Menu

САЯСАТ

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: «Эл парламенттин депутаттарын “сасыткы жумурткага” окшоштуруп шылдыңдап жатат»

 

Акыркы мезгилдеги өлкөдө болуп жаткан окуялар коомчулуктун бүйүрүн кызытууда. «Маевскийгейт» менен камакка алынган Ө. Текебаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлбөй, 2 ай абакта жата турган болду. Экс-депутат С. Жапаровду Коопсуздук кызматы чек арадан тосуп алып, камакка алып, аны да тергөө бүткүчө деп соттун чечими менен камады. С. Жапаровго боштондук деп ураан чакырып чыккан анын жактоочуларын милиция күчкө салып сабап, 100 адамды кармап, 5 суткадан камап салды. Мына ушул жана башка суроолорго жооп алуу максатында гезитибиздин эксперти, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеровго кайрылдык.

— Бүгүн коомчулукту бир гана маселе кызыктырып калды. Ал Атамбаев өз мөөнөтүнүн аягына чейин тынч иштеп, андан кийин өлкөгө жаңы президент келип, жаңыча иштей баштаса деген эле максат. Баарынын күткөнү президенттик шайлоо. Коомчулук жаңы, энергияга толгон президент келеби деп күтүп жатат. Себеби, эки революция болсо деле саясатчылар андан сабак албай, тескерисинче биринен-бири өтүп, бийликке келээри менен элге берген убадаларын унутуп, бийлигине чырайып, эч кимди көзүнө албай, кайра эски жолго түшүп жатышат. Биз эмне үчүн президентке жарыбай жатабыз?

— Ооба, Кыргызстан бүгүн жаңы идеяга толгон, интеллектуалдыгы өтө жогору, мыкты кадрга муктаж болуп турат. Чынын айтсак, Кыргызстанда 2 жолу революциялык негизде бийлик алмашканы менен кийинки мамлекет башчылар Акаевдин деңгээлинен аша алышкан жок. Мисалы, Акаев БУУнун эгидасында 4 чоң салтанаттуу иш чара өткөрө алган. Алар: “Манас –1000”, “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө 2200 жыл”, “Тоо жылы”, “Ош‑3000”. Бүгүн “Көчмөндөр оюнун” коюшту. Бирок, эл аралык мааниге ээ болгон жок. Татарстандын президентинин катышкандыгын эл аралык деп айта албайбыз да. Канчалаган жашылбай акчалар короду. Көчө оппозициясында болуп, ураан салып кыйкырган менен мамлекет башында туруп, өлкөнү башкарган алда канча кыйын экени анык болуп калды. Эл мурда кыйкыргандардын баарын эле лидер деп ээрчий берчү. Бакиевдин тушунда өлкөнүн баардыгын өзүнө баш ийдирип алып башкарууну көздөгөн система пайда болгон. Ал деле акыры кулады. Бүгүн болсо, 1933, 1937–38-жылдардагыдай “Алаш ордунун” же “Турандын” мүчөсү деп жалаа тагып аттыргандай, ар кандай жалаа менен камап коюп жатышат. Бирок, ЖК мунун баарын көрүп туруп, үн катпай олтурат. Анан парламенттик өлкөбүз деп жар салышат. Эл болсо парламенттин депутаттарын “сасыткы жумурткага” окшоштуруп шылдыңдап жатат. Солкулдатсаң “болк-болк” деп үн чыгат, бирок үнү сыртка чыкпайт деп. Биздин бактыбызга кийинки президенттер бизнесмендер болуп калды. Эл шайлаганда бизнесмен эмес, саясатчы лидерлерге добуш берсе туура болчудай. Бизнесмен саясатчылар мамлекеттик саясатты бизнестин позициясында жүргүзүп жатат жана кайсы бир деңгээлде өз тегерегинин, тууган-уругунун кызыкчылыгында пайдаланып жатат. Бирок, кандай гана болбосун биздин президенттер дүйнөлүк чоң саясатка чыгуудан баш тартышкан жок. Бакиев да, Атамбаев да, башка бизнесмендер да дүйнөлүк бизнес агымына киргилери келет. Орусия Украинадан кийин чоочуп калды. Ошого Орусия Бакиевге кандай ишенбесе, Атамбаевге жана башкаларга деле ошондой толук ишеним артпайт. Анткени Орусия биздин мамлекет башчыларды өлкөнүн саясий векторун алмаштырып, батышка же мусулман өлкөлөрүнө же Кытайга таянып кетип калбасын деп тыкыр байкап турат. Бакиев Батышты карай багыт алары менен бийликтен жылмышты. Атамбаевдин да тегерегинде батышчыл саясатчылар негизги ролду ойноп жатканы орустарды чочутпай койбойт. Себеби, алардын атын дүйнөгө таанымал Дж. Сорос менен байланыштырышат. Бул маселеде мына ушундай жагдайларды да эске алуу абзел.

— Сиз өткөндөгү маегиңизде Дж. Сорос Кыргызстанга таасирин күчөткүсү келип жатышы мүмкүн деп айткансыз. Дж. Сорос чын эле биздин экономикага акча сала алабы?

— Мен мурда көпчүлүк биздин граждандардай эле Дж. Соросту өтө акылдуу, таза, кыйын киши экен деп жүргөм. Бирок, Трамп бийликке келип Дж. Сорос жана башкаларды Обаманын Өкмөтү менен тил табышып, миллиондогон бюджеттик акчаларды өз эсеп счетторуна которуп алышкан деп шек санагандан бери пикирим өзгөрүлдү. Бүгүн Дж. Соростун капиталы, финансысы текшерилүүгө берилген. Кылмыш иши да ачылып калышы мүмкүн. Кайсы бир деңгээлде жапайы капитализм бардык өлкөлөр үчүн мүнөздүү болгон. Мына биздин саясий элитаны караңыз, баары тең «прихватизациянын» негизинде бизнесин курган. Деги бир да тазасы жок. Коопсуздук кызматы Текебаевди, “атамекенчилерди” кечке чукуп убара болбой, ошолорду четинен сууруп чыгып камай берсе болчудай. Анан калса булардын баары депутат болгулары келет. Булар бюджетти аңдып, бизнесин өнүктүргүлөрү келет. Айрымдарынын бандиттери да бар. Трамптын шектенүүлөрүнө ишенсек Дж. Сорос деле биздин бизнесмендерден эч айырмасы жок адам экен да. Ошого менимче, Дж. Сорос илгери эле Кыргызстандагы айрым ири проектилерге кирип, пайда таап жатышы мүмкүн десек да болот. Мисалы, ошол эле “Кумтөргө”.

— Анда балким, “Мегакомду” Дж. Сорос сатып алгысы келип жаткан жокпу? Атамбаевдин тегерегинде таасирлүү фигуралар деп эсептелген С. Исаков, А. Сегизбаев, Т. Жумакадыровдорду Дж. Сорос менен байланыштырып жатышпайбы?

— Мүмкүн. Менин баамымда батыштагы бай адамдар башка өлкөлөргө чыр салып, ошондон пайда таап, байышат экен. Мына Маевский чоң чырды баштады. Өлкө дүрбөлөңгө түшүп жатат. Кимдир бирөөлөрдүн пайда табуусуна шарт түзүлдү да. Дж. Сорос өтө эле бай адам, өзү көздөгөндүн баарын сатып алууга кудурети жетет.

— Сиз С. Исаков, А. Сегизбаевдер мураскер болбой калышы мүмкүн деген ойду айтасыз. Бирок, Атамбаев С. Исаковду өз аппаратынын жетекчиси кылып койду. Ал бүгүн активдеше баштады. Сиздин пикириңиз өзгөргөн жокпу?

— Азырынча жок. Менимче Кыргызстанда президенттик шайлоолордо Казакстандын варианты кайталанышы мүмкүн. Президенттин аппарат жетекчиси С. Исаковго Казакстандагы Насимовдун ролу жүктөлүп калышы мүмкүн да. Ага мураскерди сүйрөп чыгуу тапшырылат жана тышкы дүйнө менен тыгыз байланышты камсыз кылат. Мураскер бийликке келгенден кийин да С. Исаков президентин аппарат жетекчиси болуп кала берет. Балким, кийинчерээк кайсы бир элчиликке жөнөтүлүшү ыктымал. Бирок, президент азырынча саясий абалды анализдеп, болжолдуу мураскерлерди баамдап жатса керек. Ооба, анын ичинде С. Исаков да болушу мүмкүн. Акаевдин учурунда дагы 13 кадрды тандашып, баамдап көрүшкөн. Бирок, президенттик шайлоолор келгенде Акаев шайлоого өзү кетип калган дешет. Ошого азырынча жаштарды мураскер болот деп кесе айтууга шашкан жокмун.

— Кыргызстандын саясатчылары эл аралык саясатта кандай позицияны колдонсо туура. Мисалы, Акаев Батыш менен да, Кытай, Орусия менен да бирдей мамиле кыла алды. Бирок, Бакиев, Атамбаев ошол багытты уланта албай коюшпадыбы?

— Бүгүнкү күндө Кыргызстанда орусиячыл, батышчыл, арапчыл, мекенчил идеологиядагы саясатчылардын топтому байкалат. Булардын ичинен мекенчил саясатчылар өлкөнүн өсүшүнө алда канча чоң салым кошмокпу деп ойлойм. Себеби, ал саясатчылар кечке түндүктү карап, Орусия президентинин кабылдамасында кезек күткөнсүп олтура бербейт да. Акча бербейм деп койсо таарынып, каяша аракеттерди жасабайт. Ал өз эркине жараша аракеттенет. Булар башка жактан акча, жардам күтпөсө керек деп ойлойм. Ошондуктан, биз жаштарды тарбиялаганда Мухаммед кыргыздын, Эштек бийдин, Ормон хандын, Атаке бийдин, Исхак Хасан улуунун (Пулат хан), Курманжан датканын образында тарбияласак туура болот. Түштүктүк саясатчылар тээ илгертен эле эгемен саясатты туу тутууга аракеттенип келишет. Себеби, тарыхта түштүк Кыргызстан Орус империя тарабынан басып алынган. Генерал Скобелев атайы карателдик отряд түзүп, Полот хан башында турган көтөрүлүшчүлөрдүн айылдарын кыдырып, жер менен жексен кылып салган. Акырында Курманжан Датка менен жоолугуп, өз ара келишимдин негизинде Орусия империясынын букаралыгына алган. Ормон хан кыргыздарды эгемендүү жашоосуна баардык күчүн, аракетин, мүмкүнчүлүгүн жумшаган. Кекилик Сеңирдеги салгылашууну жеңип, кыргыздын эрки бекем эл экенин даңазалай алган. Атаке баатыр Екатерина экинчиге биринчилерден болуп кат менен кайрылып, Орус империясы менен паритеттик негизде мамиле түзүүнү көздөгөн жана ага жол ачкан. Атаке баатыр Орусия империясы менен дипломатиялык жана соода-сатык мамилелерди түзүүгө чоң салым кошкон инсан. Балдарды ушул улуу инсандардын образында тарбияласак келечекте мыкты саясатчылар сөзсүз чыгат.

— Табылды мырза айтсаңыз, “Белизгейттин” да, “Маевскийгейттин” да ташы талкан чыкты. Бирок, бийлик эмнеге Текебаевди чыгарбай жатат?

— Текебаевди жалаанын негизинде камоого бир нече себептер түрткү болууда. Биринчиден, президенттин тегереги эгер Атамбаев экинчи мөөнөткө барып калса, анда Текебаев да кандидатурасын коюп, шайлоолорду каалагандай өткөрүп алууга тоскоолдук кылат деп жатышат. Экинчиден, эгер Атамбаев экинчи мөөнөткө барбай калса, анда Текебаев мураскерди сүйрөп чыгууга тоскоолдук кылат, шайлоолорду утуп алышы мүмкүн деп коркушууда. Бийлик Текебаев менен шайлоолор боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө дайын эмес болуп жатат. Себеби, өткөн президенттик шайлоолордо Текебаев өз кандидатурасын Атамбаевдин пайдасына алып салган. “Ата-Мекен” партиясынын көпчүлүгү Атамбаевге добуштарын берген. Ошого бул жолу бийлик ага Текебаевден кандидатураңызды алып салыңыз деп кайрылуудан уялып жатат. Анткени, эреже боюнча бул жолу Атамбаев жана анын тегереги Текебаевдин пайдасына кандидатураларын алып салбаса да, ага жашыл свет бериши керек болчу да. Бийлик эгерде шайлоолор боюнча Текебаев менен сүйлөшүп калсак, анда ал бул жолу силер мага жыгылыштуу болушуңар керек деп коёт деп, андан көрө аны күч менен камап коёлу шайлоолор бүткүчө деген ойго келгендей туюлууда. Мындан башка дагы бир чоң проблема бул импичмент маселеси. Текебаев президент Атамбаевге карата импичмент жарыялоо боюнча документтерди топтой баштаганын жар салган. Ага улай Атамбаевдин тегерегиндеги айрым чиновниктердин коррупциялык иштерин ачыкка чыгара баштады. Максим Бакиевге таандык мүлктөрдү кимдер тартып алгандыгын ачыктап салды. Мисалы, Кой-Таштагы 2,5 га жер участогу. Үчүнчүсү, Текебаев Дача-СУдагы авиакырсыкта белгисиз болуп жаткан жүктүн ээсин аныктоо боюнча да иш алып барып жаткандыгы болду десек болот. Булардын кайсынысы негизги себеп экенин айтуу кыйын. Бирок, кыязы мына ушул себептерден улам бийлик Текебаевди темир торго камаганы жатат.

— Садыр Жапаров дагы камакка алынды. Сиз өткөндө бийлик камоолорду улантат, керек болсо, айрым президенттикке талапкер болуп чыккандарга да кылмыш иши ачылат деп билдиргенсиз. Бул кандайдыр бир чатактарга алып кетпейби? Мисалы, 3-революцияга себепкер болбойбу?

— Ооба, менимче камоолор уланат. Президенттикке кандидат болгондорго да кылмыш иши ачылышы мүмкүн. Себеби, бийликтин бүгүнкү аракеттерин мураскерге жол чабуу үчүн алдын алуу деп түшүнүп жатышат. Эгер аша чаап кетсе, анда абал курчуп кетиши толук мүмкүн.

— Жапаров бийликке тоскоол кылуучу кандидаттардын тобундабы?

— Менимче Жапаровду “Кумтөргө” байланыштуу камашты. Ал “Күмтөрдүн” проблемасын өтө жакшы билет. Батышта жүрүп “Кумтөрдү” кантип эл аралык сотко берип, кантип утуп чыкса болот ошонун жолун тапкан. Анын бул демилгеси өлкөнүн чыгаан юристтери тарабынан да жактырылган. Башкача айтканда юристтер Жапаровдун аракеттерин эң туура табылган жол деп баалашкан. Алды менен элден кол топтоолор башталган. Албетте, Жапаровдун бул аракеттерин “Кумтөрдү” иштетип жаткандар да билди. Алар Жапаров өзүлөрү үчүн өтө ыңгайсыз ишти баштап жатканын билишти. Ошого “Кумтөрдүн” кожоюндары Жапаровду бийликке “заказ” кылып койду го дейм. Себеби, Коопсуздук кызматы аны күбө катары чакырып жатат деп фейсбукта эки жумадай мурун айтылып жатты. Садыр аны өз оозу менен да айткан. Бирок, Жапаров Алматыдан келатканда Коопсуздук кызматы аны тосуп чыгып, чек арадан камакка алып жатат. Күбөнү кантип алдынан тосуп чыгып, чек арадан камакка алсын? Эгер Жапаров президенттикке койсо, анда “Кумтөр” маселесин козгоп, элдин көңүлүн өзүнө тартмак. Ошого аны да шайлоолордон четтетүү каралышы мүмкүн.

— Бийлик эмнеге Садыр Жапаровдун баласын, туугандарын кошо камап жатат?

— Буларды коркутуп койсок, кийин элди митингдерге, ар кандай акцияларга чыгарбай калышат деп ушуга барып жатса керек. Албетте, Кыргызстанда буга чейин оппозициялык саясатчыны камаганда анын туугандарын мынчалык уруп-сабап, кыйнаган учурлар болбосо керек. Эсимде жок.

— Жапаровдун камалышын анын китебиндеги билдирүүлөр менен байланыштырса болобу? Мисалы, китебинде Бектур Асановдун бомбасын чечмелеп, ошол кезде азыркы президент Бектур Асановго “Бекназаровду өлтүрүп салбайлыбы, Бакиевдерге шылтап коёбуз” дегендей сөз болгонун эскерген. Өч алып же дагы эмнени айтып жиберет деп тактап билүү үчүн камап жатышкан жокпу?

— Бүгүн ал анчейин мааниге ээ эмес. Бирок, шайлоо учурунда Жапаров дагы кандай бомбаларды жардырып жиберет деп чоочуп жатышы толук ыктымал.

— Жапаровдун китеби чыгаары менен Анапияев Бакиевдер жашап жаткан Минск шаарында өлтүрүлдү. Бул ким кан ичкич, билип алгыла дегендей эле болуп калды. Балким, Анапияевди да жалаа жабуу үчүн өлтүрүшүп жүрүшпөсүн? Бүгүн өлкөдө жалаа жабуу күч алып жатат го.

— Тигил кылды же бул кылды деп кесе айтуу кыйын. Криминал чөйрөсүн жакшы билген эксперттердин ММКларда айткандарына караганда Жаныш Бакиев менен А. Анапияевдин мамилеси 7- апрелге чейин да, андан кийин да жакшы болгондой. Кыязы, Ж. Бакиев менен А. Анапияев ар кандай негизде шугулданышып, айрым бизнестери бир болгон имиш. Бул абал 7- апрелден кийин деле сакталып кала берген деген сөз бар. Ошол эле учурда, Анапияев парламенттик шайлоолорго жакын өлтүрүлгөн. Журналисттердин арасында жүргөн сөздөргө караганда ал өлөөрүнө эки жумача калганда жоон топ журналисттер (10–15 киши) менен Дубайда жолуккан. Шайлоолор жөнүндө сүйлөшүшүп, жардам берерин айткан имиш. Анын пландарын көп кишилер билиши мүмкүн. Чынында ал көптөрдү кызыктырган. Мисалы, наркобарондорду, саясий партиялардын лидерлерин, өч алууну каалаган эски душмандарын, бийликти. Эми ким билет…

— Криминал темасын ачып албадыкпы. Бул бийлик Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетүүсүнө эмнеге кызыкдар болду? Айрымдары муну Р. Кадыров, Путин менен байланыштырып жатпайбы?

— Менимче Батукаевди чыгарууда бир нече фактор чоң роль ойногон. Биринчиден, акча. Экинчиден, бийликке анын чыгып кетиши өтө ыңгайлуу шарт түзгөн. Себеби, Акаев-Бакиевдин доорунан бери эле бийлик Батукаев менен эсептешип келген. 2 -революциядан кийин келген бийлик аны менен сүйлөшүп, сөз табышып олтургусу келген жок. Өлтүрүп таштай албайт эле. Себеби, анда Орусиянын баардык мыйзамдагы уурулардын каарына калышмак. Ошого Чеченстандан түшүп жаткан сунушка макул болушуп, аны өлкөдөн чыгарып жиберишкен. Батукаевдин өлкөдөн кетиши, Анапияевдин жок кылынышы менен бийлик өлкөдөгү криминалды контролго алууга жетишкен. Бул жаман өнөкөт.

— КТР 25 жылдан бери бир беткей маалымат таратып келет? Элде “кара жашик” деген аты бар. Бирок, КТРде бир тыңыраак жетекчи болду беле?

— Эсиңизде болсо Карыпкулов КТРди башкарып турганда “Карыпкуловдун кара жашиги” деп жазып жүрүштү. Кийин Карыпкулов президенттин администрациясын жетектеп келип калды. Анан басма сөз кызматын тамаша- чын иретинде “Мурда биз силерге баш ийчү элек, укчу элек, эми силер бизге баш ийип калдыңар, “Ала-Тоого” мага айтпай деле түз тапшырма берип жүрдүңөр. Бирок, мен деле илимдин доктору, членкормун да. Мен деле билет элем кайсы материалды кандай кылып беришти” деп какус-кукус кылып калчу. Балким, мен өзүм маалыматты берсем Карыпкуловдун “кара жашиги” дешпес беле деп ойлоп, бушайман болуп жүрсө керек. Кийин КТРге Айтикеева келип калды. Ал өтө катуу позицияда турду. Пресс-катчы, басма сөз кызматынын жетекчиси менен сүйлөшпөй койду. Мен ортомчу болуп калдым. Ал “Булар өзүлөрү журналистиканы билбейт да, “Ала-Тоого” мен өзүм жооп берем, ага кожоюн болгонуңарды койгула” деп маселени кабыргасынан коюп салды. Пресс-кызматына “силер кечиктирбей пресс-релизиңерди убагында жөнөтүп тургула, биз ошого карап маалымат беребиз” деп катуу турду. Бирок, ал бат эле вице-премьерликке жылып кетти. Гезиттерде деле ушундай абал эле. Бир күнү А. Малеваный чалып, “Табылды, пресс-секретарыңар кызык неме го. Жаза албаса эмне кылат жазып? Ал мага өзү жазган материалдарын жөнөтүп, псевдоним менен бастыртып жатат. Бирок, өзү экономиканы да, реформаларды да жакшы түшүнбөйт экен. Карама-каршы келген материалдарды жиберип “Бас” деп жатат. Айла жок, басып жатам. Бир күнү Акаев окуп калып, сураса эмне дейм? Мен пресс-секретарыңыздыкы деп эле айтып салам” деп нааразычылыгын айтып, “Сага атайы айтып жатам. Бир деме болсо тастыктап бергенге жара” дегени эсимде калыптыр.

— КТРК бүгүн да “кара жашиктигин” кылып жатат. Эмне менен бүтөт деп ойлосуз?

— Менимче, бул маселеде КТРКнын баардык журналисттерин айыптабаш керек. Бул жерде көпчүлүгүндө “Ала-Тоо” программасынын кызматкерлери маалымат таратууда бир аз жооптуу болушса жакшы болмок. “Ала-Тоонун” айынан Аксы кандуу окуялары болду. 7-апрелде жана андан кийин 100дөн ашуун жаш жигиттердин өмүрү кыйылды. 7-апрель куну бизди Ак үйдүн алдында атып жатышканда да, “Ала-Тоо”, “5- канал”, “ЭлТР” үн катпай олтура берген. Ошонун айынан талкаланышкан. Биринчилерден болуп НБТ айтып чыккан. Менимче, сабак ала турган мезгил келсе керек. Болбосо, абал күндөн-күнгө оорлоп баратат.

— Бул бийлик да элди атабы?

— Өзүн коргой албаган бийлик бийлик эмес деп коюшат. Кыйын кесең келсе, сакталып калышы үчүн баардык мүмкүнчүлүктөр колдонулат жана жумшалат. Атпайт деп айтуу кыйын.

— Жакынкы дем алышта президенттик шайлоо болсо ким утуп алат деп ойлойсуз?

— Бабанов.

— 19-ноябрдагы шайлоолордо ким утат?

— Бабанов (Эгерде конкуренттери катуу дайындалбаса).

— Себеби?

— Кеңири айта албайм. Бабановду камап коюшу мүмкүн го.

Булак: “Жаңы ордо”

Алмазбек Атамбаев: "Бузукунун ою да бузук. Башка бирөөнү да өзүндөй бузуку көрөт"

Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 3-апрелде, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин V жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында Президент Алмазбек Атамбаев кеңири сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн толук текстин сунуштайбыз:

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу Улуттук кеӊештин мүчөлөрү!

Эсиӊерде бардыр, убагында Туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеӊеш түзүлгөндө бир топ саясатчы каршы чыккан болчу. Бул туура эмес, Баш мыйзамга каршы келет, Президент чектен чыгып жатат деп. Бирок, ошондогу чечим канчалык туура, канчалык зарыл болгонун мезгил өзү далилдеп берди.

Анткени ошол оор кезде, өлкөбүз, элибиз алапайын таппай     турган кезде, депутаттар өз ара чырлары менен алек болуп, өкмөт дээрлик жыл сайын алмашып жаткан кезде мамлекетибиздин жок дегенде 5 жылдык “Жол картасы” түзүлбөсө, өлкөбүз сызга отуруп калмак. Сыз бул жакта калсын, сазга отуруп калмак!

Ошол Улуттук кеӊештин биринчи отурумуна катышкандар азыр да арабызда отурат. Ошол күндөр эсиӊиздерде бардыр!

7-декабрь 2012-жыл. Свет өчүп калабы же жокпу деп отурабыз залда. Андан эки ай мурда, октябрда Ак үйдү басып алуу аракети болуп, жолдор буулуп, айрым администрациялар басып алынып турган кез. ОБОНдор, эл бузарлар күчөгөн кез.

Жаңы жылда үйлөрдө свет, газ болор бекен деп отурган кез, кошуналарга жалдырап.

Чет өлкөлүк саясатчылар менен журналисттер Кыргызстан өлкө катары болбой калды, 2-3 жылда жок болот, “failed state” деп жазып жаткан кез…

Кудайга шүгүр, ал кез артта калды. Мына 4 жыл өтүп-өтпөй өлкөбүз түп-тамырынан өзгөрдү. Чыр-тополоӊ менен, жол жабуулар менен, мекемелерди басып алуулар менен өлкөбүздүн аты чыгып жатты эле, эми таза шайлоо менен, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен, Тарыхты эскерүү менен, реформалар менен бүт дүйнөгө таанылып жатабыз.

Кыз-жигиттерибиз Москвадан Монреалга чейинки ат салыштарда жеӊип жатат. Коӊшулар мурункудай кемсинтип, табалап күлбөй, тескерисинче тамшанып карап жатышат.

Коӊшулар тургай, Европа башчылары элибизге таӊ калып “вы провели за 4 года грандиозные реформы” деп, бийик баа берип жатышат.

Кудайга шүгүр!

Кыргыз көчү Жараткандын жардамы менен өз жолун тапты. Өз жолун тапты!

Ошондуктан биз эми элибиз, өлкөбүз мындан ары да бул жолун жоготпосун десек, 5 жылдык эмес, 20, 25 жылдык “Жол картасын” түзүп коюшубуз керек!

Эмнеге биз 2040-жылды тандадык? Анткени, 2040-жылы кыргыз эли убагында Шиберден Азияга чейин аймакты камтыган Улуу Кыргыз Каганатынын 1200 жылдыгын белгилейт. 1200 жылдыгын!

Албетте, кыргыз ажолугу андан бержагы эле миӊ жыл мурда  курулган. Ага жазма түрдөгү далилдер бар экенин тарыхчылардын баары билет!

Анын үстүнө 2041-жылы кыргыз эли жаңы замандагы эгемендүү Кыргыз мамлекетинин 50 жылдыгын белгилейт.

“Элүү жылда эл жаңырат” деген сөз бар кыргызда. Ошо 50 жылдыгын эгемендүү Кыргызстан кантип тосушу керек? Кайсы жол менен барыш керек? Кандай максаттарга жетиш керек? Кандай жол менен элибиз жаңырыш керек?

Ошонун баарын биз алдын ала белгилеп алсак, өлкөбүздүн, элибиздин жолу оӊоюрак болот. Кандайдыр бир саясый оюндар, сасык саясатчылар мамлекетибизди өз жолунан адаштыра албай калат!

Урматтуу Улуттук кеңештин мүчөлөрү!

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз эли өзүнүн кылымдарды карыткан тарыхында эмнени гана көрбөдү!

Тоонун чокусуна көтөрүлүп, Улуу Каганат куруп, Шиберден Азияга чейинки жерди ээлеп, ондогон элдерди башкарган доорду көрдү.

Тозоктун түбүнө түшүп, Улуу Каганат тургай, өзүнүн мамлекеттүүлүгүн жоготуп, Чынгызхандан баштап Ак падыша, Сталин заманындагы кыргындарды, үркүндөрдү башынан өткөрүп, кыргыз тилин, кыргыз деген атын да жоготомбу деген каргашалуу күндөрдү да көрдү.

Канча бабаларыбыз, апаларыбыз кыргыз элинин келечеги үчүн, кыргыз көчү сакталсын деп, кыргыздын аты өчпөсүн деп, жанын берди ушул караңгы мезгилде! Бир-эки кылым эмес, миң жылдын ичинде!

Сай бар бекен кыргыз каны акпаган? Кыр бар бекен кыргыз сөөгү жатпаган?

Ошол кандар, ошол жандар текке кеткендей болбосун! Анда бизди урпактар да, Кудай да кечирбейт!

Урматтуу мекендештер!

Кудай колдоп, кыргыз эли өзүнүн эгемендүү мамлекетине ээ болду. Аны да жоготуп ала жаздап, араң сактап калдык. Ошол адашып кете жаздаган кыргыз көчүн түз жолго бурган карапайым кыргыз элине, Аксы окуясында, Март жана Апрель окуяларында шейит кеткен, жаракат алган, Мекенибиздин келечеги үчүн өз канын, жанын да аябаган жигиттерибизге таазим этелик!

Кыргызстан эли менен күчтүү!

Кыргызстан эли менен күчтүү!

Бирок эгерде кылым карыткан кыргыз элинин тарыхын карасак, жерибизде биримдик менен ынтымак уялаган учурларда гана элибизди жеңиш менен ийгилик коштогон.

Көп улуттуу кыргыз элинин күчү – биримдикте! Ошондуктан, Манас атабыз бизге: “Бөлүнбө, кыргыз, бөлүнбө!” – деп айтып кеткен.

Унутпасак бул улуу сөздү.

Урматтуу мекендештерим!

Урматтуу отурумдун катышуучулары!

Сөзүмдүн аягында баарыңарды кызыктырган бир суроого жооп берип кетейин. Кыргызстанда боломбу, чет элде боломбу, – кайда барбасам, баары тең мага дайыма бир суроо беришет: “Мураскериң ким болот?” деп.

Айрым саясатчылар, журналисттер макала да жазып жиберишти: “Атамбаев мураскер таппай кыйналып жатат. Анткени, мураскер аны коргоп, сактап калышы керек” деп.

Бузукунун ою да бузук. Башка бирөөнү да өзүндөй бузуку көрөт.

Ачык айтайын: мен Кудайдан гана корком. Мен элимдин алдында акмын, Кудай көрүп турат. Мага мени коргой турган, мени сактай турган мураскер кереги жок!

Кыргыз элин коргогон, кыргыз тилин коргогон, кыргыздын рухун, кыргыздын тарыхын, кыргыздын маданиятын коргогон, эгемендүү Кыргызстанды коргогон ар бир кыргыз жараны – менин мураскерим! Ар бир кыргыз жараны!

Анткени мен да кыргыз жаранымын, түм кыргыз элинин катарында, кыргыз көчүнүн катарында, элибиз Аксыда, Март, Апрель окуяларында тапкан адилет жолдо баратам.

Биз баарыбыз ушул жолдун мураскерибиз. Манас атабыздын, бабаларыбыздын мураскерибиз.

Эмки президентти болсо эл өзү шайлайт. Ал мага мураскер болобу, же Акаев, Бакиевге мураскер болобу – аны мезгил көрсөтөт.

Анткени шайлоо деген шайлоо. “Чуркаган албайт, буюрган алат” деп айтат кыргыздар. Анын үстүнө “ Жыландын аласы тышында, адамдын аласы ичинде” деген да сөз бар.

Кайран кыргыз элим ишенип, алданып да, ээрчип кетмейи бар. Бул деген турмуш. Мезгил өзү гана бардыгын көрсөтөт.

Бирок ким Президент болсо да, кыргыз көчүн азыркы туура жолунан бура албайт деп ишенем. А болбосо эл аны бат эле өз ордуна коюп коёт. Анткени, бизде бийликтин булагы – эл!

Бирок, бийлик туура жол менен баратканын, же башка жолго буруп кеткенин эл кантип билет? Ушул бүгүн биз түзүп баштаган “жол картасынан” билет. Ошондуктан, бул иш өтө маанилүү, өтө зор. Туура жолду көрсөтүп, “жол картасын” түзүп коюшубуз керек өлкөбүз үчүн, элибиз үчүн.

Бүгүн ушул жерде Президент болом деген бир топ жигиттерибиз отурат. Баарыңарга ийгилик каалайбыз! Кудай колдосун! Бирок, унутпагыла: бийликтин булагы – эл!

Президент болуп калсаңар, Атамбаевди эмес, кыргыз жерин, кыргыз элин коргогула! Уурулардан, мародерлордон, эл бузарлардан коргогула!

Кырчындай жигиттерибиз канын төгүп, өмүрүн берип, 7-апрелде сактап калган демократияны, эркиндикти коргогула!

Эгемендүү Кыргызстанды коргогула!

Президент болуп калсаңар, “Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт!” деп иштегиле. Мамлекеттен эмне алсам дебей, Мекениме, элиме эмне берем деп иштегиле.

Ошондо Жараткан өзү колдоп берет, жолуңарды ачып берет!

Манас атабызга, бабаларыбызга мураскер болгула! Кыргыз элин, кыргыз жерин коргогула!

Жараткан силерге туура жолду көрсөтсүн! Азгырыктан сактасын!

Жараткан элибизге биримдик, жерибизге берекет берсин!

Жыйналышта “2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алдын ала жыйынтыктары жана 2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын даярдоо жөнүндө” маселе талкууланууда.

Рустами Эмомали депутат болуп шайланды

Тажикстан президентинин тун уулу, Дүйшөмбү шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Рустами Эмомали шаардык мажлис үчүн өткөн шайлоодо жеңишке жетишти.

Дүйшөмбү шаарынын шайлоо комиссиясы билдиргендей, №25 шайлоо округунда Рустами Эмомали үчүн шайлоочулардын 84,8 пайызы добуш берди. Анын атаандаштары – Демократиялык партиядан Хикматулло Саидиён менен Агрардык партиядан Фазлиддин Икромов 2,63 жана 7,81 пайыз добуш топтошту.

Дүйшөмбүнүн №25 жана №62 шайлоо округдарында шайлоо 2-апрелде өттү.

Рустами Эмомали 12-январда Тажикстан президентинин жарлыгы менен Дүйшөмбү шаарынын мэри болуп дайындалган. Ага чейин борбор калаанын администрациясын 19 жыл бою Махмадсаид Убайдуллоева жетектеп келген.

Рустами Эмомали расмий түрдө шаардык мажлистин депутаты болгондон кийин ал президенттин жарлыгы менен Дүйшөмбүнүн толук кандуу мэри болуп калат. Учурда өлкө башчынын уулу – Дүйшөмбү шаарынын төрагасынын милдетин аткаруучу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Атамбаев өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиясын түзүүнү сунуштады

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү өнүктүрүүнүн 25 жылдык “Жол картасын” түзүп коюуну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин бешинчи жыйналышында айтты.

– Эмнеге биз 2040-жылды тандадык? Анткени, 2040-жылы кыргыз эли убагында Шиберден Азияга чейин аймакты камтыган Улуу Кыргыз Каганатынын 1200 жылдыгы белгиленет. 2041-жылы эгемендүү Кыргыз мамлекетинин 50 жылдыгы белгиленет, – деди мамлекет башчы.

Атамбаев саясий оюндар жана айрым саясатчылар мамлекет тандап алган жолдон адаштыра албастыгын кошумчалады.

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш 2013-жылы президенттин демилгеси менен түзүлгөн. Бул кеңеш сунуш берүүчү орган катары кызмат кылат. Ага премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңеш фракцияларынын лидерлери, министрлер кирет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Трамп: АКШ Түндүк Корея боюнча өз алдынча аракет көрүүгө даяр

АКШ президенти Дональд Трамп эгер Кытай  позицияны кармана албаса, анда Кошмо Штаттар Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча өз алдынча аракет көрүүгө даяр экенин билдирди. Мындай билдирүүнү Трамп «Файнэншл таймс» басылмасына берген маегинде жасады. 6-7-апрель күндөрү АКШ президенти Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди Флоридада кабыл алат.

“Кытайдын Түндүк Кореяга таасири өтө чоң. Кытай Түндүк Корея маселесинде бизге жардам бериши да, бербеши да мүмкүн. Эгер алар жардам берсе Кытайга жакшы болот, жардам бербесе ал эч кимге пайда алып келбейт”, – деди АКШ президенти.

Трамп Кошмо Штаттар Түрдүк Кореядагы абалга Кытайдын жардамысыз эле реакция жасай ала турганын айтты. Бирок ал бул маселе боюнча кандай аракеттерди көрүшү мүмкүндүгүн тактап айткан жок.

Трамп менен Синин АКШдагы жолугушуусунда Кореядагы абалдан сырткары Түштүк-Кытай деңизиндеги соода жана аймактык талаш-тартыштардын талкууланары күтүлүүдө. Шайлоо өнөктүгү маалында Трамп Кытайды абийирсиз соода практикасына айыптап, кытай товарлары үчүн импорттук төлөмдөрдү жогорулата турганын айткан. Андан сырткары Пекинди «валюталык манипулятор» деп да атаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жаңы Муун: “Бөрк ал десе баш алууга даяр, элди кордоого катышып жаткандарды биз эч качан унутпайбыз!”

Жаңы Муун” саясий кыймылынын коомчулукка кайрылуусу

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Биз, “Жаңы Муун” саясиый кыймылынын мүчөлөрү учурдагы саясий кырдаалдын курчуп, бийлик өз оппоненттерине карата кысымды күчөтүп, адилетсиз кадамдарга барып жатканына тынчсызданып жатканыбызды билдиребиз. Атамбаевдик бийлик өлкөдө болуп жаткан окуяларга байланыштуу сын пикирин айткан бир катар саясатчыларга негизсиз айып коюп, камакка алып, куугунтуктап келди. Ал учурда ар ким өз алына жараша айбат көрсөтүп, биргеликте каршылык кыла алышкан жок. Мындай абалдан пайдаланып ким бийликке жакпаган пикир айткан болсо, анын мизин оңой эле кайтарып коюуну адат кылып алышты. Мунун кесепетинен көптөгөн белдүү азаматтар абакка салынып, өлкөдөн куулуп, эркин оюн айткандарга миллиондогон айып илинип, бийлик биротоло ажыдаарга айланды. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди өз элинде аферист, алдамчылыгы менен бир канча жолу жоопкерчиликке тартылган Маевский деген адамдын көрсөтмөсү аркылуу, эч бир далили жок айыптоону коюп камакка алды. Ал, өз эрки менен келе жатканына карабай “Манас” аэропортунан кармап келип, абакка салышты. Мындай зөөкүрчүлүктөргө болгон коомчулуктун кайдыгерлигинен пайдаланып, Кыргызстанга өзү келе турганын жарыялаган экс-депутат Садыр Жапаровго да ушундай эле мамиле жасалды. Аны, чек арадан алып келүүгө жүздөгөн куралдуу күч органдарын жөнөтүп, коркунучтуу башкесерди кармачудай аракет көрүштү. Садыр Жапаровду шашылыш камакка алып, анын боштондугун талап кылып тынч митинг уюштурган элди курал менен атып таратты. Кача албай калган 105 адамды камап, анын ичинен 12 жаранга оор айып коюп, кылмыш ишин козгоду. Анын арасында мигранттар, жаш балдар жана Садыр Жапаровдун бир туугандарын 7 жыл эркинен ажыратуу жазасы күтүп жатат. Учурда алар СИЗОдо кармалууда. Эми, СИЗО – 1ге камалган Садыр Жапаровдун мойнунун күрөө тамыры, колунун венасы кесилип, оор абалда чала жан жатат. Анын абалы боюнча ачык маалымат берилген жок, күмөндүү маалыматтар таралууда.

Урматтуу коомчулук!

“Жаңы Муун” саясий кыймылы мындай мыйзамсыздык, бийликтин аша чапкан аракеттерин кескин сынга алабыз. Оппозиция мүчөлөрүн мыйзам, укуктук жол менен эмес, бандиттик ыкмалар менен жазалай баштады. Эртең, ар бир оппозиционердин башында коркунуч жок деп эч ким кепилдик бере албайт. Бийлик элдин үнүн уккусу келбей калды. Карапайым элдин чырылдаган чындыгына караганда, Атамбаевдин айланасындагы 5-6 чала сабат кеңешчилеринин маалыматы ага маанилүү болуп калды. Биз, буга чейинки басып өткөн жолубузда эки бийликти жарга салып, жолдон адаштырган шылуундар бүгүн Атамбаевди куурчап алганын көрүп турабыз.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Кеч боло электе этегиңизди жаап, эсиңизге келиңиз! Сиз, өз бийлигиңиздин күчтүүлүгүн көрсөтөм деп, өзүңүздүн кыска ойлонгонуңузду далилдеп жатасыз! Мындай адилетсиздик менен эч ким бийлигин сактап кала алган эмес! Кеч боло электе адилеттүүлүккө кайтыңыз! Акыркы президенттик мөөнөтүңүздү тынчтык жолу менен өткөрүп берүүгө, элдин кыжырын келтирбөөгө чакырабыз жана учурда саясий куугунтук менен камакта жаткан абийир туткундарынын баарына боштондук кылууңузду талап кылабыз! Ал эми азыр бийликтин камчысына айланып, ашыкча кызмат кылып жатышкан айрымдардын эсине төмөнкү сөздөрдү сала кетебиз: Сөзсүз жооп берүүчү күнүңөр келет! Биз ар бир кыймыл аракеттериңерди атайын, белгилеп, фактылар менен толуктап, документтештирүүдөбүз! Эртедир кечтир сөзсүз люстрация маселесин көтөрүп чыгабыз! Бүгүнкү бөрк ал десе баш алууга даяр, элди кордоого катышып жаткандарды биз эч качан унутпайбыз!

“Жаңы Муун” саясий кыймылынын мүчөлөрү

Орусияда электр энергиясын уурдагандарды алты жалга камоо сунушталууда

«Бирдиктүү Орусия» партиясынын депутаттары электр энергиясын уурдоо жана электр түйүндөрүнө мыйзамсыз кошулуу үчүн алты жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунушталган мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна алып чыгышты.

Документке ылайык, уурулук тууралуу өз ыктыяры менен билдирген жана келтирилген чыгымдын орду толтурулган учурда кылмыш жоопкерчилиги алынат.

Депутаттар «мунай куурларын зыянга учуратуу же жараксыз абалга келтирүү тууралуу» учурдагы беренеге толуктоолорду киргизүүнү сунуштап жатышат. Демилгечилердин айтымдарында, бул мыйзамдагы укуктук боштукту толтурат.

Эгер мыйзам кабыл алынса, электр энергиясын уурдагандар 100 миң рублден 500 миң рублге чейинки өлчөмдөгү айып пул төлөйт. Болбосо 1,5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы менен беш жылга чейин мажбурлап иштетүү, же 80 миң рубль айып төлөтүү менен алты жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы менен жазаланат.

Депутаттар беренеге өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын электр энергиясын уурдоо учурларынын көбөйүп кеткендиги менен түшүндүрүшүүдө. Алардын пикиринде, бул энергетикалык компаниялардын кирешесине гана эмес, Орусия жашоочуларынын коопуздугуна да таасир этет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өкмөт “2017-2022- жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын бекитти

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков “2017-2022- жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын бекитүү тууралуу токтомго кол койду. Бул туурасында Кыргыз Респубикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

2017-2020- жылдардын мезгилине Региондук саясат концепциясынын долбоору конкреттүү калк конуштарын өнүктүрүүнүн деталдаштырылган программаларын даярдоо үчүн базистик конструкцияларды түзүү максатында иштелип чыкты.

Концептуалдык мамиленин болушу бизнеске, инвесторлорго ар кандай тармактарды өнүктүрүүгө, иш чөйрөсүнө жана аныкталган аймактын инфратүзүмдөрүнө карата багыт алуусуна жана түшүнүүсүнө мүмкүндүк берет. Ушул стратегиялык документтин долбоорунда региондорду өнүктүрүүнүн негизги мамилелери, багыттары түзүлдү жана региондорду өнүктүрүүнүн жаңы мамилелери сунушталууда – ал, бардык аймактардын социалдык – экономикалык абалын тегиздөө саясатынан, региондук өнүктүрүүнүн башаты боло турган, атайын тандалып алынган калктуу конуштарды өнүктүрүү аркылуу өз алдынча өнүктүрүү саясатына өтүү. Мындай мамиле, финансылык ресурстардын чектелүү болушун түшүндүрүүдө, ошондуктан, азыркы учурда бардык региондорду бир мезгилде өнүктүрүү мүмкүн эмес.

Ушул Концепцияда алардын базасында өнүктүрүү борборлорун түзүү үчүн 20 сынамык шаарларды жана башка калктуу конуштарды бөлүп алуу каралууда, алар – Бишкек, Ош, Каракол, Балыкчы, Нарын, Кочкор, Токмок, Кара-Балта, Талас, Исфана, Баткен, Кадамжай, Өзгөн, Кара-Суу, Сары-Таш, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад, Кербен, Кочкор – Ата. Кыргыз республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы №241 ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамыны ылайык, аталган документтин долбооруна коомдук талкуу өткөрүлдү жана анын жыйынтыгы боюнча кыргыз республикасынын региондук саясатынын концепциясынын долбоору кайрадан иштелип чыкты.

Концепцияны ишке ашыруу эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этабы пилоттук айылдарда бизнес-планды өнүктүрүү ишке ашырылат. Региондук саясаттын негизги максаты – өзүнө өнүгүү борборлорун жана тийиштүү айылдык аймактарды камтыган, негизги аймактардын өнүгүүсүн бир жерде топтоп колдоо аркылуу калктын жашоо сапатын жана бакубатчылыгын жогорулатуу үчүн республикадагы региондордун тездетилген социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу.   Экинчи этабында Концепция толук масштабда ишке ашырылат.

 

Чыныбай Турсунбеков: "2040-жылга чейин Кыргызстан жогорку орто кирешелүү дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн тобуна кирүүгө тийиш"

Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеӊеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги бешинчи жыйынына катышты. Бул тууралуу КР Жогорку Кеӊешинин Басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында 2013-2017-жылдарда Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук Стратегиясын ишке ашыруунун алдын ала жыйынтыктары жана  2040-жылга чейинки өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын даярдоо алкагындагы маселелер талкууланды.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Төрага Чыныбай Турсунбеков өлкөнүн өнүгүшү өткөн тарыхыбызга кайрылуу менен жолго коюларын белгилеп: “Рыноктук экономиканын артыкчылыгын эч ким тана албайт. Биз, эки доорду башыбыздан кечиргендиктен улам социализмдин да, капитализмдин да тажрыйбаларын салыштырып, аңдап түшүнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук” – деди.

Дүйнөлүк экономиканын локомотивине айланган коӊшу Кытай Эл Республикасындагы экономикалык өнүгүүнү мисал келтирген Төрага: “Өткөн 25 жыл ичинде (1991-2016-жылдар) өлкө экономикасы өзүнүн өнүгүүсүндө өтө оор жолду басып өттү. Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн азыркы этабында ресурстук, илимий, кадрдык жана башкаруу потенциалынан түзүлгөн өндүрүштүк жана социалдык-маданий мамилелерди максималдуу колдонуу боюнча, өз ара пайдалуу мамлекеттер аралык кооперацияны андан ары тереңдетүү, биргелешкен өндүрүштөрдү түзүү, атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияларды чыгаруу жана аларды өлкөнүн ички рыногунда жана башка өлкөлөрдүн рыногунда алдыга жылдыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу актуалдуу болуп саналат” – деп кошумчалады.

Ал эми 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсүн инновациялык модернизациялоонун стратегиясы узак мөөнөткө өлкөнү өнүктүрүүнүн келечегин аныктаган документ болуп саналат деген Чыныбай Турсунбеков: “Мындай документтин иштелип чыгышынын зарылчылыгы, баарынан мурда, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн стратегиясын тандап алуунун актуалдуулугу, ошондой эле биздин өлкөдө жана бүткүл дүйнөдө соңку 25 жылда болуп өткөн социалдык-саясий өзгөрүүлөр жана кайра түзүүлөр менен түшүндүрүлөт. Алсак, жакында эле Тажикстан 30 жылдык өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясын кабыл алды. Анда өлкөгө көлөмү 118,1 млрд. АКШ долларын түзгөн инвестиция тартуу планы коюлган. Ал эми анын 55 млрд. АКШ доллары жеке инвестиция иретинде келээри болжолдонууда”, – деп билдирди.

Андан тышкары, “Кытай-Пакистан Экономикалык коридору (CPEC)” транспорттук долбоорун ишке ашыруу мерчемделип жатканын маалымдаган Чыныбай Турсунбеков: “Ошондой эле Борбор Азиядан Түштүк Азияга электр энергиясын экспорттоону камсыздаган CASA-1000 долбоорун да бүткөрүү Кыргызстан үчүн ири пайда алып келет”, – деди.

Ошондой эле инерциялык-рыноктук жана инновациялык модернизациялоо стратегияларын мисал келтирүү менен начар өнүккөн өлкөдөн, Кыргызстанды инновациялык экономикасы өнүккөн жана калкынын жашоо турмушунун деңгээли туруктуу жогорулаган өлкөгө айландыруу 2040-жылга чейинки өнүгүүнүн стратегиялык максаты болуп саналарын айткан Чыныбай Турсунбеков: “2040-жылга чейин Кыргызстан калкынын санына улуттук дүң продукциясынын өлчөмү боюнча, жогорку орто кирешелүү дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн тобуна кирүүгө тийиш” -деди.

Бул үчүн индустриялык-инновациялык өнүгүүнү тездетүү, агро өнөр жай комплексин инновациялык нукка өткөрүү, эксперименталдык агрардык-инновациялык кластерди түзүү менен илимге таянган экономиканы куруу керектигин айткан Төрага, “Агломерация, бул Кыргызстандын илимге таянган экономикасына өзөгү. Андан тышкары, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, жарандардын активдүүлүгүн, билимин жана ден соолугун чыӊдоо жана санын кескин азайтуу менен башкаруунун регионалдык жана мамлекеттик институттарынын ишин өркүндөтүү учур талабы” – деген оюн кошумчалады.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен түзүлгөн аталган Улуттук кеӊештин башкы максаты өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган стратегиялык документтин алкагында атайын сунуштарды иштеп чыгуу, талкуулоо жана ишке ашыруу болуп саналат. Ал эми Кеӊештин курамында Жогорку Кеӊештин, Өкмөттүн жана тиешелүү коомдук уюмдардын өкүлдөрү бар.

 

Айгүл Асанбаева, Садыр Жапаровдун жубайы: «Камачу атасын камагандан кийин балдарына эмнеге асылышат?»

 

— Айгүл эже, сиз дагы жолдошуңуз Садыр мырза менен Москвадан чогуу келдиңизби?

— Жок, мен эки күн мурун келген болчумун. Садыр келем деп элге жарыялап койгондон кийин сөзсүз келет деген ишеничте үйдү даярдап, атабызды күтүп алабыз деген ишеничте болгонбуз.

— Ага чейин аны менен чогуу болгонсуз да?

— Ооба, жанында болгом.

— Москвада жашадыңыздарбы?

— Польшада бир жыл болдук. Кипрда жашадык. Акыркы күндөрү Садыр өзү Москвада болду. Мен келип-кетип аттым. Балдарым Кыргызстанда эле жашады. Ушул жерде окушчу.

— Атасын тосуп алганы балдары да чек арага барыштыбы?

— Чек арага баарыбыз бардык. Балдарым да барышкан. Атасы келип жатса кайсыл бала тосуп албайт? Ур-токмокко алып кармалган Рустам, Ринат да “атабызды тосуп алабыз” деп барган. Күч органдары коркунучтуу кылмышкерди чек арадан кармаганга даярданышкандай эле даярданышыптыр. Ошол жерден эле Садырды кармап кетишпедиби. Ушунун өзү туура эмес да. Садырды чек арадан өткөрүп жиберип, мыйзамдын чегинде чакырса бармак. Садыр эч жакка качмак эмес. Ал чындык деп өз мекенине келе жаткан.

— Садыр мырза келсе камалат деген сөздөр айтылып жатпады беле. Жолдошуңуз деле келсе камап коёрун билсе керек?

— Садыр жаңыдан гана саясатка аралашып жаткан жери жок. Ал бышкан саясатчы. Камап коёрун да билген. Бирок, балдарымы, бир туугандарымы камап, мыйзамсыз иштерди жасайт деп ойлогон эмес болсо керек. Биздин үй-бүлөгө террорчулардай мамиле жасап жатканына эл өзү күбө болуп жатат. Ур-токмокко алынган балам болгону 20 жашта. Кайсыл гана бала болбосун атасын мыйзамсыз камап жатса атасына жардам берүүгө чуркайт да. Бийликте олтургандардын баласы андай кадамга барбайбы? Биз дагы УКМКнын алдында өтүп жаткан тынч митингге барып, чогулган элдин алдына жогор жактагылардан бирөөсү чыгып, бир нерсе деп айтабы деп күтүп олтурсак, өздөрү тараптан провокация жасап жиберишти. Муну видео тасмалардан деле көрсө болот. Укук коргоо кызматкерлери карапайым калкка аябай агресивдүү мамиле жасады. Алардын бул кылганын “Менин колумда бийлик бар, баарын жасайм” деген мамиле деп түшүнсө болот.

— Айрым маалымат каражаттары “Садыр Жапаровдун митингине келгендерге акча таратылды” деген маалыматты таратышты. Элди акча менен чыгарууга даярдык көргөнсүздөрбү?

— Бийликчил маалымат каражаттарынан, ошол эле КТРден Садырды болушунча каралоо жүрүп жатат. Алардын мындай маалыматына эл деле көнүп калды. Эч ким ага ишенбейт. Бул ыкма өздөрү үчүн жаман болушу мүмкүн. Азыр булар өзүнүн элине каршы туруп жатат. Биз бир да тыйын таратканыбыз жок. Эгер биз акча тараткан болсок “Мен мынча акча алдым” деп айткан кишини бийлик таба албай калат дейсизби? Ошол адамды КТРден кечке сүйлөтпөйт беле. Элдин арасына кирип алып “Силер тыйын алдыңарбы?” деп сурап атышты. Бирөө да тыйын үчүн митингге чыктык деп айтпады. Көрүп аттыңар, жалаң мекенчил, өз эли үчүн күйүп-бышкан, Садырга ишенген жаш балдар жүрүштү. Карапайым калк Садырга жолуксак, ал эмнени айтат экен, анын сөзүн уксак деп чогулду. Бир да саясатчы келген жок.

— Садыр мырзаны колдоп чет жакта иштеп жүргөн мекендештерибиз да келдиби?

— Ал жактан келгендер көп болду. Мигранттарыбыз ал жакта жыргаганынан жүргөн жок. Үй-бүлөмдү, бала-чакамды баксам деп жүрүшөт. Аларды дагы Садыр акча төлөп алып келген жок. Колунан келгендери өздөрү учуп келишти. Көптөрү “Садыр байке, биз сизди колдойбуз! Биз сиз мененбиз!” деп бул жакка келе албаса да, ошол жакта тилектеш экенин билдиришти.

— Митинг учурунда эки уулуңуздун көк-ала болуп сабалып, кармалганы интернетке чыкты. Оор абалда экени айтылып жатты. Сиз энеси катары кире алдыңызбы?

— Эки баламды көргөнгө мен да такыр кире албай койдум. Мен дагы интернеттеги видеодон гана көрүп жаттым. Ренат баламдын сабалып, алсыз, аптыгып ыйлап жатканын видеодон көрүп, жүрөгүм жанчылып ыйладым. Ренат 10 жашында бир күндө ата-энесинен ажыраганда ушунтип аптыгып, бугу көкүрөгүнө толуп ыйлаганы көзүмө келе түштү. Ренат Садырдын бир тууганынын баласы. Ринаттын ата-энеси автокырсыкка учурап, каза болушкан. Мына ушундай чоң жоготууну, чоң трагедияны наристе жүрөгү менен баштан кечирген бала. “Бир тууганымдан калган жалгыз туяк”- деп Садыр Ринатты өзүбүзгө алып багып алганбыз. Атасы жогун билип, Садырды аталап, ага өзгөчө жакын. Ренат үчүн Садыр идеал. Сыймыктанат. “Атам келсе тосуп алабыз”-деп аябай кубанып жүргөн. Менин көзүмчө эки тез жардам машинасы кирип чыкты. Шаардык төртүнчү ооруканага алып барып, териси кичине сыйрылып калыптыр деген корутунду чыгарып, бизге көрсөтүп койду. Ринатты 5 суткага камап жиберишти. Рустам деген уулумду табарсыкка катуу тебишиптир. Ал мурун “Варикоцеле” менен операция болгон. Аны да кармаган күнү УЗИге салган жок. Рустамды 2 айга камады. Камачу атасын камагандан кийин балдарына эмнеге асылышат? Булар кимдер күйүп-бышып аткан болсо, ошолорду терип кармашты. Жүздөн ашык адамды кармаган болсо, алардын бирөөсүнүн да күнөөсү жок. Алар мыйзам да бузган жок. Балдарым менен кошо кармалгандардын баары чыгышы керек.

Булак: “Жаңы ордо”

Меню