Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Алмазбек Атамбаев акын, жазуучу жана чыгыш таануучу Бронтой Бедюровду кабыл алды

Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда жакында эле  өз ишин жыйынтыктаган «Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдер” эл аралык форумуна катышуу үчүн өлкөбүзгө келген  акын, чыгыш таануучу, Алтай Республикасынын эл жазуучусу Бронтой Бедюровду кабыл алды. Бул туурасында маалыматты Президенттин расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө  тили, маданияты жана тарыхы   окшоштугун эске алуу менен,   кыргыздар менен Алтай элдеринин ортосунда маданий-гуманитардык тармактагы байланыштарды  мындан ары активдештирүүнүн мааниси  белгиленди.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Алтайдын эл жазуучусу Алтая Бронтой Бедюров Алтай цивилизациясы идеясы тууралуу пикир алмашып, аны биргелешип алга жылдыруу боюнча пландарды белгилешти, алтай тектүү элдердин тилдеринин өз ара байышынын маанисин баса белгилешти.

Алмазбек Атамбаев эмгектик өргүүгө чыкты

Бүгүн, 26-июлдан тарта Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев эмгек өргүүсүн алды. Бул туурасында Президенттин аппаратынын расмий сайты кабарлады.

Эмгек өргүү канча убакытка созулаары маалымдалган жок.

Эске салсак, буга чейин президент акыркы жолу эмгек өргүүсүнө 2017-жылдын 9-январында чыккан. Ал кыска гана убакытка созулуп, 14-январда жумуш ордуна кайткан.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтүнүн ортосунда жаңы мыйзамга кол коюлду

Алмазбек Атамбаев “2016-жылдын 13-октябрында Тбилиси шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтүнүн ортосундагы  Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 22-июнунда  кабыл алынган.

Бул Макулдашуу  башка мамлекетте салык салуу обьекти болгон мамлекеттин салык салуу боюнча субьектилеринин макулдашып жаткан  ар бир мамлекеттин  укуктарына чек коюу  боюнча тартипти  аныктайт. Ошол эле учурда  бул жоболорду ишке ашыруунун методдору салык укугунун мамлекеттик ички ченемдери менен белгиленет.

Мындан тышкары  аталган Макулдашуу  бир мамлекеттин резидентинин макулдашып жаткан башка мамлекетте дискриминациялык салык салууда коргоп, кирешеге салык төлөөдөн качууга жол бербестен  же макулдашып жаткан мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда маалымат алмашуу аркылуу Макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдалануунун алдын алат.

Мына ушуга байланыштуу Макулдашуу  Кыргызстандын  экономикасына түз инвестицияларды тартуунун каражаты болуп саналат, анткени  бир гана өлкөдө салык төлөөрүнө ишенген чет элдик фирмаларга  өлкөгө инвестициялоого мүмкүнчүлүк берет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Сооронбай Жээнбеков Сафед-Булан тарыхый комплексине барып аталган объекттин туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүнү улантууну тапшырды

Сооронбай Жээнбеков кечээ, 25-июлда, жумуш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Падек айылында жайгашкан Сафед-Булан тарыхый-археологиялык коругуна барды. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы Шах-Фазил мавзолейиндеги оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Сооронбай Жээнбеков аталган маданий объекттин өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Сафед-Булан тарыхый-мемориалдык комплекси Борбор Азиядагы уникалдуу архитектуралык эстелик болуп саналат. Тарыхый комплекстерди сактоо жана калыбына келтирүү жана өлкөнүн маданий мурастарынын айланасында керектүү кооз инфраструктураларды  түзүү – бул ата мекендик жана эл аралык туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө болуп саналат»,- деди Премьер-министр.

Буга чейин Өкмөт башчы туристтик тармакты өнүктүрүү маселелерин  талкуулаган жыйында Маданият маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментине тарыхый туристтик жайлардын курулушун жакшыртууда жергиликтүү бийлик менен тыгыз иш алып барууну тапшырган.

Сафед-Булан тарыхый-археологиялык комплексинин директору Эркин Бегимкулов маалымдагандай, аталган объектте жалпы суммасы 1 млн. сомдук оңдоо иштери калды. Ал уникалдуу табылгаларды ачык асман алдына коюп, музей уюштурууга мүмкүнчүлүктөр бар экенин кошумчалады.

Өкмөт башчы ошондой эле жергиликтүү тургундар менен, социалдык мүнөздөгү маселелерди, аймактардагы тарыхый-маданий баалулуктардын келечеги жана туризмди өнүктүрүү пландары тууралуу талкуулады.  Премьер-министр жолугушууда көтөрүлгөн маселелердин маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул багытта тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берди. Маданият маалымат жана туризм министрлигине Жалал-Абад облусундагы тарыхый жайларга археологиялык жана илимий-иликтөө иштерин жүргүзүүнү улантууну тапшырды.

 

Сооронбай Жээнбеков: Тоолуу шартта медицина кызматкерлеринин эмгеги сыйга жана мактоого татыйт

Тоолуу шартта медицина кызматкерлеринин эмгеги сыйга  жана мактоого татыйт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июлда, Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Жаңы-Базар айылындагы оорукананын абалы менен таанышкан учурда билдирди. Мындай маалыматты Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин маалыматында Жаңы-Базар айылындагы оорукананын имараты капиталдык оңдоого жана материалдык-техникалык базасы жаңыланууга муктаж.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдарга капиталдык оңдоого жана медициналык жабдууларды, анын ичинде рентген-аппаратын сатып алууга кете турган каражаттын суммасын эсептеп чыгууну тапшырды.

Андан кийин Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылындагы авариялык абалда турган айылдык оорукана эмгектенген медицина кызматкерлеринин иштөө шарттары менен таанышып чыкты.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн алдындагы Архитектура курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине тиешелүү коммуникациялык шарттары бар, 15 бейтапка ылайыкталган типтүү имарат куругуу маселесин чечүүнү милдеттендирди.

Андан соң Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ала-Бука районундагы Падек айылында жайгашкан Жоробаев атындагы орто мектептин курулушу жана Аксы районунун Улук айылындагы Ж.Султанов атындагы орто мектептин абалын көрдү.

«Өкмөт билим берүү системасына өзгөчө көңүл бурууда. Сапатту билим берүү – биздин балдардын ийгиликтүү келечеги. Муну эске алуу менен келерки жылы Өлөң-Булак айылында жаңы мектеп куруу чечими кабыл алынды. Социалдык объекттер анын ичинде мектептерди куруу жана алардын сапаты өзгөчө көзөмөлгө алынат», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ошондой эле, союз маалында курулуп, учурда оңдоого муктаж болгон Базар-Коргон районундагы борбордук стадионго барды. Ал стадионду этабы менен оңдоо боюнча план түзүп, аны 2018-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 100 жылдыгына карата бүткөрүүнү тапшырды.

Андан ары  Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков авариялык абалдагы Каныш-Кыя – Ала-Бука автожолундагы көпүрөнү көрүп, Транспорт жана жолдор министрлигине бардык тиешелүү талаптарга жооп берген көпүрө салуу боюнча долбоор иштеп чыгууну тапшырды.

Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү

2017-жылдын 24-июлунда түркмөн тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын ПрезидентиАлмазбек Атамбаев Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын рамий сайты жарыялады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө  аймактын жана көп тараптуу эл аралык уюмдардын алкагында эки тараптуу кызматташуунун  жана өз ара аракеттенишүүнүн маселелери талкууланды.  Эки тараптуу байланыштарды бардык багыттар боюнча өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экендиги белгиленди.

Андан тышкары  дүйнөлүк экономика жана саясаттын өнүгүшүнө тиешелүү бир катар актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Алмазбек Атамбаев Россиянын окумуштуу-тарыхчылары менен Алтай цивилизациясы долбоорун мындан ары алдыга жылдыруу маселелерин талкуулады

Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденциясында “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” эл аралык  форумуна катышкан  М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик  университетинин Азия жана Африка өлкөлөрү институтунун директорунун орун басары Жибек Сыздыкованы,  Алтай мамлекеттик университетинин профессору Юлия Лысенкону жана филология илимдеринин доктору, Россия илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Анна Дыбону кабыл алды. Бул туурасында Президенттин аппаратынын расми сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы  окумуштуу-тарыхчыларды Кыргызстанга келип, Эл аралык форумдун ишине  активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Окумуштуу-тарыхчылар  форумду өткөрүлүшү боюнча дагы, жалпы эле Алтай цивилизациясын изилдөө идеясы туурасында дагы таасирлери менен бөлүшүп, анын актуалдуулугун жана Евразия аймагындагы  маанилүү бириктирүүчү ролун баса белгилешти.

Президент Алмазбек Атамбаев  менен окумуштуу-тарыхчылар Алтай цивилизациясы долбоорун мындан ары алдыга жылдыруу боюнча пландарды  талкуулашты.

Мамлекет башчысы кыргыз элинин тарыхынын   кыйла  бөлүгү Алтайдын аймагында өткөндүгүн, ошондой эле  алтай тектүү элдердин  тили жана маданияты  окшоштугун эске алуу менен, жалпы алтай тектүү элдердин биримдик идеясын  терең изилдөөнүн жана жайылтуунун өзгөчө маанисин баса белгиледи.

Мамлекеттик каттоо кызматы биометриялык маалыматтарды чогултуу боюнча мобилдүү топтордун ишин убактылуу жандандырат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарына болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрдү, – деп маалымдоодо мекеменин пресс-кызматы.

Жумушчу сапардын алкагында калкты тейлөө борборлорунун, жарандык абалдын актылары бөлүмдөрүнүн, паспорт бөлүмдөрүнүн жана унааларды жана айдоочуларды каттоо бөлүмдөрүнүн иши текшерилди.

Төрага ведомстволук түзүмдөрдүн кызматкерлерин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү сапаттуу берүүгө жана жарандарга орой мамиле кылбоого үндөдү.  “Мен сиздерди түшүнөм, калк менен иштөө оңой эмес. Бирок, жаранга кайра-кайра түшүндүрсөңүз дагы болбой эле түшүнбөй жатса, мындай учурда дагы орой мамиле жасабоого аракеттениңиздер, эң жакшысы бир бир-эки мүнөт кеңседен чыгып, таза аба менен дем алыңыздар”, – деди Д. Догоев.

Жергиликтүү бийликтер менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө шайлоочулардын тизмелерин тактоо, жарандардын биометриялык маалыматтарын топтоо жана калктын арасында шайлоочулардын тизмелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгында биометриялык маалыматтарды чогултуу боюнча мобилдүү топтордун ишин убактылуу жандандырууга тапшырма берилди. “Кыргызстандын 3 миллион жараны биометриялык маалыматтарын тапшырганына карабастан, алигиче ар кандай себептер менен биометриялык каттоодон өтпөй калган адамдар бар. Биометриялык каттоодон өтпөгөн жаран шайлоочулардын тизмесине киргизилбейт. Ошондуктан жергиликтүү бийликтер менен бирге биометриялык каттоо жүргүзүү үчүн ар бир районго бирден комплект жабдуу жөнөтүү зарыл. Мобилдүү топтор 5-августка чейин иштеши керек”, – деди Д. Догоев.

 

 

Атамбаев Кабулдагы теракттын кесепетинен көп адамдардын каза тапкандыгына байланыштуу Афганистандын Президенти Ашраф Ганиге көңүл айтты

Президент Алмазбек Атамбаев Кабул шаарында жасалган  террористтик акттын кесепетинен көп адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Ашраф Ганиге көңүл айтты. Бул туурасында Президенттин расмий сайты жарыялады.

“Кабул шаарындагы террористтик акттын кесепетинен көп адамдардын каза тапкандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтуумду кабыл алыңыз.

“Каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө кайрат айтып, терең кайгыруу менен көңүл айтуумду жана жабыр тарткандар тезирээк сакайып кетишин кааларымды жеткирип коюуңузду Сизден өтүнөм”,- деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Алмазбек Атамбаев Лахордогу теракттын кесепетинен көп адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Пакистандын Президенти Мамнун Хуссейнге көңүл айтты

Президент Алмазбек Атамбаев Лахор шаарындагы жасалган террористтик акттын кесепетинен көп адамдардын каза  болгондугуна байланыштуу Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Мамнун  Хуссейнге  көңүл айтты. Бул туурасында Президенттин расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысы каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө  терең кайгыруу менен көңүл айтып, бардык жабыр тарткандар тезирээк сакайып кетишин каалады.

Меню