Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Алмазбек Атамбаевдин Медициналык кызматкерлердин күнү менен куттуктоосу

Президенттин Кеңешчиси Мира Карыбаева бүгүн, 30-июнда, Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Медициналык кызматкерлер күнүнө арналган салтанаттуу иш чарага катышып, Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди. Бул туурасында Президенттик Аппараттын расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештер!

Кыргызстанда 13,5 миң врачтар, 25 миңден ашуун медайымдар иштешет. Бул ак халатчан адамдар эң башкы баалуулук болгон адам өмүрүнүн сакчылыгында турушат.Дарыгерлердин эмгеги талыкпаганкайрат-күчтү, жогорку кесипкөйлүктү, чексиз айкөлдүктү, сезимталдыкты, боорукердикти, өтө чыдамкайлыкты жана эрдикти талап кылган кайратман эмгек. Элибиз далай дартка даба тапкан дарыгерди эмчиликтин пири Улукман аке менен теңештирип, «жеңил колдуу дарыгер» дейт. Ушунун өзү өлкө турмушунда, калк жашоосунда медицина кызматкерлеринин ээлеген орду канчалык маанилүү экенин, аларга болгон элдин урмат-сыйын таасын билдирип турат.

Акыркы жылдары мамлекет калктын бардык катмарларынасапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн чоң күч-аракет жумшап жатат. Жаңы клиникалар жана медициналык борборлор курула баштады, алар сапаттуу жана заманбап жабдуулар менен камсыз болууда. Жер-жерлерде фельдшердик-акушердик пункттар курулуп, ооруканалар оңдолуп жатат. Эне менен баланын саламаттыгын сактоо, калкка онкологиялык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу саламаттык сактоо чөйрөсүнүн жакынкы жылдардагы эң негизги артыкчылыктары болуп калды.

Биз мындан ары да медициналык жардамдын сапатын арттырууга, дартты аныктоонун жана дарылоонун жогорку технологиялык ыкмаларын киргизүүгө өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүү, медицина кызматкерлерин социалдык коргоо боюнча чараларды күчөтүү өтө маанилүү.

Кымбаттуу саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери!

Баарыңыздарды Медицина кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Талыкпаган эмгегиңиздер үчүн, адамзат алдында өтөп жаткан ак кызматыңыздар үчүн, өз кесибиңиздерге чексиз берилгендигиңиздер үчүн Кыргызстан элинин атынан чоң ыраазычылык билдирем.

Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, жарык маанай, албан ийгиликтерди жана бакубат турмуш каалайм!

Кыргыз Республикасынын Президенти        А.Ш. Атамбаев».

Алмаз Атамбаев: "Калк арасында  элди  бөлүп, баш-аламандык чыгарганга умтулган бузуку саясатчылар  али бар, аларга алданбагыла"

Атамбаев бүгүн, 30-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери үчүн   көп батирлүү   үч  турак үйдүн ачылыш салтанатына катышты. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысы  өзгөчө кырдаалдар ведомствосунун кызматкерлерин  жаңы конушу жана кесиптик майрамы  менен куттуктады. “ Мен үчүн дагы бүгүнкү күн өзгөчө күн, майрам күн, силерге окшоп. – деди Алмазбек Атамбаев.-  Акыркы алты жылдын ичинде  мамлекетибиз  абдан  өзгөрдү.  Ошол кезде  20-30-жылдан бери  үйү жок жүргөн аскер адамдарына, ӨКМ, УКМК кызматкерлерине мамлекет үй курат деп ким ойлойт эле.  Акыркы үч жылдын ичинде жаңы үйдүн ачкычтарын тапшыруу  жакшы салтка айланып калды. Биздин карапайым кыргыз элибизге рахмат, бардыгына чыдаган, сабырдуулук кылган, ишенип Президентти колдоп берген сиздерге ырахмат”.

Мамлекет башчысы Кыргызстан эли  алдыдагы Президенттик шайлоолордо ушул жолдон тайбаган, башталган иштерди уланта турган  адамды  тандап алаарына ишенимин билдирди. “Өткөн жылдын декабрында  биз Конституцияны бекер өзгөрткөн эмеспиз. Эми   жеке бир адам өлкөнү артка бура албайт, өзү жеке  чечим чыгара албайт”, -деди Алмазбек Атамбаев.  Бирок анын сөзү боюнча калк арасында  элди  бөлүп, баш-аламандык чыгарганга умтулган бузуку саясатчылар  али бар. “Андайларга алданбагыла”,-деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысынын пикири боюнча кыргыздар – нечен кылымдар бою тилин жана маданиятын сактап, кезинде  Сибирде Борбордук Азияга  жана Каспийге чейин созулган кубаттуу империя түзгөн өзгөчө эл. “Биз ата бабалардын жолун жолдоп, ынтымактуу болушубуз керек. Кыргызстан ичинде кандай иш болсо дагы биз, кыргыздар жооптуу болушубуз керек. Тарых бизге күчтүү, гүлдөгөн мамлекет курууга дагы бир мүмкүнчүлүк берип жатат. Ошондуктан  ынтымактуу, бир эл, бир журт бололу.  Менин максатым – таза шайлоо өткөрүү. Бирок добушуңарды сатпагыла, келечекти, намысты сатпагыла”,- деди Мамлекет башчысы.

Өз сөзүндө Президент Алмазбек Атамбаев акыркы кезде климат өзгөрүп, өлкөдө жаратылыш кырсыктарынын саны көбөйүп баратканын белгилеп, турак жайды камсыздандырууга чакырып кетти. “Эки жыл мурда  турак жайды камсыздандыруу боюнча мыйзам кабыл алынган. Анын шарттары боюнча  айына 50 сом төлөп, кокус табыгый кырсыктан улам  турак жай  урап калса, үйдүн курулушуна  жарым-бир миллион сом алууга болот. Айрымдар ошол шарттарды да сактабай жатканы – жакшы эмес. Өз келечегибизди ойлошубуз керек.  Кудай сактанганды сактайт”, -деди Президент

Мамлекет башчысы  цивилизациялуу өлкөлөрдө  жаратылыштын эң бүлүндүргүч  кырсыктарынан дагы коркушпастыгын белгиледи, анткени  турак жайды камсыздандыруу системасы иштеп, бардыгын тез эле калыбына келтире алышат. Президент  алты жылдын аралыгында  мамлекет   адамдарга жардам берүү, жарандарга камкордук  көрүү менен алектенип келди, бирок азыр  өлкө өзүн өзү багышы керек, ал эми адамдар мамлекет тууралуу камкордук көрчү мезгил келди, анткени күчтүү  мамлекет болбосо өлкөнүн жаркын келечеги болбостугун баса белгиледи.

Мамлекет башчысы  кызматтык милдетин  ак ниет аткаргандыгы, үлгүлүү аскердик тартиби үчүн, ошондой эле  Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу ведомствонун 7  кызматкерин  Президенттик саат  менен сыйлады.

Президент  Өзгөчө кырдаалда министри Кубатбек Бороновго жаңы үйлөрдүн алдына балдар  үчүн  аянтчаларды  курууга  300 миң сомдук  сертификат тапшырды.

Алмазбек Атамбаев «Дастан» заводунда болду

А. Атамбаев бүгүн, 29-июнда, «Дастан» трансулуттук корпорациясы» ачык акционердик коомунда болду. Бул туурасында Президенттик Аппараттын расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысы  ишкананын ишмердиги менен таанышып, өндүрүш жайларын кыдырып, заводдо чыгарылган атайын продукциялардын, ошондой эле  медициналык техниканын жана эл кеңири керектөөчү товарлардын үлгүлөрүн көрүп чыкты.

“Дастан” ТНК ААК башкармалыгынын төрагасы Юрий Васильев Президентке   заводдун азыркы жумуштары жана жүгүртүүдөгү каражаттардын тартыштыгына байланыштуу  кыйынчылыктарды эске алуу менен технологиялык процессти модернизациялоо боюнча алдыдагы  милдеттер туурасында  айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев   “Дастан” заводунун ишмердигинин маанисин, ишкананын чет өлкөлөргө экспорттоп жаткан продукциялардын сейректигин баса белгилеп,  кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго  ишканага  өндүрүш процессин модернизациялоого кредиттик каражаттарды бөлүп берүү маселесине көмөктөшүү боюнча тапшырма берди.

Өнүктүрүү фондунун каражаттары  ишкананын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, экспортко багытталган продукция чыгаруучу өндүрүштү модернизациялоого жана заводдун атаандашуу жөндөмүн арттырууга көмөктөшөт.

"Баткен, Жалал-Абад, жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

“Кыргыз Республикасынын  Баткен, Жалал-Абад, жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду. Бул туурасында Президенттик Аппараттын расмий сайты жарыялады.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 25-майында  кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамда төмөндөгү  калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү каралган:

– Кыргыз Республикасынын  Баткен областынын Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагынын  Максат калктуу конушун;

– Кыргыз Республикасынын  Баткен областынын Лейлек районундагы  Ак-Суу айыл аймагынын  Жезкен  калктуу конушун;

– Кыргыз Республикасынын  Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын  Коткор калктуу конушун;

– Кыргыз Республикасынын  Ош областынын Кара-Суу районундагы Сарай айыл аймагынын  Ак-Өргөө калктуу конушун;

-. Кыргыз Республикасынын  Ош областынын Ноокат районундагы Найман айыл аймагынын  Улуу-Тоо калктуу конушун.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Алмазбек Атамбаев Россиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту

А. Атамбаев бүгүн, 28-июнда  өлкөгө сапар менен келген Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Федералдык жыйынынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Бул туурасында Президенттик Аппараттын расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы  Вячеслав Володин баштаган парламенттик делегацияны жылуу тосуп алды.  “Россиянын өкүлдөрү менен болгон ар бир жолугушуу айрыкча мааниге ээ  –  биз досторубуз менен жолугушуп жатабыз. Россиянын өкүлдөрүнүн бизге жасаган сапарлары мурдагыдай анда-санда болбогонуна  кубанычтамын.- деди Алмазбек Атамбаев.-  Мен Москвада Владимир Владимировичке дагы айткам, эми дагы айтам,  мен Президенттик кызматта турган мезгилдеги эң башкы жетишкендик –  Россия Федерациясы менен  мамилелерди  тиешелүү деңгээлге көтөрө алдык. Бүгүн бул жөн гана достук мамилелер эмес, стратегиялык эки союздаштын, өнөктөштүн бир туугандык мамилелери”.

Президент Алмазбек Атамбаев  Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мындай мамилелер жыл өткөн сайын чыңдала берээрине  ишенимин билдирди.

Өз кезегинде  Россиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин Президент Алмазбек Атамбаевди жылуу кабыл алгандыгы жана жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, сапардын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары менен  натыйжалуу сүйлөшүүлөр болгондугун белгиледи.

“Биз өз ара мамилеле түзүүдө конкреттүү жыйынтыктарга жетишүүгө умтулалы деп макулдаштык. Зарыл болгон маселелерди чечиш  үчүн жумушчу сапарга  профилдик комитеттерди кошуп алганбыз. Өлкөлөр  жана элдер ортосунда мамилелерди чыңдоо боюнча  аткарып жаткан иштериңиз үчүн ырахмат. Парламенттердин милдети – бийик деңгээлде көтөрүлгөн макулдашууларды мыйзамдык жактан колдоону  толук  камсыз кылуу”,- деди  Вячеслав Володин.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Кыргызстан менен Россиянын ортосунда кызматташуунун  кеңири багыттары, анын ичинде  маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү маселелер, ошондой эле  Россиянын аймагында кыргызстандык эмгек мигранттарынын абалын жакшыртуу маселелери талкууланды.

“Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

“Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 25-майында  кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам Ысык-Көл  көлүнүн сейил бактык-пляждык зонасынын жер участокторун ижарага берүү маселелерин тактоого жана  ижарачылардын, менчик ээлеринин (ишкерлердин) сейил бактык-пляждык зонаны коргоо укуктарын кеңейтүүгө багытталып, төмөндөгү максаттарды көздөйт:

– тартипти, эс алуучулардын коопсуздугун, мүлктүн сакталышын камсыз кылууну;

-жаныбарлардын сейил бактык-пляждык зонаны булгоосуна жол бербөөнү;

-ижарачынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечими боюнча сейил бактык-пляждык зонанын аймагын көрктөндүрүү жана тартипке келтирүү боюнча өткөрүлгөн иштердин учурларынан тышкары, транспорт каражаттарынын киришине жана башка техниканын пайдаланылышына жол бербөөнү.

Алмазбек Атамбаев Алтайчылардын форумуна дыкаттык менен даярдык көрүүнү камсыз кылуу боюнча тапшырма берди

Атамбаев бүгүн, 27-июнда, кеңешчиси Мира Карыбаеваны кабыл алып, Кыргызстанда 2017-жылдын 20-22-июлунда өтө турган “Алтай цивилизациясы жана алтай тил бүлөсүнүн тектеш элдери ” эл аралык форумун өткөрүүгө даярдык көрүүнүн жүрүшүн талкуулады. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Эл аралык форум  Евразиянын кеңири аймагында жашаган элдердин жалпы алтай тил бүлөсүнүн, этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштарынын негизинде гуманитардык байланыштарын чыңдоого багытталган илимий изилдөөлөрдүн, билим берүү жана маданий долбоорлорунун жыйынтыктарын талкуулоо үчүн жаңы аянтча болуп калат.

Алмазбек Атамбаев Орозо айтка байланыштуу майрамдык айт-намазга катышты

А. Атамбаев кечээ, 25-июнда Аламүдүн районундагы Арашан айылынын мечитинде ыйык Орозо айтка байланыштуу майрамдык айт-намазга катышты.

Мамлекет башчысы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып, 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун жаркын элестерин эскерди.

 

Атамбаевдин Юристтер күнү жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы менен куттуктоосу

Президент Атамбаев Юристтер күнү жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына карата куттуктоо жасады. Бул туурасында Президенттик Аппараттын расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

Урматтуу Кыргызстандын юристтери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Юристтер күнү  жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин  түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы менен куттуктайм!

90 жылдын аралыгында  кыргыз юстициясы калыптануунун татаал жолун басып өттү. Бүгүнкү күндө биз эл аралык стандарттарга жооп берчү мыйзам базаларына гана эмес, юстиция органдарынын кесипкөй кызматкерлеринин корпусуна дагы ээ болдук.

Юстиция министирлигине мамлекеттик түрдүү органдарга, жарандарга жана юридикалык жактарга укуктук жактан жардам берүүдө өлкөнүн аткаруу бийлик органдарынын системасында маанилүү координациялык милдет  жүктөлгөн.

Кыргызстан укуктук  мамлекет курууга, парламенттик демократияны чыңдоого жана мыйзамдын артыкчылыгын камсыз кылууга  чечкиндүү багыт алды. Биз жарандарга кызмат кылган, бизнеске жакшы шарттарды түзгөн, коррупцияны жоюуга багытталган мамлекет курууга умтулуп жатабыз.

Мына ушул реформалардын бардыгы сиздерден ак дил менен эмгектенүүнү, компентенттүүлүктү, принципиалдуулукту, обьективдүүлүктү жана жеке жоопкерчиликти талап кылат. Айрыкча  мыйзамды урматтоо сезимин калыптандырууда, сапаттуу мыйзамдарды иштеп чыгууда жана   мыйзамдардын практикада так пайдаланылышын камсыз кылууда сиздерге абдан жооптуу милдет жүктөлгөн. Кыргызстан  адам укуктарын коргоо жана мыйзамдардын аткарылышы эң жогорку деңгээлдеги өлкөлөрдүн катарына кирүүгө тийиш. Мындай максат – мамлекетибиздин стратегиялык милдеттеринин бири.

Урматтуу юстиция органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Юрист болуу – чоң сыймык, ошону менен бирге зор жоопкерчилик. Сиздердин кесипке карата өзгөчө моралдык, этикалык жана укуктук жоопкерчилик жүктөлгөн. Кыргызстанда демократиялык институттардын  жана укуктук мамлекеттин калыптанышы жана чыңдалышы, экономиканын, социалдык чөйрөнүн туруктуу өнүгүшү сиздердин эмгегиңиздерге байланыштуу.

Укуктук мамлекеттин калыптанышы – татаал процесс. Ошондой болсо да, буга чейинки муундардын топтогон тажрыйбасы, юстиция органдарынын калыптанган системасы юстиция кызматкерлерине жаңы сыноолордон абийирдүүлүк менен өтүүгө жана алдыга коюлган жооптуу милдеттерди ийгиликтүү аткарууга мүмкүнчүлүк берет деп  ишенем.

Кыргызстан юристтери өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарат. Мекендештерибиздин  кызыкчылыктарын коргойт. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоого татыктуу салым кошот деп ишенем.

Ушул майрам күнү өлкөбүздүн баардык юристтерине тынчтык, жакшылык, чың ден соолук, эсенчилик жана  эгемендүү Кыргызстаныбыздын  гүлдөп өнүгүшү үчүн жооптуу ишиңиздерге  ийгиликтерди каалайм.

Алмазбек Атамбаевдин Орозо айт менен куттуктоосу

Президент Атамбаев Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарялады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

Урматтуу мекендештер!

Кадырман мусулмандар!

Баарыңыздарды Орозо айтыңыздар менен куттуктайм!

Миңдеген мекендештерибиз жылдын эң узак жана аптаптуу мезгилинде,бир ай бою Кудайдын чоң сыноосунан өттү. Орозо – биринчи кезекте адамдын ички дүйнөсүн тазартуу мезгили. Орозо –күнүмдүк көртирликтин кулу болуп калган жокмунбу, өмүрүм маңыздуу өтүп жатабы, эл-жериме жакшылыгым, пайдам тийип жатабы деген суроолорго жооп издөө мезгили.

Көп улуттуу кыргыз эли өз тарыхында көп сан маданияттар менен диний ишенимдерди, дүйнө таанымдарды баштан өткөргөн. Бардык маданияттарга, ишенимдерге сабырдуу мамиле жасап келген. Ошону менен катар өзүнүн эркин мүнөзүн,терең тарыхы менен маданиятын муундан муунга сактап жана мусулманчылыктын жакшы жөрөлгөлөрү менен шайкеш келтире алган.Ислам – тынчтыктын, ынтымактын жана жаратмандыктын   дини. Демек, ар бир мусулман баласы сабырдуулуктун, адептүүлүктүн жана маданияттын өрнөгүн көрсөтүшү керек! Көп улуттуу кыргыз элинин биримдигин, ынтымагын коргош керек.

Урматтуу мекендештерим!

Кадырман мусулмандар!

Дагы бир жолу баарыңыздарды Ыйык Орозо айт менен куттуктайм!

Үйүңүздөргө кут консун, аман-эсен, бак-таалайлуу болгула!

Айтыңыздар маарек болсун!”.

Меню