Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Фото - Алмазбек Атамбаев Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнүн пациенттерин көрдү

Атамбаев кечээ 1-июнда, Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө барды.

Мамлекет башчысы балдар бөлүмүнүн палаталарына кирип, бөбөктөр менен сүйлөштү, аларды балдарды коргоонун эл аралык Күнү менен куттуктап, белектерди берди. Президент ошондой эле балдардын ата-энелери жана мекеменин жамааты менен маектешип,  оор кеселге чалдыккан балдарды дарылоо шарттарын жакшыртуу боюнча мындан ары да чараларды көрүүнүн маанисин баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев капиталдык оңдоодон жана заманбап жабдуулар менен камсыз болгондон соң пайдаланууга берилген интенсивдүү терапия палатасын жана балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнүн амбулатордук-диагностикалык бөлмөсүн көрүп чыкты.

Мамлекет башчысы балдарга сакайып кетүүнү каалап, аларды кесел менен күрөшүп, аны жеңип чыгууга чакырды. “Бул күрөштө биз силерге жардам беребиз. Силерге ден соолук каалайм!”- деди   Алмазбек Атамбаев.

Президент балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүн зарыл болгон медикаменттер менен камсыз кылууга байланыштуу бардык маселелер мындан ары да ыкчам чечилиши керек экенин баса белгиледи.

Белгилей кете турган нерсе, Мамлекет башчысы былтыр борборго келгенде балдарды дарылоо шарттарын жакшыртуу зарылдыгын белгилеген, кийинчерек мекемеге тийиштүү финансылык жардам берилген. Бөлүнгөн каражаттар  балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүн модернизациялоого жана азыр интенсивдүү терапия палатасы жана балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнүн күндүзгү стационары бар амбулатордук-диагностикалык бөлмөсү жайгашкан жайларды капиталдык оңдоого,  операциялык жана реанимациялык жабдууларды, медициналык препараттарды сатып алууга жумшалган.

Президент Алмазбек Атамбаевди анын жубайы Р.Атамбаева жана КР саламаттык сактоо министри Т.Батыралиев коштоп жүрүштү.

Алмазбек Атамбаевдин 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуусу

Мамлекет башчы 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады. Бул туурасында КР Президенттик Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Кайрылуунун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу Кыргызстандын кичинекей жарандары!

Көп жылдан бери кыргызстандыктар жайдын биринчи күнүн балалыктын майрамы катары белгилешет. Баарыбыз үчүн шаттуу күндөрдүн бири болуп калган бул күн салттуу үй-бүлөлүк майрамга айланып,  ата-энелер балдарына арнашат.

Мен быйыл бул күн Балдарды коргоонун эл аралык күнү экенине өзгөчө көӊүл бургум келет. Биздин балдар коргоого муктаж экенин эске салгым келет. Балдарыбыздын өмүрү менен ден соолугуна, билими менен коопсуздугуна, дегеле жаш муундун келечегине улуулар жоопкер экенине коомчулуктун көӊүлүн бургум келет.

Кымбаттуу ата-энелер!

Сиздер – балдардын эң жакын, эң сүйүктүү адамысыздар. Ар бир баланы Кудай шык-жөндөмү, таланты менен жаратат. Аны ойготуу, өстүрүү – сиздердин колуӊуздарда.

Элибизде “Балам – бактым, балам – базарым” деген сөз бар. Ата-эненин, үй-бүлөлүк очоктун мээримине бөлөнгөн, кубаныч, сүйүү, жарык маанайда чоңойгон балдар телегейи тегиз инсан болуп жетилишет. Ошондуктан, балдарыбызга көп убактыбызды арнайлы, сырдаш бололу.

Кымбаттуу балдарым!

Майрамыӊар кут болсун!

Ден соолугуӊар чыӊ болсун!

Бак-таалайлуу, өмүрлүү болгула!”.

Алмазбек Атамбаев маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковду кабыл алды

Атамбаев бүгүн, 30-майда өлкөнүн маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковду кабыл алды. Бул туурасында Президенттик Аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушууда Мамлекет башчысы маданият кызматкерлерин колдоо, маданият жана көркөм өнөр чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, ошондой эле өлкө калкынын маданий мурастарын сактоону жана мындан ары карай өнүктүрүүнү камсыз этүү боюнча ведомстволуктун иши тууралуу маалымат алды.

Өлкөдө руханий кайра жаралуу процесстери жана жалпы эле маданият жаңы дем менен өнүгүү жолуна түшкөнүн эске алуу менен Түгөлбай Казаков Ыйман, адеп  жана тарбия Жылынын алкагында коомчулукту, өзгөчө балдарды жана жаштарды  кеңири тартуу менен жүзөгө ашырылып жаткан иш-чаралар жөнүндө айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев жана министр Түгөлбай Казаков ошондой эле өлкөнүн маданият кызматкерлерин социалдык коргоо, анын ичинде турак-жай менен камсыз кылуу жана маданий мекемелердин ишин материалдык жактан камсыз этүү боюнча пландарды да талкуулашты.

Алмаз Атамбаев: "Кыргызстандын жаңы президентин шайлоо 15-октябрда өтөт"

Атамбаев бүгүн, 29-майда өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн 25 жылдыгына арналган салтанатка катышты. Бул туурасында Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Салтанатта Мамлекет башчысы куттуктоо сөзү менен сүйлөп, Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлерине Күжүрмөн Туу ыйгарып, мыкты аскер кызматчыларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы катары Кыргызстанда аскердик башкаруу системасын реформалоо ийгиликтүү өткөнүн баса белгиледи. “Биз аскерлердин ортосундагы ажырымдуулукту жоюп, кыргыз армиясына бир борбордон ийкемдүү командалык кылуунун бирдиктүү бекем системасын түздүк”, – деди А. Атамбаев.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти:

«Жолдош офицерлер жана генералдар!

Жоокерлер, сержанттар жана прапорщиктер!

Урматтуу Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери!

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!

Баарыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр, бак-таалай каалайм!

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Армиясы чейрек кылымда эгемен мамлекетибиз сыяктуу эле чоӊ сыноолордон өттү. Кезинде керек болгон куралы, жада калса кийими да жетишпей, далай кордуктарга чыдады.

Ал эми 90-жылдары мамлекет жетекчилери тарабынан айтылган “Кыргызстанга армиянын эч кереги жок” деген ой-пикир офицерлердин, аскерлердин шагын такыр сындырып, улуттук армиянын түптөлүшүнө зор зыян келтирген.

Анысы аз келгенсип, өлкө башчылары армияга керектүү бир топ курал-жаракты, аскердик учактарды ит бекер сатып жиберишкен.

Мындай мамиленин натыйжасын Баткен окуяларында көргөнбүз. Террористтердин чакан тобуна 1999-жылы 4623 аскер, 2000-жылы 6675 аскер туруштук көрсөтүп, 1999-жылы 18 аскер, 2000-жылы 31 аскер шейит болгон, ондогон аскер жаракат алган.

Бирок өлкө башчыларына бул окуялар да сабак болгон эмес. Куралдуу күчтөргө мамиле да өзгөргөн жок. Ошондуктан, армиябыздын даярдыгы, аскерлерибиздин абалы көп жылдар бою оңолбой келди. Анын оор кесепеттерин 2010-жылы түштүктөгү каргаша маалында көрдүк. Армиябызда тартип жок, башкаруу чабал, куралы тартыш экенин көрдүк. Башчылары армияны ойлобой, саясатты ойлоп.

2011-жылы, эгемендиктин 20 жылдык майрамында аскер парадын өткөрөлү десек, эскирип, ышпалдасы чыккан техниканы кантип аянтка чыгарабыз деп офицерлер намыстанышкан. Баарыбыз намыс- танганбыз!

Чын эле айрым техника аянтка жетпей эле жолдон токтоп калган.

Ошондуктан, Президент болгондон кийин мен үчүн аскердик реформа, Кыргыз армиясын бутка тургузуу эң биринчи максаттардын катарында болчу.

«Өз армиясын бага албаган эл бөтөн армияны багат” деген сөз бар. Бул азыркы учурга да туура келет. Курсагы ач, куралы тартыш же эски, кийими бүтүн болбогон жоокерлер кантип эл-жерин коргойт? Айлыгы аз, үстүндө үйү жок офицерлер кантип кан-жаны менен мекенин коргоп, кол алдындагы аскерлерди башкарат?

Кудайга шүгүр, азыр абал башка. Азыр мамлекет аскерлердин күнүмдүк тиричилик маселелерине, айрыкча турак-жайына тынымсыз көӊүл буруп жатат, жыл сайын кабат үйлөр салынып, аскер кызматчылары конуштуу болуп жатышат.

Аскердик реформа жүрүп жатат.  Куралдуу күчтөр бир күч, бир муштум болуп, бир жерден – Башкы штабдан башкарылып калды.

Бир кезде аскерге барат десе уландар да, алардын ата-энелери да жаа бою качышса, азыр аскер өнөрүнө кызыгуу артып, аскер кызматынын бедели өсүп жатканын көрүп турабыз. Акыркы жылдары армияда өз ыктыяры менен кызмат өтөгөн жогорку билимдүү жигиттердин саны 30 пайыздан ашты. Бул дагы бир чоң көрсөткүч!

Урматтуу мекендештер!

Төрт жарым айдан кийин, 15-октябрда кыргыз эли өлкөнүн жаңы Президентин шайлайт.

Албетте, мен да акыркы айларда өткөн-кеткенди эстеп, Президент катары жасаган иштеримди талдап жаткан кезим.

Кудайга рахмат! Өткөн беш-алты жылдын ичинде Жараткандын жардамы менен өлкөбүздү, элибизди кыйнап жаткан бир топ көйгөйлүү маселелер чечилди. Кыргыз көчү өзүнүн жолун таап, күндөн күнгө түзөлүп, кең келечекти көздөй баратат.

Ошондой эле өткөн жылдардын ичинде өлкөбүздө бир топ болочок ийгиликтердин пайдубалы түптөлдү.

Айрым жетишкендиктерди азыр деле айтсак болот. Бул, албетте, биринчи кезекте өлкөбүздө орногон тынчтык, туруктуулук. Элибизде ойгонгон байыркы бабалардын руху, күч-кубаты.

Жетишкендиктердин катарына мен азыркы Кыргыз армиясын дагы кошот элем.

Үч-төрт ай мурда Генералдык штабдын башчысы генерал Дүйшөнбиев иш боюнча келип, эки-үч маселени айтып, анан мага карап: “Алмазбек Шаршенович! Эми накта армиябыз бар!” – деп толкунданып айтты.

Бул сөздү укканда көзүмөн жаш чыгып кете жаздады, ушундай сүйүндүм! Абдан сүйүндүм!

Анткени, мен бул сөздү 2010-жылдын июнь каргашасынан бери суудай күтүп жүргөм.

Ошол каргашалуу июнда мага күч органдарынын башчылары: “Коңшулардын армиясы кирип келсе, туруштук бере албайбыз”, – деп ачык айтышкан. Бул сөз ошондо жүрөгүмө бычактай тийген. Бычак болуп, жүрөктө калган.

Андан кийин да коңшулар менен мамиле эки-үч жолу курчуганда, “армиябыз алсыз, даярдыгы жок”, – деген сөздөрдү генерал Алымкожоевден уккам, анан ошол эле сөздөрдү генерал Дүйшөнбиевден да уккам.

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз эли эзелтен өз армиясын “Кол” деп атаганы бекеринен эмес. Армиясы жок эл колу жок кишиге окшош, өзүн өзү коргой албайт.

Ошондуктан, Президент болгон күндөн баштап мен кыргыз элинин Колбашчысы катары ошол Колдун күчтүү болушуна, куралдуу болушуна болгон аракетимди жумшадым.

Натыйжада беш жылдын ичинде Куралдуу күчтөр толук өзгөрдү. Саны да өзгөрдү, сапаты да өзгөрдү. Курамы да өзгөрдү. Башкаруусу да өзгөрдү.

Мурда Куралдуу күчтөр ар кимге баш ийип, ар кайсы жакка соройгон бармактарга окшосо, эми бир жерден башкарылып, бир муштум болду.

Армиябыз чакан бойдон калды. Бирок, эми саны да, сапаты да Мекенибизди ар кандай душмандан коргоп калуу үчүн жетиштүү.

Дос мамлекеттердин жардамы менен армиябыз заманбап курал-жарак менен толук камсыздалды. Албетте, ал куралдар кол салуу үчүн эмес, коргонуу үчүн. Мисалы, бомбардировщиктер жок – биз бирөөгө кол салбайбыз. Бирок, чоочун учак кирип келсе – кайра соо кетпейт.

Армиянын сапаты да түп-тамырынан өзгөрдү. Жоокерлердин 30 проценти жогорку билимдүү.

Мындай жакшы өзгөрүүлөр көп.

Ошондуктан, урматтуу мекендештер, офицерлер, бүгүн мен сиздерге Президент катары, Колбашчы катары расмий айтсам болот:

Эми кыргыз элинин кайрадан Колу бар, Ата-журтун коргой турган, сактай турган күчү бар! Аскери бар!

Кудайга рахмат!

Бизден жардамын аябаган дос мамлекеттерге рахмат!

Ушул залда отурган генералдарга, офицерлерге рахмат! Армияда кызмат өтөгөн жана өтөп жаткан эр жүрөк жигиттерибизге рахмат! Эр жүрөк жигиттерибизге рахмат! Анткени, “Чептен эрдин жүрөгү бек” деп айтат кыргыздар. Жүрөк болсо – чеп турат, жүрөк жок болсо – чеп урайт!

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу офицерлер жана генералдар! Жоокерлер, сержанттар жана прапорщиктер!

Сөзүмдүн аягында баарыңыздарды дагы бир жолу бүгүнкү майрам менен куттуктайм!

Баарыңыздарга узун өмүр, чың ден соолук, бак-таалай каалайм!

Жараткан элибизге биримдик, жерибизге берекет берсин!

Жашасын эгемендүү Кыргызстан!

Алмазбек Атамбаев Москванын жана бүткүл Рустун Патриархы Кирилл менен жолукту

Атамбаев бүгүн, 29-майда Кыргызстанга келген  Москванын жана бүткүл Рустун Патриархы Кирилл менен жолукту. Бул туурасында Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы Москванын жана бүткүл Рустун Патриархын жылуу кабыл алып, сый коноктун Кыргызстанга келгенине кубанычта экенин белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда диний жааттагы саясат, диний чөйрөдөгү негизги көрүнүштөр тууралу айтып берди.

Москванын жана бүткүл Рустун Патриархы Кирилл өз кезегинде православ чиркөөсүнө көӊүл бөлүнүп жатканына ыраазылыгын билдирди.

«Биерде православ чиркөөсүнүн болушунун өзү эле кыргыз коомунун көп улуттуу, көп конфессиялуу экенин ырастайт, – деди Патриарх. – Диндер арасында мамиле ар башка болуп жатат. Мен Кыргызстан мусулмандарынын муфтийине жолугуу жана биздин диний башкармалык менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Биерде улуттар, диндер арасында мамилелердин өзгөчө сейрек маанайы өкүм сүрөт деп айта алам. Ушунун өзү коомдун туруктуулугун камсыздайт. Ошондуктан сизди куттуктагым келет, анткени  Президенттин жана бийликтин тикелей катышуусусуз ушундай сейрек алака-катышты орнотуу кыйын».

Жолугушууда Президент Алмазбек Атамбаев менен Патриарх Кирилл радикализмге бөгөт коюуда диний билим берүүнүн мааниси жана диний кырдаалдын өнүгүү тенденциялары тууралу ой бөлүштү.

Айбек Омокеев Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 25-майда кол койгон буйрукка ылайык, Омокеев Айбек Талгатбекович Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды.

2017-жылдын 12-августунан кийин атамекендик фермерлердин продукцияларын кыргыз-казак чек арасынан өткөрүү токтотулары тууралуу маалымат чындыккка дал келбейт

Дыйкан-фермерлердин партиясынын төрагасы Куттубек Асылбековдун 2017-жылдын 12-августунда Бажы биримдиги/Евразиялык экономикалык биримдигинин 18 Техникалык Регламентинин күчүнө киргенден кийин атамекендик фермерлердин продукцияларын кыргыз-казак чек арасы аркылуу өткөрүү токтотулары тууралуу кайрылуусуна байланыштуу төмөнкүлөрдү маалымдайбыз.

Бүгүнкү күндө атамекендик ишканалар продукцияларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө чыгарууда Бажы бириимдиги/ЕАЭБ учурдагы иштеп жаткан Техникалык регламенттеринин жалпы талаптарына ылайык иштөөдө. Мындайча айтканда аталаган ишканалар үчүн Бажы бириимдиги/ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукцияларын экспорттоо шарттары 2017-жылдын 12-августунан кийин өзгөрүлбөйт.

Кыргызстандын аймагында Бажы биримдиги/ЕАЭБ 18 Техникалык Регламенти 2017-жылдын 12-августунда күчүнө кирет. Бул өз кезегинде атамекендик продукция өндүрүүчүлөргө ички рынокко өндүрүп чыгаруусу Бажы биримдиги/ЕАЭБ тийиштүү талаптарынын алкагында болууга тийиш экендигин билдирет.

Бажы биримдиги/ЕАЭБ 18 Техникалык Регламенти күчүнө кирүүсүнүн кечигүүсү боюнча, анын ичинде «Тамак-аш продукцияларынын коопсуздугу» регламенти азыркы учурда карала элек, аталган Техникалык регламент ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө иштеп жатат жана атамекендик продукция өндүрүүчүлөр продукцияларын экспорттоодо тиийштүү талаптарга ылайык келүүсү керек.

Аны менен бирге белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдары бизнес коомчулугуна жана өндүрүүчүлөргө Бажы биримдиги/ЕАЭБ техникалык регламентинин талаптары тууралуу маалымдоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүдө. Аталган маселе боюнча ишкерлер тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрылып, керектүү маалыматтарды жана жардамдарды ала алышат.

Соооронбай Жээнбеков КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Казань шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин  Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын Казань шаарына келди.

Казань шаарынын эл аралык аэропортунан Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду Татарстан Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин төрагасынын орун басары Юрий Камалтынов тосуп алды.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында – вице-премьер-министр Олег Панкратов, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын  КМШ  уставдык органында туруктуу ыйгарымдуу өкүлү Кубанычбек Өмүралиев, Маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев, Өкмөттүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигиндеги өкүлү Санжар Уметалиев, Премьер-министрдин кеңешчиси Нурсулу Ахметова, Өкмөттүн Аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков, Өкмөттүн Аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Николай Чуйков, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова, экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков жана Кыргыз Республикасынын КМШ экономикалык кеңешинин алдындагы экономикалык маселелер боюнча комиссиясынын өкүлү Зина Асанкожоева бар.

Алмазбек Атамбаев УКМК кызматкерлерине жаңы конуштардын ачкычтарын тапшырды

Атамбаев бүгүн, 25-майда өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине Бишкекте курулган көп батирлүү турак үйдүн ачылыш аземине катышты. Бул туурасында Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы чекисттерди жаңы конушу менен куттуктап, бүгүн алар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн чыныгы майрам экенин белгиледи. «Албетте, бул мен үчүн да майрам, анткени, башта кандай кыйын болгону эсимде. Биздин күч кызматтары үчүн турак үй кура баштарыбызга көп адамдар ишенген эмес, – деди Алмазбек Атамбаев. – Бүгүн болсо күч кызматкерлерине көп батирлүү үйлөрдү куруу кадыресе көрүнүшкө айланды, бул иш системалуу мүнөзгө ээ болду жана өлкө улам өнүккөн сайын күчөө үстүндө болот».

Президент Алмазбек Атамбаев УКМК кызматкерлерине кызматы үчүн ыраазылыгын билдирип, алардын ак ниет ишине жараша атайын кызматтардын беделин арттыруу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылган түзүмдөрдү калыптандыруу  мүмкүн болгонун белгиледи.

Алмазбек Атамбаев КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилерин кабыл алды

Атамбаев бүгүн, 24-майда Кыргызстанга КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешинин 42-жыйынына катышуу үчүн келишкен КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилерин кабыл алды. Бул туурасында Президенттик Аппараттын басма сөз кызматы маалымдайт.

Жолугушууда Мамлекет башчысы КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жетекчилери менен жылуу учурашып, аларды коопсуздукту камсыз кылуу жаатында жасап жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев КМШ аймагындагы коопсуздук жана туруктуулук көбүнчө атайын кызматтар биргелешкен ишмердигинин сапатына байланыштуу болоорун жана биргелешкен аракеттер менен гана азыркы кездин чакырыктарына жана коркунучтарына натыйжалуу каршы турууга болоорун белгиледи.

Мамлекет башчысы КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешинин кезектеги жыйынына ийгилик жана жемиштүү иш каалады.

Меню