Menu

САЯСАТ

Азия Ньюс: «Парламент пахмелдери»

Мирлан Жээнчороев: – ОПГ менен бөлөк-бөтөн мамлекеттин экономикасына суу куйганды токтотсок.

«Азия Ньюс»: -…суу куюп көнүп калганбыз да.

Ирина Карамушкина: – А они, видя, что никакой поддержки мне не светит, воспитывали меня со вкусом и удовольствием!

«Азия Нъюс»: – С юридической точки зрения, если удовольствие не взаимно, то, оно считается изнасилованием.

Дастан Бекешов: – Везде они умные, везде они эксперты. Нельзя их называть представителями гражданского общества.

«Азия Ньюс»: – По вашему, представители гражданского общества не должы быть «умными», а глупыми?

Чыныбай Турсунбеков: – ПА решению комитета и комиссии…

«Азия Ньюс»: – ПАаясните, пАжалуйста, какого кАмитета?

Дастан Бекешов: – Бир топ ушундай ореховый бактар өздөрү түшүп… просто лежали, гнили да грубо говоря.

«Азия Ньюс»: – Өздөрү түштүбү? Өздөрүнөн көрсүн да.

Дастан Бекешов: – Печкага ээ? Бул туура эмес да. Ту, ёлки!

«Азия Ньюс»: – Ешкин свет! Едрена мать!

Гулкан Молдобекова: – Садык Шер-Нияз деген сөздөр Молдобекова Гулкан Сакеновна деген менен алмаштырылсын.

«Азия Ньюс»: – О, туруксуз дүйнө! О, оопасыз дүйнө!

Акылбек Жапаров: –Эти деревья видели Александра Македонского.

«Азия Ньюс»: – Значит, видели и то, что творилось у него на спальне.

Рыскелди Момбеков: – Аксаков дейт… «Кызгылтым гүл» деген китеби бар экен. Ал ким?

«Азия Ньюс»: – Албы? Жанагы Аксак аксакалдын небереси да. Көрүнгөндөн насыбай сурап жүрчү эмес беле?

Азамат Арапбаев: – Не надо махать… шлангом после пожара.

«Азия Ньюс»: – А если «шланг» у нас машет только после пожара?

Рыскелди Момбеков: – Романтизм, академизм, симфонизм… Эй, тил сынат! Менин тилим келбейт, анан жаш муундун кантип тили келет?

«Азия Ньюс»: – Анда жаштарга сиздин тилиңиз келген эле нерселерди окутуш керек экен да? Арак, устукан, жарма, мисалы….

Алмасбек Акматов: – Урматтуу биздин комитетке чакыруучулар!

«Азия Ньюс»: – Ошондой да штат барбы? Жыргал го!

Садык Шер-Нияз:- Илгери студент болуп жүргөндө биз «Манас» кинотеатрынан отуруп, филармониядан чыгабыз» деп айтчу элек. Бүгүнкү жаштардан мен корком, минтип айтып калат: «Аспиринден отуруп, виаградан чыгабыз» деп. Ушуга баратабызбы? Бара бергиле.

«Азия Ньюс»: – Бирок, эскертип коюнуз, андан аркы аялдама же прокуратура, же төрөт үйү…

Булак: “Азия ньюс”

Акыйкатчы: бийлик менен жарандык коомдун ажырымы тереңдеп баратат

Өлкөдө бийлик менен жарандык коомдун ажырымы тереңдеп баратат. Мындай пикирин акыйкатчы Кубат Оторбаев “Сөз эркиндиги жана тынчтык митингдеги укуктар” деп аталган тегерек үстөлдө сүйлөп жатып билдирди.

«Бийлик менен коомдун анын ичинде оппоненттер ортосунда дагы консенсуска келүү зарылчылыгы бар. Өзгөчө бийликтин оппоненттерине болгон айыптар мыйзам негизинде алынган, четке кагылгыс, салмактуу далилдер менен бекемделиши талапка ылайык болушу керек. Тилекке каршы, иликтөө жана сот процесстеринде моюнга алдыруунун куралы катары кыйноолор, атайын жасалма бут тосуу, талап-тоноочулук, коркутуулар дагы деле колдонулуп жатат», — деди ал.

Акыйкатчынын айтымында, жарандык активисттер тарабынан нааразычылыктар арбып, багыты башка ой жүгүрткөндөрдүн камакка алынышы, көз карандысыз ММКларга карата миллиондогон соттук териштирүүлөр өлкөдө жаңы саясий доордун башталышынан кабар берүүдө.

18-мартта Бишкекте сөз эркиндигин колдоо жүрүшүнө чыккандардын арасында беш активист милиция тарабынан кармалып, беш күнгө камакка алынган. Ал эми 25-мартта саясатчы Садыр Жапаровду колдогон митингдемилиция 60тан ашуун кишини кармап кеткен. Мурдараак Башкы прокуратура бир катар көз карандысыз маалымат каражаттарын президенттин аброюна шек келтиргени үчүн сотко берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Вышеград төртилтиги качкындар маселесинде ЕБ басым жасап жатканын билдирди

Вышеград төртилтигине кирген өлкөлөр — Польша, Венгрия, Чехия жана Словакия качкындарды кабыл алуу маселесинде Европа биримдигинин жетекчилиги аларга басым жасап жатканын билдиришти.

Варшавадагы жолугушууда венгр премьер-министри Виктор Орбан миграция саясатынын шарттарын «таңуулоо» үчүн Брюссель каржы агымдарынын бөлүштүрүлүшүн пайдаланып жатканын билдирди. Ал бозгундар тууралуу Түркия менен макулдашууга азыраак көз каранды болуу үчүн Сербия чек арасында транзисттик аймактарды түзүү керектигин айтты.

Жолугушууга катышкан калган саясатчылар Брюсселдин квоталары боюнча башкалка сурагандарды кабыл алуудан баш тарта тургандыктарын ырасташты. Польшанын премьер-министри Беата Шидло Евробиримдиктин миграциялык саясатынын начардыгы көрүнүп турганын белгилеп, аны өзгөртүү керектигин айтты.

2015-жылы Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн көбү мигранттардын Европага болгон жапырт агымын жөнгө салуу үчүн качкындарды жайгаштырууга квоталарды киргизүү тууралуу макулдашкан. Анда демилгеге Венгрия, Чехия, Словакия, Польша жана Хорватия каршылыгын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кенжебек Бокоев: "Мародерчулук болгонун баарыбыз билебиз. Бул - факт!"

– Кенжебек Сатымкулович, өткөн чакырышта сиз мародерчулук фактыларын иликтөө боюнча комиссияга мүчө болгонсуз. Бул иш узак мезгил бою «өлүк точкадан» козголбой жатып, азыр кайра жандана баштаганына көз карашыңыз кандай?

– Бешинчи чакырылышта комиссия түзүлгөн, анын корутундусу парламентте кабыл алынып, баа берүү үчүн башкы прокуратурага, укук коргоо органдарына жиберилген. Бирок, ошондон бери баа берилбей келет. Андан кийин ГСИНге, Зарылбек Рысалиевге өзүнчө жиберилип, дагы тергөөгө алынган. Бирок, ал жерден да аягына
чыкпай, ушул күнгө чейин келди. Мародерчулук болгонун кыргызстандыктар баарыбыз билебиз. Бул – факты. Эч ким муну «болгон жок» деп айта албайт. Бирок, ошого укуктук баа берилип, тергөөсү аягына чыгып, ким башында турганы, ким алып кеткени аныкталбай келатат. Мен ойлойм, бул иш акыры аягына чыгышы керек. 2010-жылдан бери жети жыл өтүп баратат, жабылып калбаса эле болду. Бирок, бул иш сөзсүз ачылышы керек. Мен бешинчи чакырылышта эле айткам, «Акаев качып кетсе анын мүлктөрүн Бакиев басып алган, Бакиев качып кеткенде анын мүлктөрүн ким басып алды?» деп.
Мына ушул суроого жооп бериш керек. Чындык акыры эле чыгышы зарыл. Эгер андай болбосо биринин мүлкүн бири басып алмай улана берет.

– Бул жолу конкреттүү кишилердин аттары аталып, айрымдары камакка алына баштады. Эми аягына чыгабы?
– Эмне болсо да биздин укук коргоо органдары сатылбай, командаларды укпай, тергөөнү калыс аягына чыгара турган болсо, күнөөлүүлөр табылышы керек. Бакиевдер алса эсептеги акчаларын эле алып кетишти, бирок, кыймылсыз мүлктөрүн: жерлерин, бир да үйүн, квартирасын, кафе-ресторан жана башка бизнестерин алып
кете алган жок. Алар кайсы жакта, кимдердин колунда? Биз жалгыз Киев көчөсүндөгү офис табылганын гана билебиз. Бир депутаттын баласы сатып жиберген экен. А калгандары каякта? Депутаттык комиссия иликтей баштаганда көптөрүнүн былыктары ачылган. Бирок, тергөө ошону аягына чыгара алган жок. Эгер азыр президент башында туруп, аягына чыгарууга ниеттенсе чыгат. Бирок, ошо убакта эч ким ага аракет кылбай койгон.

– Бүгүн аракет башталганы кандайдыр бир саясый компания эмеспи?
– Жакын арадагы кабарларга таяна турган болсок, азыр жетишерлик фактылар пайда болгонун айтышууда. Мындай да, кылмыш иши ачылбай жүрүп, бир күнү бирөө жакшы көрсөтмө бере турган болсо ачылып калат. Жакын арада УКМКнын, тергөө органдарынын Белиз сыяктуу кошумча маалыматтары чыкты болуш керек. Мурунку депутаттарды кармоо иштери активдештирилип кеткенине байланыштуу, мен ойлоп атам, жаңы фактылар чыкса керек…

Булак: “Азия ньюс”

Бийликтин бүгүнкү “ийгиликтери”

Оппозиционер депутат Өмүрбек Текебаев

25-февралда аэропорттон кармалган Ө.Текебаев бүгүн түрмөдө отурат. УКМК аны “2010-жылы “Мегакомдун” акцияларын орустун жараны Л.Маевскийге сатууга ыңгайлуу шарт түзүп берүүнү убадалап 1 млн. доллар пара алган” деп, “Коррупция” (УК 303-беренеси) жана “Алдамчылык” (УК 166-беренеси) менен айыптап жатат. Убактылуу кармоочу жайда 25-апрелге чейин жатат, андан кийинки тагдырын укук коргоо органдары менен сот дагы карап, чечет.

Оппозиционер депутат Аида Салянова

ЖКнын “ата-мекенчи” депутаты Аида Саляновага кылмыш иши козголуп, өлкөдөн сыртка чыкпоого милдеттендиришкен. Аны УКМК “2010-жылы Максимдин досу Алексей Елисеевге адвокаттык лицензиясынын мөөнөтүн мыйзамсыз узартып берген” деп, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” (УК 304-беренеси) боюнча айыпташууда.

Оппозиционер депутат Алмамбет Шыкмаматов

ЖКнын дагы бир “ата-мекенчи” депутаты Алмамбет Шыкмаматовго “Коррупция” (УК 303-беренеси) жана “Кызматтык документ жасоо” (УК 315-беренеси) боюнча кылмыш иши козголуп, укук коргоочулар аны өлкө сыртына чыкпоону буюрушту. Депутатты “2011-жылы Эсептөө палатасында иштегенде мекемеге тендер аркылуу өзүнүн унаасын кызматтык унаа катары саттырып алган” деп айыпташууда. Иш УКМКда каралууда.

Оппозиционер Адил Турдукулов

Президент А.Атамбаевдин жанын койбой, ар бир кадамын сындап турган Адил Турдукулов былтыркы жылдын этегинен бери ажонун бир кездеги жансакчысы, азыркы таасирдүү адамы Э.Мамбеталиев менен соттошуп жатат. Жансакчы аны социалдык тармактарда “киши өлтүргүч”, “киллер” деп атаганы учун айыптап, кадыр-баркы жана репутациясы үчүн 5 млн. сом доо койгон. Э.Мамбеталиев мурда полковник Чыныбек Алиев, депутат Жыргалбек Сурабалдиев, “вор” Азиз Батукаевдин жездеси Хаважи Заурбеков, “Рахат” пансионатынын жетекчиси Бахрулы Бурханов, жеке ишкер Шамил Адеев, ОПГ мүчөлөрү Нурлан Бердикеев, Таалай Абасов сыяктуу сегиз адамды өлтүрүү айыбы менен омур бою эркинен ажыратылып, 2010-жылы революциянын шарданы менен азаттыкка чыккан болчу.

Журналист Дайыр Орунбеков

Журналист Дайыр Орунбеков 4 жылдан бери А.Атамбаев менен соттошуп келатат. Айыбы “2010-жылдагы Ош коогалаңына Убактылуу өкмөт (анын ичинде А.Атамбаев) жооп береби?” деп макала жазган. Кинени Президенттин буйругу менен Башкы прокуратура коюуда. Ага ажонун кадыр-баркын, репутациясын бузганы үчүн 2 млн. сом айып салынып, соттор тиешелүү чечимди чыгарып беришкен. Бул акчаны төлөй албай создуктурганы үчүн аны “2 жылга камайбыз” деп коркутуп, өзүнчө кылмыш ишин ачып, дыргаяктата куугунтуктап келишет.

Адвокаттар Таалайгул Токтакунова менен Канат Азиз

Камактагы депутат Ө.Текебаевдин адвокаттары Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизди Башкы прокуратура сотко берди. Президенттин кадыр-баркын коргоону максат кылган башкы көзөмөл орган аларды “калп маалымат таратуу” боюнча айыптап, төгүлгөн абийирди кайра толтуруу үчүн адвокаттардын ар биринен 10 млн. сомдон өндүрүп алууну көздөйт.

“Азаттык” радиосу

6-мартта Башкы прокуратура “Азаттык” радиосун (“Азаттык Медиа ЖЧКсы”) сотко берип, президент А.Атамбаевдин “төгүлгөн кадыр-баркы” үчүн 20 млн. сом талап кылууда. Ага себеп – “Азаттык” депутат Ө.Текебаевдин адвокаттарынын ажо А.Атамбаев тууралуу “Дача СУда айылды басып калган түрк самолету тууралуу (андагы жүк А.Атамбевге тиешелүү экенин көрсөткөн) документтерди таап чыккандыктан, бийлик ага басым жасап жатат” деген сөздөрүн кайталап айтып, элге жеткиргени. Муну А.Атамбаев “ушак” деп, радиону ушак таратканы үчүн айыптоодо. Сот радионун банктык эсептерин тоңдуруп койду. А.Атамбаев утуп чыкканда айып пулун эсептеп алуу үчүн.

“Заноза.kg” сайты

6-мартта Башкы прокуратура “Заноза.kg” сайтын (“ПроМедиа” КФ) сотко берип, ажо А.Атамбаевдин “чачылган абийири” үчүн 6 млн. сом талап кылууда. Бул сайт да Ө.Текебаевдин адвокаттарынын А.Атамбаев жана анын кыйраган учактагы жүккө тиешеси бардыгы тууралуу сөздөрүн жарыялаганы үчүн доого жыгылууда. 13-мартта Башкы прокуратура “Занозага” каршы дагы бир арыз берип, 3 млн. сом өндүрүүнү көздөөдө. Сот сайттын банктык эсептерин тоңдуруп койду, А.Атамбаев сотто утуп чыкса андагы каражаттан кадыр-баркына жетээрлигин которуп алмакчы.

Журналист Нарын Айып

13-мартта Башкы прокуратура “Занозанын” баяндамачысы Нарын Айыпты “ушакты таратып, президенттин кадыр-баркына зыян келтирди” деген кине менен сотко берди. Н.Айыпты 2015-жылдын 22-октябрындагы “Миллионы от президента: за чей счет банкет на самом деле?” деген макаласы боюнча жарга такашууда. Аталган макала үчүн редакция 3 млн., автор 3 млн. сом айып тартышмакчы. Н.Айыптын батирин камакка алышкан.

“24.kg” маалымат агенттиги жана Рита Карасартова

10-мартта Президент А.Атамбаевдин КСДП партиясы “24.kg” маалымат агенттиги менен “Коомдук анализ институтунун” директору Рита Карасартованы сотко берди. Анткени, Р.Карасартова аталган агенттикке берген маегинде “кызматтарды онду-солду сатышат” деп партия тууралуу “туура эмес” сөз айткан экен. Доонун негизи – партиянын ишкер репутациясын коргоо. Моралдык компенсация үчүн алардын ар биринен 1 млн. сомдон акча доолап жатышат.

Акын Темирлан Ормуков

КСДПчы депутат Дастан Бекешевдин арызы менен майып акын Темирлан Ормуковго кылмыш ишин козгошту. Депутат анын “Ажонун ооруп жүрөгү” аттуу ыры А.Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирет” – деп президенттин репутациясына кам көрдү. Акын социалдык тармактарда президент А.Атамбаев тууралуу чырылдата сындаган ырлары менен белгилүү. Ажону сындаган ырлары үчүн Т.Ормуковду 2016-жылдын декабрында Башкы прокуратурага чакырып, “профилактикалык сүйлөшүүлөрдү” да өткөрүшкөн. Жыйынтык болбоду – эркин ойлонгон акын “туура эмес” ырларын жаадыра берди.

“Азаттык маршынын” катышуучулары

18-мартта сөз эркиндиги үчүн маршка чыккандардын бешөөсүн милиция кармап кетип, 5 күнгө камап койду. Анысын “Коомдук тартипти бузушту” – деп түшүндүрүшкөн. Ал күнү “Азаттык”, “Заноза”, “24.kg” агенттиктеринин журналисттерин колдоп, журналисттер жана саясатчылар тынчтык жүрүшүнө чыгышкан болчу.

Оппозиционер Садыр Жапаровдун тарапташтары

25-мартта Кыргызстанга келген экс-депутат С.Жапаровдун тарапташтары милиция менен кагылышып, натыйжада жүздөн ашууну кармалып, убактылуу кармоочу жайларга киргизилди. Алардын 64тү 2ден 5 күнгө чейин камалды, 12сине айып пул салынды. Тирешүүдө милиция менен жөнөкөй кийимчен адамдар митингчилерди ур-токмокко алып, сабап салып кетишкени маалым.

Оппозиционер Абдылда Капаров

Президент А.Атамбаевдин Оштогу каршылаштарынын бири, Ош УВДнын экс-начальниги, полковник Абдылда Капаров камалды. Ал кийинки мезгилде “О.Текебаевди коргоо комитетинин” жетекчиси катары белгилүү. Полковникти “Бийликти кулатууга чакырык таштады” деп айыпташууда. Жакында сот аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Ажону сындаган Фейсбук колдонуучулар

КСДПчы депутат Ирина Карамушкинанын арызы менен УКМК жалал-абаддык 11 фейсбук колдонуучуга өз баракчаларында президент А.Атамбаевди сындагандыгы үчүн эскертүү берди. Алардын ичинен төртөөсү Сузак районунан, бешөөсү Базар-Коргон, экөөсү Аксы районунан. Булардан башка да президенттин дарегине тескери сөздөрүн айткан 45 фейсбук колдонуучу УКМКнын “кара тизмесинде” турат.

Булак: “Алиби”

Федерациялар Кеңеши санкцияга туш болгон орусиялыктарды салыктан бошотту

Федерациялар Кеңеши санцияларга туш болгон орусиялыктарга өлкө аймагында кирешеси тууралуу отчёт бербөө жана салык төлөбөө укугун бере турган мыйзам долбоорун жактырды.

Өткөн аптада «Бирдиктүү Орусиянын» депутаты Андрей Макаровдун салык кодексине сунуштаган өзгөртүүлөрү Мамлекеттик Дума тарабынан үчүнчү окууда кабыл алынган. Мыйзам санкцияларга туш болгон жана бизнеси, мүлкү бар орусиялыктарга өлкө аймагында салык төлөбөө укугун берет.

Американын санкциялык тизмесинде 56 жана европалык тизмеде 157 орус жана украин жараны бар. Аларга карата Крымдын аннексияланышындагы ролу жана Украина чыгышындагы орусиячыл жикчилдери колдогондугу үчүн чектөөлөр киргизилген. Санкцияга туш болгондордун арасында президент Владимир Путиндин жакын адамдары деп эсептелген Роман жана Аркадий Ротенбергдер жана Геннадий Тимченко бар. «Медуза» басылмасынын маалыматы боюнча, Тимченко көптөгөн жылдар бою Швейцарияда салык төлөп жашап жүргөн, бирок санкциялардан улам 2014-жылдан бери Орусияда жашап келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Саяпкери жарашкан үчүн тапталган күлүктөр соңку жарыштарда алдыга озуп келе жатышат

Жакында Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев Ош, Нарын облустарынын тургундары менен жеринде барып жолугушуп, карапайым калктын көйгөйлөрүнө ортоктош болуп кайтты.

Эл өкүлүнүн Теңир-Тоо жергесинде болгон жолугушуусунда карапайым эл РАЖдын депутаттары соңку убакта аймактарга көп каттап, региондордун көйгөйлөрүн жеринде чечүүгө басым жасап жатышканын баса белгилешти. Баарынан кызыгы, облустагы ак-сакалдардын жоон тобу эл өкүлү Руслан Казакбаевге 2009-жылы Нарындагы Жетим-Тоо, Аксай, Арпа жайлоолору ошол убактагы бийликтин демилгеси менен коңшу Кытайга өтүп кетээрде андагы биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен Теңир-Тоонун ошол кездеги облус башчысы Өмүрбек Суваналиев экөөнүн катуу турган аракети менен артка кайтарылып калганын баса белгилөө менен эки эренге салам-дубай айттырышкан.

Тагдырдын буйругу менен бүгүн да дал ошол эрендер бир кайыкта чогуу сүзүп келишет. Аламанга аттанган Өмүрбек Бабанов жана анын «Республика» партиясынын шайлоо штабын соңку беш жылдан бери Руслан Казакбаев жетектеп, партиялаштары менен күчтүү саясый топтун миңдеген күйөрмандарына акжолтой болуп, чоң жарышта алдыга озуп келгендиги факт. Күчтүү команданын артында дайыма күчтүү адамдар турат. Партия лидери менен анын акжолтой штаб башчысынын кеңешчилигинде айтылуу генерал Өмүрбек Суваналиевдин турушу да келечектеги ийгиликтин башаты болору турган иш. Саяпкери жарашкан үчүн тапталган күлүктөр соңку жарыштарда алдыга озуп келе жатышканы барган сайын тастыкталууда.

Булак: “Азия ньюс”

Президент калпычыбы же жактоочусубу?

6-мартта Президент Алмазбек Атамбаев маданияттын өкүлдөрүн чогултуп сыйлык берип, адатынча “балп” этип далай кептин башын чаргытпады беле. Ток этээри атын атабаса дагы ачуусунун көбүн “Ата Мекенге” багыштаган. Аны баарыбыз эле билгенбиз. Ошол күндөгү президенттин сөзү соттук териштирүүнүн бутагына айланып, акыры жактоосу Президентти калпычы кылып тынды. Кеп ушул туурасында.

Эки күн мурун Биринчи-май райондук сотунда “Ата Мекен” социалисттик саясый партиясынын, Өмүрбек Текебаевдин жоопкер Алмаз Атамбаевге карата ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди коргоо жөнүндөгү доо-арызы каралып, судья Президенттин сөзүн лингвистикалык комиссияга жонотуу тууралуу аныктама чыгарды. “Ата Мекен” партиясынын жактоочулары ошол айтылуу 6-марттагы Президенттин айткандары “Ата Мекен” партиясынын жана анын лидеринин ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин кемсинтет деп эсептеп, төмөндөгү маалыматтарды төгүндөөнү соттон өтүнгөн. Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн жактоочулар белгилеген он учурду толугу менен берели.

1)         Тышкы күчтөргө Кыргызстан бутка туруп, тизеге чөгөлөбөй, көз каранды болгону жакпаса, айрым биздин саясатчыларга тынч, туруктуу өлкөдө алар көздөгөн кара максаттарына, бийликке саясатчылар өлкөбүз үчүн өзгөчө коркунучтуу болот, элдин биримдигин, ынтымагын бузганга бүт аракетин жумшайт.

2)         Апрель революциясынан кийин айрым саясатчылар бийликке жетип алып, элдин мүлкүн талап-тоноону, мародерлукту башкарып, кийин кылмыш иштерин жашырганы белгилүү. “Туура бийде тууган жок” деген улуу сөздү унутуп, колго тийген бийликти эл үчүн эмес, жеке өздөрүнүн үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгына пайдаланышканын да билебиз. Алар 7-апрелден кийин тез арада эле чириген бай, миллионер болуп калганы маалым.

3)         Ошол паракор, уурулардын кесири тийип, өлкөбүз тынчыбай жатат. Өзгөчө алардын кыңыр иштери ачылып, жарыкка чыга баштагандан тартып…

4)         Мисалы, 2-3 айдан бери Жогорку-Кеңеште кайра-кайра депутаттык комиссия түзүлүп, ызы-чуу токтобойт. Ураган Боингде “Атамбаевдин алтын-каухарлары болгон”, “Атамбаевдин Кипрде акчасы бар”, “Атамбаевдин аялынын эсебиндеги акча 2011-жылдан кийин эле пайда болгон” деген ушактар парламенттин трибунасынан айтылып, Жогорку Кеңеш күндөн-күнгө мыйзам чыгаруучу жайдан ушак чыгаруучу жайга айланып баратат…

5)         Анда керек болсо, билетин мен сатып берейин, ызы-чуу салбай, ушак таратпай барып келип, элге чындыкты тезирээк айтпайбы?

6)         Өздөрү деле мунун бардыгы жалган, калп экенин билишет, Бирок, Президентти жаманатты кылып, элди дүрбөткүсу келип жатпайбы?

7)         Өткөн аптада депутат Бакыт Төрөбаев сессияда депутаттарга кайрылып, “тарап эле кетпейлиби” деген сунушун айтты. Ал го мародер акесине болушуп, күйүп айтты, бирок, мен анын сунушун колдойт элем.

8)         Эми ошол 7-апрель күнү Ала-Тоо аянтында ок менен атылган, өлтүрүлгөн жигиттерибиз өздөрүнүн ден соолугун, өмүрүн Убактылуу өкмөт мүчөлөрү миллионер болсун деп бериштиби? Мародерлор элдин атын жамынып, бийликке келип, элди тоноп, миллионер болсун деп өлдүбү?

9)         “Атамбаев Ата-Мекенден колуңду тарт” деген лозунг көтөрүп алышыптыр митингде. Эй, биздин Ата-Мекенибиз Кыргызстан. Ошол 7-апрелде курман болгон жигиттер сасыган партия үчүн өмүрүн берди дейсиңерби? Ата-Мекенибиз үчүн берди! Кыргыздын ыйык сөздөрүн дагы уурдап, менчиктештиргиңер бар! Эл ичинде партияларга эчак эле башка ат коюшкан. Башчыңарга жараша!

10)       Эй, туугандар! Булардын кылыгын видеого тартсаң да “бул мен эмесмин, кур да меники эмес” – деп айтат. Колунан кармасаң дагы “бул кол меники эмес” – деп айтат.  Булар күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурайт деп ойлобогула! Буларда уят деген, бет деген жок!

Президент “Ата Мекен” партиясына асылганы ачыктан-ачык эле көрүнүп турат. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 18-беренесинин 1-пунктуна ылайык жарандар өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды, ал эми юридикалык тараптар өздөрүнүн ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды төгүндөөнү сот аркылуу талап кылганга укуктуу. Албетте, “Ата Мекен” партиясы мыйзам чегиндеги талап менен Биринчи Май райондук сотуна кайрылган.

Таза кызык тамаша так ошол сотто болду. Тагыраагы, жоопкер Алмазбек Атамбаевдин мыйзамдуу өкүлү Айжан Кадыровага эптеп эле президентти сот жоопкерчилигинен кутултуу тапшырмасы берилгенби же бечара жактоочуга Президенттин кадыр-баркы, калп сүйлөп салса калк алдында абийири төгүлө турганы анчалык мааниси жокпу айтор, Президенттин болгон сөзүн жокко чыгарып туруп, “Ата Мекенди” актап салса болобу?

Президенттин жактоочусу доогер тарапка каршы пикирин төмөндөгүчө билдирген. Анын оюу боюнча:

“Жогорудагы маалыматтар доогерлерге жайылтылбайт, анткени “тышкы күч”, “кара максаттарды көздөгөн, элдин биримдигин, ынтымагын бузганга бүт аракетин жумшаган саясатчылар катары” Президент тарабынан доогерлер “Ата Мекен” социалисттик саясый партиясы же Ө. Текебаевдин аттары аталып көрсөтүлгөн эмес. Демек жогорудагы маалымат доогер Ө. Текебаевдин абийирине, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалымат болуп каралбайт жана таанылбайт. Анткени, ал кара максаттарды көздөгөн, элдин биримдигин, ынтымагын бузганга аракет жасаган саясатчыларга тийиштүү, жеке доогерлерге тиешеси жок” экен. А түгүл, “Ата Мекен” социалисттик саясый партиясынын ар намысына, кадыр-баркына шек келтирбейт экен. Доогер тарапка каршы пикирин билдирген жактоочу А Кадырова 2015-жылдын 13-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун “Ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо жөнүндө талаштарды чечүү боюнча соттук практика жөнүндө” №4-пленумунун токтомуна ылайык кароонун предмети боюнча маалыматты талдоодо, таралган маалыматтын мазмуну доонун предметин түзгөн сөз айкашы контекстен бөлүнбөгөнү сот тарабынан изилдениши керектигин эскерткен. Демек, Президенттин 6-марттагы сөзү толугу менен соттук териштирүүнүн бутасына алынышы керек.

Кыскасы, Биринчи Май райондук соту аталган ишти карап, Президенттин айткандарын лингвистикалык комиссия иликтеп чыгышы керектиги тууралуу аныктама чыгарып бергенге аргасыз болду. Президенттин “сасык партия”, “мародер” деген жогорудагы кептери анда кимге тийиштүү деген талкуу коомчулукта жүрүп, партиялар бири-бирин шектүү карап турган учуру. Жактоочу “актап чыгам” деп Президентти калпычы кылып алганын билди, бирок, арга жок.

Булак: “Алиби”

Тургунбек Кулмурзаев, экс-губернатор: «Жаңы президент келсе, кызматка барып калышым мүмкүн»

 

Өткөн жуманын соңунда президент Атамбаевдин жанына көптөн бери саясый айдыңда көрүнбөй калган Тургунбек Кулмурзаевдин карааны кайрадан пайда болуп, ажобуздун ага карата ызаат кылган жүрүшү  көпчүлүктүн көңүл борборуна айланды. Мындай Шартта биз белдүү саясый ишмер, экс-чиновник Тургунбек Кулмурзаевдин өзүн кепке тарттык.

Тургун мырза, бүгүн ажобуздун айланасында Чүй кланындагы аттуу-баштуу, сакалдуу агаларыбыздын карааны көрүнбөй, Туйгуналы Абдраимов, Кеңешбек Дүйшөбаев баштаган жердештери бийлик ордосунан четтетилип калышты. Жакында 2005-жылдын 24-март окуясынын урматына ачылган баш калаабыздагы гулбакты жашылдандыруу ишине катышып, дарак отургузган жөрөлгөдө Алмазбек Шаршенович сизди ээрчитип, «Тургун байке быякка келиңиз» дегендей сыпайылыгын көрсөтүп жатты. Мындан улам Атамбаевдин айланасында Чүйдүн аксакалдарынан сиз эле калганыңызды боолголосок болобу?

-Президент Атамбаев жеке эле Чүй облусунун башчысы эмес, жалпы Кыргызстандын өлкө жетекчиси да. Президент болгон соң айланасына жалаң эле чүйлүктөр болбостон, соңку 10 жылдан бери өлкөбүздүн булуң-бурчтарындагы мен-мендеген аксакалдар болобу, жаштар болобу, чогуу команда болуп, элдин жүгүн тартып келе жатышат. Сен иним дайыма интригалуу суроолордон берет эмессиңби, бул жолу да «чүйлүктөр, сыртта калдыңар го» деген тейде тийишкенсип собол таштап жатасың. Аныгында «жердештери сыртта калды» дегениң деле туура болбойт. Мен билгенден Чүйдүн аттуу-баштуу жигиттери президент Атамбаевдин ичи-койнуна кирип, сыртта гана эмес, ичинде деле болушкан эмес. Бийликте отурган ки­ши менен биздей кишилердин ортосунда байланыш боюнча эл арасында бир аз туура эмес түшүнүктөр бар. Жанында бир

күн туруп калсаң эле «бул президенттин абдан жакын кишиси болуп кетти» же кичине кызматтан кетип, ишсиз бо­луп калса «баланчаны бөлүп салышыптыр, сыртта сүрүлүп калыптыр» деген өңдүү чындыкка коошпогон сөздөрдү чыгарышат. Маселен, ошол эле сен атаган иним Туйгуналы Абдра­имов менен Алмазбек Атамба­ев экөөнүн мамилеси илгертен жакшы. Жакын достордон де­гендей. Болгону жанагы сенин соболуңдагыдай сөздөр Туйгун иним кызматтан кеткенден кийин көп айтылып кетти. Аныгын­да андай деле эмес. Ошол эле БШК төрагалыгы мыйзамда белгиленген мөөнөтгө жаңырып турушу керек. Ал мөөнөттө төрагалыгы алмашылбаса да эл оозунда «ой, бул президенттин досу Абдраимов түшпөс хан болду» дешип сөз чыгарышмак. Ал ордунан кетип, кызматын тапшырып кетсе да «ой, ал жөн жүрбөй, Атамбаевдин айланасынан тебилип калыптыр» деген өңдүү сөздөр чыгып жатпайбы. Сен атаган инсандардан башка да Чүйдө бир топ аттуу-баштуу жигиттерибиз бар. Алардын баардыгы «биз чүйлүк жердешпиз» деп президент менен жакын санашып, коюн-колтук алыша беришсе Кыргызстанда калыстык болбой калат го? Андыктан, пре­зидент деген калыс болуш ке­рек дагы, командасына ар бир региондон чыккан эл билген аттуу-баштуу, эл сыйлаган инсандар менен байланышып, ара чолодо акылдашып турса, абдан туура кадам болмок. Атамбаев деле балким ошондой кылып жаткандыр, бирок мен жакын аралашпаган соң толук кандуу хан ордодогу иштерди билбейт экенмин.

– Президенттин сизге ка­рата ишараат кылып, чогуу ала барганына караганда, экөөңүздөрдүн мамилеңиздер жаман эмес окшойт ээ? Катышып, байланышып турасыздарбы?

– Баш калаадагы Алма­ты көчөсү менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 2005-жылдын 19-мартында мен, Алмазбек Атамбаев, ыраматылык, бейиши болгур Мелис Эшимканов, Акылбек Жапаров болуп, төртөөбүз биринчи ми­тинг кылып, ал кездеги парламенттик шайлоонун ыплас маанайда өткөнүнө байланыштуу бийликке каршылык көрсөтүп чыкканбыз. Аламүдүн районунан КСДПнын атынан парламенттик жарышка чыккан ма­га карай бийлик андагы «Алга Кыргызстан» партиясынын талапкерлерин «айдакташып», балит ыкмалары аркылуу Авазбек Момункуловду депутат кылып өткөрүшкөн. Бийликтин мындай арсыз кадамдарына кар­шы биз жогорудагы төртөөбүз биригип, Акаевдик бийликке дал ошол Алматы менен Ахунбаев көчолөрүнүн кесилишинен чогулуп, беш күн бою катуу маанайда топтолуп, акыры 24-март күнү көтөрүлгөн элди уюштуруп, баштап чыккан­быз. Кийин бийлик алмашканы ушул жерди атайын эл эс алгандай кылып жасап койсокпу деген ой болгон. Акыры мындай оюбузду 2015-жылы ишке ашырып, президент Атамбаев өзүнүн фондусунан акча болуп, Бишкек мэриясы да тийиштүү каражат болуп, бүгүн тарыхый мааниси бар ал жер жакшынакай эл эс алуучу жайга айланды. Мындай жайдын салынышына өзүбүздүн Сары-Өзөндөгү момун, баарын батырган чүйлүктөрүм да ыраазы болуп жатышат. Былтыртан бери ал гүлбакчага 24-мартта президент өзү барып, бак тигип, өмүрүбуздөгү урунттуу учурлар катталган ал ирмемдерди эстеп кетет. Өткөн жылы да мени чакырышты эле Кыргызстанда жогума бай­ланыштуу бара албай калгам. Быйыл да президенттик аппараттан чалып чакырышканынан бардым. Башта айтпадымбы, убагында дал ошол күндөрү биз бийликке каршы чыгып, каарман болуп жүргөнбүз. Атамбаев ошол себептен мени чакыртты да. Ошол окуяларга башкалар катышса балким аларды деле чакырмактыр. Муну дагы сен сыяктуу тапан инилер саясат кылып жатпайсыңарбы, мурдуңду урайындар десе! Мындан саясат издеп деле кереги жок. Ал эми Атамбаев экөөбүздүн мамилебиз кечээ же мурдагы күнү эле башталган эмес. Алмазды мен тээ бала кезинен тарта билем. Экөөбүз бир өрөөндүн суусун ичип чоңойгон жигиттерденбиз. Ортобузда ага-инилик да жакын мамиле, катышыбыз бар. Ал кызматы жокто деле мамиле күтүп, байланышып жүрчүбүз. Азыр деле баштагы мамиле уланып, өзгөрүлүп, бузулбастан ке­ле жатат. Илгерки ага-инилик мамилебиз азыр дагы күчүндө.

Анда азыр деле экөөңөрдүн ортоңордогу жакшы мамилеңер күчүндө болсо, мамлекеттик кызматта бай тажрыйбасы бар сиздей агасын үйүндө колоктотуп бош отургузбай, кызмат караштырган жокпу?

-Мага да «элдер 70, 80 жашка чамаласа да кызмат талашып, иштеп жүрүшөт, сиз эмнеге кызматка барбайсыз иниңиз турганда» деп суроо берип калышат. Ушул жашка келгени мен өмүрүмдө  бироого барып, эч качан кызмат сурап көргөн жан эмесмин. Дайыма мени чакырып, «ушул кызматка иштеп бериңиз» деп суранышат. Ме­нин маңдайга жазган пендечилик тагдырым ушундай. Эсептеп көрсөм, баш-аягы 45 жыл мамлекеттик жана жетекчилик кызматгарда иштептирмин. Өткөн жылы пенсияга чыгып жатып, азырынча башка кызмат­ка барбай эле коюуну, 1-2 жыл эс алуунун ырахатын көрүүнү максат кылдым. 65 жашка чыксак деле такыр карып кеткен жерибиз жок. Алдуу-күчтүү элебиз. Балким, жаңы президент келип, акыл-кеңешибиз, тажрыйбабыз мамлекетке керек болуп калса, буюрса оомат келсе кызматка кайрадан барып каларбыз. 90 жаштан өткөнчө айтылуу Турдакун Усубалиевич деле Кыргызстанга далай пайдасын келтирип жүрүп өтпөдүбү. Андыктан, биз деле азыр алдан-күчтөн тайып, карып кете элекпиз. Байкең жаш эле азыр. Жигит сымал…

Коомчулуктун бүйүрүн кызытып жаткан президенттик шайлоого карай Чүй өрөөнүнөн 7 талапкер аттана турганы айтылууда. Сары-Өзөндүн белдүү акса­калы катары, ини-карындаштарыңыздын кимисин сүрөөнгө алып, кимисине жардам берүүнү ойлонуштуруп жатасыз?

-Мен соңку үч айдан бери чет өлкөдө жашаган балдарымдыкында болуп, өлкөбузгө эки жума мурун кайтып келдим. Аламан жарышка кимиси чындап чыгаары боюнча азырынча сыртынан гана угуп жатам. Жарыш­ка чыккан фамилиялар тууралуу уксам, баардыгы тең өзүбүздүн жигиттер экен. Кимисин кандай кылып колдоорубузду азырынча айтуу эрте. Алдыдагы айларда бул боюнча сөзсүз бир пикирге келип, ишти баштайбыз. Азы­рынча сүйлөшүүлөр болууда. Баарын байкап көрөбүз. Ушул жерден сөз өңүтү келгенде баса белгилөөчү жагдай, 2011-жылдагы президенттик шайлоодо биздин Чүйдөн дагы Жаныш Рустенбеков, Темир Сариев, Ма­рат Иманкулов, Ысык-Колдөн Кубанычбек Исабеков башта­ган инилерибизден турган бир топ талапкерлер чыгышкан. Ошондо жеке өзүм Жаныш Ру­стенбеков, Темир Сариев, Ку­банычбек Исабеков менен ачык сүйлөшүп, андагы шанс, негизги фаворит Атамбаевде экенин, ынтымакка келип, Алмаз инимдин талапкерлигин колдоп чыгууну демилгелесем, адегенде эле Жаныш Рустенбеков, кийинчерээк Темир Сариев макул болушуп, бир топ сөздөр болгон. Бул экөөнү тең Атамбаевдин жеке өзү менен беттештирип, убада, сөздөрдү бекемдегенбиз. Кийин Темир Сариев боюнча башы жакшы башталып, аягы биз күткөндөй болбой калбадыбы… Дегеним, 2011-жылдагы президенттик жарышта мен ушундай иш кылгам. Алдыда да буюрса мындай иштерден алыс кетпейбиз. Өткөндө бир жолдошум «быйыл президенттик жа­рышка Турсунбек Акун чыкса, мен дагы чыгам» десе болобу? Анда ага «сен чыксаң, мен да­гы чыгам» деп айттым. Андык­тан, баары алдыда, иним. Бай­кап туралы.

Булак: “Азия ньюс”

Өзбекстанда президентке даттанууну каалаган тургундарды айылдан чыгарбай коюшту

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Навои облусуна болгон сапары маалында Тасмачи айылынын тургундары мамлекет башчысына жолугуп, көйгөйлөрүн айтууну каалашкан. Бирок маале аксакалдары менен жол коопсуздук кызматкерлери айылдын чыга беришин тосуп, жергиликтүүлөрдүн президент менен жолугушууга барышына уруксат беришкен жок.

Айылдын тургуну Нафосат Халидова шейшемби эртең менен жергиликтүү жашоочулардан турган топ президент менен жолугуу үчүн район борборуна барууга аракет кылганда, аларды айылдан чыгарбай коюшканын билдирди.

«Жашоочулардын көбү президенттин район борборуна келерин угуп, автобус менен барууну чечишкен. Бирок айылдын чыга беришинде МАИ кызматкерлери жолду тосуп алышты. Мааленин аксакалы эч ким эч жакка барбайт деп бизди урушуп койду» — деди ал.

Айтымында, нааразы болгон эл жергиликтүү бийлик тарабынан чечилбеген айылдагы көйгөйлөрдү айтып, президентке даттанууну каалашкан.

«Кышында бизде таптакыр электр жарыгы болбойт, отун болсо абдан кымбат. Элдин аны сатып алууга акчасы жок. Быйыл бир жүк ташуу унаа отун 2 миллион сумдан ($260 көбүрөөк) сатылды. Карапайым адамдар арзан ун менен майды маале төрагасы жана анын жакындарынан артса гана сатып ала алышат. Президент элди ишкерлик менен алектенүүгө чакырган эле. Мен эки насыя алуу үчүн арыз жазып койгом, бирок үч айдан бери жооп беришкен жок», — деп даттанды Нафосат Халидова.

28-мартта Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Навои облусуна сапары менен барган. Анда ал курулуп жаткан ишканалар жана долбоорлор менен таанышты. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы сапардын жүрүшүндө президенттин эл менен жолуга турганын кабарлаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню