Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды

Атамбаев бүгүн, 2-майда өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Бул туурасында КР Президентинин басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда министр Мамлекет башчысына жер көчкү болгон Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында  издөө иштери, ошондой эле адамдарды коопсуз райондорго көчүрүү, аларга убактылуу баш калка жайларды уюштуруу жана алгачкы жардамды көрсөтүү чаралары жөнүндө маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун туугандарына жана жакындарына терең көңүл айтып,  каргашанын залакасы тийгендердин баардыгына мамлекеттик органдар тарабынан бардык жардамдарды берүү зарылдыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтымында, жаратылыш кырсыгынын себептери жана кесепеттери көрсөткөндөй, өзгөчө кырдаалдар ведомствосу алдын алуу чараларын күчөтүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  менен биргеликте жаратылыш кырсыктарын алдын алуу чараларын көрүп жана кооптуу тилкелерде жашаган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында аларды коопсуз жактарга көчүрүү жагын кайра карап чыгуусу зарыл.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эки күндүк жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусунда жүрөт

Кыргыз  Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков эки күндүк жумушчу сапары менен  Жалал-Абад облусунда жүрөт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Өкмөт башчы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча даярдыктар жана  иштин жүрүшү, бир катар инфраструктуралык жана социалдык обьектилердин абалы жана курулуш ишинин жүрүшү менен таанышууда.

Атап айтканда, Сооронбай Жээнбеков Сузак айыл аймагындагы №12 дамбанын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышып, Ноокен районунун  Сакалды айылындагы Кара-Үнкүр дарыясынын дамбанын абалы жана Майлуу-Суу шаарындагы Түштүк  Кара-Жыгач айылындагы жана Ош облусунун Өзгөн районундагы Курбу-Таш айылындагы жер көчкүнүн кесепеттери менен таанышат.

Ошондой эле Өкмөт башчы Сузак районундагы Тайгараев жана Төш-Кутчу айылдарын бириктирүүчү жолду көрүп, Барпы сейил Токтогул көчөлөрүндөгү жолдорду асфальттоо иши, ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер астынан өтүүчү жолдун курулушу Кара-Үңкүр дарыясындагы Көкчөгөз  жана Базар-Коргон районундагы Чкалов көпүрөлөрүнүн абалы менен таанышат.

Мындан сырткары, Премьер-министр № 18 «Манас-1000» жана Жалал-Абад шаарындагы № 6 орто орто мектептерине барат.

Өкмөт башчы 30-апрелде жана 1-майда Ош облусунун Өзгөн районундагы жер көчкү жүргөн Жалпак-Таш жана Аюу айылдарынын тургундары менен жолукту.

5 мая пройдет акция по сбору мусора «Таза Иссык-Куль» на прибрежных участках

 

5 мая на Иссык-Куле пройдет акция по сбору мусора «Таза Иссык-Куль» на прибрежных участках. Мероприятие посвящено началу туристического сезона и проводится в рамках международной ярмарки туризма 2017.

Основная цель мероприятия заключается в привлечении внимания общественности к проблеме несанкционированных и стихийных свалок в биосферной территории Иссык-Куле.

Программа акции предусмотривает конкурсы и викторины с призами для самых активных участников. В этом году в уборке примут участие звезды кыргызской эстрады, известные блогеры и активисты.

В акции, ставшей уже ежегодной традицией, примут участие более 100 волонтеров.

«Мы приглашаем всех проявить активность, показать обществу свою социальную ответственность и солидарность в сохранении чистоты на территории озера Иссык-Куль», – отмечают организаторы.

Сбор участников состоится с 7:00 по 8:00 возле гостиницы «Достук». В рамках акции активисты очистят прибрежные зоны г. Чолпон-Ата и с. Бостери. Организаторы обеспечат волонтеров транспортом и обедом на свежем воздухе.

Справка: «Таза Иссык-Куль» – это долгосрочный проект, направленный на привлечение внимания общественности к проблеме загрязнения озера.

Инициаторами проекта является ОФ «Экодеми».

К участию приглашаются все желающие! За дополнительной информацией обращаться по телефону +996 707877008, ОФ “Экодеми”.

Чыныбай Турсунбеков: "Кытай Эл Республикасы менен болгон кызматташтыкты бекемдөө ырааттуу улантылышы керек"

Бүгүн 2-майда Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргызстандын Кытайдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Азамат Үсөновду кабыл алды. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Жаңыдан дайындалган элчи менен болгон баарлашууда эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы өз ара мамилелерди мындан ары да бекемдөөнүн негизги багыттарын талкууга алышты. Калыптанып калган парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, КСДП партиясы менен Кытай Эл Республикасынын Коммунисттик партиясынын ортосундагы мамилелерди улантуу боюнча да кеңири сөз болду.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Төрага элчиге Кыргызстан-Кытай-Пакистан транспорттук коридорун, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран темир жолун, Кыргыз-Кытай фондусун ишке киргизүү боюнча үзгүлтүксүз иш жүргүзүү жагын тапшырды.

Соңунда Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков чоң ишеним жүктөлүп жаткан Азамат Үсөновго жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.

Алмазбек Атамбаевдин 1-май - Эмгек майрамы менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Баарыӊыздарды Эмгек жана Тынчтык майрамы менен чын дилимден куттуктайм!
Биринчи Май – баарыбыз эңсеп күткөн, жан-дүйнөбүздү эргиткен, нукура элдик майрам. Тынчтыктын, Жаздын, Эмгектин символу катары бул күн муундан муунга жүрөккө сакталып келатат.

Бүгүн майрамдап чыккан ким болбосун – тилине, тегине, динине карабастан, тилектеш, тагдырлаш, максатташ экенин сезет. Чынында эле Тынчтык менен Эмгек – ар бир адам жашоосунда таяна турган кош дөөлөт. Ар кимибиз ак ниет эмгегибиз менен үй-бүлөбүздү, өлкөбүздү чыӊдап жатабыз.
Ар бир адамдын жупуну ийгилиги тоо булактарынан чогулуп келип, агымы зор дайрага айлангандай Кыргызстандын алдыга өсүшүнө дем берип жатат.

Мамлекетибиз мээнеткеч жана ак ниет жарандарын ар дайым ар тараптан камкордукка алат, урматтап сыйлайт. 1-Май – ошол жаратмандык менен биримдикке данакер.

Урматтуу мекендештерим!

Өлкөбүздөгү тынчтыкты, ынтымакты, биримдикти көзүбүздүн карегиндей сактайлы!
Баарыӊыздарга бекем ден соолук, ачык асман, бакыбаттык каалаймын!

Бар болуӊуздар!

Кыргыз Республикасынын              Президенти    А. Атамбаев

Чыныбай Турсунбеков: "Кыргыз эли эзелтен ак эмгектин нанынан кубат алып, жасаган ишинен баар таап келген"

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков кыргызстандыктарды 1-Май Эмгекчилердин эл аралык күнү менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоо тексти:

Урматтуу мекендештер!

Ардактуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 1-Май Эмгекчилердин эл аралык күнү менен куттуктайм!

Жалпы журтту кайратмандыкка жана эмгекчилдикке үндөп,  ошол эле учурда жалпы элди теӊ укуктуулукка жана тилектештикке чакырган бул күндүн дүйнө тарыхындагы орду өзгөчө. 1889-жылы Париж интернационалдык конгресси тарабынан 1-Майды Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү деп белгилөө чечими кабыл алынып, андагы 15 сааттык жумуш күнүн 8 сааттык жумуш күнүнө кыскартуу талабы көтөрүлгөн. Ошондон тарта 1-май күнү демонстрацияга чыккан дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнүн жумушчуларынын урматына майрам катары белгилене баштаган.

Ал эми азыркы эгемендүү Кыргызстаныбызда 1-Май майрамы саясый боёктон ажырап, жалпы элдик “Эмгек майрамы” аталышына ээ болду. Анткени эмгек – өмүрдүн булагы, жашоонун негизи. Кыргыз эли эзелтен ак эмгектин нанынан, асыл иштин үзүрүнөн кубат алып, жасаган ишинен баар таап келген. Эмгекти сүйүп, адал аракеттен гана чыныгы бакытка жетүүгө болорун жакшы түшүнүшкөн. Буга далил катары кыргыз элинин улут катары сакталып калышын, мамлекет катары түптүү журтка айланышын айтсак болот.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

26 жылдык тарыхка ээ эгемендүү өлкөбүздүн да жаркын келечеги ар бир жарандын талыкпас эмгегинен көз каранды. Ар бирибиз өзүбүздүн келечегибиз, мамлекетибиздин эртеӊи үчүн талыкпай эмгектенишибиз зарыл. Дүйнө бир айылчага айланып, маалымат технологиялары, инновациялык каражаттар жана автоматташкан жабдуулардын жаӊы түрү көбөйгөн сайын, кол эмгеги менен акыл эмгегин айкалыштыруу учурдун башкы талабы болууда. Руханий көрөӊгөбүздү жана салттык баалуулуктарыбызды сактап калууда да талыкпаган изденүүнүн мааниси өтө жогору. Андыктан, илим артынан түшүп, билим алалы. Жаз менен кошо жарыша келген эмгек майрамынын алкагында келечек үчүн ар бирибиз көчөт тигип, өлкөбүздү көрктөндүрөлү. Арык казып, талааларды гүлгө бөлөйлү. Эмгек менен бийиктиктерди багындырып, өлкөбүздү өнүктүрөлү. Таза коомду жаратып, мыйзамдуу жашоо шартын куралы.

Дагы бир жолу майрамыӊыздар менен! Жергебизде тынчтык болуп, жашообуз жакшылыктарга толсун. Ар бириӊиздерге ден-соолук жана бакыт каалайм! Бар болуӊуздар!

 

Атамбаевдин Бишкек шаарынын негизделген күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчы бүгүн 29-апрель Бишкек шаарынын негизделген күнүнө карата кыргыз элин куттуктады. Бул туурасында КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

А.Атамбаевдин куттуктоо тексти:

«Урматтуу борбор шаардын тургундары жана меймандары!

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Бишкек шаарынын күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Бишкек – элибиздин бай салттары менен көөнөрбөс мурасынын чордону, ордо калаабыз. Мекенибиздин экономикалык, саясий, маданий борбору катары Бишкектин өзгөчө орду бар.

Бишкек жылдан жылга кеңейип, жакшырып, жаңыланууда. Бийик жана кооз имараттар курулуп, улам заманбап келбети менен жүзү калыптанып келатат. Соӊку жылдары Бишкектин бир катар проблемаларын чечтик. Бактар, парктар, гүлзарлар жана башка эс алып, сейилдей турган жайлардын пайда болуп жатканы кубандырбай койбойт. Автожолдорду жаңылоо боюнча ири долбоорлор ишке ашырылып, жашылдандыруу, жарыктандыруу жагынан да жылыштар болууда. Борборубузга бир кездеги “жашыл шаар” деген аты кайтып келатат. Ошону менен катар шаардыктардын жана келген коноктордун коопсуздугун бекемдөө боюнча бир катар проблемалар бар экенин мойнубузга алабыз.

Урматтуу шаардыктар!

Өлкөбүз жаңылануу жана өнүгүү жолуна түштү. Алдыбызга чоң максаттарды коюп жатабыз. Бул максаттарга жетүүдө Бишкек сап башында болууга тийиш. Шаардын тазалыгына, жайлуу болушуна, коопсуздугуна жана жүрүм-турум маданиятына ар бир бишкектик жоопкер. Ушул жоопкерчиликти күнүмдүк жашообузда сезе жүрсөк, бүт өлкөгө жакшы үлгү беребиз.

Кадырман бишкектиктер!

Бишкек өзүнүн кайталангыс келбети менен ажарын дүйнөлүк алдыӊкы тажрыйбаларга айкаштыруу аркылуу заманбап борбор боло алат. Жыл сайын көркүнө көрк кошулуп, мындан да кооз боло берсин.

Сиздерге бекем ден-соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм!

Асманыбыз ачык, жашообуз жайлуу болсун!

Кыргыз Республикасынын   Президенти                    А. Атамбаев

Кыргызстан биометриялык электрондук паспортторго өтүп жатат

Атамбаев бүгүн, 28-апрелде Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана өз Аппарат жетекчиси Сапар Исаков менен өлкөдө биометриялык электрондук паспортторду киргизүү ишинин башталашы жөнүндө талкуулады. Бул туурасында КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргыз Республикасынын жаранынын электрондук биометриялык паспорту жаңы типтеги идентификациялык документ болуп саналат жана эл аралык стандарттарга жооп берет. Бул Эл аралык жарандык авиациянын талаптарына төп келген жана жасалмалуулуктан сактай турган Борбор Азия регионунда биринчи электрондук паспорт болуп калды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда биометриялык электрондук паспортторду киргизүү электрондук өкмөттү түзүүнүн жана Президент демилгелеген «Таза Коом» долбоору өлкөнүн санариптик келечекке кадам ташташынын негизи шарты болуп саналарын белгиледи. Биометриялык паспорттун жардамы менен жарандардын кагаз маалымдамаларсыз калкты сапаттуу электрондук тейлөөгө, бардык мамлекеттик жана муниципалдык тейлөөлөргө кеӊири жол ачылат.

Премьер-министр Кыргызстан жарандары биометриялык паспортторду 2017-жылы 1-майдан тарта 31-декабрга чейин акысыз ала алышарын кабарлады. «Жаңы үлгүдөгү паспортту алуу убактысы эки эсеге кыскарып, арыз бергенден тарта 14 күн ичинде алууга болот», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын биометриялык электрондук паспортторго өтүүсүнүн башталышы – өлкөдө санарипке негизделген коомду түзүү ишинде зор мааниси бар даӊазалуу окуя болуп саналарын белгиледи. Бул иш өлкөдөгү бардык процесстердин ачыктыгын камсыздоо, коррупция менен күрөшүү, таза жана ачык шайлоолорду өткөрүү, коопсуздукту камсыздоо иштеринде сапаттуу натыйжаларга жетишүүгө өбөлгө болот.

Маалымат иретинде: электрондук түрдөгү паспортто камтылган: анын ээсинин үй-бүлөлүк абалы, турган жеринин дареги, улуту, жынысы, жарандыгы, туулган жери, санариптик сүрөтү, эки колунун бармактарынын папиллярдык чийиндеринин графикалык курулушу, өз колу, электрондук-санариптик колунун ачкычы тууралу бардык маалыматтар кызмат көрсөткөн кайсы гана мамлекеттик жана мамлекеттик эмес орган тарабынан контакттуу жана контактсыз түрдө таанылат, анын ичинде банктар, нотариаттар, медициналык жана билим берүү мекемелери, бизнес түзүмдөр бар. Биометриялык паспортто жаран жөнүндө 19 маалымат камтылып, электрондук форматта болгондуктан, паспорттун жарактуу мезгилинде маалыматтар өзгөрсө да, аны алмаштырбай пайдаланууга көмөкчү болот. Өзгөргөн маалыматтар автоматтык түрдө жаңылана берет. Идентификациялык карта анын ээсинин каалоосу боюнча көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн Брайл шрифти менен тактилдик текстте болушу мүмкүн.

Биометриялык паспортторду киргизүүгө зарыл болгон КР Өкмөтүнүн бардык токтомдоруна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Кыргыз Республикасын 2040-жыл мезгилине чейин өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын долбоорун даярдоо боюнча Координациялык топтун жыйыны болду

Бүгүн, 25-апрелде Кыргыз Республикасын  2040-жыл мезгилине чейин өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын долбоорун даярдоо боюнча Координациялык топтун биринчи жыйыны болду. Бул туурасында КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйынга төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Президентинин кеӊешчиси Ф.А. Ниязовдун сунушу боюнча, Координациялык топтун мүчөлөрү эксперттик жамааттын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеӊеш алдыга койгон максаттар менен милдеттерди эске алуу менен Координациялык топтун иш регламенти менен планын талкуулап бекитишти.

Быйылкы жылдын январынан тартып 5 эксперттик топ ишин баштаганы, алар 2014-жылдан бери эксперттик жамааттан түшкөн стратегиялык өнүктүрүүнүн маанилүү маселелери боюнча  сунуштардын кыйла бөлүгүн азыркы учурга карата талдап чыкканы белгиленди. Бул экономика, экология, мамлекеттик башкаруу, социалдык чөйрөлөрдө жана “Таза Коом” долбоорун ишке ашыруу жагындагы долбоорлор. Улуттук кеӊештин секретариатынын маалыматы боюнча, өткөн 4 айда эксперттик топтор тарабынан өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын долбоорун даярдоо боюнча көп иштер аткарылды.

Андан тышкары эксперттик топтор Кыргыз Республикасын 2040-жыл мезгилине чейин өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын концепциясы боюнча сунуштарды иштеп чыгууну аяктап калышты. Координациялык топ талкуулап жана бекиткенден кийин бул концепция узак мөөнөттүү стратегиянын өлкө жетекчилигине сунуштала турган долбоорунун негизи болуп калышы мүмкүн.

Координациялык топ Атамбаевдин буйругу менен 2017-жылы 19-апрелде түзүлгөн жана ага Кыргыз Республикасын 2040-жыл мезгилине чейин өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын негизги багыттарын иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтордун ишин координациялоо, ошондой эле иштелип чыккан сунуштарды бирдиктүү стратегиялык документке бириктирүү милдети жүктөлгөн.

Фото - Атамбаев Ысык-Көл облусунун активи жана коомчулугу менен жолукту

Атамбаев бүгүн, 26-апрелде Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында Ысык-Көл облусунун активи жана коомчулугу менен жолукту. Бул туурасында КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Салттуу “суроо – жооп” форматында өткөн жолугушууда Мамлекет башчысы 2015-жылы күздө болгон жолугушууда ысык-көлдүктөр берген суроолордун көбү чечилип, калгандары, атап айтканда, мектептер менен башка социалдык объектилерди куруу жагы чечилип жатканын белгиледи. Президенттин сөзү боюнча, мектептер тартыштыгынын маселеси өлкөдө бир дагы авариялык мектеп калбагыдай болуп түп-тамырынан чечилет.

Атамбаевдин айтымында, Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду автожолунун Чок-Тал – Чолпон-Ата тилкеси туристтик сезон башталганга чейин, июнь ортосуна карата толук бүтөрү белгиленди. Мамлекет Каракол шаарынын жолдорун жаңылоого каражат табат, ал эми облустун ири долбоорлору Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейинки мезгилге өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясына киргизилмекчи.

Чогулгандар алдында сүйлөп, Президент соӊку жылдары мамлекеттин кирешелерин адилет бөлүштүрүүгө жетишилгенин, анын натыйжасында свет, газ жана жол жок болгон доор артта калганын өзгөчө белгиледи. Мамлекет башчысынын айтымында, Конституцияга оӊдоолорду эл колдогондуктан, өлкө эгемендигин бекемдөө, саясый системанын туруктуулугун, бийликтин коом алдындагы жоопкерчилигин камсыз кылуу мүмкүн болду.

Туристтик сезонго даярдык тууралу айткан Президент Алмазбек Атамбаев маанилүү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу менен катар эле турак-жай аймактарын жакшыртууга, жаратылышка этият мамиле жасоого көӊүл бурду.

Жарандардын суроолоруна жооп берген Мамлекет башчысы республикалык маанидеги ири долбоорлорду ишке ашыруу, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын андан ары бекемдөө, логистиканы өнүктүрүү, транспорттук коридорлорду салуу иштерине токтолду. Мына ушул иштер өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө жана мамлекеттин кирешесинин артышына шарт түзөт.

Жолугушууда Мамлекет башчысына ар кайсы мүнөздөгү көптөгөн суроолор берилип, аларга так жооптор болду жана ошол жерден эле тиешелүү тапшырмалар берилди. Андан тышкары бул жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча иш чаралар планы иштелип чыкмак болду.

Жолугушууга Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун жетекчилигинин жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Меню