Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Жеңиш күнүн өткөрүүгө карата даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын планы бекитилди

Атамбаевдин буйругу менен 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун 72 жылдыгын белгилөөгө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө иш чаралардын планын иштеп чыгуу жана майрамды республиканын бардык аймактарында жогорку деңгэлде өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылды.  Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин аталган буйругун аткаруунун негизинде Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков башында турган Өкмөттүк комиссия түзүлдү.

Жумушчу топ тарабынан Жеңиш күнүн өткөрүүгө карата иш чаралардын планы иштелип чыгып бекитилди.

План 16 пункттан турат, анда мамлекеттик органдарга, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, Улуу Ата Мекендик согуштун 72 жылдыгын белгилөөдө салтанаттуу иш чараларды өткөрүү үчүн уюштуруу жана даярдык иштерин чечүү маселеси тапшырылды.

Атап айтканда, “Өлбөс ысымдар” (Бессмертный полк) акциясын уюштуруу жана өткөрүү, “Жеңиш аянтында” митинг реквием, Улуу Ата Мекендик согуштун 72 жылдыгына арналган көргөзмөлөр жана фотокөргөзмө, ошондой эле дагы башка салтанаттуу иш чаралар өткөрүлөт.

 

Атамбаев транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов менен Ысык-Көл облусунун башчысы Узарбек Жылкыбаевди кабыл алды

Атамбаев бүгүн, 25-апрелде Чолпон-Ата шаарында Мамлекеттик резиденцияда өлкөнүн  транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов менен Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевди кабыл алды. Бул туурасында КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Транспорт жана жолдор министри Мамлекет башчысы автотрассаны жаңылоо иштерин көрүү учурунда айткан пикирлерин эске алуу менен облустун транспорттук  инфраструктурасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары тууралу Президентке айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев облус жетекчилиги мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта жарандардын жана коноктордун коопсуз эс алуусун ар тараптан камсыз үчүн алдыдагы туристтик сезонго даярдыктын маанилүү милдеттерин аткаруу боюнча зарыл чараларды көрүүгө тийиш экенин белгиледи.

Мамлекет башчысынын сөзү боюнча, даярдалып жаткан иш чаралар менен белгиленген долбоорлорду сапаттуу ишке ашыруу аркылуу туристтик агымды арттырып жана облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн чечүүгө шарт түзүлөт.

Атамбаев жол кыймылынын коопсуздугу боюнча кеӊешме даярдоону тапшырды

Атамбаев өлкө Өкмөтүнө жана Коопсуздук кеӊешинин секретариатына бардык  компетенттүү мамлекеттик органдар менен түзүмдөрдүн жетекчилеринин катышуусу менен  жол кыймылынын коопсуздугу боюнча кеӊешме даярдоону жана бул чөйрөдө топтолгон проблемаларды чечүү боюнча чаралар комплексин камсыздоону тапшырды. Бул туурасында КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Сапар Исаков Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолукту

Бүгүн, 25-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Сапар Исаков менен Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриандын жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда эки тарап кыргыз-европа кызматташтыгынын эки тарапка кызыкчылык туудурган проиоритеттүү багыттардын бардык комплексин андан ары бекемдөө боюнча биргелешкен иштер тууралу пикир алышты.

Атап айтканда, Атамбаевдин быйылкы жылдын февраль айында Европа биримдигинин Брюссель шаарындагы институттарына визитинин учурунда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча маанилүү маселелер талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Сапар Исаков  Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана өлкөдө туруктуулукту жана өнүгүүнү бекемдөө, коррупция менен күрөшүү жана шайлоо процессин өркүндөтүү чаралары тууралу айтып берип, бийик технологиялуу  «Таза Коом» улуттук долбоорун куруу боюнча Кыргыз Республикасынын демилгесин жылдырууга Евробиримликтин өкүлдөрүнүн катышуусуна кыргыз тараптын кызыкдар экенин билдирди.

Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан таза жана ачык шайлоолорду өткөрүү боюнча Кыргызстан Борбор Азия регионунда жакшы мисал болуп калганын белгилеп, өлкөнү демократиялык өнүктүрүү боюнча Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды улантуунун маанисин белгиледи.

Ошондой эле ал мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындуулугун арттырууга багытталган жана коррупцияга бөгөт коюуда бараандуу инструмент боло турган «Таза Коом» долбооруна көмөк көрсөтүүгө европалык тараптын даяр экенин билдирди.

Жолугушууга Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Чезаре Де Монтис да катышты.

Атамбаев Балыкчы - Чолпон-Ата - Корумду автожолун оңдоо иштери менен таанышты

Атамбаев бүгүн, 24-апрелде Ысык-Көл облусундагы Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду автожолун оңдоо иштери менен жана ошондой эле өткөн 2016-жылы кайра оңдолгон Абдрахманов көчөсүнүн абалы менен таанышты. Бул туурасында КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Таанышуу учурунда КР транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Мамлекет башчысына жаңыланып жаткан автомагистралдын бардык негизги тилкелеринде иш жүрүп жатканын айтып берди. Министрдин айтымында, туристтик сезон башталганга чейин Чок-Тал – Чолпон-Ата тилкесине асфальт төшөө иштери аяктайт.

Президент Алмазбек Атамбаев жолду жаңылоого зарыл каражаттардын табылышы менен куруучулар жолду өз маалында жана сапаттуу бүткөрүүгө тийиш экенин белгиледи.

Президент Балыкчы – Корумду автомагистралы бардык талаптарга жооп бергидей, жол жээктеринде жайгашкан шаарлар менен айылдардын тургундары жана туристтер үчүн коопсуз жана жайлуу болушу үчүн анын инфраструктурасын жакшырууга өзгөчө көӊүл бурду.

Кыргыз жана казак парламенттеринин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттеринин мүчөлөрү Казакстандын Кордой айылында жолугушту

Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеӊештин жана Казакстан Парламентинин Сенатынын парламенттеринин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттеринин мүчөлөрү Казакстандын Кордой айылында жолугушуп, эки өлкө ортосундагы маселелер жаатында пикир алышууда. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Эл өкүлдөрү адегенде чек ара аймактарындагы өткөрүү түйүндөрүнүн иши менен таанышып, эки өлкө артосунда катташкан жарадар үчүн өткөрүү жолжоболорун жөнөкөйлөтүү, жүргүнчүлөрдү тейлөө шарттарын жакшыртуу чечимине келишти.

Белгилей кетек, парламентчилердин жолугушуусуна кыргыз тараптан депутаттар Аскарбек Шадиев (тармактык комитеттин төрагасы), Каныбек Иманалиев, Абдывахап Нурбаев, Алмазбек Баатырбеков, Динара Исаева, Анвар Артыков, Бахадыр Сулейманов катышууда.

Май майрамдарына байланыштуу кыргызстандыктар 2017-жылдын 5-9-майына чейин эс алат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков КР Эмгек Кодексинин 113 беренесине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тууралуу» Конституциялык мыйзамынын 10 жана 17 беренелерине ылайык, эс алуу жумуш эмес күндөрдү рационалдуу пайдалануу максатында жумуш күндөрдү которуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Токтомго ылайык, беш күндүк жумуш күн графиги менен иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2017-жылдын 13-майындагы эс алуу күнү, 2017-жылдын 8-майындагы жумуш күнүнө жылдырылды.

Ошону менен 2017-жылдын 8-майы эс алуу күн болгондуктан кыргызстандыктар 2017-жылдын 5-9-майына чейин эс алышат. Ал эми 2017-жылдын 13-майы жумуш күн деп эсептелет.

 

 

Сапар Исаков Бүргөндү өрөөнүндөгү сугат түйүнүн ачуу аземине катышты

ыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Сапар Исаков 21-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү  өрөөнүндөгү сугат түйүнүн ачуу аземине катышты.

Сапар Исаков катышуучуларды Атамбаевдин атынан куттуктап, туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында каралган Бүргөндү  өрөөнүн өздөштүрүү долбоору Мамлекет башчысынын көзөмөлүндө турганын белгиледи.

Сапар Исаковдун айтымында, Баткен облусунун 3 миңден ашуун тургуну бул өрөөндөн жер үлүшүнө ээ болушат, келечекте 20 миӊден ашуун адамга жер берилмекчи. “Бүргөндү өрөөнүн өздөштүрүүнүн социалдык-экономикалык маанисинен тышкары стратегиялык да мааниси бар. Анткени чек араларды бекемдөөгө, ички миграцияны азайтууга мүмкүндүк берет”, – деди ал.

КР Президентинин Аппаратынын Жетекчиси региондун энергетикалык көз карандысыздыгы камсыздалып, транзиттик жолдор салынганын белгиледи. “Кыргызстан тынчтык, ынтымак жана биримдик болгон үчүн өнүгүп жатат. Дүйнөдөгү кризиске карабастан, Кыргызстан экономикасы өнүгүү үстүндө”, – деди Сапар Исаков.

Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды

Атамбаев бүгүн, 22-апрелде өлкөнүн башкы прокурору Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Бул туурасында КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда Мамлекет башчысына Бишкек шаарындагы архитектура жана шаар куруу жаатында мыйзамдуулуктун сакталашын көзөмөлдөө боюнча иштер тууралу маалымат берилди. Башкы прокурордун сөзү боюнча, мыйзамдарды алешемдиктерди жоюу, анын ичинде ченемдик-укуктук актыларга тиешелүү оӊдоолорду киргизүүнү демилгелөө максатында көзөмөл органы тарабынан бул чөйрөдөгү коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча комплекстүү иштер жүрүп жатат.

Индира Жолдубаева борбордо мыйзамсыз салынган капиталдык жана чакан объектилер  түртүлүп, бул категориядагы мурда козголгон бардык жазык иштерин инвентаризациялоо жүрүп жатканын айтып берди.

Маалыматты угуп, Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага биринчи кезекте өлкө борборунда шаар куруу жаатында мыйзамдуулукту камсыз кылууга байланышкан бир катар тапшырмаларды берди.

«Ч.Т. Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, Атамбаев кол койгон «Ч.Т. Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» Жарлыкка ылайык, Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун улуттук жана дүйнөлүк маданият менен адабиятка кошкон зор салымын эске алып, ошондой эле анын 2018-жылы боло турган туулган күнүнүн 90 жылдыгына байланыштуу токтом кылынат:

1. Ч.Т. Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгы улуттук жана эл аралык жогорку деңгээлде белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

– 2 айлык мөөнөттө Ч.Т. Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү, ошондой эле иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгуу жана бекитүү;

– аталган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен зарыл финансы каражаттарын бөлүүнү кароо.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Меню