Menu

РАСМИЙ КАБАРЛАР

Чынар Саттарова Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Саттарова Чынар Осмоновна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Бактибек Анаркулов Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Анаркулов Бактибек Кочкорович берген арызына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалала-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Ырысбек Ызабеков Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Ызабеков Ырысбек Темирбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалала-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын  маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбековго Россия Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Ардак грамотасы ыйгарылды

26-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Санкт-Петербург шаарындагы иш сапарынын алкагында Россия Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Бул туурасында КР Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда тараптар эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардын алакалар тууралуу баарлашып, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулашты.

Төрага Чыныбай Турсунбеков алгач Вячеслав Володинди кыргыз-орус дипломатиялык алакаларынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы менен куттуктап: «Тарыхы бир эки өлкөнүн мындан аркы алакаларын улантуу, айрыкча парламенттер ортосундагы байланыштарды арттыруу биздин башкы максатыбыз. Себеби Кыргызстан көп тармактуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыктар»,- деди.

Ошондой эле эки мамлекеттин парламенттеринин башкы милдети өлкөлөр ортосунда жетишилген келишимдерди мыйзамдык жактан колдоого алуу экенин айткан Чыныбай Турсунбеков: «Кыргыз-орус достук мамилесин Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ ПАА) жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеяларынын (ЖККУ ПА) алкагында улантуубуз керек» – деп кошумчалады.

Андан тышкары, Жогорку Кеңеш менен Мамлекеттик Думанын ортосундагы кызматташтык боюнча түзүлгөн парламенттер аралык комиссиянын ишине токтогон Төрага: «Белгилүү болгондой, ушул жылдын 25-мартында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Мамлекеттик Думанын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен болгон байланыш комитетинин кезектеги биргелешкен жыйыны ийгиликтүү өттү. Андыктан, ушул сыяктуу парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү багытындагы комитеттер аралык жыйындарды гана өткөрбөстөн, эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу максатындагы ар кандай жолугушууларды өткөрүп туруубуз зарыл», – деди.

Мындан сырткары, жолугушууда ЕЭАБ алкагындагы кызматташтык маселелери да талкууланып, тараптар соода байланыштарын кеңейтүү тууралуу да пикир алмашты.

Өз кезегинде Федералдык Жыйындын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин Россия тарап Кыргызстан менен болгон бардык тармактагы алакаларды арттырууга кызыктар экенин белгилеп, парламенттер аралык байланыштарды күчтөндүрүү менен эки мамлекет достугун чыңдоого болорун билдирди. Ошондой эле ал Жогорку Кеңеш менен Мамлекеттик Дума ортосундагы биргелешкен бир катар долбоорлорду ишке ашыруу зарылчылыгына токтолду.

Жолугушуунун алкагында Вячеслав Володин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбековго эл аралык байланыштарды күчтөндүрүүгө жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Россия Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Ардак грамотасын тапшырды.

Кошумчалай кетсек, Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин делегациясы  КМШ ПАА жана ЖККУ ПАнын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарында жүрөт. Делегациянын курамында депутаттар А.Баатырбеков, А.Кодуранова, А.Шадиев, И.Матраимов, К.Иманалиев, М.Сабиров, А.Токторов, И.Сарсейитов, Н.Алимбеков, Е.Строкова, А.Нурбаев, А.Жамангулов, Б.Сулейманов, Д.Исаева, И.Карамушкина, А.Артыков жана К.Орозовалар бар.

“Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликтүүкеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду

Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кенешине, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешине, Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешине, Кызыл-Туу айылдык кеңешине, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөру-Баш айылдык кеңешине, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешине, Ысык-Көл районунун Бостери, Кара-Ой айылдык кеңештерине, Тон районунун Улахол айылдык кеңешине, Ош облусунун Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңешине, Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылдык кеңешине, Кара-Суу районунун Ак-Таш, Жоош айылдык кеңештерине, Ноокат районунун Ноокат шаардык кеңешине, Чуй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылдык кеңешине, Жайыл районунун Полтавка, Красновосточный айылдык кеңештерине, Кемин районунун Кек-Ойрок айылдык кеңешине, Москва районунун Александровка айылдык кеңешине, Сокулук районунун Орок, Новопавловка айылдык кеңештерине депутаттарды шайлоо жекшембиге, 2017-жылдын 28-майына дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

– шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн;

– шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.

4. Баткен облусунун Кадамжай районунун, Жалал-Абад облусунун Аксы, Сузак райондорунун, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тон райондорунун, Чуй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Сокулук райондорунун, Ош облусунун Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу райондорунун мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарынын башчылары шайлоолорго даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана тийиштүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.

5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүне жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Президент өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды

А. Атамбаев бүгүн, 27-мартта, өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда Кубатбек Боронов 4 үйдү басып калган жана бир үй-бүлөнүн курман болушуна алып келген жер көчкү болгон Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында жашаган адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн көрүлүп жаткан чаралар тууралуу Президентке баяндап берди.  Министрдин айтымында, азыркы кезде куткаруучулардын күчү менен жашоого коркунучтуу аймактардын тургундары коопсуз райондорго көчүрүлдү, ал эми тоо породаларынын жылышы дагы эле уланып жаткандыктан издөө-куткаруу иштери убактылуу токтотулду.

Министр ошондой эле Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө түзүлгөн оор кырдаалдын кесепеттерин жоюунун жүрүшү жана жабыр тарткандарга жардам берүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу да Мамлекет башчысына маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар ведомствосуна жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Андан тышкары, калк арасында түшүндүрүү-маалымдоо иштерин күчөтүү менен бирге Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин минималдаштыруу үчүн ал кырсыктарды болтурбоо боюнча чаралардын комплексин өз убагында жана сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылышы зарыл.

ЖК Төрагасы Чыныбай Турсунбеков КМШ Парламенттик Ассамблеясынын жыйынына катышты

Бүгүн, 27-мартта Жогорку Кеӊеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблея (КМШ ПАА) кеӊешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу КР Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата парламент жетекчилери атайын кайрылуу кабыл алышып, бул жылдар аралыгында жетишилген ийгиликтер жана Ассамблеянын келечектеги иш планы талкууланды. Ошондой эле, иш-чаранын катышуучулары Парламентаризмдин эл аралык күнүн белгилөө сунушу боюнча пикир алмашып, жыйын алкагында 25 жылдыкка карата даярдалган мааракелик почта маркасын жүгүртүүгө чыгаруу аземи да болуп өттү.

Андан тышкары, жыйында КМШга мүчө мамлекеттердеги өтүлүүчү шайлоо өнүктөрүнө даярдык жана аларга байкоочуларды жөнөтүү маселеси көтөрүлдү.

Жыйын соӊунда делегация башчылары парламенттер аралык байланыштарды чыӊдоо менен Ассамблея ишин жигердүү улантуу зарылчылыгына токтолушту.

 

“Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө” Жарлыктарга кол коюлду

А. Атамбаев “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө” төрт Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин үч Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 458  адамды кабыл алуу тууралуу, алардын басымдуу бөлүгү этникалык кыргыздар – тарыхий мекенине кайтып келген Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мурдагы жарандары.

Кыргыз Республикасынын Президентинин дагы бир Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгынан 164  адам чыгарылат.

Фоторепортаж - Алмазбек Атамбаев 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революцияга арналган эстелик гүлбакчага барды

Алмазбек Атамбаев кечээ, 24-мартта, 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революцияга арналган эстелик гүлбакчага барды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Ахунбаев жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде гүлбакча жасоо демилгеси Алмазбек Атамбаевге таандык.  Мамлекет башчысы тарабынан бул максатка 7 миллион сом бөлүнгөн болчу. Ал эми Бишкек шаарынын мэриясы жергиликтүү бюджеттен кошумча 1,3 миллион сом бөлгөн.

Президент гүлбакчанын жана анын тегерегинин жашылдандырылышы менен таанышты. Символикалуу түрдө дарак көчөттөрүн отургузуу болду.

Андан соң Атамбаев өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга, быйыл боло турган президенттик шайлоого жана башка олуттуу темаларга тийешелүү журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Иш-чарага ошондой эле 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революциянын активдүү катышуучулары да катышышты.

Алмазбек Атамбаевдин 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революциянын жылдыгына байланыштуу кайрылуусу

Президент А. Атамбаев 24-март Элдик Революциянын жылдыгына карата кайрылуу жасады. Бул тууралуу КР президентинин Аппаратынын басма-сөз кызматы маалымдады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Бүгүн өлкөбүздө өзүбүз “Март элдик революциясы” деп атаган, ал эми дүйнөлүк коомчулукка “Жоогазын революциясы” катары белгилүү 2005-жылдын 24-мартындагы элдик революциянын жылдыгын белгиленип жатат. Кыргызстан эли Акаевдин үй-бүлөлүк-кландык башкаруусуна каршы жапырт көтөрүлүп, революция жеңди.

Бирок Март элдик революциясынын эң башкы тарыхый сабагы – чыныгы революция жек көрүндү бийликти кулатуу эле эмес экенин калкыбыздын айкын түшүнгөнү болду. Элдик революциянын жеңишин, анын жетишкендиктерин өлкөнү кайрадан авторитаризмдин жана мыйзамсыздыктын сазына батыргысы келген күчтөрдөн коргоп калуу өтө маанилүү.

2005-жылы мартта эркиндик жана адилеттик үчүн күрөшкө чыккандар орто жолдон бийликти дагы башка, мурдагыдан да ач көз жана мыкаачы үй-бүлө басып алаарын, ал эми революциянын идеалдары тебеленип-тепселип калаарын билишкен жок. Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн башкаруусу саясатчылар менен журналисттерди куугунтуктоолор, аларды өлтүрүү, элдик байлыкты мурдагыдан да ашынган талап-тоноолор менен коштолду.

2010-жылдагы Апрель элдик революциясы Кыргызстандын кайра жаралуусуна жол ачты. Акыркы жылдары өлкө көз карандысыздыгын бекемдөө, экономиканы өнүктүрүү үчүн жана элдин өз өлкөсүнө жана өз келечегине ишенимин ойготуу үчүн көп иштер жасалды. Зор аракеттер жана калкыбыздын кайратман эмгеги менен өлкөнү туруктуу өнүгүү жолуна сала алдык.

Урматтуу мекендештер!

2002-жылдагы Аксы окуясы, 2005 жана 2010-жылдардагы элдик революциялар Кыргызстандын жаңы тарыхындагы тагдыр чечкен окуялар болду. Бул Кыргызстан элинин эркиндикке жана адилеттикке карай катаал жана баатырдык жолундагы үч белес, үч ашуу сыяктуу. Биз муну эч убакта унутпайлык. Бул окуялардан сабак алалык.

Бүгүн өздөрүнүн тар кызыкчылыктары үчүн коомубузду бөлүп-жарып, өлкөдөгү кырдаалга бүлүк салгысы келген саясатчылардын чагымчыл аракеттерине азгырылып-алданбоо өтө маанилүү.

Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын асманы ар дайым ачык болсун!

Өлкөбүз гүлдөп-өсүп, ар бир үйдө тынчтык жана бакубатчылык орносун!

Жаратканыбыз Кыргызстанды колдосун, элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин! 

Кыргыз Республикасынын                                      Президенти Алмазбек Атамбаев

Меню