Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Сооронбай Жээнбеков АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтнини кабыл алды

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Америка Кошмо Штатынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Шейла Гуолтнини анын биздин өлкөдө дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы АКШ элчисине активдүү дипломатиялык ишмердүүлүгүнө жана Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штатынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эки өлкө ортосундагы экономикалык активдүүлүктү баса белгиледи.  Ага мисал катары жакында эле Кыргызстанга ири америкалык компанияларды өкүлдөрүнүн келишим жана Бишкек шаарында өткөн бизнес-форумду атады.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни ал биздин өлкөгө келгенден баштап, дайыма колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди.

Тактап атайтканда элчи Кыргызстанда саламаттыкты сактоо, билим берүү жана айыл чарба тармагында өлкөнүн экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө салымын кошо турган бирдиктүү долбоорлор ийгиликтүү ишке ашып жаткандыгы тууралуу маалымдады. Элчи Шейла Гуолтни баса белгилегендей, Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штатынын ортосундагы мамилелери эки өлкөнүн калкынын пайдасына багытталып чоң мүмкүнчүлүктөрго ээ.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы ТИКАнын программалык координатору Эврен Рутбилди кабыл алды

ыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Түрк Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча түрк башкармалыгынын (ТИКА) Кыргызстандагы программалык координатору Эврен Рутбилди ишмердигинин аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Премьер-министр Кыргызстан ТИКА менен биргеликте евразиялык аймакта ишке ашырган долбоорлордун саны боюнча алдыңкы катарда экендигин белгиледи.

«Кыргыз Республикасы эгемендик алгандан бери ТИКА мамлекетке 60 млн АКШ долларынан ашуун суммага жардам көрсөттү. Тактап айтканда, Бишкек шаарынын № 1 ооруканасынын аймагында кардиология жана гастроэнтерология бөлүмдөрү жайгашчу Кыргыз түрк достугунун ооруканасын куруу, Мамлекеттик тарых музейин калыбына келтирүү сыяктуу долбоорлор туралуу сөз болуп жатат. Муну менен бирге ТИКАнын көзөмөлү алдында рыноктук инфраструктура жана биздин өлкөдөгү эркин рынок экономикасынын өнүгүүсүнө арналган 40тан ашуун долбоорлор жана 300дөн ашуун иш-чаралар ишке ашырылган», — деп белгиледи Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

ТИКАнын программалык координатору Эврен Рутбиль өз кезегинде ал Кыргызстандагы программалык координатор кызматында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосуна таянганын айтып, мындан ары да эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын өнүгө беришине бардык салымын кошо турганын ишендирди.

Маектешүүнүн соңунда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасындагы ТИКАнын программалык координатору Эврен Рутбилди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлады.

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”   Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына кол койду. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 28-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам долбоору конституциялык орган катары Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын ишин жөнгө салат жана 2016-жылдын 11-декабрындагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу жаңы конституциялык ченемдерге ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу функциялары Судьялар кеңешинен алынып, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы сыяктуу жаңы органдын киргизилип жаткандыгына байланыштуу, анын статусу, уюмду түзүү тартиби, уюштуруучулук жана ишмердик маселелери өз алдынча мыйзам менен аныкталат, ушул мыйзам долбоору менен судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуунун негиздерин аныктоо сунушталды. Тактап айтканда:

-тартип бузган жорукту аныктоо такталды;

-судьяны тартип жоопкерчилигине тартууга түрткү болгон тартип бузган жоруктардын конкреттүү түрлөрү аныкталды;

-тартипке чакыруу жаза чарасынын түрлөрү кеңейтилип, аларга аныктамалар берилди жана аларды колдонуу мөөнөттөрү дифференциацияланды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргызстандын мыкты экспортёрлору Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдон сыйлыктарды алышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-июлда, ата-мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоону илгерилетүүгө активдүү көмөк көрсөткөндүгү жана улуттук экономиканын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир канча экспортёрлорду – мекемелерди өкмөттүк сыйлыктар менен сыйлады. Ошондой эле экспорттук инфраструктуранын жакшырышына катышкан мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрү да сыйланды. Алардын арасында ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды, мамлекеттик чек арада жайгашкан көзөмөл-өткөрмө пункттарды куруп, модернизациялоо менен алектенгендер да бар. Бул туралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

“2017-жылдын январь-май айларынын аралыгында Кыргызстандын экспортунун көлөмү 657,8 млн. АКШ долларын түзүп, 30 пайызга өскөн. ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү 224,8 млн. АКШ доллар болуп, 29,3 пайыз өсүү байкалган. Үчүнчү өлкөлөргө болсо экспорт 432,9 млн. АКШ долларды түзүп, 30,3 пайызга жогорулаган. Дүйнө экономикасындагы терс көрүнүштөргө жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү экономикалык көрсөткүчтөрдүн темпинин төмөндөөсүнө карабастан биз ийгиликтүү жетишкендиктерге жетише алдык”, – деп Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков деп белгиледи.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков маалымдагандай, экспорттук потенциалды өнүктүрүү үчүн тийиштүү инфраструктура түзүлүп, жаңы заманбап лабораториялар салынып, мурда иштеп келген лабораториялардын жабдыктары жаңыланып, чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттары модернизацияланган.

“Бир жыл мурун биздин ата-мекендик ишкерлер башка өлкөлөргө өз продукцияларын экспорттоодо бир топ кыйынчылыктарга туш болуп келишкен. Бүгүн мындай көйгөй жок. Биздин дыйкандар эч кандай тоскоолдуксуз өз продукцияларын ЕАЭБ жана Европа Союзунун базарларына ташый алышат. “Кыргызстанда жасалды” деген бренд акырындык менен ири базарларды багындырууда. Ошол эле маалда сырткы рынокто биздин ата-мекендик ишканалар атаандаштыкка туруштук берүү үчүн ар дайым жаңы технологияларды колдонуп, жаңылыктарды киргизип, өндүрүштүк чыгымдарды азайтып, чыгарылган продукциялардын ассортименттерин кеңейтүү менен сапатын жогорулатуу зарыл. Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сиздерге ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр. Биз диалогго жана кызматташтыкка ачыкпыз”, – деп Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Өкмөт башчы маалымдагандай, 2017-жылдын 1-сентябрынан тартып “Экспортко багытталган ишканаларды жана импортту алмаштыруучуларды каржылоо – 1” долбоору ишке ашат. Ага ылайык экспортко багытталган мекемелер жалпы суммасы 3,5 млрд. сомго жакын каражатты жеңилдетилген насыя катарында алса болот.

Аталган долбоордун алкагында биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ата-мекендик экспортёрлорго жана импортту алмаштырган продукцияларды өндүргөндөргө бюджеттик колдоо болот. Бул чечим бир эле жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыгын жогорулатпастан келечекте республиканын экспорттук потенциалын өстүрүүгө, ички рынокко жана экспортко чыккан продукциялардын көлөмүн жана сапатын жогорулатууга түрткү болот.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен:

– Адыл Есеналиев – «Эталон Вин Атайынкурулуш» ЖЧК башкы директору;

– Кадырбек Жакыпов – «Ак-Таш» АК директорунун орун басары;

– Кулуйпа Жузумалиева – «Ак-Жалга» ЖАК жетекчиси;

– Бактыбек Исиралиев – «Шоро» ЖАК башкы директору;

– Казим Каракетов – «Даря Тянь-Шаня» ЖЧК башкы директору;

– Эмир Парпиев – «Талас Куту – БМК» ассоциациясынын жетекчиси;

– Топчубек Рысбаев – «Ренесанс» ЖЧК директору;

– Абдыгафар Халбеков – «Исхак Разаков» ЖЧК башкы директору;

– Юлдаш Чодуев – «Ак-Текс» ЖЧК директору;

– Музеин Эрджепов – «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧК башкы директору;

– «Легпром» Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы;

– «Молочный союз» жумуш берүүчүлөр бирикмесинин ассоциациясы;

– «Куликовский соода үйү» ЖЧК;

– «Одно село один – продукт» ассоциациясы сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш алгандар:

– Кайрату Абдуллаеву – «Үмүт и Ко» ЖЧК жетекчиси;

– Надежда Ворошилова – «Шоро» ЖАК башкы инженери;

– Кубаныч Жекшеналиев – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын “Токмок – автожол” көзөмөл-өткөрмө пунктунун контролёру;

– Арстанбек Ишенбаев – «Агропродукт Азия» ЖЧК башкы директору;

– Ахтям Кашвеев – «ОСКО» ЖЧК башкы директору;

– Уран Ниязалиев – «Дан Агро Продукт» ЖЧК башкы директору;

– Руслан Шерматов – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын “Токмок – автожол” көзөмөл-өткөрмө пунктунун материалдык-техникалык камсыздоо боюнча техник.

 

Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 21-июнунда балдары бар үй-бүлөлөрдүн жана пенсия менен камсыз болууга укугу жок эмгекке жараксыз адамдардын мамлекеттик жөлөкпулдарга жетүүсүн жөнөкөйлөштүрүү максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам  мамлекеттик жөлөкпулдарды, алардын түрлөрүн белгилейт, ошондой эле мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө жана төлөп берүүгө байланыштуу мамилелерди, ал мамилелерден келип чыккан процесстерди кошо жөнгө салат.

“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамдын” жаңы редакциясы  принципиалдуу түрдө жөлөкпулдун обьектиси катары баланын өзүн аныктайт жана  улуттук, эл аралык мыйзамдарда бекитилген юридикалык милдеттенмелерди ишке ашырууга көмөктөшөт.

Мыйзамдын  5-статьясына ылайык төмөндөгү мамлекеттик жөлөкпулдар каралган:

-«балага сүйүнчү» (ар бир) бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул;

– «балага жөлөк» үч жашка чейинки (ар бир) баланы багуу боюнча ар айлык жөлөкпул;

– «үй-бүлөгө көмөк» 3төн 16 жашка чейинки курактагы үч жана андан көп (ар бир) баласы бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул;

– «социалдык жөлөкпул» пенсиялык камсыздоого укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул.

Мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмү Өкмөт тарабынан бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жана экономиканын абалына жараша жашоо минимумун эске  алуу менен жыл сайын белгиленет.

Пенсиялык камсыздоого укугу жок 65 жашка толгон – эркектер, 60 жашка толгон – аялдар; 55 жашка толгон -баатыр энелер үчүн ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык пенсиянын базалык бөлүгүнөн жогору эмес өлчөмдө белгиленет.

«Балага жөлөк» үч жашка чейинки баланы багуу боюнча ар айлык жөлөкпул ар бир балага алар үч жашка толгонго чейин дайындалат.

«Үй-бүлөгө көмөк» 3төн 16 жашка чейинки курактагы үч жана андан көп баласы бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул төмөнкүлөргө дайындалат:

3 жаш куракка жеткен жана 16 жаш куракка чыкканга чейин үчүнчү жана андан кийинки балдарга;

үч эм жана андан көп эгиздерге – 3 жаш куракка жеткен жана 16 жаш куракка чыкканга чейин ар бир балага.

Ар айлык социалдык жөлөкпул пенсиялык камсыздоого укугу жок болгон учурда эмгекке жөндөмсүз төмөнкүдөй адамдарга дайындалат:

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга – он сегиз жашка чейин;

– бал кезинен I, II жана III майыптык топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга

– I, II жана III майыптык топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга;

– улгайган жарандарга (алтымыш беш жашка толгон -эркектерге,алтымыш жашка толгон – аялдарга);

– элүү беш жашка толгон баатыр энелерге;

– бир багуучусунан (ата-энесинин биринен) айрылган (бир багуучусу (ата-энесинин бири) каза болгон) балдарга;

– эки багуучусунан (эки ата-энесинен) тең айрылган (эки багуучусу (эки ата-энеси) тең каза болгон) балдарга;

– ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга – алар он сегиз айлык куракка жеткенге чейин.

Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.

Бул Мыйзам күчүнө киргенге чейин мамлекеттик жөлөкпул алган адамдарда мурда дайындалган мамлекеттик жөлөкпул алуу укугу, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык жөлөкпул алууну тандоо укугу сакталат.

Жалал-Абадда жаңы мал соючу жай курушат

Бүгүн, 31-июльда ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, өкүлдүн экинчи  орун басары Ырысбек Ызабеков жана Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев баштаган бир топ жетекчилер  шаардын аймагында   курулуп жаткан заманбап мал соючу цехке барып, ал жер менен таанышып кайтты. Облус жана шаар жетекчилерин   жеке ишкер Абдыкасым Кушбаков тосуп алып, заманбап мал союучу жайдын  курулуш иштерин көрсөттү. Бул туралуу Жалал-Абад шаарынын маалыматтык борбору билдирди.

-Негизи бүгүнкү күнү  шаар боюнча жана облус боюнча жакшы бир саамалык болууда. Анткени мындай заманбап мал соючу жай алгачкы ирет курулууда. Мында негизинен жеке ишкерге ыраазычык билдирип кетүү керек.  Долбоордун негизинде  Айыл банктан 10миллион доллар акча каражатын алып курулуш иштерин баштаптыр. Негизи мындагы сметанын баасы 16миллион долларды түзөт. Биз бул жакка келип бир топ көйгөйлөрдү көрдүк, алсак электр энергиясы жетпейт экен, биз бул маселени карап чечип берүүгө аракеттенебиз,-дейт ал.

 

“Бишкек” эркин экономикалык зонасын кайра түзүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Алмазбек Атамбаев “Бишкек” эркин экономикалык зонасын кайра түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду. Бул туурасында Президнттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 29-июнунда  кабыл алынган.

«Бишкек” эркин экономикалык зонасын кайра түзүү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-июнундагы №91 Мыйзамынын 1-статьянын 3 бөлүгү жана 2-статья күчүн жоготту деп табылды. Ошону менен “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” 2014-жылдын 11-январындагы №6 мыйзамына, КР Салык кодексине жана  бажы чөйрөсүндүгү мыйзамдарга шайкеш келтирет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

КР президенттике талапкерлердин кыргыз тилин билүү тестинин жалпы жыйынтыктары

КР Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөнүн жыйынтыктарын  Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жарыялады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөнүн планына ылайык талапкерлерден сынак алуу 26-июлда башталды.

Жыйынтыктар:

  1. Нышанов Назарбек – 74,15 балл
  2. Сариев Темир  81,8 балл
  3. Абдылдаев Арстанбек –  61,2 балл
  4.  Карасартова Рита – 86 балл
  5. Дегенбаев Бакыт- 89,5 балл
  6. Султанидинов Сайнидин – 60,35 балл
  7. Шаршекеева Камилла 80,9 балл
  8. Бакир уулу Турсунбай 88,6 балл
  9. Торобаев Бакыт 71,8 балл
  10. Масадыков Таалатбек 79,8 балл
  11. Бабанов Омурбек Токтогулович 93,5 балл

Эртең 1-августта талапкерлер Муратбекова Замира, Энназаров Санжарбек, Абдрахманов Сагынбек ,  Чолпонбаев Мукар Шалтакович тестирлөөдөн өтөт.

 

Сауд өнүктүрүү фонду менен Түндүк –Түштүк авто жолун реконструкциялоо боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Алмазбек Атамбаев “2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк –Түштүк автомобиль жолун (Балыкчы – Жалал-Абад альтернативдүү автожолун) реконструкциялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул туурасында Президенттин расмий сайты жарыялады.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 22-июнунда кабыл алынган.
Макулдашууда Түндүк-Түштүк альтернативдик автомобиль жолун 159-чакырымынан 183 чакырымына чейинки участогун (Дыйкан айылы – Кызыл-Жылдыз айылы) реконструкциялоо каралган.

Бул каражаттар Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун участогунун абалын жакшыртууга, жер жана дренаждык иштерге, асфальттоо жана көпүрөлөрдү калыбына келтирүү иштерине жумшалат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Алмазбек Атамбаев табийгат кырсыктарынан жабыркап, буга чейин материалдык жардам ала элек Ош облусунун тургундарына жардам көрсөттү

Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер жана Жалпак-Таш айылдык аймактарында болгон жер көчкүнүн, ошондой эле Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди жана Чоң-Алай айылдык аймактарында болгон жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган тургундарга материалдык жардам көрсөтүү үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан финансылык каражат бөлүндү. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысынын чечиминин негизинде материалдык жардам көрсөтүү үчүн финансылык каражаттар – Өзгөн районундагы жер көчкүнүн кесепетинен жабыркагандарга – 100 миң сомдон, ошондой эле Чоң-Алай районундагы жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандарга – 100 миң сомдон (турак жайы кыйраган деңгээли ӨКМ тарабынан аныкталган 5 категорияларга) жана 50 миң сомдон ( 4-категорияларга) бөлүнөт.

Меню