Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Сапар Исаков: «Kumtor Gold Company» компаниясынын азыркы менеджменти кайрадан каралат

«Kumtor Gold Company» компаниясынын азыркы менеджменти кайрадан каралат. Компанияда Кумтөр кенин башкара турган 5 департамент түзүлөт. Аталган департаментти жетектеген 5 директордун үчөө  Кыргыз Республикасынын жараны болот. Бул тууралуу Сапар Исаков Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенинде жайгашкан, алтын өндүрүүчү «Kumtor Gold Company» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышкан учурда билдирди, – деп билдирди  Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Премьер-министр Сапар Исаков оор техникаларды оңдоочу жайды, карьердин ишин, руданы кайра иштетүүчү фабриканы жана акыркы продукцияны-алтынды өндүрүүчү жерлерди көрүп чыгып, андан ары  Петров көлүнө жана калдыктарды сактоочу жайга барды.

«Биз бүгүн Кумтөр кенин толук көрүп чыктык. Кендеги жумуштун жүрүшүнө менин көз карашым – эң позитивдүү. Биз тараптан айтылган айрым сындардан улам, «Centerra Gold Inc.» компаниясы бардык тиешелүү нормаларды аткара баштады. Баштала элек жумуштар азыркы тапта тиешелүү министрликтер менен ведомстволор жана изилдөө институттары менен бирге макулдашуудан өтүүдө. Сөз Петров көлүндөгү калдыктардын абалы тууралуу болуп жатат. Кумтөр кенин иштетүүдө биз туура жолдо турабыз. Жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана  «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосунда тиешелүү макулдашууга кол коюлат. Бул биздин Кумтөр кенинин айланасындагы абалды жөнгө салууда алгачкы биргелешкен кадамыбыз болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү баарынан мурда Кумтөр кениндеги экологиялык маселелерди чечүүгө кызыкдар. Биз жыл сайын  экологиялык нормаларды калыбына келтирүүгө карата төлөнүүчү каражатты он эсеге, 310 миң АКШ долларынан 3 млн АКШ долларына чейин көбөйтүү тууралуу сүйлөштүк. Бул каражатты Өкмөт Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көлдүн экологиялык көйгөйлөрүн чечүүгө сарптайт», — деди ал.

Саакашвили тарапташтары менен Украинанын аймагына өттү

Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвилини анын украин тарапташтары күч түзүмдөрүнүн курчоосуна карабай, 10-сентябрда Украинанын аймагына өткөрүп кетишти.

Саакашвили Польша-Украина чек арасындагы “Шегини” өткөрмө бекетине багыт алганы маалым болгондо, украин чек арачылары бекетти жабышып, эки тарабынан тең күч түзүмдөрү жолду торошкон. Ага карабай, Саакашвилинин тарапташтары чек арачылардын курчоосун бузуп, Саакашвилини Украинанын аймагына өткөрүп кетишти.

Саакашвили алгач Украинанын аймагына Краковец өткөрмө бекетинен өтүүнү көздөгөн, бирок күтүүсүздөн планын өзгөртүп, польшалык Перемышл (полякча Пшемысл) жергесинен “Перемышл-Киев” поезди менен өлкө аймагына кирүүгө аракет кылган. Темир жол каттамынын жетекчилиги Саакашвили вагондон чыгып кетмейинче, поезд Перемышл темир жол бекетиндеги ордунан жылбастыгын эскерткен. Саясатчы үч сааттай күтүп, андан соң гана тарапташтары менен бирге “Шегини” бекетин көздөй автоунаа менен багыт алган.

Украинанын Одесса облусун бир жарым жылдай жетектеген Саакашвили 26-июлда АКШда жүргөндө украин жарандыгынан ажыратылган. Буга грузин саясатчысынын эки жыл мурда жарандык аларда жалган маалыматтарды көрсөткөнү себеп болду деп кабарланган. Ал 2015-жылдын 30-майында украин жарандыгын алганда, грузин атуулдугунан ажыратылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Жол айыбы жогорулайт

ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгы жол эрежесин бузгандарга айыпты үч эсе көтөрүүнү сунуштап жатат. Өлкөдө жол кырсыктары көбөйүп жатканына кабатырланган айрым кыргызстандыктар бул демилгени колдошууда. Милиция оң рулдуу автоунааны коммерциялык багытта колдонууга тыюу салууну да сунуштоодо. Буга оң рулдуу автоунаа менен такси кызматын көрсөткөн айдоочулар каршы.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

«Centerra Gold Inc.» компаниясы 50 млн. АКШ долларын бөлүү тууралуу келишим түзүлдү, ал каражат тазалоочу түтүктөрдү курууга багытталат

Бул тууралуу  Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн,Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенинде жайгашкан, алтын өндүрүүчү «Kumtor Gold Company» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышкан учурда айтты, – деп билдирди Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Келишимге ылайык «Centerra Gold Inc.»компаниясы 50 млн. АКШ долларын бөлө турган болду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аталган каражат Ысык-Көлдүн жээгине жакын жайгашкан шаар, айылдардын суу түтүктөрүн курууга жумшалат. Бул иштер этап-этабы менен жүргүзүлөт. Эң башкысы тазалоочу түтүкөр Кумтөр кенине жакын жайгашкан айылдарга жана калк көп жайгашкан жерлерге орнотулат», — деди Премьер-министр Сапар Исаков.

Онкологиялык борборго заманбап медициналык каражаттарды сатып алууга «Centerra Gold Inc.» компаниясы 10 млн. АКШ долларын бөлө турган болду

Онкологиялык борборго заманбап медициналык каражаттарды сатып алууга «Centerra Gold Inc.» компаниясы  10 млн. АКШ долларын бөлө турган болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенинде жайгашкан, алтын өндүрүүчү «Kumtor Gold Company» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышкан учурда билдирди, – дейт Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Кабыл алынган чечим «Centerra Gold Inc.» компаниясынын социалдык жоопкерчилигинин жогору экенинен кабар берет. Биздин мамлекетте жыл сайын 18 миңден ашык жарандар онкологиялык оорудан каза болгонун эске алганда бул абдан маанилүү чечим. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев онкологиялык борбордогу абалды тез арада оңдоо тууралуу чечим кабыл алган. Бөлүнө турган 10 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат онкологиялык борборго заманбап медициналык жабдыктарды сатып алууга, модернизациялоого жана онкологиялык оорулардын эрте башталышын аныктай турган атайын аппараттар менен камсыз кылууга жетет», — деди ал.

Премьер-министр Сапар Исаков ошондой эле «Centerra Gold Inc.» компаниясы Кумтөр кенинин айланасындагы бардык экологиялык нормаларды сактоо боюнча «AMEC» компаниясы тарабынан айтылган бардык көрсөтмөлөрдү аткара турганын да  билдирди.

«Бул максатта «Centerra Gold Inc.»  компаниясы кошумча дагы 10 млн. АКШ  долларын бөлөт. Бизде болгон бардык калган документтер боюнча Кумтөр кенин дагы 8-10 жыл иштейт. Сиздер билесиздер Кумтөр кенинде 3,5 миң адам эмгектенет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кумтөр кенинин мындан ары да ишмердүүлүгүн улантуусуна кызыкдар. Биз «Centerra Gold Inc.» компаниясы кыргыз тарап менен биргеликте дагы геологиялык чалгындоо иштерин өткөрүүгө болжол менен 10 млн. АКШ долларын бөлө тургандыгы тууралуу сүйлөштүк. Бул маселе боюнча өзүнчө келишимге кол коюлат», — деп жыйынтыктады Премьер-министр Сапар Исаков.

Жарандар милицияга өз ыктыяры менен ок атуучу куралдарын тапшырышты

Чүй ОИИББнин кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Сокулук районунун 58 жаштагы жашоочусу “ИЖ” үлгүсүндөгү ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырган. Бул туралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымады.

Андан тышкары, 9-сентябрь күнү 30 жаштагы Панфилов районунун жашоочусу 16-калибрдеги ок атуучу куралды тапшырып, ал атасынан калганын билдирген.

Кошумчалай кетсек, ИИМдин эскертүүсү боюнча, эгерде жаран ок атуучу куралды өз ыктыяры менен тапшырса, кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Онкологиялык борборго заманбап медициналык каражаттарды сатып алууга «Centerra Gold Inc.» компаниясы 10 млн. АКШ долларын бөлө турган болду

Онкологиялык борборго заманбап медициналык каражаттарды сатып алууга «Centerra Gold Inc.» компаниясы  10 млн. АКШ долларын бөлө турган болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенинде жайгашкан, алтын өндүрүүчү «Kumtor Gold Company» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышкан учурда билдирди, – дейт Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Кабыл алынган чечим «Centerra Gold Inc.» компаниясынын социалдык жоопкерчилигинин жогору экенинен кабар берет. Биздин мамлекетте жыл сайын 18 миңден ашык жарандар онкологиялык оорудан каза болгонун эске алганда бул абдан маанилүү чечим. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев онкологиялык борбордогу абалды тез арада оңдоо тууралуу чечим кабыл алган. Бөлүнө турган 10 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат онкологиялык борборго заманбап медициналык жабдыктарды сатып алууга, модернизациялоого жана онкологиялык оорулардын эрте башталышын аныктай турган атайын аппараттар менен камсыз кылууга жетет», — деди ал.

Премьер-министр Сапар Исаков ошондой эле «Centerra Gold Inc.» компаниясы Кумтөр кенинин айланасындагы бардык экологиялык нормаларды сактоо боюнча «AMEC» компаниясы тарабынан айтылган бардык көрсөтмөлөрдү аткара турганын да  билдирди.

«Бул максатта «Centerra Gold Inc.»  компаниясы кошумча дагы 10 млн. АКШ  долларын бөлөт. Бизде болгон бардык калган документтер боюнча Кумтөр кенин дагы 8-10 жыл иштейт. Сиздер билесиздер Кумтөр кенинде 3,5 миң адам эмгектенет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кумтөр кенинин мындан ары да ишмердүүлүгүн улантуусуна кызыкдар. Биз «Centerra Gold Inc.» компаниясы кыргыз тарап менен биргеликте дагы геологиялык чалгындоо иштерин өткөрүүгө болжол менен 10 млн. АКШ долларын бөлө тургандыгы тууралуу сүйлөштүк. Бул маселе боюнча өзүнчө келишимге кол коюлат», — деп жыйынтыктады Премьер-министр Сапар Исаков.

Жалал-Абадда Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында жаштарды туура жолго үндөө максатында семинар өттү

Бүгүн Жалал-Абад шаарында  Жалал-Абад областынын жаштарынын демилгеси менен Кыргыз республикасынын президентинин аппаратына караштуу “Ыйман” фондунун жана жергиликтүү бийликтин колдоосу астында  ири масштабдагы “Жалал-Абадга жаштардан белек” аттуу семинар өткөрүлдү. Бул туралуу Жалал-Абад мэриясынын маалыматтык борбору билдирди.

Жалал-Абад мамлекеттик университетине “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков келип, 400 гө жакын студентке “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында жаштарды туура жолго үндөө максатында семинар өттү.

Анын айтымында, борбордо отура бербестен, мүмкүнчүлүктүн болушунча ар бир областты, район-шаарларды кыдырып, эл аралап, жаштарга ыйман, адеп, маданият боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөлү деп чечтик. Анткени жаштар эртеңки келечек, аларга биз туура тарбия бербесек, алардан көрүнүктүү, билимдүү, илимдүү инсандар чыкпай калышы мүмкүн.

-Алдыда Кыргызстаныбыздын президентин тандоо максатында шайлоо өткөрүлөт. Мына ошол шайлоодо, тандоодо жаштарыбыздын орду чоң. Көпчүлүгү шайлоого катышкандан баш тартышат. Бул туура эмес нерсе. Ар бир жаран шайлоо укугун баркташы керек. Канча элдер ушул укукка жетүү үчүн чок тебелеп, кан кечишкен. Бизге шайлоо үчүн атышуунун, урушуунун, согушуунун зарылдыгы жок. Ал укуктардын баары колубузда турат. Бирок, бизде ал укуту барктабай жаткандар көп. Ошондуктан ар бир жаран кайдыгер карабай, шайлоого катышып, өздөрү ишенич көрсөткөн талапкерге добуш берүүсү керек. Мекен бул биздин көз карегибиз, жаныбыз жана намысыбыз. Добуш сатылбашы жана сатып алынуусу керек эмес. Кыргызстаныбыз кичинекей өлкө. Ыйык мекенибизди жарадар кылып албайлы, оорутуп албайлы, жоготуп албайлы. Кыргыз жаранына өзгөчө жаштарга тилерим ыйман, тазалык, абийир жана жоопкерчилик,- деди ал.

Семинардын соңунда келген конокко студенттер суроо беришип, жооп ала алышты.

Белгилей кетсек, төрт багыттагы  семинарлар бир эле убакытта Жалал-Абад шаарындагы төрт окуу жайда өттү.

баңгизатын мыйзамсыз сактоого шектүү жаран кармалды

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл районунан баңгизаттарын мыйзамсыз сактоого шектүү катары 28 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалган. Бул туралуу Министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган жаранды текшерүү учурунда өзгөчө жыты бар зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгы менен 2 килограмм салмактагы марихуана баңгизаты экендиги аныкталган.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү жаранга камакка алуу чечими чыгарылган. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Меню