Menu

САЯСАТ

Маманов кечирим сурап, жалдыраганды сагындыбы?

“Кыргыз тарыхын жаздырам, санжыраны изилдейм, униформа кийгизем, президент болбойм”, – деп өзүн кыйла эле кыраан кылып алган Рустам Маманов азыр чээнге кирип кетти. Бир эмес, бир канча фонддорду ачып, акыры майнапсыз эч аракет жасай албай, жалаң алып сатарлыкка өттү. “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановду өзүнүн атаандашы катары көрүп, аны коомчулуктун алдында келеке кылып, кадырын кетирүү максатында “Сулайманов шоопурум болчу” – деп жалаяктай маек берип жиберип, анан “Арзу” кафесинде Алтынбектин алдында “сууга түшкөн чычкандай болуп шөмтүрөп” ыйламсырап, жалдырап кечирим сурап ит болгон жайы бар. Бирок мындай нерселер Мамановго сабак болгон эмес көрүнөт. Көнгөн адатын карматып, учурда көлөкөгө туруп алып айрым саясатчылар менен жашынмак ойноп жатканы кызык… Сыягы, кечирим сурап жалдыраганды сагына түшкөн го…

Булак: “Фабула”

Жакында Байболов камалабы?

Учурда куйругунда калбыры бар, баскан издери менен кылган иштери мандемдүү делген бир топ аткаминерлерге кылмыш иштери козголуп, камалып жатат.

Буга байланыштуу, айрымдар мындай абал кооптуу кырдаалды түзүп, өлкөнүн бейкутчулугун бузат дешсе, кээ бирлер тескерисинче мамлекетти ичип-жеген, колу туткак жандимилерден тазалоого мезгил жетти дешүүдө. Ток этээрин айтканда, ким күнөөлүү болсо жазасын тартсын деген көз караш басымдуулук кылууда.

Ошол мандемдүү иштери бар дегендердин катарында мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболовдун дагы ысымы аталып, жакында «МегаКом» чырына байланыштуу камала турганы каңкууланууда. Буга Байболовдун “Мегакомго” өз мүлкүн 600 миң долларга баалап саткан көз боёмочулугу илинчек болоору кеп болуп жатат. Анткени мүлктү сатып алуу үчүн уюлдук компания жумшаган каражат “Сарамжал Транс” компаниясы аркылуу жубайы Нуржамал Байболовага таандык компанияга келип түшкөн.

Учурунда бул иш боюнча ошол кездеги «Мегаком» компаниясын башкарган Азамат Мурзалиев күмөндүү операцияларга Нуржамал Байболованын катыштыгы бардыгы туурасында үн катып, Нуржамал айым УКМКга сурак да берген жайы бар. Бирок чуу жараткан иш аягына чыккан эмес. Чындык акыры чыгат демекчи, сыягы кезеги эми келди көрүнөт…

Булак: “Фабула”

Акин Токталиев, адвокат: "Болот Шерден дагы илинчек табылса, аны да камайт"

Адвокат Акин Токталиев менен “Ата Мекен” партиясынын тегерегиндеги ызы-чуусу жана тарашы керек де­ген парламент тууралуу ой бөлүштүк.

-“Ата Мекенчилердин” мародёрчулук ишке тиешеси бар деп ишенсек болобу?

– Текебаевди жана башкаларын мародёрчулукка тиешеси бар деп, далилдебей туруп айтыш чоң күнөө. Ал турсун соттун чечими чыккандан кийин да айтуу оор. Себеби 7-жыл өтүп кетти, андан бери ким жашырды. Ошон үчүн мародерлорду эле эмес, жашыргандарды да кошо жоопко тартыш керек. Бийликтегилер бийлигинен пайдаланып, саясий оппоненттерин элге жаман көрсөтүш үчүн далилсиз, соттун чечими жок эле жамандап жатат. Президент мародер деп айтып жатса, карапайым эл соттун чечими чыктыбы, чыккан жокпу дебей, ага ишенет да. Мародёрчулук далилденбей калса, президенттин аброю эл алдында кетээрин да эске ала жүрүшүбүз керек. Бирок маро­дёр деп анда-мында айтылып калганы менен чынында 7 жылдан бери бир да мародерду көргөнүбүз жок. Ошон үчүн анык мародёрлорду таап, соттоп жиберсе да эл ишенбей калат. Себеби камакка алынгандарды эл боору ооруп карап, ма­родёр болсо да куугунтукталып жатат деп кабыл алышы мүмкүн.

-“Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүнүн бири Болот Шер да, мародёрчулук үчүн камакка алынышы мүмкүнбү?

-Менимче бийлик Болот Шерден дагы бир илинчек тапса, аны да камайт. Азырынча бийлик илинчек тапканга аракет кылып жатат. Ал эми Аида Салянованы түздөн-түз камап койсо баш прокурор жаңылбайт, лицензия менен эмес, кор­рупция деген статья менен. Себеби: экс­премьер Данияр Үсөнов, Салык инспекциясы, Каржы министри жана Адилет министринин атынан Аида Салянова 1 млрд. 350 млн. сомду “Кумтөрдөн” са­лык катары мамлекеттин казынасына албай, бир гана буйрук менен списание кылып жиберишкен. Кыскасы 1,5 млрд, сомду бөлүп алышкан. Ушул жөнүндө Садыр Жапаров айтып чыкса, аны Ташиевге кошуп камап коюшкан. Ал документтер менде сакталып турат. Эртеби-кечпи, Осмонбек Артыкбаев баш болуп жооп беришет.

-Парламент тарашы мүмкүнбү? Коомчулукта ушундай кептер айтыла баштады го?

-Парламент элге шылдың болбой, күч менен тарката электе өз ыктыяры менен тарашы керек. Канча жашырсак да кыргыз парламенти криминалдуу парламент болуп калды. Парламентке эл үчүн кызмат кылайын дегендер эмес, тескерисинче бизнесин коргош үчүн гана келгендер бар. Кыскасы депутаттар эл үчүн эмес, өздөрүнүн байлыгын көбөйтүш үчүн гана парламентке келишкен. Ошон үчүн элдин добушун алыш үчүн акча чачышкан. Элге акча чачпай эле миллиондогон сомду, ар бири өз элине, жерине жумшаса, ошол айыл жакырчылыктан чыгып, шаарга келип тыгылбай, өз айылында иштеп байымак, көчөдөн кайыр-садага сурамак эмес. Акча табам деп шаарга келип, ден соолугунан ажырамак эмес.

Бизде болсо бизнесмендердин баары парламентке келүүгө аракет кылып, мыйзамды чемичкедей чаккан юристтер эс­ке алынбай жатат. Чынында парламент­ке тажрыйбалуу юристер келсе жакшы болмок, мыйзамды иштетмек, бийликтен коркпой туруп, тике сүйлөмөк. Байлар парламентке келгени менен мыйзам жазганды билбейт. Ал турсун, байлыгымды чукуп чыгат, анан коррупционер деп камап коет деп коркушат. Мисалы, бир канча жыл парламентте депутат болгон Аскар Салымбеков, Өмүрбек Бабанов жана көптөгөн бизнесмендер айылына айыл чарба техника алып бердиби, завод, фабрика салып бердиби, ошолордун өндүргөн продукциясын баазарга алып чыгарганга жардам бердиби? Албетте жок. Анткени алар акчаларын чет мамлекетке жумшап, завод, фабрика салып беришет, Америка, Европадан үй сатып алышат. Эл да добушун сатпай, элге кызмат кыла тургандарды шайлашы керек. Болбосо бул жагдай улана берет.

Булак: “Фабула”

Бөйрөктөн шыйрак чыгарат

Кечээ 30-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Ар түрдүү маселелер” саатында эл өкүлдөрү шайлоочуларынын олуттуу делген көйгөйлөрүн көтөрүп, Айыл чарба тармагын колго алуу үчүн бир гана айыл чарбасы менен алектенген вице-премьер министр кызматын түзүү сунушун айтышты.

Парламенттин Агрардык саясат боюнча комитетинде Өкмөттүн жазгы талаа иштерине даярдыктары боюнча маалыматы угулган. Анда бир катар орчундуу кемчиликтер белгиленген. Бул тууралуу депутат Алмасбек Акматов айтып, айыл чарба тармагын колго алуу үчүн бир гана айыл чарбасы менен алектенген вице-премьер министри кызматын түзүү керектигин же Айыл чарба министрине вице-премьер министр макамын берүүнү сунуштады. Депутаттын пикиринде мындай тажрыйба коңшу республикаларда дагы орун алган. Ансыз да вице-премьерлерден баш адашып турганда, парламент, өкмөт ар кандай кыскартууларга барып жатса, депутат мырза айдан түшө калгандай сүйлөйт да. Жуурканга карап бут сунсак боло…

Булак: “Фабула”

Порошенко ок атууну токтотууну буюрду

Украина президенти Петр Порошенко Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы менен Коргоо министрлигине 1-апрелден тарта Донбасста ок атууну токтотууну буюрду. Бул тууралуу «Интерфакс» кабарлады.

Порошенконун айтымында, ок атпоо режимин орнотуу демилгеси Украинага таандык. “Бул Орусиянын украин тарап тынчтыкка даяр эмес деген билдирүүлөрүн дагы бир жолу четке кагууда”, – деди украин президенти.

29-мартта Минскте Донбасстагы абалды тынчтык жолу менен жайгаруу боюнча үч тараптуу контакттык топтун жыйыны өткөн. Анын жүрүшүндө ок атууну токтотуу макулдашуусу жетишилген. Ошондой эле тараптар 6-апрелден тарта Станица Лугансктын алдындагы күчтөрдү алып кетүү тууралуу макулдашкан.

Киев марттын башында орусиячыл куралдуу жикчилдер украин аскерлеринин Авдеевкадагы позицияларын дээрлик күнү-түнү аткылап жатканын билдирген.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

2017-жылдын 30-мартында добуш берилген мыйзам долбоорлору

Кечээ, 30-мартта Жогорку Кеңеш жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1,2,3-окууларда кабыл алынды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 21.11.16дагы № 602 токтом);

“Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 09.02.17деги № 83 токтом);

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-аткаруу кодексине) (демилгечи – Өкмөт, 11.01.17деги № 16 токтом).

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бабанов Ө.Т., Казакбаев Р.А., Мамытов Т.Т., Райымкулов Б.К., Жамангулов А.Ж., Тулендыбаев П.Р., Алтынбеков А., Абжалиев А.Т., Байбакпаев Э.Ж., Баймуратов К.Ш., Бокоев К.С., Жеенчороев М.К., Жунус уулу Адыл, Зулушев К.Т., Исаева Д.Ш., Исмаилова А.Ж., Иминов Ф.А., Кыдыралиев У.Т., Мавлянова М.Э., Нишанов Н.Н., Өмүрбекова А.С., Сабиров М.Э., Сыдыков Б.Ү., Тиллаев Т.Г., Турускулов Ж.К., Туманбаева Р.М., Чолпонбаев У.С.);

– “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Бекешев Д.Д.);

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери маселелери боюнча) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Граждандык кодекске, Турак жай кодексине, Үй-бүлө кодексине, “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө”, “Нотариат жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Иманалиев К.К., Сурабалдиева Э.Ж., Акаев Ж.К., Шер-Нияз С.);

 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Ормонов У.З., Нышанов С.К., Бокоев К.С., Турсунбаев А.А., Исаков М.А.).

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Өмүрбекова А.С., Асылбаева Г.К., Арапбаев А.А., Жапаров А.Ү., Жеенчороев М.К., Султанов А.М., Мамашова А.Т., Макеев Н.К., Байбакпаев Э.Ж., Бекешев Д.Д., Сулейманов Б.И., Сурабалдиева Э.Ж., Артыкбаев О.М., Жамалдинов З.И.);

– “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын бириктирилген долбоору(демилгечилер – депутаттар Арапбаев А.А., Примов У.Б., Жапаров А.Ү. жана депутаттар Бекешев Д.Д., Макеев Н.К., Асылбаева Г.К., Байбакпаев Э.Ж., Мавлянова М.Э., Масабиров Т.А., Юсуров А.Л., Тулендыбаев П.Р., Акаев Ж.К., Исаков М.А., Аманкулов М.А., Жеенчороев М.К.);

“Лотереялар жөнүндө” Мыйзамдын бириктирилген долбоору (демилгечилер – депутаттар Зулпукаров Т.З., Жетигенов Б.Ж., Артыков А., Масабиров Т.А., Икрамов Т.И. жана Өкмөт, 21.09.16дагы № 500 токтом);

“Лотереялык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Граждандык кодекске, Кылмыш-жаза кодексине, “Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Жол фонду жөнүндө”, “Китепкана иши жөнүндө”, “Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө”, “Меценаттык жана кайрымдуулук иши жөнүндө”, “Туризм жөнүндө”, “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар Зулпукаров Т.З., Жетигенов Б.Ж., Артыков А., Масабиров Т.А., Икрамов Т.И.);

“Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 15.11.16дагы № 596 токтом);

“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.10.15теги № 727 токтом);

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору(“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 23.12.16дагы № 698 токтом);

– “Мамлекеттик ипотекалык турак-жай насыясы жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бабанов Ө.Т., Абжалиев А.Т., Алтынбеков А., Байбакпаев Э.Ж., Баймуратов К.Ш., Бокоев К.С., Жамангулов А.Ж., Жеенчороев М.К., Жунус уулу Адыл, Зулушев К.Т., Иминов Ф.А., Исаева Д.Ш., Исмаилова А.Ж., Казакбаев Р.А., Кыдыралиев У.Т., Мавлянова М.Э., Мамытов Т.Т., Нишанов Н.Н., Өмүрбекова А.С., Райымкулов Б.К., Сабиров М.Э., Сыдыков Б.Ү., Тиллаев Т.Г., Тулендыбаев П.Р., Туманбаева Р.М., Турускулов Ж.К., Чолпонбаев У.С.);

“Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламент” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 21.12.16дагы № 693 токтом);

“Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 29.11.16дагы № 630 токтом);

“Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 27.04.16дагы № 219 токтом);

– “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар

Өмүркулов И.Ш., Никитенко Н.В., Бекешев Д.Д.).

Акин Токталиев, адвокат: "Болот Шерден дагы илинчек табылса, аны да камайт"

Адвокат Акин Токталиев менен “Ата Мекен” партиясынын тегерегиндеги ызы-чуусу жана тарашы керек де­ген парламент тууралуу ой бөлүштүк.

-“Ата Мекенчилердин” мародёрчулук ишке тиешеси бар деп ишенсек болобу?

– Текебаевди жана башкаларын мародёрчулукка тиешеси бар деп, далилдебей туруп айтыш чоң күнөө. Ал турсун соттун чечими чыккандан кийин да айтуу оор. Себеби 7-жыл өтүп кетти, андан бери ким жашырды. Ошон үчүн мародерлорду эле эмес, жашыргандарды да кошо жоопко тартыш керек. Бийликтегилер бийлигинен пайдаланып, саясий оппоненттерин элге жаман көрсөтүш үчүн далилсиз, соттун чечими жок эле жамандап жатат. Президент мародер деп айтып жатса, карапайым эл соттун чечими чыктыбы, чыккан жокпу дебей, ага ишенет да. Мародёрчулук далилденбей калса, президенттин аброю эл алдында кетээрин да эске ала жүрүшүбүз керек. Бирок маро­дёр деп анда-мында айтылып калганы менен чынында 7 жылдан бери бир да мародерду көргөнүбүз жок. Ошон үчүн анык мародёрлорду таап, соттоп жиберсе да эл ишенбей калат. Себеби камакка алынгандарды эл боору ооруп карап, ма­родёр болсо да куугунтукталып жатат деп кабыл алышы мүмкүн.

-“Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүнүн бири Болот Шер да, мародёрчулук үчүн камакка алынышы мүмкүнбү?

-Менимче бийлик Болот Шерден дагы бир илинчек тапса, аны да камайт. Азырынча бийлик илинчек тапканга аракет кылып жатат. Ал эми Аида Салянованы түздөн-түз камап койсо баш прокурор жаңылбайт, лицензия менен эмес, кор­рупция деген статья менен. Себеби: экс­премьер Данияр Үсөнов, Салык инспекциясы, Каржы министри жана Адилет министринин атынан Аида Салянова 1 млрд. 350 млн. сомду “Кумтөрдөн” са­лык катары мамлекеттин казынасына албай, бир гана буйрук менен списание кылып жиберишкен. Кыскасы 1,5 млрд, сомду бөлүп алышкан. Ушул жөнүндө Садыр Жапаров айтып чыкса, аны Ташиевге кошуп камап коюшкан. Ал документтер менде сакталып турат. Эртеби-кечпи, Осмонбек Артыкбаев баш болуп жооп беришет.

-Парламент тарашы мүмкүнбү? Коомчулукта ушундай кептер айтыла баштады го?

-Парламент элге шылдың болбой, күч менен тарката электе өз ыктыяры менен тарашы керек. Канча жашырсак да кыргыз парламенти криминалдуу парламент болуп калды. Парламентке эл үчүн кызмат кылайын дегендер эмес, тескерисинче бизнесин коргош үчүн гана келгендер бар. Кыскасы депутаттар эл үчүн эмес, өздөрүнүн байлыгын көбөйтүш үчүн гана парламентке келишкен. Ошон үчүн элдин добушун алыш үчүн акча чачышкан. Элге акча чачпай эле миллиондогон сомду, ар бири өз элине, жерине жумшаса, ошол айыл жакырчылыктан чыгып, шаарга келип тыгылбай, өз айылында иштеп байымак, көчөдөн кайыр-садага сурамак эмес. Акча табам деп шаарга келип, ден соолугунан ажырамак эмес.

Бизде болсо бизнесмендердин баары парламентке келүүгө аракет кылып, мыйзамды чемичкедей чаккан юристтер эс­ке алынбай жатат. Чынында парламент­ке тажрыйбалуу юристер келсе жакшы болмок, мыйзамды иштетмек, бийликтен коркпой туруп, тике сүйлөмөк. Байлар парламентке келгени менен мыйзам жазганды билбейт. Ал турсун, байлыгымды чукуп чыгат, анан коррупционер деп камап коет деп коркушат. Мисалы, бир канча жыл парламентте депутат болгон Аскар Салымбеков, Өмүрбек Бабанов жана көптөгөн бизнесмендер айылына айыл чарба техника алып бердиби, завод, фабрика салып бердиби, ошолордун өндүргөн продукциясын баазарга алып чыгарганга жардам бердиби? Албетте жок. Анткени алар акчаларын чет мамлекетке жумшап, завод, фабрика салып беришет, Америка, Европадан үй сатып алышат. Эл да добушун сатпай, элге кызмат кыла тургандарды шайлашы керек. Болбосо бул жагдай улана берет.

Булак: “Фабула”

Анвар Артыков, ЖК депутаты: "Карамушкина бизди аябай уят кылып жер каратты"

—Анвар Артыкович, мародерлук маселеси кайрадан көтөрүлүп, экс-депутат Райкан Төлөгөнв камакка алынды. Канчадан бери козголуп келе жаткан маселеге эми чекит коюлабы, же бул жөн тана саясий шоулардын бириби?

—Мародерлук боюнча сөздөр канча жылдан бери жүрүп келе жатат, бул сөзсүз ачылышы керек. Мунун аягына чыгышын эл дагы чыдамсыздык менен күтүп жа­тат. Эгер айыпталып жаткандар ак болсо, ак деген соттун тыянагы чыгышы керек. Дегеним, айтылган айыптар айтылган боюнча эле бүдөмүк болуп, асылып калбашы шарт. Ал эми бул иште кимдин күнөөлүү же күнөөсүз экенин иликтөө иши, анан сот аныктайт. Менимче саясат жок.

—Негизи мародерлук болгонуна ишенесизби?

—Эч ким танбайт, революциядан кийин мародерлук болгон, аны жалпы эл билет. Ага «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрүнүн катыштыгы бар-жогу боюнча тергөө иштери жүргөн. Абдылда Юсупов деген суракка алынып, бир нече фактыларды айткан. Телефондук сүйлөшүүлөрү дагы тастыкталган. Бирок иш аягына чыккан жок.

—Неге?

—Анын себептери азыр билинди. Башынан айтсам, 2012-жылы мародерлук маселеси козголгондо парламенттик комиссия түзүлүп, иликтөөгө катар иш да­гы козголгон. Ошол маалдагы ведомство аралык комиссияга Ноорузбаев деген ИИМдин тергөө башкармалыгынын жетекчиси дайындалган эле. Көрсө ал ки­ши толугу менен Текебаевди жана анын тегерегиндегилерди жактаган киши экен. Комиссия түзүлгөн күндүн эртеси эле пресс-жыйын өткөрүп, «эч кандай фактылар тастыкталган жок, мародерлукка булардын тиешеси жок» деди. Мен ошондо айткам, бул кандай билдирүү, иликтебей туруп эле тыянак чыгара береби деп. Анан ошол багыттама менен иш жүргүзүп, булар төрт жолу депутаттарга карата козголгон иш токтотулсун деген токтомдорду чыгарыптыр. Ал токтомдор мыйзамга каршы келери кийин гана айтылды. Анткени депутаттарга иш козголбой, алар күбө катары гана өтүптүр. Ошентип биринчисинде Ноорузбаевдин күчү, Салянованын жардамы менен иш жабылып калды. Кийин билдик, ал экөө тең «Ата Мекендин» балдарына өтө жакын кишилер экен.

Андан соң жаңы жагдайлар боюнча бул иш кайра жандандырылып, Зарылбек Рысалиевге тапшырма берилген. Анын орун басары Чекиров ишти баштаганда эле аталган төрт токтом жокко чыгарылсын, булар мыйзамга каршы келет экен деп кайрылган. Бирок Салянова буга эч кандай реакция кылган эмес. Тескерисинче өздөрүнө куугунтук жасап, «мыйзамсыз иш козгодунар» деп доомат арткан. Негизи булар ишти козгогон эмес, ишти комиссиянын талабы боюнча прокуратура коз­гогон. Алар жандандырылган иш­ти гана тергеп жатышкан. Бирок ар кандай шылтоону айтып, булар тергөөнү туура эмес алып барган, басым жасаган, сатып алган деген жалган жалааларды жаап отуруп, аягында Рысалиевди кетиришип, Чекировго иш козгошту. Бул ирет Салянованын салымы чоң болуп, ишти иликтегендерге куугунтук жасаган. Чекиров аргасыздан качып кетти. Комиссиянын башка мүчөлөрүнө да куугунтук жасалып, бирөө азыр да качып жүрөт. Ошону менен иш жабылып кал­ган. Азыр биздин комиссия ушул маселени көтөрүп жатканбыз. Учурда иш ИИМден алынып, УКМКга берилди. Тергөө башталды. Менимче мародерлукту эми аягына чыгарат.

—Кесиптешиңиз Карамушкина Россияга жасаган иш сапарда жеке көйгөй менен даттанганы айтылып кетти, маселенин чоо-жайы кандай болду эле?

—Биздин эл аралык мамилени тейлеген комитет менен Госдуманын комитетинин кошмо жыйыны болду. Аябай жакшы маанайда өттү. Алардын жетекчиси Калашников буга чейин биздин өлкөгө келип кеткен. Ал киши аябай жакшы сөздөрдү айтты. Тил боюнча дагы токтолуп, Кыргызстанда орус тили абдан жакшы деңгээлде экенин, башка мамлекеттерге караганда эч бир көйгөй жоктугун, коомчулукта да, мамлекетте да каршылык жаратпаганын белгиледи. Негизинен жакшы болду. Анан жыйындын аягында Карамушкина сөз сүйлөп, орус тилин өнүктүрүү боюнча жардам бергиле, волонтер жөнөткүлө деген сөздөрүн айтып, ага улай «биздеги мамлекеттик кызматкерлер жыйналып алып намазга барат, иштебейт, мечиттер гана курулууда, башка нерсе жок, мен ошол маселени көтөрсөм шовинист, Кремлдин шпиону деп айтат» дегендей сөздөр менен бизди аябай уят кылды. Жер тиктеп калдык бардыгыбыз. 120 депутаттын намысына тийип, бардыгы официалдуу тилге каршы, диний маселеде үн катпайт дегендей маанайды жаратты. Бул маселелерде силер жардам бергиле дегендей маанидеги сөздү сүйлөдү. Мен ошол маалда көз чаптырып отурдум, биз эле эмес, орустардын комиссия мүчөлөрү деле абдан ыңгайсыз абалда калышты. Бирок бирөө да ооз ачкан жок. Жалгыз гана К.Иманалиев: «Жеке таарынычтарды мындай жерде көтөргөн туура эмес, андай маселени тар чөйрөдө сүйлөшкөнүбүз жакшы болот»,- деди.

Андан чыгып өзүбүздүн кабинетке киргенде мен сыртта тамеки чегип кармалып, бир аз убакыттан кийин аркасынан кирсем «разборка» болуп жатыптыр, катуу сөздөр да айтылып кеткен окшойт, кырдаал курч экен. Анан мен да аксакал катары: «Улуттук, каада-салт, дин маселесинде этият болуңуз. Экинчиден, биз бул жерге жардам сураганы келген жокпуз,- дедим. – Кыргызстанда биз ар кандай партиянын, ар кандай көз караштын, оппозициянын же позициянын кишилери болушубуз мүмкүн, бирок чет өлкөгө барганда биз бир гана статуста жүрүшүбүз керек, Кыргызстандын жараны катары намыс талашсак. Өлкөбүзгө шек келе турган сөздөрдү айпасак»,- деген сөздөрдү айттым. Иш бар жерде мындай талаштар болот, аны коомго чыгарбай оңдоп кетсе болот. Бирок ал киши ошол күнү маек берип салыптыр, «мен жалгызмын, аягына чейин күрөшөм» дептир. Ким менен күрөшөрүн мен түшүнгөн жокмун. Менимче бул киши адашып жатат. Мисалы, жума намаз ар кимдин укугу. Бул маселени орустар келип чечип бербейт. Алар жуманы окугула же окубагыла дей албайт. Не­гизи, биз чет жерде кылдат болу­шубуз зарыл. Сыртка чыгып Кыр­гызстан радикалдашып баратканын, ислам мамлекеттик сфераны каптаганын, бир диндин таасири астында калганын билдирүү туура эмес деп эсептейм.

Булак: “Де-Факто”

 

"Ата Мекен" партиясы мародёрчулук ишке чындап аралашканбы же Текебаев камалгандан кийин унутулуп калган мародёр маселеси көтөрүлүп жатабы?

Касымбек Райымкул уулу, адвокат:

“АЛДЫН АЛА ЖОРОМОЛДОРДУ АЙТУУ ТУУРА ЭМЕС”
-Тергөө органдары тарабынан Райкан Төлөгөнов камакка алынып тергөө жүрүп жатканына байланыштуу, алдын ала жоромолдорду айтуу туура эмес болуп калат. Негизи2010-жылдын 7-апрелинен кийин бийликке келгендерге, ошондой эле оппозициядамын дегендерге азыр эл анча ишенбейт. Анткени 2010-жылдын 7-апрелинде, андан кийин колунан келгендер мыйзамсыз иштерге барышканы массалык маалымат каражаттарында кенен эле чагылдырылган. Бирок кылмыш иштери да эмнегедир бир тараптуу жүрүп жатат. Кыскасы бул маселеге биз эмес, укук коргоо органдары чекит коёт.

Эдил Байсалов, коомдук ишмер:

“АЗЫР БИР НЕРСЕ ДЕСЕК, ТАБАЛАГАНДАЙ БОЛОБУЗ”
-“Ата Мекен” мародерлукка тиешеси бар болгону боюнча суроолорго жооп берүү азыр кыйынчылык жаратып жатат. Анткени азыр бир нерсе десек, табалагандай болобуз. Бирок учурунда 2012-2013-жылдары аталган иш жабылып калганда менин позициям кыргыз прессасында чагылдырылган. Ошол пикиримден кайтпайм. Башкача айтканда, пикиримди өзгөртпөйм. Болгону азыр ошол иштерди жана башкаларын кайра козготуп, мына “атамекенчилер” дегендей түр көрсөтүп жатышат. 7-апрелде кандай гана кооз-кооз сөздөрдү айтпасын, бирок 7 жылдан кийин мамлекетибиз баягы акыйкатсыздыктын куралы болуп жатат. Ак үйгө барсаңыз азыр 90%дан көбү Бакиевдердин жакын санаалаштары жана жардамчылары. Мен аларды атайын бөлүп же жек көрсөткүм келбейт – бул баягы медициналык тил менен айтканда, баарыбыз шизофрения болуп жатабыз. Айткан сөзүбүз бир, жашаган реалдуулугубуз башка болуп калдьг

Клара Сооронкулова, экс-конституциялык соттун судьясы:

“БУЛ САЯСИЙ ӨЧ АЛУУ”
-Ар бир кылмыш өз убагында ачылышы зарыл эле. Эгер ошол иштин болгону чын болсо, далилдери бар болсо, 7 жылдан бери кылмыш иштин бетин ачпай эмне кылып жүрүштү. Эгер ошол иш болгону чын болсо, кылмышты жашырып, убагында иш козгобогондордун баары жоопкерчиликке тартылышы керек. Жети жылдан кийин кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү да эскирип кеткен. Менин оюмча, жыргаткан далили деле жок. Башкача айтканда, бул жөн эле саясий өч алуу болуп жатат.

Алга Кылычов, коомдук ишмер:

“ШИБЕГЕНИ КАПКА КАТА АЛБАЙСЫН”
-“Шибегени канчалык капка катпа, баары бир ал тешип чыгат”, “бүлүнгөн жерден бүлдүргү алба, алсаң өзүң бүлүнүп каласың” деп кыргызда бекеринен айтылбаса керек. Айтайын дегеним, 2010-жылы канчалаган мекендештерибиз шейит кетип, кандары кургай электе “Ата Бейитте” берген антын унутуп, талоончулук, алдамчылык менен байлык топтогондору далилденсе кечирилгис күнөө болот. Кезинде “Ата Мекендин” көрүнүктүү депутаттарынын балдарынын күнөөлөрү далилденип, сот жоопторуна тартылган. Камакта жаткан Абдылда Юсуповдун ошол кандуу күндөрү “ата-мекенчилер” менен болгону эле көптөгөн суроолорго жооп болот деп ойлойм.

Самсаалы Четинбаев:

ЭМНЕГЕ МУРУН ТЕКШЕРИШКЕН ЖОК?”
-2016-жылга чейин Атамбаев да, Текебаев да бийликте кол кармашып иштешип келди. Экөөсү ошого чейин чыны менен ынак болду. Бул факт. Анан качан гана Текебаев жаңы Конституцияны кабыл алууга каршы чыкканда, “Атамбаев мародерлук кылып, Максим Бакиевдин жерине хан сарай салып алды”- деп элге жарыя кылды. Ызы-чуу ошондон башталды. Эгер “Ата Мекен” чындап эле мародерлук менен алек болгон болсо, 6 жыл эмне кылышты? Эмнеге мурун эле текшеришкен жок? Анткени маселенин баары ушул жерде болуп жатат. Эмнеси болсо да, эсибизге келишибиз керек.

Улукбек Кочкоров, экс-депутат:

“АНЫ УБАКЫТ КӨРСӨТӨТ”
-Азырынча мародёрлук боюнча бир нерселерди айтуу кыйын. Чындап эле “Ата Мекен” партиясы мародёрлук кылганбы же кылбаганбы аны убакыт көрсөтөт.

Бакыт Аманбаев, экс-акыйкатчы:

“УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫ АНЫКТАСЫН”
– “Ата Мекен” партиясы мародёрлукка катышканга тиешеси бар же жок экенин укук коргоо органдары аныкташсын. Биз айтсак туура эмес болуп калат го.

Булак: “Фабула”

Баарынан да бай жакшыбы?

Жыйырма беш жылдан бери улам бир «томаяк» бийликке келип тоюнганча, карапайым калк каңгып, кара курсактын айынан тентип кетип атканы жашыруун эмес. «Кедейкандар» тууган-туушканы менен «бутуна туруп», «кабыргасы майланганча» жумурай журт жакырчылыктын сазынан чыкпай келет. Ошондуктан, өлкө башына ток кишинин эле келгени дурус болчудай. Изилдөөчүлөргө ишенсек, колунда бар адам казынага кол салбай, кайра өз элин, өлкөсүн бардар турмушка жеткирүүнүн камын көрөт экен. Учурда «өлкө башкарам» дегендердин арасынан Өмүрбек Бабановдун байлыгы башынан ашарын баарыбыз билебиз. Жалпы журт да «эми бизди бай бирөө келип башкарбаса, кара тамандары казына тоноп, каратаман калктын шорун катыргандан башкага жарабайт экен» деп туру. Ушул өңүттөн алганда да, Өмүрбек мырзанын өкчөгөн сакасы быйыл айкүр турганы калды окшойт.

Булак: “Азия ньюс”

Меню