“Эт эмес же чел эмес” акчанын күчү менен бийлик сересинин бийик секисине чыгып алышкан чиновниктер иттин кара капталынан көп экени тангыс чындык. Ошол көптүн бири болгондордун көч башында “тажик агенти” атка конгон илең-салаң иштеген вице-премьер министр Жеңиш Разаков деген бар. Мына ушул арабөк аткаминердин дымагы укмуш. Колунан кокон тыйын келбегенине карабай, ишке жолдун баарын жаптырып салып, МАИнин коштоосунда шаңдуу келет. Анысы аз келгенсип, “жаман атка жал бүтсө, жанына торсук байлатпайт” болуп, иш менен келгендерди кабылдамасына зарыктырып 2-3 саат күттүрүп коюп, ар ким менен чай ичип отура берип, анан “Эртең келгиле бошобой жатам кабыл ала албайм” – деген адаты бар экен. Ушундай деңгээли “төмөн”, амбициясы асманды чапчыгандар эл башкарып жатса анан кантип оңолмок элек? Мындайларды бригадир кылып шайлаштын өзү кооптуу. Ал түгүл сугатчы кылсаң да, кетменди оңдуу чаба албайт. Шордуу эл экенбиз да, “маңкасын” тарта албагандарды эл бийлетип…
Булак: “Фабула”