Menu

САЯСАТ

КР ЖК вице-спикери А. Өмүрбекованын Өкмөттө айыл чарба тармагына жеңилдетилген насыяга каражат жоктугу тууралуу билдирүүсүнө түшүндүрмө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 29-марттагы жыйынында вице-спикер Алтынай Өмүрбекованын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө  айыл чарба тармагына жеңилдетилген насыяга  каражат жоктугу тууралуу билдирүүсүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты төмөнкүдөй түшүндүрмө берет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынынмаалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Мал чарбачылыгын өнүктүрүү, өсүмдүк өстүрүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, айыл чарба тармагындагы тейлөөлөрдү жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын ишкердик субъектерине жана жеке жарандарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан «Айыл чарбасын каржылоо — 5» долбоорун бекитүү тууралуу  2017-жылдын 3-февралында № 58 токтом кабыл алынган.

Коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер тарабынан каржылоо долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын ишкердик субъектерине жана жеке жарандарына жеңилдетилген пайыздык көрсөткүч менен, экспортко багытталган айыл чарба азыктарын кайра иштетүүгө жана өндүрүүгө, айыл чарба тармагындагы тейлөөнү жакшыртууга — 6 %; өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгына – 10 % менен насыялар берилүүдө.

Кыргыз Респуликасынын Өкмөтү тарабынан республикалык бюджеттен 2017-жылы коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелердин жеңилдетилген пайыздык көрсөткүчтөр менен берген насыя чыгымдарын субсидиялаштырууга  700,0 млн сом каралган.

Учурда «Айыл чарбасын каржылоо-5» долбооруна катышкан 5 коммерциялык банк тарабынан  420 млн сомдук 1 104 насыя берилди. 2017-жылы айыл чарба тармагын колдоо максатында берилген насыянын суммасын 7 млрд сомго жеткирүү пландалууда. Мындан сырткары приоритеттүү тармактардын бири болгон агро өнөр жай комплексин жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагын колдоого берилген насыянын  44,3 % Кыргыз-Россия өнүктүрүү Фонду тарабынан каржыланган.

Жалпы болуп бул тармакка Фонд тарабынан 22,4 млн АКШ доллардык насыя берилип, логистикалык борборлорду курууга 3,8 млн АКШ доллар сарпталды.

 

Өзбекстан бала бакчаларында педагогикалык билими жоктор иштен айдалууда

Өзбекстанда март айынан тарта бардык бала бакчаларда текшерүү жүрүп, педагогикалык билими жок кызматкерлер жумуштан бошотулууда. Айрым маалыматтар боюнча мындан ары жогорку  билими барлар гана ишке алынат.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги аттестациялар Сурхандарыя облусунда чыккан жаңжалдан кийин жүргүзүлүүдө.

Билим берүү министрлигинен кабарлашкандай, текшерүү маалында тарбиячылардын балага болгон мамилесине, окутуу методикасына, тарбия берүү ыкмасына көңүл бурулууда.

Бул арада айрым тарбиячылар көп жылдык иш тажрыйбалары эске алынбай, педагогикалык билим жок деген жүйө менен иштен бошотулгандарына нааразы болушууда.

Буга чейин Сурхандарыя облусундагы бала бакчалардын биринде тартылган делген видео интернетке тарап кеткен. Анда тарбиячылар балдарды бычак менен коркутуп, ур-токмокко алып, түнкүсүн имарат “сойкуканага” айланганы көрсөтүлгөн. Мындан соң облустагы 290 бала-бакчада текшерүү жүрүп, 23үндө интимдик кызмат көрсөтүлүп келгени аныкталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

КР Президентинин Аппарат жетекчиси Сапар Исаков Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын мурдагы орун басары В.Некрасовду анын Кыргызстандагы ишмердигинин аякташына байланыштуу кабыл алды

Бүгүн, 29-мартта Кыргыз Республикасынын Аппарат жетекчиси Сапар Исаков Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы мурдагы соода өкүлү, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын мурдагы орун басары В.А. Некрасовду анын Кыргызстандагы ишмердигинин аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул туурасында Президенрттик Аппараттын басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда Сапар Исаков Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыӊдоо боюнча жемиштүү иши үчүн В.А. Некрасовго ыраазылык билдирди. Атап айтканда,  КР Президентинин Аппарат жетекчиси анын тикелей катышуусу менен эки өлкөнүн бизнес-чөйрөлөрүнүн ортосунда байланыштар калыптанганын, россиялык кыйла инвестициялар Кыргызстандын экономикасына тартылганын, андан тышкары Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду өз ишин баштаганын белгиледи.

Жолугушуу аягында Сапар Исаков В.А. Некрасовго жаңы кызматында үзүрлүү иштешин каалады.

НАТОнун башкы командачысы Украинага курал-жарак жеткирүүнү сунуштады

Орусия тарабынан колдоого алынып жаткан жикчилдерге каршы күрөшүү үчүн Украинага заманбап курал-жарак берүү зарыл. Мындай сунушун НАТО күчтөрүнүн башкы командачысы жана АКШ күчтөрүнүн Европадагы кол башчысы, генерал Кертис Скапарротти билдирди.

“Менин жеке пикиримде, коргонуу үчүн биз Украинага заманбап учуучу куралдарды жеткирүү мүмкүндүктөрүн карап чыгышыбыз зарыл”, – деди Скапарротти АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Куралдуу күчтөр комитетинин угууларында.

Мурдагы президент Барак Обаманын администрациясы Украинага бронежилет, түнчүндө көрүү каражаттары, кургак тамак –аш, дары дармек жагынан жардам көргөзгөн. Бирок администрация Орусия тараптын согушту ырбатуу ыктымалдыгынан чочулап, Украинага танктарга каршы ракеталарды жеткирүү тууралуу Конгресстин чакырыктарына каршылык билдирип келген.

Скапарротти Орусия менен чектешкен Грузия менен Украина Москванын арам ойлуу иштерине, анын ичинде куралдуу аракеттерине каршылык көрсөтүп жаткандыгын билдирди. Генерал күчтөнүп жаткан Орусия өнөктөштөн келишпес каршылашка айланып баратканын белгиледи.

Өз сөзүндө АКШнын Өкүлдөр палатасынын куралдуу күчтөр комитетинин мүчөсү Мак Торнберри Орусиянын башкы максаттарынын бири «тарыхтагы эң ийгиликтүү аскерий альянс» эсептелген НАТОну алсыздантып, аны бөлүп-жаруу экенин айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Британия ЕБден чыгуу жараянын расмий түрдө бүгүн баштайт

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй өлкөнүн биримдик курамынан чыгуу каалоосу тууралуу Европа биримдигине расмий кат жолдоду.

Reuters агенттиктин кабарчылары ЕБ кеңешинин президенти Дональд Тускка бүгүн берилиши керек болгон каттын көчүрмөсү менен таанышканын билдирүүдө. Эми Туск катты алгандан кийинки эки күндүн ичинде ЕБдин 27 мүчөсүнө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү эрежелерин жөнөтүшү керек.

Сүйлөшүүлөрдүн эки жылга созулуп, Улуу Британиянын 1973-жылдан бери мүчө болуп келген биримдик курамынан 2019-жылдын мартында биротоло чыгары күтүлүүдө. Британия калкы 9 ай мурда өткөн референдумдун жыйынтыгында өлкөнүн ЕБдин курамынан чыгышын колдогон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Турсунбек Акун: “Урматтуу Президент! Бизди укпай, Акаев менен Бакиевди аңга түрткөндөрдү уга берсеңиз, өз элиңизден качып кетүүгө мажбур болосуз!”

Ошентип, Атамбаевдин бийлиги жана тиешелүү күч органдары Садыр Жапаровду эл душманы жана террорист сыяктуу камап, анын жактоочуларын да күч колдонуу аркылуу таркатып, нааразычылык акциясына чыккандардын ичинен 70ке чукул адамды сот жообуна тартууга жетишти.

Кыргыз бийлиги жана күч кызматкерлери элге каршы операциясына маашырланып, “бийликке каршы чыккандардын жүрөгүнүн үшүн алып, экинчи чыккыс кылдык”,- деп сүйүнүп жатышат. Бирок, алар өтө саясий жана оңдоого болбой туран катачылыкка жол берип койгонун азырынча түшүнө элек.

Бакиевдин бийлиги дагы 2007-жылдын 19- апрелинде ушинтип акцияга чыккандарды кууп таратып, боз үйлөрдүн уук-керегелерин талкалап, элдин каргышына калган эле. Алар да Атамбаевдин бийлиги сыяктуу “кыйратып салдык” таризинде кечээгидей сүйүнүшкөн эле. Бирок, үч жыл өтүп-өтпөй, өздөрү дүйнөгө уят болуп, өз элинен куулуп кетишип, өмүр бою абакка кесилишип, өз жеринин абасына зар болуп жатышат. Атамбаевдин бийлиги дагы минтип отурса Бакиевдердин кейпин кийип калышы толугу менен мүмкүн.

Саясатчы жана укук коргоочу катары мен деле чет өлкөдөн кайтып келген Садыр Жапаровдун кээ бир аракеттерин жактыра бербейм. Айрыкча, чет өлкөдөн келе жатканын алдын-ала элге жарыялап ажиотаж кылып, жүздөгөн адамдарды тостуруп, канчалаган самолетту жалдап, мигранттарды өз иштеринен алагды кылуунун зарылдыгы бар беле?! Садыр Жапаров бул Иран Республикасынын мурдагы революциячыл пре­зиденти Аятолла Хомейни сыяктуу миллиондогон адамдардын тосуп алуусуна арзыган эмгекти азырынча кыла элек да. Популизмдин дагы чеги болот. Бул анын чоң саясий катачылыгы. Ал дале болсо саясатта жетиле электигин көрсөттү.

Бирок, Садыр Жапаров пендечилик кылып ката кетирсе да президент Атамбаев андай каталарды кетирбей, акыл мене иш кылса болот эле да. Кандай кылган күндө да Жапаровдун жактоочулары алдын-ала бийликтен уруксат алып, Горь­кий паркына тынч жыйын өткөрүүгө камынып, жыйылган элге концерт берип, өз лидерин салтанаттуу тосууга даярданып жатышкан эле. Эгерде Садыр Жапаров ГКНБ тарабынан күч колдонуп кармалбай, аны тосуп жаткан өз жактоочуларына келгенде жыйын тынч өтүп, эл жөн эле тарап кетмек. Анын камалганын уккан эл айласыздан аны бошотуп алуу үчүн ГКНБнын имаратына барууга мажбур болушту да. Анын жактоочулары чынында эле ката кетиришти, эмоцияга берилишти, милицияга таш жана баклашка ыргытты. Ал чын, бирок адамдардын ушундай кадамдарга баруусуна Жапаровду камоо менен бийлик өзү прово­кация кылып жатпайбы? Эмне үчүн бул катасын бийлик өз мойнуна алгысы келбейт? Бийлик өзү өз жарандарын камап, жүздөгөн адамдардын укугун одоно тебелеп жатпайбы?

Ал алдын-ала берген маегинде “тергөөгө ошол күнү өз каалоом менен барам”,- деген убадасы дагы бар эле. Кыргыз бийлиги Жапаровду сыйлабаса дагы аны күткөн жүздөгөн кыргыз жарандарын сыйлап, Жапаровду ал күнү камабай койсо болот беле?! Эгерде Жапаров тергөодөн баш тартса же кандайдыр бир мыйзам бузууларга барса, анда аны камап коюу бийлик үчүн кыйынга деле турмак эмес. Ал бир убакта өлкөдөн чыгып кеткени менен кайрадан өз каалоосу ме­нен келип жатканын бийлик сөзсүз эске алышы керек эле.

Чет өлкөдөн өз өлкөсүнө кайтып келишкен Жапаров менен Текебаевди “террорист” катары камап, бийлик өтө одоно саясий катачылыкка жол берип, миңдеген адамдардын нааразычылыгын жаратты. Аларды үй камагына чыгарып деле тергөө амалдарын жүргүзө берсе, алар тергөөдөн эч кайда качышмак эмес. Кайрадан тагылып жат­кан айыптардын туура эместигин далилдөө үчүн мыйзам чегинде катуу аракеттерин көрүшмөк. Анткени президенттик шайлоонун алдында алар саясий имиджин кетирип алуудан коркушмак. Белгилүү саясатчыларды камоо менен бийлик миңдеген адамдардын көчөгө чыгуусун шарттап, элдин нааразылыгын пайда кылып, карапайым

адамдарды камап, бийлик менен элдин ортосуна жарака орнотуп, мурдагы Акаев менен Баки­евдин бийлигинен эч айырмасы жок экендигин далилдөөдө. Акаев менен Бакиевдин убагында болгон митинг менен пикет дагы эле уланып, сая­сий ачкачылык акциясы токтобой, мурдагы бийликтин кетирген катасынан эч жыйынтык чыгара албай келет.

Элге жаман көрүнүп качып кеткен Бакиев дагы адам укугун коргоочуларга асылып, алардын аброюна шек келтирген эмес. Тескерисинче, ал эл арасынан чыккан укук коргоочуну Акыйкатчылык даражага чейин көтөрүп, чоң ишеним көрсөтүп, аны менен кызматташкан. Атамбаев болсо тескерисинче, укук коргоочуларга асылып, алардын аброюна жана ар-намысына шек келтире турган сөздөрдү айтып, мыйзамсыз каматып, сот жообуна тарттырууга чейин батынды. Мына Атамбаевдин бийлигинин чыныгы жүзү.

Акаев менен Бакиевдин бийлигин канчалык сындаган менен алар оппозициянын өкүлдөрү жана саясий оппоненттери менен дайыма сүйлөшүү жүргүзүп, талылуу маселелер боюнча диалогко барып турган. Тескерисинче, оппози­циянын өкүлдөрү алардын сүйлөшүүсүнө келбей койгон учурлар болгон. Атамбаев болсо өзү башкарган алты жылга чукул аралыкта оппози­циянын жетекчилери же өкүлдөрү менен бир дагы жолу диалогго бара албады. Биз чакырган күндө да өзү баш тартканы аз келгенсип, бир да өкүлүн жиберип койгонго жарабады. Мен элдик укук коргоочу жана коомдук ишмер катары канча жолу Атамбаевдин бийлигин оппозиция менен өз ара сүйлөшүүгө чакырдым. Бизди сыйлап ке­лип да койбоду. Буга кыргыз коомчулугу күбө.

Урматтуу Президент!

“Эсиң барда этегиңди жап”,- деген кыр­гыз макалындай сиз өтө опурталдуу, элге каршы жолго түшүп алдыңыз. Эсиңизге келип бул жолдон кайра тартыңыз. Дагы эле болсо кеч эмес. Мен бир убакта сиздин жакшы санаалаш жана идеялаш адамыңыз катары айтып жатам. Сиз­дин айланаңызда бир убакта Акаев менен Бакиевди туура эмес жолго түрткөн адамдар сизди да ошондой жолго түртүп жатканын аңдабай жатасыз. Сиз билинбей жатып алардын капканына түшүп калганыңызды билбей жатасыз. Сиз биз айтканды укпай ошолордун көрсөтмөсү менен боло берсеңиз, анда жакын аралыкта Акаев ме­нен Бакиевдин жолун жолдоп, өз элиңизден ка­чып кетүүгө мажбур болосуз.

Кыргызда “Ойлонбой сүйлөгөн онтобой өлөт” деген да насыят сөз бар. Сиз терең ойлон­бой, оюңузга келген сөздөрдү ушинтип ар жума сайын сүйлөп, көрүнгөнгө асылып, элдин кыжырына тийе берсениз, акыры элдин назарынан каласыз. Президент катары чыдамдуу болуп, болбогон таарынычтардан жогору туруп, айкөл жана кечиримдүү болушуңузду суранам. Эл тарабынан айтылган ушул сыяктуу кеңештерди, бир туугандык өтүнүчтөрдү укпай “өзүм билемдик кылам” деп жатып өмүр бою өкүнүп калбашыңызды каалар элем.

Сизди сыйлоо менен, Атамбаевге кошомат кылбаган жана аны урматтап сыйлаган, ага жакшылыктарды гана каалаган белгилүү укук коргоочу жана акыйкатты туу туткан Турсунбек Акун

Булак: “Майданkg”

Садыр Жапаровду колдоо митингинде провокациялык башаламандыкты ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаров уюштурдубу?

15-мартта Садыр Жапаровдун өлкөгө кайтып келишине ылайык тынчтык митинги өткөрүлмөк. Садыр Жапаров өлкөгө кайтып келээрин, тынчтык митингине катышып, андан соң УКМКга өзү суракка бараарын расмий жарыялаган.

Бирок ошого карабастан бийлик өзүнүн алсызлыгын көрсөтүп, провокациялык башаламандыкка жол берди.

Айрым маалыматтарга таянсак бул провокацияны ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаров уюштурганы айтылууда. Бул митингде тартипти көзөмөлдөө милдети Абдыкаровго жүктөлгөн. Абдыкаров тартипти көзөмөлдөп, милицияны башкаруу вазыйпасын аткарышы керек эле.

Ал эми Абдыкаров тескерисинче митингди көзөмөлдөгөндү кой, окуя болгон жерге барбай качып кетиптир. Ошол эле учурда Абдыкаров провокацияны уюштуруп, атайын даярдалган балдарды чагымчылдык уюштурууга приказ бериптир. Натыйжада бир топ митингчилер жана алты милиция кызматкери жарадар болуп, алардын ичинде ГУВДнын 10-башкармалыгынын башчысынын белине ок тийгени маалым болду.
Буга чейин Абдыкаров 2010-жылы 6-апрелде Таласта ИИБдин орун басары болуп турганда, алгач Таласта элдик толкундоолор башталганда кесиптештерин ур-токмокко калтырып, аялдарча кийинип качып кеткени тууралуу ММКларда жарыяланган. Бул ирээт дагы эки тарапты кагылыштырып коюп качып кеткени эмнеси? Ушундай суу жүрөк Абдыкаров, кайсы кылган эрдиги үчүн Президент Атамбаевден «Эрдик» медалын алганы табышмак…

Булак: “Майданkg”

Надира Нарматова, экс-депутат: “Бийликтин төө басты саясаты тынымсыз нараазычылык акцияларын, ашыкча митинг, жол тосууларга шарт түзүп жатат”

 

Надира Азимовна, Кыргызстандагы акыркы мезгилдеги саясый окуялар эмнеден кабар берет?

-Акыркы 2012-жылдан бери саясатчылардын көбүнө эле түрдүү беренелер менен иш козголуп келе жатат. Өкүнүчтүүсү, дароо эле оор статьяларды коюшуп, такталган, такталбаган маалыматтар менен, тергөөсү бүтүп, айыбы угула электе эле камаган өнөкөткө айланып баратат. Ошондой эле кылмыш иши тактала электе, сот отурумдары баштала электе, соттун чечими чыга электе эле КТРК менен ЭЛТРден кылмышкер катары даңазалап, такталып бүтө элек маалыматтарды күнүнө он жолудан кайталап, элдин кулагын көндүрүп, бөкөчө, жексур, жеп-ичкич, ууру- кески, жеткен коррупционер, кыл­мышкер кылып көрсөтүп, ашкере жарнамалык иштерди жүргүзүп , укук коргоо органдарынын эң ишенимдүү жардамчысы болуп берип жаткандыгы карапайым элдин кыжырын кайнатып жаткандыгы ачуу чындык. КТРК менен ЭЛТР коомдук, элдик канал болуп, бюджеттен каржыланганы менен элге теңирден  тескери маалыматтарды жеткирип жатышат. Бийликтегилер мамлекеттик телеканалдар менен каралап, максатыбызга жеттик дешкени менен көпчүлүк эл нааразы болуп, КТРди “кара жашик”, “тапшырма аткаруучу канал” дешип жек көрүп калышкандыгы реалдуу жашоонун ачуу чындыгы. Негизи тергөө амалдары бүтүп, айыбы угузулуп, сот болуп, сотто күнөөсү аныкталгандан кийин гана кылмышкер, коррупционер же дагы бир коркунучтуу ууру деп атаса болот. Бийликтин төө басты саясаты тынымсыз нараазычылык акцияларын, ашыкча митинг, жол тосууларга шарт түзүп жатат. Жыйынтыгында, өлкөбүздө туруктуулук, өсүп-өнүгүү болбой, эл арасында мамыр-жумур жашоо өкүм сүрбөй, карапайым эл укук коргоо органдарына ишенбей калышты. Акыркы беш жылда саясий куугунтук дейбизби, саясий коррупционерлер дейбизби, кыскасы, тарыхта болуп көрбөгөн окуялар орун алып, күтүлбөгөн саясий кадамдардын жыйынтыгы түрмө менен коштолуп жаткан көрүнүш орун алды. Тилекке каршы, чыныгы уурулар, коррупционерлер, миллион, миллиарддарды жок кылып жибергендер аныкталганы ме­нен укук коргоо органдары тарабынан эч кандай маани берилбей, күрөш тандоо жолу менен жүрүп жатат.

– Садыр Жапаровдун келишинин урматына уюшулган митинг боюнча нелерди айта аласыз?

25-март күнкү митингди өткөрүүгө уруксат берилгенден кий­ин, Садыр Жапаровду камап, кырдаалды курчутуп, митингди күч менен таратпай деле коюшса болмок. Анткени, Садыр Жапаров “митингдин катышуучулары менен жолугуп, анан суракка барам”- деп коомчулукка ачык жарыялаган. Өз каалоосу менен чек арадан өтүп келгени үчүн рахмат айтып, “митингден бошогондон кийин суракка келиңиз”- деп күтүп турушса болмок. Шоу уюштуруп, коркунучтуу кылмышкерди кармагансып, күтүп турган элдин кыжырына тийбей деле коюшса болмок. Укук коргоо органдары анчалык кыйын болушса, өзү келгенде баса калып камабай, Москва, Алматыда жүргөндө барып, издөө жарыялап алып келбейт беле. Митингде кармалгандарды ур-тепкиге алардан мурун укук коргоо органдары элдин кыжырына өздөрү тийип алганын эске алышса болмок. Граждандык кийимчен балдарды митингге кошо коюшуп, митингге катышкандарга мал сыяктуу мамиле жасап, бир адамды тытмалап, иттин өлүгүн көтөргөнсүп колмо-кол

сүйрөгөндөрү жакшы көрүнүш болгон жок. Кыскасы, 25-марттагы ми­тингде адам укугу корголбой эле кордолду. Кыскасы, 25-мартта атайылап элди коркутуу, үркүтүү максатында көрсөтүү багытында театралдаштырган бир шоу өткөрүштү. Садырдын балдарында, анын бир туугандарында, келиндеринде не күнөө? Аларды камаштын, сабаштын кажети жок го. Жооп берсе Садыр өзү жооп берет. Мен энемин, балдарда эмне айып. Атасы келе жатса үйдө олтурмак беле. Жок дегенде атасы менен учурашайын деп митингге баргандыр. Бир туугандары да инисин көргөнү барышкандыр. Жүрөктү оорутуп, атасын сагынган балдарды ур-токмоко алганы аз келгенсип, бирин эки күнгө, келиндерин 5 күнгө, агасын эки айга камаганы жаман болду, балким, жогору жактагылар бул аракети менен “Керегем сага айтам, келиним сен ук” деген коңгуроо кагып, Садырды бир беткей каралап жаткандыр. Бирок, эл бурмаланган сөзгө эмес, чындыкка ишенет. Кыскасы, Садыр Жапаровду камоо Текебаевдин маселесине окшош бир көрүнүш болуп калды. Тактап алып, анан камашпай, камап алып, анан тергөө жүргүзө башташты. Бул мыйзамга жат нерсе.

Демек, Садыр Жапаров “Кумтөрдү” эл аралык сотко берем деген аракети үчүн ушундай орой мамилеге дуушар болдубу?

-Жапаровдун “Кумтөр” боюнча ачуу билдирүүлөрү, конкреттүү фактыларынан улам, коомчулукта туура эмес пикир жаратат деген шектенүү болушу мүмкүн. Балким, Текебаев­дин үнүн баскандай, С.Жапаровдун да үнүн басуу зарылчылыгы келип чыккандыр. Убакыт көрсөтөт. Шайлоо келе жатат. С.Жапаров шайлоого катышуучулардын бири. Убактылуу тынып, тынчып олтуруп тургузуунун бир айласы кылып, камап салышты окшойт. Сурак берип, соттошуп, оттошуп бүткүчөктү күзгө жетип калабыз. Кыргыздар качан ичибизди кенен кылчу элек. Каныбызда кара мүртөздүк, ичи тардык, жүзү каралык, өзүмчүлдүк, кошоматчьшык, саткындык, көрө албастык жашап турганда, бир бирине “ит күлүгүн түлкү сүйбөйт”- деген принцип менен мамиле кылып, камоону – тыңчыкмаларды тазалоонун ыңгайлуу жолу катары карап. жатышса керек да. Чынында Садырдан коркунучтуу коррупционерлер, өлүмдөн, кайгыдан, боздогон көз жаштардан акча жасап, миллиарддарды уурдагандар деле жүрбөйбү.

Булак: “Майданkg”

Кыргыз Республикасынын жана Финляндия Республикасынын Президенттери өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу бири-бирине куттуктоо телеграммасын жиберишти

Алмазбек Атамбаев жана Финляндия  Республикасынын Президенти Саули  Нийнистё эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу бири-бирине куттуктоо телеграммасын жиберишти. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

«Кыргыз Республикасы менен Финляндия Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу чын дилимден куттуктоомду кабыл алыӊыз.

Кыргызстан менен Финляндия ортосундагы достук мамилелер андан ары да өз ара пайдалуу кызматташтыктын жана эки элдин жакшылыгы үчүн конструктивдүү диалогдун нугунда өнүгөт деп ишенем», – деп айтылат Президент Алмазбек Атамбаевдин катында.

Кыргызстан Президенти Алмазбек Атамбаев Финляндия Президенти Саули  Нийнистёго  бекем ден соолук жана мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми дос Финляндия элине тынчтык менен бакыбаттыкты каалады.

Финляндия  Республикасынын Президенти Саули  Нийнистё Президент Алмазбек Атамбаевди өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы менен куттуктады.

«Мен биздин достук мамилелердин мындан ары да бекемделе беришине кубанам. Менин өтө жогорку сый-урматымды кабыл алыңыз», – деп айтылат катта.

Төрага Чыныбай Турсунбеков: "Дүйнөдөгү туруктуулук ар бир мамлекеттен көз каранды"

КР Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматынын маалыматына карганада бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Жогорку Кеӊеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясы менен ЕККУ Парламенттик Ассамблеясы биргелешип уюштурган Эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча парламенттик конференция учурунда билдирди.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Төрага Чыныбай Турсунбеков “кансыз согуш” аяктагандан кийин эл аралык коомчулук дүйнөнү кыйроого учураткан жана миллиондогон адамдарды жер которууга мажбурлап, гуманитардык жардамга муктаж кылган терроризм, экстремизм сындуу дүйнөлүк алааматка кептелгенин белгилеп: “Кыргызстан терроризмди чечкиндүү айыптоо менен бирге бул жааттагы коркунучтарга каршы жүргүзүлгөн улуттук, аймактык жана эл аралык деӊгээлдеги иш чараларда колдойт. Айрыкча, ЖККУ, КМШ, ШКУ, ЕККУ өӊдүү эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташууга жана БУУнун Дүйнөлүк контртеррористтик Стратегиясы менен БУУнун Коопсуздук Кеӊешинин резолюциясынын толук ишке ашырылышына кызыктар”, – деди.

Ошондой эле терроризмге каршы эл аралык коомчулук тарабынан кабыл алынган БУУнун 16 атайын документинин ону менен Кыргызстандын тыгыз иш алып барып жаткандыгын айткан Чыныбай Турсунбеков: “Кабыл алынган эл аралык конвенциялардын жоболоруна улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү менен жаӊы укуктук нормативдик актыларды даярдоо иши тынымсыз улантылууда. Алсак, 2015-жылдын февраль жана май айларында Кыргызстандын соту “Ислам мамлекети”, “Жабхат Ан-Нусра” өӊдүү бир катар уюмдарды террористтик жана экстремисттик уюм катары таанып, өлкө ичиндеги ишмердүүлүгүнө тыюу салды. Андан тышкары, террордук ишмердүүлүккө каршы адистерди даярдоо, тренингдерди өткөрүү, жан кечтилик идеялардын жайылышын ооздуктоо, интернеттеги коопсуздукту камсыздоо, ЖМКлар аркылуу терроризмге каршы үгүт кампаниясын уюштуруу жана башка мамлекеттер менен тажрыйба алмашуу сыяктуу комплекстүү иш чалалар жүргүзүлүүдө” –  деп кошумчалады.

Мындан тышкары, Кыргызстанда бардык ишенимдердин принциптерин эске алуу менен диндер аралык байланышты чыӊдоого, диний радикализмди болтурбоого жан жарандарды толеранттуулукка чакырууга өзгөчө көӊүл бурулуп жаткандыгын айткан Чыныбай Турсунбеков: “Коомго коркунуч жараткан диний экстремизмге, кесепеттүү радикалдык агымдарга каршы атайын жумуштар жасалууда. Маселен, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен мамлекет жана диндер аралык өз ара карым-катнашты камтыган 2014-2020- жылдарга чейинки диний багыттагы мамлекеттик саясат Концепциясы кабыл алынган”, – деди.

Афганистандагы туруксуз саясий абал жана аталган аймактагы террордук топтордун активдешүүсү Кыргызстанды да тынчсыздандырып жаткандыгын белгилеген Төрага: “Биз ал жактагы абалды турукташтырууга жана Афганистандын дүйнөлүк кызматташтыгынын чыӊдалышына кызыктарбыз”, – деп билдирди.  Ошондой эле, сөзүнүн аягында Чыныбай Турсунбеков дүйнөдөгү туруктуулук ар бир мамлекеттен көз каранды экенин кошумчалап, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу аркылуу да терроризмге каршы биргелешип күрөшүүгө болорун белгилей кетти.

Эске салсак, Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин делегациясы  КМШ ПАА жана ЖККУ ПАнын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарында жүрөт. Делегациянын курамында депутаттар А.Баатырбеков, А.Кодуранова, А.Шадиев, И.Матраимов, К.Иманалиев, М.Сабиров, А.Токторов, И.Сарсейитов, Н.Алимбеков, Е.Строкова, А.Нурбаев, А.Жамангулов, Б.Сулейманов, Д.Исаева, И.Карамушкина, А.Артыков жана К.Орозовалар бар.

Меню