Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Атамбаев финансы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алды

Атамбаев бүгүн, 12-апрелде өлкөнүн финансы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда быйылкы жылга республикалык бюджеттин аткарылыш маселелери, бюджеттик саясаттын негизги багыттары, ошондой эле мамлекеттик казынанын киреше бөлүгүн чыңдоо чаралары талкууланды.

Адылбек Касымалиев бюджеттик процесстердин натыйжалуулуган арттыруу жана мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун ачыктыгын камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралу Атамбаевге айтып берди.

Президент бюджеттик саясатты алдын ала көрүү жагын арттыруу, бюджеттин тең салмактуулугун камсыздоо жана улуттук экономиканын өсүш темптерин арттыруу үчүн фискалдык саясатты жакшыртуу чараларын ишке ашыруунун маанисин белгиледи. Мамлекет башчысы андан тышкары калкты социалдык камсыздоо чөйрөсүндө милдеттерди өз маалында ишке ашыруу зарылдыгына министрдин көңүлүн бурду.

Атамбаев Египеттин Президенти Абдель Фаттах Аль-Сисиге Танта жана Александрия шаарларындагы чиркөөлөрдө болгон теракттын кесепетинен улам көп сандаган курмандыктарга байланыштуу көңүл айтты

Атамбаев Египет  Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах Аль-Сисиге Танта жана Александрия шаарларындагы эки чиркөөдө болгон теракттын кесепетинен улам көп сандаган курмандыктарга байланыштуу көңүл айтты.

«Египет  Араб Республикасынын Танта жана Александрия шаарларындагы эки чиркөөдө болгон терактын кесепетинен улам көп сандаган курмандыктар тууралу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан бул кыянат зомбулукка каршы дүйнө коомчулугунун күч-аракеттерин бириктирүүнүн маанисин баса белгилейт.

Кыргызстан элинин жана өз атыман курман болгондордун туугандары менен жакындарына колдоо жана бардык жабыр тарткандардын тез арада сакаюусун каалоо сөздөрүмдү жеткирүүңүздү өтүнөм», – деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Атамбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды

Атамбаев бүгүн, 10-апрелде өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда Мамлекет башчысына улуттук коопсуздуктун абалы жана коопсуздукту андан ары бекемдөө чаралары тууралу маалымат берилди.

Темир Жумакадыров ШКУ өлкөлөрүнүн коопсуздук кеӊеш катчыларынын 12-жолугушуусунун, анын ичинде Кыргызстандын региондук коопсуздук камсыз кылуу чөйрөсүндөгү негизги өнөктөрү саналган өлкөлөрдүн делегация башчылары менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары тууралу айтып берди. Анын айтымында, терроризмге жана диний экстремизмге каршы туруу үчүн көп жана эки тараптуу форматта кызматташтыкты андан ары күчөтүүнүн мааниси баса белгиленди.

Президент Алмазбек Атамбаев улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар комплексин жандантуу зарылдыгын, андан тышкары азыркы коркунучтар менен сыноолорго каршы туруу боюнча милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн негизги чет жердик өнөктөр менен өз ара аракеттенүүлөрдү күчөтүүнүн маанисин белгиледи.

Атамбаев элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун Эстелик монументине гүл койду

Атамбаев кечээ, 7-апрелде 2002-жылы Аксы окуяларында жана 2010-жылы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондорго арналып, Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында жайгашкан Эстелик монументке гүл коюп, Элдик Апрель революциясынын баатырларын эскерди. Бул тууралуу КР Президентинин басма сөз кызматы маалымдады.

ЖК Төрагасы Ч.Турсунбеков: "2010-жылдагы 7-апрель окуясы эл эркиндигин коргоонун бийик үлгүсү катары түбөлүккө кала берет"

Урматтуу мекендештер!

Ардактуу Апрель элдик революциясынын баатырлары!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргызстандын кайра жаралуусунун күнү болгон 7-апрель – Элдик революция күнү менен куттуктайм!

Кыргыз эли байыртан эркиндикти сүйгөн эл катары эгемендиктин баркы менен баасын жакшы түшүнгөн. Карт тарыхка ээ улуу элибиз бийликтин бир колго топтолушуна ар дайым каршы туруп, “Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок” деген жазылбаган мыйзам менен жашап келген. Ошондой эле бийлик менен элдин ортосунда салт-санаага ылайыкталган калыс, акыйкат алака өкүм сүргөн. Элдин жыргалчылыгы бардык максаттардын башында туруп, калк кызыкчылыгы эӊ биринчи орунду ээлеген. Кыргыз элинин мына ушундай өзгөчөлүктөрү улутту улут кылып сактап, өлкөбүздү ар убак өргө сүрөп келет.

Бийлик өзүм билемдигин кылып, мамлекетибиздеги акыйкатсыздык жогору чекке жеткен 2010-жылы да  мекенчил уул-кыздарыбыз тайманбай күрөшкө чыгып, түбөлүк бийликти самаган Президентти тактан кулатышты. Тилекке каршы ал күрөш көп жоготуулар менен коштолду. Өлкө башчысы өз элине ок атып, жүзгө чукул эр-азаматыбыз шейит кетти. Көптөгөн мекендештерибиз жарадар болуп, ден соолугунан ажырады. Андыктан, Апрель элдик революциясынын кыргыз тарыхындагы орду өтө маанилүү. Аны ар убак өкүнүү менен эскерсек да элибиздин тайманбастыгына дайыма таазим кылабыз.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Мына ошол баатырларыбыз мурастап кеткен демократиялык жолду, эл менен бийликтин ортосундагы тыгыз алаканы улантуу баарыбыздын айныгыс милдетибиз. Бул жаатта жылыштар арбын экени да талашсыз. 2010-жылдан кийин өлкө өнүгүүнүн жаӊы барагын ачып, мамлекетик башкаруу системасы алмашты. Шайлоо өнөктүгүндөгү башаламандыктар жоюлуп, таза тандоо системасы калыптанды. Мурдагыдай добуштарды каалагандай бурмаламай адат жоюлуп, элдин эркин тандоосуна шарт түзүлдү. Буга дүйнө эли да оӊ баасын берүүдө.

Ардактуу мекендештер!

Мына ушул жаӊылануулардын баарына себепкер болуп, эл үчүн, келечек муун үчүн шейит кеткен эр-азаматтарыбызды эскерип туруу биздин башкы парзыбыз. Бул баатырлардын атын түбөлүккө калтыруу максатында Ата-Бейит комплексинде жана Ала-Тоо аянтында атайын эстеликтер ачылып, алар жөнүндө көптөгөн китептер, эскермелер жазылууда. Ошондой эле Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашкан 4142 метр бийиктиктеги аты жок чокуга жакында эле “Апрель революциясынын Баатырлары чокусу” деген географиялык аталыш ыйгаруу боюнча мыйзам кабыл алынды. Ал эми курман болгондордун үй-бүлөлөрү менен окуяда жараат алган жарандар мамлекеттин өзгөчө камкордугуна алынып, материалдык жана моралдык жактан колдоого алынып келет.

Урматтуу Апрель элдик революциясынын катышуучулары!

Сиздер ошол учурдагы мамлекеттеги башаламандыкты гана ооздуктабастан, келечек үчүн да опол тоодой эмгек кылдыӊыздар! Келечектеги ар бир муун жан аябаган эмгегиңиздерди – 2010-жылдагы 7-апрель окуясын эч качан унутпайт. Тарыхта кара так менен эскерилсе да, жаштарга дайым эл эркиндигин кантип коргош керектигин үйрөткөн үлгү катары түбөлүккө кала берет.

Бар болгула, эгемендик сакчылары! Дагы бир Жогорку Кеӊештин жана жеке өзүмдүн атымдан Апрель элдик революциясынын курмандыктарына таазим этүү менен алардан жаткан жери жайлуу, топурагы торко болушун Кудайдан тилейм! Өлкөбүз өнүгүп, мындай коогалуу учурлар кайталанбасын! Мамлекетибизде тынчтык жана бакубатчылык өкүм сүрсүн!

 

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеӊешинин Төрагасы                                                             Чыныбай Турсунбеков

Атамбаевдин 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик Апрель революциясынын 7 жылдыгына байланыштуу кайрылуусу

Атамбаевдин кайрылуусунун тексти: 

Урматтуу мекендештер!

Туура жети жыл мурда, 7-апрелде Кыргызстандын тагдыры чечилген. Ал күнү элибиздин алдында бир үй-бүлөнүн хандыгы орноп, калганыбыз кул болуп калабызбы, же эркин жарандар өлкөсү болобузбу деген суроо турган. Ал күнү көк жал жигиттерибиз эркиндик үчүн бүгүн, азыр башты сайып күрөшпөсөк, кийин кеч болуп калат деп чыгышкан. Дал ошол күнү намыскөй элибиз кайрадан эркиндикке, адилеттикке, келечекке жол ачкан.

Бирок, Жеӊиштин баасы өтө кымбат болду. Ошол күнү 86 жараныбыз курман болгон. Андан кийин өткөн мезгилдин ичинде да, алган жаракаттарынын кесепетинен ондогон жигиттерибиз көз жумду.  7-апрель шейиттерине таазим этебиз!

Арабызда ошол 7-апрель күнү “Ала-Тоо” аянтында ок алдында тургандар, өлүмдүн көзүн тик карагандар бар, катуу жарадар болгондор бар, Кудай октон сактагандар да бар. Эрдиктер үчүн таазим этебиз!

Урматтуу мекендештер!

Ошол каргашалуу күнү “Ала-Тоо” аянтына эч ким кызмат үчүн, же байлык үчүн чыккан жок! Эч ким сыйлык алам деп чыккан жок! Көр оокат үчүн эч ким чыккан жок!

7-апрель күнү эл чындык үчүн, адилеттүүлүк үчүн майданга чыккан! Кул болбойбуз деп чыккан! Кайрадан Кокон хандыгын курдурбайбыз деп чыккан! Тизелеп жашаганча, тик туруп өлөбүз деп чыккан!

Ушундай элибиз болгонуна, ушундай көк жал жигиттерибиз болгонуна Кудайга миң мертебе рахмат! Сыймыктанабыз элибиз менен!

Урматтуу мекендештер!

2010-жылдын 7-апрель – өлкөбүздүн тарыхындагы эң кайгылуу, бирок ошол эле убакта эң маанилүү окуялардын бири.

Мен мурда айткан сөздөрүмдү дагы бир жолу кайталагым келет. Бийик тоолор алыстан гана көрүнөт. Жакындасаң, аларды пас бөлтөктөр, адырлар, башка тоолор жаап калат. Алыстаганда гана бийик тоолор алардын аркасынан калдайып чыгып, көрүнүп баштайт, ак мөңгүлүү чокулары менен асманды тиреп.

2010-жылдын 7-апрелинде болгон окуянын зор мааниси да, ошол күнү көрсөтүлгөн эрдиктин бийиктиги да жылдар өткөн сайын гана так көрүнүп баратат.

Мен ишенем, канча мезгил өтсө да, бул окуя унутулбайт, тескерисинче жылдан жылга асман тиреген ак мөңгүлүү залкар тоодой болуп, өлкөбүздүн келечеги үчүн курман болгон жигиттерибизди элестетип, элибизге, жаңы муундарга дем берип турат.

Урматтуу мекендештер!

7-апрелде биз көптөгөн кырчындай өмүрлөрдөн айрылып, кайгыга баттык. Бирок, ал баатырлардын улуу тилектери ишке ашып, азыр Кыргыз өлкөсү өзгөрүп, өнүгүп жатат.

7-апрелден кийин жергебизге көптөн күткөн тынчтык, туруктуулук келди.

7-апрелден кийин кыргыз мамлекеттүүлүгү бекемделип, эгемендүү Кыргызстан өнүгүү жолуна чыкты.

7-апрелден кийин кыргыздардын байыркы тарыхы, кайталангыс маданияты менен салттары тоодон аккан дайрадай жанданды.

7-апрель кыргыз элинин духун, намысын ойготту.

7-апрель кыргыз көчүн кайрадан Манас атабыздын, бабаларыбыздын жолуна салды. Кыргыз элине кең келечек ачылды!

Ошондуктан мындан ары биз бул күндү аза күтүү күнү катары эмес, улуттук майрам катары тосушубуз керек.

Урматтуу мекендештер!

Баарыңарды 7-апрель Улуттук майрамыбыз менен куттуктайм!

Баарыңыздарга узун өмүр, чың ден соолук, бак-таалай каалайм!

Жараткан элибизге биримдик, жерибизге берекет берсин!

Жашасын эгемендүү Кыргызстан!

Майрамыңыздар менен!

                                                   

 

Алмазбек Атамбаев шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды

А. Атамбаев бүгүн, 6-апрелде шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда Мамлекет башчысына өлкөдө шайлоо системасын өркүндөтүү, андан тышкары өткөн жылы шайлоо процессин өткөрүүдө аныкталган кемчиликтер менен алешемдиктерди жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралу маалымат берилди. Нуржан Шайлдабекова мурдагы тажрыйбаны изилдеп чыккан Боршайком заманбап технологияларды колдонуу менен  шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү сапатын андан ары арттыруунун натыйжалуу чараларына токтолду.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө шайлоо системасын өркүндөтүү чараларынын маанисин айтуу менен Боршайком таза шайлоолорду өткөрүүдө атаандаштык шарттарды камсыздоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө тийиш экенин белгиледи.

Алмаз Атамбаев 2003-жылы Түркиядагы заводун 35 миллион долларга сатканын Башкы прокурор Индира Жолдубаевага айтып берди

А.Атамбаев бүгүн, 5-апрелде өлкөнүн Башкы прокурору Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда А.Атамбаев 2003-жылы январда Измир шаарындагы өнөр жай ишканасындагы өзүнө таандык акциялар пакетин түркиялык ишкерге ошо кездеги 45 млрд түрк лирасына, же ал кездеги курс менен 35 млн долларга сатканын күбөлгөн документтерди Башкы прокурорго берди. Ал келишим тууралу маалымат Түркия Республикасынын тийиштүү маалымат  бюллетенинде 2003-жылы 31-январда жарыяланган

Ошентип, бул материалдар Атамбаевдердин үй-бүлөсүнүн акчалары 2010-жылдан кийин гана пайда болгон деген Ө.Ч. Текебаевдин сөздөрү жалаа экенин документтер менен ырастайт.

«Бирок өз киреше булактарын бир гана Атамбаев далилдеши керекпи? – деп суроо салды Президент. – Ө.Ч. Текебаев, ошондой эле анын бир катар партиялаштары жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү  дагы өздөрүндө жана өздөрүнүн жакын туугандарында 2010-жылы 7-апрелден кийин пайда болгон көп миллиондуу кирешелери тууралу маалыматтарды берүүгө тийиш.  Муну Президент менен жолугушууларда 2010-жылы 7-апрелде Ала-Тоо аянтында курман болгондордун ата-энелери менен балдары, ошол кезде оор жаракат алган жарандар талап кылып жатышат. Муну өлкө коомчулугу талап кылып жатат! Башкы прокуратура Жазык кодексинин мыйзамсыз баюу тууралу тийиштүү беренелерин эске алууга тийиш», – деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Атамбаев Санкт-Петербург шаарынын метросундагы жардыруудан адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Россия Президенти Владимир Путинге көңүл айтты

Алмаз Атамбаев Санкт-Петербург шаарынын метросундагы жардыруудан адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

“Санкт-Петербург шаарынын метросундагы жардыруудан адамдардын курман болгондугу жөнүндө суук кабарды кабыргам кайышуу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасы бейкүнөө жана жай адамдарга каршы багытталган бул адамгерчиликсиз актыны айыптайт.

Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын ниетимден көңүл айтам, ошондой эле жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, – деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Жогорку Кенештин Төрагасы Ч.Турсунбеков Санкт-Петербург метрополитениндеги адамдардын өлүмү менен аяктаган жардырууга байланыштуу В.Володинге көӊүл айтты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Орусия Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын  Төрагасы Вячеслав Володинге Санкт-Петербург шаардык метрополитендеги адамдардын өлүмү менен аяктаган жардырууга байланыштуу көӊүл айтты. Бул тууралуу КР Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы маалымдады.

Анда мындай деп айтылат:

“Санкт-Петербург шаарындагы метрополитенде катталган жардыруу тууралуу суук кабарды тереӊ кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстан терроризмдин бардык көрүнүштөрүн чечкиндүү айыптайт. Ошондой эле ушул оор учурда Кыргызстандын эли Орусия калкына тилектеш экендигин билдирем.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан  каза болгондордун туугандарына жана жакындарына чын дилден көӊүл айтып, жаракат алгандардын бардыгынын тезирээк сакайып кетишин тилейм”.

 

Меню