Аз күн мурун Садыр Жапаров №1 СИЗОнун атайын камерасына камалганы, ал жерде
видеокөзөмөл бар экендиги боюнча тиешелүү органдар тарабынан кабарланды. Ошого катар конвой да кайтарып турары айтылды. Сырттан баам салган адамга коопсуздугу жайында болгондой сезилет. Бирок, иш жүзүндө андай эмес.
«Атайын камера» деген түрмөнүн тили менен айтканда «Закрывашка» деп аталат. Мындай хатага мошенниктер, бийликте жүрүп байыган маслократтар жана арты таза эмес адамдар өздөрү арыз жазуу менен киришет. «Централда» (№1 СИЗО) мындайлар жамынып алуу катары бааланып, жүзү жок катары сыпатталары белгилүү. «Закрывашкада» отургандарды «порядочныйлар», «беспредельщиктер», дегеле «воровской идеяны» тутунгандардын баары жининдей жек көрүшөт. Мисалы, ошол жамынып алгандар конвойдун коштоосу менен «продолдо» өтүп баратышса, жабык камералардын жыртыктарынан «шпаналар» түкүрүшөт. Колдон келсе зым, же учтуу кескичтер менен сайгылары келип турушат. Кокус бетме-бет кездешип калышса, «закрывашкадагылар» көздү тике карай алышпайт, бүрүшө отура калышат да, аябай таяк жешет. Кыскасы, аларга күн жок. Моралдык, психологиялык жактан тез эле майтарылып калышат…
Дагы бир жагдай,«Закрывашкада» отурса эле «положенецтин» колу жетпей калуу деген утопия. Керек болсо түн ичинде шарак-шурак этип, жамынып алган эшиги оңой эле ачылышы мүмкүн. Же «гулкада», аба жутуп жүргөндө кармалат. Сурак катуу жүрөт. Чучукка жете турган сөздөр, мээге сайылган жаргондор, ур-тепки, аныгында аёосуз кыйноолор… Эң башкысы, «грузить» этилет. Сырттагы байлыгы саналат, калп айта албайсың, эгер билинип калса катуу жаза кылышат. Кыскасы, түрмөнү багышың керек. Айтор, бул жаатта айта берсе сөз арбын. Негизи Садыр Жапаровго ушундай жашоо керек беле?..
Баса, Курманбек Бакиевдин режиминде Ишенбай Кадырбеков түрмөгө түшкөндө катуу кыйноолорго тушугуп, миллиондогон сомдорду которгону айтылат. Андагы Исмаил Исаков, Эркин Бөлөкбаев ж.б. саясый куугунтук менен камалгандарга да кысым болгонун билебиз. Негизи көп эле саясый ишмерлер камалганда «сынып» калышат. Мен билгенден бир гана генерал-лейтенант Элмурза Сатыбалдиев УКМКнын СИЗОсунда урматтуу инсан катары отурганы, анын эшиги ачык болгону, ал ошол жердегилерге камкордук кылып, адилеттүү болгону үчүн баары сыйлашканы маа- лым. Элмурза этап менен түрмөгө кетип атканда, биз азыр сөз кылып аткан «Централда» 8 күн жатып калат. Болгондо да ПЛСтердин (пожизненное лишение свободы) хатасында. Мындай жерде жатыш үчүн жигитгик сапатың жогору, «духуң вагон» болушу шарт. Анан да генералдын чөнтөк-кабы формачандар тарабынан текшерилбептир эч. Себеби, ал урматтуу болгону үчүн…
Ток этери, Садыр Жапаров сасык саясатка берилбей, тек гана сыртта жүрө берсе болмок, же шоусуз эле чуу көтөрбөй Кыргызстанга тынч келсе, жеңилирээк тагдыр күтөт беле? Тобо келтирели. «Түрмөгө жылан жатпасын» деген сөз бекер жерден лакапка айланбаса керек…
Булак: “Азия ньюс”