Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Алмазбек Атамбаев Халима Якобду Сингапурдун Президенттик кызматына киришкендигине байланыштуу куттуктады

Алмазбек Атамбаев Халима Якобду Сингапурдун Президентинин кызматына киришкендигине байланыштуу  куттуктады. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

«Үстүбүздөгү жылы мамлекеттерибиз дипломатиялык  мамилелердин орнотулушунун 25 жылдыгын белгилеп жатат. Кыргызстан менен Сингапур биргелешкен аракеттери менен өлкөлөрүбүздүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн достук мамилелерди жана өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары дагы  өнүктүрө берет деп ишенем”, – деп белгиленет Мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Кыргызстандын Президенти Сингапурдун Президентине чың ден соолук жана  жооптуу кызматта алдыга койгон бардык максаттарды ишке ашырууда зор ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Сингапур элине – тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясына жумушчу сапар менен келди

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-сентябрда Россия  Федерациясына жумушчу сапар менен келди. Бул туурассында президенттин расмий сайты жарыялады.

Сапардын  жүрүшүндө Мамлекет башчысынын Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен Сочи шаарында жолугушуусу пландаштырылып жатат. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана  ЕАЭБ алкагында тараптардын өз ара аракеттенишүүсүнүн актуалдуу маселелери талкууланмакчы.

Коопсуздук кеңешинин “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө” чечимине кол коюлду

Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө” чечимине кол койду. Бул туурасында президенттин расмий сайты маалымдады.

Бул чечим кабыл алынган Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны Мамлекет башчыбыздын төрагалыгы алдында 11-сентябрда өткөрүлгөн.

Чечимдин тексти:

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо өлкөнүн саясий жана коомдук турмушундагы жаңы тарыхый процесстин башталышы болуп эсептелет, ал демократиялык туруктуулукка таасир тийгизүүчү маанилүү факторлордун катарына кирет.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында таза эмес жана адилетсиз шайлоолор элдин нааразычылыгынын өсүшүнө, социалдык каршылыкка жана үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун кулашына алып келди. Боло турган окуялар заманбап мамлекетти өнүктүрүүнүн демократиялык принциптеринен четтөөгө жол берилбей тургандыгын көрсөтүүгө тийиш.

Ошол учурда “шайлоо карусели”, “өлүү жандар” сыяктуу жана шайлоо алдындагы башка “ыпылас” технологиялар түрүндө салттуу болуп калган бурмалоолорду болтурбоо максатында мамлекет кыска мөөнөттө мыйзамдарды жакшыртты жана шайлоо процессине заманбап технологияларды киргизди.

2015-жылы шайлоо процессинин жүрүшүндөгү бузуулар үчүн мүмкүндүктөрдү кыскартууга, ошондой эле жарандарыбыздын ишенимин көтөрүүгө багытталган чара катары Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочуну биометрикалык индентификациялоо киргизилди. Шайлоо участокторунда автоматтык эсептөөчү жабдуу колдонула баштады, өлкөнүн мыйзамдарына шайлоочулардын бирдиктүү тизмелерин түзүү менен байланышкан өзгөртүүлөр киргизилди.

Шайлоо процессиндеги ырааттуу жана натыйжалуу өзгөртүүлөр 2015-2016-жылдардагы шайлоолордун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын жарандары бурмалоосуз болгон жана административдик ресурс колдонулбаган калктын добуш берүүгө катышуусунун жана анын жыйынтыгынын реалдуу цифраларын көрдү. Бул өлкөдөгү туруктуулукту бекемдөөдөгү жана Кыргызстандагы шайлоо процессин ийгиликтүү жана атаандаштык мүнөзгө ээ деп эл аралык коомчулуктун таануусуна жетишүүдөгү дагы бир кадам болуп калды. Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы эркин түрдө шайлоочулардын өз эркин билдирүү укугун ишке ашырууну шексиз камсыз кылып, Борбордук Азия регионунун өлкөлөрү үчүн бөтөнчө үлгү болуп калды.

Киргизилип жаткан заманбап технологиялардын жана жаңы жол-жоболорду киргизүүнүн мүмкүнчүлүктөрү шайлоочулар жана шайлоо процессинин катышуучулары тарабынан жакшы баага татыды. Натыйжада, шайлоочуларда таза жана демократиялуу шайлоого ишеним пайда болду.

Ошол эле учурда мамлекет алдында шайлоочуларды сатып алууну жана шайлоо алдындагы жана шайлоо мезгилиндеги башка “ыпылас” технологияларды колдонууну болтурбоо боюнча биринчи кезектеги милдет турат.

Ушуга удаа эле мамлекеттүүлүктү бекемдөө, коомдук-саясий ынтымакты жана жарандык коомдун биримдигин сактоо максатында бийлик институттары коомдук коопсуздукту, даярдоочу, шайлоо жана шайлоодон кийинки башкаруучу бардык чечимдердин жана процесстердин максималдуу түрдө ачык-айкындыгын камсыз кылууга багытталган чараларды ишке ашыруусу зарыл.

Жогоруда жазылгандарды көңүлгө алып жана жарандардын өз эркин адилет жана эркин түрдө билдирүүсүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши

ЧЕЧИМ КЫЛДЫ:

1. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Д.Т. Зилалиевдин жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.К. Шайлдабекованын ушул маселе боюнча маалыматы көңүлгө алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөнкүлөр боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылсын:

– даярдоочу, шайлоо жана шайлоодон кийинки башкаруучу бардык чечимдердин жана процесстердин максималдуу түрдө ачык-айкындыгы;

– шайлоого мажбурлап катыштыруу же катыштырбоо максатында жарандарга кандай гана түрдө болбосун таасир тийгизүүнү же алардын эркин түрдө өз эркин билдирүүсүнө башка таасир берүүнү жоюу;

– шайлоо процессине тартылган адамдардын уюшкандыкта иштөөсү, ошондой эле шайлоо процессинде пайдаланылган жабдуулардын жана техникалык каражаттардын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү иштөөсү үчүн шарттарды киргизүү;

– жалпыга маалымдоо каражаттары менен бирдикте кеңири маалыматтык өнөктүктү уюштуруу жана өткөрүү, анын алкагында демократиялуу жана адилет шайлоону өткөрүүгө бекем саясий эрктин бар экендигин, ошондой эле ар бир шайлоочунун өлкөнүн келечеги үчүн моралдык жоопкерчилиги жөнүндө жана шайлоочуларды сатып алуунун учурларын болтурбоо тууралуу түшүндүрмөлөрдү берүү менен 2017-жылдын 15-октябрында жарандарды шайлоо укугун ишке ашырууга жана жарандык активдүүлүктү көрсөтүүгө чакыруу.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөр боюнча толук чараларды көрсүн:

– шайлоо алдында жана шайлоо мезгилинде коюлган милдеттерди ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара иштешүүнү камсыз кылуу;

– мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына, администрацияларга жана мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын жетекчилерине кайсыл бир талапкердин пайдасына шайлоо алдындагы үгүттөөгө баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн окутуучуларын, студенттерин жана окугандарын, бюджеттик уюмдардын, анын ичинде медициналык мекемелердин, калкты тейлөө боюнча ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлерин жана персоналын тартууга катуу тыюу салуу;

– шайлоо комиссияларынын ишине аткаруу бийлигинин органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын кийлигишүүсүнө тыюу салуу;

– энергия системасынын жана телекоммуникация системаларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу;

– бүткүл шайлоо алдында жана шайлоо процессинин мезгилинде толук көлөмдө каржылоону уюштуруу;

– чет өлкөлөрдө шайлоо участкаларындагы иштерди координациялоо.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:

– шайлоочуларды эркин билдирүү укугунан ажыратуу мүмкүндүгүн жокко чыгарган шайлоочулардын сапаттуу жана толук тизмесин түзүүнү жана киргизүүнү камсыз кылуу;

– шайлоочуларды биометрикалык каттоо жана идентификациялоо менен байланышкан техникалык тобокелдиктерди жойсун, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жана байланыштын, мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системаларынын ишенимдүү иштөөсүн, ошондой эле бул системалардын коопсуздугун, анын ичинде жарандарды биометрикалык идентификациялоонун системасынын сакталышын, бүтүндүгүн жана иштөөсүнүн туруктуулугун камсыз кылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:

– шайлоо алдындагы үгүткө катышууга, саясий партиялардын ишине кандай гана түрдө болбосун катышууга же көмөк көрсөтүүгө, байкоочулар, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлөрү жана ишенимдүү адамдары катары шайлоого катышууга тыюу салууга багытталган колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, укук коргоо жана фискалдык органдар жана аскер кызматчылары тарабынан сактабоосунун фактыларын болтурбоо, табуу жана ага бөгөт коюу боюнча ишти активдештирсин;

– шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын мыйзамдарды аткаруусун камсыз кылсын, ал эми бузуулар болгон учурда ээлеген мамлекеттик кызматына, партиялык таандыктыгына жана коомдук абалына карабастан мыйзамдын катуу талабы боюнча жазаны шексиз алаарына кепилдик кылсын;

– даттанууларды жана кайрылууларды, ошондой эле шайлоо процессинин катышуучулары тарабынан бурмалоолордун жана башка бузуулардын фактыларын мыйзамдардын талаптарына ылайык кароонун жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуунун оперативдүүлдүгүнө көзөмөлдү күчөтсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өлкөнүн жарандарынын жеке коопсуздугун жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктардын алкагында төмөнкүлөр боюнча чаралардын комплексин ишке ашырсын:

– деструктивдүү күчтөрдүн мүмкүн болчу мыйзамсыз аракеттеринен шайлоо участкаларынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугу;

– шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактыларын табуу жана сатып алууну уюштурууга жана жүргүзүүгө тиешелүү адамдарды жалпыга маалымдоо каражаттарында милдеттүү түрдө чагылдыруу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу;

– трансулуттук, диний-экстремистик, террордук уюмдардын жана уюшкан кылмыш топторунун аракеттерине талаптагыдай жана өз убагында чара көрүү;

– өзүнүн антиконституциялык максаттарына жетишүү үчүн шайлоону инструмент катары пайдаланууга кызыкдар болгон адамдар тарабынан жасалуучу жарандардын конституциялык укуктарын бузган мыйзамга каршы аракеттер, процесстер жана факторлор үчүн шарттарды жоюу;

– Кыргыз Республикасында көз карандысыз жана демократиялык шайлоолорду өткөрүүгө кызыкдар болбогон адамдардын кийлигишүүсүн жана деструктивдүү тышкы таасирдин тийишин болтурбоо боюнча чараларды ишке ашыруу;

– алдын алуучу иш-чараларды өткөрүү жана стратегиялык объекттерди жана башка инфраструктураны коргоо.

7. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен өз ара иштеп өлкөдө коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү же шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максаттарын көздөгөн адамдардын жана кылмыштуу элементтердин Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүн болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу кирүү – чыгуу каналдарында контролду күчөтсүн.

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту шайлоо өткөрүү боюнча органдын чечимдерди өз убагында кабыл алуусу үчүн шайлоо маселелери боюнча келип түшкөн кайрылууларды, даттанууларды жана доо-арыздарды сот органдарында оперативдүү кароону мыйзамдарда белгиленген тартипте камсыз кылсын.

9. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.

 

Атамбаев Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы драма театрынын имаратынын курулушун аяктоого 45 млн сом бөлдү

Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Талас облусунун Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы драма театрынын имаратынын курулушун аяктоого жана зарыл жабдууларды сатып алууга Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба  мамлекеттик агенттигине финансылык колдоо көрсөтүү үчүн  Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 45 000 000 (кырк беш миллион) сом бөлүндү. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-сентябрда өлкөбүздүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди  жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоеваны кабыл алды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына өлкөнүн тышкы саясаттагы  урунттуу багыттарын ишке ашыруу боюнча  маалымат берилди.  Атап айтканда  Президент Алмазбек Атамбаевдин Россиянын Президенти Владимир Путин менен Сочи шаарындагы боло турган жолугушуусуна, Президент Алмазбек Атамбаевдин БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 72-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына жумушчу сапарына, аталган иш чарага катышуунун  алкагында Кыргызстан демилгелеген иш чараларга катышуусуна даярдык  көрүү туурасында маалымат берилди.

Мындан тышкары Президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга жооп иретинде мамлекеттик сапарына даярдык көрүүнүн алкагында Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеёвдин мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча  иштердин  жүрүшү талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев  алдыдагы иш чараларга дыкаттык менен даярдык көрүү жана  улуттук кызыкчылыктарга артыкчылык берүү менен, негизги өнөктөштөр менен ар тараптуу  мамилелерди  өнүктүрүүгө багытталган өлкөнүн тышкы саясаттагы багытын  мындан ары ишке ашыруу  боюнча  бир катар тапшырмаларды берди.

Алмаз Атамбаев Премьер-министр Сапар Исаков менен жолукту

Кечээ, 12-сентябрда, Алмаз Атамбаев Премьер-министр Сапар Исаков менен жолукту. Бул тууралу КР Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Жолугушууда Өкмөт башчысы канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жана курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кол коюлган Стратегиялык келишим тууралуу Президентке маалымат берди.

Сапар Исаковдун сөзү боюнча Өкмөт менен канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында «Кумтөр» долбоору боюнча  экологиялык кырдаалды жакшыртуу үчүн шарттар түзүлүүдө жана экологиялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу жөнүндө макулдашууларга жетишишти.

«Жаңы келишимге кол коюунун түз жана кыйыр экономикалык натыйжасы 200 млн. АКШ долларынан ашат» –  деди Премьер-министр Сапар Исаков.

«Кумтөр» долбоору боюнча улуттук кызыкчылыктарды коргоонун маанисин белгилеп, Президент Алмазбек Атамбаев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары Кумтөрдөгү экологиялык абалды жакшыртууга эки тарап тең умтулуп жаткандыгынын далили экендигин билдирди.

«Өкмөт  Кумтөр   ыплас саясый оюндардын предметине жана туруксуздуктун факторуна айланбастан, мамлекеттин жана анын жарандарынын кызыкчылыктарына натыйжалуу иштеген   чыныгы  экономикалык долбоор болушуна жетишүүгө тийиш», -деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев: «Шайлоолор таза өтүшү керек»

Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында  кечээ, 11-сентябрда  өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлдү. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысы жыйынды ачып жатып,  Коопсуздук кеңешинин  мүчөлөрүнүн кароосуна   сунушталып жаткан маселенин – 2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоолорго даярдык көрүүнүн  өзгөчө маанисин баса белгиледи. “Эгерде шайлоолор таза жана ачык өткөрүлсө эл жыйынтыгын кабыл алат. Шайлоолор таза өтүшү керек”,- деп Алмазбек Атамбаев сөздү докладчыларга  –  вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев менен Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабековага берүүнү сунуштады.

Дүйшөнбек Зилалиев белгилегендей,  Президенттикке талапкерлерге бирдей шарттарды түзүү, ошондой эле  шайлоочулардын укуктарын коргоо максатында Өкмөттү буйругу  менен   республикалык штаб түзүлгөн. Штабдын өткөрүлгөн эки жыйынынын жыйынтыгы боюнча  тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине протоколдук тапшырмалар берилген, шайлоо участокторун электр энергиясы, телефондук байланыш, финансы, ошондой эле коопсуздук  чаралар менен камсыз кылуу боюнча жооптуу адамдар бекитилген.

Вице-премьер-министрдин айтымында 2017-жылдын 8-сентябрына карата 3 млн 55 миң 442   адам биометрикалык каттоодон өткөн. Шайлоочулардын тизмесине 2 млн 935 миң 293  жаран киргизилген. Анын 30 миң 100 адамы  биринчи жолу  шайлоого катышат.

1-октябрдан тартып өлкөнүн бардык областтарында системаны жана техниканы тестирлөө башталат. Коомдук тартипти 9,5 миңден ашуун милиция кызматкери жана ыктыярдуу элдик кошундардын 9 миңден ашуун өкүлдөрү камсыз кылат.  Шайлоочуларды  каттоо боюнча системанын ишин камсыз кылууга 9,5 миңден ашуун  оператор тартылып, алар райборборлордо окуудан өткөрүлөт.

Президенттик шайлоолорду өткөрүүгө байланыштуу бардык чыгымдар өз мөөнөтүндө жана толугу менен каржыланат. Шайлоо системасын мындан ары өркүндөтүү үчүн бардык тиешелүү чаралар көрүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова  өз кезегинде   учурда  жарандардын шайлоочулардын тизмесиндеги жарандарды  тактоо боюнча  активдүү процесс жүрүп жаткандыгын маалымдады. 15-сентябрга чейин контролдук тизме түзүлөт жана 24-сентябрда участкалык шайлоо комиссияларында илинип коюлат. 5-октябрга  чейин Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочулардын тизмесин биротоло  калыптандырып чыгат.

“Шайлоочулардын тизмесин тактоонун жүрүшүндө 42 миң жарандан шайлоо даректери  боюнча добуш берүү тууралуу арыз келип түштү. Баарынан көбү Бишкек менен Ош шаарында. Биз шайлоочулардын тизмесин тактоонун жүрүшүн талдап, айрым шаарларда, областтарда шайлоочулардын саны өскөндүгү студент жаштар бар экендиги, ошондой эле областтар аралык миграция кыйла өскөндүгү менен байланыштырып жатабыз”, -деди Нуржан Шайлдабекова.

БШКнын  төрайымы мурдагы кетирген катачылыктарды  жана кемчиликтерди эске алып, шайлоочулардын тизмеси менен ишти жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүп жаткандыгын баса белгиледи. Алсак, дарек регистри түп тамырынан бери жаңыланды, ДРГМС(ГИСАР) – даректин регистрдин геомаалыматтык системасынын программасы түзүлдү.  Анын айтымында эми шайлоочулардын тизмеси ачыктыгы, ар дайым маалыматтар жаңыланып турушу менен айырмаланат. “ Мурда тизме шайлоолор алдында  жана шайлоо мезгилинде гана илинчү. Мындан тышкары  шайлоочулардын тизмесине ишеним аз эле.  Эми  тизмелер  ачык  болуп, мамлекеттик портал үзгүлтүксүз жаңыланып, акыркы ирет качан жаңылангандыгынын датасы, шайлоочулардын жылышынын тарыхы чагылдырылып турат. Эки  эреже киргизилди, бул – №2 форма боюнча жеке арыз берүү  жана аны атайын корголуучу белгилери бар кагазга чыгаруу. Мындай чара  мурда талапкерлер же алардын өкүлдөрү тарабынан колдонулуп келген №2 форма сатып алуунун жашыруун бир формасы болгон ыкмаларга жол бербейт”,- деди ал.

Төрайымдын маалыматы боюнча  шайлоочулардын бир катар категориялары боюнча  жаңы ыкмалар  менен иш жүргүзүлдү. Бул ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулардын укуктарын камсыз кылуу максатында ишке ашырылды. Чет мамлекеттерде  37 шайлоо участогу түзүлдү, биометрикалык маалыматтарды чогултуу, консулдук каттоого акысыз тургузуу уюштурулду. Аскер кызматкерлери, социалдык мекемелердин пациенттери, ИИМдин, ГСИН системасынын  убактылуу кармоо жайларындагы жарандар сыяктуу категориялар менен иш жүргүзүлдү.

Республика боюнча жана чет мамлекеттерде  бардыгы болуп, 2375 шайлоо участогу иштейт.

Нуржан Шайлдабекова  Президенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө   671 млн.502,1 миң сомдук чыгымдын сметасы каралгандыгын жарыя кылды. Анын ичинен биринчи турга – 538 млн 830,1 миң сом, экинчи турга – 132 млн  672 миң сом каралган.

БШКнын башчысы  шайлоо маалыматтык системасынын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү иштешин камсыз кылуу  үчүн бардык чаралар көрүлүп жаткандыгын маалымдады. ”Өткөн кампаниянын кемчиликтерин эске алуу менен, маалыматтарды жеңил талдап, чагылдырыш үчүн программалык камсыздоо өркүндөтүлдү. БШК талапкерлер үчүн, алардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана ЖМК үчүн кеңири коомдук бет ачар уюштурууну болжолдоп жатат.  Система обьективдүү, эч бир жандын кийлигишүүсү жок, автоматтык режимде добуш берүүнүн так жыйынтыгын алууга мүмкүнчүлүк берээрине коомчулуктун  көзү  толук жетиш керек. Жыйынтыгын өзгөртүү максаты менен тыштан таасир этүү  эч мүмкүн эмес.  Борбордук сервер жөн гана суммасын чыгарчу маалыматтардын  өзүн калыптандыруу  добуш берүүгө 7-10 күн калганда аяктайт жана  маалыматтардын түзүмүн эч кандай ыкма менен өзгөртүүгө мүмкүн эмес”,- деди ал.

Нуржан Шайлдабекованын айтымында  кол менен эсептелген протоколдордун сканированиеден өткөрүлгөн версиялары биринчи жолу  БШКнын сайтында автоматтык режимде автоматтык түрдө эсептелген маалыматтардын жыйынтыгы  менен кошо, ошонун жанына жайгаштырылат. Бул иш добуш берүү аяктагандан кийин 2-3 сааттын аралыгында  ишке ашырылат. Муну баары  программалык камсыздоону өркүндөтүүнүн жана протоколдун формасын өзгөртүүнүн аркасында ишке ашырылды.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча  айтылган сын пикирлерди, сунуштарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин  мүчөлөрү тиешелүү чечим кабыл алышты.

Жалал-Абадда балдардын коопсуздугу үчүн жол сызыктары, жол белгилери камсыз болду

Жалал-Абад шаарында мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн жол боюнда жайгашкан мектептердин, бала бакчалардын, окуу жайларынын тушундагы көчөлөргө жол сызыктары жана жол белгилери камсыз кылынган. Бул туралауу Жалал-Абад мэриясынын маалыматтык борбору билдирди.

Айрым маалымат булактары аркылуу Жалал-Абад шаарынын мектептеринин жанында жөө адамдар өтүүчү жол белгилери коюлбагандыгы тууралуу таркатылган маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин башкы инженери Рашид Назаралиев билдирди.

Анын айтымында, шаар бийликтери быйылкы жылы көчөлөргө 2 миң чарчы метрлик же суммасы 2 миллион сомдук жөө атуулдар өтүүчү жол сызыктарын сызууну, жол белгилерин орнотууну пландаштырган.

-Бирок, тилекке каршы, шаардын бюджети ушул кезге чейин бекитилбей жаткандыгына байланыштуу биз пландаштырган иштердин толук көлөмүн аткара алган жокпуз. Себеби, бюджеттен бизге зарыл болгон сумманын 12ден бир бөлүгүн гана алып, иштетип келе жатабыз. Ошондо биз бюджеттен 7 айдын акча каражатын  топтоп алып, азыркы учурга чейин жол боюнда жайгашкан мектептердин, окуу жайлардын, бала бакчалардын тушуна жол сызыктарын, жол белгилерин камсыз кылдык.  Шаар боюнча бул иштер улантылууд, – дейт ал.

Алынган маалыматтарга караганда, айрым мектептердин тушунда жол сызыктары жаңы окуу жылына чейин даяр болбой калган, себеби шаарда суу жана саркынды суу, газ түтүктөрүн орнотуу, көчолөргө асфальт басуу иштери тынымсыз жүрүп жатканы үчүн айрым участоктордо иш кечеңдеген. Бирок, азыркы учурга карата бардык мектептердин, бала бакчалардын, окуу жайларынын тушунда жол сызыктары жана жол белгилери толук камсыз кылынып бүттү.

Эскерте кетсек, шаар бюджетинин бекитилбей, шаардагы аткарылуучу иштер каржыланбай калгагына карабастан шаардык коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти дээрлик 1 миң чарчы метрге жол сызыктарын сызып, 52 даана жол бегилерин коюп чыккан. Бул иштер дагы да улантылууда.

 

Алмазбек Атамбаев Премьер-министр Сапар Исаков менен жолукту

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-сентябрда, Премьер-министр Сапар Исаков менен жолукту. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жолугушууда Өкмөт башчысы канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жана курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кол коюлган Стратегиялык келишим тууралуу Президентке маалымат берди.

Сапар Исаковдун сөзү боюнча Өкмөт менен канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында «Кумтөр» долбоору боюнча  экологиялык кырдаалды жакшыртуу үчүн шарттар түзүлүүдө жана экологиялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу жөнүндө макулдашууларга жетишишти.

«Жаңы келишимге кол коюунун түз жана кыйыр экономикалык натыйжасы 200 млн. АКШ долларынан ашат» –  деди Премьер-министр Сапар Исаков.

«Кумтөр» долбоору боюнча улуттук кызыкчылыктарды коргоонун маанисин белгилеп, Президент Алмазбек Атамбаев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары Кумтөрдөгү экологиялык абалды жакшыртууга эки тарап тең умтулуп жаткандыгынын далили экендигин билдирди.

«Өкмөт  Кумтөр   ыплас саясый оюндардын предметине жана туруксуздуктун факторуна айланбастан, мамлекеттин жана анын жарандарынын кызыкчылыктарына натыйжалуу иштеген   чыныгы  экономикалык долбоор болушуна жетишүүгө тийиш», -деди Алмазбек Атамбаев.

Онкологиялык борборго заманбап медициналык каражаттарды сатып алууга «Centerra Gold Inc.» компаниясы 10 млн. АКШ долларын бөлө турган болду

Онкологиялык борборго заманбап медициналык каражаттарды сатып алууга «Centerra Gold Inc.» компаниясы  10 млн. АКШ долларын бөлө турган болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенинде жайгашкан, алтын өндүрүүчү «Kumtor Gold Company» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышкан учурда билдирди, – дейт Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Кабыл алынган чечим «Centerra Gold Inc.» компаниясынын социалдык жоопкерчилигинин жогору экенинен кабар берет. Биздин мамлекетте жыл сайын 18 миңден ашык жарандар онкологиялык оорудан каза болгонун эске алганда бул абдан маанилүү чечим. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев онкологиялык борбордогу абалды тез арада оңдоо тууралуу чечим кабыл алган. Бөлүнө турган 10 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат онкологиялык борборго заманбап медициналык жабдыктарды сатып алууга, модернизациялоого жана онкологиялык оорулардын эрте башталышын аныктай турган атайын аппараттар менен камсыз кылууга жетет», — деди ал.

Премьер-министр Сапар Исаков ошондой эле «Centerra Gold Inc.» компаниясы Кумтөр кенинин айланасындагы бардык экологиялык нормаларды сактоо боюнча «AMEC» компаниясы тарабынан айтылган бардык көрсөтмөлөрдү аткара турганын да  билдирди.

«Бул максатта «Centerra Gold Inc.»  компаниясы кошумча дагы 10 млн. АКШ  долларын бөлөт. Бизде болгон бардык калган документтер боюнча Кумтөр кенин дагы 8-10 жыл иштейт. Сиздер билесиздер Кумтөр кенинде 3,5 миң адам эмгектенет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кумтөр кенинин мындан ары да ишмердүүлүгүн улантуусуна кызыкдар. Биз «Centerra Gold Inc.» компаниясы кыргыз тарап менен биргеликте дагы геологиялык чалгындоо иштерин өткөрүүгө болжол менен 10 млн. АКШ долларын бөлө тургандыгы тууралуу сүйлөштүк. Бул маселе боюнча өзүнчө келишимге кол коюлат», — деп жыйынтыктады Премьер-министр Сапар Исаков.

Меню