Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 11-октябрда, кыргыз-азербайжан биргелешкен кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи отурумунун Чечимине кол коюшту.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу;
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2023-2025-жылдарга кызматташуу программасы;
  4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Азербайжан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин ортосундагы милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө Протокол;
  5. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин ортосундагы курчап турган чөйрөнү коргоо жана өз ара түшүнүшүү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  6. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Азербайжан Республикасынын Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  7. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Азербайжан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  8. Бишкек шаары (Кыргыз Республикасы) менен Баку шаарынын (Азербайжан Республикасы) ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Эдил Байсалов: “Өздөн чыккан жат жаман” дегендей куру сын айткан, өзүн-өзү жарнамалаган, мамлекет менен элдин биримдигине доо кетиргендер күчөтүлгөн жоопкерчилик тартат

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы астында Эвакуациялоо комиссиясынын жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын өкүлдөрү билдиргендей, учурда Баткен облусундагы 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялардын натыйжасында ички көчүрүлгөн адамдардын саны 137 миңге чукул. Алардын көбү – Баткен облусунда, калгандары Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында жайгаштырылган.

Эдил Байсалов белгилегендей, жер которууга муктаж болгондорду тез арада туруктуу жашаган жерлерине кайтаруу жана калктуу конуштардын талкаланган инфраструктурасын калыбына келтирүү үчүн шарттарды түзүү бардык бийлик органдарынын негизги милдети болуп саналат.

«Мамлекеттик башкаруунун бүткүл системасынын, ошондой эле аскердик командачылыктын иши бардык эвакуациялангандарды жакынкы күндөрдө туруктуу жашаган жерлерине коопсуз кайтып келишин камсыздоого багытталган. Бузулган үйлөрдү жана мүлктөрдү калыбына келтирүү толугу менен мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт. Бул иш атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Калыбына келтирүү мезгилинде бардык ички көчүрүлгөндөр мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоого алынып, өлкө жетекчилигинин көрсөтмөсүнө ылайык тамак-аш, күндө керектелүүчү жана башка буюмдар менен камсыз болушу керек», – деди Эдил Байсалов.

Эвакуациялоо комиссиясынын отурумунун жыйынтыгы боюнча учурда маселелерди ыкчам чечүүгө тоскоолдук кылып жаткан ченемдик укуктук актыларды толуктоо жана тактоо, анын ичинде мамлекеттик бюджеттен жана атайын фонддордон убактылуу жер которгон адамдарды жатакана жана тамак-аш менен камсыз кылуу боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын чыгымдарын компенсациялоо үчүн каражат бөлүү жана анын ченемдерин белгилөө тапшырмасы берилди.

Ошондой эле, Эвакуациялоо комиссиясынын төрагасы калк арасында мамлекеттик колдоо алуу үчүн кайрылууга жана убактылуу көчүрүлгөн деп эсептелүүгө укугу жок айрым элементтердин бар экендигине көңүл бурду. Ошондуктан, убактылуу көчүрүлгөндөр үчүн тездетилген тартипте жардам алуу үчүн белгилүү критерийлерди орнотуу милдети коюлду.

Президенттик Администрациянын алдында ведомстволор аралык иштерди координациялай турган атайын жумушчу комиссия түзүлдү. Негизги жоопкерчилик аймактык бийлик органдарына жүктөлөт.

Эдил Байсалов ошондой эле азыркы оор күндөрдө бийликтин ишине болгон ишенимди кетирип, араздашууга аракет кылып жаткан чагымчыл сөздөр бар экенин белгиледи.

«Азыр куру сын айтуу, өзүн-өзү жарнамалоо учуру эмес экенин айткым келет. Азыр мамлекеттин, элдин биримдиги керек, элибизде бекеринен “Өздөн чыккан жат жаман” деп айтылбаса керек. Өзгөчө кырдаал режиминде улуттук биримдикке, элдин ишенимине доо кетирүү жана мамлекеттик бийлик органдарынын иш-аракеттеринин жана коомдун аракеттеринин маңызын бурмалоо максатын көздөп, негизсиз билдирүү жасаган адамдар мыйзам алдында күчөтүлгөн жоопкерчилик тартат. Учурда эң негизги максат – мамлекетибизди бардык тармакта бекемдөө», – деп белгиледи Эдил Байсалов.

Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгынын учурдагы абалы менен келечегин жана өз ара аракеттенүүнүн башка актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы соңку каргашалуу окуяларга байланыштуу пикир алмашышты.

Президент Садыр Жапаров тажик тарап Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала алып чыгып, куралдуу күчтөрүн жана оор аскердик техникасын колдонуу менен Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге, калктуу конуштарга чыккынчылык менен кол салганын баса белгиледи. Ошол эле учурда ал күжүрмөн аракеттер кыргыз аймагында болгонун баса белгиледи.

Садыр Жапаров тажик тараптан түзүлгөн кырдаал карапайым калк арасында, аскер кызматкерлеринин арасында орду толгус жоготууларга алып келгенине, аскердик жана жарандык инфратүзүмгө олуттуу зыян келтиргенине көңүл бурду.

Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровго адамдар курман болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча активдүү кызматташууну улантууну макулдашышты.

КР Президенти Садыр Жапаровдун кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуусу

КР Президенти Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаалга байланыштуу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады:

“Урматтуу мекендештер!
Кымбаттуу калайык-журт!
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, тилекке каршы, Баткен жергебизде коогалаңдуу окуя – курал-жарак колдонулган жана кан төгүүлөргө алып келген чыр-чатак кайталанды.
Кыргыз-тажик чек ара аймактарында болуп өткөн бул-куралдуу чыр-чатакта мекендештерибиз курман болду.
Мен Мекенибиздин чегинде курман болгон мекендештерибиздин үй-бүлөсүнө, ата энелерине жана ага-туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Курман болгон бир туугандарыбыз бир чарчы метр жерди бербей, Мекен чегин көздүн карегиндей сактоо деген ыйык милдетти аткарып жатып курман болушту.
Жаткан жерлери жайлуу болсун, Жараткан бейишинен орун берсин! Алардын үй-бүлөлөрү ар тараптан камкордукка алынарына сөз берем.
Урматтуу агайын-туугандар, курман болгон ар бир жараныбыз – жалпы кыргызстандыктардын сыймыктуу уул-кыздары.
Ошондуктан, эл-журтубузга дагы кайрат айтаар элем. Куралдуу кагылыштарда, тилекке каршы, кырчындай өмүрлөр кыйылбай койбойт экен. Кечээги окуяларда биздин эр жүрөк чек арачыларыбыздын жааган октон жалтанбаган эрдигине, душман мизин кайтарган баатырдыгына чоң ыраазычылык билдирем.
Манас атабыздын каны айланган ар бир азаматыбыз үстөккө-босток атылып жаткан октон жалтанбай, чек арадан артка чегинип бербей, бекем туруп беришти.
Мына ушундай эр жигиттерибиз турганда Кыргызстандын аймактык бүтүндүгү бекем сакталат деп ишенем.
Бул куралдуу кагылышта жалаң эле биздин жарандарыбыз өлүмгө кирептер болгон жок. Ыкчам маалыматтарга ылайык, тажик тарап дагы оор жоготууларга учурады.
Урматтуу агайын-туугандар, өткөн тарыхка көз чаптырсак, чек ара маселеси жөнгө салынбай, жер талашкан учурлардын баары чыр-чатактар менен коштолуп, жоготуулар сөзсүз болгондугуна күбө болобуз.
Бирок, кандай болгон күндө дагы ата-бабаларыбыздан мурас болуп калган жерибиздин бир чарчы метр жерин да башкаларга бербейбиз.
Улуттук кызыкчылыгыбызды бекем коргойбуз!
Сиздерге белгилүү, Өзбекстан менен чек ара тилкерибиздин баары такталды, аларды кагазга түшүрүп, тариздөө маселелери гана калды.
Ал эми кыргыз-тажик чек арасын тактоо маселелери дагы деле күн тартибинде турат.
Тарых тастыктап келе жаткандай, чек ара маселеси өтө кылдаттыкты, сабырды талап кылган оор маселе.
Ошентсе да биз кыргыз-тажик чек арасын ыкчамдатып чечүүгө аракетибизди бир мүнөт дагы токтотпойбуз”.

КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЕККУнун учурдагы Төрагасы Збигнев Рау жана ЕККУнун Башкы катчысы Хельга Шмид менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашты

Кечээ, 16-сентябрдын кечинде Министр Жээнбек Кулубаев ЕККУнун учурдагы Төрагасы, Польшанын Тышкы иштер министри Збигнев Рау, ошондой эле ЕККУнун Башкы катчысы Хельга Шмид менен телефон аркылуу кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашты.
Кыргыз тарап учурдагы абал боюнча актуалдуу маалыматтарды жеткирип, Кыргыз Республикасынын деэскалацияга умтулуусун жана кырдаалды саясий жана дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуу боюнча өзгөрүүсүз позициясын баса белгиледи.
Өз кезегинде ЕККУнун өкүлдөрү келип жаткан кабарларга терең тынчсыздануусун белгилеп, чыр-чатактын курчушуна жол бербөөгө жана аны тынчтык жолу менен чечүүгө чакырышты. Ошону менен бирге тараптардын конструктивдүү диалог түзүү аракетин кубаттап, мурда жетишилген ок атууну токтотуу келишимдерин урматтоого чакырышты.

Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы чек арадагы кырдаал боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Баткен облусундагы мамлекеттик чек арадагы кырдаал боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрдү.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдын мындан ары курчушуна жол бербөө жана чыңалуунун деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы тиешелүү түзүмдөргө чек ара аймактарынын жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүүнү, ошондой эле жабыркаган жана эвакуацияланган Кыргызстандын жарандарына бардык керектүү жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Садыр Жапаровдун КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен Самарканд шаарындагы жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды

Бүгүн, 15-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Самарканд шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин отурумунун алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Кытай менен Кыргызстандын лидерлеринин эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды:

  1. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруу техникасын берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;
  2. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине көчмө оорукананы берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;
  3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу жүгөрүгө карата фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол;
  4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Кыргыз Республикасынын ирригациялык системасын реконструкциялоо» № 1 Лот долбоору боюнча өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы.

Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Жолугушуу жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин, түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу байланыштарды өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер эки тараптуу негизде да, эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында да жогорку динамикасы менен өзгөчөлөнөрүн белгиледи.

Ал Россия салттуу түрдө Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгиледи. Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында өз ара сооданын олуттуу– өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе өсүшү катталганын белгиледи.

«Инвестициялык долбоорлор, анын ичинде Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ийгиликтүү жылып жатат. Бүгүнкү күндө Фонд 440 миллион долларга жакын 3200дөн ашык долбоорду жактырды», — деди ал.

Кыргыз-орус кызматташтыгынын дагы бир приоритеттүү багыты гуманитардык тармак экенин белгилеп, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын аймагында орус тилинде окутуулар менен жалпы билим берүүчү мектептердин курулушунун башталышы күтүлүп жатканын кошумчалады,

Президент Садыр Жапаров бүгүнкү жолугушуу кыргыз-орус көп кырдуу кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого жана эки тараптуу күн тартибинде турган маселелерди иш жүзүндө ишке ашырууга көмөктөшөөрүнө ишеним билдирди.

Өз кезегинде Россиянын президенти Владимир Путин Россия менен Кыргызстан жакын өлкөлөр, стратегиялык өнөктөштөр жана бир катар регионалдык уюмдардын алкагында биргелешип иш алып барган союздаштар экенин белгиледи.

«Россия Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөшү бойдон калууда. Өткөн жылы товар жүгүртүүнүн өсүшү байкаларлык болсо, быйыл көлөмү өсүүдө жана абдан жакшы темпте. Өткөн жылы ал 46,6% өскөн. Бул абдан жакшы көрсөткүч», — деди ал.

Владимир Путин орус тарап Кыргызстанга экономикалык колдоо көрсөтүүнү улантып жатканын жана өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктарды жоюу жаатында техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи. Ал ушул жылдын июлунда Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасына өрт өчүрүүчү жана тик учак техникаларын жеткирүү боюнча токтомуна кол коюлганын, бул максаттарга орус бюджетинен дээрлик 1,5 миллиард рубль бөлүнгөнүн билдирди.

Владимир Путин ошондой эле Россия менен Кыргызстандын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл бурду.

Сүйлөшүүнүн соңунда мамлекет башчылары биргелешкен күн тартибин мазмундуу толтуруу үчүн ар кандай багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Сүйүтбек Дөөлөтбековго "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” ардак наамы ыйгарылды

Бүгүн, 1-сентябрда КР президенти Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун клиникалык иштер боюнча директорунун орун басары Дөөлөтбеков Сүйүтбек Муратбековичке “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” ардак наамы ыйгарылды.

Бусурманкул Одуракаевге “Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардак наамы ыйгарылды

Бүгүн, 1-сентябрда КР президенти Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти  Одуракаев Бусурман Кожокуловичке “Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардак наамы ыйгарылды.

Меню