Menu

КООМ

Алгачкы жолу эл аралык онлайн конференция

Билим берүүнүн эл аралык стандартына карай бет алган Ош мамлекеттик юридикалык институту өнүккөн мамлекеттердин ири жогорку окуу жайлары менен карым-канташын ар тараптан өнүктүрүүдө. 2017-жылдын 4-мартында Казакстандын эмгек жана социалдык мамилелер академиясы менен Ош мамлекеттик юридикалык институту биргеликте онлайн аркылуу илимий- практикалык конференция уюштурушту. Бул туурасында ОшМЮИнин басма сөз кызматы билдирди.

Евразиялык кызматташууда мыйзамдуулукту өнүктүрүү, азыркыдай шартта экономиканын каржы секторун өнүктүрүүнүн актуалдуу жагдайлары, компьютердик жана маалыматтык технологияны өнүктүрүүнүн абалы, келечеги тууралуу жана башка актуалдуу маселелер талкууланган  онлайн иш чарасында Кыргызстан, Украина, Азербайжан, Беларуссия жана Казакстандын жогорку окуу жайлары катышты. Онлайн аркылуу уюштурулган эл аралык конференцияда Кыргызстандан жалгыз Ош мамлекеттик юридикалык институту катышты. Анда ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов сөз сүйлөп, мындай иш чаралар ар тараптан кызматташууга өбөлгө түзүп жатканын баса белгилөө менен илимий баяндама жасады. Андан кийин Казакстан, Украина, Азербайжан жана Беларуссия өлкөлөрүндөгү жогорку окуу жайлардын окумуштуулары жылуу маанайдагы каалоолорун билдирип, илимий докладдарын окушту.

Эл аралык илимий-практикалык конференциянын алгачкы жолу мындай ыкмада өткөрүлүшү катышуучуларга өзгөчө ынгайлуулукту жаратты. Анткени катышуучулар өздөрүнүн жогорку окуу жайларында отуруп эле онлайн аркылуу бири-бирин көрүп, илимий докладдарын угуп, өз ара талкуу жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Мында окумуштуу-окутуучулар менен бирге илимге кызыккан студенттер да илимий докладдары менен катышып, билимин ар тараптан өнүктүрүү үчүн кеңири маалымат алышты.

Артур Медетбеков, коомдук ишмер: “Атайын кызмат документтерди жибергенде элчилик эмес, президенттин жанындагы көп адамдар билбей калышы мүмкүн”

 

— Артур мырза, кечээки Ата-Мекен фракциясы тарабынан Президент Алмазбек Атамбаевге жана анын жубайына тийешелүү болгон документ жөнүндө эмнелерди айта аласыз? Дача-СУга кулаган учактагы жүк чын эле өлкө башчыга жана биринчи айымга тийешелүү болуп калышы мүмкүнбү?

— Бул маселени эки тараптуу карасак болот. Биринчиси, эң негизгиси, атайын документтер президенттин атына жазылган документ экен. Ал документтин кандайдыр бир иштердин же кызык окуялардын негизинде документтин көчүрмөсү башка адамдарга түшүп калганы өтө таң калыштуу. Экинчиден, бул документ оперативдүү маалымат. Оперативдүү маалыматтын ушундай деңгээлде жазылышы дагы күмөн. Үчүнчүдөн, бул документ окуялардын жана ушул окуяга катышкан фигуралардын аттарынын аталышы дагы кандайдыр бир деңгээлде күмөндүү ойлорду элестетет. Мындан тышкары ачыгын айтсак, кээде ушуга окшогон документтерди авиа компаниялар камсыздоону төлөбөш үчүн кандайдыр бир адамдарды жалдап, же өздөрүнүн атайын кызматтагы адамдарын жалдап кандайдыр бир документтерди даярдап элге таркатууга, ошондой эле биздин мамлекеттеги оппозициялык маанайдагы адамдарга маалымат катары жиберүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн учурлар пайда болот. Ачык эле айтыш керек, ушуга окшогон маалыматтардын айынан дүйнө жүзүндө согуштар дагы болуп келген. Мисалы, Англиянын атайын кызматынын адамдары убагында Иракта химиялык оор жарылуучу заттар бар деп туура эмес маалымат бергенинин негизинде кийин согуш ачылып кеткен. Же болбосо алыс кетпей эле биздин мамлекетте дагы жогорку бийликке кете турган документтер жоголуп, же болбосо кандайдыр бир деңгээлде ачыкка чыгып калган учурлар дагы көп эле кездешкен. Ошондуктан бул документти бүгүнкү күндө көңүл буруп, чын эле жасалма экендигин же чындыгын такташ үчүн карап чыкса болот. Себеби канткен менен айып тагылып жатат, бул боюнча бүт коомчулукка билдирүү болгондон кийин каралып чыгышы керек. Эң негизгиси 40 жараныбыз каза болуп, ушундай кырсыкка туш кылган контрабандалык жол менен келген учактар деп биз эсептеп жатабыз. Мен буга толугу менен кошулам. Себеби буга чейинки президенттердин убагында, бүгүнкү күндө дагы транспорттук, авиа, темир жолдору менен келип жаткан товарлар келген жана азыр да келип жатат. Бул ушунчалык коррупциялык схемага өтүп кеткен. Ошондуктан мындан кутулуш, арылыш өтө кыйын болуп калды. Былтыр Белоруссиянын президенти чоң бир жыйында “Кыргызстандын чек арасында чоң тешик бар, тешиктен контрабандалык жолдор менен товарлар келип турат”-деп айтты. Буга чейин дагы бир нече жолу анализ болуп келген. Биздин Кыргызстанга келген товарлардын баасынын суммасы башка мамлекеттен чыккан товарлардан 10 эсе аз көрсөтүлүп, абдан төмөн болуп кеткен. Бул ушундай ачыктан ачык, биздин Кыргызстанда болуп жаткан контрабандалык системалардын дагы деле иштеп жаткандыгын билдирип турат. Эми буларга жогорку деңгээлдеги атка минерлердин тийешеси бар, буга эч ким күмөн санабайт деп ойлойм. Мындан сырткары чек ара, бажы тармагынын кызматкерлери ушуга байланыштуу болгон укук коргоо кызматкерлери бул боюнча муну көп жылдардан бери жакшы билишет. Алардын кээ бир ыплас схемалуу жол менен иштеген жетекчилеринин иштерин же ушуга байланыштуу иштеген адамдары кийлигишип ушул боюнча шугулданып келишет. Буга бөгөт коюу абдан оор болуп калган. Жөнөкөй эле мисал бүгүнкү күндө Кыргызстандан өзүбүздүн жакынкы эле мамлекеттерге контрабандалык жол менен чыгып жаткан күйүүчү майлар дагы деле болсо болуп турат. Бул боюнча бир нече деген мисалдар дагы келтирилген, ошондуктан бүгүнкү күндө бул абдан татаал опурталдуу иш. Биздин укук коргоо органдары ушул боюнча териштирүү иштерди таза, чын, адилеттүү, Кыргызстандын мыйзамынын негизги нормалары менен туура көргөзсө көп контробандалык жол менен шугулданган жогорку деңгээлдеги атка минерлердин ысымдары эмес алардын схемалары кошо чыгып калышы мүмкүн. Бирок бүгүнкү күндө ушундай болуп калышы коомчулукту абдан ойлондурат.

— Турциядан келген документте 18 ката бар экен. Ушунча катадан кийин бул документтин “чындыгына” кантип ишенсе болот?

— Өткөндө “Белизгейт” маселеси чыкканда ондон ашык ката чыккан. Ондон ашык ката чыккандыктан оперативдик негизде айыптоолор болгон. Азыр деле ошонун жообу болуп жатат. Президентке жазылган расмий документтин үтүрүн же чекитин койбой койсо башка болмок. 18 ката болушу мүмкүн эмес эле. Мен жана да айттым, азыр да айтам ушуга атайын кызыктар болгон компаниянын, камсыздандырган агенттиктин кызматкерлери дагы таасирин тийгизиши мүмкүн. Же болбосо Турциянын өзүндө дагы президентке каршы иштеген адамдары бар. Себеби былтыр төңкөрүш болуп кете жаздап араң калышпадыбы. Дагы деле болсо алардын арасында жашыруун негизде ага каршы иштеген адамдар дагы пайдаланышы мүмкүн. Же болбосо шылуундар кандайдыр бир деңгээлде ушундай документти жасап, оор трагедиялуу окуядан акча табыш үчүн шугулданган учурлар дагы болот. Документти баардык жактан карап, мүмкүнчүлүк болсо коюлган мөөрлөргө байланыштуу текшерүү иштерин жүргүзсө ким аркылуу жасалганы чыгып калышы мүмкүн. Ачык эле айтаар элем, бул боюнча элчилиги билдирүү жасады. Чалгын же атайын кызматтын кызматкерлери документтерди жибергенде элчилик эмес, президенттин жанындагы көп адамдар билбей калышы мүмкүн. Бул документти кээ бир ошол жактагы адамдар кийин таппасын деп бурмалап атайын ката да киргизиши мүмкүн. Бул териштирүү жана иликтөөнүн негизинде көп нерселер белгилүү болот.

Булак: “Жаңы Ордо”

Жалал-Абадда 8-Март – Аялдардын Эл аралык майрамы белгиленди

Бүгүн, 6-мартта Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында 8-Март – Аялдардын Эл аралык Тилектештигинин Күнү майрамы салтанаттуу маанайда белгиленди. Бул туурасында Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Майрамдык жыйынга облусттун район, шаарларынан келишкен ар кыл тармактарда эмгектенишкен аялдар менен “Баатыр Энелер” катышты. Майрамдык салтанаттуу жыйындын катышуучуларын өкүл Кыянбек Сатыбалдиев куттуктады:

– Кымбаттуу энелер, асылзаада кадырлуу айымдар! Сиздерди алдыбызда келе жаткан 8-март – Аялдардын Эл аралык майрамы менен чын дилимден куттуктаймын! Урматтуу асылзаада айымдар, Сиздерди биз алмустактан бери теңдешсиз ыйык нерселерге салыштырып келебиз. Ай ааламга нурун чачкан айга, күнгө, Жер жайнаган жыпар жыттуу түркүн гүлгө, мөлтүр булак тунук сууга, көлдүн көркү болгон чүрөк кууга салыштырып келебиз.

Чындыгында сулуулуктун да, улуулуктун да, назиктиктин да теңдеши жок асылзат айымдар Сиздерсиздер. Ушундай улуулук менен сулуулуктарыңыздарды ырга да, күүгө да, обологон обонго да, даңазалуу дастандарга кошуп, бал татыган баалуу сөздөр менен даңктап да , барктап да келебиз.

Кылым карыткан кыргыз элинин көөнөрбөс тарыхында аялзатынын баркын ыйык да бийик тутуп келген кан Манастагы Каныкей энебизден баштап Айчүрөк, Айганыш, Кыз Сайкал жана Жаңыл Мырзаларды даңктап келсек, Кыргыз журтчулугунун өз алдынча Мамлекет болушуна өрнөктүү өбөлгөсүн кошкон даңазалуу Курманжан Датка энебизди кошсок орундуу болоор.

XIX кылымдын орто ченинде орус падышачылыгы бардык улуттардын башын бириктирүүдөгү саясатында келишпестиктер жаралып турган мезгилде Курманжан Датка энебиздин орус падышачылыгына койгон эки ооз талабы менен элибиздин  тынчтыгы, жерибиздин бүтүндүгү сакталып калган. Ал мындай айтылат:

– Биздин түпкү тегибиз, ата-бабаларыбыз сүйлөп келген ыйык тилибизге тийбеңиздер жана баш ийип, сыйынып келген ыйык динибизге тийбеңиздер!,- деп шарт коюу менен кошулган экен. Мына ушундай улуу көсөмдүк баалуу сөзү менен элибиздин биримдиги жана ынтымагы сактап калган. Куттуу үйдүн коломтосунун очогун өчүрбөй, кутун байытып чачыраткан, балдарыбызга бешик ырын ырдап, мээримин төккөн энелерибиздин мамлекет жана коом алдындагы ак эмгектери тоо көтөргүс оор жүк десек жаңылбайбыз. Асылзат аялдар коомдук турмуштун активдүү катышуучулары жана жаратмандары десем дагы аша чапкандыкка жатпайт. Алсак, билим берүү менен саламаттыкты сактоо тармагынын оор жана түйшүктүү жүгүн кабагым-кашым дебей татыктуу алып бараткандардын басымдуу бөлүгү асылзат аялдар экендигине терең сыймыктансак болот. «Аял жылмайса, аалам кошо жылмаят», «Аял – үйдүн куту» деп кыргыз эли асылзаада аялзатына ар дайым терең урматын жана сый – кадырын көрсөтүп келишкен. Бүгүнкү күндө областыбыздын аймагында 8075 “Баатыр Эне” ордени жана 2500 “Эне даңкы” медалынын ээлери болушкан энелерибиз мамлекетибиздин эртеңки келечек-тиреги болушкан уул-кыздарына татыктуу таалим-тарбия берип келе жатышат. Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршенович быйылкы жылды “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп жарыялады. Коомдук турмушту жакшыртууда, өсүп келе жаткан жаш муундарыбызды ыймандуулукка, адеп-ахлак менен жогорку маданияттуулукка тарбиялоодо Сиздердин эмгегиңиздер өзгөчө орунда тураары талашсыз. Сиздер эриш-аркак иштеген жерде тазалык дагы, тартип дагы, тактык дагы бар экендиги талашсыз. Куттуу үйдүн коломтосун өчүрбөй келе жаткан энелерибизге, дүйнөдөгү эң башкы бакытты – бизге Өмүр бергендиги үчүн аларга миң мертебе башыбызды ийип, таазим этсек жарашат. Алардын энелик мээримине, талыкпаган кажыбас эмгегине, боорукердиги менен чыдамдуулугуна чын жүрөгүбүздөн алкыш айтабыз! Анткени “Бейиш – эненин таман алдында” деген улуу накыл сөз тек жеринен айтылган эмес. Ар дайым аман жана бар болуңуздар кадырлуу энелер жана асылзаада айымдар. Келе жаткан 8-март – Аялдардын Эл аралык майрамы баарыңыздарга куттуу болсун. Нур тамган жүзүңөрдөн эч качан жылмаюу менен күлкү кетпесин. Бактылуу балдарыбыздын шаңдуу күлкүсү ар бир үйдө жаңырсын. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен! Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев облусттун аймагындагы саламаттыкты сактоо, билим берүү, укук коргоо, аскер, маданият, тейлөө жана башка тармактарда эмгектенишкен жана өздөрүнүн өрнөктүү иштери менен айрымаланган бир катар асылзаада айымдарды өкүлчүлүктүн Ардак Грамоталары жана Алкыштары менен сыйлады.

8-Март – Аялдардын Эл аралык Тилектештигинин Күнүнө арналган майрамдык салтанаттын катышуучуларын Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов куттуктап, ар кыл кесиптерде жигердүү эмгектери менен айрымаланган жана Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон өзгөчө салымдары үчүн шаардагы мекеме-ишканалардын бир катар асылзаада айымдарын Жалал-Абад шаардык мэриясынын жана шаардык Кеңештин Ардак Грамоталары жана Алкыштары менен сыйлады. Мындан сырткары Жалал-Абад шаарынан 200 асылзаада айымдар 500 сом акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Майрамдык салтанаттуу жыйындын катышуучулары болушкан асылзаада айымдарды облусттук мамлекеттик улуттук коопсуздук башкармасынын башчысы Канжарбек Бокаев, областтык аялдар кеңешинин төрайымы Дамира Алимжанова, Ала-Бука райондук аялдар кеңешинин мүчөсү Салима Аллакулова жана Кыргызстан Элдеринин Ассемблеясынын мүчөсү, облустук тажик диаспорасынын төрагасы Бахрам Марасулов куттукташты. 8-Март – Аялдардын Эл аралык Тилектештигинин Күнүнө арналган майрамдык салтанаттуу жыйындын жалпы катышуучуларына өнөрпоздор тарабынан кеңири программадагы концерт тартууланды.

Вице-премьер Сагымбай Орозбаковдун фамилиясын билбей...

Өкмөттүн социалдык тармагын тейлеген вице-премьер министр Чолпон Султанбекова деңгээли анчейин эмес экенин, өз ишин жөндөп аткара албасын убакыт өткөн сайын өзү кашкайта далилдеп жатат. Мына Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына арналган илимий практикалык конференцияга барып, залкар манасчынын фамилиясын билбей, окутуучу мугалим, студенттерге «шерменде» болду. Оң, сол тарабында бакыйып жазылып турган Сагымбай Орозбаковдун фамилиясына көңүл бурганга да чамасы жетпептир.

Улам-улам Орозбеков деп он жолу кайталаганын, ЖОЖдун студенттери оңдоп Орозбаков деп айтып жатышканын мугалимдер өкүнүү менен кеп кылышты. Ал түгүл виценин кейпи бул болсо жыргаптырбыз деп баш чайкаганга аргасыз болушту. Буга дейре Чолпон айымдын кылыгын жакшы билгендер Султанбекованын көзүнө акча эле көрүнөт, башка максаты жок дегенди айтышкан. Чын эле окшойт. Ушундай деңгээли мамлекетик жогорку кызматка жооп бербеген, Кудайдан жөө качкандар качанкыга дейре эркелей берет… Колунан келбеген ишке тырмышпай, үйүндө камырын жууруп тынч отурса болмок…

Булак: “Фабула”

Чара көргүлө!!!

Кыргызстанда саясий кырдаал оорлошуп, койнуна котур ташын каткан айрым бузукулар баш көтөрүп, арам максаттарын ишке ашырууну көксөшүп чагым жасай башташты. Буга Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келгенде, Россиянын элчилигинин алдына ондон ашык орус улутундагы Кыргызстандын жарандары: «Укугубуз басмырланып жатат, мүлкүбүздү тартып алышууда, орустарга сотто укугун коргогонго, иштегенге мүмкүндүк беришпейт, бизге жардам бергиле» деген жазуулар жазылган плакаттарды кармап митингге чыгышканын мисалга тартсак жарашат. Тиешелүү укук коргоо органдары митингге чыккандардын өздүгүн аныктап, тиешелүү чара колдонушу керек. Болбосо мамлекетке бүлүк салууну көздөгөндөрдү тыюу мүмкүн болбой калат…

Булак:”Фабула”

Кыргыз темир жолу банкротпу?

Мамлекеттик Кыргыз темир жолу ишканасынын ити чөп жебей, иши жылбай, туңгуюкка кептелүүдө. Алсак былтыркы жылы вагон сатып алмакчыбыз деп кат менен кайрылышып, жыйынтыгында үчтөн бирин араң алышты. Азыркы убакта вагондордун жетишсиздигинен улам 6 миллиард сомго зыян тартып олтурат. Мисалы 2016-жылы түштүктөгү бөлүмдө 120 вагон бар болсо, бүгүнкү күндө 30 вагон эле калыптыр. Вагон жегичтер жеп кеткенби же эскилиги жеткенби ким билсин, айтор алакан жайып олтурушат. Мына ушул себептен жүк ташуу, экспорт жылдан-жылга азаюуда. Жетекчиси Ногойбаев кебелип койбойт же жаштарга, иштейм дегендерге ордун бошотуп бербей, креслону мыкчып олтурганы олтурган. Минтип олтурса мамлекеттик деген макамы бар ишкананы майкандайт го! Үн катып койсоңуз боло!

Булак: “Фабула”

25 миң мугалим турак жайга муктаж

 

Бизде мамлекеттик ипотекалык компания деген бар. Бул ком­пания атына заты жарашпай, мамлекеттик ипотекалык эмес эле, мамлекеттик аферисттик компанияга айлангандай түр көрсөтөт. Алсак, буга чейин бюджеттик мекемелерде эле иштегендер турак жай ала алат деп ооздорун чоюшканы эсибизде. Аягы эмне болду? 7000ге жакын адамдан үй алууга арыз түшүп, тилекке каршы 860ка жакынынын гана үй алганга айлык маяналары туура келет экен. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, үстөк пайыздын жогору болгондугуна байланыштуу, бир катар үйгө муктаждар арыздарын кайрып алышкан. Ушул компания менчик банктардын капчыгынын кампайышына салымын кошушпай, мамлекеттик банктар менен эле иштешсе, үстөк пайызы төмөнүрөөк болмок. Бирок андай жолго барышпай, менчик банктан алчу алакан ысытчу акчаны кыя алышпай, ар кайсы шылтоону айтышып баш айландырышууда. Бүгүнкү күндө жалпы 77 миң мугалимдин 25 миңи ту­рак жайга муктаж экен. Бирок тилекке каршы, мугалимдердин айлык маянасынын аздыгынан аты мамлекеттик, заты менчик компаниядан турак жай ала алышпай кыйналууда.

Кабай Карабеков, журналист, саясатчы: “Саясатта менин бригадам жок, жалгыз жүрүү өтө оор”

 

Бүгүнкү болуп жаткан саясий абалга кандай баа бересиз? Өмүрбек Текебаевдин күнөөсү болушу мүмкүнбү, эгер ал чындап күнөөлүү, болуп күнөөсү далилденсе жоопкерчиликке тартылышы керекпи?

-Ө.Текебаевге болгон күнөөлөр өтө олуттуу. Биз азыркы күнгө чейин билбейбиз, Апрель  революциясынан кийин эмне болгондугун. А бирок билишибиз керек. Ошондуктан Башкы прокуратура менен УКМК Ө.Текебаевдин күнөөсүн аргумент, фактылар менен далилдеш ке­рек. Муну Ак үйдүн чиновниктери эле эмес, карапайым калк дагы билүүгө тийиш. Текебаев чуусунда бүгүнкү күнү бийликтин эки эле жолу бар, Текебаевдин күнөөсүн далилдөө керек же аны актоо керек.

“Текебаевдин камалышы саясатпка байланыштуу бо­лушу мүмкүнбү?

-Бизде баары саясатка байла­ныштуу. Албетте, Ө.Текебаевдин күнөөлүү же күнөөлүү эместиги тууралуу суроо саясатсыз чечилбейт. Билесиңер да, “Ата Мекендин” лидери Атамбаевге каршы ал жөнүндө көп нерселерди айтып чыкпадыбы. Президентти коррупционер катары күнөөлөдү, анын айланасындагыларга өтө олуттуу күнөөлөрдү койду.

-Бийликке жаштарды алып келиш керек дегенге кандай карайсыз?

-Жаштарды эч ким колунан жетелеп бийликке алып келбейт. Ар ким өз жашоосунда аракет кылыш керек. Жаштардын каалоосу менен саясий элитаны бир заматта өзгөртүп коюу мүмкүн эмес. Биринчиден жаштардын арасынан ким кандай экендигин билүү абзел. Мен азырынча жаштардын арасынан бычакка сап, тың чыкма жаштарды байкай элекмин.

-Президент Алмаз Атам­баев кийинки президент ким болоору белгисиз эке­нин, мураскер операциясы болбостугун айткан эле, Атамбаев ордуна бирөөнү калтырып кетет дегенге ишенсе болобу?

-Билесиңер да, Атамбаев өзүнүн талапкерин чыгараарын кыйыр түрдө билдирбеди беле.

Албетте, мураскер болчу киши Атамбаевдин кишиси болот. Бу­га орус президенти В.Путиндин Бишкекке келиши дагы айкын мисал болду. Атамбаев В.Пу­тиндин келиши менен президенттиктен кетсе дагы, бийликтен кетпестигин дагы бир жолу ырастады.

-Аз күн мурун Ф.Кулов экөөңүздөр “таза шайлоо” деп бир нерсени айттыңыздар, ошол боюнча айтсаңыз?

-Буга чейин болуп жүргөн нер­сени айттык. Президенттик шайлоодо бийлик административдик ресурсту сөзсүз колдонот. Ал боло турган нерсе. Шайлоочулар анын баарын түшүнүшү керек.

Убагында депутат бол­гон элециз, азыр эмне саясатта жоксуз?

Биринчиден менин саясатта бригадам жок. Саясатта жалгыз жүрүү өтө оор. Мен журналистмин, журналисттин иши да өтө чоң саясат. Андыктан мен саясаттан такыр четтедим дегенден алысмын.

Булак: “Фабула

Отчетторду карасак, каражат саламаттык сактоого эч тиешеси жок нерселерге жумшалат экен

Глобалдык фонд тарабынан Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына – кургак учук сындуу жугуштуу ооруларды дарылоо үчүн бөлүнгөн каражаттын бир бөлүгү гейлер менен сойкуларды тейлөөгө кетүүдө. Бул тууралуу депутат Анвар Артыков КСДП фракциясында Саламаттык сактоо тутумунун абалы, аны реформалоо боюнча Өкмөттүн иши жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирип, кечээ 3-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин отчетун сурады. Бул тууралуу КР ЖК басма сз кызматы билдирди.

Министр Талантбек Батыралиев ушул сындуу талаш-тартыштардын айынан 2014-жылы Глобалдык фонддун каражатынын туура эмес пайдаланылышы боюнча чатак чыгып, азыр фонддун каражатын бөлүштүрүү милдети Страндык комитетке жүктөлгөнүн белгиледи. «Биз жалпы каражатты көзөмөлдөй албайбыз, бирок бизге ВИЧ/СПИД менен кургак учук дартына каршы күрөшүү үчүн бөлүнгөн каражаттар боюнча ырааттуу отчет берип турабыз», – деди ал.

Депутат Анвар Артыков өкмөттүк эмес уюмдарга бөлүнүп жаткан каражаттардын пайдалануусу жаатында өз нааразычылыгын айтты. «Отчетторду карасак, каражат саламаттык сактоого эч тиешеси жок нерселерге, тагыраак айтканда, тренинг, семинар, кофе-брейк сындуу болбогон нерселерге жумшалып жатыптыр. Андан тышкары, гейлер менен сойкуларга да коротулат экен, ушу кантип болсун. Кандайдыр бир көзөмөл болуш керек», – дейт эл өкүлү.

 

КСДП парламенттик фракциясы Саламаттык сактоо министрлигинин ишин жетишсиз деп тапты

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясы Саламаттык сактоо министрлигинин ишин жетишсиз деп тапты. Кечээ 3-мартта Саламаттык сактоо тутумунун абалы, аны реформалоо боюнча Өкмөттүн иши жөнүндө угулган маалыматтын негизинде ушундай чечим кабыл алынды. Бул тууралуу КР ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, жыйын жүрүшүндө өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагынын азыркы абалы, анда жүрүзүлүп жаткан кайра курумдар, Саламаттык сактоо министрлиги менен медициналык мекемелердин иши боюнча, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин жеке өзүнүн дарегине көптөгөн сын пикирлер айтылып, бир катар иштиктүү сунуштар берилди.

Жыйын соӊунда депутат Марат Аманкулов министр Талантбек Батыралиевге ишеним көрсөтпөө маселесин койду. Ал эми фракция башчысы Иса Өмүркулов Саламаттык сактоо министрлигинин ишин жетишсиз деп табуу жөнүндө сунушун берди. Добуш берүү жыйынтыгында экинчи сунуш колдоого ээ болду.

Меню