Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Алмазбек Атамбаев Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытовду кабыл алды

Атамбаев бүгүн, 22-майда  Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытовду кабыл алды. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысына Кыргызстан элинин Ассамблеясынын ишмердиги, этностук жамааттардын маданий борборлорунун өз ара аракеттенүү маселелери жана өлкөнү байырдаган бардык этностук топтордун өкүлдөрүнүн укуктарын камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берилди.

Токон Мамытов этностор аралык мамилелерди андан ары өркүндөтүү, өлкөнүн маданий мурасын жана этностук көп түрдүүлүгүн сактоо аркылуу улуттук биримдикти камсыз кылууга багытталган Эл биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу тууралу Президентке айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев этностор аралык мамилелерди заманбап демократиялык башкаруу системасынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу өлкөнү өнүктүрүүдө приоритет болуп саналарын белгиледи. Мамлекет башчысынын айтымында, өлкөдө салттуу этностор аралык конструктивдүү диалогду сактоодо жана өнүктүрүүдө, коом ичинде ынтымакты арттырууда Кыргызстан элинин Ассамблеясына өзгөчө роль таандык.

Алмазбек Атамбаев билим жана илим министри Гульмира Кудайбердиеваны кабыл алды

Атамбаев 20-майда өлкөнүн  билим жана илим министри Гульмира Кудайбердиеваны кабыл алды. Бул туурасында КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн табигат кырсыктарынан жабыр тарткан аймактарындагы балдардын окуусун уюштуруу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө министрдин маалыматын укту.

Президент Алмазбек Атамбаев билим жана илим министрлиги окуучулардын жана мугалимдердин муктаждыктарына өзгөчө көңүл буруу менен табигат кырсыктарынан жабыр тарткан аймактарда окуу жылын уюшкандык менен аяктоо үчүн бардык зарыл шарттарды түзүшү керек экендигин баса белгиледи.

Андан тышкары, Президент авариялык абалдагы бардык мектептердин ордуна тез тартипте жаңы мектептерди куруу иштерин баштоону, ошондой эле капиталдык оңдоодон өтө турган мектептердин санын көбөйтүүнү тапшырды. Мамлекет башчысы бул тизмеге Токмок шаарындагы №6-мектепти кошууну өтүндү.

Өкмөттө БУУ мекемелер системасы тарабынан Кыргызстанды 2018-2020-жылдар аралыгында өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жаатында кызматташуу тууралу келишимге кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүндө кечээ, 19-майда, Бириккен Улуттар Уюмунун мекемелер системасы тарабынан  Кыргызстанды  2018-2020-жылдар аралыгында өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жаатында кызматташуу тууралу келишимге кол коюлду. Тийиштүү документке Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен Кыргыз Республикасындагы БУУ системасынын туруктуу координатору, БУУ (ПРООН) өнүктүрүү Программасынын туруктуу өкүлү Александр Аванесов кол койду. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдайт.

Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков ЮНДАФ жакынкы беш жылда кызматташа турган «жол карта» болуп каларын баса белгиледи.

«Документ БУУнун өнүктүрүү боюнча глобалдык таризин чагылдырылган, биздин өлкөнүн катышуусу менен кабыл алынган макулдашуу боюнча иштин багыттарын андан ары улуттук артыкчылыктарга басым жасоо менен туруктуу өнүктүрүүнү күчөтүүнү камтып, Кыргызстандын кызыкчылыктарын, көрсөткүчтөрүн жана  максаттарды жүзөгө ашырууга салым кошот», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр БУУ системасына өнөктөштүк мамиледе көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, 2018-2020-жылдар аралыгында өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жаатында кызматташуу эки тараптуу өнүгүүнү бекемдөөгө негиз боло аларын кошумчалады. Өкмөт башчы бүгүнкү күндө БУУ системасы менен кызматташуу активдүү болуп, анын ичинде өлкөнүн 2040-жылга чейин туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясынын алкагында иштер жүрүп жатканын билдирди.

«Мен Өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу багыттары болгон электрондук Өкмөт,  туруктуу экономикалык өнүгүү, демократияны бекемдөө, саламаттыкты сактоо, билим берүү кызматтарынын сапатын жакшыртуу жана баа жеткис жаратылыш ресурстарын жана айлана-чөйрөнү сактоо сыяктуу пландар келишимдерди ишке ашырууга кошумча түрткү  болоруна ишенем», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Кыргыз Республикасындагы БУУ системасынын туруктуу координатору, БУУ (ПРООН) өнүктүрүү Программасынын туруктуу өкүлү Александр Аванесов ЮНДАФ түзүүнүн үстүнөн иш алып баруу, өлкөдөгү мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун, эл аралык жана улуттук эксперттердин катышуусунда ишке ашырылганын билдирди.

«БУУ Программаларынын ийгиликтүү ишке ашусу биздин ишмердүүлүктүн жыйынтыгы болуп эсептелет. Өнөктөштүк дайыма ийгиликтин негизи болот. Кызматташуу тууралуу  макулдашуулар жаңы байланыштардын жолун ачат. Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсүнө биздин ЮНДАФ аркылуу катышуубуз өз салымын кошоруна ишенем», – деди Александр Аванесов.

Ал БУУ башкармалык системасы тарабынан, ЮНДАФ алкагында 2018-2022-жылдарга карата пландалып жаткан гранттын болжолдуу суммасы 233 млн. АКШ долларын тузөрүн кошумчалады.

ЮНДАФ 2018-2022-жылдарга төрт приоритеттүү багыт боюнча кызматташат:

1. туруктуу жана ар тараптуу экономикалык өнүгүү, өнөр жай, айыл чарба тармагындагы өнүгүү, соода-сатык коопсуздугу жана тамак-аш;

2. жакшы башкаруу, укук, адам укуктарын сактоо жана гендердик теңчилик жөнүндө жобо;

3. айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүүсү жана табигый кырсык коркунучун башкаруу боюнча;

4. коомдук коргоо, саламаттыкты сактоо жана билим берүү.

Чыныбай Турсунбеков эки күндүк иш сапар менен Ош облусуна барды

Бүгүн, 19-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков эки күндүк иш сапар менен Ош облусуна барды. Бул туурасында КР Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы билдирет.

Сапардын алкагында Төрага Чыныбай Турсунбеков жер титирөө катталган Ош облусунун Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди, Шибээ  айылдарындагы жергиликтүү эл менен жолугушат. Ошондой эле Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айылына барып, жер көчкүдөн жабыркаган жарандардан да кабар алат. Андан тышкары, Ош шаарындагы жана Ош облусундагы бир катар социалдык мекемелердин курулушу менен да таанышары күтүлүүдө.

Алмазбек Атамбаев: "Эненикине теңдеш сүйүү дүйнөдө жок! Эненикиндей түйшүк эч кимде жок!"

Энелер күнүн майрамдоо алдында бүгүн, 19-майда Атамбаев салтанаттуу аземдин жүрүшүндө өлкөнүн баардык областтарынан, Бишкек жана Ош шаарларынан келген көп балалуу энелерди “Баатыр эне” ордендери менен сыйлады. Бул туурасында КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы аземдин катышуучуларын жана жалпы Кыргызстандын энелерин келе жаткан Энелер күнү менен куттуктады.

Президент Алмазбек Атамбаев элибиздин “Балам, балалуу болгондо билерсиӊ” деген сөзүн келтирип, баланын түйшүгү да, жоопкерчилиги да чоң экенин айтты. “Наристе дүйнөгө, айлана-тегерекке алгачкы түшүнүктөрдү энеден алат, – деп белгиледи Президент. – Ыйман, мээрим, кайрат сыяктуу сапаттар балага эне сүтү, бешик ырлары, жомоктор аркылуу өтөт”.

Өлкө башчысы “кандай баланы тарбиялап, өстүрүп жатам, келечеги кандай болот” деген суроону ар бир жаран өзүнө берип, баланы бешиктен баштап тарбиялаш керектигин дайыма эстеп жүрүүгө чакырды.

Энелер тогуз ай карынында баланы көтөрүп, төрөлгөндөн кийин аны өстүрүш, бутка тургузуш үчүн зор эмгек жумшарын Президент өзгөчө белгиледи.  “Эненин ишине бир да эркек чыдабайт! Мына мен убагында сугатчы, дворник, грузчик, инженер, экономист, ишкер, депутат, министр, премьер-министр болуп иштегем. Азыр президент болуп иштеп жатам”, – деди А.Атамбаев.

Мамлекет башчысы алты-жети эмес, бир баланы өстүргөн, чоңойткон, тарбиялаган эненин күнүмдүк түйшүгү, убарасы, жүгү баардык иштерден оор экендигине токтолду.

Ошондуктан, беш жыл мурда өлкөбүздө Энелер күнүн жыл сайын өткөрүү боюнча атайын Жарлыкка кол койгонун эскертип,  салтанаттуу аземдин катышуучуларына чың ден-соолук, узун өмүр, бак-таалай каалады.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына ылайык, жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1 618 эне “Баатыр эне” ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 551 эне – “Эне даңкы” медалы менен сыйланды.

 

Сооронбай Жээнбеков жумуш сапары менен Нарын облусуна барат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков республиканын аймактарына болгон жумуш сапарын улантат. Өкмөт башчы бүгүн, 18-майда бир күндүк жумуш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү   маалымдадайт.

Жумуш сапардын алкагында «Түндүк-Түштүк» альтернативдик жолунун курулушунун  жүрүшү менен таанышат. Өкмөт башчы бир катар инфраструктуралык, социалдык жана айыл чарба объекттеринин ишмердүүлүгү менен таанышып чыгат. Тактап айтканда Кочкор районунун Кочкор айылындагы мал соючу цехтин жана Жумгал районунун Табылгыты айылындагы ветеринардык клиниканын абалы жана  аткарып жаткан иштеринен кабар алат.

Мындан сырткары Сооронбай Жээнбеков Кочкор районундагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү жана Баш-Кууганды айыл аймагындагы суткалык жөнгө салуу бассейнинин мүмкүнчүлүгү, Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы бассейндин курулуш долбоору менен таанышат.

Ошондой эле Премьер-министр Кочкор районунун Чекилдек айылындагы жана Жумгал районунун Чаек айылындагы орто мектептин курулушу менен таанышат.

Сооронбай Жээнбеков Нарын облусундагы айыл чарба объектилеринин курулушунун жүрүшү жана ишмердүүлүгү менен таанышты

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-майда, Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында  Кочкор районунун Кочкор айылындагы мал союучу цехтин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кочкор райондук администрация башчысы-аким Нурлан Керимкулов маалымдагандай, мал союучу цехтин имаратынын курулушу түрк технологиясы боюнча жүргүзүлүүдө жана  өз ичине лаборотория, карантиндик борбор жаныбарларды тоюттандыруу боюнча цехти камтыйт.

2017-жылдын аягына чейин атамекендик этти чет өлкөлөргө экспорттоого мүмкүнчүлүк берүүчү эл аралык үлгүдөгү сертификатты алуу пландаштырылууда. Курулушка тартылган инвестициянын жалпы көлөмү 22 млн сомду түзгөн. Мал союучу цехтин ишке кирүүсү менен күнүнө 20 баш ири мүйүздүү жана майда мал-жандыктардын союуга жетишүү күтүлүүдө.

Өкмөт башчы эл аралаык стандарттарга шайкеш келген мал союучу мекемелерди куруу – ЕАЭБ рыногунда ата мекендик фермерлерге түзүлгөн эң бир мыкты шарттардын бири экендигин билдирди.

Андан ары Өкмөт башчы Жумгал районунун Табылгыты айылындагы ветеринардык клиниканын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мамлекеттик администрация башчысы, Жумгал районунун акими Адыл Сапаров маалымдагандай, аталган клиника 2016-жылы АРИС колдоосу менен ишке ашкан. Ветеринардык клиниканын кызматкерлери көчмө лабораториялык иш чараларга катышып, тажрыйба топтошот.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, мал чарбачылыгы айыл чарба тармагындагы негизги тармактардын бири андыктан ушул сыяктуу ветерианардык клиникаларды республиканын бардык облустарында кеңейтүү керек.

Алмазбек Атамбаев УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды

Атамбаев бүгүн, 17-майда өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысына өлкөдөгү оперативдик абал жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралу маалымат берилди.

Абдил Сегизбаев терроризм жана диний экстремизм менен күрөшүүнү өркүндөтүү чаралары жана  террордук багыттагы кылмыштарды алдын алуу иштерин күчөтүү тууралу Президентке айтып берди.

Алмазбек Атамбаев эл аралык «Бир алкак - бир жол» форумуна мүчө мамлекет башчыларынын кереге кеңешинде сөз сүйлөдү

Президент Атамбаев 15-майда Кытай Эл Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Пекинде өтүп жаткан эл аралык  «Бир алкак – бир жол» форумуна катышкан мамлекет башчыларынын кереге кеңешинде чыгып сүйлөдү. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев азыр дүйнө терең трансформация мезгилин баштан кечирип жатканын белгиледи. «Ааламдашуу арымынын улам өсүп баратканы, интеграциялык процесстердин активдешүүсү көптөн үмүттөндүрүп, узак мөөнөттүү болочокту камтууда жана ошол эле мезгилде татаал проблемаларды да жаратууда.  Ушул өңүттөн алганда Председатель  Си Цзиньпин сунуш кылган идеянын ролун жана маанисин  ашкере баалоо мүмкүн эмес. «Бир алкак – бир жол» биздин бардыгыбыздын алдыбызда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана чоң болочокту ачууда», – деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысынын сөзү боюнча, Борбор Азия өлкөлөрү үчүн бул демилге деңизге жана дүйнөлүк рынокко чыгуу үчүн мүмкүнчүлүк берет.

«Бирок ылгый логистикалык жана транспорттук маселелерди гана чечүү менен чектелбестен, биз Председатель Си Цзиньпин кечээ өз баяндамасында айткан санариптик Жибек жолун куруу идеясын колдогубуз келет», – деди Президент.

Алмазбек Атамбаев ошондой эле Кыргыз Республикасында азыркы кезде 2040-жылга чейин эсептелген узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча масштабдуу иштер жасалып жатканын билдирди. «Таза коом» санариптик трансформациялоо улуттук программасы анын негизги компоненти болуп калат. Ушуга байланыштуу, Президенттин сөзү боюнча, Кыргыз Республикасы өз ара пайдалуу кызматташтык жана бирге гүлдөп-өнүгүү максатында «Бир алкак – бир жол» концепциясын «Таза коом» улуттук программасы менен байланыштырууга даяр экендигин билдирет.

Президент Алмазбек Атамбаев төмөнкү милдеттерди чечүүгө киришүүнү сунуш кылды. “Биринчи, Кытайдан Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу Европага өтүүчү жибек була-оптикалык обого берүү линиясын (ВОЛС) кеңейтүү. Эгерде ВОЛС Кыргызстан аркылуу өтсө, Гонконгдон жана Шанхайдан Бернге жана Римге, Будапештке жана Брюсселге, Прагага жана Мадридке чейинки берүүлөрдүн ылдамдыгы ондогон эсеге өсөт. Экинчиси, жогорку технологиялык логистикалык борборлорду куруу жана биргелешкен электрондук сооданы өнүктүрүү. Aлибаба, Taobao сыяктуу интернет-алптардын өсүү шартында Кыргызстан чоң Евразия өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрү үчүн, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Владимирович Путин айткандай, бүтүндөй биздин Евразия континентин эске алганда, Интернет буйрутмаларды аткарууну тездетүү максатында логистикалык борборлорду курууга эң эле ыңтайлуу өлкө боло алат», – деди Алмазбек Атамбаев.

Алмазбек Атамбаевдин сөзү боюнча, жаңы Жибек жолунун алкагында Кыргызстан «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун колдойт. “Бул жол Борбор Азия өлкөлөрүнүн транспорт инфраструктурасынын өнүгүшүнө жана Персия булуңундагы жана Тынч океандагы портторго түз жана ыңгайлуу чыгууга өбөлгө болот. Андан калса, бул долбоор дүңүнөн алганда, жаңы жана альтернативдүү транспорт чубамасын түзүү бөлүгүндө, «Бир алкак – бир жол» концепциясынын түпкү максаттарына шайкеш келет», – деди Президент.

Мамлекет башчысы ошондой эле эл аралык транспорт чубамасына кирген төрт эл аралык автомобиль магистралдары калыбына келтирилгенин жана тийиштүү стандарттарга жооп берерин белгиледи. «Андан тышкары, 2018-жылы Кыргызстан аркылуу Кытайга өтүүчү  эл аралык класстагы “Түндүк-Түштүк” альтернативдүү автожолун куруу аяктайт», – деп Алмазбек Атамбаев, Кыргызстан бүгүн ушул Форумдун бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарына жооп берген жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын жаңы деңгээлине чыгууга жалпы умтулууну чагылдырган Биргелешкен коммюникени колдой тургандыгын билдирди. Кыргызстан ошондой эле бул Форумду дайыма өткөрүп туруу сунушун да колдойт.

Сөзүнүн аягында Президент Алмазбек Атамбаев ак көңүлдүгү жана меймандостугу үчүн  Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге ыраазычылык билдирди.

Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту

Президент Атамбаев бүгүн, 16-майда Кытай Эл Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Бул туурасында КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда Президент Алмазбек Атамбаев эл аралык кызматташтык боюнча “Бир алкак – бир жол” Форумуна катышууга чакырганы үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирди.

Президент Кытай Кыргызстандын жакшы кошунасы, өнүгүү боюнча маанилүү жана ишенимдүү өнөктөш экенин баса белгиледи. Кытайдын бул жылдар ичинде Кыргызстанга берген гранттык, финансылык жана техникалык жардамы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө сезилерлик жардам болду.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Жибек жолунун экономикалык алкагын түзүү боюнча демилгени жүзөгө ашырууга катышуусунун маанисин белгиледи. Ал ошондой эле Кытай мындан ары да кыргыз тараптын керектөөлөрүнө жараша конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу жолу менен Кыргызстандын экономкасын бекемдөө ишине жардам берүүнү улантаарын белгиледи. Кытай жетекчиси негизги маселелер боюнча эки өлкөлөр бири-бирине колдоо көрсөтүп, эки өлкөнүн кызыкчылыктары үчүн стратегиялык өнөктөштүктү активдүү илгерилетип жатышканын айрыкча белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө лидерлер кыргыз-кытай фондун түзүүгө, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун курууга тийешеси бар маселелерди талкуулашты. Андан тышкары, коопсуздук чөйрөсүндө, маданий-гуманитардык багытта өз ара аракеттешүүнү тереңдетүү жана биргелешкен илимий-практикалык иш-чараларды өткөрүү маселелери тууралуу сөз болду.

Сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү кырдаалда өттү.

Меню