Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Арстанбек Дүйшеевге каза болгондон кийин «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Арстанбек Дүйшеевге ыйгарылды (каза болгондон кийин).

Тийиштүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.

Минкаб Төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке ыйгарылды.

Тийиштүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.

Мамлекеттик ишмер Медетхан Шеримкуловго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы мамлекеттик ишмер, Түрк мамлекеттеринин уюмунун акскалдар кеңешинин мүчөсү Медетхан Шеримкуловго ыйгарылды.

Тийиштүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.

Мамлекеттик ишмер Апас Жумагуловго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

Бүгүн, 1-сентябрда Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы мамлекеттик ишмер Апас Жумагуловго ыйгарылды.

Тийиштүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.

Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнө карата президент Садыр Жапаровдун катышуусундагы салтанаттуу иш-чаралар Чуңкурчак жайлоосунда өтөт

31-августта Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт.

Иш-чарага Төрага Акылбек Жапаров башында турган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, өлкөнүн коомдук ишмерлери, Кыргызстанда аккредиттацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү жана башкалар катышат.

Ошондой эле Чуңкурчак жайлоосунда бул күнү XIX  кылымдын көрүнүктүү саясий ишмери Канай уулу Байтиктин (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт.

Өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн жана Байтик баатырдын 200 жылдыгын белгилөөнүн алкагында маданий иш-чаралар, тагыраак айтканда “Ынтымак” фестивалы, боз үйлөрдөн турган этникалык айыл уюштурулуп, концерттик программа тартууланат.

Иш-чара УТРК, республикалык телеканалдар жана социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө карата иш-чаранын салтанаттуу ачылышынын башталышы болжол менен саат 09:40та.

Ду Дэвэнь, элчи: "Кытай элчилиги КЭРде билим алып жаткан студенттерге виза алуу үчүн «жашыл коридор» ачат"

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

Анда түрдүү тармактарда, атап айтканда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу жаатындагы эки тараптуу мамилелердин кеңири чөйрөсү талкууланды.

Эдил Байсалов Кыргызстан үчүн Кытай тарап менен кызматташуу артыкчылыктуу багыт катары саналарын, анткени эки өлкөнүн элдерин кылымдык тарых байланыштырып, алар жакын коңшу, ишенимдүү өнөктөш жана чыныгы дос экенин белгиледи.

Жолугушууда кытай тарап “Ден соолук экспресс” долбоорунун алкагында жакынкы арада катаракта дартынан жабыркаган кыргызстандыктарды дарылоого жардам бере турган медициналык адистердин тобун жөнөтөрү талкууланды. Ошондой эле, кытай тарап Кыргызстандан студенттерди кабыл алууну жандандырууда – 2022-жылдын 25-августунан 30-сентябрына чейин элчилик КЭРде билим алып жаткан студенттер үчүн виза алуу үчүн «жашыл коридор» ачат. Акыркы жылдары студенттер карантиндик чектөөлөрдөн улам Кытайга кирүүдө белгилүү кыйынчылыктарга туш болууда.

Ошондой эле Кытай коронавирустук инфекцияга каршы 500 миң вакцина жөнөтүүгө даярданып жатканы, мындан тышкары өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарынын интенсивдүүлүгүн жогорулатуу маселеси иштелип жатканы белгилүү болду.

Садыр Жапаров РФнын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынын кесепетинен мекендештердин каза болгондугуна байланыштуу кайрылуу жасады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынын кесепетинен мекендештердин каза болгондугуна байланыштуу кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Россиянын Ульяновск облусунда болгон суук кабар баарыбызды кайгыга салып, жүрөгүбүз ооруп турат. Кырсыкты кайдан деп болбойт. Мекендештерибиз жол кырсыгына кабылганына жаныбыз кейип, баарыбыз аза кайгыга батып турабыз.

Өзгөчө кырсыкка кабылгандардын жакындары үчүн өтө оор болуп жатканын мен жан дүйнөм менен сезип турам.

Мындайда көңүл айтуу да оор. Ошондой болсо да кырсыкка кабылгандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, баарыңыздардын кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен Жараткандан мындан ары жакшылык тилеп, сабырдуу болууга чакырам.

Ыйык Кураныбызда “Аллахым сабырдууларды сүйөт” деп айтылат. Кайраттуу болуп, сабыр кылалы мекендештерим!

Кырсыкка кабылгандардын жакындарына, туугандарына тиешелүү жардам берүү жагы токтоосуз колго алынат. Бул менин жеке көзөмөлүмдө болот.

Урматтуу мекендештер, бул кырсыкты жалпы элибиздин кайгысы катары кабыл алуу менен    23-августту Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы Аза күтүү күнү деп жарыялайм”.

Садыр Жапаров өзүнүн жарлыгы менен Элдик Курултай жөнүндө убактылуу жобону бекитти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен ошондой эле ушул Элдик Курултай жөнүндө убактылуу жобо бекитилген.

Ал Элдик Курултай укуктук статусу мыйзамдуу жөнгө салынганга чейин кыргыз элинин тарыхый  салты болуп саналган Элдик Курултайды уюштуруу жана ишин жүзөгө ашыруу тартибин аныктайт.

Элдик Курултай жөнүндө убактылуу жобонун тексти:

  1. Жалпы жоболор
  2. Элдик Курултай элдик өкүлчүлүктүн коомдук-өкүлчүлүктүү, кеңеш берүүчү жана байкоочу чогулушу болуп эсептелинет.
  3. Элдик Курултай коомду жана мамлекетти экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнүн, улуттук коопсуздукту камсыздоонун, жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоонун, жарандык коомду өнүктүрүүнүн өтө маанилүү маселелерин, руханий-идеологиялык маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын, жергиликтүү коомчулуктардын, жергиликтүү өз      алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик бийлик органдарынын коомдук маанилүү кызыкчылыктарын макулдашууну камсыз кылат.
  4. Элдик Курултай мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен байланышкан маселелерди, ошондой эле төмөнкүдөй маанилүү маселелерди талкуулоо максатында өткөрүлөт:

– Кыргыз Республикасын гуманитардык-маданий жактан өнүктүрүү;

– улуттук маданиятты, тилди өнүктүрүү жана кыргыздардын улуттук мурасын кайра жандандыруу;

– Кыргыз Республикасынын элинин салттарын жана мурастарын сактоо;

– мамлекет менен диний конфессиялардын өз ара мамилелери;

– экология жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу;

– региондор аралык жана этностор аралык талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды чечүү;

– улуттук каада-салттар менен үрп-адаттарды заманбап жашоонун чындыктарына ыңгайлаштыруу.

  1. Элдик Курултай маданий өзүнчөлүктү сактоого жана өнүктүрүүгө, кыргыз мамлекетин жана коомун сактоого жана туруктуу өнүгүүсүн колдоого, жашоонун сапатын жакшыртууга, улуттук кызыкчылыктарды ишке ашыруунун айланасында коомду консолидациялоого көмөктөшөт.
  2. Кыргыз Республикасынын Президенти жыл сайын Элдик Курултайга өлкөдөгү иштин абалы жана ички жана тышкы саясаттын негизги багыттары жөнүндө жылдык кайрылуу жасайт.
  3. Элдик Курултайдын ишине Кыргыз Республикасынын аймактык, кесиптик, этномаданий жана конфессиялык коомчулуктарынын өкүлдөрү катышууга укуктуу.
  4. Элдик Курултайдын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

– Кыргызстандын элин түзгөн коомчулуктардын диалогун жүзөгө ашыруу;

– бийлик менен Кыргызстандын элинин ортосунда эки тараптуу байланышты түзүү жана пикирлерди алмашуу;

– өлкөнү жана анын региондорун өнүктүрүү маселелери боюнча улуттук макулдашууга жетишүү;

– өтө маанилүү мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда мамлекеттин жетекчилигине Кыргызстандын элин түзгөн коомчулуктардын макулдашылган позицияларын, сунуштамаларды жана багыттамаларды иштеп чыгуу.

Элдик Курултай өз жыйналышында Сот адилеттигинин иштери боюнча кеңешке Элдик Курултайдын өкүлүн шайлайт.

  1. Элдик Курултайда маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат.

Элдик Курултайдын чечими Элдик Курултайдын Төрагасы тарабынан тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү                 өз алдынча башкаруу органдарына сунуштама катарында жиберилет.

  1. Элдик Курултай ушул Убактылуу жободо каралган тартипте өткөрүлөт.

Элдик Курултай Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген чечимдерди кабыл алат.

 Элдик Курултайды өткөрүүнүн жана делегаттарын шайлоонун тартиби

  1. Элдик Курултай бир жылда бир жолу өткөрүлөт. Элдик Курултайды өткөрүүнүн датасы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.

Кыргыз Республикасынын Президенти өз демилгеси боюнча         же Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңешинин сунушу боюнча кезексиз Элдик Курултайды чакырууга укуктуу.

  1. Элдик Курултай 1000 делегаттан турат, анын ичинде:

– Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктеринен – 960 делегат;

– чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан – 28 делегат;

– конфессиялык коомчулуктардан – 10 делегат.

  1. Административдик-аймактык бирдиктерден делегаттар төмөнкүдөй шайланат:

– 452 айыл аймагынын ар биринен экиден (904 делегат);

– облустук маанидеги 12 шаардын ар биринен экиден жана райондук маанидеги 18 шаардын ар биринен бирден (42 делегат);

– Бишкек шаарынан он жана Ош шаарынан алты (16 делегат).

  1. Айылдык аймактардан жана шаарлардан Элдик Курултайдын делегаттары «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 61-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы № 152 Жарлыгы менен бекитилген Жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө жобого ылайык өткөрүлүүчү жергиликтүү курултайларда шайланат.
  2. Чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынан Элдик Курултайдын делегаттары чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан руханий же башка материалдык эмес керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн алардын кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде белгиленген тартипте түзүлгөн коомдук уюмдар тарабынан шайланат.

Эмгек мигранттарынан Элдик Курултайдын делегаттары бир уюм – бир мандат принциби боюнча коомдук уюмдар тарабынан шайланат. Элдик Курултайдын делегатын шайлоо укугу Элдик Курултайдын делегаттарын түзүүнүн катышуучуларынын тизмесине киргизилген коомдук уюмда келип чыгат. Коомдук уюм бул                уюмдун келген өлкөдө мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тиркөө менен                        жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде тизмеге киргизилет.

Элдик Курултайдын делегаттарын түзүүгө катышуучулардын тизмеси Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аныктаган                   квота боюнча түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине андан ары дипломатиялык өкүлчүлүккө өткөрүп               берүү үчүн берилет.

Элдик Курултайдын делегаттарын түзүүнүн катышуучуларынын тизмесине киргизилген коомдук уюм дипломатиялык өкүлчүлүктөн уюмду тизмеге киргизүү жөнүндө маалымкат алат. Бул тизме                  жана делегатты шайлоо жөнүндө протокол Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлүүчү Элдик Курултайды өткөрүү                боюнча уюштуруу комитетине (мындан ары – уюштуруу комитети) берилет.

  1. Конфессиялык коомчулуктардан Элдик Курултайдын делегаттары тиешелүү конфессиялык коомчулуктун кызыкчылыгын коргогон диний уюмдун тиешелүү башкаруу органдары тарабынан коомчулуктардын мүчөлөрүнүн санына пропорционалдуу аныкталган квоталар боюнча шайланат. Конфессиялык коомчулуктар үчүн квота Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан аныкталат.

Элдик Курултайдын делегаттарын түзүүгө катышуучулардын тизмесине киргизилген диний уюм Кыргыз Республикасынын                     Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан уюмду тизмеге киргизүү жөнүндө маалымкат алат. Бул тизме жана делегатты шайлоо жөнүндө протокол уюштуруу комитетине берилет.

  1. Элдик Курултайдын делегаттары бир жылдык мөөнөткө шайланат. Элдик Курултайдын делегаттарына документтин ээсинин мандатын ырастаган документ берилет.

Элдик Курултайдын делегатынын документи (мандаты) «ID» карта (паспорт) формасында жана өлчөмүндө берилет:

– тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан айылдык округдардан жана шаарлардан шайланган делегаттарга;

– коомдук уюмдардан жана диний уюмдардан шайланган делегаттарга – алардын уставдык органдарга.

Элдик Курултайдын делегатынын документи (мандаты) ал уюштуруу комитетинде катталган күндөн тартып жарактуу.

  1. Төмөнкүлөр Элдик Курултайдын делегаттары боло албайт:

– мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттары;

– ошондой эле чет мамлекеттин жарандыгы бар адамдар;

– соттун чечиминин негизинде аракетке жөндөмсүз деп табылган адамдар;

– мурда соттолгондор;

– жашы жете элек адамдар.

  1. Элдик Курултайдын делегаттары төмөнкүлөргө укуктуу:

– Элдик Курултайдын органдарын шайлоого жана шайланууга;

– Элдик Курултайдын күн тартибиндеги маселелер боюнча талкууга катышууга жана сүйлөөгө;

– жергиликтүү курултайдын тапшырмасы боюнча маселелерди Элдик Курултайдын кароосуна алып чыгууга;

– ушул Жободон келип чыгуучу башка укуктар.

  1. Элдик Курултай өзүнүн жыйналышында Элдик Курултайдын Төрагасын, Элдик Курултайдын Төрагасынын эки орун басарын, Элдик Курултайдын катчысын жана Элдик Курултайдын Аксакалдарынын кеңешин Элдик Курултайдын делегаттарынын ичинен делегаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайлайт.
  2. Элдик Курултай өзүнүн жыйналышында Элдик Курултайдын күн тартибин жана иш регламентин делегаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитет.
  3. Элдик Курултайдын чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат. Элдик Курултайдын чечимдерине Төрага жана Элдик Курултайдын катчысы кол коёт.

Элдик Курултайдын чечимдери катталат жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү сунуштама катары мамлекеттик органдарга, жергиликтүү    өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлөт.

Элдик Курултайдын материалдарын жана чечимдерин каттоонун, сактоонун жана пайдалануунун тартиби Элдик Курултайдын регламенти менен аныкталат.

  1. Элдик Курултайдын Төрагасы:

– Элдик Курултайдын ишин жүргүзөт;

– Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңешин жетектейт, анын ишин өткөрөт жана уюштурат, анын жыйналыштарына төрагалык кылат, анын чечимдерине кол коёт.

Элдик Курултайдын Төрагасы жок учурда анын ыйгарым укуктарын анын орун басарларынын бири аткарат.

  1. Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңеши 21 мүчөдөн турган курамда түзүлөт. Кеңештин курамына кызматы боюнча Элдик Курултайдын Төрагасы, Элдик Курултайдын Төрагасынын 9 орун басары, Элдик Курултайдын катчысы жана Кеңештин 10 мүчөсү кирет.

Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңеши Элдик Курултайдын жумушчу органы болуп саналат, ал Элдик Курултайдын жыйналыштарынын ортосундагы тыныгууларда Элдик Курултайдын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат жана кезектеги Элдик Курултайдын күн тартибине келип түшкөн сунуштарды чогултат жана жалпылайт.

Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңеши өзүнүн ишин зарылчылыкка жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес жыйналыштарды өткөрүү менен камсыз кылат.

  1. Кыргыз Республикасынын Президенти Элдик Курултайдын тейлөөсүнө кирген жана тез арада чечүүнү талап кылган маселелерди Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңешинин кароосуна киргизүүгө укуктуу.
  2. Элдик Курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

– анын шайлануу мөөнөтү аяктаганда;

– ал Элдик Курултайдан чыгуу жөнүндө арызын бергенде;

– ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

– делегаттын каза болушу;

– соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде ал аракетке жөндөмсүз, дайынсыз жок деп таанылса;

– мамлекеттик же муниципалдык кызматка киргенде.

 Биринчи Элдик Курултайды өткөрүүнүн тартиби

  1. Биринчи Элдик Курултайды Кыргыз Республикасынын Президенти чакырат. Президент Элдик Курултайды өткөрүү датасын аныктайт жана уюштуруу комитетин түзөт.
  2. Уюштуруу комитети жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү аркылуу ушул Убактылуу жободо каралган тартипте Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу боюнча иштерди жүргүзөт, делегаттарды каттоонун тартибин аныктайт, Элдик Курултайдын күн тартибин түзөт, делегаттардын ичинен Элдик Курултайдын Төрагасынын, Элдик Курултайдын Төрагасынын орун басарларынын, Элдик Курултайдын катчысынын кызмат ордуна талапкерлерди жана Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңешин курамы боюнча карайт, Элдик Курултайдын регламентинин долбоорун даярдайт.

Уюштуруу комитети зарылдыкка жараша Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

  1. Элдик Курултайдын делегаттарын каттоо Элдик Курултайдын иши башталганга бир күн калганда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.

Элдик Курултайдын делегаттары өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.

  1. Биринчи Элдик Курултайдын ишин уюштуруу комитетинин төрагасы ачат. Элдик Курултайдын кворуму тууралуу маалымат берет жана эң улуу делегатты көрсөтөт. Эң улуу делегат Элдик Курултайдын Төрагасы шайланганга чейин Элдик Курултайга төрагалык кылат.
  2. Элдик Курултайдын эң улуу делегаты Элдик Курултайдын делегаттарына Элдик Курултайдын Төрагасын шайлоону сунуштайт. Уюштуруу комитетинин төрагасы менен кеңешүү боюнча эң улуу делегат Элдик Курултайдын Төрагасынын кызмат ордуна талапкерди Элдик Курултайга сунуштайт.
  3. Элдик Курултайдын Төрагасы ушул Убактылуу жободо каралган тартипте шайланат. Элдик Курултайдын ишин Элдик Курултайдын шайланган Төрагасы жүргүзөт.
  4. Элдик Курултайдын Төрагасы уюштуруу комитети менен кеңешип, Элдик Курултайдын кароосуна Элдик Курултайдын Регламентин бекитүү, Элдик Курултайдын Төрагасынын орун басарларын, Элдик Курултайдын катчысын шайлоо, Аксакалдар кеңешин түзүү, ошондой эле күн тартибине киргизилүүгө тийиш болгон башка маселелерди өзүнө камтыган күн тартибин киргизет.
    4. Корутунду жоболор
  5. Элдик Курултайдын ишин финансылык, материалдык-техникалык, маалыматтык жана уюштуруучулук жактан камсыз кылуу мамлекеттик бюджеттин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин фонддорунан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
  6. Элдик Курултайдын ишин уюштуруучулук, маалыматтык жана башка жагынан камсыздоону Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жүзөгө ашырат.

Бакуда Кыргызстан менен Азербайжандын Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-кеңешмеси өттү

Баку шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жана Азербайжан Республикасынын Премьер-Министринин орун басары Али Ахмедовдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-кеңешмеси өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, транспорт-логистикалык тармактарда, айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында, ошондой эле эмгек, социалдык жана миграция тармактарындагы кызматташууга тийиштүү маселелер каралды.

Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө белгилегендей, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди кеңейтүү үчүн эки тараптуу сооданын көлөмүн жогорулатууга өбөлгө түзүүчү тийиштүү чараларды көрүү зарыл.

Али Ахмедов өз кезегинде азербайжан тараптын Кыргыз Республикасы менен ар тараптуу кызматташууга даярдыгын билдирди.

Тараптар үстүбүздөгү жылдын 19-20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Азербайжан Республикасына расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле Азербайжан Республикасынын Президенти  Илхам Алиевдин Кыргыз Республикасына жооп иретиндеги мамлекеттик сапарынын мазмундук бөлүгүн талкуулашты.

Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын орун басарлары Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүүгө кызыкдар экендигин билдиришти, ал инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыкты активдештирүүгө жана кеңейтүүгө, ишкер байланыштарды чыңдоого жана чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө кубаттуу түрткү берет.

Мындан тышкары, 2023-жылы Кыргыз Республикасында өтүүчү Өкмөттөр аралык комиссиянын 5-жыйынына карата Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн беш жылдык комплекстүү программасынын долбоорун даярдоо жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Кеңешменин жыйынтыгында тараптар жыйынтыктоочу Протоколго кол коюшту.

Балдардын жыныстык кол тийбестигине, өмүрүнө жана ден соолугуна каршы аракеттер үчүн күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүүнү караган КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Бүгүн, 11-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Бул Мыйзам балдарды коргоо жаатында реформаларды ишке ашыруунун алкагында кол коюлган жана жыныстык кол тийбестигин коргоого болгон укуктарын, ошондой эле балдардын өмүрүн жана ден соолугун кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылууга багытталган.

Мыйзамга ылайык, балдардын жыныстык кол тийбестигине жана руханий адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыш жасагандыгы үчүн эркинен ажыратуу мөөнөтү жана айыптын өлчөмү көбөйтүлөт.

Мындан тышкары, жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасаган адамдар жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу (58-берене), психикалык ооруга чалдыккандыгына же психикасынын убактылуу бузулушуна байланыштуу, ошондой эле шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдонуу жолу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулбайт. ( 89-берене) жана мунапыс.

Меню