Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Конституцияда белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө конституциялык мыйзамга кол коюлду

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын  Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын конституциялык   Мыйзамына кол койду. Бул туурасында президенттин аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 14-июнунда кабыл алынган.

Бул конституциялык мыйзам 2016-жылдын 11-декабрында референдумда (жалпы элдик добуш берүү менен)  кабыл алынган  Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы №218  “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамы менен өзгөртүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2016-жылдын 4-июлундагы №3 чечими менен  жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы №161 ПЖ  Жарлыгы  менен  бекитилген  Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча комплекстүү чараларды аткаруу үчүн реалдуу негиз түзгөн  Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын жоболорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Кабыл алынган мыйзамда төмөндөгүлөр каралат:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-статьясынын 1 жана 6-пункттарынын талаптары  тиешелүү болгон мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын тизмеги  такталат.

2.Ушул мамлекеттик органдарда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө бекитилет.

3.Изин суутпай издөө ишин  жүзөгө ашырган органдарга көзөмөл  жүргүзүүнү КР Башкы прокурору, ал ыйгарым укук берген КР Башкы прокуратурасынын прокурорлору, ошондой эле райондордун прокурорлорунун статусунан төмөн эмес прокурорлор ишке ашырат.

Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өткөрүлдү

Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 17-июлда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны  өткөрүлдү.

Жыйынды ачып жатып Мамлекет башчысы  жыйындын күн тартибинде биринчи  болуп абдан маанилүү маселе  – Кыргыз Республикасында жол кыймылынын  коопсуздугун жогорулатуу боюнча чаралар тургандыгын белгиледи. Президент Алмазбек Атамбаев  жол-транспорттук кырсыктардын саны өсүшүнө байланыштуу түзүлгөн  кырдаал, айрыкча анын кесепетинен балдар каза болуп жатканы,  кардиналдуу жана принципиалдуу чечимдерди кабыл алууну талап кылып жаткандыгын баса белгиледи.

Жеңиш Разаков Коопсуздук кеңешинин катчылыгы, Өкмөт жана жарандык коомдун өкүлдөрү тарабынан иштелип чыккан жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча комплекстүү чаралардын долбоорун сунуштады.  Документ  6 блоктон турат  жана  төмөндөгүлөрдү камтыйт: жол коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө процессти башкарууну автоматташтыруу, башкаруучулук, мыйзамдык чаралар, жол инфраструктурасынын маселелери,  маалыматтык кампанияларын өткөрүү жана калктын маалымдуулугун арттыруу.

Докладды талкуулоонун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев  өлүмгө алып келген жол кырсыгын жасаган айрыкча  мас абалындагы айдоочуларга  карата жоопкерчиликти катуулатуу зарылчылыгын белгиледи.  Мамлекет башчысы  мындай айдоочуларга  карата жаза сөзсүз колдонулушун камсыз кылуунун маанисин баса белгиледи. “Алтын” жаштар адамды өлтүрүп алып, ата-энеси акча берип түрмөдөн алардын башын арачалай албайт деп билгидей болсун. Мас айдоочулар –жанкесер канкорлор.  Мас абалында жол кырсыгын жасап, адам өлүмүнө себепкер болгон айдоочулардын жоопкерчилигин катуулатыш керек”,-деди Мамлекет башчысы.

Президент  жолдордогу  коопсуздукту жогорулатуу боюнча сунушталган чараларды толук жана сапаттуу ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттарды издеп табуу зарылдыгын айрыкча баса   белгиледи.

Талкуунун жүрүшүндө Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү  дагы  автомектептердеги билимдин сапаты боюнча маселени көтөрүп чыгышты. Тактап айтканда «Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов автомектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн билимин көз карандысыз текшерип жана баа берип, айдоочуларды даярдоонун деңгээли төмөн автомектептердин лицензиясын алып коюуну сунуштады.

Мындан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев  жана Коопсуздук кеңешинин  мүчөлөрү жол кыймылын башкаруунун борборлоштурулган  автоматташтырылган  системасын түзүү менен   автожолдордо   жол жүрүү эрежелерин бузууларды видеофиксациялоо  үчүн камераларды орнотуу үчүн өлкөбүз боюнча комплекстүү жана бирдиктүү программаны тездетип ишке киргизүү үчүн «Альфа Телеком» ЖАКты сатуу аркылуу каражат табуу зарылчылыгын баса белгилешти

Айтылган сунуштарды жана пикирлерди эске алуу менен, Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү   жол коопсуздугунун системасын  реформалоо боюнча чаралардын комплексин колдоо тууралуу чечим кабыл алышты.

Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу системасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар тууралуу” доклад менен  өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов чыгып сүйлөдү.

Маселени талкуулоонун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев  турак жайды табигый кырсыктардан жана өрттөн  камсыздандыруу   боюнча Өкмөттүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу    органдарынын  ишин катуу сынга алып, жараксыз деп атады. Мамлекет башчысы  жаратылыш кырсыктарынан  турак жайды калыбына келтирүү үчүн  камсыздандыруу системасынын шайкеш ишин камсыз кылуу зарыл экендигин баса белгиледи. Президент     бул маселе Өкмөттүн күн тартибиндеги өзгөчө контролдо болуп, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу    органдарынын   конкреттүү жетекчилери  жарандардын турак жайын, айрыкча коркунучтуу аймактардагы турак жайын камсыздандыруу үчүн  жеке жоопкерчилик тартаарын белгиледи.

Талкуунун жүрүшүндө Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү тарабынан   мектептерди куруудагы  коопсуздук боюнча талаптарды кайра карап чыгуу тууралуу сунуштар айтылды.

Бул маселе боюнча    талкуунун жыйынтыгында  Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын  жарандык коргоо системасынын  үзгүлтүксүз, сапаттуу, натыйжалуу ишине багытталган бир катар чараларды иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу, ошондой эле турак жайды табигат кырсыктарынан камсыздандыруу боюнча ишти активдештирүү сунушталды.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө  Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын стратегиялык обьектилеринин  тизмесине сунуштамалар тууралуу” маселени карашып, тиешелүү чечим кабыл алышты.

2017-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин отуруму өткөрүлөт

Президент Атамбаевдин төрагалыгы алдында 2017-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги отуруму өткөрүлөт. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Отурумда төмөндөгү маселелер каралат:

– Кыргыз Республикасында жол кыймылынын  коопсуздугун жогорулатуу боюнча чаралар тууралуу;

– Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу системасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар тууралуу;

-Кыргыз Республикасынын стратегиялык обьектилеринин  Тизмесине сунуштамалар тууралуу.

Алмазбек Атамбаев финансы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алды

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-июлда, өлкөбүздүн финансы  министри  Адылбек Касымалиевди кабыл алды. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Мамлекет башчысына үстүбүздөгү жылга республикалык бюджеттин аткарылышынын жүрүшү, ошондой эле  анын киреше бөлүгүн бекемдөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана кийинки жылга республикалык бюджеттин алдын ала параметрлери туурасында маалымат берилди.

Адылбек Касымалиев  Президентке  бюджеттик чыгымдардын натыйжалуулугун  жогорулатуу, жарандар алдындагы социалдык милдеттенмелерди  аткаруу жана  бюджетти толуктоонун механизмдерин мындан ары өркүндөтүү боюнча аткарылып жаткан иштер туурасында дагы  маалымдады.

Президент Алмазбек Атамбаев  макроэкономикалык туруктуулукту сактоо жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик башка органдар менен бирге шайкеш иш жүргүзүүнү камсыз кылуу зарылчылыгын баса белгиледи.

Бүгүнкү күндө «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК жалпы 1,7 млрд сом суммасында 1410 ипотекалык насыя берди

Бүгүнкү күндө «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК жалпы 1,7 млрд сом суммасында 1410 ипотекалык насыя берди. Бул тууралуу «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ачык акционердик коомунун башкармалык төргасы Бактыбек Шамкеев бүгүн, 12-июлда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  «2015-2020 Жеткиликтүү турак-жай»  программасын ишке ашыруу маселеси боюнча өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди. Бул туралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

«Республика боюнча берилген ипотекалык насыялардын санынын ичинен 13% «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК тийиштүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2015-2020 Жеткиликтүү турак-жай»  программасы  боюнча насыя алгандардын көпчүлүгү бул- билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери. Мындан тышкары ипотекалык программа боюнча  турак-жай сатып алгандардардын көпчүлүк бөлүгүн  бюджеттик мекемелердин анын ичинде маданият ишмерлери, социалдык камсыздоо жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери түзөт.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  «2015-2020 Жеткиликтүү турак-жай»  программасына катышуу үчүн жашаган жери боюнча арыздарды кабыл алуу улантылууда», – деп белгиледи ал.

«Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК башкармалык төрагасы Бактыбек Шамкеев маалымдагандай, азыркы учурда рынок талап кылган  жаңы үч  продукцияны ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

«Биринчи долбоор – бул жарандардын турак-жай шарттарын жакшыртуу үчүн ипотеканын жардамы менен  коммуналдык же жалпы типтеги өздүк бөлмөсүнөн турган  толук кандуу батирди сатып алуусун камсыз кылуу. Экинчи долбоор-  турак-жайды ижарага алуу менен  кийин батирди сатып алуу. Үчүнчү долбоор – бул төлөм топтоо ипотекасы, мында жарандар ипотекалык насыя алууда алгачкы төлөмдөр үчүн каражаты жок жарандар, атайын эсептеги каражаттардын эсебинен ала алышат. Бул келечекте турак-жайды жеңилдетилген шартта алууга мүмкүнчүлүк түзөт», – деп билдирди «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК башкармалык төрагасы Бактыбек Шамкеев.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААК  Бишкек жаан Ош шаарларында, облус борборлорунда жана республиканын башка шаарларында эконом-класстагы турак-жайларды куруу боюнча бир нече ирет тендер өткөрдү.

2017-20121-жылдары интелектуалдык менчикти өнүктүрүү мамлекеттик программасы бекитилди

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «2017-20121-жылдары интелектуалдык менчикти өнүктүрүү мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.  Бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Аталган документ 2021-жылга карата интелектуалдык менчик рыногунун иштөөсү үчүн шарттарды түзүү максатында бекитилди.

Документте белгиленгендей, Кыргыз Республикасында экономиканын башка тармактарын реформалоо муктаждыгы жана өнөржай жана айыл чарба потенциалын өстүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралган.  Интелектуалдык менчикти өнүктүрүү мамлекеттик программасын ишке ашырууда технологиялык базаны кеңири масштабда жаңылоо, инновацияга карата ишкердиктин ийцкемдүүлүгүн жогорулатуу, инновацияга багытталган түз инвестицияларды көбөйтүү, адамдык капиталды өнүктүрүү жана инновациялык ишмердүүлүккө дем берүүгө басым жасалган.

Аталган мамлекеттик программаны реалдуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн сандык жана сапаттык индикаторлор иштелип чыккан.

Программаны ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик орган катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интелектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) аныкталды.

 

Жогорку сот жана сот адилеттигинин Жогорку мектеби судьялар үчүн семинар өткөрүүдө

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» долбоору менен биргеликте 2017-жылдын 13-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьяларынын катышуусу менен 2017-жылдын 15-октябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо маселелери боюнча семинар өткөрүүдө. Бул туралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Семинардын лектору Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Калиева Г.У.

Иш чара сот адилеттигинин Жогорку мектебинин окуу залында өткөрүлүп, анын ишине Кыргыз Республикасынын 11 судьясы:  Жогорку соттун 5 судьясы жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 6 судьясы катышууда.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Экспортко багытталган ишканалар үчүн эч кандай тоскоолдуктар болбошу керек

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 12-июлда, экспортерлор жана өлкөнүн бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен кезектеги жолугушуусун өткөрдү. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ишкердик чөйрөнүн актуалдуу көйгөйлөрүн талкуулоого мамлекеттик органдардын тармактык жетекчилери катышты. Ишкер чөйрөнүн жана бийлик  өкүлдөрү маселелердин кеңири багыттары боюнча пикир алышты.

Анын ичинде ветеринардык документтерди алууну  жөнөкөйлөштүрүү, үчүнчү өлкөлөргө товарларды ташып өткөрүүнү жеңилдетүү маселелерин талкуулашты. Эт азыктарын кайра иштетүүү жана эркин экономикалык аймагынын субъектиси болгон сырткы жана ички рынокко чыгаруу көйгөйлөрү талкууланды. Мындан тышкары архитектуралык кызмат көрсөтүү шарттары, жеңил өнөржай жана асем буюмдары тармактарын өнүктүрүү, жаңгак өстүрүү маселелери көтөрүлдү.

Сооронбай Жээнбеков экспорттук потенциялды өнүктүрүү стратегиялык мааниге ээ экендигин баса белгиледи. Премьер-министр ИДП курамындагы экспорт 30% түзөрүн билдирип, атамекендик товарларды экспорттоонун өсүүсүнүн оң жыйынтыктарына көңүл бурду. 2017-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча 30% өскөн, бул 657,7 млн АКШ долларын түзөт.

«Азыркы учурда өлкөдө экспортту өнүктүрүү боюнча жаңы программа иштелип чыгууда. Ал экспортко багытталган ишканаларды каржылык жана фискалдык колдоонун мүмкүнчүлүктөрүн карайт», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Аны менен бирге Өкмөт башчы олуттуу көйгөйлөрүн атады. Ишкерлер архитектура жана энергетика тармактарындагы кыйынчылыктарга туш болууда. Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдардын жетекчилерине кайрылып, экспортко багытталган ишканалар үчүн эч кандай тоскоолдуктар болбошу керектигин баса белгиледи.

«Өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн тийешелүү мыйзамдык базасы жана зарыл болгон айрым  шарттар бар, бирок адамдык фактор токтотуп жатат.

Кызматтык милдеттерин так аткарбаган кээ бир кызматтардын кызматкерлери чечүүчү маселелерди кечиктирип, өлкөдөгү ишкерлер үчүн чоң кыйынчылыктарды жаратууда», – деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Жыйындын жыйынтыгында Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга бизнес өкүлдөрү тарабынан айтылган маселелер менен көйгөйлөрдү чечүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү тапшырды.

Ош: Көйгөйлөр айтылып, талаптар коюлду!

Ош облусунун аймагында элдик жыйындар уланууда! Бул сапар Өкмөт өкүлү Таалайбек Сарыбашов Алай районун эң алыскы жана климаттык шарты катаал болгон Сары-Могол, Талды-Суу, Сары-Таш айыл аймагынын эли менен жолугуп шарт-абалы менен жакындан таанышып, чечүүгө тийиш болгон маселелерге жеринде чекит койду. Бул туралуу Ош облустук маалымат кызматы билдирди.

Сары-Могол эли облус башчысынан “жер үлүштүн жоктугу эң чоң маселебиз. Башка көйгөйүбүз жок. Мектепти жаңы заманбап типте салып бердиңер, мына эми маданият үйүн салып жатасыңар камкордук үчүн рахмат. Тиричилигибиз мал менен. Бир аз картошка эгебиз. Жер үлүш берилсе пенсияга да чыгат элек. Кошумча киреше болмок”-деп суранышты. Таалайбек Сарыбашов үлүш маселе көп жылдан бери чечилбес көйгөй болуп жатканын, ага карабастан аракеттер көрүлүп жаткандыгын маалымдады. Андан кийинки жыйын Талды-Суу айыл аймагында уланды. Элеттиктер негизги көйгөй катары жөлөк пул маселесин көтөрүштү.

Калган социалдык майда барат маселелерди айыл өкмөттүн деңгээлинде чечилип жаткандыгын ырасташты. Ал эми тогуз жолдун томундагы Сары-ТАш айыл аймагынын эли менен болгон жолугушууда саламаттыкты сактоо, билим берүүнүн абалы жана кемчилдиктери, паспорт алуу кыйынчылыгы тууралуу көптөгөн суроолор берилди. Ага жериде облус башчысы жеткиликтүү жоопторду берип айыл аймакты тиш дарыгери, хирург менен камсыздоону жергиликтүү бийлик менен райондук оорукананын жетекчилигине милдеттендирди. Ошондой эле паспорт алууда кыйынчылык жаралбоосу керектигин айтып, өз ишин так аткара албаган жетекчилерди кызматтан алуу сунушу киргизүүнү райондун акимине милдеттендирди.

Пикир алышуу суроо жооп иретинде уланып кызуу талкуулар менен коштолду. Ошентип тоонун кең пейил эли облус башчысына өз батасын берип узатышты. Элдик жыйын бүгүн да Алай районунун бир катар айыл аймактарында уланып жатат. Облус башчысын Алай районундагы бардык-мекеме ишканалардын жетекчилери коштоп жүрөт. Тийешелүүү тармактык маселелерге жеринде жооп берип көйгөйдү чечүү жолдорун чогу талкуулап жатышат.

Кыргызстанда эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

2017-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын МУКК өткөргөн контртеррористтик иш чаралардын алкагында, эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) мүчөсү, 1994-ж.т. Кыргыз Республикасынын жараны  «Н.С.» кармалды деп маалымдоодо МУККтун пресс-кызматы.

«Н.С» 2015-жылы чет өлкөдө болгон мезгилде ЭТУ эмиссарынын үгүтү менен сирия-ирактагы чыр-чатак зонасына жиберилген. Ал жакта күжүрмөн даярдыктан өткөндөн кийин, террористтик жашыруун уюм түзүү максатында Кыргызстанга жөнөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 375 (жалданмачылык) беренесинде каралган кылмыш белгилеринин негизинде кылмыш иши козголду

Кармалган адам КР МУКК тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

 

Меню