Menu

САЯСАТ

Фото - Санкт-Петербург шаарында КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын 46-пленардык жыйыны өттү

Кечээ, 27-мартта Жогорку Кеӊеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация Санкт-Петербург шаарында уюштурулган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кезектеги 46-пленардык жыйынына катышты. Бул тууралуу КР Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында “Өз алдынчалуу мекеме”, “Мамлекеттик менчик”, Мамлекеттик мүлктүү каттоо”, “Жеке мүлккө мамлекеттик каттоо укугу”, “Күбөлөндүрүү”, “Мамлекеттик өндүрүш саясаты” жана  “Нарк аныктоону мамлекеттик жөнгө салуу” тууралуу моделдик мыйзамдардын долбоорлору талкууланып, КМШга мүчө мамлекеттердеги иш үстүндө жабыр тарткан жумушчулардын абалын иликтөө жана эмгек шартын коргоо жаатындагы бирдиктүү эрежени кабыл алуу сунуштары каралды.

Андан тышкары, КМШ алкагындагы жаш окумуштуулардын кызматташтыгы,  жаныбарларга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу, айыл чарбасына бирдиктүү спутниктик мониторинг жасоо системасын уюштуруу сунуштары көтөрүлүп, жыйын катышуучулары КМШга мүчө мамлекеттердин Токой кодексинин жаӊы моделдик редакциясы, “Калктын экологиялык маданиятын жогорулатуу”, “Коомдук көзөмөлдүн негизи”, “Унаа транспортту”, “Мамлекеттик эмес кароол ишмердүүлүгү” жана “Чек арадагы мекемелер” жөнүндөгү моделдик мыйзамдар тууралуу пикир алмашышты.

Жыйын соӊунда көтөрүлгөн бардык маселелердин актуалдуу экендиги белгиленип, КМШ алкагында саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды чыӊдоо менен экологияны коргоо жаатында кызматташуу зарылчылыгы айтылды.

Эске салсак, Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин делегациясы  КМШ ПАА жана ЖККУ ПАнын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарында жүрөт. Делегациянын курамында депутаттар А.Баатырбеков, А.Кодуранова, А.Шадиев, И.Матраимов, К.Иманалиев, М.Сабиров, А.Токторов, И.Сарсейитов, Н.Алимбеков, Е.Строкова, А.Нурбаев, А.Жамангулов, Б.Сулейманов, Д.Исаева, И.Карамушкина, А.Артыков жана К.Орозовалар бар.

 

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу, коомдук ишмер: "Экиден кийинки үчүнчү революциянын жолу"

Бүгүн коомчулукта “2005- жылдын 24- мартындагы, 2010- жылдын 7- апрелиндеги эки революция , мамлекеттин келечеги, элдин жашоо турмушун оңдоо үчүн эмне берди? “- деген суроо көп коюлууда. Мындай суроонун чыгышы бир чети мыйзам ченемдүүлүк. Демейде суроолор элдин көксөгөн максаттары ишке ашпай тилектери ойдогудай орундалбай калганда пайда болот.

Сөздү 2005-жылдагы 24- мартта болгон революциядан баштайлы. Тарыха “Кызгалдак” революциясы деген ат менен калган коомдогу бул өзгөрүш кантип кайдан чыга калды эле? Кайсыл бир саясий күч уюшуп, астына ала план түзүп, атайын программа иштеп чыгып аракеттенди беле? Жок. Андай болгон эмес- деп ишенимдүү айта алабыз. Анан кантип, кайдан чыга калды?

Ошол кездеги бийликтин мыйзамды оюна келгендей бузган адлетсиздиги, калыстыктан тайганы, улам барган сайын Президент А.Акаевдин үй бүлөлүк- кыландык бийлик орунотууга жасаган аракети коомдун кыжырлануусун күчөтүп ичтен кайната берди. Кандайдыр бир саясий топтордун күчтүү биригүүсү аркылуу уюштуруу болбогону менен коомдун бийлике болгон нааразычылыгы 2005- жылы чегине жетип калган эле. Бийлик ого бетер биринин аркасынан экинчи жаңылыштыктарды кетире берди. Элдин жашоо турмушунун төмөндөгөнү аз келгенсип, Үзөнгү-Кууш, Каркыра сыяктуу кыргыз жерлеринин четинен кетиши, Аксыдагы тынч митинге чыккандардын атылышы коомдук жарылууга  баштап баратканда, ошол жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо бийлик элди таптакыр эле көзүнө илбей өзүм билемдикке өтүп шайлоо жыйынтыгын каалагандай бурмалашы жалпы республика боюнча элдик толкундоого алып келди.

Макаланын мүмкүнчүлүгүнө жараша кыскартып жазсак, Көлдө, А.Малиевдин, кочкордо А.Жапаровдун, Жалал-Абадда   Сыдыковдун, К. Бакиевдин шайлоочулары катуу чыгышып мындай каршылык тездик менен башка аймактарга да жайылып, аз убакыттын ичинде Чүй обулусунан башка аймакта бийлик өз таасирин жоготуп койду. Эл бийликти өз колуна алды. Саясатчылар элди ээрчитпей эле тескерисинче саясатчы лидерлер элди  айдагында калышкан кырдаал түзүлдү.

Мамлекеттеги абал өтө курчуп, бийлик башкаруу мүмкүнчүлүгүнөн дээрлик ажыраса да жок дегенде ошондогу оппозиция саясатчылар менен сүйлөшүүлөргө келбеди. Өлкөнүн бүт аймагынан агылган нааразы болгон эл борборго топтолгондо да бийлик эсине келбеди. Керек болсо бийликте отургандар 22-23 – мартта да сүйлөшүүлөргө барып, элдин талабын кабыл алып революцияны болтурбай токтотуп калууга мүмкүнчүлүк бар эле. Андай мүмкүнчүлүктү колдонушпады.

Кыжырланган элдин сүрмө тобунун астында баштоочулар болуп жүргөн лидерлердин биринин да А.Акаев башында турган бийлик орундарын таштап качаары ойорунда болгон эмес. Ошондуктан “Эгер бийликти колго алсак эмне кылабыз?”- деген плаан түзүшпөгөн. “Биз бийликке келсек мына бул программаны ишке ашырабыз”- деген идеяга биригишпеген. Чындыкты айтсак керек болсо ошол кездеги саясий лидерлердин бир пикирге келип бир лидердин атынан ээрчиген ширелишкен ынтымагы да жок эле. Түзүлгөн кырдаалдын талабына жараша аргасыз биригишип, аргасыз К. Бакиевди астыга салышкан болчу.

Бир эле мисалды айтайын. Жалал-Абаддагы революциялык бурулуш жасаган митингдин астында Жалал-Абад шаарында эртеңмененки саат 6 га К.Бакиевдин иниси раматылыгы болгур Жусуп Бакиевдин үйүндө Ү.Сыдыков, Н. Досбол, И.Болжурова, А. Бекназаров. К. Бакиев болуп чогулуп кеңешме өткөздүк. Эки эле маселе талкууланды. “Эл алдына кандай ураан менен чыгабыз? Кимди лидер кылып астыга салабыз?”- деген. Эки маселе тең бир пикирде чечиле калган жок. “Акаев кетсин!”- деген талап менен чыгалы деген А.Бекназаровдун сунушун мен эле колдодум. Ү. Сыдыков каршы чыкты калгандары калыс болуп туруп алышты. Ошондо “Эл арасындагы аксакалдардга салалы. Алар эмне айтса ошого макул бололу.”- деген чечимге келип, элге чыкканда аксакалдар биздин сунушту колдоп кетип “Акаев кетсин!” кабыл алынып калган. Экинчи маселеге келгенде да баштаганда эле лидерликке К. Бакевге макул боло калган эмеспиз. Ү. Сыдыков биринчи А.Бекназаровдон сураган “ Сен астыга түшүп бересиңби?” – деп. Бекназаров караманча каршы чыккан. Бекназаров “Ү.Сыдыковдун өзүн астыга түшүп бериңиз”- деген. Үсөн аке да макул болбой койгон. Ошол жыйынга өкүнүчтүүсү Роза Отунбаева менен Д. Сарыгулов катышпай калган эле. Эгер экөнүн бири катышканда балким  бирин лидер кылып астыга салышмак. Себеби ага чейин эле “К. Бакиев баласы Максимдин тилинен чыкпайт экен. Бүт финансыны баласына тейлетет экен.Бул келсе Акаевдин эле түгөйү болот го.” – деген күбүр кептер чыгып Бакиевге көп ишеним артышпай калышкан болчу. Ошентип эки маселени 4 саат карап талашып тартышып атып саат 10 дон өткөндө араң эл алдына чыкканбыз. Ошол эле күнү Жалал-Абады толугу менен, эртеси Ош, Баткенди толугу менен эл бийлиги алган. Ошндогу жыйын 24- мартты алып кеген бурулуштун башталышы болуп калды. Кудай турат. Анда ал жыйындын келечек маанисин анчалык терең түшүнө алган эмеспиз. “Лидерлер элди ээрчитпей эле эл лидерлерди астыга күчтөп салып түртүп алышкан”- деп айтпадымбы. Ошентип эл алдына К.Бакиев деп чыгып күү менен кете бергенбиз.

Муну эмнеге келтирдим. Ошентип жөнөкөй маселеде да бир пикирге келе албаган топ бийликке келип мамлекетти андан ары кантип башарууну билбей албастап калышты да баягы эле тапталган эски жолго түшүштү. Үч жыл өтпөй пикир келишпестиктер күчөп баягы революцияда баштап жүргөндөрдүн дээрлик көпчүлүгү кайра оппозицияга кетишти.  Жыйынтыгы 2010 – жылдын 7- арпрелине алып келди. 2005- жылдагыга караганда 2010- жылы эл оңой, ишенимдүү уюшту. Себеби 2005- жылкы революцияда эл бийликти  кетирип кое турган күчтөрүнө ишенип калышкан эле. Тилекке каршы экинчи революциянын башында келген лидерлер деле биринчилерден айырмалана алышпады. Элди ээрчитип келишпеди. Биринчи жолкудай эле элин астына кырдаал талабына ылайык түшүп калышып түртүлүп келишти.Идея жаратып ошого биригишпеди. Максаттары бийликти кетирүү гана болду. Калганын бара көрөлү дешти. Бир лидерге да токтоло алышпай “Убактылуу өкүмөт” дегенди түзүштү. Убактылуу өкүмөттүн иштеген учурунда да идея жаратышып мамлекеттин келечек өсүш планын түзө алышпады.Болгону Мамлекеттик башкаруу системасына оңдоо киргизгенге аракет кылышып “Парламенттик башкаруу” – деген Баш мыйзамды кабыл алышты. Бирок кайра эле өздөрү кабыл алган Баш мыйзамды өздөрү бузушуп, конституциялык мыйзам аркылуу бүт бийликти Президентке берип коюшту. Аты “Парламенттик башкаруу” аталганы менен эмне деген мамлекеттик башкаруу болуп жатканын эч ким түшүнбөгөн боткого айланды. Абал мурдагы кеткен эки бийликтин учурундагыдан өзгөргөн жок. Дагы деле баарын Президент бийлеп, жаманаттысы болсо Жогорку Кеңеш менен Өкүмөткө калууда.

Жогорудагы эки революциянын аркасы менен кимдер бийликке келишти? 1. Кандай да болсо бийлике жетип жеке кызыкчылыгын ишке ашырууну көздөгөндөр. 2. Бийликке жетип арам жол менен чогулткан байлыгын сактап калууну көздөгөндөр. 3. Бийликке жетип  эл кызыкчылыгы үчүн иштеп калыс башкаруу бийлигин оруноткусу келгендер. Бул жерде 1-2- топтогулар көптүк кылып негизги бийлик ошолордун колуна тийип, 3- топтогулар бийлик бутагына илинсе да колдорунан эч нерсе келбей кайра сүрүлүп чыгып калып жатышты.

Эгемендүүлүктү алганыбызга 25 жылдан өттү. Арада эки революция жасап  эки Президентти куудук. Бирок  элдин талабына жооп бергидей туруктуу  мамлекеттик башкаруу системасын түзө алган жокпуз. Мамлекетибиздин мамлекеттүлүгүн бекемдей албадык. Мамлекетин келечегине ишеним жараткан маданий, руханий,экономикалык өсүштөргө жетише албадык. Тескерисинче көп жагынан артка кеттик.

Өлкөдө кырдаал кайрадан курчуп коомчулукта нааразылык ичтен кайнай баштады.

Эмне кылуу керек? Бир гана жолу бар. Ал мамлекетти эдик курултай институту аркылуу башкаруу системасын орунотуу. Муну биз 20 жылдан ашык убакыттан бери какшап айтып келатабыз. Баш мыйзамга болгону 4 гана статя оңдоо киргизилет. 1. Бийликтин ээси эл. (Бул бар) 2. Эл өз бийлигин шайлоо жана шайлануу аркылуу жүргүзөт. (Бул да бар) 3. Эл өзү шайлаган бийликтин ишин элдик курултай институту аркылуу көзөмөлдөйт жана отчет алат. 4. Элик курултай институтунун ишмердүүлүгү конституциялык мыйзам менен аныкталат. Болгону ушул. Ал эми эл кандай башкарууну каалайт, Парламенттикпи же Президенттикпи  референдумда өздөрү чечиши керек. Бүгүнкү күнгө чейин элден “Кандай башкарууну каалайсыңар?”-деп эч ким сурай элек. Бийликке келген бир ууч топ эле өздөрүнүн кызыкчылыгына карап каалагандай башкаруу кийирип келатышат. Элдик курултай институту ишке кирсе, кандай башкаруу болгон күндө да бийлик элге жыл сайын отчот берет. Жаңылыштык кетирүүгө жол берилбейт. Кетирсе ошол замат Курултай иштен айдайт. Бийлик бүгүнкүдөй каалаганын жасап Сагымбайдын ким экенин билбеген адамды маданиятты тейлеген вице-премьер министр, өмүрү бир саат сабак бербеген адамды Билим берүү минисрти кылып бекитпейт. Көчөгө митинге чыкмайлар токтойт. Бардык маселени Элдик Курултайда элин өзү чечет.

Азыркы “Текебаевдин кониституциясы” аталган Баш мыйзамыбыз эмне берди? Мамлекеттин, элдин байлыгын түрлүү арам жолдор менен болсо да талап, тоногон олигархтарды Жогорку Кеңешке, бийликке алып келгенге кеңири шарт түздү. Андай арты булганчтардын бир гана кызыкчылыгы бар. Байлыгын коргоо жана аны көбөйтүү. Буга бүгүнкү Жогорку Кеңештин жүзү айкын далил. Бийлик эмне десе “лапай” дешип жүгүнүп атышат. Коомдогу таптар ортосундагы баланс бузулду. Маданий ишмерлер,интеллегентер, чыгармачыл, окумуштуу адамдар Жогорку Кеңешке барууга жол жабылды.ЖКте отургандардын 70-80 пайызына Текебаевди камагандай четинен кылмыш ишин козгоп камап койсо болот.

Бүгүн бийликти алмаштыруу үчүн күч колдонгон жогорку эки революциядагыдай жолду колдонууга караманча каршымын. Бийлик бул жолу тынч, мыйзамдуу алмашышы керек. Коом ансезимдин революциясын жасоолору керек. Саясий лидерлер эгер чындап эле мамлекеттин, элдин келечегин ойлошсо Элик Курултай институтун орунотуу идеясынын астына биригүүлөрү керек. Кайталайын идеянын астына биригүүлөрү керек.  Мындан башка жол жок. Канчалык эрте бириге башташса ошончолук жыйынтыгы жакшы жана эрте болот.

Казакстанда журналист Мамайдын тарапташтары анын абактагы коопсуздугун талап кылышууда

Алматыда камакка алынган жарандык активист жана журналист Жанболат Мамайдын тарапташтары шаар акими менен жолугушуу максатында кайра чогулушту. Алар калаа башчысынан журналисттин тергөө абагындагы коопсуздугун камсыз кылып берүүсүн талап кылышууда.

Жарандык активист Жазира Тоганбаеванын айтымында, ал буга чейин акимди көчөдө кездештирип, Жанболат Мамайды коргоо комитетинин мүчөлөрү аны менен жолугушууну каалап, журналисттин Алматы тергөө абагындагы коопсуздугун камсыздоосун өтүнүп жаткандыктарын билдирген. Бирок калаа башчысы жооп катары «судья эместигин» айтып гана тим болгон.

Коргоо комитетинин мүчөлөрү аким аларды кабыл алып, камактагы журналисттин абалын талкууламайынча дүйшөмбү сайын акимчилик алдына чогулуп, арыз, петиция жазуусун уланта бере тургандыктарын билдиришүүдө.

«Саяси калам. Трибуна» гезитинин редактору Жанболат Мамай БТА Банктын мурдагы башчысы Мухтар Аблязовдун иши боюнча айыпталып февралда эки айга камакка алынган. Ага кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаган деген кине коюлууда. Өз кезегинде Аблязов айыптоону «абсурд» деп атап, Мамай менен эч качан жолукпаганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: Чек арада жайгашкан аймактарды өнүктүрүүгө бардык мамлекеттик органдар активдүү катышуусу керек

«Чек арада жайгашкан аймактарды өнүктүрүүгө бардык мамлекеттик органдар активдүү катышуусу керек. Республикадагы өзгөчө макамга ээ болгон айылдардын өнүгүү программасы болуусу зарыл», – деди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 25-мартта өткүн жыйында. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Бул жыйында өлкө аймагындагы өзгөчө макамга ээ болгон, чек арада жайгашкан аймактардын коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программанын ишке ашыруунун экинчи этабындагы иш чаралар планын иштеп чыгуу маселесик аралды.
Вице-премьер-министр белгилегендей, 2017-2021-жылдар аралыгында чек арада жайгашкан өзгөчө статуска ээ болгон аймактардын коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча кабыл алынган мамлекеттик программанын 2-этабын ишке ашыруу зарыл.
Жеңиш Разаков чек арага чектеш айылдардын коопсуздугун сактоо, ар кандай чыр-чатактардын алдын алууда жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштеринин мааниси чоң экендигин эске салды. Ошондуктан бул багыттагы иштер ыраттуу жана үзгүлтүксүз жүргүзүлүүсү керек.
Жыйынтыгында тийиштүү мамалекеттик органдар менен ведомстволорго 15 күндүн аралыгында Кыргыз Республикасында өзгөчө статуска ээ болгон, чек арага жакын жайгашкан аймактардын коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик Программаны ишке ашыруунун 2-этабындагы иш чаралардын Планын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
Эске салсак, бүгүнкү күндө өлкө боюнча чек арада жайгашкан өзгөчө статуска ээ болгон 61 айыл, 8 участок бар.

Темирди тымызын колдоп жаткандар кимдер?

Темир Сариев Нооруз майрамын Ош, Жалал-Абад шаарларында тосконун жамы журт көрдү. Жергиликтүү тургундар көйгөйлөрүн айтып эле тим болбостон, “чечип бер” деген кайрылуу каттарынан бери Темикенин чөнтөгүнө салып, жетпей калганы колуна карматышып узатыптыр. Ал азыр мурункудай премьер-министр эмес экенинен элдин иши жоктой. Кыскасы Темикенин таскагы күчөп, жер-жерлерде эл менен жолугушуу өткөрүп жүргөн учуру. Негизи Сариев кыйын экен, эй! Элдер эки-экиден чабышып, “сен жинди, мен жинди” болуп атышса, бул интрига менен иши жок, өз нугунда, тынч иштеп жүрөт. Бул анын акылдуу кадамы деп түшүнсө да болчудай. Айрымдардай болуп аркы жээкке өтө калып берки жээкти боктобой, берки жээкте туруп алып аркы жээкти октобой эмитеден элдин эсебин таап, көңүл чордонунда кайнап жүрөт. Анын бул позициясын, түз жүргөнүн сыйлагандар көп. Муну жашырбастан ачык айткан оң го. Ошол Ошто жүргөндө деле аны жандап Оштун, Өзгөндүн тың чыкма жигиттери, Өкмөттүн мурунку аппарат башчысынын орун басары Эргешов Алтынбек, Өкмөттүн транспорт бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Убалиев Элдияр, Билим берүү министринин мурунку орун басары Эгенгулов Нурмаматтар жүрүшкөнүн уктук. Эгер ал саясаттын сасык оюндарына аралашкан болсо, алар Сариевге жакындашпайт болчу. Сариевдин иши барда ийиндеш жүрүп, иши жокто карабай кеткендери канча болду экен?! Бул жааттан алганда жигиттер азамат! “Крутой” акалары көп шаардагы бул көрүнүш Сариевди түштүктөн аброю жок дегендерге анча-мынча жооп болду окшойт. Бирок, Темике түштүк аймакка көп көңүл буруп жатканы тууру иш. Ал жакта Сариев тууралуу ар кандай сармерден айта беришип, элди “сасытып” жиберген эмеспи.

Булак: “Жаңы ордо”

Кыргызский национализм с криминальным уклоном

Сегодня межнациональная ситуация на территории Кыргызстана продолжает оставаться напряженной и взрывоопасной по причине неправомерных действий кыргызских националистов. Все чаще наблюдаются факты унижения достоинства лиц уйгурской национальности. В результате, каждый год 10-15 молодых уйгурских семей переезжают на постоянное место жительства в Европейские страны.

В конце февраля текущего года уйгур по национальности Абдурашид Мансуров с семьей через территорию Белоруссии отправился в Польшу, откуда планирует попасть в Германию и получить статус «политического беженца».

А.Мансуров проживал с семей в Бишкеке, где имел 2 автомашины-эвакуатора, оказывал услуги по эвакуации автомашин жителям 4-го микрорайона города. Но спокойно работать человеку не титульной национальности не дали. Местные бандиты стали «наезжать» и начали требовать «дань», так сказать за место под солнцем. Когда предприниматель заявил, что не даст ни копейки, его жестоко избили и пообещали расправиться с семьей.

Решив дальше не испытывать судьбу Мансуров продал за бесценок свой бизнес и выехал с территории Кыргызстана.

Не выдержал «национальной чистки» и прекрасный специалист, «врач от Бога» заведующий отделением хирургии Центральной больницы города Бишкека уйгур Шухрат Абдикадиров. После притеснений со стороны руководства лечебного учреждения, он вынужден был выехать из страны. Сегодня Ш.Абдикадиров работает хирургом в частной клинике в города Новосибирск, куда также планирует в ближайшем будущем привезти свою семью.

Только с начала года сотрудниками УВД по Ошской и Джалалабадской областей были зафиксированы более 20 локальных конфликтов, сопровождавшихся групповыми драками на межнациональной почве. При этом, большинство межнациональных конфликтов не были зарегистрированы местными правоохранительными органами из-за боязни повышения статистической отчетности по преступлениям.

Практически на всех рынках Юга КР продолжают отмечаться факты притеснения предпринимателей из числа нацменьшинств членами кыргызских преступных группировок, осуществляющих торгово-посредническую деятельность.

Члены ОПГ Кара-сууйского района Ошской области во главе с Акилом Торогельдиевым, в которую входят более 20 человек, предпринимают попытки установить полный контроль над торговым рынком «Тураталы» города Кара-Суу, в связи с чем, систематически оказывают давление на предпринимателей из числа таджиков и уйгуров, требуя от них выплаты «доли» от получаемой прибыли. В осуществлении своих противоправных деяний А.Торогельдиев пользуется покровительством своего брата – председателя спортивного комитета мэрии города Ош Дуйшена Торогельдиева (кличка «Душка»).

Бандиты в целях оказания психологического давления на предпринимателей, продолжают проводить «акты устрашения» в отношении таджиков и уйгуров, отказывающихся выплачивать им ежемесячную «дань».

В городе Кочкор-ота и Ноокенском районе Джалалабадской области функционируют мелкие группировки, которые осуществляют «разборки» на территории регионов, а также под угрозой физической расправы занимаются вымогательством денежных средств у состоятельных предпринимателей таджикской и уйгурской национальностей.

Не каждый предприниматель будь он уйгуром, таджиком или узбеком может устоять перед угрозами в отношении его семьи. Некоторые торговцы принимают условия бандитов и выплачивают «дань». Но от этого им не легче. Ведь бандиты в любой момент могут отобрать бизнес и завладеть всем имуществом предпринимателя. Жаловаться некому, ведь в милиции и прокуратуре служат такие же кыргызы – националисты.

прим.редакции – стилистика и грамматика автора сохранена

Кенешбек Жумабеков

Икрам менен Абдыманап кемеден түшө качышты

“Кеме чөгө баштаганда, келемиштер кача баштайт” деген сөз бекерден калбаса керек. Атамбаевдин президенттик доору бүтүп баратканын башкалар эмес, биринчилерден болуп жанында жүргөндөр аңдап сезе башташат эмеспи. СДПК десе күнү-түнү чуркаган, кара жанын садага чаап жиберүүдөн кайра тартпаган Абдыманап Кутушев да депутат болбойм деп өз каалоосу менен арыз жазып жибергени таң калыштуу. Ал эми легендага айланган Икрам Илмиянов депутат болуп олтурууну самаган эмес экени башта эле билгилүү болгон. Бирок, “Жакында парламент тарайт” деген имиштер чындыкка төп келери боюнча Кутушев күн мурунтан кабардар болгонбу? Болбосо депутат болуудан баш тартмак турсун депутат болуу көзүнөн учуп турган Абдыманап өз каалоосу менен кантип баш тартмак эле? ЖКнын аппарат башчылыгынан кетип жатып да, сырдаш депутаттарына “Мен кайра депутат болуп келем. Икрам депутат болбойт” деп айтып ток пейил кеткенин кантип жашырат? Канткен күндө дагы Кутушев депутаттык мандат тагынган күндө дагы ыркы кете баштаган КСДПнын ичинде жарытылуу “погода” түзүүгө жарамак эмес. Азыр КСДП Кутушевге эмес, кутургандарды каз-катар тизип койчу кыйынга суусап турган учур.

Булак: “Жаңы ордо”

Республикалык бюджеттен ЭККК үчүн 48 млн 235 миӊ сом өлчөмүндө кошумча каражат каралат

Өкмөт Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына (ЭККК) республикалык бюджеттен кошумча 48 млн 235 миӊ сом кароо өтүнүчү менен кайрылууда. Ага Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бүгүн, 27-мартта Каржы министрлигинде өткөн көчмө жыйынында макулдук берилди. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

ЭККК төрагасы Замирбек Осмонов Өкмөт мекемеге экономикалык кылмыштарды тергөө сындуу бир катар кошумча милдеттер тагылып жаткандыгына байланыштуу кызматкерлерге материалдык колдоо көрсөтүү жана мекеменин материалдык-техникалык базасын чыӊдоо максатында кошумча каржат бөлүү чечимине келгенин билдирди.

Депутат Төрөбай Зулпукаров ЭККК алдында өтө жооптуу милдеттер турганын, ошондуктан ал атайын мыйзам негизинде иштөөсү керек экенин баса белгиледи. Ал мыйзам долбоорун даярдоо боюнча биргелешип иштешүүгө даяр экенин кошумчалады.

ЭККК башчысы Замирбек Осмонов мекеме азырынча Өкмөт тарабынан бекитилген Жобо негизинде иштеп жатканын, ЭККК иштөө тартиби боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, ушу тапта ал өкмөт мүчөлөрү менен макулдашылуу абалында экенин белгиледи.

Ал эми депутат Умбеталы Кыдыралиев ЭККК жетекчисин жер-жерлерде иштеген кызматкерлер инвесторлорго кысым көрсөтүп иштетпей жатканын айтып, аларга карата катуу чараларды көрүүгө чакырды. Ал буга Таш-Көмүр шаарында мунайзат иштетүүчү ишкананы курган ишкердин ЭККК кызматкерлеринин кысым жатканын мисал келтирди.

Белгилей кетсек, ушу тапта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматында баш-аягы 360 кызмат орду бар.

 

“Балашкага” тескери бата беребиз деген “аташкалар”

“Биздикиндей ынтымактуу, биримдиктүү партия жок” деп дайыма мактана жүрчү СДПКнын чыныгы жүзүн кечээ бүт кыргыз эли көрдү. Алардын пикирине кошулбай, бийликтин кемчилигин айтып, журналисттердин таламын талашып туруп алган Жанар Акаевди мандатынан ажыратыш үчүн шашылыш жыйын өткөрүп жиберишмей болушту го. Чокту басып алган чор тамандай секиришип. “Балашканын” бактысы тоодой экен, кворум чогулбай калып, мандатынан ажырабай калды. Социал-демократ деген партиянын аты данектин сыртындагы катуу кабыгы эле болбосо, ичиндеги манегинде анын жыты да жыттанбашы ачыкка чыгып калды. “Ата-Мекендин” депутаттары менен катар туруп, алар менен жөө жүрүштө жанаша басканы, Жанардын тутунган позициясы 7-кабатта олтурган бирөөгө таптакыр жакпай калган окшойт. СДПК фракциясы кайсыл гана министр же депутатка асылбасын ал баары бир кызматтан кетет, жогору жактан буйрук ошондой түшөт дешет жер тыңшаар мамыттар. Жаш баланын канатын сындырабыз деп атып, көпчүлүктүн назарынан калбаса эле болгону.

Булак: “Жаңы ордо”

Көп батирлүү үйлөргө багытталган электр энергиясын соода, өнөр жай объектилерине берүүгө тыюу салынат

Бүгүн, 27-мартта Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Жер пайдалануу жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Жеркодексине, Турак жай кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Көпбатирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө” мыйзамдарга) 3-окууда каралды. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган маселе боюнча демилгечилердин бири депутат Жыргалбек Турускулов бандама жасады.

Мыйзам долбоору жер мамилелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

Долбоор аркылуу төмөнкү ченемдерди киргизүү каралган:

– калктуу конуштардын жерлери категориясынын аймагында жерлердин башка категориялары болушу мүмкүн жөнүндөгү ченем;

– турак жана өнөр жай объекттериндеги бөлмөлөрдү кайра курууга шаар куруу мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүү жөнүндө ченем;

– көп квартиралуу үйлөрдүн жашоочуларына (турак жайдын менчик ээлеринин шериктештерине) электр энергиясын башка турак, соода жана өнөр жай объекттерине берүүгө тыюу салуу жөнүндө ченем;

– турак жай менчик ээлеринин шериктештерине үйдүн тегерегиндеги участок жагынан кандайдыр-бир коммерциялык аракеттерди жасоого тыюу салуу жөнүндө ченем.

Мыйзам долбоору 3-окууда талкуусуз жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди.

Меню