Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Алмазбек Атамбаев Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, Алтай Республикасынын Мамлекеттик жыйыны - Эл Курултайынын экс -төрагасы Иван Белековду кабыл алды

Алмазбек Атамбаев 22-июлда, Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденциясында “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” эл аралык форумуна катышуу үчүн Кыргызстанга келген Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Федералдык жыйынынын депутаты, Алтай Республикасынын Мамлекеттик жыйыны – Эл Курултайынын экс-төрагасы Иван Белековду кабыл алды. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Иван Белеков Президент Алмазбек Атамбаевге эл аралык форумдун ишине катышуу үчүн чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. “Форум абдан жакшы даярдалгандыгын, болгондо дагы анын идеясы терең ойлонуштурулганын сездим”,- деди Иван Белеков.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки элдин тарыхый байланыштарын эске алуу менен, Кыргызстан менен Алтай Республикасынын ортосунда маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуусунун маселелери талкууланды.

Президенттике талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо “Кыргызтест” системасы аркылуу жүргүзүлөт

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесинин 1-бөлүгүнө жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 конституциялык Мыйзамынын 51-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июлундагы №430 “Кыргызтест” мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо системасы жөнүндө жобону, Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына талапкерлигин койгон жана аларды ээлеп турган адамдар үчүн мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү деңгээли жана көлөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо эл аралык стандарттарга ылайык иштелип чыккан “Кыргызтест” системасы аркылуу жүргүзүлөт. Бул туралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия маалымдады.

Сынак тест түрүндө талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин объективдүү жана ачык-айкын баалоо максатында өткөрүлөт жана бардык талапкерлер үчүн баалоонун бирдей шарттары сакталат.

Тестирлөөнүн бардык этаптарында залдарда видеожазуу жүргүзүлөт. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясында аккредитацияланган жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тестирлөө жайына тестирлөө башталганга чейин 10-20 мүнөт калганда киргизилет. Тестирлөө мезгилинде талапкер үчүн ыңгайлуу шарттарды жана тартипти сактоо максатында тестирлөө жайында бөтөн адамдардын катышуусуна тыюу салынат.

Тестирлөө төрт субтесттен турат: “Лексика-грамматика, жазуу”, “Аудирлөө”, “Окуу” жана “Сүйлөө”. Эгерде талапкер тест боюнча зарыл болгон жалпы баллды топтой алса (бардык субтесттердин суммасынын 60%ынан ашса) ага В2 (“Ортодон жогору”) деңгээлде мамлекеттик тилди билээрин ырастаган Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты берилет. Эгерде талапкер 100%дын ичинен 60%дан аз балл топтосо, ага субтесттер боюнча алган баллы көрсөтүлгөн маалымкат берилет.

Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

Бүгүн, 24-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев Президент  Шавкат Мирзиёевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Алмазбек Атамбаев  Кыргызстанда Өзбекстан  мамлекет башчысынын эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого кошкон салымын жогору баалашаарын баса белгиледи.

Алмазбек Атамбаев Шавкат Мирзиёевко чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишмердигине мындан аркы  ийгиликтерди каалады.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө  Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун  өз ара кызыкчылык туудурган актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жалал-Абадда мыйзамсыз курулуштарга каршы аракеттер күчөдү

Жалал-Абад шаарында көп жылдар бою жүргүзүлүп келаткан мыйзамсыз курулуштарга, шаардын архитектуралык-абаттоо эрежелерин бузуу көрүнүштөрүнө каршы аракеттер башталды.  Эми шаар бийликтери мыйзам бузууларга, тартипсиздиктерге каршы мыйзамдуу чараларды көрүп, шаарды тартипке келтиришмекчи. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын коммуналдык маселелер боюнча вице-мэри Бакытбек Байтиков билдирди.

Анын айтымында, көп жылдардан бери жарандар, ишканалар тарабынан имараттарды, ар кандай чарбалык субъекттерди, турак-жайларды курууда белгиленген аймактардан чыгып кетишип, муниципалдык менчикке, шаардын кооздугуна жана шаардыктардын ыңгайына зыян келтирип жатышат.

-Ал эми  курулуштарга шаардык курулуш жана архитектура бөлүмү уруксат берип, планын түзүп бергени менен мыйзамсыз курулуштарга каршы чара көрө албайт, андай укук берилген эмес. Бул багыт боюнча экотехинспекция алектениши керек. Бирок, шаардагы мындай уруксаты жок курулуштардын көптүгүнөн улам, демек, экотехинспекция ишканасы да жыйынтыктуу иш алып бара албай жаткандай. Мындан ары жергиликтүү бийликтер мындай терс көрүнүштөргө бөгөт коюуну күчөтүү аракеттерин көрөбүз, – дейт ал.

Жергиликтүү бийликтер жол жээгине курулган объекттер тротуарларды ээлеп, муниципалдык аймакка чыгып кетишкенин, бул болсо шаардыктардын кенен кесири басып жүрүүсүнө да тоскоолдук келтирет.

-Биз мыйзамсыз курулуштарды аныктап, тактап, тизмелеп, алар боюнча мамлекеттик органдардын жардамы менен тартипке салуу иштерин алып барабыз, – дейт Б. Байтиков.

Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусундагы Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунун ачылышына катышты

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-июлда, Россия Федерациясынын Башкортостан Республикасынын Башчысы Рустэм Хамитов, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Иван Белеков,  Саха (Якутия) Республикасынын Мамлекеттик Жыйынынын Төрагасы Александр Жирков менен бирге Ысык-Көл облусунун Чоң Сары-Ой айылындагы  Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунун ачылыш аземине катышты. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Аземден соң алар “Алтай көчү” деп аталган экспозиция менен таанышышты.

Иш-чаранын катышуучуларынын алдында сүйлөп, Мамлекет башчысы Ысык-Көл облусунун туристтик потенциалын өнүктүрүүгө салым кошо турган дагы бир музейдин ачылып жатканына кубангандыгын белгиледи.

«Биз бүгүн чоң комплекстин бир гана павильонун ачып жатабыз. Ал Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясы музейинин кириш павильону болот.  Августтун аягында, же сентябрдын башында биз “Кыргыз көчү” павильонун куруп баштайбыз», – деди Алмазбек Атамбаев. Ал бир катар өлкөлөр, анын ичинде Татарстан, Башкортостан бул музейдин территориясында өз павильондорун курууга кызыкдар экендигин билдиришкенин кошумчалады.

Президент  Көчмөндөр цивилизациясы борборуна “Алай канышасы” Курманжан Датканын атынын ыйгарылышы бекеринен эмес экенин белгиледи. “Мен сиздерге кийинчерек Финляндиянын президенти болгон полковник Маннергейм тарткан Курманжан датка энебиздин сүрөттөрүн көрсөттүм. Ошондо полковник Маннергейм атка минип сүрөткө түшүүсүн өтүнгөндө 96 жаштагы энебиз оңой эле атка минип, сүрөткө тартылган экен. Курманжан Датка – көчмөн элдин чыныгы жаркын өкүлү. Бул көчмөндөр үчүн демократия, гендердик теңдик мүнөздүү болгонун далилдеп турат. Биздин аялдар ар дайым эркин, ачык болушкан, ал гана эмес, эл башкарышкан. Кыргыз кыздары эч качан жүзүн жашырган эмес.  Мен кыргызстандыктарды дин менен чоочун маданиятты чаташтырбоого чакырам. Биздин өзүбүздүн маданиятыбыз, каада-салттарыбыз бар. Кыргыздай байыркы тарыхы бар элдер дүйнөдө аз», – деди ал.

Алмазбек Атамбаев кыргыздар көп кылымдар бою көп улуттуу эл болгонун, алардын күчү биримдикте болгонун баса белгиледи.  Кыргыз элинин тарыхындагы өлбөс-өчпөс барактар биримдиктин жана бекем баш кошкондуктун жемиши экенин айтты.

«Биздин ата-бабаларыбыз Шиберден тартып, Каспий деңизине чейинки учу-кыйырсыз аймакта жашаганын эстен чыгарбагыла. Мен мекендештеримди биримдикке чакырам. Ич ара ыйкы-тыйкылыктарды унутуп, ортобузду байыркы тарыхыбыз, маданиятыбыз жана каада-салттарыбыз бириктирип турган бир тууган элдерди эстейли», – деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Андан соң Президент музейдин директору Аида Алымовага комплекске белек катары мурдагы замандарда сөөк менен кошо коюлуучу беткаптын репликасын жана Батыш Шибердин илгерки тарыхый картасын тапшырды.

Андан кийин Президент боз үйдү тез тигүү боюнча конкурсту ачып, коноктор менен бирге Алтай элдеринин боз үйлөрүн көрүп чыкты жана көркөм өнөр устаттары менен жолукту.

Экспозицияда эң мыкты экспонаттар жана өлкөдөгү бир катар музейлердин инсталяциялары чогултулган. Борбордун аймагында Алтай элдеринин өкүлдөрүнүн (кыргыз, казак, татар, башкыр, уйгур ж.б.) жашоо образын чагылдырган 30 жасалгалуу боз үйлөрү жайгаштырылган.  Көрүүчүлөр үчүн үч күн бою атайын маданий-этнографиялык программа болот. Музейдин аймагында мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон бийиктиги 4 метрден ашкан көчмөндүн туулгасынын скульптурасы,  ошондой эле бийиктиги 3 метрлик ээр орнотулган.

Экспозиция 2017-жылдын 31-августуна чейин ачык болот.

Сооронбай Жээнбеков жаңы окуу жылына карата даярдыктар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Аймактардагы табигый кырсыктын кесепетинен жабыркаган мектептердин курулушун жана ремонтун өз убагында бүткөрүү – жаңы окуу жылына карата даярдыктардын алкагындагы негизги милдеттердин бири. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жаңы окуу жылына карата даярдыктар боюнча өткөн  жумушчу кеңешмеде билдирди. Мындай маалыматты өкмөттүн расмий сайты билдирди.

Мектептерди окуу китептери жана интенетке туташтыруу маселеси актуалдуу көйгөй бойдон калууда.

Премьер-министр мындан тышкары Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиеванын көңүлүн бала бакчалардагы жана мектептердеги  мыйзамсыз акча чогултууларга  байланыштуу ата-энелердин  арызданууларына бурду.

Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева  жаңы окуу жылына карата даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат берди. Бул максатта эки топ түзүлгөн, алар аймактарга барышып, кырдаалды иликтеп, көйгөйлөрдү чечет.

Министр Гульмира Кудайбердиева окуу китептери менен камсыздоого байланыштуу электрондук депозиттөө сезилээрлик толукталганын маалымдады. Бүгүнкү күндө 306 окуу китеби электрондук форматта жайгаштырылды, аларды колдонуу эркин жана жеткиликтүү. Жалпысынан мектептерди окуу куралдары менен камсыз кылуу 83 % түзөт. Жаңыдан иштелип чыккан программада  англис тили боюнча сабактарды күн сайын киргизүү каралган.

Гульмира Кудайбердиева баса белгилегендей, мугалимдердин орточо айлык акысынын жогорулоосу менен кадрлардын тартыштыгы сезилээрлик кыскарган. Бүгүнкү күндө республика боюнча 79 708 мугалим бар, бош орундар болгону 401 орун калууда. Үч жыл мурда мектептерде 3 миң окутуучу жетишсиз болчу.

Билим берүү жана илим министри кошумчалагандай, мектептерде жана бала бакчалардагы мыйзамсыз акча чогултуулар жалпысынан Бишкек шаарында байкалууда. Буга байланыштуу  шаардык муниципалитет менен биргеликте тыгыз иштер жүргүзүлүүдө.  Бишкек шардык мэриясынын тийешелүү буйругу чыккан, анда бардык билим берүү мекемелеринин жетекчилери ата-энелерден кирүү төлөмдөрүн талап кылууга жана мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга тыюу салуу жөнүндөгү билдирүүнү алышкан, – деп маалымдады министр.

Гульмира Кудайбердиева өзгөчө баса белгилегендей мектептерди куруу жана ремонттоо билим берүү жана илим министрлигинин ишиндеги негизги артыкчылыктардын бири. Акыркы беш жылда республика боюнча 309 жаңы мектеп пайдаланууга тапшырылган. Анын ичинде 77 мектеп  2016-жылы курулган. Мындан тышкары дагы 100 мектеп капиталдык ремонттон өткөрүлдү.

Архитектура, курулуш жана  турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Борубаев маалымдагандай, аймактардагы табигый кырсыктан жабыркаган  Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунда социалдык объектилердин курулушу башталган. Пайдубалы түптөлүп, аталган тилкелерди ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тийешелүү мамлекеттик органдарга 2017-2018-жылдагы жаңы окуу мезгилин уюштуруу боюнча тапшырмаларды ыкчам жана сапатуу аткарууну тапшырды. Анын ичинде биринчи кезекте билим берүү тармагына, аймактардагы табигый кырсыктын кесепетинен жабыркаган мектептердин курулушун өз убагында бүткөрүүгө республикалык бюджеттен акча каражаттарды кармабастан бөлүп берүүнү тапшырды.

Жол белгилери мамлекеттик тилде жазылбаганына коомчулукта нааразы пикир жаралууда

Кыргыз Респуликасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жол кыймылынын коопсуздугуна тиешелүү жол белгилерин иретке келтирүү жөнүндө” 2011-жылдын 3-июнундагы № 543 буйругунун аткарылышы талапка жооп бербей, жол белгилери жана автоунаалардагы, жол боюндагы жарнама-маалыматтар мамлекеттик тилде жазылбай келе жатканы боюнча тиешелүү жактарга кайрылуу жолдонду. Буга себеп коомчулуктун тынымсыз кайрылуулары жана даттануулары болду, – деп маалымады Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия.

“Бишкек шаарынын көчөлөрүндө жаңы орнотулуп жаткан, жарнама-маалыматтардын өзөгү болгон жол белгилеринин дээрлик бардыгы расмий тилде болуп жаткандыгы өкүндүрөт. Тиешелүү тараптар аталган мыйзам бузууларды, кемчиликтерди жоет деген ишеничтебиз,” – деп билдирет Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо, терминология жана жарнама иштери боюнча бөлүмүнүн адистери.

 

Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешин таркайт жана мөөнөтүнөн мурда шайланат

Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы жергиликтүү кеңеш тарабынан шайланбай калгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6-бөлүгүн жана“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин2-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. Кыргыз РеспубликасынынШайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана  Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңеши  таркатылсын.

2. Жогоруда аталган жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалсын.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органына мөөнөтүнөн мурда шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

– мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн;

– мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана тийиштүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын милдетин аткаруучу жогоруда аталган кеңештин документтеринин, материалдарынын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Алмазбек Атамбаев: «Биз, алтай цивилизациясынын өкүлдөрү, евразиялык континентте тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого жаңы дем бере алабыз»

Алмазбек Атабаев, бүгүн, 20-июлда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында  өз демилгеси менен уюштурулган  “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер форумуна” катышып, сөз сүйлөдү. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысы  кыргыздар үчүн ири эл аралык форум өткөрүү абдан чоң мааниге ээ, анткени Алтай – кыргыз элинин тарыхынын маанилүү, ажырагыс бөлүгү өткөн аймак экендигин белгиледи.

«Алтай», «Ала-Тоо», «Манас», «Эне-Сай» деген сөздөр ар бир кыргыз үчүн ыйык болуп саналат. Кыргыздар кылымдардан бери ушул күнгө чейин Эне-Сай менен түндүк-батыш Монголиядан тарта Теңир-Тоого чейинки, Фергана өрөөнү менен Памирде, Ала-Тоо менен Шинжаңда кеӊири мейкиндикти байырлап келатышат,- деп Президент, ыйык “Энесай”   деген  аталыштагы үйгө 12 өлкөдөн  келген  окумуштуу-антропологдор жана этнологдор, археологдор жана лингвисттер, фольклор изилдөөчүлөр жана коомчулуктун өкүлдөрү чогулуп олтургандыгын белгиледи.

Форумда  Россия Федерациясынын Башкыртстан Республикасынын башчысы Рустем Хамитов, Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Федералдык жыйынынын депутаты Иван Белеков, Саха (Якутия) Республикасынын Мамлекеттик жыйынынын Төрагасы Александр Жирков  дагы куттуктоо сөз   менен  чыгып сүйлөштү.

Эл аралык форумдун ишине  100дөн  ашуун    чет элдик  жана кыргызстандык  алтайчы-окумуштуулар, тарыхчылар, археологдор, этнографтар, антропологдор, лингвисттер, фольклорду, искусствону жана маданий дөөлөттөрдү изилдөөчүлөр  катышууда.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Урматтуу коноктор!

Урматтуу достор!

Баарыңыздарды Алтай тектүү элдердин тарыхына жана тагдырына арналган бүгүнкү Форумдун ачылышы менен куттуктайм! Ишибиз ийгиликтүү, жемиштүү болсун!

Форумга 12 мамлекеттин, 20га жакын элдердин өкүлдөрү катышып отурат. Урматтуу коноктор! Убакыт таап, бизге келип бергениңиздер үчүн чоң рахмат!

Урматтуу форумдун катышуучулары!

Кыргыз жергесинде бул эл аралык форумду даярдоо жана өткөрүү боюнча иштер бир канча жылга созулду. Бүгүн ыйык «Энесай» аталыштагы үйгө 12 өлкөдөн антрополог жана этнолог, археолог жана лингвист окумуштуулар, фольклор изилдөөчүлөр жана коомчулук өкүлдөрү чогулганына кубанып турам.

Биз, кыргыздар үчүн эл аралык ири форумдун мааниси бийик, анткени Алтай – кыргыз элинин тарыхынын кыйла бөлүгүн камтыган аймак.

«Алтай», «Ала-Тоо», «Манас», «Эне-Сай» деген сөздөр ар бир кыргыз үчүн ыйык болуп саналат. Кыргыздар кылымдардан бери ушул күнгө чейин Эне-Сай менен түндүк-батыш Монголиядан тарта Теңир-Тоого чейинки, Фергана өрөөнү менен Памирде, Ала-Тоо менен Шинжаңда кеӊири мейкиндикти байырдап келатышат.

«Кыргыз» этноними бүгүнкү күнгө чейин бүткүл ушул аймакта гидронимдер менен топонимдер түрүндө сакталып келатат. Көптөгөн тектеш алтай элдеринде бул ат урук-урууларынын аталыштарында жолукса, кыргыз урууларынын аталыштарынан көптөгөн элдердин түп тегин тапса болот. Ушунун баары – биздин ата-бабалар өз айланасына ар башка уруулар менен элдерди бириктирүү менен түзгөн эң кубаттуу мамлекет – Улуу Кыргыз Каганатынын мезгили болгонун күбөлөйт.

Биздин элдердин ушундай маанилүү мезгилдеринин тарыхын изилдөө мамлекеттер аралык биргелешкен долбоорлордун ажырагыс бөлүгү болуп калууга тийиш. Мындай темалар жана аз изилденген катмарлар биздин өлкөлөрдүн ар биринде бар.

Урматтуу форумдун катышуучулары!

Көп кылымдык эволюциянын жүрүшүндө алтай тилдүүлөр үй-бүлөсү ар башка тил бутактарына жана топторуна бөлүнүп келген. Кыргыздар  түрк бутагына таандык болгондуктан, учурдан пайдаланып, мен түрк тилдери жана, албетте, пантүркизм жөнүндө айта кетким келет. Болгондо да өлкө Президент катары да жана бул идея менен алектенген, Түркияны жана боордош түрк элин сүйгөн адам катары айткым келет.

Өзүңүздөр билесиздер, пантүркизм идеясы Орус империясында татар дворяндары Исмаил Гаспринский менен Юсуф Акчурин тарабынан жаралган. Адегенде бул идея Евразия идеалдарына – түрк жана славян элдеринин биримдигине багытталган. Исмаил Гаспринский мындай деп жазган:«… татарлардын мурасы болгон орус чектери алар конуш алган тарыхый табигый чектерине жетмейин бекем болушу мүмкүн эмес».

Бирок, тагдырдын тамашасын кара, бара-бара пантүркизм ачык антироссиялык мүнөзгө ээ болуп, Россия менен Түркия ортосундагы мамилелердин олку-солку болушу, улуу державалардын ар кандай геосаясый кызыкчылыктары мурдагы Орус империясынын түрк тилдүү элдерине, алардын тарыхы менен маданиятына, тилдери менен тагдырына терс таасирин тийгизген.

Мисалга мурдагы СССРдин түркий элдеринин алфавитинин татаал тагдырын алалы. Советтер Союзу менен Түркия ортосунда жакшы коңшулук мезгил 30-жылдары Түркстан элдери арабчадан латын арибине өтсө, дипломаттык мамилелер суугандан кийин чукулунан кириллицага бурулушкан. Натыйжада элдерибиз өзүнүн жазма адабияты менен тарыхынын кайталангыс кыртышынан айрылган, карапайым адамдар байыркы бабаларынын, ал тургай өз аталары менен чоң аталарынын араб жана латын арибинде жазгандарын окуу, түшүнүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырашкан.

Элдин эски алфавитинен ажыроосу өткөн мурасынан ажыроосуна барабар. Араб арибинен латынга, андан соӊ кириллицага өтүү Борбор Азиянын алтын доорунун мурасы – арабча жазган Ибн Синанын, Аль-Хорезмдин, Аль-Бирунинин, Жусуп Баласагындын, Аль-Фарабинин эмгектеринен, Бухаранын, Самаркандын, Баласагындын, Өзгөндүн, Фарабдын жана Тараздын улуу мурастарынан ажыроо дегендик эле. Советтер Союзунун түркий өлкөлөрүнө латындан кийин келген кириллица алфавити алардын ич ара гана эмес, бүтүндөй Евразияда бирдиктүү маданий нукта болушуна мүмкүндүк берген. Чыңгыз Айтматов, Мухтар Ауэзов сыяктуу биздин окумуштуулар менен жазуучулардын бүтүндөй мууну кириллицада чыгармалар жаратышкан, ал алфавит баарын канааттандырган.

СССР кулагандан кийин тарых кайра кайталанды, бул жолу тескери нукта. Көз карандысыз Азербайжан, Түркмөнстан латынга көчтү, Өзбекстан өтүп жатат, Казакстан жакында эле кириллицаны латын арибине ооштурууну чечти.

Алфавит алмашкан ар жолу жаңыча түшүндүрмө берилет. Адатта мындай жүйөө айтылат: бардык өнүккөн өлкөлөрдө латын ариби колдонулат, латынчага өткөндө өлкө экономикасы бат өнүгөт. Андай дейин десең, Жапониянын жана Кореянын өнүгүшүнө иероглифтер тоскоол болбойт беле? Же Кытайдын дүркүрөп өнүгүшүнө неге иероглиф кедергисин тийгизбейт? Ошол эле кезде Африканын бир катар мамлекеттери колдонгон латын ариби  аларды эмне үчүн кедейчиликтен чыгарбайт?

Латынга өтүү аркылуу бирдиктүү «орток тил» түзүү менен түркий элдерди бириктиребиз деген жүйөө да ынандырбайт. Мисалы, жүздөгөн кылымдардан бери келген түрк тили 19-кылымда эле Алтайдын түрк кагандарынын тилине анча окшошпой калган. Ооба, ал кездеги Осмон империясына ылайык «османлы» деп аталган.  Мустафа Кемал Ататүрктүн тил реформасын жүргүзүп, түрк тилдерин калыбына келтирүү аракетинен да майнап чыккан эмес – ошол мезгилде түрк тилинин 70%дан ашыгы араб жана перс сөздөрүнөн турган.

Эмнеге биз бирдиктүү тил түзөбүз деген ишке ашкыс кыялга батабыз да, Россия Федерациясында жашаган татарларды, башкырларды, алтайлыктарды, хакастарды, дагы көптөгөн боордошторубузду унутабыз? Алар мындан ары да кириллицаны пайдаланышат эмеспи. Дал ошолор менен биргеликте түпкү тилибизди кайра жаратып, бир элде сакталып, бир элде унутта калган байыркы сөздөрдү жандантуу менен тилдерибизди байыта алабыз. Түркия өз тил реформасын жүргүзгөн кезде биздин элдерден жаңы сөздөрдү алган. Ошол боордош элдер бүгүн биздин жардам менен колдоого өтө муктаж.

Бара-бара латын арибине өтүү биздин элдерди бириктирбестен, тетирисинче арасын алыстатат. Иш жүзүндө пантүркизм идеясынын таасири алдында кириллицадан баш тартуу – Орус империясында, андан кийин СССРде биздин элдерге каршы колдонулган “бөлүп жарып, өкүм жүргүз!” деген ыкманын уланышы.

Тилекке каршы, мындай ишке көп учурда окумуштуулар да тартылууда. Түрк элдерин топторго бөлүштүрүүнү мисалга алалы. Алтай, кыргыз, казак, каракалпак, татар жана башкыр тилдери кыпчак тобунда болсо, өзбек жана уйгур тилдери карлук тобунда. Эми көӊүл буруңуздар! – арасында кыргыз тобу да бар, анда хакастар менен шорлор жүрөт да, кыргыздардын өзү жок!

Бул элдер, албетте, бир топто болууга тийиш эле, анткени алар тилмечсиз эле өз ара эркин сүйлөшө алышат.

Урматтуу Форумдун катышуучулары!

Энесай кыргыздарынын тукуму болгон алтай элдери тарыхтын оор сыноолоруна туш болгон. Кыргыз Каганаты кыйрап, мамлекеттүүлүк жок болгондон кийин Алтайда жана Энесайда калган кыргыздар көп кылым бою согуштарды, баскынчылардын эзүүсүн, кыргындарды жана ассимиляцияны башынан кечирген.

Алтай элдери мамлекет тарабынан өзгөчө мамилеге жана камкордукка муктаж. Алар өз тилин, тарыхын, ата-бабаларын билүүгө акылуу. Бул үчүн бардык шарт түзүлүшү керек. Бул Россиянын имиджи. Бирок үч жыл мурда Улуу Манаска жана Барсбек ханга эстелик тургузууга уруксат сурап кайрылганыбызда Алтай республикасынын жана  Хакасия республикасынын жетекчилери баш тартышты.

Эмне үчүн ушундай болду? Анткени энесай кыргыздары –  алтайлыктар менен хакастарды  Ала-Тоо кыргыздарына каршы койгон бөлүп-жарган замандын кесепети азыр да калыптыр. Бул үчүн айрым советтик окумуштуулар ар кандай жалган илимий теорияларды да ойлоп чыгышкан.

Ошентип, илгерки замандын эски калдыктары – ишенбөөчүлүк, шектенүүчүлүк дагы эле жергиликтүү бийликтердин кабинеттеринде өкүм сүрүүдө. Тарыхтан жана тарыхый эстеликтерден коркпош керек. Маңкурттук менен тарыхты бурмалоодон коркуш керек.

Урматтуу Форумдун катышуучулары!

Алтай – адамзат цивилизациясынын очокторунун бири, фин-угор, түрк-монгол, маньчжур-тунгус, корей, жапон жана башка элдердин түпкү мекени.

Археологиялык казуулардын, этнографиялык экспедициялардын маалыматтары, фольклордук жана жазма булактарды изилдөө жыйынтыктары бул элдердин тамыры бир экенин тастыктайт. Коло доорунан  бери археологиялык эстеликтер алтай цивилизациясынын мураскерлери болгон элдердин чарбалык-маданий,  антропологиялык окшоштуктарын күбөлөп турат.

Алтай тилдүү тектеш элдер бүгүн түндүгүндө Якутиядан тартып түштүгүндө Түркия менен Иранга чейинки, батышында Венгрия менен Карелиядан тартып чыгышында Жапония менен Кореяга чейинки кеӊ мейкиндикти байырдашат. Албетте, Алтайдын өзүндө, Оролдо, Волга боюнда, Борбор Азияда, Монголияда жана Кытайдын көз жеткис аймактарында отурукташкан. Россиянын жана Кытайдын элдерин кошкондо бул аймактар эбегейсиз географиялык жана тарыхый-маданий регион, Евразиянын өзүнчө бир «континенти» болуп саналат.

Мен Россиянын жана Кытайдын элдерин жөн жеринен алтай тилдүү тектеш элдерге  «кошкон» жокмун. Биздин элдердин жалпы тарыхы, тыгыз маданий жана социалдык алака-катыштары бар. Андан да аларды кандаш тууганчылык да бириктирет. “Эгер орусту жакшылап териштирсең, татар болуп чыгат” деп Россияда жөн жерден айтылбаса керек.

Алтай тилдүү тектеш элдер арасынан шаманчылыктан тарта буддизмге, христианчылыкка жана исламга чейин диндерди кездештиребиз. Биерде европалыктар да, азиялыктар да бар. Эгер биз алтай тилдүү тектеш элдерди кызматташтыкка, маданий өз ара түшүнүүчүлүккө жана биримдикке жеткире алсак, келечекте дүйнөдөгү бардык элдердин тынчтыгына жана ынтымагына жол ачылмак.

Дүйнө элдерин кайрадан диний, расалык, этностук белгилери, өӊү-башы, ишенимдери боюнча кагыштыруу аракеттери күч алган азыркы коогалуу доордо дал алтай тилдүү тектеш элдер Жер шарындагы бардык адамдардын түпкү теги бир боордош экенин ачык далилдеген мисал болуп кала алат.

Алтаистика илим катары, ал эми саясатта болсо мен аны паналтаизм дейт элем, элдер ортосундагы тынчтыкка данакер боло алат. Пангерманизмден, панславизмден, панарабизмден жана пантүркизмден айырмаланып, алтаистиканы, паналтаизмди этностук артыкчылык идеологиясын пропагандалоо үчүн саясый курал катары колдонуу мүмкүн эмес.

Алтай тилдүү тектеш элдер миңдеген жылдар бою орустар жана кытайлыктар менен бир аймакта жашап келатышат. Баарыбыз бирге Евразия континентинин кең бөлүгүн ээлеп турабыз.

Ошондуктан элдерди өӊү-башы, диний ишеними же тили боюнча бөлгөн саясый идеялардын, панславизм жана пантүркизм идеяларынын ордуна тарыхтын өзү, Жер шарынын өзү бизди Евразиялык деген идеянын алдында биригүүгө түртүп жатат.

Бул кылымдык идеяга Казакстан президенти урматтуу Н.А. Назарбаев жаңы өмүр киргизди. Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинь Пиндин «Бир шакек – бир жол» долбоору да ушул нукта. Бул идея канцлер А. Меркель менен президент В.В. Путиндин  Брюсселден Владивостокко чейинки бирдиктүү экономикалык мейкиндик жөнүндөгү сөздөрүндө камтылган.

Биз, Алтай цивилизациясынын өкүлдөрү евразиялык континентте тынчтык менен ынтымакты бекемдөөгө кол кабыш кыла алабыз. Анткени биз бүгүн Азиянын да, Европанын да өкүлдөрүбүз. Бизде шаманизм да, буддизм да, христианчылык да, ислам да бар.

Демек, Евразия континентинин тынч келечеги үчүн, бүт планетанын тынч келечеги үчүн биз алтаистиканы колдоп, ага жаңы өмүр берүүгө тийишпиз. Бул евразиялык интеграцияны чыңдоого,  Евразия элдеринин достугу менен кызматташтыгына кошкон салымыбыз болмокчу.

Урматтуу Форумдун катышуучулары!

Байыркы Алтайдын тарыхына, анын шаарларына жана археологиялык табылгаларына адамзат цивилизациясынын башаттарынын издери катары тийиштүү көӊүл бурулбай жатат.

Ошондуктан мен, биринчиден, «Алтай цивилизациясы» тарыхый-маданий борборун Алтайда куруу идеясы менен биздин Форум Россия Федерациясынын жана алтай тилдүү тектеш өлкөлөрдүн жетекчилигине кайрылууну сунуштайм. Бул борбор келечекте биздин элдердин  ыйык руханий ордосу, Мекеси жана Иерусалими болуп кала алат.

Биз, кыргыздар кыска мөөнөттө борбордун долбоорун иштеп чыгып, анын павильондорунун бирин – Энесай жана Кыргыз Каганатынын кыргыздарынын тарых музейин курууга даярбыз.

РФ жетекчилиги, РФ президенти бизди колдойт деп ишенем. Анткени Россия элдерине, анын ичинде түрк тилдүү татарларга, башкырларга, якуттарга, чуваштарга, алтайлыктарга, хакастарга, шорлорго жана башкаларга камкордук, алардын тили менен маданиятына, тарыхы менен салттарына камкордук кандай гана болбосун радикалдык идеяларга альтернатива боло алат.

Экинчиден, «Мурас» фондунун окумуштуулары жана эксперттери менен биргеликте биз Бишкекте «Алтай цивилизациясын изилдөө институтун» түзүүнү сунуштайбыз. Ал биздин өлкөлөр жана элдер арасында ар тараптуу биргелешкен илимий изилдөөлөр программасын  ишке ашырууну координациялап, илим, билим берүү, маданий кызматташтыкты кеӊейтүүгө көмөкчү болмок.

Үчүнчүдөн, биздин Форум Эл аралык Алтаистика Конференциясынын (PIAC) жетекчилигине PIACтын кезектеги конференциясын кийинки жылы Кыргызстанда, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маалында бирге өткөрүү жөнүндө кайрылалы деп сунуштайм.

Урматтуу Форумдун катышуучулары!

Сөзүмдүн соӊунда мен дагы бир жолу: элдерди тили, өӊү-башы жана диний ишенимдери боюнча бөлүү идеяларынын ордуна тынчтык менен жакшылык идеясына, ар башка элдерди бириктирүү идеясына, паналтаизм жана евразиялык идеясына таянуу керек деген сөздөрдү кайталагым келет. Мында алтаист  окумуштуулар жана алтай тилдүү тектеш элдердин лидерлери өз салмактуу сөздөрүн айтууга тийиш.

Форумубуздун ишине ийгилик каалайм!

Көңүл бурганыӊыздарга ракмат!”

Селден жабыркагандар Кең-Сайга көчүрүлөт

Араван районунун Кичи-Алай айылында болгон селдин кесепетинен 6 үй жабыркаган. Сел түшүү коркунучу бар дагы 5 үйдү кошуп жалпы 11 турак-жай көчүрүлөт. Аларга Кең-Сай массивинен жер аянттары бөлүп берилет. Бул туралуу КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов селден жабыркаган аймактын элми менен болгон жолугушууда маалымдады. Бул туурасында Ош облустук маалымат кызматы билдирди.

“Быйыл табигый кырсык көп катталды. Өзгөн, Чоң-Алай райондорунда эле миңдеген үй-бүлөлөрдү жаңы конуштарга көчүрүп жатабыз. Тилеке каршы ал жерлерде адам өмүрү кыйылып кетти. Калган барын кайра тапса курса, жасаса болот экен. Сиздерде кудайга шүгүр эң башкысы башыңыздар аман . Башкасы табылат. Калганын чогу жасайбыз. Кең-Сай массивинен жер бөлүп берүү чечилди. Шаарга жакын, шартын түзүп беребиз. Курулуш материалдар жагынан жардам болот. Эл деген бар карап турбайт. Бул жерди жайыт катары пайдалана бересиздер. Бирок турак-жайды коопсуз жерге салбасаңыздар болбойт”-деди Таалайбек Сарыбашов элге кайрылып.

Жабыр тарткан жарандар да айтылган пикирди кубаттап жер маселеси чечилсе ал жака көчүп барууга макулдугун айтып, шарт түзүп, курулуш иштерине жардам көрсөтүүнү суранышты.
Ал эми кырсык болгон жерге кошо барган өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов сел менен кошо келген агындыларды жана шагыл топурактарды сүрүп тазалоо, ыңгайсыздыктардын барын жоюуга техника жана күч жөнөтүлөрүн айтты. Адистердин сөзүн угуп көч деген жерден көчүүгө кырсыктан сактанууга чакырды. Бийлик өкүлдөрү андан сырткары сел агымы жеп кеткен дагы башка участокторду көрүп кырсыктын алдын алуу жана калкка жардам көрсөтүү тапшырмасын коюшту.

Меню