Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Сапар Исаков бүгүн, 30-мартта Улуттук онкология борборуна барды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.
Борбор менен таанышуу учурунда Сапар Исаков онкология борборунун бир катар бөлүмдөрүн көрдү жана ооруканадагы медициналык жабдуулардын абалы менен таанышты. Борбордун директорунун милдетин аткаруучу Эрнис Тилеков А. Атамбаевдин тапшырмалары боюнча ведомство тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.
Президенттин Аппаратынын Жетекчиси онкология борборундагы көйгөйлүү маселелерди приоритеттүү тартипте чечүүнүн маанисин баса белгиледи.
«Тилекке каршы, дүйнө жүзүндө, а түгүл кошуна өлкөлөрдө бул оору менен ийгиликтүү күрөшүп жатышса, бизде онкологиялык оорулардан каза болгондор көп. Президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы боюнча биз ооруканадагы көйгөйлүү маселелерди тезирээк чечүү боюнча кадамдарды аныктадык. Жакынкы жарым жыл ичинде онкологиялык ооруларды дарылоо үчүн зарыл жабдуулардын комплексин алып келип, бөлүмдөрдү капиталдык оңдоодон өткөрүп, Улуттук онкология борборунун аймагын жашылдандыруу ишин бүткөрүү милдети турат», – деп белгиледи Сапар Исаков.
Ушуга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигине жана Өкмөт алдындагы Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигине бир жуманын ичинде ушул милдеттерди аткаруу боюнча иш-аракеттердин планын иштеп чыгуу тапшырылды.
Алдын-ала эсептөөлөр боюнча Улуттук онкология борборундагы эң көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн 12-14 миллион доллар керек. Бул үчүн гранттык каражаттарды тартуу, ал эми жетишпеген бөлүгүн бюджеттен бөлүү каралууда.