Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Алмазбек Атамбаев подписал Указы о назначении членов Правительства Кыргызской Республики

Алмазбек Атамбаев сегодня, 26 августа, в соответствии с частью 5 статьи 84 Конституции Кыргызской Республики подписал Указы о назначении членов Правительства Кыргызской Республики. Об этом сообщает пре

Согласно Указам Главы государства:

Момуналиев Нурханбек Сакенович назначен Руководителем Аппарата Правительства – министром Кыргызской Республики, освободив от ранее занимаемой должности;

Абдылдаев Эрлан Бекешович назначен министром иностранных дел Кыргызской Республики и освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей;

Исраилов Улан Джумабекович назначен министром внутренних дел Кыргызской Республики и освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей;

Ахметов Уран Тулондиевич назначен министром юстиции Кыргызской Республики и освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей;

Касымалиев Адылбек Алешович назначен министром финансов Кыргызской Республики и освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей;

Новиков Артем Эдуардович назначен министром экономики Кыргызской Республики и освобожден от ранее занимаемой должности;

Мурашев Нурбек Мурпазылжанович назначен министром сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Кыргызской Республики и освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей;

Жамшитбек Калилов назначен министром транспорта и дорог Кыргызской Республики и освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей;

Боронов Кубатбек Айылчиевич назначен министром чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики и освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей;

Кудайбердиева Гульмира Каримовна назначена министром образования и науки Кыргызской Республики и освобождена от исполнения ранее возложенных обязанностей;

Батыралиев Талантбек Абдуллаевич назначен министром здравоохранения Кыргызской Республики и освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей;

Казаков Тугелбай Токтогулович назначен министром культуры, информации и туризма Кыргызской Республики и освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей;

Исакунова Таалайкул Базаркуловна назначена министром труда и социального развития Кыргызской Республики и освобождена от исполнения ранее возложенных обязанностей;

Cегизбаев Абдил Кенешевич назначен председателем Государственного комитета национальной безопасности Кыргызской Республики и освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей;

Рыскулов Уланбек Дуулатович назначен председателем Государственного комитета промышленности, энергетики и недропользования Кыргызской Республики;

Абасканов Нурбек Эсенканович назначен председателем Государственного комитета информационных технологий и связи Кыргызской Республики;

Касымкулов Мирбек Абдыкаимович назначен председателем Государственного комитета по делам обороны Кыргызской Республики и освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей.

Толкунбек Абдыгулов Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри болуп дайындалды

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-августта, кол койгон  Жарлыктын негизинде Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жалал-Абад: окуучулардын билим сапаты өсүүдө

Жалал-Абад шаарында “Кыргызстандын мектеби: Жаңы чечимдер жана келечеги” аталышындагы мугалимдердин август конференциясы өтүп, анда балдарга билим берүүнүн сапаты улам өсүп баратканы белгиленди. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. Бул туурасында Жалал-абад мериясынын маалыматтык борбору билдирди.

Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов баштаган бир топ жетекчилер, ошондой эле шаардагы мектеп, бала бакчалардын жетекчилери, алдыңкы мугалимдер коомчулугунун өкүлдөрү катышкан бул конференцияда 2016-2017-окуу жылындагы жетишкендиктер, орун алып жаткан айрым көйгөйлөр тууралуу кеңири сөз болду. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаевдин билдиришинче, өткөн окуу жылы шаардагы мектептер үчүн ийгиликтүү болуп, билим берүүнүн сапаты жакшырган. Мектеп окуучуларынын билим сапаты 1-чейректе 46,3 пайыз, 2-чейректе 46,7 пайыз, 3-чейректе 49,4 пайыз, 4-чейректе 52,3 пайыз болгон.  М.Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Абдыкадырова Мээрим 225 упай менен “Алтын сертификатка” ээ болуп, республиканын эң мыкты 50 окуучунун бири болуп аталган. Мектептерди материалдык-техникалык камсыз кылуу жакшырган.

Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов билим берүү тармагынын кызматкерлерин август конференциясы, Эгемендүүлүк күнү жана Айт майрамдары менен куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин айтуу менен алдыңкы мугалимдерге шаар мэриясынын Ардак грамоталарын тапшырды.

-Урматтуу мугалимдер, бүгүн сиздердин жетишкен ийгилигиңиздер тууралуу маалымат алдык. Биздин шаарда быйылкы окуу жылында да алтын сертификат алган окуучуларыбыз болду. Бул шаардыктардын, бардыгыбыздын жетишкендигибиз болуп эсептелет. Сиздердин коомдо ордуңуздар чоң, жооптуу, түйшүктүү кызматты аркалап келесиздер. Сиздерге ден-соолук, ишиңиздерге ийгилик каалайм, – деди ал.

Конференциянын катышуучуларына шаардагы балдардын “Ариет” чыгармачылык борборунун катышуучулары тарабынан чоң программадагы концерт тартууланды.

 

 

 

«Достук-унаа жол» көзөмөл өткөрүү жайы эл аралык, көп тараптуу статуска ээ.

«Достук-унаа жол» Өзбекстан тараптагы туугандарына ал эми Өзбекстандан бизге өтүшөт. Бул багытта жерине барып чек арачылар менен сүйлөшүп алардын ишмердүүлүгү менен таанышууну убадалаган КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов бүгүн «Достук-унаа жол» көзөмөл өткөрүү жайына барды, – деп билдирди Ош облустук маалымат кызматы.

Алгач кезметте турган чек ара, бажы, транспорт жана ветеринардык кызмат өкүлдөрү менен жолукту. Аларга “эл арасындагы нааразычылык тууралуу айтып “эки эл ортосундагы мамиле жакшы нукка бурулуп жаткан учурда барыңар таза жана ак кызмат кылып, жарандарга сылык мамиледе болуп мыйзам чегинен чыкпай иш алып баргыла. Эгерде эл арасында дагы деле силерге карата ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп фактылар аныкталса эч кимге аео болбойт”- деди. Андан соң эки тарапка өтүп жаткан жарандар менен пикир алышып аларга карата мамиле жана тейлөө тууралуу пикир алышты. Ошондой эле ветеринардык,  фитосанитардык, санитардык-эпидемиялык көзөмөл кызматтарынын шарттары менен таанышып иштөө жараянын көздөн кечирип чыкты.

 

Атамбаев: “Балдарыбыз ак илбирсти музейлерден гана көрүп калышына биз жол бербешибиз керек, жерибиз үчүн биз жооптуубуз”

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-августта,  өзү демилгечи болгон Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча эл аралык форумду ачып, сөз сүйлөдү. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Урматтуу бүгүнкү иш-чаранын катышуучулары!

Урматтуу коноктор!

Баардыгыбызды Ак илбирстин Эл аралык Форумунун ачылышы менен куттуктайм!

Форумдун иши ийгиликтүү, натыйжасы жемиштүү болсун!

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу Форумдун  катышуучулары!

Урматтуу чет элдик достор, коноктор!

 Чет элдик делегация башчыларына, эл аралык жана коомдук уюмдардын жетекчилерине Форумдун ишине катышып жатканыңыздар үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем.

 Урматтуу Форумдун катышуучулары!

Ак илбирс кыргыз эли үчүн ыйык жаныбар жана Кыргыз Республикасынын тоолуу экосистемасынын  көрүнүктүү символу болуп саналат.

Учурда ак илбирсти сактап калуу жана көбөйтүү бардыгыбыз үчүн негизги милдеттерден.

Ак илбирстин жоголуп кетүү коркунучуна байланыштуу биздин тынчсыздануубузду дүйнө коомчулугу дагы тең бөлүшүп жатканы жакшы жышаан.

2013-жылы Бишкекте ак илбирсти сактап калуу боюнча Дүйнөлүк биринчи форумду өткөрүү жана ак илбирсти жана  анын экосистемасын сактоо боюнча Глобалдуу программанын кабыл алынышы  ак илбирс мекендеген өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын жана финансылык институттардын ортосунда натыйжалуу өз ара аракеттенишүүсүнө негиз түзүп кетти.

Арадан өткөн 4 жылдын аралыгында ак илбирс мекендеген өлкөлөрдүн күч аракети менен 2013-жылдагы Бишкек декларациясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча олуттуу жыйынтыктарга жетиштик:

·       Ыйык жаныбар мекендеген өлкөлөрдө ак илбирс жашашы үчүн абдан маанилүү 23 ландшафт аныкталды. Ошол ландшафтты сактоону 2020-жылга чейин камсыз кылуу зарыл.

·       Бишкекте Глобалдуу программанын катчылыгы түзүлгөн. Ал кызыктар болгон өлкөлөрдүн жаратылыш коргоо ведомстволору менен кызматташып, мониторинг жүргүзүп, ак илбирс мекендеген өлкөлөрдө ак илбирсти сактоо боюнча Глобалдуу программаны ишке ашырууга көмөк көрсөтөт.

·       Глобалдуу экономикалык фонд, Жашыл климаттык фонд, Адаптациялоо фонду, Инвестициялык климаттык фонд сыяктуу түзүмдөр менен кызматташуу жолго коюлду. Ушуга байланыштуу   Катчылыктын ишмердигине колдоо көрсөткөндүгү үчүн Глобалдуу экологиялык фондко  ыраазычылык билдиргим келет. Өзүбүз тараптан  Кыргыз Республикасы  мындан ары дагы  Катчылык  толук кандуу иштеши үчүн бардык шарттарды түзө берет деп ишендирип кетем.

·      Ак илбирс мекендеген өлкөлөрдө  23-октябрь Ак илбирстин эл аралык күнү катары бекитилди.

Мына ушунун баарын өнөктөш өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын жана финансылык институттардын  колдоосу менен ишке ашырууга мүмкүн болду.

Кыргыз Республикасы  демилгечи өлкө катары  ак илбирсти коргоо үчүн өзгөчө корголуучу жаратылыш парктарынын тармактарын кеңейтүү жана ишмердигин жакшыртуу  боюнча чараларды көрүп жатат. Өлкөдө өзгөчө корголуучу үч жаратылыш аймагы түзүлдү – «Хан-Теңири», «Алатай» жана «Кан-Ачуу».

Натыйжада  биз Кыргызстанда ак илбирстин саны кыскарышын токтотууга жетише алдык. Быйыл  Чүй Өрөөнүндө фототузактар ак илбирс бар экенин көрсөткөндө бардыгыбыз абдан сүйүндүк. Анткени мурда Чүйдө ак илбирс жок эле.

Мындан 15 жыл мурда өлкөдөгү ак илбирс мекендеген негизги жерлердин бири болгон Сарычат-Эрташ мамлекеттик жаратылыш коругунда ак илбирс жоголуу коркунучунда калганы белгилүү.

Учурда биргелешкен күч аракеттердин аркасында   ошол аймак ак илбирс туруктуу көбөйгөн жер болуп саналат.

Кызматташуунун жакшы тажрыйбасы биз  ак илбирс сакталып калышы үчүн шарттарды түзө алаарыбыздын ачык  мисалы болуп калды.

Биз адамдар менен ак илбирс жана сейрек кездешчү жаныбарлардын башка түрлөрү шайкеш жашаган  дүйнөнү түзүп жатабыз.

 Урматтуу катышуучулар!

2015-жылы  бардык өлкөлөр туруктуу өнүктүрүүнүн жолун тандап алып,  туруктуу өнүктүрүүнүн үч – экономикалык, социалдык жана экологиялык компонентин интеграциялоо аркылуу БУУнун туруктуу өнүктүрүүнүн Максаттарына жетишүү боюнча милдеттенмелерди алганбыз.

Бул контекстте “жашыл экономикага” жана “жашыл” инвестицияларды тартууга өтүү маселеси кыйла актуалдуу болуп баратат. Ошондуктан бүгүнкү Форумдун алкагында  “жашыл” инвестициялар боюнча өзүнчө сессия өткөрүлөт.

Сессиянын жыйынтыктары ак илбирсти сактоо боюнча жалпы ишибизге жакшы саамалыктарды киргизүүгө өбөлгө түзөөрүнө ишенем.Жагдайдан пайдаланып, ак илбирс мекендеген өлкөлөрдүн лидерлерине жана тийиштүү ведомстволордун жетекчилерине  бул Форумда  ак илбирсти сактап калуу, анын ландштафтык аймактарын жана экосистемаларын Глобалдуу экологилык фонддун финансылык колдоосу менен  мультиөлкөлүк (комплекстүү) долбоорду ишке  киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүп, талкууга алууну сунуштайм.

Бул долбоор ак илбирс мекендеген бардык он эки өлкөнүн ак илбирсти жана анын бийик тоолуу экосистемаларын сактап калуу боюнча күч аракетин бириктирет.

Улуттук жана глобалдык биоартүрдүүлүктү сактоого, ак илбирс мекендеген өлкөлөрдө улуттук жаратылыш коргоо боюнча мыйзамдарды күчөтүүгө басым жасоо абдан маанилүү.

Глобалдуу экологиялык фонд  бул демилгени колдойт деп ишенем.

Анткени бул долбоор  ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо  үчүн бул форумдун стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири болгон БУУнун Өнүктүрүү программасы аркылуу практикалык аракеттерди ишке ашырууга багытталган

 Урматтуу мекендештер!

Байыркы кыргыз ак илбирске өзгөчө мамиле кылып, кыргыз элинин колдоочусу катары көрчү.

Улуу кыргыз каганатынын негиздөөчүсү, биринчи каганыбыздын аты да Барсбек деп бекеринен коюлган эмес.

Алтай тектүү тууган элдер азыр да илбирсти “барс” деп аташат. Мисалы, татар, башкырлар. Кыргыздарда болсо барс илбирс болуп калган. Анткени, барс дебей ил барс деп сыйлап атачу. Байыркы кыргыздарда ил менен эл деген сөздөрдүн мааниси бир болчу. Бара бара, мезгил өтүп, илбарс кыргыз тилинин сингармонизм мыйзамына ылайык илбирс болуп калды.

Илбирс – ыйык жаныбар! Илбирс элибиздин бириси. Ошондуктан төрт жыл мурда Ак илбирстин биринчи Форумунда айткан сөзүмдү кайталагым келет:

Айланайын кыргыздар!

Илбирсти аткан кыргыз өз элин аткан манкуртка барабар!

Илбирстин терисин саткан кыргыз өз жерин саткан акмакка барабар!

Кыргыз жергесинде эч качан, эч ким илбирске кол көтөрбөсүн!

Илбирс – элибиздин бириси!

Бабаларыбыздын, Барсбек агабыздын арбагын, мурасын сыйлайлы!

 Урматтуу мекендештер!

Өлкөбүздүн парламентине жана жаңы өкмөткө кайрылгым келет!  Жаңы Өкмөт Жогорку Кеңеште бекитилет деп ойлойм.

Учурда Кыргызстанда   өлкөнү 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясы  иштелип жатат.

Бул дата эмне себептен тандалып алынган?

Анткени  биз 2040-жылы  Улуу кыргыз Каганатынын түзүлгөндүгүнүн 1200 жылдыгын белгилейбиз.

Кыргыз Каганатынын биринчи жетекчиси, кыргыздардын алгачкы каганынын аты  Барсбек деп коюлганы  жакшы белги.

Ошондуктан  бул Стратегияда  ак илбирсти жана анын экосистемасын сактап калуу боюнча программа өзүнүн татыктуу ордун ээлегени бирден бир туура иш болот. Бул программа сөзсүз кошулушу керек. Ансыз  Стратегия толук болбой калат.

Урматтуу Форумдун катышуучулары!

Ак илбирстин тукумун сактоо боюнча чечкиндүү кадамдарды жасамайын биз  өтө сейрек жаныбарлардын жана куштардын миңдеген түрлөрүнөн кол жууп  калгандай эле, жаратылышыбыздын кайталангыс тартуусун  биротоло жоготуп алышыбыз ыктымал.

Балдарыбыз ак илбирсти музейлерден гана көрүп калышына  биз жол бербешибиз керек. Жерибиз үчүн биз жооптуубуз.

Ак илбирстин  тагдыры   биздин колубузда. Биргелешип  биздин  дүйнөнү, жаратылышты анын түркүн жан-жаныбарларын сактап кала алабыз деп ишенем.

Форумдун бардык катышуучуларына жыйынтыктуу иштеп, ийгиликтерге жетишүүсүн каалайм.  Сиздерге Кыргызстанга  келгениңиздер үчүн, кайдыгерлик  кылбаганыздар үчүн  мен абдан ыраазымын.

Бүгүнкү  жолугушууда кабыл алган чечимдерибиз мындан 4 жыл мурдагыдай эле,  өлкөлөрүбүздө ак илбирстин тукумун сактап калуу боюнча  реалдуу жыйынтыктарды берет деп ишенем.”

Темир Жумакадыров УКМК кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды

Президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы боюнча Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров бүгүн, 24-августта, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн Бишкек шаарында курулган   көп  батирлүү эки турак жайдын ачылышын аземине катышты. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Темир Жумакадыров  жаңы конуштуу болгондорго Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо сөздөрүн жеткирди. “Мен бүгүн өлкөбүздүн Президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин атайын тапшырмасы менен, жаңы батирлердин ээлерин турмушундагы эң жакшы окуялардын бири – жаңы үйлүү болушу менен куттуктап коюу үчүн келдим. Мамлекет башчыбыздын атынан  сиздерге турмушта жана кызматта ишенимдүү тирек болгон сиздердин туугандарыңыздарга жана жакындарыңыздарга жылуу куттуктоо сөздөрдү жеткирип коюу мен үчүн парз. Бардыгыңыздарга жооптуу ишиңиздерге ийгилик, бакыт-таалай жана бакубатчылык  каалайм”,- деди Коопсуздук  кеңешинин катчысы.

Тилекке каршы көп жылдар бою укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн үй курулат деген нерсе алыскы кыял сыяктуу сезилчү, деп белгиледи ал.  Бирок акыркы 3-4 жылдын аралыгында улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери үчүн эле көп батирлүү 4 үй курулду. Бүгүн кезектеги дагы эки үйдүн курулушу  аяктап, 81 үй-бүлө  кызматтык турак жайдын ачкычтарын алып жатышат.

“Аскер кызматкерлери, күч структураларынын жана  ӨКМ кызматкерлери  үчүн  дагы  үйлөр курулуп жатат. Бул багыттагы иштерди уланта беребиз”, -деп сөзүн жыйынтыктады Темир Жумакадыров.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Мамлекет башчысынын атынан  жаңы үйлөрдүн жанына балдар үчүн аянтчаларды куруу үчүн 300 миң сомдук сертификат тапшырды.

Иш чарага  УКМК жетекчиси  Абдил Сегизбаев,   өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын  начальниги Раимберди Дүйшөнбиев дагы катышышты.

Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы Джихан Султаноглуну кабыл алды

Алмазбек Атамбаев кечээ, 23-августта, Бирикке Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын жардамчысы, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Администратору, Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча Регионалдык Бюронун директору Джихан Султаноглуну кабыл алды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө  өлкөнүн БУУнун системасы менен кызматташуу маселелери жана мындан аркы өз  ара аракеттенишүүнүн келечеги, анын ичинде  туруктуу өнүктүрүүнүн глобалдуу Максаттары жана  “Таза коом” санариптик трансформациялоо программасы менен үндөшкөн Кыргызстанды 2040-жылдарга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын ишке ашыруунун контексинде  кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле  БУУнун Башкы катчысы Антониу Гуттерештин Кыргызстанга жасаган сапарынын жыйынтыктары талкууланды.

Алмазбек Атамбаев жардамчы Джихан Султаноглуга  ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча Форумга катышуу үчүн Кыргызстанга келгендиги үчүн ыраазычылык айтып, аталган форум  ак илбирс мекендеген өлкөлөрдүн жаратылышын сактоо ишине көмөктөшөөрүнө ишенимин билдирди.

Джихан Султаноглу  БУУнун Өнүктүрүү Программасы Форумду өткөрүүгө көмөк көрсөтөөрүн белгилеп, бул иш чараны өткөрүүнү экинчи ирет демилгелеп жаткан Кыргызстан ак илбирсти сактоо ишине сезилээрлик салым кошуу менен бирге  дүйнөдө климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартууга да өбөлгө түзүп жаткандыгын баса белгиледи.

Ошону менен  бирге Алмазбек  Атамбаев Президент болгон жылдары Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө, демократиянын чыңдалышында, таза шайлоолорду өткөрүүдө, адам укуктарын коргоодо, коррупцияга каршы күрөшүүдө жана  туруктуулукту сактоо ишинде жакшы жылыштар болуп  жаткандыгын белгилеп өттү.  “Сиз артыңызда жакшы мурас калтырып жатасыз”, – деди Джихан Султаноглу.

Алмазбек Атамбаев Афганистандын Вице-президенти Мохаммад Сарвар Даниш менен жолугушту

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-августта, Афганистан Ислам Республикасынын Вице-президенти Мохаммад Сарвар Даниш менен жолугушту. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Кыргызстан менен Афганистандын ортосунда   эки өлкө элдеринин ортосундагы тарыхий жана маданий байланыштарды эске алуу менен жана аймактагы  ири инфраструктуралык,  энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу контексинде   түрдүү тармактарда кызматташуну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев Афганистандын Вице-президентине  ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча Форумга катышуу үчүн Кыргызстанга келгендиги үчүн ыраазычылык айтып, бул  форум  ак илбирс мекендеген өлкөлөрдүн жаратылышын сактоо маселелерине  көңүл бурууга көмөктөшөөрүн белгиледи.

Афганистандын Вице-президенти Мохаммад Сарвар Даниш Президент Алмазбек Атамбаевге Афганистандын Президенти Ашраф  Ганиден салам айтып, жакшы каалоо-тилектерин жеткирди. Афган делегациясы үчүн  ак илбирсти сактоо боюнча Форумга катышуу – зор сыймык экендигин белгиледи. “Биз Форумдун ишине зор кызыгуу менен катышып жатабыз”,- деди  ал.

Мохаммад Сарвар Даниш  ошону менен бирге  Кыргызстанда Президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп  алууну  каалады. “ Сиз Президент болгон мезгилдеги орун алган жакшы процесстер Кыргызстандын гана тарыхында калбастан, аймактагы көптөгөн өлкөлөрдүн тарыхында дагы сакталып калат”, -деди  Афганистандын Вице-президенти.

Жолугушууга Афганистандын Айлана чөйрөнү коргоо боюнча улуттук агенттигинин башкы директору Мустафа Захер менен Афганистандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мохаммед Исса Месбах дагы катышышты.

Кыргызстанда эл аралык террорлук уюмдун мүчөөсү кармалды

2017-жылдын 19-августунда КР МУКК контртеррористик иш-чаралардын алкагында, КР Кылмыш жаза кодексинин 226-1  (Террористтик ишти каржылоо), 230 (Бандитизм) жана 168 (Каракчылык) беренелери боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында издөөдө жүргөн эл аралык террористтик уюмдун(ЭТУ) мүчөсү, Ош облусунун тургуну 1994-жылы туулган «Х.Х.»аттуу жаран кармалды. Бул туралуу МУККтун пресс-борбору маалымдады.

Ал жашыруун түзүлгөн ЭТУ террордук тобуна киргендиги аныкталган. Аталган кылмыштуу топ террордук ишти каржылоо жана террордук актыларды жасоо боюнча кылмыш пландарын жүзөгө ашыруу максатында адам өлтүрүү жана талап-тоноочулук үчүн аскердик машыгуудан өткөн. Бул жашыруун террордук топ курал-жарактар жана ок-дарылар менен камсыз болгон.

КР аймагында «Х.Х.» мүмкүн болгон кылмыш байланыштарын аныктоо боюнча комплекстик ыкчам-тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Учурда «Х.Х.» МУКК Тергөө камак жайына киргизилди.

 

Жалал-Абад шаарынын көчөлөрү оңдолуп түзөлүүдө

Жалал-Абад шаарынын бир катар маанилүү делген борбордук алты көчөсүндө толугу менен оңдоп-түзөтүү жана асфальт басуу иштери башталды. Буга республикалык бюджеттен 85 миллион сом бөлүнүп берилген.  Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын курулуш-транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Миргүл Эгемова билдирди.

Анын айтымында, шаардагы беш көчөдө оңдоп-түзөөтүү иштери 1 айдын ичинде, ал эми жаңыдан курулуп жаткан Курулуш көчөсүндө иштер 2 ай мөөнөтү ичинде бүткөрүлөт.

-Учурда шаар боюнча алты көчөдө капиталдык ремонт иштери жүргүзүлүүдө. Алсак, Курулуш, Токтогул, Октябрь, Шерматов, Кыргыз Республикасы жана  Барпы-сейил көчөлөрү толугу менен оңдолмокчу. Аларды оңдоп-түзөөгө мамлекет тарабынан “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу 85 миллион акча каражаты бөлүнүп берилди. Буга чейин биз шаардагы алты көчөгө долбоор түзүп ташырган элек. Ал колдоого алынды. Жолдор оңдолуп, асфальт басылып гана калбай, жол четиндеги арыкчалары да кошо курулат. Сентябрь айынын трото ченинде көчөлөр оңдолуп, калк кызматына тапшырылат, – дейт ал.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы шаар кеңешине шайланган депутаттык фракциялардын айрымдары сессияга келүүдөн баш тартып, шаар бюджети али күнгө чейин бекитиле элек. Анын кесепетинен жүз миллион сомдон ашуун курулуш иштери токтоп калган.

Меню