Menu

КООМ

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Бишкек мэриясы деталдуу пландоо долбоору үчүн 20 млн сом алды, бирок натыйжа жок!

«Бардык цивилизациялуу шаарларда деталдуу пландоо долбоорунун (ДПД) багыты менен иш алып барышат. Менин жана дагы бир нече депутаттардын демилгеси менен 2013-жылы Бишкек шаардык кеңешинде бир добуштан токтом кабыл алынган. Ал токтомдо Совет-Ахунбаев-Тынчтык проспектиси-Жибек-Жолу көчөлөрүнүн төрт бурчтугу боюнча деталдуу пландоо долбоорун иштеп чыгуу каралып, долбоорду иштеп чыгууга  20 млн. сом дароо бөлүнгөн. Бирок, 3 жылдан бери долбоордон дайын жок», – деген нааразычылыгын билдирди Бишкек шаардык кеңешине “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан депутаттыкка талапкер Рысбай Аматов.

Талапкердин айтуусунда, долбоор боюнча тапшырма алгач мэрияга берилген. «Ал эми 2014-жылы биз долбоор алигиче иштеле электигин эскертип, аны иштеп чыгууну жеңилдетиш максатында “Бишкекбашархитектурасына” жүктөгөнбүз, бирок бул дагы ишке жардамын тийгизген жок», – дейт Рысбай Аматов.

Бишкек шаардык кеңешинин курамында “Өнүгүү-Прогресс” партиясы демилгелеген негизги маселенин бири катары шаар аймактарын деталдуу пландоо долбоорлору болоорун талапкер тастыктайт.«Борборубуздагы башаламан курулуштарды токтотуу үчүн мындай долбоорлор сөзсүз керек. Азыр карасак акча алмаштыруучу жайлар бир көчөгө топтолгон, дагы бир көчөбүздө жалаң кафе, тойканалар жайгашкан. Жыйынтыгында, шаардын көптөгөн кварталдары мектеп, поликлиника, бала бакчаларсыз калып жатат. Учурда шаардын ичинде эмес, жаңы конуштарда дагы деталдуу пландоо долбоорунун жоктугуна байланыштуу мектеп, бала бакчаны мындай кой, кичинекей балдар аянтчасын курууга жер табылбай калды», – деген оюн билдирди Рысбай Аматов.

Рысбай Аматовдун белгилөөсүндө, мындай долбоорлорду иштеп чыгуу борбор шаарыбыз үчүн абдан актуалдуу. Эгер долбоор кабыл алынса, шаарда салынуучу тигил же бул объектти курууда документте бекитилген эрежелер сакталат. «Эгер долбоордо бул аймакта кошумча кафе же магазин көрсөтүлбөсө, мындай объекттер курулбайт. Квота боюнча берилген оорукана, бала бакча, спорзал ж.б.у.с. объекттерди курууга жол ачылат», – деп жыйынтыктады Рысбай Аматов.

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

“Крыса” деди эле... ИИМдеги Тайыров качанкыга чейин тайралаңдайт?

 Президент Алмазбек Атамбаев милициялардын күнүндө “ИИМдеги “крысаларды” Кашкар тазалай албаса, мен өзүм жок кылам” деген маанайда катуу сөз айткан. Ага чейин ок-дары, курал саткан погончондордун чуусу чыкканы белгилүү эле. “Дагы кайсы “крысалар” болду экен?” деп коомчулук ойлонуп калган.

Эсиңерде болсо, экс-министр Кашкар Жунушалиев ГУБОПтун бөлүм башчысы Бакир Тайыровду кылмышка шектүү иштеринен улам кызматтан алганы, анан көп узабай ал Акүйдөгү “крышасынын” звоногу менен ордунда калганы чуу жараткан. Тарыхка кайрылсак, бир дагы министрдин коллегиядан кетирген кадры кайра ордуна кайрылып келбептир. А бу жерден таңгалычтуу жагдай жаралганы кандай? Бул кооптуу фигура болуп жүрбөсүн?

Курманбек Бакиевдин каардуу режиминин тушунда Б.Тайыров Финполдо майлуу кызматта отурган. Шефи Акимжан Муйбиллаевдин “кошелогу” болгону айтылып келет. Кийин бийлик алмашкандан соң ары-бери урунуп жүрүп, Бакир адатынча Акимжанды “кидать” этип, башка кожоюндарга өтүп кетет. Акыры ал ИИМдеги уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшкөн башкармалыкка ишке орношкону, министрдин экс-орун басары Какен Сатыбалдиевдин колтугуна кирип, көнгөн “кошелектук” кызматын аркалай баштаганы ММКларга чыгып кеткен. Көп өтпөй Какен кызматтан алынган, “башын жеди”. Анан көп былыктарынын айынан Б.Тайыров коллегиядан катуу тил угуп, кызматынан алынганы менен каккан казыктай ордунда кала бергенин жогоруда эстебедикпи. Мындай “сыйкырдуу көрүнүшкө” пулдун күчү жардам берген эмеспи?

Эмесе, тумандаткан ишмердигине суроо менен кайрылалы. Бакир мырза, сиз Чаткалдагы Терек-Сай шаарчасындагы сурьма чыккан кенге көз артып, жакын адамыңызды тендерге катыштырганыңыз, ставканы 4 миллион долларга чейин көтөртүп, натыйжада, утуп алганыңыз ыраспы? Негизи эреже боюнча Терек-Сайга сурьма иштеткен комбинат курулмак экен, бирок сиз оңоюна качырып, баалуу металлды жергиликтүү элге “кыргызбайчасынан” каздырып, контрабанда жолу менен Кытайга сатып атасызбы? Эгер бул кен мыйзамдуу жолу менен ишке киргенде, мамлекетибиздин казынасына миллиондогон каражат түшпөйт беле? Чоңдордон “крыша” издеп, жеке чөнтөгүңүздүн камын ойлогонуңуз ушулбу? Өзүңүз көмүскөдө жатып алып, жакын адамдарыңыз аркылуу байып, элдин ырыскысын жеп атасызбы?

Албетте, бул суроолорго жооп беришиңиз керек. Коррупцияга шектүү фигурант катары көрүнүп атасыз го? Биз бул маселени жөн койбой, журналисттик иликтөө жүргүзгөнгө аракет кылмакчыбыз.

Сакен БӨРҮБАЕВ

Булак: “Азия ньюс”

Нарын облмилициясы: "Ак-Талаа районунда 1 эле айда 25 эшек уурдалып союлган"

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда эшек уурдап союп жүрүшкөн 3 жергиликтүү жаран кармалды. Бул тууралу Турмуш маалымат агенттигине кечээ, 14-ноябрда Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Нарын обустук милициясынын маалыматы боюнча Ак-Талаа районунун Коңорчок, Ак-Тал, Чолок-Кайың и Жаңы-Талап айылдарында бир эле октябрь айында 25 эшек уурдалып, союлуп кеткен.

Эшектен башка да бул айда 15 мал урдоо фактысы катталган.
Бул фактылар боюнча Ак-Талаа райондук милициясы шектүү 3 жергиликтүү жаранды кармаган. Алар Нарын районунун Жан-Булак айылынын тургундары 31 жаштагы А.С. жана 30 жаштагы К.М. ошондой эле Жерге-Тал айылынын 24 жаштагы тургуну Р.Д. болуп чыгышты.
Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Жаштар жумалыгындагы дебаттарда ОшМЮИнин студенттери биринчи орунда барууда

Азыркы убакта Ош шаарында 17-ноябрь Эл аралык студенттердин күнүнө карата «Жаштар жумалыгы» уланууда.  Бул майрамдын урматына Ош технологиялык университетинде шаардагы жогорку окуу жайлардын жана атайын орто окуу жайлардын арасында Дебат турнири уюштурулду. Бул тууралу ОшМЮИнин басма сөз кызматы билдирет.

Жаштардын билими жана ой жүгүртүү жөндөмү түрдүү шарттарда сыноодон өткөрүлүүчү дебатта Ош мамлекеттик юридикалык институтунун  студенттери өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтүштү. Аталган жогорку окуу жайдын «Лидер» аттуу командасынын мүчөлөрү Эрлан Жээнбеков, Нурумбет Иманказыевдер түрдүү интеллектуалдык суроолорго убагында так жооп берип,   ар кандай шарттарын мөөнөтүндө талаптагыдай аткарып биринчи орунду жеңип алышты.

Кызуу беттешүүлөр менен уланган дебатта ОшМЮИнин студенттери Базаргүл Курбаналиева, Алтынай Полотовалар да активдүү аракеттери менен атаандаштарын жеңгендиктен «Smart» командасы үчүнчү орунду ээледи. Ал эми «Де-Факто»  командасы «Мыкты команда» номинациясына ээ болду. Ошентип жаштар жумалыгында  өткөрүлүп жаткан ар кандай иш-чараларда биринчи орунду багындырган  Ош мамлекеттик юридикалык институтунун жаштары жакындап келаткан Эл аралык студенттердин күнүн татыктуу ийгиликтер менен күтүүдө.

Нурдин Абдылдаев: Бишкектин борборун жеңилдетиш үчүн жаңы конуштарды өнүктүрүү керек

«Бүгүн шаарды өнүктүрүү үчүн альтернативдүү тартылуу борборлорун түзүү керек», – деп билдирди «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Бишкек шаардык кеңешке талапкер Нурдин Абдылдаев.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын калкы толо борборун куткаруу үчүн шаардын жаңы конуштарын өнүктүрүү керек. «Бул шаар үчүн болгон эң зарыл реформа. Жыш жайгашкан борборлор тромб сыяктуу кыймылды токтотуп, убакыттын өтүшү менен борбор калааны жок кылып коюшу мүмкүн», – деди Н.Абдылдаев.

Ал белгилегендей, шаардын борбору баарынан көп ресурстарды, инвестицияларды жана адамдарды тартып алууда. Бул жакта эл тейленүүчү саламаттык сактоо объектилери, ири соода-сатык борборлору жана мамлекеттик органдар топтолгон. Мунун баары калктын жыштыгына жана борбордун ашыкча жүктөлүшүнө алып келүүдө.

Мэриянын маалыматына ылайык, борборду жана жаңы конуштарды өнүктүрүү үчүн жылына шаар бюджетинин болгону 8,5% бөлүнөт.

Н.Абдылдаевдин айтымында, ошол эле маалда жаңы конуштарда Бишкек шаарынын калкынын 20% түзгөн 200 000 адам жашайт. «Жаңы конуштарда өз ооруканалары, парктары, балдар аянтчалары, сейилдөөчү жайлары болушу керек. Ошондо четки жана жаңы кичи райондорунун жашоочулары кандайдыр бир тейлөө кызматтары үчүн шаардын бир четинен башка четине барып отурбайт эле», – деп билдирди партиянын өкүлү.

Жаңы конуштар бүгүн инвесторлорду кызыктырбайт. «Өнүгүү-Прогресс» партиясы жаңы конуштардагы жашоо сапаты жогорулашы үчүн ишкерликке жагымдуу шарттарды түзүү ниетинде, деди «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын мүчөсү Нурдин Абдылдаев.

Меню