Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

ИИМ министринин орун басары А. Орозалиев ИИмдин ПМББнын жаны жетекчиси К.Джунушалиевди өздүк курамга тааныштырды

Бүгүн 21-август күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын салтанат залында Ички иштер министринин орун басары А.Орозалиев Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын жаңы жетекчиси, мурдагы ИИМдин Транспорттук ички иштер башкармалыгынын башчысын аткарып келген, милициянын полковниги Джумашалиев Каныбек Керимбаевичти өздүк курамга тааныштырды. Бул туралуу маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Джумашалиев Каныбек Керимбаевич- милициянын полковниги. 1965-жылы 5-декабрда туулган. 1987-жылы КАЧИни, 1994-жылы КМУУнун юриспруденция адистигин аяктаган.

1991-жылы ички иштер органдарында ыкчам ыйгарымдуу өкүлү катары кызматын өтөп баштаган. Чүй райондук ИИБнын жана Сокулук РИИБдин башчысы, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, ИИМдин Транспорттук ички иштер башкармалыгынын башчылык кызматтарды аркалаган. Кыргыз Республикасынын ички иштер башкармалыгынын ар кандай түзүмдүк төш белгилери менен сыйланган.

 

 

 

Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттин аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Жарлыкта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине,  87-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин отставкасы кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелсин.

3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин,          биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышсын.

Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Мухаммедкалый Абулгазиевге премьер-министрдин милдетин аткаруу кызматы жүктөлдү

Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкта Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин берген арызына ылайык жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19 жана 20-беренелерине, 23-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:

1. Жээнбеков Сооронбай Шарипович берген арызына ылайык Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруудан бошотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин – Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевичке жүктөлсүн.

Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Алмазбек Атамбаев: “Президентти шайлоонун шарттарында Өкмөттүн толук жаңы курамын кыска мөөнөттө түзүү зарыл”

“2017-жылдын 15-октябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун шарттарында өлкөнүн мамлекеттик аткаруу бийлиги кыйла туруктуу жана натыйжалуу болушу керектигин эске алып, Өкмөттүн толук жаңы курамын кыска мөөнөттө түзүү зарыл деп эсептейм”,- деди Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-августта, парламенттик көпчүлүк коалициясынын фракцияларынын лидерлери менен жолугушууда. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

“Ушуга байланыштуу мен Жогорку Кеңештин  Төрагасы Чыныбай Турсунбековго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамын түзүү максатында 2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз  сессиясын чакыруу тууралуу кат менен кайрылдым”, – деп билдирди Мамлекет башчысы.

Президент Алмазбек Атамбаев Президенттик шайлоолорго даярдык көрүү жана аны  өткөрүү менен бирге жаңы Өкмөттүн  алдында  кышка даярдык  көрүү жана күзгү талаа жумуштарын  өткөрүү боюнча маанилүү милдеттер  тургандыгын баса белгиледи.

Президент менен жолугушууга КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков жана “Бир бол” фракциясынын лидери  Алтынбек Сулайманов катышышты.

Фотобаян - Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусундагы эки ири райондун көйгөйлөрүн иликтеди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстандын аймактары боюнча  жумушчу сапарын улантып, бүгүн, 19-августта,   Ысык-Көл облусунун  Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна барды. Бул тууралу КР өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Сооронбай Жээнбеков ирригация, айыл чарба, билим берүү  обүектилерин көрүп, ички жолдордун абалын иликтеди. Атап айтканда, Тоң районунда Өкмөт башчы курулушу бүтө элек Уч-Коргон суу тосмосун көрдү. Аталган обүектиге 3,8 млн сом талап кылынат. Суу тосмосун пайдаланууга тапшыруу менен Тоң районундагы 4 айыл өкмөтүнүн  1000 гектар жери сугат суусу менен камсыз болот.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков  ыкчам тартипте бардык иштерди эки ай аралыгында бүткөрүү үчүн зарыл каражатты  табууну жана бөлүүнү тапшырды.

Андан ары Премьер-министр Тоң районунун Тогуз-Булак айылындагы мектептин  жана авто жолдун курулушун иликтеди.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору  Бактыбек Абдиев маалымдагандай, мектептин курулушу 2018-жылы аяктайт. Билим берүү мекемеси 275 окуучуну кабыл алууга ылайыкталган.

Тогуз-Булак айылынын жашоочулары Премьер-министрден аталган обүектинин курулуш ишин өз убагында каржылоого колдоо көрсөтүүсүн жана ички жолдорду ремонттоого жардам берүүсүн өтүнүштү. Сооронбай Жээнбеков мектептин курулушунда каржылоо көйгөйү болбой турганын жана өз мөөнөтүндө курулуш иши аягына чыгарын баса белгиледи.  Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Тоң районунун  Кескен-Бел – Тогуз-Булак унаа жолунун абалы менен таанышты.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымдагандай,  аталган жолдун  узундугу 5километр тилкеси 2015-жылы асфальталган. Иштин наркы 14,7 млн. сомду түзгөн. Келерки жылы жолдун дагы 4 километрин ремонттоо пландаштырылууда.

Сооронбай Жээнбеков ремонт ишин өз убагында баштоону, иштин сапатуу болушуна өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Премьер-министр Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылындагы  жергиликтүү үрөнчүлүк чарбасындагы түшүм жыйноонун жүрүшү менен таанышты. Фермерлер менен болгон пиикр алышуунун жүрүшүндө Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айыл чарбасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын билдирди. Ал  «Айыл чарбасын каржылоо-5» программасынын алкагында айыл чарбасын кайра иштетүү үчүн насыялардын үстөгү 6 %га чейин төмөндөтүлгөнүн, өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы үчүн насыялар 10% менен  берилип жатканын эске салды.

Жумушчу сапарынын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Ысык-Көл облусунун Ырдык айылынын түзүлгөндүгүнүн 140 жылдыгына арналган майрамдык иш чарага катышты жана дунган элинин тарыхын жана маданиятын камтыган музейге барды.

«Бүгүн Ырдык айылы биримдикте, ынтымакта жашоодо.  Көп улуттуу элдердин достук жана ынтымагы Кыргызстанга өз жетишин берет деп айта алабыз. Ырдык айылынын жашоочулары бекем достуктун жана ынтымактын үлгүсүн көрсөтүүдө. Ырдык үлгүлүү көп улуттуу айылдардын бири болуп саналат», – деп билдирди Сооронбай Жээнбеков айылдыктарды майрамы менен куттуктап.

Өкмөт башчы ошондой эле   Тоң районунун Эшперов айылындагы 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан  Б. Мамбетов атындагы музейге барды. Андагы көргөзмө документтер жана буюмдар белгилүү мамлекеттик ишмер, 1961-1968-жылдар аралыгында Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинин төрагасы  Болот Мамбетовго таандык. Белгилей кетсек, музейдин ремонту үчүн финансылык каражат  бөлүндү.

1-октярбрынан баштап Кыргызстанда пенсия жогорулайт

2017-жылдын 1-октярбрынан баштап Кыргызстанда пенсия жогорулайт. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бир катар токтомдорго кол койду. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Бул документтер пенсионерлердин жашоо деңгээлин мындан ары колдоо максатында Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө» токтомунун негизинде кабыл алынды.

Мыйзамына ылайык, Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн «2017-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө» жана 2017-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө» токтомдору кабыл алынды.

Тактап айтканда Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 1-октябрынан тартып пенсияларды жогорулатуу Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамынын негизинде дайындалган пенсияларга тийешелүү токтомго кол койду.

Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондунун төрагасы Теңизбек Абжапаровдун маалыматында, 2017-жылдын 1-октябрынан кийин, пенсиянын базалык бөлүгү 2017-жылдын 1-октябрынан тартып 1780 сом өлчөмүндө белгиленет же 280 сомго жогорулайт.

Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 1,05 индексациялоо коэффициентине жогорулатылат, бирок 240 сомдон кем эмес өлчөмдө индексация жүргүзүлөт.

Индексациялоо коэффициенти өткөн жылдагы инфляциянын өсүшүнүн жана эмгек акынын өсүшүнүн негизинде эсептелет.

I топтогу майыптардын пенсиясынын өлчөмү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун (ПЖМ) көлөмүнөн төмөн эмес белгиленет.

Мында 2016-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин дайындалган пенсиялар үчүн  2015-жылдагы пенсионердин жашоо минимумунунан төмөн эмес 4637 сом өлчөмүндө белгиленет, ал эми 2017 жылы чектелген пенсиялар үчүн 4304 белгиленет.

 

Каракол ШИИБси менен Кытайдын провинциялык коопсуздук кызматынын ортосунда кызматташуу боюнча Макулдашууга кол коюлду

Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл облусунун Каракол ШИИБси Кытай Эл Республикасынын Цзянсу провинциясынын Нянкинь шаарынын коомдук коопсуздук башкармалыгын тосуп алды. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууга Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Октябрь Урмамбетов, анын орун басары Канат Айдакеев, 10-бөлүмдун башчысы Арсен Самаев, коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Санжар Молдогазиев, Каракол ШИИБдин башчысы Жеңиш Жоробеков, Кытай Эл Республикасынын Цзянсу провинциясынын Нянкинь шаарынын коомдук коопсуздук башкармалыгынын башчысынын орун басары Ли Минзце, өрткө каршы кызматынын башчысы Чень Хайхуа, кирүү жана чыгуу бөлүмүнүн башчысы Ван Бо, терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Ли Гобао, киберкоопсуздук боюнча бөлүмдүн башчысы Сюн Даочунь баш болгон ыкчам-башкармалыктын курамындагы жетекчилер катышышты.

Кытай делегациясы менен жолугушуу учурунда Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Октябрь Урмамбетов Кытай менен Кыргызстандын элдеринин тарыхы менен маданиятында окшоштуктар бар экендигин билдирди. Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын дипломатиялык мамилесин жакшыртуу менен эки мамлекеттин ортосундагы коопсуздукту сактоо боюнча жаңы барактар ачылды деп белгиледи.

Өз кезегинде Цзянсу провинциясынын Нянкинь шаарынын коомдук коопсуздук башкармалыгынын башчысынын орун басары Ли Минзце кыргыз тарап жылуу тосуп алганына ыраазы болуп, өз шаарынын тарыхынан баяндап берди. Маалыматка караганда, Нанкинь шаарына быйыл 2600 жыл толуп, Ысык-Көл облусу сыяктуу курорттук аймак катары эсептелет. Ушуга байланыштуу, Кытай Эл Республикасынын Цзянсу провинциясынын Нянкинь шаарынын коомдук коопсуздук башкармалыгы кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту камсыздоого байланышкан иш-аракеттер боюнча кыргыз тарап менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуу учурунда тараптар Кытай Эл Республикасынын жарандарынын, Ысык-көл облусунун аймагында жайгашкан кытай ишкерлеринин мекемелеринин коопсуздугун камсыздоо чараларын көрүү, чек арадагы кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн бирдиктүү кызматташуу, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн жана коопсуздук багытында жаралган суроолорду талкуулашты. Андан соң, Каракол ШИИБдин башчысы Жеңиш Жоробеков менен Кытай Эл Республикасынын Цзянсу провинциясынын Нянкинь шаарынын коомдук коопсуздук башкармалыгынын башчысынын орун басары Ли Минзце эки тараптын укук коргоо органынын кызматташуусун жакшыртуу максатында макулдашууга кол коюшту.

“Бүгүн эки мамлекеттин ортосунда жаңы ишенимдүү мамиле түзүлдү. Бүгүнкү күндө терроризм, сепаратизм, экстремизм “үч илтиги” менен күрөшүү биздин эң негизги максатыбыз болуп эсептелет. Биздин эки тараптуу жолугушуубуз укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртып, иш-тажрыйбалары менен бөлүшүүсү келечекте өзүнүн жемишин берет деп үмүттөнөм”,-деп билдирди облустук милицияны башчысы Октябрь Урмамбетов. Жолугушуу жылуу маанайда жана достук мамиледе өттү.

 

Фото - Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр кызматын тапшырып берүү чечимин  расмий жарыялады

Бүгүн, 21-августта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр кызматын тапшырып берүү чечимин  расмий жарыялады. Бул тууралу КР өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Төмөндө Премьер-министрдин сүйлөгөн сөзү:

“Урматтуу Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөлөрү! Урматтуу Аппараттын кызматкерлери!

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы мени Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары көрсөткөнүн билесиздер. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн мени расмий каттоодон өткөрдү. Эми менин мындан аркы иш-аракеттеримдин баарына шайлоо кампаниясынын призмасы аркылуу каралып, саясий өӊүттөн баа берилет. Шайлоонун ачык-айкын, таза өтүшү, элдин чыныгы тандоосун камсыз кылуу, айрым саясатчылардын курулай шек саноoсуна эч кандай шылтоону болтурбоо – мен үчүн өтө маанилүү. Менин моралдык принциптерим мени кызмат абалынан пайдаланды деген дооматтардын жаралышына жол бербейт. Ошондуктан мен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматын тапшырып берүү чечимин кабыл алдым. Эртеӊ, 2017-жылдын 22-августунда, Кыргыз Республикасынын Президенти, урматтуу Алмазбек Шаршенович Атамбаевге тиешелүү арызымды берем.

Урматтуу кесиптештер!

Бүгүнкү иш – менин өмүрүмдөгү өтө маанилүү окуя. Бул чечимди мени менен бир жарым жылга жакын чогуу иштеген, мен Премьерлик кызматта турганда жоопкерчиликти кошо көтөргөн, сиздердин, Өкмөт мүчөлөрүнүн алдында жарыя кылып жатам. Былтыр апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеӊеш бизге бийик ишеним көрсөтүштү. Биз шайланаарыбыз менен «Ишеним жана биримдик» деген программаны аткарууга билек түрө кириштик. Жакшы иштедик. Мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп, өлкөбүздү өнүктүрүүнү максат кылып, тыным албай, эс алууга чыкпай иштедик. Биздин Өкмөттүн негизги принциби – саясатка аралашпай, күчүбүздүн баарын теӊ, толук бойдон экономикалык жана социалдык маселелерди чечүүгө, эл чарбасын өнүктүрүүгө багыттоо болду.

Мамлекет башчысы, парламент менен конструктивдүү мамиле түзүүгө жетиштик.

Ошонун негизинде жакшы натыйжаларга ээ болдук.  Алардын баарын тизмектеп айтып олтуруунун кажети жок.  Айрымдарын гана эсиӊиздерге сала кетейин.

Биринчиден, жакшы макроэкономикалык көрсөткүчтөргө ээ болдук. Өткөн жылы биз Өкмөт болуп шайланган мезгилде экономикабыз 4,9 пайызга түшүп кеткен. Бүгүн анын өсүү темпи 6,9 пайызга жетти. Былтыр ушул мезгилде 17 пайызга төмөндөп кеткен экспорттун көлөмү азыркы учурда 30 пайызга көбөйдү.

2016-жылы бюджетке түшкөн салык кирешелеринин көлөмүн 2015-жылга салыштырганда 11 млрд сомго көбөйттүк. Ал эми быйыл, 7 айдын ичинде, өткөн мезгилге салыштырмалуу, жалпы кирешелерди 5,3 млрд сомго көп чогулттук.

Экинчиден, элдин турмушун жакшыртууга багытталган курулуштарга өзгөчө көӊүл бурдук.

Былтыр 115 мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды, маданий объекттерди курдук. Ушул жылдын аягына чейин  дагы 105 ушундай объекттер курулуп, ишке берилет.  98 мектеп капиталдык ремонттон өттү, жыл аягына чейин дагы 35 социалдык объект капиталдык ремонттон өтөт. Чолпон-Атадагы эл аралык ат майданы курулду, азыркы учурда Тарых музейи жана Көчмөндөр цивилизациясынын музейин реконструкциялоо жумуштары жүрүүдө. Капиталдык салымдардын көлөмү 2015-жылы 4,5 млрд. сомго жакын болсо, 2017-жылы аны 2 эсеге көбөйтүп, 9 млрд 120 млн сомго жеткирдик. Социалдык турак-жай курууну колго алдык. 1 млрд. 874 млн. сом суммасында ипотекалык кредиттер берилди, алардын ставкасын 10 пайызга чейин төмөндөттүк.

Үчүнчүдөн, региондорду өнүктүрүү ишине артыкчылык бердик. 

Региондорду өнүктүрүү концепциясын кабыл алдык. Анын алкагында биринчи кезекте өнүгө турган 20 шаар тандалып алынды. Калктуу конуштардын  генералдык пландарын иштеп чыгуу үчүн Өкмөттүк программа кабыл алдык. 2025-жылга чейин республиканын 1812 калктуу конуштарынын генералдык пландары иштелип чыгат. Бул иш-чараларга республикалык бюджеттен жылына каражат берилип турат.

Калктуу конуштарды таза суу менен камсыздоого арналган 2026-жылга чейинки стратегия кабыл алынды. Анын алкагында 657 айылда, 22 шаарда жана 26 райондун борборунда суу түтүк системаларын куруу жана реабилитациялоо жүргүзүлөт. Эл аралык финансылык институттар менен жалпысынан 324 млн АКШ доллары суммасындагы макулдашууларга кол коюлду. Элди таза суу менен камсыздоо үчүн 2015-жылы республикалык бюджеттен 40 млн сом бөлүнсө,  былтыр 100 млн сом, ал эми быйыл – бул сумманы  2 эсеге көбөйтүп, 200 млн сом бөлүп бердик.

Төртүнчүдөн, экономикалык ишмердикке мамлекеттик колдоону кескин жакшырттык. Анын ичинде айыл чарбасына өзгөчө көнүл бурдук. 2016-жылы агрардык секторго 4,8 млрд сом суммадагы кредит берилди. 2017-жылы «ФСХ-5» долбоорунун алкагында жеңилдик кредит берүүнүн көлөмү 7 млрд сомго чейин жеткирилет.

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө берилген кредиттердин ставкасы 6 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Бардык тармактар үчүн кредиттерди жабуу мөөнөтү  36 айга чейин узартылды.

2026-жылга чейин ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы бекитилди. Анын алкагында ирригациялык системаларды куруу жана капиталдык ремонттоо улантылып жатат. Баарыӊыздар билесиздер, бул багыттагы эӊ ири долбоор – “Бүргөндү” массивин ишке киргиздик.

Бешинчи, экономиканы ЕврАзЭСке интеграциялоо багытында чоӊ жумуштар аткарылды.

«Манас», «Ош», «Торугарт», «Иркештам» өткөрүү пункттарын жабдууну аяктадык. Казакстан менен чек арадагы фитосанитардык контроль алынып салынды. Токмок, Кең-Булуң, Ак-Тилек автожол көзөмөл-өткөрүү пункттарын  реконструкциялоо жумуштары бүткөрүлдү, «Чалдовар – автожол» пункту аяктоо алдында турат. Бул иш-чараларды аткарууга 100 млн сом бөлүп бердик.

Ветеринардык көзөмөл системасын эл аралык стандарттарга туура келтирип жатабыз. 4 ветеринардык лабораториясын модернизациялоо ишин аяктадык.

Бизнести колдоо максатында бардык аймактарда «Кепилдик фонддору» түзүлгөн. 2017-жылдын  августунда чейин 125 млн сом суммасындагы 105 кепилдик берилди. Анын натыйжасында кичи жана орто ишканалар 520 млн сомдон ашуун суммадагы кредиттерди алышты. Жыл аягына чейин бул сумма 800 млн сомго жетет.

Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду аркылуу 250 млн. долларга жакын 758 жалпы экономикага тиешелүү долбоор каржыланып жатат.

Текстиль жана тигүү өндүрүшүн чечкиндүү колдодук. «Легпром» Ассоциациясына Сокулук районундагы Военно-антоновка айылында 40,74 гектар аянт жер жана Бишкектен 3,7 гектар жер 49 жылга ижарага берилди.

Ушул иш-чаралардын баары экономикабыздын экспорттук потенциалын бир кыйла жогорулатты. Келечекте бул иштердин таасири дагы жогорулайт.

Алтынчы, 2016-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын өлчөмүн 10,5 пайызга, ал эми  жөлөкпулдун өлчөмүн 15 пайызга жогорулаттык.  2017-жылдын 1- октябрынан баштап пенсиянын көлөмү дагы 10 пайызга жогорулайт. Бул үчүн 981 млн. сом каражат жумшалат.

Былтыр жогорку окуу жайлардын жана орто мектептин мугалимдеринин эмгек акысы – 28,6 пайызга көбөйтүлдү.

2017-жылдын 1–сентябрынан баштап ылдыйкы звенодогу мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы  көбөйөт. Жогорку кызматтагылардын айлыгы дээрлик өзгөрбөйт.

Жетинчи, энергетикалык, транспорттук, маалыматтык инфрастуктураларды өнүктүрүүнү көӊүл борборунда кармадык.

Токтогул ГЭСин реабилитациялоо үчүн 110 млн доллар суммасында каржылоо жөнүндөгү макулдашууга кол коюлду. Анын натыйжасында  станциянын кубаттуулугу дагы 240 МВт көбөйөт, жана аны эксплуатациялоо мөөнөтү 35-40 жылга узарат.

Камбарата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү боюнча 110 млн доллар суммасындагы макулдашууга кол коюлду, анын алкагында станциянын кубаттуулугу дагы 120 МВт жогорулайт.

Бишкек ТЭЦин реабилитациялоо жумуштары 10 күндөн кийин, сентябрда аягына чыгат. Жылуулук кубаттуулугу 30 пайызга көбөйөт.

2016-жылы электроэнергияны жоготуулар 1,1% азайтылды. Анын жыйынтыгында 207,8 млн. сом сарпталды.

Стратегиялык жолдор менен катар шаар ичиндеги, райондун борборлордундагы  көчөлөрдүн капиталдык ремонту жүрүп жатат. Бул иштерди аткаруу үчүн бюджеттен 730 млн. сом бөлүп бердик.

2016-жылы өлкө аймагы боюнча жалпысынан 230 км жол салынды. Аны каржылоого 4 млрд 435 млн сом бөлүнүп берилди. Анын ичинде Бишкек – Аэропорт “Манас” жолун реконструкциялоосу  бүткөрүлдү, ага 955 млн. сом бөлүндү.

Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун курулушу жүрүүдө. Бул курулуш 2016-жылы 1 млрд. 337 млн сомго, ал эми
2017-жылы 600 млн сомго каржыланды.

«Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара байланышуу системасы ишке киргизилди. Жыл аягына чейин 169 кызмат көрсөтүү электрондук форматка өткөрүлөт.

Мектептерге интернет киргизүү ишин колго алдык. Быйыл 775 мектеп интернетке туташылат. Жыйынтыгында бардык мектептердин 60 пайызы интернет менен камсыз болот.

Сегизинчи, өлкөбүздүн эл аралык аброюн көтөргөн чоӊ иш-чараларды өткөрдүк.  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын, Алтай цивилизациясына арналган конференциянын иш-чараларын уюштурууга жана каржылоого өкмөт жигердүү катышты.

Кыргыз Республикасынын төрагалык кылуусу менен Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин  өкмөт башчылар кеңешинин юбилейлик жыйынын, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин юбилейлик жыйынын, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарын ийгиликтүү өткөрдүк. Эки тараптуу мамилелерди жакшыртууга өзгөчө көнүл бурдук. Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Д.А. Медведевдин Кыргыз Республикасына жасаган расмий визити болуп өттү. Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Премьери Ли Кэцян Кыргызстанга расмий визит менен келип кетти.

Биздин чейрек кылым тарыхыбызда Өзбекстан Республикасынын Премьер – министри биринчи жолу Кыргызстанга келди. Бардык багыттар боюнча эки тараптуу мамилелер, анын ичинде кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо сыяктуу татаал маселелерди кароо ордунан жылды.

Урматтуу кесиптештер!

Ушул көрсөткүчтөрдүн негизинде Жогорку Кеӊештин депутаттары Өкмөттүн отчетун жакшы кабыл алды. Биз жараткан ийгиликтер үчүн Президенттин колдоосу чечүүчү мүнөзгө ээ болду. Эӊ негизгиси – кылган ишибиздин практикалык жыйынтыгын  элибиз көрүп, өз турмушунда сезип, биздин аракетибиз калкыбыздын жактыруусуна ээ болду.  Жогорудагы биздин Өкмөт жетишкен ийгиликтер – элдин кызыкчылыгы талап кылган иштердин жыйынтыктары болду. Биздин ишибиздин негизги багыттарын, жумушубуздун күн тартибин –  коомчулук талап кылган көйгөйлөр аныктады.

Урматтуу кесиптештер!

 Биз ынтымакта, бир ыргакта иштеген, ар кандай маселелерли чечүүгө жөндөмдүү команда болууга жетиштик.

Мамлекеттик ишмердик – биздин табиятыбызда экенин көрсөттүк. Эми кайсыл жерде болсок дагы, мамлекеттин кызыкчылыгын алдыга коюп, Кыргызстан деп өмүр өтөгөн адамдардын үлгүсүн көрсөтөбүз деп ишенемин.

Бүгүн сиздердин ар бириӊиздердин мекенге берилип,   өлкөбүзгө кылган ак кызматыӊыздар үчүн тереӊ ыраазылык билдиремин.

Учурдан пайдаланып сиздер жетектеген коллективдин мүчөлөрүнө ыракмат айтамын. Алардын күн санап жасап жаткан кесипкөй  иштери аркылуу мамлекеттик кызмат ишке ашып жатат.

Биздин ишибизди туура, элге жеткиликтүү жеткирип жаткан журналисттерге ыраазылыгымды айтамын.

Албетте, Өкмөттүн Аппаратында иштеген баардык кызматкерлерге өзгөчө ыраазылык билдиремин.

Президент болуп шайланып калсам, Алмазбек Шаршенович Атамбаев баштаган оң өзгөрүүлөрдү, өнүгүү багытын улантам. Элдин, мамлекеттин жүгүн аркалоого күч-кубатым, дараметим, намысым жетет!

Сиздер менен, кымбаттуу кесиптештерим, коштошпойм. Анткени, дагы чогуу иштешебиз, Кыргызстаныбызды чогуу өнүктүрөбүз. Мен сиздерге ишенем!

Жараткан өзү колдоп, сүйүктүү Кыргызстаныбыз гүлдөп өсө берсин! Элибизде аманчылык, жерибизде тынчтык болсун!”.

Жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2017-жылдын сентябрь-ноябрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

“Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 16-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 17, 31-беренелерине ылайык токтом кылынат:

Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулсун.

Чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылуу укугунан ажыраган эркек жарандар 2017-жылдын сентябрь-ноябрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакырылсын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчыларын, альтернативдик кызматтын кызматчыларын бошотуу мөөнөтүн жана жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу тартибин аныктасын.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Атамбаев ташкындын кесепетинен жабыркагандарга байланыштуу Непалдын Президенти Бидхья Деви Бхандариге көңүл айтты

Алмазбек Атамбаев Непалдын бир катар райондорунда жүргөн ташкындын кесепетинен көптөгөн адамдар жабыркагандыгына байланыштуу Непал Федеративдүү Демократиялык Республикасынын Президенти Бидхья Деви Бхандариге көңүл айтты. Бул туурасында Президенттин аппаратынын расмий сайты жарыялады.

“Жалпы кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Непалдын бир катар райондорунда жүргөн ташкындын кесепетинен улам көптөгөн адамдар жабыркагандыгына  байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына кайрат айткан сөздөрдү, жабыр тарткандардын баары  тезирээк сакайып кетишин кааларымды жеткирип коюуңузду өтүнөм”, -деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.

Меню