Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Алмазбек Атамбаев «Chaudhary Group» компаниясынын президенти Бинода Чаудхарини кабыл алды

Алмазбек Атамбаев 26-августта «Chaudhary Group» компаниясынын президенти, филантроп, миллиардер  Бинода Чаудхарини кабыл алды. Бул туурасында президенттин рамий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Биноду Чаудхариге  Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча эл аралык форумдун ишине катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев менен «Chaudhary Group»компаниясынын жетекчиси  Бинод Чаудхари   өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн либералдуу шарттар түзүлгөнүн  жана  Кыргызстандын товарларын Евразия экономикалык бирлигинин жана Европалык союздун өлкөлөрүнүн рынокторуна  пошлинасыз жеткирүү  мүмкүнчүлүгү бар экендигин эске алуу менен  Кыргызстанга  инвестиция тартуу маселелерин талкуулашты.

“Биз Кыргызстанда олуттуу  реформалар өткөрүлүп жаткандыгын көрүп турабыз. Бул жагдай  бизнесмендерге   зор ишеним берүүдө”,-деди Бинод Чаудхари.

Ошондой эле жолугушууда атайын парктарды түзүү жолу менен сейрек жаныбарларды, анын ичинде ак илбирсти сактоо ишинде тажрыйба алмашууга жана  кызматташууга көңүл бөлүндү.

Маалымдама:  «Chaudhary Group» –    штаб-квартирасы Непалда жайгашкан көп улуттуу конгломераттык компания. «Chaudhary Group» компаниясынын тобу 1,4 млрд. АКШ долларынан ашык деп бааланат. Мындан тышкары компания «Taj Safaris Wildlife Lodges»  сафарисинин ээси, Непал менен Индиядада  жапайы жаныбарларды сактоо  ишине сезилерлик салым кошуп келет.

Өлкөнүн автовокзалдары бириктирилип бирдиктүү "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишкананы түзүшөт

Бул туралуу Токтомго кол коюлду. Станциялык жайларда жүргүнчүлөргө, ташуучуларга кызмат  көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, рационалдуу транспорттук системаны калыптандыруу,  натыйжалуу жана максаттуу транспорт саясатын жүргүзүү максатында:

1. “Бишкек  автовокзалы”, “Чыгыш автовокзалы”, “Ош областтык автобекеттер жана автостанциялар ишканасы”, “Жалал-Абад областтык автобекеттер жана автостанциялар ишканасы”, “Ысык-Көл областтык автобекеттер жана автокассалар ишканасы”, “Талас областтык автобекеттер, автостанциялар жана автокассалар ишканасы”, “Нарын областтык автобекеттер жана автостанциялар ишканасы” мамлекеттик ишканалары бириктирүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасы болуп өзгөртүп уюштурулсун.

2. “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасы ушул токтомдун                              1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканалардын укук улантуучусу болуп эсептелери аныкталсын.

3. “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүүнү караштырган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин;

– ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн;

– өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

– ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканаларды өзгөртүп уюштуруунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүп берүү актысын бекитсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы      № 463 “Бишкек автовокзалы” мамлекеттик ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Аялын өлтүргөндөн соң, өзү асынып өлдү

25-август күнү болжол менен саат 07:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургундардан Бешик-Сол айылында эркек адамдын жансыз денеси табылып, ал сарайда асынып тургандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Бул туралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми үйүн текшерүү учурунда бөлмөдөн киши колдуу болуп өлгөн аялынын жансыз денеси табылган. Тергөө бөлүмү тарабынан соттук-медициналык жана башка экспертизалар дайындалган. Маалымат боюнча, жолдошу менен жубайы уруша кетишип, бычак менен жубайын төш тарапка сайып жиберген соң алган жаракатынан мерт кеткен. Андан кийин жолдошу кылган күнөөсүн сезип, сарайга барып муунуп алган. Текшерүү учурунда кылмыш ишине тиешелүү ашкана бычагы табылган.

Жубайлар 10 жыл бирге өмүр сүрүшкөн. Жолдошу 1978-жылы туулган М.А. аттуу ушул айылдын жашоочусу жана 1987-жылы туулган Т.Э. аттуу жубайы Россияда иштеш үчүн билет сатып алган жана кылмыш иши болгон күндүн эртеси учуп кетмек. Тергөө маалында М.А. менен Т.Э. аттуу жубайлар биргеликте чоң там салышып, быйыл көчүп киришкени белгилүү болгон. Ортосунда эки баласы бар.

Алынган маалымат боюнча, жубайлар ортосунда пикир келишпестик жаралып, уруша кеткенден кийин жолдошу кылмыш ишине барган. Туугандарынын айтуусунда, мурда дагы чыр-чатак көп болуп турган. Кылмыш иши болгон күнү туугандарынан эч кимиси үйдө болгон эмес. Балдары тайкелеринин үйүндө болгон.

Жогорудагы факты боюнча Базар-Коргон РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине (адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

Алмазбек Атамбаев жумушчу сапар менен Ош облусуна учуп келди

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-августта  жумушчу сапар менен Ош облусуна учуп келди. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Иш сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы жаратылыш кырсыгынын кесепетинен жабыр тарткан  Өзгөн, Чоң-Алай райондорунун жашоочулары менен жолугушат.

Президент ошондой эле Чоң-Алай районундагы оорукананын ачылыш аземине катышмакчы.

Фото - Атамбаев жер көчкүдөн жабыркаган Ош облусундагы Өзгөн районунун жашоочулары менен жолугушту

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-августта, Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында  Ынтымак айылында жер көчкүнүн кесепетинен жабыркаган  Өзгөн районунун жашоочулары менен жолугушту. Табийгат кырсыгынын кесепетинен жабыркаган  жашоочулар Ынтымак айылына көчүрүлүп, ал жерде  жаңы үйлөрүн куруп жатышат. Айылда  электр, таза  суу менен камсыз кылуу жана жол салуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун алдында табийгат  кырсыгынан  улам каза болгондорго арналып  куран окулду.

Чогулган элдин алдына чыгып Президент  каза болгондордун туугандарына жана жакындарына  көңүл айтты. Алмазбек Атамбаев  үйдү камсыздандыруунун маанисин жана зарылчылыгын баса белгиледи.

“Сиздер жаңы конушка кандай маанай менен келгениңиздерди билем. Өз жериңерди таштап кетиш кыйын, бирок  бир аздан кийин бул жакка көптөр көчүп келет. Буйруса бул жерде жакшы айыл болот, мектеп, жашоого керектүү бардык зарыл нерселер курулат. Өмүргө коркунуч келтирген жерлерден көчүш зарыл, анткени  биринчи кезекте, мал  жана чарба жөнүндө ойлонбостон,  өмүр жана коопсуздук жөнүндө, ден-соолук, балдардын келечеги тууралуу ойлонуш керек. Жарандар  акчаларын сигаретке жана аракка, тойлорго  коротот, ал эми айына  турак жайды камсыздандырууга 50 сом таба алышпайт. Мен жарандарыбызды  турак жайды камсыздандырууга чакырып кетээр элем, себеби бул абдан маанилүү жана зарыл иш”,- деди ал. – Камсыздандыруу тууралуу мыйзамдын кабыл алынганына эки жылдан ашса дагы  адамдар  азыр да турак жайын камсыздандырууга шашылбай жатат”.

Мамлекет башчысы  акыркы жылдары  көп иштерди аткарууга жетишкендигибизди, бүгүн Кыргызстан  башка мамлекет экендигин белгиледи. “Бүгүн биз  акыркы 5-6 жылда Кыргызстан бутуна бекем турду деп ачык айта алабыз. Эми биз светти, газды өчүрөт, жолду бууйт деп коркпой калдык”, -деди  Президент.

Алмазбек Атамбаев жашоочулар менен жолугушуунун жүрүшүндө 26 жылдан бери көйгөйлүү болуп келе жаткан чек ара маселелери чечиле баштагандыгын айтып берди.

“Келерки  жумада өлкөбүзгө Өзбекстандын Президенти келет. Аны менен мамилебиз абдан жакшы. Эки жума мурда эки өлкөнүн премьер-министрлери кезигишкен, чек аралардын 84 % боюнча макулдашууга кол коюлду. Өзбекстандын премьер-министри 26 жылдын ичинде Кыргызстанга  биринчи жолу келип олтурат” -деди Президент.

Мамлекет башчысы  декабрь айында кызматынан кетип жаткандыгын эске салып кетти.

“Өзүм тарбиялаган жаш жигит Премьер-министр болду. Өкмөткө жаштар келди. Алар мен баштаган жолду улап кетээрине ишенем. Алар аягына чыгарылбай калган иштерге, анын ичинде  Ынтымак айылы дагы бүткөрүлүшүнө көзөмөл кылат”, -деп Президент мөөнөтү аяктагыча 2040-жылдарга чейин өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынаарын кошумчалады.

Сөзүн аяктап, Президент Алмазбек Атамбаев жабыркаган райондун жашоочуларынын суроолоруна жооп берди.  Курман айт күнү табийгат кырсыгында каза болгондорду эскерип куран түшүрүп коюу үчүн  200 000 сом тапшырды.

Нурсулу Ахметова КР Президенттик аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Алмаз Атамбаев кечээ, 26-августта кол койгон Жарлыкка ылайык Ахметова Нурсулу Меирбековна Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Бул тууралу КР Президенттик аппаратынын расмий сайты билдирет.

Мухамметкалый Абулгазиев Президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Алмаз Атамбаев кечээ, 26-августта кол койгон  Жарлыкка ылайык  Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевич  Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды.

Бул тууралу КР Президенттик аппаратынын расмий сайты маалымат таратты.

Жеңиш Разаков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Алмаз Атамбаев кечээ, 26-августта кол койгон  Жарлыкка ылайык  Разаков Жеңиш Парпиевич  Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.

Бул тууралу КР Президенттик аппаратынын расмий сайты маалымат таратты.

 

Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасынын экономика министринин милдеттерин аткаруудан бошотулду

Алмаз Атамбаев кечээ, 26-августта кол койгон  Жарлыкка ылайык, Кожошев Арзыбек Орозбекович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын экономика министринин милдеттерин аткаруудан бошотулду.

Бул тууралу КР Президенттик аппаратынын расмий сайты маалымат таратты.

Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-августта, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Исаков Сапар Джумакадыровичти мурда ээлеген кызматынан бошотуп, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындоо тууралуу Жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Меню