Menu

АБА ЫРАЙЫ

Шашылыш билдирүү: Аба-ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу Бишкек-Ош каттамына авиабилеттер кадимки баалардан 27%га төмөн сатылат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен түзүлгөн келишимдер боюнча «AirManas», «Avia Traffic Company» жана «TezJet» авиакомпаниялары «Бишкек-Ош-Бишкек» багыты боюнча билеттердин наркын төмөндөтүү тууралуу чечим кабыл алышты.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аба-ырайынын кескин өзгөрүшү боюнча шашылыш билдирүү жарыяланса, «Бишкек-Ош-Бишкек» каттамынын бир тарабына карай авиабилеттердин 2700 сомдук наркы кадимки баалардан 27%га төмөн сатылат. Мындай учурларда Төө-Ашууда жана «Бишкек-Ош» унаа жолунун башка катаал участкаларында транспортко чектөө киргизилет. Тийиштүү түрдө, бул мезгилде жарандар жеңилдетилген шарттарда транспорттун альтернативдүү түрүнөн, авиакомпаниялардын тейлөөсүнөн пайдалана алышат. Аба-ырайынын өзгөрүүсү боюнча шашылыш билдирүү алынып салынган соң, авиабилеттер баалардын бекитилген прейскурантына ылайык сатылат.

Белгилесек, 11-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине атамекендик авиакомпаниялар менен биргеликте кышкысын ички авиакаттамдарга карата бааны төмөндөтүү маселесин иштеп чыгууну тапшырган.

«Республикабыздын жаратылыштык-климаттык жана географиялык шарттарын эске алуу менен кыш мезгилинде «Бишкек-Ош» жолу боюнча унаа транспортунун каттамы өтө кооптуу эсептелет. Аталган трассада кышкысын жол кырсыктарынын саны бир топ жогорулайт. Жарандардын катаал аба-ырайында Бишкек шаарынан Ошко тез жана коопсуз жетүүсүн жана артка кайтуусун камсыз кылуу үчүн «Бишкек-Ош-Бишкек» багыты боюнча билеттердин баасын төмөндөтүү боюнча авиакомпаниялар менен макулдашуулар жүрдү. Бул биздин жарандардын коопсуздугу үчүн чечилиши зарыл абдан манилүү маселе болгон. Аны менен катар «Бишкек-Ош» автожолунун стратегиялык маанисин жана андагы тынымсыз жол кыймылынын камсыздалышын эске алуу менен мамлекеттик түзүмдөрдүн бардык тийиштүү күчтөрү мобилизацияланды», – деди Премьер-министр Сапар Исаков.

Шашылыш билдирүү: Туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыргыз Республикасынын аймагында 11-12-январь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирет.

Маалыматка ылайык, 11-январда эртең менен, күндүз жана 12-январда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз -1…-6° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -27…-32°, күндүз -9…-14° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

7-январга карата аба ырайы

7-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирет.

Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. 8-9-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Күндүн узактыгы 9 сат 10 мүнөт. Күн саат 08:32де чыгып, 17:43тө батат.

5-9-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Кыргыз Республикасынын аймагында 5-9-январда күтүлгөн аба ырайы боюнча маалыматты ӨКМ таратты.

Ага ылайык, 5-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы  2-7 м/с.

6-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт, 6-январда күндүз жана 7-январда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

8-9-январда кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

5-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба-ырайы

Эртең, 5-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн. Айрым аймактарда туман түшөт, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Бул туурасында ӨКМдин Кыргызгидромет билдирет.

Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө
түнкүсүн -4…-9
күндүз -2…+3
Талас өрөөнүндө
түнкүсүн -4…-9
күндүз -3…+3
Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн 0…-5
күндүз +1…+6
Баткен облусунда
түнкүсүн 0…-5
күндүз +1…+6
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн -5…-10
күндүз -2…+3
Нарын облусунда
түнкүсүн -18…-23
күндүз -7…-12

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8 градус, күндүз +0…-2 градус болот. Ош шаарында кар жаап, туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4 градус, күндүз +2…+4 градус болот.

Аба ырайы - Кыргызстан боюнча кар жаашы күтүлүүдө

Кыргыз Республикасынын аймагында 19-23-декабрда күтүлгөн аба ырайы боюнча маалыматты Кыргызгидрометке шилтеме жасап ӨКМдин басма сөз кызматы таратты.

Ага ылайык, 19-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоң жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Ал эми 20-декабрда айрым жерлерде бир аз кар жаашы күтүлөт, 21-декабрда болсо жалпы Кыргызстан боюнча мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

22-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо бир аз кар жааса, 22-декабрда күндүз жана 23-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасын 4-9 метр.

15-декабрда Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

ӨКМдин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, 15-декабрда республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңгок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

14-декабрда күтүлгөн аба ырайы

ӨКМдин билдиришине караганда 14-декабрда республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлерине туман түшөт. Жолдор тоң жана тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Кыргыз Республикасынын аймагында 13-17-декабрда күтүлгөн аба ырайы

ӨКМ  Кыргыз Республикасынын аймагында 13-17-декабрда күтүлгөн болжолдуу аба ырайы тууралуу билдирүү жарыялады.

Ага ылайык, 13-15-декабрда айрым жерлерде бир аз кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с.

16- декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. 17-декабрда айрым жерлерде бир аз кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с.

Кыргызстандын аймагында 8-12-декабрда күтүлгөн аба ырайы

ӨКМдин басма сөз кызматы билдирген маалыматка ылайк, 8-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоң жана тайгак болот.Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 м/с.

9-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.  Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден,  күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

10-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

11-декабрда кээ бир райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт.

12-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Меню