Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Атамбаев Ош облусунун Өзгөн жана Чон-Алай райондорунун табият кырсыгынан жабыр тартышкан айыл тургундарына материалдык жардам бөлдү

Президент Алмазбек Атамбаев 13-майда, Ош облусунун Өзгөн жана Чон-Алай райондорунун табият кырсыгынан жабыр тартышкан айыл тургундарына материалдык жардам бөлдү. Бул туурасында КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы мааымдады.

Мамлекет башчысы кол койгон буйрукка ылайык, Жалпакташ айыл округуна караштуу Курбу-Таш жана Маркс айылдарына 1 млн сом, Зергер айыл округундагы Аюу айылына – 1 млн сом бөлүндү.

Андан тышкары, Президент А. Атамбаев Чоң-Алай районунун зилзаладан жабыр тарткан айылдарына 3 млн сом бөлдү.

Алмазбек Атамбаев жумушчу сапары менен Кытай Эл Республикасында

13-майда жумушчу сапары менен А. АтамбаевКытай Эл Республикасынын борбору Пекин шаарына учуп келди. Бул туурасында КР Президенттик Аппараттын басма сөз кызматы маалымдады.

Ал сапардын алкагында Президент 14-майда  “Бир алкак – бир жол” эл аралык Форумунун ишине катышды.

Форумдан соң Атамбаев кытайлык жол жана көпүрө куруу мамкорпорация башкармасынын төрагасы Лу Шан менен жолугушту. Жолугушууда “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолун, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорлор, андан тышкары Бишкектеги автожолдорду жаңылоо маселелери талкууланды. Президент курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Жана ошол эле күнү Өлкө башчысы Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Соода-өнөр-жай палатасынын вице-президенти, Үрүмчү шаарынын Элдик саясий консультативдик кеңешинин төрагасынын орун басары,  Үрүмчү шаарынын «Хуалин групп ЛТД» соода-өнөр жай компаниясынын президенти Ми Эньхуаны кабыл алды.

Жолугушууда социалдык чөйрөдөгү конкреттүү долбоорлорду жүзөгө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын туризм тармагына түз инвестицияларды тартуу маселелери талкууланды.

Алмазбек Атамбаев эл аралык «Бир алкак - бир жол» форумуна мүчө мамлекет башчыларынын кереге кеңешинин биринчи сессиясына катышууда

Атамбаев бүгүн, 15-майда Кытай Эл Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Пекинде өтүп жаткан эл аралык  «Бир алкак – бир жол» форумуна мүчө мамлекет башчыларынын кереге кеңешинин биринчи сессиясына катышып жатат. Бул туурасында КР Президентинин Апаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кереге кеңештин башкы темасы – «Өнөктөштүктү тереңдетүү кызыкчылыгы үчүн өнүктүрүү стратегияларынын синергиясы».

Атамбаев Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-майда, Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды. Бул туурасында КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда Мамлекет башчысы тоо кен тармагындагы процесстердин айкындуулугун мындан ары карай жогорулатуу жана коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу, инвестицияларды тартуу жана геологиялык иштерди жайылтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды.

Өлкөдөгү ири тоо кен ишканаларынын иштери тууралуу баяндоо менен Дүйшөнбек Зилалиев “Кумтөр” долбоорундагы Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыктарын  илгерилетүү  жана пайда болгон экологиялык маселелерди жөнгө салуу боюнча канадалык “Центерра” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө Президентке айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев жаратылыш байлыктарын натыйжалуу  жана рационалдуу пайдалануу, ошондой эле тоо кен ишканаларынын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу менен өлкөнүн жана анын жарандарынын кызыкчылыктарын коргоонун зарылчылыгын баса белгиледи.

Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбеков менен жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккен райондордо адамдарга жардам берүү ишинин жүрүшүн талкуулады

Атамбаев бүгүн, 11-майда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен Ош облусунун жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккен Чоӊ-Алай жана Өзгөн райондорунун айылдарындагы адамдарга жардам берүү ишинин жүрүшүн  талкуулады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Сооронбай Жээнбеков  жаратылыш кырсыктарын жоюу жана жапа чеккен Чоӊ-Алай жана Өзгөн райондорунун айылдарындагы адамдарга жардам берүү боюнча мамлекеттик органдар жүргүзүп жаткан иштер тууралу айтып берди. Өкмөт башчынын айтымында, жер титирөөдөн жапа чеккен үйлөрдүн ээлери коопсуз жерлерге көчүрүлүп, убактылуу турак-жай менен камсыздалды. Кырсыктан жапа чеккен социалдык объектилерди калыбына келтирүү чаралары көрүлүп, келтирилген зыяндар эсептелүүдө, адамдарга үйлөрүн калыбына келтирүү жагынан жардамдар берилип жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев Өкмөт адамдарга жардам берүүнү күчөтүп, калыбына келтирүү иштерин өз маалында бүткөрүүнү камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы айрыкча белгилегендей, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу учурунда компетенттик органдардын ишиндеги бир катар проблемалар айгинеленди. Буга байланыштуу чукул кырдаалдардын кесепеттери оор болбошу үчүн алдын алуу ишин күчөтүү, адамдардын коопсуздугун камсыздоо жана тобокелдиктерди болушунча азайтуу керек.

Алмазбек Атамбаев жумушчу сапар менен Кытайга барат

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча Президент Атамбаев Пекин шаарында 2017-жылдын 14-15-майында өтө турган “Бир алкак – бир жол” эл аралык Форумунун ишине катышуу үчүн Кытай Эл Республикасына жумушчу сапар менен барат. Бул туурасында КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Форумдун ишине катышуу учурунда ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаевдин  Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусу болжолдонууда.

Кыргызстан жана Пакистан Президенттери өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммалары менен алмашышты

Атамбаев жана Пакистан Республикасынын Президенти Мамнун Хусейн өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммалары менен алмашышты. Бул туурасында КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

«Кыргыз Республикасы менен Пакистан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу чын ниеттен чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз.

25 жылдан бери биздин мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу мамилелер өнүгүп жана бекемдеп, кызматташтыктын көптөгөн чөйрөлөрү боюнча тыгыз биргелешкен аракеттерди жөнгө салууга өбөлгө болууда.

Кийинки жылдардагы кыргыз-пакистан мамилелеринин динамикасы биздин мамлекеттер менен элдердин көп мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулуу бар экендигин далилдеди», – деп белгиленет Президент Алмазбек Атамбаевдин телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев Пакистан Президенти Мамнун Хусейнге бекем ден соолук, бак-таалай жана көп кырдуу ишинде чоң ийгиликтерди, ал эми Пакистан элине – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Пакистан Президенти Мамнун Хусейн куттуктоо телеграммасында Пакистандын Өкмөтүнүн жана элинин атынан өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу чын жүрөктөн чыккан жылуу каалоолорду билдирди.

«Биздин өлкөлөр ортосунда тарыхый, диний жана маданий жакшы байланыштар бар. Пакистан саясий, маданий, энергетикалык жана коргонуу чөйрөлөрүндө кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүнү каалайт.

Пакистан регионалдык тынчтыктын, интеграциялык аракеттердин берилген жактоочусу бойдон калат. Экономикалык Кызматташтык боюнча Уюмдун жана  башка регионалдык жана эл аралык форумдардын алкагындагы биздин жамаатташкан аракеттерибиз максатыбызга жетүүгө көмөктөшөт.

Мен берилген мүмкүнчүлүктөн дагы бир жолу пайдаланып, Сиздин Улуу урматыңызга бекем ден соолук, ал эми Кыргыз Республикасынын элине тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалагым келет», – деп айтылат Пакистан Президентинин телеграммасында.

Атамбаевдин Радио жана байланыш кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

Президент Алмазбек Атамбаев 7-май Радио жана байланыш кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоо айтты. Бул туурасында КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу радио жана байланыш кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыӊыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Радио байланышы пайда болгондон бери бир кылымдан ашык убакыт өтүп, жыл сайын маалымат жана байланыш технологиялары өркүндөп жатса да, радионун ар бирибиздин күнүмдүк жашообузда бекем орду бар.

Бүгүн радио – жашообуздун эң маанилүү бөлүгү, анын жардамы аркылуу биз дүйнөдөгү, региондогу жана өлкөдөгү жаңылыктарды биринчи угабыз, тез чечимдерди кабыл алабыз, кырсыкка кабылган адамдарды сактоого шашабыз.

Радионун бүгүн да ролу зор, чагылгандай тез кабарларды таратуу менен кошо ар бир адамга, коомго, өлкөгө жаркын маанай тартуулоого тийиш. Анткени, жакшы өзгөрүүлөр жалпы маанайга жараша болот. Ошондуктан, бүгүнкү кесиптик майрамыӊыздар менен куттуктап жатып, толкунуӊуздардан жаркын кабарлар, көӊүл сергиткен ыр-күүлөр арбын болсун деп айткым келет. Эфирден жаңырган кабарлар, музыка ар бир үйгө кубаныч менен жылуулук алып келсин!

Өнүгүү жолуна бет алган Кыргызстаныбыздын ийгиликтерине сапарлаш, шериктеш болуӊуздар!

Баарыӊыздарга бекем ден соолук, жаркын маанай, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!

Кыргыз Республикасынын      Президенти              Алмазбек Атамбаев

Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү менен куттуктоосу

Атамбаев бүгүн 5-май Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Бул туурасында КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Бардыгыңыздарды Конституция күнү менен куттуктайм!

Мындан жыйырма төрт жыл мурда, 1993-жылы 5-майда көз карандысыз Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынган. Ал постсоветтик мейкиндикте эң демократиялуу, прогрессивдүү Конституция катары таанылган.

Бирок, андан кийинки 20 жыл ичинде Башмыйзам авторитардык – үй-бүлөлүк режимди чыңдоо максатында бир канча жолу оӊдолуп, натыйжада коом ичинде Конституциянын кадырын кетирген.
2010-жылы Апрель революциясынан кийин Конституцияга мамиле түп-тамырынан өзгөрдү. Андан берки өлкөбүздөгү орошон өзгөрүүлөр, мамлекетибиздин улам бекемделиши жарандардын Башмыйзамга, мыйзамдуулукка ишениминин кайтарып, Конституцияга, өлкө эгемендигине, мамлекетибизге сый-урмат мамилени жаратты.

Бул кыска убакта Кыргызстан өнүгүү жолунда ондогон жылдарга тете белести басып өттү. Бул жетишкендиктерди биз 2016-жылы декабрдагы референдум аркылуу бекемдедик.
Ошентип, мындан ары бизде ким бирөөнүн чексиз бийлигинин орношуна жол жабылды -Кыргызстанда бийлик бутактарынын чыныгы тең салмагы камсыздалды.

Мындан ары тыштан таӊулоолорго жол жабылды – ким менен мамиле күтпөйлү, Кыргызстандын кызыкчылыктары биринчи орунда болот.
Азыркы Башмыйзам кыргыз элинин эркин мүнөзүнө, улуттук намысына шайкеш келип, ата-бабалардын көөнөргүс мурасын жандантып жана байытууга, жарандарыбыздын жаратман жана чыгармачыл ишине демөөр болот.

Урматтуу мекендештер!

Майрамыбыз кут болсун!

Баарыңыздарга бакыт-таалай, чың ден соолук жана тынчтык каалайм!

Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин!

Кыргыз  Республикасынын Президенти                           А. Атамбаев

Ч.Турсунбеков Кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады

Төрага Ч.Турсунбеков Кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы маалымдады.

Урматтуу мекендештер!

Ардактуу эгемендүү Кыргызстаныбыздын атуулдары!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 5-май – Конституция күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргыз эли эзелтен жазылбаган салт-санаанын, адеп-ахлактын ченеминде жашап, бабалардын баскан жолунан тайбай улут катары калыптанып бүгүнкү күнгө жетип отурат. Эркиндик элибиздин башкы чакырыгы болуп, журт башчылары жалпы элдин кызыкчылыгын бекем сакташкан. Калктын каалоосу кандын буйругунан бийик турган. Мына ошол жолдо түбөлүк улутка айланган улуу элибиз 1993-жылы тарыхый баалуулуктарына шайкеш келген жаӊы Башмыйзамды кабыл алган.

Бул Башмыйзам жаӊы курулган кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөп, бийликтеги теӊ салмактуулукту, өлкөнүн келечектеги башкы багытын аныктоого шарт түзгөн. Бирок, ара жолдо өз билемдигине салгандардын башаламан саясатынан Конституция бир топ өзгөрүүлөргө учурап, 2010-жылга чейин бийликтин кызыкчылыгы үчүн алмаштырылып келгени да жашыруун эмес. Анткен менен эркиндикти сүйгөн элибиз, эки жолу бийликти күч менен алмаштырып, акыр аягы мыйзамдуу элдик башкарууну тандады. Гимнибизде айтылгандай, өз тагдырын өзү чечкен элибиз 2010-жылдын 27-июнунда жаӊы Башмыйзамды колдоого алды. Натыйжада, демократиялык баалуулуктарды камтыган жаӊы багыт калыптанды.

Ошол кездеги оор кырдаалга жараша кабыл алынган Башмыйзамда бара-бара кемчиликтер да байкалып, 2016-жылы көпчүлүк элдин добушу менен Конституцияга түзөтүүлөр киргизилди. Мындай кадамдардын башкы максаты, мурдагыдай жеке үй-бүлөлүк бийликтин мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү эмес, жалпы элдин алдында мамлекет жетекчилеринин жоопкерчилигин арттырып, парламенттик башкаруу системасын жайылтуу болгонун турмуш өзү көрсөтүүдө. Түзөтүүлөрдүн жемиши азыртан байкалып, Борбордук Азиядагы эркин, теӊ укуктуу жана демократиялуу өлкөгө айлануудабыз. Ачык-айкын шайлоо системасы калыптанып, Башмыйзамыбыздагы башкы эреже – бийлик ээси эл экени таасын белгиленди.

Кандай гана болбосун алгачкы Конституциябыз кабыл алынган күн – Кыргызстандын тарыхында маанилүү күн катары кала берет. Анткени 24 жыл мурун кабыл алынган алгачкы Конституциябыз өлкөбүздүн эгемендигин даӊазалаган башкы кадам.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Дагы бир жолу сиздерди Башмыйзамыбыздын кабыл алынган күнү менен куттуктап, өлкөбүзгө биримдик жана тынчтык каалайм. Баарыбыз мыйзамды бекем сактап, эгемен мамлекетибизди өнүктүрүү үчүн эмгектенели. Баш мыйзамыбыз ага жол ачат!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеӊешинин Төрагасы                                                                 Чыныбай Турсунбеков

Меню