Menu

КООМ

Максатбек Эгембердиев, ЖКнын депутаты: “Аялдын колун карап өзүнүн жанын багуу исламга да туура келбейт”

Намыска бек кыргыз жигиттеринин айрымдары азыркы жашоонун шарына туруштук бере албай аялдардын артынан жан бакканга өтүп жатышы көйгөй эмей эмне. Өзгөчө башка өлкөгө иш издеп кеткен киши болуп үй-бүлөсүн оңой эле таштап, ал жактан чала тааныш бирөөнү алып же үстүнө кирип алуу,  кыргыз мырзаларына таандык көрүнүш болбошу керек го. Бирок тилекке каршы бул болуп жаткан көрүнүш. Мунун кесепети көп кайгылуу окуяларга алып келип жатат. Кыргыз жигиттеринин майдаланып аял мүнөз болуп, жалкоолукка алдырып баратышы бул – олуттуу көйгөй.

-Аялдын этегин кармап күн көргөн эркек,  эркекпи?

-Эркек бул үй-бүлөнүн кожоюну, ошондуктан аялын, бала-чакасын кароо жана камсыздоо эркектин милдети. Аялдын колун карап өзүнүн жанын багуу Исламга туура келбейт. Негизинен уул кыздарыбызга Аллах өзү ыйман берсин. Түшүндүрмө  иш-чараларын жүргүзүп дуба кылалы. Коомдогу эркектин орду боюнча түшүндүрмө  иш-чараларын жүргүзүп дуба кылышыбыз  керек.

Булак: Фабула 

Максатбек Чакиев, “Айкүр” федерациясынын баш катчысы: “Эркек оокат табыш керек, ал эми аял бала багыш керек”

Намыска бек кыргыз жигиттеринин айрымдары азыркы жашоонун шарына туруштук бере албай аялдардын артынан жан бакканга өтүп жатышы көйгөй эмей эмне. Өзгөчө башка өлкөгө иш издеп кеткен киши болуп үй-бүлөсүн оңой эле таштап, ал жактан чала тааныш бирөөнү алып же үстүнө кирип алуу,  кыргыз мырзаларына таандык көрүнүш болбошу керек го. Бирок тилекке каршы бул болуп жаткан көрүнүш. Мунун кесепети көп кайгылуу окуяларга алып келип жатат. Кыргыз жигиттеринин майдаланып аял мүнөз болуп, жалкоолукка алдырып баратышы бул – олуттуу көйгөй. 

Аялдын этегин кармап күн көргөн эркек,  эркекпи?

  • Кыргыз калкы эзелтеден бери жоокер эли катары жашап келген. Биздин калктык структурабыз жоокердин системасында куралган:
  1. Канаттар.
  2. Уруулар.
  3. Уруктар.
  4. Тукумдар.

Жоокерлик болгондон кийин бизде намыстык баалуулук өтө бийик турган. Эркектин намыстуулугу эмнеде? Биз жазган «Кыргыз Кодекси» китебинен үзундү берип коеюн:

  • Эрди намыс өлтүрөт,
  • Коёнду камыш өлтүрөт.
  • Эр намысы – эл намысы.
  • Эр жигитке өлүмдөн да уят өйдө.
  • Эр жигит эл намысын сактайт, бекинип жатпайт.
  • Эл ыйык, элден чыккан суюк.
  • Баатыр намыс үчүн туулуп, намыс үчүн өлөт.
  • Баатыр жол баштайт, чечен сөз баштайт.
  • Баатыр намыс үчүн туулуп, намыс үчүн өлөт.
  • Баатыр жоодо таанылат, чечен доодо таанылат.
  • Баатыр чөлдө өлбөйт, балык көлдө өлбөйт.
  • Малыңды эмес – намысыңды сакта.

Бул көйгөй. Баары  ар бир эркектин эркектик мүнөзүндө. Эркек оокат табыш керек, ал эми аял бала багыш керек.

Булак: Фабула 

Мирбек Калданов, маркум Руслан Абасовдун бир тууган иниси: "ИИМ министри убада берет, бирок иш алга жылбайт"

2014- жылы 27-мартта Токмок шаарынын кичи райондорунун биринде кикбоксер Руслан Абасовдун машинасы жардырылган. Спортчу ооруканага жетип көз жумган. ИИМдин маалыматы боюнча кылмыш иши учурда тергөөдө. Кечээ жакында ИИМ министри Кашкар Жунушалиев маалымат жыйын учурунда аталган кылмыш иши жыл аягына чейин ачыкталаарын айтты.

– Мурдагы ИИМ минитри Мелис Турганбаев министр болгондо айткан: “Жакынкы айларда Руслан Абасовдун кылмыштуу өлүмүнүн бети ачылат, мен иштин аягына чекит коем” – деп. Иштеди, бир топ иштеди. Бирок иштин бетин ача алган жок го. Азыркы министр Кашкар Жунушалиевдин министр болгонуна жарым жылга жакындап калды. К. Жунушалиев да айткан: “Кылмыштын бети ачылат” – деп. Кана ачылганы?
-Ишти иликтеген ИИМдин өкүлдөрүнө кайрылып жатасызбы?
– Кайрылып эле жатабыз. ГУБОПтун жетекчисине, тергөөчүгө барып жатып тажадык. Качан барбайлы бир эле жоопту айтышат. “Иштеп жатабыз, иш тергөөдө” – деген.
– Кашкар Жунушалиевдин өзүнө барып жолуктуңузбу?
– Жок, Кашкар Жунушалиевге жолуга элекмин. Мурунку министр Мелис Турганбаевге жолуккам.
-Кашкар Жунушалиев кечээки маалымат жыйынында кылмыш иши жыл аягына чейин ачылып калышы мүмкүн экендигин билдирди го…
– Министр маалымат жыйынын берип жатканда мен интернеттен түз эфирден көрүп жаттым. Эмнегедир Кашкар мырза деле оозу бош жооп берди. Мен анын жообуна канааттанган жокмун. Башында айтпады беле. “Буйрук берген адам табылды, ал издөөдө” – деп. Кана ошол адам?
– Байкеңизди ким өлтүргөн болушу мүмкүн?
– Аны мен билбейм. Бирок ушул өлтүргөн болушу мүмкүн деп кимдир бирөөлөрдөн күмөн санайм. Тергөөчүлөрдө материал бар. Алар толук болбосо дагы, кандайдыр бир деңгээлде ким күнөөлүү экенин билишсе керек.
– Агаңызга мурда кол салуулар болгон эмес беле?
– 2010-жылдагы революциядан кийин кол салууга аракеттер болуп байкем “Мага ушундай кол салуу болгону жатат” – деп ИИМдин өкүлдөрүнө кайрылган. Бирок ИИМдин өкүлдөрү, укук коргоо органдары байкемдин өтүнүчүн орундатып, эч кандай чара көрүшкөн эмес. Бир адамды күнөөлөп, ага издөө жарыялап коюшкан.
P.S Маек берген Мирбек Калданов сүрөтүн чагылдырууну туура көргөн жок
Мирлан Алымбаев

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Абдыганы Эркебаев Казак Илимдер Академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү болуп шайланды

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Абдыганы Эркебаев  Казак Илимдер Академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү болуп шайланды. Аны тастыктаган күбөлүктү Казакстан Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Журинов Мурат Журинович Минск шаарында өткөн “Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине 25 жыл: жыйынтыктар, перспективалар” аттуу илимий-практикалык конференцияда тапшырды.

Казак Республикасынын илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөлүгүнө талапкерлер Казак Республикасынын Иилимдер Академиясынын жалпы жыйынында шайланат. Учурда Казак Республикасынын илимдер академиясынын 13чет өлкөлүк мүчөсү бар. Чет өлкөлүк мүчөлөр илимде жалпы адамзаттын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн ачылыштарды жасаган жана эл аралык илимий чөйрөдө илимий-гуманитардык кызматташууларды өнүктүрүүгө кошкон зор салымдары үчүн шайланат. Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын жетекчиси да коңшу мамлекеттердин ортосунда илимий байланыштарды бекемдөөгө кошкон салымы жана илимде өзү изилдеген тармакта жасаган эмгеги үчүн татыктуу болду. Казакстандын илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөлөрүнүн арасында Россиянын Илимдер Академиясынын  президенти Фортов Владимир Евгеньевич, вице-президенти, Нобель сыйлыгынын ээси Алферов Жорес Иванович, дагы бир вице-президенти Лавёров Николай Павлович, РИАнын окумуштуу катчы-академиги Велихов Евгений Павлович, Украинанын УИАсынын президенти Патон Борис Евгеньевич жана башка өлкөлөрдүн окумуштуулары бар.

«Сема» лицейинин бүтүрүүчүсү Алмаз Шарабидинов, окуучулар үчүн жаңы жатакана куруп берди

Кечээ, 28 –октябрда Ош шаарындагы «Сема» лицейинде жаңы жатакананын ачылыш аземи болуп өттү.  Жатакананы лицейдин бир кездеги бүтүрүүчүсү Алмаз Шарабидинов өз каражатына салган. Бул тууралу “Себат” эл аралык билим берүү мекемесинин басма сөз кызматы билдирет.

Алмаз Шарабидинов, Ош шаарындагы “Сема” лицейинин 1997- жылдагы бүтүрүүчүсү. Ал билим берүүнүн инфраструктурасын жакшыртууга салымын кошкон жана өзүнүн  альма-материн унутпаган “Себат” билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрүнүн бири.

Жатакананын 4 кабаттуу имараты  60 бөлмөдөн, 30 жуунучу жайдан, 2 ашканадан жана бир чоң эс алуу учун бөлмөлөрдөн турат. Жатакана 400 окуучуну кабыл алууга даяр. 24-октябрдан бери жылуулук менен камсыздалып, 1-сентябрдан баштап кызматына киришти.

БГУнун эмгек жамаатынын 85%ы колдоо көрсөтүп, ректорлук кызматына Абдылда Мусаев шайланды

Акыркы мезгилде бир катар университеттерде ректорду шайлоо болуп өттү. Өткөндө да ар кандай оюндар коштолуп, жамаат топ-топко бөлүнүп, окуу жайдын ичи ызы-чуу, бири-бирин караламай коштогон ыплас оюндар менен өттү. Тилекке каршы, айрым окуу жайларда үч талапкер тең  50% барьерди өтө албай, окуу жайда кадыр-баркы жок экендигин айгинелеп, эмгек жамаатынын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ боло албай калды. Өкмөт да ушул 50 пайыз ала албаган үч талапкердин эң аз добуш алганын дайындап, алардын ызы-чуусу азыркыга чейин токтобой уланууда. Ал эми жогоруда айтылган окуу жайлардай эле статуска ээ, бирок жамаатта андай интригага аралашпай, иш менен алек болгон Бишкек гуманитардык университетинде мындай болгон жок.

Эмгек жамааты ынтымакка келип, дагы бир ирет бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган ынтымактуу жамаат экенин далилдешти. Мисалы, кечээ жакында өткөн ректор шайлоодо шайлоого катышкан 405 шайлоочунун 340 добушун Абдылда Мусаевге берип, өзүнүн ректорун же болбосо лидерин тандап алды. Экинчи орунга 40 добуш алып Аскар Бекбоев чыкса, үчүнчү орунду 12 добуш алып Алтын Асанова ээледи.

“Ырыс алды ынтымак” дегендей, бул шайлоодо Бишкек гуманитардык университетинин эмгек жамааты башкаларга үлгү алчудай, өзүнүн бийик аброюн, маданиятын көрсөтө алды. Шайлоо бул ректор үчүн эле эмес, эмгек жамааты үчүн да чоң сыноо экени ачык эле көрүндү. Андан тышкары Абдылда Мусаев Кыргызстандагы ЖОЖдордун ректорлор ассоциациясынын төрагасы болушу бекеринен эместигин далилдей алды.

Булак: Фабула 

Түштөгү шал болуу же албарсты басканда…

Сиз түн бир оокумда ойгонуп, таптакыр кыймылдай албаган абалга кабылдыңыз беле? Бөлмө караңгы, бирок үйдө бирөө жүргөндөй сезилип, үстүңүздөн бирөө басып алган оордукту көтөрө албай жаткан болосуз. Коркосуз, сүйлөйүн десеңиз тилиңиз буулуп калгандай, а кээде сүйлөмөк турсун кыйкырып аткандай болосуз, бирок ал кыйкырык сыртка чыкпайт. Кулагыңызга бир нерселер угулуп, көзүңүзгө көрүнүп, кыскасы таң калычтуу дүйнөгө кабылгандай болосуз…

Бул нерсени башкада болуп жатканын уккан же көргөн андан да коркунучтуу. Себеби ал адам ар кандай үндөрдү чыгарып жүрөктү түшүрөт. Бул адамдын мээсиндеги таңкалычтуу феномонди түштөгү шал болуу дешет экен окумуштуулар.

Адамдын түшүндө шал болуусунун кызыктуу фактылары:

  1. Түштөгү шал болуу планетадагы адамзаттын 8%да кездешет экен. Ал адамдын булчуңдары бошогондо пайда болчу көрүнүш.
  2. Адам сүйлөй албайт, кыймылдай албайт, бирок кадимкидей дем алып, айланада эмне болуп атканын сезет. Бул абал бир нече секунддан бир нече мүнөткө созулушу мүмкүн.
  3. Көбүнчө алгачкы ирет 20 жаштан башталып, адамдын өмүрү өткөнчө коштолот.
  4. Пайда болуу себептери: стресс, күн менен түндүн алмашуусу, уйку канбоо, көмкөрөдөн жатуу.
  5. Ар кандай кылымда бул ар кандай түшүндүрүлүп келет. Байыркы заманда адамды жин-шайтан курчап алганда ушундай абалга келет деп айтышкан.
  6. Адам мындай абалдан алгач манжаларын акырын кыймылдатуу, жөтөлүү менен чыкса болот.
  7. Түштөгү шал болуу- адамдын мээси ойгонуп, бирок денеси уйкуда жатканда пайда болот.
  8. Адамга тынчсыздануу алып келгени менен ден соолукка зыян алып келбейт.
  9. Адам жаңы уктаганга камынганда же уйкусу канганда болот.
  10. Көбүнчө бирөө келип кулакка шыбырап жаткандай сезим болот. Ким шыбырап атат, таптакыр белгисиз…Кээде ал белгисиз неме муунтуп аткандай туюлат.

Кыргыздарда

Түштөгү шал болууну “албарсты басты” деп коюшат. Түнкүсүн адамды басат, жакын адамың болуп кубулуп, азытып кете алат деген түшүнүк бар. Албарсты көпчүлүк элдерде, анын ичинде кыргыздарда узун сары чачтуу, мурду менен тырмактары узун, эки эмчеги салаңдаган, көздөрү күйүп туруучу аял кейпинде деп сүрөттөлөт. Эмчектери чоң болгондуктан, аны эки ийинине артып коёт. Албарстынын күчү чачында. Эгерде албарсты жолугуп калып, адам эбин келтирип чачынан кесип алса, анда албарсты адамга өзүнүн дубасын үйрөтөт. Жана ал адамдын укум-тукумуна таптакыр жолобойт деп айтып коюшат кыргыздар.

Парапсихологияда

Парапсихолог  Лариса Асанбекова “албарсты  эмнеге басат?” деген сурообузга мындай жооп берди: “Дүйнө көп катмардан турат. Ар бир катмардын өзүнүн жашоочулары, энерго жандыктары бар. Биздин дүйнө көзгө көрүнгөн материалдык дүйнө. Көзгө көрүнбөгөн сырт дүйнөлөр да бар. Канчалык катмар төмөн болсо, энергия да терс болот. Адамдын ички жан дүйнөсү терс боло баштаганда паралелль дүйнөнүн терс энерго жандыктарын тарта баштайт. Албарсты ошол төмөнкү катмардын энерго жандыгы. Терс энергия оор болот. Ошон үчүн кыргыздар “салмактанып калыптырмын”, “жүк басып жатат”, “жаным жер тартып турат” деп бекер айтпайт. Албарсты да адамдын үстүн басып, оорлотот. Ал мындайча айтканда адамга “тазалан” деп белги берет. Ошондуктан адам өзүн таза алып, кечиримдүү болуп, жаман ойлордон алыс болсо, албарсты жолобойт. Кыргызда “ою тазанын бою таза”, “ичинде эмне болсо, сыртына ошол чыгат”деген сөз бар. Дегеле адам дайыма эсине тутуп аны аткара турган жети мыйзам бар. Ошол жети мыйзамды бузбай жашаса, тагдыры, ден соолугу, байлыгы ж.б. бардыгы жакшы болот.

 Кызык  экен…

Бүткүл  дүйнөлүк уйку күнү дагы белгиленет экен. 2008-жылдан баштап  Бүткүл  дүйнөлүк  саламаттыкты сактоо уюмунун долбоорунун алкагында 14-март уйку күнү деп майрамдалып келет.

 Айке Аданбекова

Булак: Де-Факто 

Меню