Menu

САЯСАТ

Саясатчынын эмес, саякатчынын образын жаратканда

Өлкөдөгү соңку окуялар бозгундагы Мелис Мырзакматовду катуу чочутуп, мурдагыдай кайрылуу, билдирүүлөрдү жасаганга даабай калыптыр. Андан көрө чет өлкөгө чыгарып кеткен бизнесин кылдыратып, ара-чолодо Россия, Казакстанды кыдырып, тиягы Үрумчүдөгү үйүнө чейин барып, тирлигин өткөзгөнү эп эмеспи. Мындайча айтканда, саясатчынын эмес, саякатчынын образын жаратууда. Мекенин азырынча Кыргызстанга келүү ою жок экен. Келсе эле козголуп турган кылмыш иши жанданып, дароо камакка алына турганын күч органдагылар билдирүүдө. Түрмөдө эки көзүн жалдыратып отургандан көрө, чет өлкөнү кыдырып, кумарга баткан күндөрү олжо эмеспи, ыя?

Булак: “Азия ньюс”

Кыргызстан “акча жуучу” схемалардын чордонунда

Америка президенти Дональд Трамптын шайлоо штабынын башчысы Пол Манафорт Кыргызстандагы банк аркылуу ири суммадагы каражатты “жууп” кеткени маалым болду. Бул тууралуу украиналык депутат Сергей Лещенко далилдүү документтерге таянып айтып чыккан. Саясий технолог 2007-2012-жылдар аралыгында В.Януковичтен жеке кызмат акысы катары жалпысынан 12,7 миллион доллар алганын тастыктаган жазуулар кассалык китепчеде 22 пункттан турат. Маалыматтар боюнча, мындан тышкары депутаттарды, сотторду, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана журналисттерди сатып алууга да миллиондогон каражаттар берилип турган. Акча В.Януковичтин “Региондор партиясынын” “амбар китепчеси” – саясий максаттарга жумшалган акча каражаттары катталган жашыруун журналы аркылуу берилген.

Алсак, 2009-жылдын 14 октябрында Пол Манафортко тиешелүү “Davis Manafort” фирмасына Белизде катталган “Neocom Systems Limited ” компаниясынан 501 компьютер сатып алуу үчүн 750 мин доллар акча которулган. Бирок, кызыгы, Манафорттун фирмасы компьютер техникаларын сатпайт, ал саясий консультацияларды берүү менен шугулданат. “Neocom Systems Limited” дин Франкфурттагы Commerzbank банкында жана Кыргызстандын “АзияУниверсалБанкында” да эсептери болгон.

С.Лещенконун айтымында, Януковичтин “Региондор партиясынын” бир нече мурунку мүчөлөрү партия Бишкектеги жашыруун банктык эсептерин көп жолу колдонгонун тастыкташкан. Кыргызстанды тандоого анын чет жакада жайгашкандыгы менен жетекчилигинин бат-баттан алмашкан туруксуздугу себеп болгон.

“АзияУниверсалБанк” Максим Бакиевге тиешелүү деп табылып 2010-жылы улутташтырылган. Ошол кезде айтылган маалыматтар боюнча бул банк аркылуу 64 миллион доллар “жуулуп” сыртка чыгып кеткен. Бишкек шаардык соттун АУБ боюнча чыгарган 2013-жылдагы чечиминде жогорудагы П.Манафорттун фирмасына акча которгон оффшордук “Neocom Systems Limited” компаниясын акча “жуу” боюнча айыпталгандыгы белгилүү.

Булак: “Алиби”

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия башка имаратка көчүрүлбөйт

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы башка имаратка көчүрүлдбөйт жана жайгашкан дарегинде: Бишкек шаары Раззаков көчөсү 59, ишин уланта берет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2017-жылы өлкөдө Кыргыз Республикасынын Президенттигине шайлоо өтө тургандыгына байланыштуу ушундай чечим кабыл алды.

Башка имаратка көчүү убакытты жана уюштуруу техникалык мүнөздө кошумча түйшүктү талап кылат. Муну эске алуу менен, БШК алдыдагы шайлоого карата татыктуу даярдык көрүүдө чон жоопкерчилик жүктөлгөндүктөн, башка имаратка көчүрүлбөй турган болду.

Эскерте кетсек буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясын азыркы «Айыл банк» ААК башкы кеңсеси жайгашкан имаратка  (Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 50) көчүрүү сунушталган. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 29-мартта «Айыл банк» ААК азыркы имараттагы ижара мөөнөтүн 3 жылга узартуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна кол койду.

 

 

Тургунбек Кулмурзаев, экс-губернатор: «Жаңы президент келсе, кызматка барып калышым мүмкүн»

 

Өткөн жуманын соңунда президент Атамбаевдин жанына көптөн бери саясый айдыңда көрүнбөй калган Тургунбек Кулмурзаевдин карааны кайрадан пайда болуп, ажобуздун ага карата ызаат кылган жүрүшү  көпчүлүктүн көңүл борборуна айланды. Мындай Шартта биз белдүү саясый ишмер, экс-чиновник Тургунбек Кулмурзаевдин өзүн кепке тарттык.

Тургун мырза, бүгүн ажобуздун айланасында Чүй кланындагы аттуу-баштуу, сакалдуу агаларыбыздын карааны көрүнбөй, Туйгуналы Абдраимов, Кеңешбек Дүйшөбаев баштаган жердештери бийлик ордосунан четтетилип калышты. Жакында 2005-жылдын 24-март окуясынын урматына ачылган баш калаабыздагы гулбакты жашылдандыруу ишине катышып, дарак отургузган жөрөлгөдө Алмазбек Шаршенович сизди ээрчитип, «Тургун байке быякка келиңиз» дегендей сыпайылыгын көрсөтүп жатты. Мындан улам Атамбаевдин айланасында Чүйдүн аксакалдарынан сиз эле калганыңызды боолголосок болобу?

-Президент Атамбаев жеке эле Чүй облусунун башчысы эмес, жалпы Кыргызстандын өлкө жетекчиси да. Президент болгон соң айланасына жалаң эле чүйлүктөр болбостон, соңку 10 жылдан бери өлкөбүздүн булуң-бурчтарындагы мен-мендеген аксакалдар болобу, жаштар болобу, чогуу команда болуп, элдин жүгүн тартып келе жатышат. Сен иним дайыма интригалуу суроолордон берет эмессиңби, бул жолу да «чүйлүктөр, сыртта калдыңар го» деген тейде тийишкенсип собол таштап жатасың. Аныгында «жердештери сыртта калды» дегениң деле туура болбойт. Мен билгенден Чүйдүн аттуу-баштуу жигиттери президент Атамбаевдин ичи-койнуна кирип, сыртта гана эмес, ичинде деле болушкан эмес. Бийликте отурган ки­ши менен биздей кишилердин ортосунда байланыш боюнча эл арасында бир аз туура эмес түшүнүктөр бар. Жанында бир

күн туруп калсаң эле «бул президенттин абдан жакын кишиси болуп кетти» же кичине кызматтан кетип, ишсиз бо­луп калса «баланчаны бөлүп салышыптыр, сыртта сүрүлүп калыптыр» деген өңдүү чындыкка коошпогон сөздөрдү чыгарышат. Маселен, ошол эле сен атаган иним Туйгуналы Абдра­имов менен Алмазбек Атамба­ев экөөнүн мамилеси илгертен жакшы. Жакын достордон де­гендей. Болгону жанагы сенин соболуңдагыдай сөздөр Туйгун иним кызматтан кеткенден кийин көп айтылып кетти. Аныгын­да андай деле эмес. Ошол эле БШК төрагалыгы мыйзамда белгиленген мөөнөтгө жаңырып турушу керек. Ал мөөнөттө төрагалыгы алмашылбаса да эл оозунда «ой, бул президенттин досу Абдраимов түшпөс хан болду» дешип сөз чыгарышмак. Ал ордунан кетип, кызматын тапшырып кетсе да «ой, ал жөн жүрбөй, Атамбаевдин айланасынан тебилип калыптыр» деген өңдүү сөздөр чыгып жатпайбы. Сен атаган инсандардан башка да Чүйдө бир топ аттуу-баштуу жигиттерибиз бар. Алардын баардыгы «биз чүйлүк жердешпиз» деп президент менен жакын санашып, коюн-колтук алыша беришсе Кыргызстанда калыстык болбой калат го? Андыктан, пре­зидент деген калыс болуш ке­рек дагы, командасына ар бир региондон чыккан эл билген аттуу-баштуу, эл сыйлаган инсандар менен байланышып, ара чолодо акылдашып турса, абдан туура кадам болмок. Атамбаев деле балким ошондой кылып жаткандыр, бирок мен жакын аралашпаган соң толук кандуу хан ордодогу иштерди билбейт экенмин.

– Президенттин сизге ка­рата ишараат кылып, чогуу ала барганына караганда, экөөңүздөрдүн мамилеңиздер жаман эмес окшойт ээ? Катышып, байланышып турасыздарбы?

– Баш калаадагы Алма­ты көчөсү менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 2005-жылдын 19-мартында мен, Алмазбек Атамбаев, ыраматылык, бейиши болгур Мелис Эшимканов, Акылбек Жапаров болуп, төртөөбүз биринчи ми­тинг кылып, ал кездеги парламенттик шайлоонун ыплас маанайда өткөнүнө байланыштуу бийликке каршылык көрсөтүп чыкканбыз. Аламүдүн районунан КСДПнын атынан парламенттик жарышка чыккан ма­га карай бийлик андагы «Алга Кыргызстан» партиясынын талапкерлерин «айдакташып», балит ыкмалары аркылуу Авазбек Момункуловду депутат кылып өткөрүшкөн. Бийликтин мындай арсыз кадамдарына кар­шы биз жогорудагы төртөөбүз биригип, Акаевдик бийликке дал ошол Алматы менен Ахунбаев көчолөрүнүн кесилишинен чогулуп, беш күн бою катуу маанайда топтолуп, акыры 24-март күнү көтөрүлгөн элди уюштуруп, баштап чыккан­быз. Кийин бийлик алмашканы ушул жерди атайын эл эс алгандай кылып жасап койсокпу деген ой болгон. Акыры мындай оюбузду 2015-жылы ишке ашырып, президент Атамбаев өзүнүн фондусунан акча болуп, Бишкек мэриясы да тийиштүү каражат болуп, бүгүн тарыхый мааниси бар ал жер жакшынакай эл эс алуучу жайга айланды. Мындай жайдын салынышына өзүбүздүн Сары-Өзөндөгү момун, баарын батырган чүйлүктөрүм да ыраазы болуп жатышат. Былтыртан бери ал гүлбакчага 24-мартта президент өзү барып, бак тигип, өмүрүбуздөгү урунттуу учурлар катталган ал ирмемдерди эстеп кетет. Өткөн жылы да мени чакырышты эле Кыргызстанда жогума бай­ланыштуу бара албай калгам. Быйыл да президенттик аппараттан чалып чакырышканынан бардым. Башта айтпадымбы, убагында дал ошол күндөрү биз бийликке каршы чыгып, каарман болуп жүргөнбүз. Атамбаев ошол себептен мени чакыртты да. Ошол окуяларга башкалар катышса балким аларды деле чакырмактыр. Муну дагы сен сыяктуу тапан инилер саясат кылып жатпайсыңарбы, мурдуңду урайындар десе! Мындан саясат издеп деле кереги жок. Ал эми Атамбаев экөөбүздүн мамилебиз кечээ же мурдагы күнү эле башталган эмес. Алмазды мен тээ бала кезинен тарта билем. Экөөбүз бир өрөөндүн суусун ичип чоңойгон жигиттерденбиз. Ортобузда ага-инилик да жакын мамиле, катышыбыз бар. Ал кызматы жокто деле мамиле күтүп, байланышып жүрчүбүз. Азыр деле баштагы мамиле уланып, өзгөрүлүп, бузулбастан ке­ле жатат. Илгерки ага-инилик мамилебиз азыр дагы күчүндө.

Анда азыр деле экөөңөрдүн ортоңордогу жакшы мамилеңер күчүндө болсо, мамлекеттик кызматта бай тажрыйбасы бар сиздей агасын үйүндө колоктотуп бош отургузбай, кызмат караштырган жокпу?

-Мага да «элдер 70, 80 жашка чамаласа да кызмат талашып, иштеп жүрүшөт, сиз эмнеге кызматка барбайсыз иниңиз турганда» деп суроо берип калышат. Ушул жашка келгени мен өмүрүмдө  бироого барып, эч качан кызмат сурап көргөн жан эмесмин. Дайыма мени чакырып, «ушул кызматка иштеп бериңиз» деп суранышат. Ме­нин маңдайга жазган пендечилик тагдырым ушундай. Эсептеп көрсөм, баш-аягы 45 жыл мамлекеттик жана жетекчилик кызматгарда иштептирмин. Өткөн жылы пенсияга чыгып жатып, азырынча башка кызмат­ка барбай эле коюуну, 1-2 жыл эс алуунун ырахатын көрүүнү максат кылдым. 65 жашка чыксак деле такыр карып кеткен жерибиз жок. Алдуу-күчтүү элебиз. Балким, жаңы президент келип, акыл-кеңешибиз, тажрыйбабыз мамлекетке керек болуп калса, буюрса оомат келсе кызматка кайрадан барып каларбыз. 90 жаштан өткөнчө айтылуу Турдакун Усубалиевич деле Кыргызстанга далай пайдасын келтирип жүрүп өтпөдүбү. Андыктан, биз деле азыр алдан-күчтөн тайып, карып кете элекпиз. Байкең жаш эле азыр. Жигит сымал…

Коомчулуктун бүйүрүн кызытып жаткан президенттик шайлоого карай Чүй өрөөнүнөн 7 талапкер аттана турганы айтылууда. Сары-Өзөндүн белдүү акса­калы катары, ини-карындаштарыңыздын кимисин сүрөөнгө алып, кимисине жардам берүүнү ойлонуштуруп жатасыз?

-Мен соңку үч айдан бери чет өлкөдө жашаган балдарымдыкында болуп, өлкөбузгө эки жума мурун кайтып келдим. Аламан жарышка кимиси чындап чыгаары боюнча азырынча сыртынан гана угуп жатам. Жарыш­ка чыккан фамилиялар тууралуу уксам, баардыгы тең өзүбүздүн жигиттер экен. Кимисин кандай кылып колдоорубузду азырынча айтуу эрте. Алдыдагы айларда бул боюнча сөзсүз бир пикирге келип, ишти баштайбыз. Азы­рынча сүйлөшүүлөр болууда. Баарын байкап көрөбүз. Ушул жерден сөз өңүтү келгенде баса белгилөөчү жагдай, 2011-жылдагы президенттик шайлоодо биздин Чүйдөн дагы Жаныш Рустенбеков, Темир Сариев, Ма­рат Иманкулов, Ысык-Колдөн Кубанычбек Исабеков башта­ган инилерибизден турган бир топ талапкерлер чыгышкан. Ошондо жеке өзүм Жаныш Ру­стенбеков, Темир Сариев, Ку­банычбек Исабеков менен ачык сүйлөшүп, андагы шанс, негизги фаворит Атамбаевде экенин, ынтымакка келип, Алмаз инимдин талапкерлигин колдоп чыгууну демилгелесем, адегенде эле Жаныш Рустенбеков, кийинчерээк Темир Сариев макул болушуп, бир топ сөздөр болгон. Бул экөөнү тең Атамбаевдин жеке өзү менен беттештирип, убада, сөздөрдү бекемдегенбиз. Кийин Темир Сариев боюнча башы жакшы башталып, аягы биз күткөндөй болбой калбадыбы… Дегеним, 2011-жылдагы президенттик жарышта мен ушундай иш кылгам. Алдыда да буюрса мындай иштерден алыс кетпейбиз. Өткөндө бир жолдошум «быйыл президенттик жа­рышка Турсунбек Акун чыкса, мен дагы чыгам» десе болобу? Анда ага «сен чыксаң, мен да­гы чыгам» деп айттым. Андык­тан, баары алдыда, иним. Бай­кап туралы.

Булак: “Азия ньюс”

Икрам Илмиянов чоң саясатчыларга идея бергенде...

Жакынкы күндөрү Феликс Кулов, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Арсланбек Малиев, Жылдызкан Жолдошова баш болгон саясатчылар тобу парламентти таратууга арналган тегерек үстөл өткөрөрү каңкууланууда. Идеяны бул топко айтылуу Икрамжан Илмиянов бергени, жогорудагы аталган саясый күчтөр парламентти таратуу үчүн акыр-аягына дейре катуу турушуп, мунусу үчүн бийликтен болочоктогу ЖК курамынан оппозициялык топ катары орун алышаары боюнча тар чөйрөдө кызуу кеп кетти. Терең талдоого алганда, аты аталган саясатчылар президенттик шайлоодо жеңишке жетишпей турганы маалым. Бирок, бир жагынан болбосо, экинчи жагынан бийлик бутагына чыгуу максаты турат. Ан үчүн Илмияновдун тилин угуу менен бийлик оюнун жүргүзүп беришеби? Албетте, суроо. Каалоочулар жооп берсе болот.

Булак: “Азия ньюс”

“Жансакчы” качан реформа жүргүзөт?

Президент “ИИМди Кашкар реформалабаса, мен реформалайм” деп жансакчысын министр кылганы белгилүү. Кыргызстанда канча РОВД бар экенин билбеген Улан Исраилов “Ата Мекендин” лидеринин кекетип-мокотуусуна чыдап, арданбай барып отурганына алты айга чукулдады. Андан бери эмне өзгөрдү? ИИМдин иши оңолдубу?

Генералдар жасай  албаган реформаны “жансакчы” жасайбы?

Биз билгенден “ИИМди реформалоо” – деген маселе 2010-жылдан бери эле көтөрүлүп, андан бери Шамил Атаханов, Зарылбек Рысалиев, Абдылда Суранчиев, Мелис Турганбаев сыяктуу бир топ министрлер тердеп-кургап Жогорку Кеңеште  маалымат берип жүрүшүп, акыры кетип тынышты. Ушул реформанын шылтоосу менен ИИМ жетекчилиги Грузияга дагы көп каттап, аны мисал кылып жүрүшүп, азыр ооз ачышпайт. Кашкар Жунушалиевди Президент так ошол Грузияга барып жамандап келди. Келгенден кийин анын ордуна жансакчысын дайындады.

Биз билгенден Алмазбек Шаршеновичтин алтымыш жылдыгынан бери кайра-кайра келген коноктордон, өлкөдөгу саясый толкундоолордон улам бул түшүнүк унутта калган эле. Ал эми милиция тарабынан элге күч колдонулган фактылар интернеттин заманында кеңири тарап, ИИМдин кадыр-баркы деген түшүнүк четке чыкты. ИИМдин “жансакчы” министри келгенден бери эмне менен алек болуп жатканын так билген адам жок. Министрликтин сайтында болсо министрдин Россиянын министри менен эки ай мурдагы  жолугушуусу тууралуу кабардан башка жаңылык жок. Чындап келгенде, “коен жатагынан” бери билген генералдар реформа кыла албаган ИИМди Кыргызстанда канча РОВД бар экенин так билбеген көп жылдар бою Президенттин “колтугунан” чыкпай жүргөн Улан Исраилов реформа кылып кыйратмак беле?

Кыргыз элин ыйлаткан кызды милиция ыйлатты

Өткөн жумада Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрүп, улуттук коопсуздук кызматынын “уурудай” болгон иш-аракетинен улам учурда бир канча адамга айып тагылып, тынчый электиги белгилүү. Өлкөдөгү мындай кырдаалга Жогорку Кеңеш баа берүүгө да жараган жок. Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров чатакка айланган митингди айыптап, күч түзүмдөрү мындан ары дагы ар кандай чагымчыл аракеттердин мизин кайтарууга даяр экенин билдирди. Муну менен Коопсуздук кеңешинин катчысы күч түзүмдөрү мындан дагы катуу аракеттерге бара турганын тастыктап отурат.  Укук коргоочу Азиза Абдирасулова фейсбуктагы баракчасына «Жетөөнүн күчү бир кызга жетти! Азаматтар! Бир кызды сүйрөп ит болгон, Жашасын КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫ!!! Кыздарыбыз тирүүлөй өрттөнгөндө бүт кыргыз элин ыйлаткан кыз, «знайте.., придурки» деп ызасын чачкан кыз, кайра келип Бишкекте милициянын сабоосунда калдыбы?” – деп жазып чыкты.

Ал эми  айрым саясатчылар  бийлик “бейбаштык кылды” деген негизде Садыр Жапаровдун жактоочуларына ашкере күч колдонулганын сынга алып, мунун арты саясий чыңалуунун күчөшүнө гана өбөлгө түзөт деген ойлорун ортого салышты. ИИМ тармагы муну жокко чыгара албайт, себеби, алты-жети милиция арык кызга жабалактаган тасма интернетти аралап жүрөт.

Президент уяткарса болмок

Кечээ 29-мартта Алмазбек Атамбаев өлкөнүн ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алып, ИИМдин ишине кызыкты. Улан Исраилов каадалуу, “генералдарчасынан” маалымат берген экен ЖМКлар “Президент милиция адамдардын өз жарандык позициясын билдирүү укугун сыйлоо зарылдыгын, бирок, мыйзам бузулган учурларда коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз милдеттерин так аткарышы керек экенин баса белгиледи” – деп жазып чыгышты.  Алардын бардыгы Президенттин сайтынан алынган маалыматка таянышты. Экөөнүн жанында отурбагандан кийин эмне тууралуу кеп болгону көмүскө бойдон калды. Президент “Улан, айланайын, алтыным, реформаны мен жасайм деп мактандым эле. Милиция жок дегенде кыздарды тепкилебесин, уят” десе болмок. Же милициянын укугу укук катары эсептелип, митингге чыккан элдики тепселе бериши керекпи?

Кыскасы, “Кашкар жасабаган” реформаны Президент менен “жансакчы” жасабай эле коюшсунчу, негизгиси карапайым элди сабаганын токтотсун. “Менин милициям мени коргойт” деген түшүнүктү түп-тамырынан бери жок кылбасын. Ал эми ИИМ министри “жансакчы” деген кошумча атына кокуйлабаса деле болот. Аны жанын арачалатып алып жүргөн Алмазбек Атамбаев  иш тажрыйбасына карабай, генералдарды алдына тизип берип, далыга таптап жүрүп министр кылбады беле?

Булак: “Алиби”

Кыргыз бийлигине нааразы болгондордун саны анчалык көп эмес

Кыргызстандын атайын кызматы жайгашкан имаратынын алдында күч түзүмдөрү парламенттин экс-депутаты Садыр Жапаровдун тарапкерлерин кууп таратышты. Митингге бир нече жүз киши катышты. Натыйжада, 64 киши эки суткадан беш суткага чейин камалып, 12 кишиге айып салынды.

Экс-депутаттын тарапкерлери нааразылык акциясына ал камалган соң чыгышты. Кыргызстанда Жапаров бир не­че учурлар боюнча белгилүү: 2009-жылы коррупцияга кар­шы күрөшүү боюнча агенттикти жетектеген, 2010-жылы «Ата Журт» партиясынан депутаттыкка шайланган, 2012-жылы «алдамчылык жасаган» деген тек менен аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга аракет кылышты. Ошол эле жылы ал митинг уюштурууга катышып, анын жүрүшүндө партиялашы Камчыбек Ташиев Акүйгө дубалдан ашып кирмекчи болду. Бул аракети ишке ашпай калып, Ташиев менен Жапаровду «бийликти басып алууга аракет жасады» деген айып менен бир жарым жылга эркинен ажыратышты. Үч айдан кийин саясатчылар акталышты, бирок, мандатынан ажырап, саясаттан убактылуу кетүүгө аргасыз болушту. 2013-жылы Жапаров «Кумтөр» кенине каршы уюштурулган бир катар митингдерге катышты. Анын жүрүшүндө кенге ток берүүчү подстанцияны өчүрүп, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүн барымтага алышты. Акциянын түздөн-түз катышуучулары кармалып, соттолушту. Жапаров болсо өлкөдөн чыгып кеткен. Март айынын башында Жапа­ров видеокайрылуу жасап, мекенине кайтып келмекчи экенин билдирген. 25-мартта Кы­ргызстандын аймагына кирип келе жаткан жеринен атайын кызматтар тарабынан кармалып, Улуттук коопсуздук комитетине жеткирилди. Көп өтпөй УКМКнын алдында митинг

башталып, ал чогулгандарды кууп таратуу, камакка алуу ме­нен аяктады.

Бул окуяда күтүүсүз эч нерсе жок. Жапаров камалаарын, атайын кызматтар аны качан, кайсы жерден тосуп алаарды билишкен, митингге чыкандар да өздөрүнүн лидерин күтүп, на­аразылык акциясына камданып турушкан.

Садыр Жапаровдун камаларын билип туруп эмне үчүн мекенине кайтып келгени кызык суроо. Мүмкүн болуучу варианттардын бири – президенттик шайлоонун алдында саясатка кайра кайтып келгиси келди

окшойт. Камакта жаткан учурда Жапаров чындык үчүн азап тарткан кишинин образы менен жергиликтүү элдин арасында популярдуулукка ээ болушу мүмкүн. Анын тарапкерлери наа­разылык активдүлүүгүн күчөтүп, абалды курчутууга, бийлик ме­нен күч түзүмдөрүн бир катар каталарды кетирүүгө мажбурлоого аракет кылышаары ыктымал.

Жапаров азыркы президент менен анын командасына наа­разы болгондорду өз тегерегине бириктирүүчү күчтөрдүн би­ри болуп калышы да мүмкүн. Анткен менен мындай пландардын бир «бирогу» бар, учурда

азыркы бийликке нааразылык билдирген саясатчылардын жана коомдук ишмерлердин саны анчалык көп эмес. Ири саясый фигуралар, ошондой эле колунда ресурсу бар элиталык топтор нааразылыкка кошулбай, четте турушат. Айрым саясатчылардын туугандары, жердештери, шаардыктардын тар катмары, ошондой эле социалдык түйүндөрдүн бир бөлүгү гана наа­разылык билдирип жатышат. Жарандырдын негизги массасы азырынча пассивдүү, абал өзгөрүшү үчүн бийликтегилер бир топ жолу олуттуу ката кетирүүсү, же президенттин каршылаштарын колдогон бир кыйла ресурстар керек.

Өз кезегенде Алмазбек Атамбаевдин командасы да кол куушуруп отурган жери жок. Анын Социал-демократтар партиясында (КСДП), жер-жерлердеги бийлик органдарында, ЖМКларда жана күч түзүмдөрүндө – түзүмдөрдүн жана медиа мейкиндиктин көзөмөлдүүлүгүн жогорулатуу багытында иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Наа­разы болгондордун кээ бирлерине кылмыш иши козголду. Кыр­гыз сот адилеттигинин каардуу кылычына эң акыркылардан болуп оппозиция өкүлү, «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов туш болду. Парламент депутатына «коррупция» деген берене бо­юнча айып коюлду.

Григорий Михайлов, “Независимая газета”

Булак: “Азия ньюс”

Кенжебек Бокоев: “Бир ууч” гана топтун "тилин табуу” оңойго турарын тажрыйба көрсөттү

“2001-2005-жылдар аралыгында Айыл өкмөт башчыларын эл шайлаган.  Бирок, 2009 -жылы бул кадамдан чегинүү жасалып, айыл жергесиндеги жергиликтүү бийликтин башчыларын ошол аймактагы кеңештердин депутаттары шайласын,- деген жыйынтыкка жетишилген. Бирок, эл менен болгон жолугушууларда айтылып жаткандай,  жергиликтүү депутаттар “бир ууч” гана топту түзгөндүктөн, алардын “тилин табуу” оңойго турарын тажрыйба көрсөттү. Аймактарды кыдырып чыкканыбызда, көпчүлүк тургундар айыл өкмөт башчыларын эл шайласын дегенге ынангандыгын билдик”- дейт депутат Кенжебек Бокоев бүгүн, 29-мартта “Парламент” радиосуна курган маегинде. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Депутат ошондой эле “жергиликтүү кеңеш депутаттарынын иштөө мөөнөтүн 5 жыл,- деп белгилөө” жагы сунушталып жаткандыгын да кошумчалады.

Мамлекеттик тилди билүү талабы дагы талкуудагы мыйзамдын орчундуу бөлүгү,- деген К.Бокоев, – “Айыл өкмөт башчылыгына келип жаткан кадр бюджет эмне экендигин билүүгө милдеттүү”,- дейт.

Айылдык кеңештердин төрагалары маяна алып иштеши керектигин белгилеген демилгечи депутат, – бул багыттагы каржылоо иштерине жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү жетишерлик,- деген эсебин чыгарды.

“Реалдуу турмуш шарты көрсөткөндөй, коомдогу  айыл өкмөттөрүнүн ролу абдан зор. Андыктан, кадр тандоодо ошол кызматка чыныгы татыктууларды тандап алуу маанилүү. Демек, актуалдуу делген мындай  маселени чечүүдө аны элдин калыс таразасына сала билгенибиз жакшы. Ошондуктан, мен сунушталып жаткан мыйзам долбоорун кош колдоп колдойм”,- дейт ошол эле уктурууга катышкан ЖК V чакырылышынын депутаты, коомдук ишмер Надира Нарматова.  Ошондой эле ал кадрлардын ротациялык тартип менен иштешин калыпка салганда  жоопкерчилик жогоруламак,- деп эсептейт.

Аялзатын сыйлабаган «Кыргызстан» фракциясы гендердик теңчиликти оозангандан айланабы?

Жаз алды менен социалдык түйүндөр менен интернетте парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын катарында бир дагы айымдын жоктугун сынга алган катуу талкуулар жаралган. Азырынча партиянын катары менен өкмөттө өңчөй фракциянын көмүскөдөгү кожоюну Шаршенбек Абдыкеримовдун кайнеже-балдыз, жерге-жек-жааттарынан куралган айымдар гана «Кыргызстан» фракциясынын тизмесин «титиретишүүдө». Коомчулуктун мындай сынына фракциянын лидери Алмаз Баатырбеков «күңк-мыңк» эте аргументсиз, чоркок жооптору менен жооп узатымыш болот. А иш жүзүндө фракциянын парламенттеги курамында бир да айым дспутаттын жоктугу, жоон топ эргулдардан куралган эл өкүлдөрү трибунадан гендердик теңчиликти куу чөп менен оозанса, жандарына киши чыдап тура албайт го чиркин! Сырттагы КСДП баштаган ири партиялар парламенттеги бошогон орундарын айымдар менен толуктап жатышса, бу Шакинин командасы Элмира Жумалиева, Чолпон Эсенаманова баштаган аялзатын чачынан сүйрөгөндөй образга кууп чыгышып, бүгүн көзгө басар бир айымы жок мукурап турушат. Же «Кыргызстан» партиясынын багына өңчөй Шаршенбек Абдыкеримовдун балдыз, кайнеже, жек-жаат, күндөштөрү жазылганбы? Гендердик теңчиликти уруп ойнобогон мындай партияга анан кантип келечекте ишеним болсун? Сыягы, бу жакта фракция лидери Алмаз Батырбеков «шестерканын» эле милдетин аткарып жүргөнү жалганбы?..

Булак: “Азия ньюс”

Садык Шер-Нияз, ЖК депутаты: "Ө.Текебаевдин элге сиңген эмгегин баарыбыз жакшы билебиз. Кийинки кадамдар элдин тандоосунда болот!"

27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди эки айга тергөө абагына кармоо тууралуу чечим чыгарып,  ага ылайык оппозиция лидери 25-апрелге чейин УКМК абагында калтырылган. 9-мартта  шаардык сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндү калтырып,  10-мартта “Ата Мекен” фракциясынын лидеринин адвокаты шаардык соттун чечимине макул болбой, арыз менен Жогорку Сотко кайрылган.

Кечээ, 29-мартта Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларынын арызын карады. Сот процесси Текебаевди колдогон тарапташтарынын, жарандык активисттердин, саясатчылардын катышуусунда чакан митинг менен коштолду. Сөз алып сүйлөгөн ар бир өкүл бүгүнкү бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын кескин сындап, соттордун адилетсиздигин, бийликтин өзүм билемдигин, сөз эркиндигине болгон кысымдар туурасында кеп кылышты. Митингке мурдагы депутат Болот Шер катышып,  өзүнө жана партиялаштарына карата коюлуп жаткан мародер айыптарына кайрылып, президент Атамбаевди да сынга алды: “Элдин мүлкүн мародерлордон сактайлы деп күн-түн дебей 7-8-апрелде көчөдө иштеп жаттык. Анда Атамбаев кайда эле? Үйүндө олтурган болчу. Биз элдик кошуун түзүп тартип орнотуп, башаламандыкта пайдаланып мародерчулук болуп кетпесин деп жүргөндө, азыркы УКМКнын тыңчылары кайда эле? Эл үчүн эмне иштерди жасашты эле? Ошондо алар кай жакты карап жатышты эле? Бүгүн мародерлордон сактайлык деген бизди, мародер кылып жатышат. Айланайын укук коргоочулар. Азыр Жогорку Соттун алдын темир менен тороп, курчап алыпсыңар. Мейли курчагыла, бирок чындыкты минтип курчай албайсыңар”-деди ал. Митингке келгендердин көпчүлүгү жаштар болуп, алар колдоруна “Текебаевге боштондук” деген лозунгдарды кармап турушту. Сөз алып: “абалым Атамбаевдикине караганда жакшы, анткени эл арасындамын, Текебаевдикине караганда жаман, анткени укугу бузулуп жатат”-деген мурдагы омбудсмен Турсунбек Акун азыркы бийликтин шайы ооп калганын, Атамбаев 7-апрелге жетпей кетип калышы мүмкүн экенин кошумчалады.

500гө чукул чогулган эл Текебаевдин соттук угууларынын жыйынтыгы чыкканча турушту. Жогорку Соттун маалымат кызматынын башчысы Айнура Токтошева эге чыгып, адвокаттардын даттануу арызынын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу соттук коллегия төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырганын кабарлады.

Мындан аркы кадамдар кандай болоору туурасында депутат Садык Шер-Ниязга суроо салдык.

Садык Шер-Нияз, ЖКнын депутаты:

-Садык мырза, каралып жаткан иш бүгүн деле сотто  адилеттик таппады. Кийинки кадамдар кандай болот?

-Жеке өзүмдүн баамымда, бүгүнкү күндө адамдын күнөөлүү же күнөөлүү эместигин бир эле сот чечпейт. Андан башка Текебаевдин жактоочулары, “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү жана аны колдогон элдин дагы ою бар. Алардын көз-карашы, ой-пикирлери бүгүнкү бийликтин чыгарган чечимдеринен таптакыр башка. Бийлик өз бийлигине таянып баарын кылса болот, бирок чындык баары бир атырылып чыгат. Менин ишенимимде Ө.Текебаевдей кыргыз мамлекетинин демократиясынын түптөлүшүнө, мейли мыйзамдарынын жазылышына, саясатына салым кошкондой, азырынча эч ким салым кошо элек. Чет элдик шылуундун берген көрсөтмөлөрү менен мамлекетке эмгеги сиңген адамды камоо-чындыкты муунтуу. Түрмөгө түшкөн эч нерсе эмес, Нельсон Мандела деле 10 жылдап түрмөдө жаткан. Саясатчынын өлүмү качан бүтөт? Эл анын эмгегин баалабай, билбей калганда бүтөт. Бирок, Ө.Текебаевдин элге сиңген эмгегин баарыбыз жакшы билебиз. Кийинки кадамдар элдин тандоосунда болот.

Булак: “Алиби”

Меню