Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Алмазбек Атамбаев Татарстандын Президенти Рустам Минниханов менен жолугушту

Алмазбек Атабаев, бүгүн, 20-июлда,  Бишкекте өтүп жаткан “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер форумуна”  катышуу үчүн Кыргызстанга  жумушчу сапар менен келген Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын Президенти  Рустам Минниханов менен жолугушту. Бул туурасында Президенттин аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев мейманды жылуу кабыл алып, Эл аралык форумга катышуу максатында Кыргызстанга келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди

Өз кезегинде Татарстандын Президенти Рустам Минниханов Президент Алмазбек Атамбаевди Россия Федерациясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында  жакында  эле Татарстанга жасаган сапары үчүн ыраазычылык билдирди.

Рустам Минниханов  ошондой эле “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер форумуна”    катышуу үчүн чакыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип,  бул абдан маанилүү жана мазмундуу иш чара экендигин кошумчалады. “Биз бардыгыбыз тилди, маданиятты, тарыхты сактоо туурасында ойлонобуз. Бул маселелер  учурда абдан маанилүү жана актуалдуу, өзгөчө көңүл бурууга татыктуу”,- деди ал.

Жолугушууда  кыргыз-россиялык көп пландуу мамилелердин алкагында  Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы  кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков Токтогул районундагы ирригациялык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты

Сооронбай Жээнбеков  бүгүн,  19-июлда, Жалал-Абад облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Токтогул районундагы насостук станциянын жана суткалык суу бөлүштүрүүчү бассейндин абалы менен таанышты. Бул туурасында Өкмөттүн рамий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы Торкен айыл аймагынын Көтөрмө айылындагы насостук станциянын абалын иликтеди. Токтогул райондук атайын фондунун жетекчиси Таалай Чотоев маалымдагандай, станция  2016-жылдын ноябрында курулган, азыркы кезде пайдаланууга тапшыруу боюнча жыйынтыктоо иштери улантылууда. Насостук станциянын курулушунун чыгымы  жалпысынан 2,5млн сомду түзөт. Аталаган объектини ишке киргизүү менен Торкен айылдык аймагындагы  сугат жердин  аянты 200 гектарга көбөйөт. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жакынкы аралыкта аталган насостук станцияны толук кубаттуулукта ишке киргизүүнү тапшырды.

Андан ары Өкмөт башчы Үч-Терек айыл аймагындагы суткалык суу бөлүштүрүүчү бассейдин абалы менен таанышты. Анын курулушу 2017-жылдын апрель айында бүткөрүлгөн.  Объект Токтогул районун өнүктүрүү фондунан каржыланып, ага 16,8 млн сом бөлүнгөн. Сууну айлантуунун  көлөмү 750 миң куб метрди түзөт. Объектини ишке киргизүү менен 680 үй жана  1,5 миң гектаров жер сугат суу менен камсыз болот. Мындан тышкары Ак-Терек-1 жана  Ак-Терек-2 электр нгасостук станцияларын колдонуу зарылдыгы жокко чыгарылат. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков суткалык суу бөлүштүрүүчү бассейнди ишке киргизүүнү тездетүүнү тапшырды.

Андан соң Премьер-министр Тегермен жеке менчик балык чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Чарба ээси Аманжан Борбиевдин айтымында, жыл сайын бул жерден 20 тонна форель балыгы  өндүрүлөт. Чарба  9 жылдан бери иштейт.  Аманжан Борбиев Сооронбай Жээнбековго кайрылып,  балык чарбасын кеңейтүү үчүн Өкмөт тараптан жеңилдетилген насыя алууга колдоо көрсөтүүсүн өтүндү. Ишкер келечекте сырткы рынокко чыгууну пландаштырууда.

Премьер-министр  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аталган маселени чечүүгө жардам берүүнү жана ишкерлерге максималдуу  колдоо көрсөтүүнү тапшырды.

Атамбаев Зергер жана Жалпак-Таш айыл аймактарындагы жер көчкүдөн жабыркагандарга 7 жеке турак үйдү курууга материалдык жардам бөлдү

Алмазбек Атамбаев Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер жана Жалпак-Таш айылдык аймактарындагы жер көчкүнүн кесепетинен жабыр тарткандарга 7 жеке турак үйдү курууга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине финансылык колдоо көрсөтүү  үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 10 490 900 (он миллион төрт жүз токсон  миң тогуз жүз) сом бөлүп берди.

Мамлекет башчысынын  турак жай курууга каражат бөлүү тууралуу чечими  жаратылыш кырсыгынан  үйлөрү жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн оор  материалдык абалын эске алуу менен кабыл алынган.

Баткен облустук сотунун жана район, шаардык соттордун аткарган иштеринин 6 айлык жыйынтыгы чыгарылды

Баткен облусундагы  райондук, шаардык  жана райондор аралык соттордун 2017-жылдын 6 – айындагы сот адилеттигинин ишке ашыруудагы жыйыны 17-июлда болду, – деп Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйынга Баткен облустук сотунун төрагасы Сайдибаказ Мусаев, төраганын орун басарлары Сооронбай Карабаев, Зарипбек Аданбаев облустук соттун судьялары, район, шаардык соттордун төрагалары жана судьялары катышты.

Баткен облусундагы райондук, шаардык жана райондор аралык сотунда жалпысынан 2639 иш каралып бүткөн. Алты айдын ичинде чыгарылган соттук актыларынын кылмыш иштери боюнча 31,4 пайыз экинчи инстанцияга датануулар болгон. Ал эми жарандык иштер боюнча 3,8 пайызга даттануулар болгон болсо, административдик иштер боюнча 18,9 пайыздын тегерегинде, экономикалык иштер боюнча 12,2 пайыздык көрсөткүчтө даттануулар болгон. Жалпысынан чыгарылган соттук чечимдердин сапаты боюнча, жыйындын катышуучулары канааттандыраарлык деп табышты.

Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарган жыйында Баткен облусунун райондук жана шаардык сотторунда 2016-жылда каралаган КРнын АЖжКнын 238-беренесининдеги “ Айдоочулардын  же башка адамдардын транспорт каражаттарын мас абалында айдоосу, ошого тете транспорт каражатын мас абалындагы адамга айдоого берүү”  боюнча административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштерди жалпылоо боюнча маалымат угузулуп, талкуу жүргүзүлдү.

Жыйындын соңунда жетекчилик тараптан соттук иштердин сапатын жакшыртууга жакшы көңүл бурулуусу милдеттендирилди.

 

20-июлда Бишкекте “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер Форуму” ачылат

Эртең, 20-июлда  Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаевдин демилгеси  менен  уюштурулган  “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер Форуму”  ачылат.  Бул туурасында президенттин аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Эл аралык форум  21-23-июлда өз ишин Чолпон-Ата шаарында улантат.

Форумда Евразиянын кеңири аймагында жашаган Алтай тектүү элдердин гуманитардык, тарыхый жана маданий  байланыштарын чыңдоого багытталган акыркы илимий изилдөөлөрдүн, билим берүү жана маданий долбоорлордун жыйынтыктары талкууланат.

Форумдун ишине  100дөн  ашуун    чет элдик  жана кыргызстандык  алтайчы-окумуштуулар, тарыхчылар, археологдор, этнографтар, антропологдор, лингвисттер, фольклорду, искусствону жана маданий дөөлөттөрдү изилдөөчүлөр  катышат.

Бишкекте  Форумдун расмий  ачылышында Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев, Россия Федерациясынын Башкыртстан Республикасынын башчысы Рустем Хамитов, Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов жана Саха (Якутия) Республикасынын Мамлекеттик жыйынын Төрагасы Александр Жирков чыгып сүйлөйт деп болжолдонууда.

Эл аралык форумдун алкагында 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борборунда «Алтай көчү» экспозициясынын расмий ачылышы күтүлүүдө. Борбордо  30 боз үй тигилип,  Алтай тектүү элдеринин (кыргыз, казак, татар, башкыр, уйгур.ж.б.)   турмуш-тиричилигин, улуттук көчмөн салттарын чагылдырган жандуу музей жайгаштырылмакчы. Экспозиция  каалоочулар үчүн 2017-жылдын 31-августуна чейин ачык болот.

Чолпон-Ата шаарында форумдун иши секцияларда өтөт. Окумуштуулар өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүнүн акыркы жыйынтыктарын  кеңири талкууга коет. Ошондой эле «Алтай цивилизациясы: өткөнү, азыркысы, келечеги» тегерек стол өткөрүлөт.

Эл аралык форум декларация кабыл алуу менен аяктайт.

Форумдун катышуучуларына  ошону менен катар атайын маданий программа каралган.

Дүйшөнбек Зилалиев бүгүн Алмаз Атамбаевге чехтердин «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясынын Кыргызстандагы иштери тууралу маалымат берди

Алмаз Атамбаев бүгүн, 19-июлда, Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктары мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды. Бул туурасында президенттин рамий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысына  өлкөнүн энергетикалык системасынын иши жана алдыдагы келе жаткан жылытуу мезгилине даярдыктык көрүү чаралары тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле  өлкөдөгү гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери дагы талкууланды. Тактап айтканда  Президентке чехтердин «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушу тууралуу макулдашууну ишке ашыруу боюнча даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

Дүйшөнбек Зилалиев   азыркы учурда  биринчи кезекте аткарылчу иш чаралар жүргүзүлүп  жаткандыгын маалымдады.  Техникалык-экономикалык негиздемелерди жаңыртуу жана түзөтүүлөрдү киргизүү, аталган энергетикалык обьектилерди курулушун  алдыга жылдыруу үчүн «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясынын инженерлер тобу кыргызстандык адистер менен бирдикте Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушунун долбоору менен  жеринде таанышып чыгышты.

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик комитеттин төрагасынан мурда кол коюлган макулдашулардын шарттары талап кылгандай,  мамлекеттин кызыкчылыктарынын артыкчылыктарын сактоо менен,  өлкөбүз үчүн маанилүү гидроэнергетикалык долбоорду ишке ашырууга абдан дыкаттык менен даярдык көрүүнү камсыз кылууну  талап кылды.

Алмазбек Атамбаев Россиянын Челябинск областынын губернатору Борис Дубровскийди кабыл алды

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-июлда, Челябинск областынын  Бишкектеги күндөрүн өткөрүүнүн алкагында өлкөбүзгө келген  Россия Федерациясынын Челябинск областынын губернатору Борис Дубровскийди кабыл алды. Бул туурасында президенттин аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Кыргызстан менен Челябинск областынын ортосунда  өз ара  кызыкчылык туудурган  жана колдогу потенциалды жана мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен, экономикалык, анын ичинде  экономикалык интеграция процессине байланыштуу мамилелерди тереңдетүү маселелери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев менен губернатор Борис Дубровский  туризм, айыл чарбасы, логистика, өнөр жай  жана соода чөйрөсүндө өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстан менен Челябинск областынын  бизнес чөйрөсүнүн  түз байланыштарын активдештирүү зарылчылыгын баса белгилешти.

Жолугушууда  Челябинск областынан өкүлчүлүктүү делегациянын Кыргызстанга сапары  өз ара пайдалуу жана  иштиктүү мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө болооруна ишеним билдирилди.

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жана 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортторго ээ жарандар 2017-жылдын 15-октябрындагы шайлоого катыша алышпайт

Учурдагы мыйзамга ылайык, биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар шайлоо тизмелерине киргизилбейт жана шайлоого катыша алышпайт. Бул 1994-жылдын  үлгүсүндөгү паспортторго ээ жарандарга да тиешелүү. Аталган паспортторду жаңы үлгүдөгү паспортторго алмаштыруу керек, бул процесс акысыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев бүгүн, 19-июлда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2017-жылдын 1-жарым жылдык ишинин жыйынтыгы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоосуна даярдыкка арналган маалымат жыйынында билдирди.

«Учурда шайлоочулардын тизмелерин тактоо боюнча иштер аткарылууда. Жарандар www.shailoo.srs.kg порталынын жардамы менен шайлоочулардын тизмелеринен өздөрүн таап, так эместиктер жана каталарды байкашса, аны жоюу максатында биздин адистерге кайрылса болот. Муну менен бирге жарандар «119» номуру аркылуу чалуу борборуна кайрылса болот. Байланыш операторун күтүп отурбастан, «119» номуруна өздүктү тактаган номерди атап, кыскача билдирүү жиберсе, система автоматтуу түрдө шайлоо участогунун дареги менен номуру камтылган жоопту жаранга жиберет», – деди ал.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев белгилегендей, шайлоого 70 күн калганда Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына алдын ала шайлоочулардын тизмесин жиберет.

«15 күн өткөндөн кийин ар бир шайлоо участогунда шайлоочулар тизмеси пайда болот. Бул мезгилден тарта шайлоочулар шайлоо участокторуна келип, алар менен таанышса болот. Мындан кийин шайлоого 20 күн калганда, 30 күн калганда жаңыртылган тизмелер БШКга жиберилет, андан кийин шайлоочулардын акыркы тизмеси илинет. Шайлоо күнүнө 15 күн калганда жарандардан тизмеге кошуу боюнча арыздарын кабыл алуу токтотулат», – деп белгиледи Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев.

КР Президенттигине талапкерлер мамлекеттик тилди билүүсү боюнча «Кыргызтест» системасы боюнча тестирлөөдөн өтүшөт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына талапкерлердин «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоону караган токтом кабыл алды. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Иштелип чыккан система бардык тараптар үчүн, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордуна талапкерлерге арналат.  «Кыргызтест» системасы өз ичине төмөнкүдөй деңгээлдерди камтыйт: элементардык  деңгээл (А1), базалык деңгээле (А2), орто деңгээл (В1), ортодон жогору деңгээл (В2), жогорку деңгээл (С1).

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын контитуциялык Мыйзамынын 51-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна талапкерлер мамлекеттик тилди В2 – «ортодон жогору»  деңгээлинде,  коммуникативдик байланыш түзө билиши  керек, буга мамлекеттик тилди билүүнүн  эки жогорку категориядагы  деңгээли кирет.

«Кыргызтест» системасы боюнча талапкерлерди тестирлөөнү мамлекеттик тилди өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу орган түзгөн эксперттик комиссия өткөрөт. Төрт субтест боюнча жалпы балл «1. Лексика, грамматика, жазуу», «2. Аудирлөө», «3. Окуу», «4. Сүйлөө» эксперттик комиссия тарабынан коюлат.

«Кыргызтест» системасы эл аралык стандарттарга ылайык иштелип чыккан. Тапшыруу жараяны  баалоодо адам факторун алып салуу үчүн  толугу менен компьютерлештирилген.  Компьютердик система тапшырылган тесттин негизинде  баллдарды объективдүү эсептеп, жыйынтыгын чыгаруусу каралган.

«Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Алмазбек Атамбаев  “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын  макулдашылган вариантына кол койду. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан  Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 29-июнунда  кабыл алынган.

Мыйзам карама каршылыктарды жоюп, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” 2011-жылдын 8-августундагы №149 мыйзамынын ченемдерин  “Администрациялык ишмердиктин жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө”  2015-жылдын 31-июлундагы №210 мыйзамга шайкеш келтирилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымдама: Өкмөт тарабынан демилгеленген (2016-жылдын 1-июнундагы №291 токтом) жана Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 1-февралында кабыл алынган Мыйзамдын биринчи варианты Президент тарабынан “макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн” деген каршы пикири менен 2017-жылдын 13-мартында парламентке кайра кайтарылган.

Меню