Menu

КООМ

Тажикстанда YouTube аркылуу онлайн-лотерея өткөргөн блогерлер лицензия алууга милдеттендирилет

Тажикстандын Каржы министрлиги блогерлердин YouTube аркылуу онлайн-лотереяларды өткөрүп жатышы мыйзамсыз экенин, бул үчүн алар расмий уруксат алышы керектигин билдирди.

«Онлайн-лотереялардын уюштуруучулары Каржы министрлигинен тиешелүү лицензия алышы керек, болбосо алар мыйзамсыз ишкердик үчүн жоопкерчиликке тартылат», — деди министрликтин юристи Бахром Сатториён.

Ал мекеме мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштап жатканын, ага ылайык онлайн-лотерея өткөрүү үчүн блогерлер Каржы министрлигинен расмий уруксат алууга милдеттүү болушарын кошумчалады.

Акыркы айларда тажикстандык блогерлер жапырт түрдө YouTube-каналдары аркылуу онлайн-лотереяларды өткөрө башташты. Байге катары автоунаалар, смартфондор, акча жана батирлер сунушталып жаткан лотереялардын билет баасы 100-200 сомониден сатылууда.

Быйыл февралда Тажикстандын Салык комитети жергиликтүү блогерлерди социалдык түйүндөрдөгү жана YouTube сервисиндеги кирешелери үчүн салык төлөөгө милдеттендирген. «Блогерлер 1-апрелге чейин каттоого туруп, социалдык түйүндөр менен YouTube порталынан түшкөн кирешелери боюнча салык төлөй башташы керек. Болбосо алардын аракети мыйзам бузуу болуп калат», — деп билдирген мекеме башчысы Шамсулло Кабирзода.

Анда тажик блогерлери кирешелери көп деле эмес экенин айтып, салык төлөй албай тургандыктарын, болбосо социалдык түйүндөрдөгү баракчаларын жабууга аргасыз болушарын билдиришкен.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Камчыбек Ташиев: "Эч ким жер саткан жок, сата албайт дагы. Чагымчылдарды, бузукуларды укпагыла"

“Биз эч качан 1 метр жерибизди эч кимге берген эмеспиз, бербейбиз дагы”, – деп билдирди бүгүн, 19-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын жанынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине каршы чыккан  Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушуу учурунда.

“Жапаров менен Ташиев бул жерлерди сатып жиберишти деп жазып жатышат. Эч ким жер саткан жок, сата албайт дагы. Ошол чагымчылдарды, бузукуларды укпашыңар керек. Мына мен келдим, чындыкты мен айтып берем. “Бул жерди сатты, тигил жерди сатып жиберди” деген ар түрдүү жаман сөздөр айтылып жатат. Ал жаман сөздөр бизге жабышып калбайт, ал айткандын өзүнүн күнөөсү болот. Орозо айында ар кандай шылтоолор менен эптеп жамандап калалы дегендерге “туура эмес кыласыңар” деп айтар элем”, – деди Ташиев.

Белгилей кетсек, буга чейин жергиликтүү тургандар “Кемпир-Абад” суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине каршы чыгышкан. Алар 50 гектар жердин берилишине каршы мөөнөтсүз акция башташып, суу сактагычтын жанына боз үйлөрдү тигишип, УКМКнын төрагасынын эл менен жолугушуусун талап кылышкан.

Нур-Султандагы башаламан соода-сатыкка каршы күрөш соодагерлердин нааразылыгын жаратууда

Нур-Султан шаарынын бийлиги жол жээктериндеги башаламан соода-сатыкты токтотуу аракети башталарын эскертти. Өз кезегинде бул соодагерлердин нааразылыгын жаратып, алар өлкө президентинин атына кайрылуу даярдап жатышат.

Шаардагы үстү жабылган чоң базардын айланасында азык-түлүктөн тартып китеп жана радионун тетиктерине чейин сатылган «көчө базары» жайгашкан.

«Кечээ акимчиликтен кишилер келип, эмне үчүн үстү жабылган базардан орундарды ижарага албай жатканыбызды сурашты. Бизде андай мүмкүнчүлүк жок да. Тапканыбыздын баары батирдин ижарасын төлөөгө кетет. Анткени күнүнө болгону 1-2 миң гана теңге табабыз»,— деди көчө базарында соода кылган Айгүл Мусина аттуу тургун.

Анын айтымында, үстү жабылган жергиликтүү базардагы орундардын бир айлык ижара акысы 200 миң теңгени түзөт.

«Бул жерде жакында оңдоо иштери баштала турганын эскертишти. Биз жыргаганыбыздан көчөдө турган жокпуз да. Чаң, баткак, ысык, суук. Биз бул жерде биротоло калабыз деген жокпуз, кышка чейин иштеп алганга мүмкүнчүлүк берилсин деп жатабыз», — деди Назира Ибраева деген дагы бир соодагер.

Акимчилик аларга көчө базарын алуу өтүнүчү менен шаар тургундарынан көптөгөн кайрылуулар болгонун билдирүүдө.

«Өзүңөр көрүп жаткандай бул мыйзамсыз соода болуп эсептелет. Жанынан адамдар өтүп жатат, товарлар жерде турат. Антисанитария. Бул туура эмес да», — деди Лиза Рахимова аттуу акимчилик өкүлү.

Ал бийлик алдыга койгон пландарынан баш тартпай турганын, бирок соода катарларын түзүп берүү сыяктуу компромиссттик вариантты да карап көрөрүн кошумчалады.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Сууга жер берүүгө каршы чыккандар менен жолугушууга келди

Бүгүн, 19-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун Савай айыл аймагына митингге чыккандар менен жолугушууга келди.

Жолугушуу Оштун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында болуп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин жергиликтүү тургандар “Кемпир-Абад” суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине каршы чыгышкан. Алар 50 гектар жердин берилишине каршы мөөнөтсүз акцияга башташып, суу сактагычтын жанына боз үй тигишип, УКМКнын төрагасы менен жолугушуу талап кылышкан.

Москвадагы мигранттар УКМКга нааразылыгын билдиришти

Москва шаарындагы Авиамоторная көчөсүндө жайгашкан имараттардын бирине чогулган 100дөн ашык мигрант Улуттук коопсуздук комитетинин кыргыз-өзбек чек арасы боюнча чечимдерине нааразылык билдиришти.

Уюштуруучулардын бири, «Мен макул эмесмин» кыймылынын мүчөсү Орозайым Нарматова мекеме эл менен эсептешпей чечим кабыл алып жатат деп сындады.

«Кыргызстандын жери УКМКнын менчиги эмес. Алар элдин, Жогорку Кеңештин кийлигишүүсү жок өз алдынча чечүүгө укугу жок. Бүгүнкү чогулуш «УКМКнын жетекчиси кызматын өз ыктыяры менен тапшырып берсин» деген талап менен өтүп жатат. Иш-чараны каршылык акциясы десек туура болот».

Кыргыз мигранттарынын чогулушун «Мен макул эмесмин» жана «Укугум бар» кыймылдары уюштурду. УКМК айтылган талаптарга комментарий бере элек.

24-25-мартта Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны өтүп, жыйынтыгында протокол кабыл алынган.

Бул сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын атынан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.

Анда «Кемпир-Абад суу сактагычы», «Шахрихансай каналы», «Гавасай», «Көк-Серек», «Баястан», «Ак-Таш», «Үңкүр-Тоо», «Кара-Белес» тилкелерин тактоодон өткөрүү макулдашылганы белгиленген. Сапардан кийин, 26-мартта Ташиев басма сөз жыйынын өткөрүп, кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилгенин жарыялаган.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдар «тарыхый мааниге ээ» деп сыпаттаган. Ошол эле кезде коомдун бир бөлүгү кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын сындап чыгышкан. Айрыкча, «Кемпир-Абад суу сактагычы» боюнча чечим чоң талкуу жараткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Россия Федерациясынын аскер кызматчылары КР президентинин энчилүү сааты менен сыйланды

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен 3-апрелине чейин «Коопсуздук-2021» аталышындагы биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулар болуп өттү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Машыгуулардын жүрүшүндө республиканын аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн жолун тосуу жана жок кылуу боюнча биргелешкен атайын операция өткөрүлгөн.

Резервдеги роталарды практикалык мобилизациялоо менен согуш абалы жана өзгөчө кырдаал киргизилген шарттарда кырдаалды турукташтыруу боюнча тапшырмалар иштелип чыкты, аскердик ок атуулар өткөрүлдү.

Машыгууларга 2 миңден ашык адам тартылып,  болжол менен 100 автомобилдик, бронетанкалык бирдик жана атайын техникалар, 20 артиллериялык система колдонулуп, 10 учак катышты.

Бул машыгууга Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин 20022-аскердик бөлүгүнүн аскер кызматчылары  да катышты.

Бардык катышуучулар жогорку күжүрмөн даярдыкты, ырааттуу координацияланган ишти жана сабаттуу жана чечкиндүү иш алып баруу жөндөмүн көрсөтүштү.

Машыгуунун жыйынтыгында Россия Федерациясынын 11 аскер кызматчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйланышты.

Сыйлык тапшыруу аземи Кант авиабазасында Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

Бажы кызматы Кырдаалдык борборун жакшыртуу жана андан ары өнүктүрүү боюнча ишин улантууда

Бажы кызматы Кырдаалдык борборун жакшыртуу жана андан ары өнүктүрүү боюнча ишин улантууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Бажы кызматы 2020-жылы ноябрь айында Вице-премьер-министр А.Э.Новиковдун катышуусу менен өзүнүн Кырдаалдык борборунун ачылышын өткөрдү.  Бүгүнкү күндө Кырдаалдык борбор – бул өткөрүү пункттарынан жана бажылык тариздөө жүргүзүлгөн жайлардан бардык маалымат келип түшкөн “башкаруу штабы”. Бул алдын ала маалыматты берген учурдан товарларды чыгаруу учуруна чейин товарларды үзгүлтүксүз мониторингдөөнүн өзүнчө бир борбору.

Кырдаалдык борборду жакшыртуу жана андан ары өнүктүрүү максатында, өнөктөш өлкөлөрдүн бажы кызматтарынын тажрыйбасын эске алып жана донорлордун жардамы менен Кырдаалдык борбордун маалымат системасын долбоорун түзүү жана талдоо жүргүзүү үчүн кошумча автоматташтырылган подсистемаларды иштеп чыгуунун үстүндө иштер башталды.

Долбоорду ийгиликтүү жана толук кандуу ишке ашыруу кызматтын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, тариздөө процесстерине адам факторун азайтууга жана товарларды бажылык тариздөөдө ТЭИ катышуучуларынын чыгымдарын азайтууга мүмкүндүк берет.

Кыргызстанда дагы 212 адамдан коронавирус жана пневмония табылып, 6 бейтап каза болду

Бүгүн, 19-апрелге карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 212 учуру аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 152, Ош – 4, Чүй облусунан – 22, Ош облусунан – 2, Нарын облусунан – 12, Ысык-Көл облусунан – 18, Жалал-Абад облусунан – 2. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 92 095 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 149 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 87 056га жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 101, Ош шаарынан – 3, Чүй облусунан – 34, Нарын облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 9.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 2, Чүй облусунан – 4. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1555ке жетти.

ОшМЮИде «КРнын Конституциясы жана конституциялык реформалары» аттуу эл аралык конференция болуп өттү

16-апрелде Ош мамлекеттик юридикалык институту «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана конституциялык реформалары» аттуу студенттер, магистранттар, аспиранттар менен ОПК биргелешкен эл аралык илимий-практикалык конференциясын уюштуруп өткөрдү.

Конференция өз максатына жетүү үчүн төмөнкү негизги багыттарда иш алып барды:
Эгемендүү жана көз карандысыз Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана конституциялык реформалары (1993-2016-жж.).
Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоорунун даярдалышы, кабыл алынышы жана анын өзгөчөлүктөрү (2020-21-жж.).
Гуманитардык жана так илимдердин көйгөйлүү маселелери.
Бүгүнкү конференцияга баардыгы болуп 77, а. и. 33 сырттан келген өкүлдөрдүн илимий докладдары катталган. Аталган иш чарага 100 ашык адам катышып, программага ылайык илимпоздор, изденүүчүлөр пленардык жана секциялык жыйындарда илимий баяндама жасашты. Конференцияга Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан башка Өзбекстандын, Казахстандын, Түркмөнстандын жана Россиянын жогорку окуу жайларынан келген баяндамалар катталып, алардын авторлору маани-маңызы бай, олуттуу ойлор, омоктуу пикирлер, конструктивдүү сунуштары, өз табылгалары менен кызыктуу болгон илимий билдирүүлөрүн сунушташты.
Конференциядагы мыкты баяндамачылар катарында Шералиев А.Ш. (БатМУ), Ахмедова Н.П. (Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУ), Абытов Б.К., Туратбекова А.Т., Абдипаттаев Т.М. (ОшМЮИ) ж.б. атоого болот.
Конференция өз максаттарына толук жетти. Конференциянын акырында катышуучулар тарабынан атайын резолюция кабыл алдынды.

Байболот Абытов, профессор.

Улукбек Марипов Ош-Баткен-Исфана автожол тилкесин реабилитациялоо долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшүн көзөмөлгө алды

«Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу» долбоору Ош-Баткен-Исфана жолунун транвспорттук потенциалын жана коопсуздугун жогорулатууга, ошондой эле Бишкек-Ош жол тилкесиндеги жаратылыш кырсыктарынын тобокелдигин кыскартууга багытталган. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилесек, долбоор Ош, Жалал-Абад облустарында ишке ашырылат жана эки компонентти карайт:
1)  Ош-Баткен-Исфана автожол тилкесин реабилитациялоо, 28-75 км (47 км);
2)  Бишкек-Ош жол тилкесиндеги жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу.
Учурда Central Consultant консультациялык компаниясы тарабынан подрядчик тандоо жана курулушту көзөмөлдөө үчүн долбоордук-сметалык документтерди, тендердик документтерди даярдоо иштери жүрүүдө. Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу аталган долбоорду ишке ашырууда айрым кармалуулар болгон.

Жакын арада тендердик документтерди макулдашуу процесси жыйынтыкталып, подрядчикти тандоо башталат. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь-октябрь айына карата подрядчик тандалып, куруу иштери башталат.
Белгилей кетсек, долбоордун ишке ашырылышы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповдун жеке көзмөлүндө турат.

Маалымдама
«Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу» долбоорунун донору болуп Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) саналат.
Кредиттин суммасы – 11,915 млрд. япон йени (болжол менен 116.47 млн. АКШ долл.), мамлекеттик бюджеттен 1,727 млрд. япон йени (болжол менен 16,88 млн. АКШ долл.) бөлүнөт.

Меню