. Биринчиси, Атамбаев өзү экинчи мөөнөткө барат. Экинчи жол, Атамбаев мураскер калтырат. Бирок, ал үчүн көптөгөн саясатчыларды президенттикке чыгарбай, өзүнүн мураскерине жол ачат.

Булак: “Жаңы Ордо”

Акин Токтоналиев, адвокат, укук коргоочу: “Максат ажы үч жыл бою муфтий болуп иштеп мыйзамсыз маяна алып, мусулман коомчулугун алдап жүргөн”  

 

Азыркы муфтий Максатбек ажынын тиешелүү диний билими жок, ал мусулмандардын укугун анча коргой албай, кайдигерлик кылып жатат деген Акин Токталиев менен байланышып, суроолорубузга жооп алдык.

-Акин мырза, маалымат жыйын берип, муфтий тууралуу айткандарыңызды муфтияттан жокко чыгарып, Максатбек ажы Скря­бин атындагы айыл чарба институтунан зоотехник адистигине ээ болгонун жана Пакистандын Лахор шаарындагы “Алъ-Арабия” университетинен билим алганын айтышты го? Буга кандай жооп кайтарасыз?

-Максатбек ажы жогорку би­лим алдым деген “Аль-Арабия” деген окуу жай Пакистанда жо­горку окуу жайга кирбейт экен. Айтайын дегеним, “Аль-Арабия ” диний окуу жайы тууралуу Дин комиссиясынын директору Орозбек Молдалиевге Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен 04.06.2015-жылы №16-025/6101 номерлүү кат ме­нен маалымат беришкен. Ал документти жакын арада эле көрдүм. Кайсы тармак болбосун адилеттүүлүк орун алсын деген максатта ошол маселени көтөрүп, Максат ажы үч жыл бою муфтий болуп иштеп мыйзамсыз маяна алып, мусулман коомчулугун алдап жа­на КМДБнын уставын бузуп жүргөнүн айтып чыктым.

-Муфтий тууралуу тараткан терс маалыматтарыңыздан улам аны менен мамилеңиз начар окшойт деген ойго кептелет экенсиң. Азыркы муфтий менен кандай мамиледесиз?

-Негизи муфтий Максатбек ажы тууралуу коомчулукта терс пикир жаратайын деген деле оюм жок. Чынын айтсам, Максатбек ажы менен абдан жакшы мамиледемин. Мен аны, ал мени сыйлайт. Башкача айтканда, пофессионалдуу укук коргоочу жана адвокат деп мага урмат-сый менен мамиле кылат. Бирок орустар “Платон мой друг, но истина дороже” дегендей, мен КМДБ өздөрү кабыл алган мыйзамдуу устав сакталсын де­ген гана ой менен ушул маселени көтөрүп, бул нерсе кийинки шайланчу муфтийлерге сабак болсун деп жатам. Анткени эртеби-кечпи жасалма сөздөр, дипломдор айтор, ар кандай терс иштери бүгүн жашырганы менен эртең эле ачыкка чыгып калат деп ойлонсун, өзгөчө молдокелер мыйзамды сыйлаганды жана аны аткарганды үйрөнсүн деп жатам.

-Муфтийликке am салышсамбы деген оюнуз барбы? Муфтий Максат ажыга кар­шы топтун заказын аткарып жаткан жоксузбу?

-Мен өзүм укук коргоочумун жа­на адвокатмын, өз профессионалдуу ишимди гана аткарам. Менде муфтий болот элем деген ой жок. Себеби диний билимим жок. Муфтийликти талаша албайм. Өзүм да муфтийликке жарабайм. Кабыл алынган мусулмандардын уста­вы бурмаланбай так аткарылсын деген гана таризде ошол маселе­ни көтөрүп, өз көз карашымды билдирип жатам. Чынын айтсам, мага муфтийликке ким келгенинин айырмасы жок. Эң негизгиси, муфтийликке мусулмандардын укугун коргогон адам келиши керек. Эгер чала сабат адам келсе, ал бийликтин марионеткасы бо­луп, ажылыкта акча бөлүшкөндөн башка иш алып бара албай калат.

Өкүнүчтүүсү, 1700дөн ашык момун мусулмандар мыйзамсыз экстремист деген жалган жалаа менен соттолуп кетишти. Масатбек ажы болсо аларга арачы түшө албай кайдигер мамиле кылып, мен келтирген далилдерди бийликке жеткире албай мококтук кылып жатат. Ушул жагынан кара­ганда, мусулмандардын таламын талашкан адам муфтий болсо де­ген оюм бар.

-Сизди экстремист, террористтердин демилгечиси деген маалымат чыкты эле. Ал сөздүн аныгына чыга алдыңызбы?

– Мени аз жерден экстремист – террористтердин уюштуруучусу, демилгечиси деп, сот жообуна тарттыруу үчүн УКМКга жашыруун катты Дин комиссиянын ди­ректору жибериптир. Ал аз келгенсип, Акин Токталиев эл аралык уюмдан акча алат террорист-экстремисттин уюмун коргош үчүн жана ызы-чуу салыш үчүн деп жазышыптыр. Мен айткан жашыруун каттын ээси менен соттошуп жатам. Мага өтө чоң оор кылмыш кылды деп жазыптыр, ошону далилдеп бергиле деп, 2015-жылдын июнь айынан бери соттун аягына чыга албай жатабыз.

-Чубак ажыны да президенттик тактан көргүсү келгендер бар экен. Өзү Чубак ажыга ишенгендер барбы?

-Чубак ажы негизи реформатор муфтий болгон. Бийлик менен теңтайлашып, мусулмандардын укугун коргой алат жана бийлик­тин кетирген кемчилигин саясатчыларга окшоп беттен албай, Куран, хадистерди айтып, тарыхта падышалар, вазирлер, соттор кан­дай болгон жана кандай болуш керек экенин жалпак, жумшак тил менен түшүндүрөт. Ал эми коомчулукка болсо падышаны жана анын өкүлдөрүн кандай мамиле жасашты айтып даават жасап ми­тинг, пикет дегенди жоготот, Сирияга адашып кетип жаткан элди токтотуп, кеткендерди чакырып алып келет. Мусулман өлкөсү президентке караганда Чубак ажы­га ишенет. Ошондуктан инвестицияны Чубак ажы жеңил алып келип, кыргыз элин бир заматта байытып жибере алат. Азия жана Россияда билими ага тең келген бир дагы муфтий жок. Чубак ажы президенттикке койсо да эл колдойт, бирок ал саясий жагынан жаш, такшала элек. Ошондуктан “карышкырларга” алданып калышы мүмкүн.

Булак: “Фабула”

Өлкөнүн түндүк менен түштүгүн байланыштырган негизги магистралдык жолго 95 млн доллар бөлүнөт

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору) ратификациялоо туралуу мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, бул эки аймактык коридор өлкөнүн түндүк менен түштүгүн байланыштырган негизги магистралдык жолдун милдетин аткарууда. Сунушталган долбоор Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас областтарын Нарын, Ысык-Көл, Чүй областтары менен байланыштырчу жол тармагы болот.

Каржылоо макулдашуунун шарттары боюнча:

Баардыгы                                          95,11 млн доллар;

Насыя өлчөмү:                                 41,9 млн доллар;

Грант өлчөмү:                                  36,72 млн доллар;

Насыянын мѳѳнѳтү:                        32 жыл (жылдык пайызы – 1,5);

Жеңилдетилген мезгил:                  8 жыл (жылдык пайызы – 1);

КР ϴкмөтү тарабынан                    19,24 млн доллар.

Жыйын жүрүшүндө комитет мүчөлөрү Түндүк – Түштүк автожолунун азыркы каржылоо абалына кызыгышты. Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлү альтернативдүү жолдун жалпы узундугу 433 чакырымга созулуп, азыр анын 344 чакырымынын каржы булактары табылганын белгиледи. Ал ушу тапта 846 млн 940 миӊ доллар көлөмүндө инвестициялык каражат бар экенин, анын 747 млн доллары насыя, 21 млн доллары Өкмөттүн үлүшү, калган бөлүгү гранттык каражат болуп санала турганын кошумчалады.

 

Меню