Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Жогорку Сот өмүрүнүн орчундуу бөлүгүн сот тутумуна  арнаган ардагерлерди Карылар күнү мене куттуктады

1-октябрь – Карылар күнүнө карата Жогорку  Сотто  ардагерлерине сый-урмат көрсөтүлүп, 30га жакын ардагер чакырылды.  Өмүрүнүн орчундуу бөлүгүн сот тутумуна  арнаган ардагерлерди жогорку  соттун  кызматкерлери жылуу тосуп алышты.

Айта кетсек,  бүгүнкү  жолугушуу  Жогорку  Соттун тарыхый архитектуралык маанидеги   Абдумомунов 205 дарегиндеги имаратка көчүрүлгөндүгүнүн бир жылдыгына дал келди. Андыктан алгач  коноктор  Жогорку Соттун  төрайымы  Айнаш  Токбаеванын коштоосунда имараттын ичи  менен таанышып, төрайымдын, судьялардын  бөлмөлөрүндө, жыйындар жана  соттук  отурумдар өтө  турчу залдарды кыдырыштышып  өз  бааларын  беришим, Жогорку  Сот  өзүнүн  макамына  жараша жайга  көчүлгөнүн белгилешти. Ал эми, төрайым өз сөзүндө “Нускалуу тарыхыбыз таамай айгинелеп тургандай,  кыргыз калкы өз карыларын дайыма кастарлап жогору коюп, аларга татыктуу урмат-сый көрсөтүп келген.

 

Бекеринен «Карысы бардын – ырысы бар», «Карынын кебин капка сал»-деген макалдар  калкыбыздын аң-сезиминде бекем орнобосо керек”-деп белгиледи. Ошондой  эле, ардагерлер  жалындуу жаштыгын  сот тутумунун  адилетүү ачык  айкын  болушуна жана өнүгүшүнө  арнагандыгын  кошумчалады. Кадырлуу ардагерлерге дастаркон жайылып, акчалай  сыйлыктар  тапшырылды.

 

Атамбаев: “Акыркы жылдары чала молдолор көбөйүп, аларды ээрчигендер андан бетер көбөйдү”

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-сентябрда, «Ислам азыркы светтик мамлекетте»  эл аралык конференциясын ачып, сөз сүйлөдү. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти:

“Урматтуу Конференциянын катышуучулары!

Кымбаттуу коноктор!

Кыргыз жергесине куш келиңиздер!

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өзүмдүн атымдан конференциянын ишине катышып жатканыңыздар үчүн Сиздерге ыраазычылык билдирем жана жемиштүү иш каалайм.

Бүгүн мында 19 өлкөнүн жана бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, белгилүү илимпоз-эксперттер, ислам таануучулар олуттуу маселелерди талкуулоо жана улуттук мамлекеттер менен диндин өз ара аракеттешүүсү боюнча мыкты тажрыйбалар жана практикалар менен алмашуу үчүн чогулушту.

Ааламдашуу шартында азыркы дүйнө күн өткөн сайын бир өңчөйлөнүп (унификацияланып) бара жатат. Бул процесс, ириде, мезгил шарында иштелип чыккан жана сыналган баалуулуктар менен мамилелердин таркалышына өбөлгө болууда. Мындай баалуулуктардын ичинде мамлекеттин светтик үлгүсүн (моделин) атоого болот.

Светтик мамлекеттин артыкчылыгы – түрдүү диний жамааттардын өкүлдөрүнүн, дин туткандар менен эч кандай динди тутпагандардын кызыкчылыктарын тең салмакта сактай билгендигинде.

Ошол эле учурда дүйнөдө диндин ролун жана ордун жаңыча түшүнүү процесси жүрүп жатат. Азыркы замандын чакырыктарынын таасири алдында мамлекет менен диндин өз ара аракеттешүүсүнүн жаңы формалары пайда болууда.

«Десекулярдаштыруу», «пост-секуляризм» деген түшүнүктөр көнүмүшкө айланып, жаңы диний идеологиялар таркалууда. Демек, бүтүндөй дин, өзгөчө Ислам, бүгүн эң курч талкуулардын предмети болуп саналат.

Урматтуу Конференциянын катышуучулары!

Ислам тууралуу кеп кылганда анын айрым өзгөчөлүктөрүн айта кетүү керек.

Салыштырмалуу жаш, пассионардуу диний ишеним катары ал Жакынкы жана Орто Чыгышта, биздин региондо – Борбордук Азияда, андан соң Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азияда таралган.

Азыркы шартта Ислам баалуулуктары светтик мамлекеттерде диний эрежелерди өлкөнүн мыйзамдарына карама-каршы койбостон диндердин гармониялуу өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүк түзүп келет.

Ислам – бул өзүнчө бир дүйнө, ал доктринаны да, адамдын жүрүм-турумун да камтыйт, анын коомго тийгизген таасири зор. Айрым өлкөлөрдө Ислам өзүнүн өзгөчөлүктөрү, спецификалуулугу бар турмуш образы болуп калган. Бул өлкөлөрдөн келишкен миссионерлер жана уюмдар башка тарыхый-маданий контексттеги өлкөлөрдө ишмердик кылууда өз турмуш образын, өз маданиятынын элементтерин “таза” Ислам түрүндө таңуулаган учурлар бар.

Бул көп учурда светтик өлкөлөрдө чыңалууну күчөтүп,коомдо ишенбестикти, бөлүнүп-жарылууну жана коркунучту жаратат, ал эми айрым учурларда радикализм менен расизмдин өсүшүнө түрткү болот.

Европа өлкөлөрүндө мындай көрүнүштөр мигранттардын коомго толук интеграцияланышынатоскоол болууда.

Ислам диний доктрина катары бирдиктүү, бирок, ошол эле учурда ал көп түрдүү. Бүгүн өз тарыхый, маданий өзгөчөлүктөрү бар көз каранды эмес улуттук мамлекеттерде жашап жаткан бир жарым миллиарддан ашык мусулмандар баары бирдей боло алышпайт. Тарыхый жактан алганда бардык диндер конкреттүү жергиликтүү чөйрөгө жана маданиятка ыңгайлашып (адаптацияланып), жергиликтүү каада-салттарды жана үрп-адаттарды өзүнө сиңирүү менен өнүгүшкөн.

Мисалы, биздин Борбордук Азияда салттуу диний ишенимдерди зороастризм, буддизм, христианчылык жана ислам менен айкалыштырган калктардын өкүлдөрү нечен кылымдар бою жашап келет.

Бул жерде калыптанган ислам укуктук мектеби – ханафий мазхабы, суфий илимдери доктриналдуу исламды жергиликтүү салттарга карама-каршы коюшпайт. Биздин региондон чыккан Аль-Фараби, Ибн-Сина, Аль-Хорезми, Аль-Бируни, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари жана башка көптөгөн атактуу инсандар, илим менен философияны өнүктүрүүдөн тышкары, Исламдын рационалдуу мектебинин негизин түзүшкөн. IX-XII кылымдардагы эркин ойлоо жана илимдин гүлдөп-өнүгүшү “Чыгыш ренессансы” түшүнүгүнүн пайда болушуна негиз болуп, “Жарык Чыгыштан келет” (лат.: «Ex oriente lux») деген сөздү кайрадан пайдаланууга киргизген.

Мисалы, Х кылымдан берки Каир китепканасында 100 миң аталыштагы китептер, ал эми XIII кылымдын ортосунда Багдадда 36 коомдук китепкана болгон. Анткени ислам дини боюнча, ар бир динчил илим-билимге умтулушу керек.Ошол мезгилде Борбордук Азияда жана ислам дүйнөсүндө шаарлар өнүккөн, мечиттер, медреселер жана китепканалар курулган.

Тилекке каршы, улам күч алган Ислам диний догматтарынын кысымы “Чыгыш ренессансынын” жетишкендиктерин сактап, аны өнүктүрүүгө тоскоол болду. Догматтардын көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, илимпоз-энциклопедиячы Улугбекти өлтүрүшү жана анын обсерваториясын талкалоосу мунун айкын мисалы болуп саналат.

Догматизм айрым саясатчылардын, диний ишмерлердин мамлекеттин светтик моделин айыптоосуна алып келип жаткан азыркы кезде бул жөнүндө эскерте кетүү маанилүү. Бул өзүнүн улуттук каада-салттарынан, тилинен, маданиятынан баш тартуудан башталат.

Биздин ата-бабаларыбыз Ислам жергиликтүү каада-салттарга жана үрп-адаттарга, көчмөндөрдүн дүйнөгө көз карашына карама-каршы келбегендиги үчүн да ушул динди кабыл алышкан. Бүгүн ал биздин салттуу маданиятыбыздын ажырагыс бөлүгү болуп калды.

Ошону менен бирге Исламды кабыл алгандан кийин да азыркы Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын аймагында башка конфессиялардын өкүлдөрү эркин жашашкан, региондогу бардык элдердин каада-салттары жана маданий баалуулуктары өнүккөн.

Доктринаны жана ар бир элдин тарыхый, этномаданият өзгөчөлүктөрүн диалектикалуу айкалыштыруу – биздин конференцияда талкуулана турган маанилүү предметтердин бири.

Тилекке каршы, акыркы кезде көтөрүмсүздүктүн (сабырсыздыктын) көрүнүштөрү, ар кандай агымдардын жана диний ишенимдердин адепттери башкалардын динин сыйлабаган, көз караштар маселесин цивилдүү талкуулай албаган учурлар улам көбүрөөк кездешүүдө.

Бул кооптуу жол. Адамдарды башка диндерди сыйлоого тарбиялоо мамлекеттердин жана бүтүндөй адамзат коомунун учурдагы негизги милдети болуп калышы зарыл.

Өз ара түшүнүшүүнүн, өз ара сыйлашуунун жана өз ара көмөктөшүүнүн негизинде гана биз көп түрдүүлүктү сактап кала алабыз жана дүйнөнү азыркыдан да жакшырта алабыз. Көп түрдүүлүк – бул Жараткандын идеясы.

Диний ураандарды жамынган экстремизмдин жана терроризмдин азыркы толкунун улуттук мамлекеттерди чыңдоо, алардын өз маданиятын, тилин жана өзүнчөлүгүн сактоо аркылуу токтото алабыз. Ислам диний атрибуттарды пайдаланууга  эч кимди мажбурлабайт, өз идеяларын жана динин таңуулабайт. Бул жөнүндө “Бакара” сүрөөсүндө, Ыйык Курандын 256-аятында: “Динде мажбурлоо жок”- «Нет принуждения в религии»деп айтылган.

Исламга жамынып, башка өлкөлөрдүн мусулмандарынын жашоо образын, каада-салттарын, кийимин жана маданиятын таңуулоого болбойт. Мындай аракеттер коомдун бөлүнүп-жарылуусуна, анын чыңалуусун күчөтүп, чыр-чатактарга алып келиши мүмкүн.

Урматтуу Конференциянын катышуучулары!

Азыркы дүйнөдө исламдын эрежелерин алар Жараткан тарабынан жиберилген мезгилдин тарыхый контекстин эске албастан түшүндүрүү орун алган. Анын үстүнө алар азыркы замандын реалдуулуктарын эске алышпайт.

Диний риторикага жамынып, коомдо дүрбөлөң салышкан, террористтик актыларды жасашкан, чыр-чатактарды, анын ичинде куралдуу кагылышууларды да тутанткан радикалдуу жана экстремисттик топтор бул идеялык келишпестиктерди өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланышат.

Дүйнөдөгү кайсы гана өлкө болбосун бул сыяктуу бузуку иштерге дуушар болушу мүмкүн.

Бүгүнкү эл аралык конференцияга катышып жаткан айрым өлкөлөр экстремизм жана террористтик актылар эмне экендигин өз тажрыйбаларынан көрүштү. Кыргызстан да андан четте калган жок.

Тилекке каршы, бул көрүнүштүн себептерин так түшүнүү жок. “Исламдын радикалдашуусу” деген жаңылыш терминди колдонуу адатка айланды. Бул маселени ар тараптан ачык талдоо тарыхый болочокто радикалдар бардык мезгилдерде болгонун түшүнүүгө өбөлгө болот. Алар өз максаттарына  жетүү үчүн дайыма ар кандай идеологияларга жамынышкан. Крест жүрүштөрү, инквизиция, нацизм, анархисттердин, солчул марксисттердин кыймылдары жана башка радикалдуу кыймылдар мына ушундайча пайда болушкан.

Радикалдашуу үчүн ыңгайлуу кыртыш ириде элиталарды жана бийликти алмаштыруунун ачык-айкын механизмдери жок, көп жылдар бою коррупциялык жана авторитардык режимдер башкарган жерде пайда болот.

Адамдарды жалпы адамзат баалуулуктарынын негизинде баш коштуруп, көтөрүмдүүлүктү жана сабырдуулукту жайылтуу менен коомдо тынчтыкты жана ынтымак-ырашкердикти камсыз кылууда чыныгы Исламдын чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок жалпыга маалымдоо каражаттарындагы исламофобия, Исламды демондоштуруу анын чыныгы маңызын бурмалап, аны коркунучтуу кылып көрсөтүүдө. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөгү бүгүнкү проблемалардын жана катуу кагылышуулардын себеби Ислам эмес, анын себеби – геосаясий оюндар, социалдык адилетсиздик жана көп учурда Исламга жамынган радикалдар.

Биз мусулмандар арасында конфронтацияга алып келе турган ар кандай талаш-тартыштар бар экенин моюнга алабыз. Куран, тафсирлер, хадистер ар түрдүү түшүндүрүлөт. Ошондуктан практикалык маселелердин эле эмес, Исламдын кудай тааным түшүнүктөрүнүн айланасында да диалог, демократиялуу, ачык талкуулар болушу абзел.

Азыр, ХХI кылымда, Исламга догматикалык жана үстүрт мамилени жеңип, илимди, маданиятты өнүктүрүү жана коомду гумандаштыруу үчүн рационалдуу Исламды пайдалануу зарылчылыгы пайда болду.

Бүгүн мыкты билим алуунун, ааламдын түзүлүшүн билүүнүн ролу өзгөчө маанилүү, ошондой эле толеранттуулук, башка ой-пикирге сабырдуу мамиле зор мааниге ээ.

Диний ишенимдин, көз караштардын, жашоо образынын кандайдыр бир ситемасын адамдарга таңуулоо аракеттери бүтүндөй адамзат цивилизациясы үчүн трагедия менен аякташы мүмкүн.

Урматтуу мекендештер!

Момун мусулмандар!

Мен Сиздерге Президент катары да, мусулмандардын бири катары да кайрылып жатам.

“Чала молдо дин бузат!” – деген байыркы сөз бар кыргыз элинде. Акыркы жылдары ошондой чала молдолор көбөйүп, аларды ээрчигендер андан бетер көбөйүп, биздин ыйык Ислам динибизге көлөкө келтирип, таза денеге чыккан чыйкандардай болуп өлкөдөн өлкөгө жайылып баратат.

Эгер биз, мусулмандар өз ыйык динибиздин рухун, атын өзүбүз коргобосок, адашкандарга чындыкты айтпасак, динибизге, бүтүн мусулмандарга көлөкө келтирген чала молдолорго, бузукуларга, Исламдын ыйык атын жамынган баш кесерлерге, террористтерге каршы чыкпасак, анда ким каршы чыгат?

Урматтуу мекендештер!

Момун мусулмандар!

Биздин динибиздин пайдубалы болгон, Кураны Керимде жазылган ыйык сөздөрдү эскертким келет:

–  Динде таңуулоо, мажбурлоо жок (“Бакара” сүрөөсү, 256-аят);

–  Бир адамды өлтүргөн, бардык адамзатты өлтүргөндөй болот (“Аль-Маида” сүрөөсү, 32-аят);

–  Ал (Жараткан) жалгыз Өзү гана чечет: кимди кечирет, кимди жазалайт (“Имран” сүрөөсү, 129-аят).

Бул ыйык сөздөр ар бир мусулман үчүн мыйзам болушу керек!

Урматтуу мекендештер!

Момун мусулмандар!

Мухаммед пайгамбарыбыздын да асыл сөздөрүн эскертким келет: “Билимге арналган бир саат, – түнү менен намаз окуганга барабар. Билимге арналган бир күн, – үч ай орозо кармаганга барабар”.

Накта мусулман болом десек, жогоруда айтылган Куран Керимдин ыйык сөздөрүн жүрөккө сактайлы! Сүйүктүү пайгамбарыбыздын насаатын унутпайлы!

Дин менен кийимди, ички дүйнө менен тышкы көрүнүштү алмаштырбайлы!  Дин биринчи кезекте адамдын ичинде, жүрөгүндө болушу керек!

Урматтуу Конференциянын катышуучулары!

Кыргыз Республикасы демократиялык, укуктук жана светтик мамлекет курууга, Кыргызстан элинин маданий өзгөчөлүктөрүн сактоого жана өнүктүрүүгө умтулууда. Биз үчүн мамлекет менен диний жамааттардын өкүлдөрүнүн өз ара иштөөсүн жөнгө салуунун мааниси зор.

Ошондуктан Кыргызстан өз тажрыйбасын эске алып, дайыма иштөөчү эл аралык диалог аянтчасын түзүү демилгесин Сиздердин карооңуздарга сунуш кылат.

Конференциянын жыйынтыгы боюнча тиешелүү декларацияны кабыл алып, биздин диалогду улантуу үчүн, мамлекеттин жана диндин өз ара иштөөсү боюнча тажрыйба алмашып, пикир бөлүшүү, радикализмге жана экстремизмге бирге каршы туруу үчүн туруктуу иштеген эл аралык аянтчаны Бишкекте түзүүнү сунуш кылабыз.

Учурдан пайдаланып, чакыруубузду кабыл алганыңыздар үчүн бүгүнкү иш-чарага катышкандардын баарына ыраазычылык билдиргим келет. Бүгүнкү конференцияны даярдоого жана өткөрүүгө өздөрүнүн салымдарын кошкон биздин бардык эл аралык өнөктөштөрүбүзгө да ыраазычылык билдирем.

Сиздерге ийгилик, натыйжалуу жана жемиштүү иштөөнү каалайм!”

Фото - Ош облусуна миңдеген жумуш орундарын камсыздаган өндүрүш аймагы курулат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын Баоцзи шаарынын мэри Бао Цзиньцай баштаган бир катар жетекчилерди кабыл алды. Анда эки тараптуу кызматташуу, жаңы экономикалык байланыштарды арттыруу тууралуу сүйлөшүлдү. Бул туралуу Ош облустук маалымат кызматы билдирди.

олугушуудан соң кызматташуу жана Ош облусуна өндүрүш аймагын куруу боюнча макулдашууларга кол койду. Ал үчүн Кара-Суу районунан 400 гектар жер аянты каралган. Бул жерге келечекте өндүрүш зонасы курулса миңдеген жаңы жумушчу орундары түзүлөт. Өндүрүш аймагы 10-15 жылдан кийин жергиликтүү бийликтин карамагына өтөт. Бардык тийешелүү жагдайлар мыйзам алкагында аныкталган соң өндүрүш аймагынын курулушу 2018-жылы башталат.

Жалал-Абадда окуучулар карыларга жардам көрсөтүү максатында түрдүү иш-чараларды уюштуруп жатышат

Жалал-Абад шаарындагы ар кайсы окуу жайлары кары-картаңдарга сый-урмат, колдоо көрсөтүү боюнча түрдүү иш-чараларды уюштуруп жатышат. Бул иш-чаралар шаар бийликтери тарабынан жарыяланган улгайган кишилерге камкордук көрүүнүн бир айлыгынын алкагында өткөрүлмөкчү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Мисалы, шаарда жайгашкан Педагогикалык колледжинин мугалимдери карыялар күнүнө карата өз каражаттарынын эсебинен сый тамак уюштурушуп, аларга кеңири программадагы концерт тартуулашмакчы. Аталган окуу жайдын гуманитардык илимдер усулдук бирикмесинин жетекчиси Сапаргүл Төлөнбаеванын айтымында, эмгек жамаатынын бардык мүчөлөрү ушул демилгени колдоп чыгышкан.

-Биздин мугалимдербиз карылар күнүнө карата өз ара макулдашып, арабыздагы жашы улгайып калган коллегаларыбызга майрамдык сый тамак уюштуруп берүүнү чечишкен. Алар ушул тармакта иштеп, жашы 60тан жогорулагандарды сыйлоону эп көрүштү. Андан сырткары, студенттер тарабынан концерттик программалар да уюштурулуп, маанайларын көтөрүүнү ниет кылып турабыз. Буюрса, ушундай жакшы саамалык ар жылы кайталанып, алардын батасын алып турсак дейбиз. Бул баарыдан мурда жаштарды туура тарбиялоого жакшы мисал, өрнөк болот, – дейт ал.

Алынган маалыматка караганда, колледждин студенттери шаардагы жалгыз бой кары-картаңдардын үйлөрүнө барып, турмуш-тиричилигине каралашышмакчы. Аны үчүн атайын студенттик топтор түзүлүүдө.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын атайын буйругу менен 15- сентябрь – 15-октябрь мезгилинде карыларга камкордук көрүүнүн айлыгы өтүп, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жактар жашы улгайгандарга камкордук чараларын уюштурушат.

 

Алмазбек Атамбаев Кемин, Чүй райондорунун жана Токмок шаарынын активи жана коомчулугу менен жолугушту

Алмазбек Атамбаев 26-сентябрда Чүй облусунун  Кемин, Чүй райондорунун жана Токмок шаарынын активи жана коомчулугу менен жолугушту. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Салттуу «суроо-жооп» форматында өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы   мектептердин курулушу, Токмок шаарын газ  жана жылуулук менен камсыздоо, социалдык обьектилердин ишмердиги жана башка  маселелерге байланыштуу катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Алдыдагы президенттик шайлоолор тууралуу суроого жооп берип жатып Президент Алмазбек Атамбаев  кайрадан  таза жана ачык шайлоолорду өткөрүү үчүн бардык шарттарды түзүүнүн өзгөчө мааанисин баса белгиледи. Мамлекет башчысы  бул туурасында Өкмөткө жана БШКга тиешелүү тапшырмалар берилгенин айтты жана администрациялык  ресурстарды  пайдаланууга, мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө жана добуштарды сатып алууга жол бербөө тууралуу эскертти. Бишкектеги жогорку окуу жайларынын биринде окутуучу тарабынан  студенттерге кысым көрсөтүү  тууралуу арыз боюнча кылмыш иши козголгондугун маалымдады.

Президент  шайлоолор таза жана ачык өтүшү  үчүн  зарыл болгон бардык чаралар көрүлүп, алардын жыйынтыктарын жарандар түздөн түз эркин добуш берүү жолу менен аныктоого тийиш экендигин  баса белгиледи.

Атамбаев Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровду кабыл алды

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-сентябрда Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровду кабыл алды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына   пенсиялык камсыздоонун азыркы абалы, пенсияларды каржылоо, камсыздоо төгүмдөрүнүн келип түшүүсү, ошондой эле  аларды   администрациялоо маселелери тууралуу маалымат берилди.

Социалдык фонддун төрагасы  ошондой эле   алдыдагы пенсиялардын жогорулатылышынын механизмдери туурасында дагы айтып берди. Жогорулатуунун аркасында  пенсиялардын орточо көлөмү 520 сомго көбөйүп, 5517 сомду түзүп калат. Жетекчинин  маалыматы боюнча  627 миң пенсионердин пенсияларын кайра эсептеп чыгуу аяктады, 2-октябрдан тартып  жогорулатылган  пенсияларды каржылоо башталат.

Президент Алмазбек Атамбаев Социалдык фонддун төрагасына  пенсиянын базалык бөлүгүн аныктоо нормасын  жана индексациялоону  кайрадан карап чыгып, тиешелүү сунуш киргизүү боюнча тапшырма берди.

Мамлекет башчысы  кабыл алынган чаралар   пенсиялык системаны кыйла адилеттүү болууга алып келээрин белгилеп,  пенсионерлер алдында социалдык милдеттенмелерди  өз  учурунда жана толук көлөмдө аткарууну камсыз кылууга милдеттендирди.

Жалал-Абад шаар бийлиги жаш ишкерлерге сый көрсөттү

Жалал-Абадда “Жаш ишкерлер ассоциациясынын” (ЖИА) мүчөлөрүнүн жалпы жыйыны өтүп, жалпы экономика, бизнес, каржы, ошондой эле жаңы бизнес башталыштар боюнча кеңири талкуу болду жана ассоциациянын башкаруу органдарынын жаңы курамын шайланды. Бул туралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын маалыматтык борбору билдирди.

Ага ЖИАнын мүчөлөрдөн сырткары жергиликтүү бийлик жана коомчулук өкүлдөрү да катышышты.

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров жеке ишкерлерге ийгилик каалап, шаардын экономикасынын алга жылуусуна чоң салым кошуп жаткан алдыңкы ишкерлерге мэриянын Ардак грамоталарын жана Ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

-Биз билгендей, 20-сентябрь – Бүткүл дүйнөлүк ишкерлердин күнү. Сиздер мамлекетибиздин, коомубуздун алга жылышына чоң салым кошуп келе жатасыздар. Баарыңыздардын башыңыздарды бириктирип турган “Жалал-Абад жаш ишкерлер ассоциациянына” ыраазычылык билдиребиз. Кыргызстандын бардык областтарындагы ЖИА кеңселери бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү менен тыгыз кызматташып, аймактар аралык соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүп келесиздер. Ишиңиздерди ар убак ийгиликтер коштосун, – деди ал.

Эске сала кетсек, ЖИАнын Жалал-Абаддагы кеңсеси 2013-жылы түзүлүп, бүгүнкү күндө 80 ишкерге ар кандай колдоо, кызмат көрсөтүүдө.

 

Айлана-чөйрөнүн булгануусундан улам балыктардын айрым түрлөрү жоголууда

Бүгүн Кыргыз Улуттук илимдер академиясында Биология жана топурак таануу институту, КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Балык чарба департаменти жана КРнын Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жана Econonomic Cooperation Organization илимий фонду биргелешип уюштурган ихтиология жана гидробиология көйгөйлөрү боюнча илимий конференция өз ишин баштады.

Иш-чарда билдирүү жасаган Жайыт, мал-чарба жана балык чарбасы департаментинин Аква маданият бөлүмүнүн башчысы Эдил Ниязов төмөнкүлөргө токтолду: «Кыргызстандагы балык чарбасынын абалы жакшы өнүгүүдө. Ага Өкмөт жана Айыл-чарба министрлиги жактан да көңүл бурулууда. Көйгөй жаратып жаткан нерсе айлана-чөйрөнүн булгануусу менен суулар булганып, балыктардын айрым түрлөрү жоголуп, алардын ордуна башка зарыл эмес балыктар пайда болушу мүмкүн.  Анын алдын алуу үчүн сууларды туура пайдалануу керек.  Биз балыктарды көбөйтүү максатында иш жүргүзүп, инкубация жолу менен өстүрүлгөн балыктарды көлмөлөргө, суу сактагычтарга коё беребиз. Мисалы, 2016-жылы 8 млн. 53миң балык салсак, быйыл 8 млн. 200 миң түрлүү балыктардын уругун салдык».

Деструктивдик антропогендик таасирлердин жана глобалдык климаттык өзгөрүүлөрдүн күчөшүнө байланыштуу гидробиология маселелеринин актуалдуулугу уламдан-улам жогорулоодо. Ал жаратылыштык өзгөрүүлөрдөн гана эмес, экономикалык факторлордон дагы көз каранды. Бул тууралуу “Казахрыбхоз” Ассоциациясы башкармалыгынын төрагасынын орун басары Серик Тимирханов мындай деген оюн билдирет:

“XXI-кылымда таза суу биологдордун гана эмес, экономисттердин дагы көңүл чордонунда болууда. Өзгөчө ал сууну өтө көп колдонгон Борбор Азия аймагына тиешелүү. Бул жерден балык чарбасын өнүктүрүү үчүн сууну үнөмдөөгө көмөкчү болуп жаткан жаңы технологиялар жөнүндө айта кетпесек болбос”.

Азербайжан Улуттук илимдер академиясынын Зоология институтунун директору, физика-математика илимдеринин кандидаты Элман Юсифов Кыргызстан менен кызматташуу ниети бар экендигин билдирди.

“Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын тектеш институттары менен келишимдин негизинде кызматташуу сунушун киргизет элем. Тажрыйба алмашуу менен гана чектелбестен, адистерди, жаш окумуштууларды бири-бирибизге жиберип, илимий иштер, китепканалар, экспонаттар, коллекциялар жана музейлер аркылуу дагы байланышсак, эки тараптын илимий ишмердүүлүгүнө өтө чоң жардамы тиет деген ойдомун. Эгерде экспедициялар уюштурула турган болсо, биз кызматкерлердин экспедициялык чыгымдарын көтөрүүгө даярбыз” – деди Э. Юсифов.

Ошондой эле иш-чаранын алгачкы күнүндө ФАОнун өкүлү М.Сариева Кыргызстандагы аква маданияттын өнүгүүсүндөгү ФАО программасынын ролу тууралуу докладын окуду. Конференция 28-29-сентябрда Чолпон-Ата шаарында уланат.

 

 

 

Атамбаев ГФРдин канцлери Ангела Меркелди ХДСтин Бундестагка шайлоодо жеңишине байланыштуу куттуктады

Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдуу канцлери Ангела Меркелди  анын партиясы – Германиянын Христиан-демократиялык союзунун Бундестагка шайлоолордо жеңишке жетишкендигине байланыштуу куттуктады. Бул туурасында президенттин рамий сайты жарыялады.

“Сиздин партиянын жеңиши  Сиз тандап алган саясый жана социалдык-экономикалык  багытты германия эли колдой тургандыгынын  ачык-айкын белгиси болуп саналат. Сиздин жетекчилигиңиз алдында Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү  өлкөнү  мындан ары туруктуу өнүктүрүү боюнча өз ишмердигин ийгиликтүү уланта берет деп ишенем.

Кыргыз Республикасы кыргыз-германия өз ара пайдалуу кызматташуусун мындан ары кеңейтүүгө абдан  кызыктар экендигин ырастайм”, -деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Кыргызстандын Президенти  Федералдуу канцлерге  чың ден соолук жана мындан аркы ийгиликтерди, достук мамиледеги Германия элине  тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Чехиянын Кыргызстандагы элчиси Элишка Жигова айым Жалал-Абадка келди

Бүгүн, 26-сентябрда Чехиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Элишка Жигова айым атайын иш сапары менен биринчи жолу Жалал-Абадка келди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Достук жана өз ара түшүнүүчүлүк жылуу маанайда өткөн жолугушууга ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов, Чехиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Ладислав Штайнхюбел жана Чехиянын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Марат Жаанбаев катышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев  Чехиянын элчилигинин өкүлдөрүнө Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык жана маданий тармактары туурасында кеңири маалымат берди.

—  Жалал-Абад облусунда тоо-кен байлыктарынын мол запасы камтылган. Алтындын өзүнөн эле тоо-кен тармагында 500 тонна запасы бар. Айыл чарбасы менен  өнөр жай тармагы жыл санап өнүгүп барууда. Облус аймагында иштеп жаткан 6 ГЭС Кыргызстанда иштелип чыгылган жалпы электр энергиясынын 90 пайызын берет. Республикадагы экспорттун 40 пайызын Майлуу-Суу шаарындагы электр лампаларын чыгаруучу заводдун продукциясы түзөт. Туризм тармагын өнүктүрүүдө Сары-Челек менен Тогуз-Торо районундагы “Саймалуу-Таш” мамлекеттик коругунун, жаңгак токойлуу Арстанбап менен Кара-Алманын жана Жалал-Абад санаториясынын мүмкүнчүлүктөрү кенен,- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

—  Жалал-Абад санаториясынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында 10 инвестициялык долбоорлор иштелип чыгылган. Атап айтканда, санаторияга кетүүчү канаттык асма жол куруу, санаториянын аймагына заманбап эс алуучу сейил багын куруу сыяктуу долбоорлор иштелип чыгылган,- деди Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов.

— Кыргызстанда элчи болуп  иштеп жатканыма 3 жылдын жүзү болду.  Буга чейин Бишкекте 2 жолу Чехиянын экономикалык бизнес форумун, 1 жолу Кыргызстандын Прагадагы бизнес форумун ийгиликтүү өткөрүүгө жетиштик. Эмки биздин максат Кыргызстандын региондоруна көңүл буруу болуп саналат. Чехияда дүйнөгө белгилүү болгон 33 курорттук жайлары бар. Туризм тармагын өнүктүрүүдө биргеликте кызматташып иш алып барууга дайыма даярбыз. 2018-жылы Жалал-Абадда элибиздин маданиятын жана киносун даңазалаган Чехиянын күндөрүн өткөрүүнү максат кылып жатабыз,- деди Чехиянын Кыргызстандагы  толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Элишка Жигова айым.

Чехиянын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Марат Жаанбаев чехиялык ишкерлер Жалал-Абадда аквопарк менен бассейн куруу жана Жалал-Абаддын бренди болуп калган жаңгактарын сатып алууга абдан кызыктар болуп жатышкандыгын билдирип кетти.

Жолугушууда мындан ары эки тарап бирдей достук карым-катнаш менен алаканы жакшыртуу,  экономикалык ишкердик багытында жана  маданий кызматташтыкты бекемдеп, туризм тармагында  эки тарапка бирдей пайдалуу болгон кызматташуу жаатында тыгыз иш алып барууга кызыктар экендиктерин жашырышкан жок.

     Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Меню