Menu

САЯСАТ

Садыр Жапаров чек арадан кармалып, УКМКнын абагына жеткирилди

Бүгүн, 25-мартта чет элде жүргөн бозгундагы саясатчы Садыр Жапаров мекенине кайтып келип, “Ак-жол” чек ара бекетин өтүп жаткан кезде УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, абакка жеткирилди. Аны тосуп келүүгө барган 300дөй тарапкерлери да ызы-чууга түшүп, шаарга кайтышты. Бул тууралу журналист Дайырбек Орунбеков билдирди.

Ал эми Бишкектеги Максим Горький атындагы скверде Садыр Жапаровдун келишин күтүп турушкан тарапкерлери митингге даярданышууда.

УКМК Садыр Жапаровду КР Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча айыптап, бир кезде Караколдо Ысык-Көлдүн губернатору Эмил Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп күнөөлөөдө.

Булак: Кyrgyztoday.org

Бабановдун штабына кулак кагыш

Быйыл президенттик шайлоонун жылы болуп, эл элеңдеп улам бир саясатчынын атын атоодо. Ошолордун арасынан Өмүрбек Бабанов тууралуу өзгөчө кеп болуп жатканы да жашыруун эмес. Айрыкча, айылдыктар Өмүрбек мырза бийликке келсе, өлкөдө өзгөрүү болуп, жашоо-турмушубуз жакшырат беле деп жатышканын угуп атабыз. Жер-жерлерде аны президенттикке көрсөтүү демилгесин көтөрөлү дешип, бирок, анын жол-жобосун билбей жатышат экен. Дал ушул багытта Ө.Бабановдун штабы ойлонуп, карапайым элге мыйзамдуу жолун көрсөтүп койсо, өздөрүнө эле жеңил болмок. Башкалар карайлап, эл колдоосуна кантип ээ болобуз деп турган чакта, өздөрү колдойбуз деп жаткандардын демилгесин Өмүке штабы илгиртпей илип кетээрине да ишенебиз.

Булак: “Ачык саясат”

Садиеваны Жумакадыров өзү колдоп жатабы?

Коргоо кеңешинин башчысы Темир Жумакадыров жакшы иштей албай жатат. Ага карата күч органдарына нааразы каттарын билдирген жарандардын кайрылуулары кароосуз калып, коррупционерлер чартаңбай тээп жүрүшөт. Тагыраак айтканда, мындан бир нече ай мурда Ош областтык наркология борборунун директору Айгүл Садиеванын коррупциялык иштери тууралуу маалымат жарык көрүп, ал гана эмес борбордун кызматкерлери Темир Жумакадыровго кайрылуу жолдошкон. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тилекке каршы тергөөчү Таалай Аденов эч кандай чара колдонгон жок. Текшерүү иштери да жүргөн жок. Ош областтык прокуратурасы талкан сугунуп алгансып отурушат. Жок дегенде Жумакадыров тарабынан конкреттүү көрсөтмө да болбой жатат. Ал эми тигил Садиева болсо Сооронбай Жээнбековго таянып алып, өз билгенин жасап, ага каршы чыккан врачтардын баарысын иштен мыйзамсыз алып баштады. Же Садиеваны Жумакадыров өзү колдоп жатабы?

Булак: “Ачык саясат”

Казак-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекеттер күнү-түнү иштеп баштайт

Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында эки жаңы өткөрмө бекети ачылып, учурда иштеп жаткан үч бекет 24 сааттык режимге өтөт. Мындай макулдашуу Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Астанага болгон сапарынын жана эки өлкө ишкерлеринин форумунун жыйынтыгында жетишилгенин «Казинформ» агенттиги билдирди.

«Өзбекстан менен болгон чек арага кошумча дагы эки өткөрмө бекетин ачуу, ошондой эле учурда иштеп жаткан үч автоунаа өткөрмө бекетин 24 сааттык режимге өткөрүү пландалууда», – деп билдирди Казакстандын инвестициялар жана өнүгүү министри Женис Касымбек.

Андан сырткары министр Астанадан Ташкентке эки аба каттамы ачылары тууралуу маалымат берди. Буга чейин Алматы-Ташкент жана Ташкент-Алматы багыты боюнча жүргүнчү ташыган жогорку ылдамдыктагы темир жол каттамы ачылган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Касымалиева да Акаевдей болуп сатып кетпейби ыя?

Узарбек Жылкыбаев Ысык-Көл областына өкмөттүн өкүлү болуп кеткенден бери анын ордуна келе турчу депутат Аида Касмалиева, “Азаттыктын” мурдагы кабарчысы болууда. Билесиңер, ушул эле СДПК партиясынын аркасы менен депутат болуп барган «Азаттыктын» мурдагы кабар­чысы Жанар Акаев СДПК фракциясынын позициясына каршы чыгып, Атамбаевдин атаандашы болгон Өмүрбек Текебаевдин таламын талашууга өттү. Албетте, көчөдө кабар чогултуп жүргөн жигитти бир заматта Ажонун пресс катчысына, анан Жогорку Кеңешке депутат кылган Атамбаев үчүн чычкактай баланын сатып кетиши чоң сокку болду десек болот. Анын үстүнө Жанар Акаевди Икрам Илмиянов көтөргөндүгү, колдоо көрсөткөндүгү да маалым. Мындан улам, ошол эле Икрам Илмиянов дагы бир «Азат­тыктын» кабарчысына жол бошотту, Аида Касымалиева деген. Бул дагы Жанар Акаевдин жердештеринен болот. Эми Аида айым СДПКга тирек болобу же, Жанардай болуп сатып кетеби? Деги эле батыштын жемин жеген «Азаттыктын» бийликке келген журналисттерине ишенсе болобу? Аларда позиция, принцип деген жашайбы? Мына ушул суроолор учурда көпчүлүктү ойго салууда. Аларга караганда Мекен үчүн күйгөн, чет өлкөнүн акчасына сугарылбаган, батышчыл эмес кыргызчыл журналисттер Рыскелди Момбеков, Жылдыз Мусабекова партиянын позициясынан чыкпай эле кыргыз элине тоодой кызмат өтөп жатпайбы. Батыштын ырын ырдаган журналисттерди кайсы бир кызматка же депутаттыкка алып келүүдөн Атамбаев эле эмес башка саясатчылар да коркуп калышты көрүнөт…

Булак: “Ачык саясат”

Дагы кайсыл саясатчыга кылмыш иши козголуп, камакка алынат?

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматында жетекчи болуп туруп жыргатарлык иш кылбаган, барган жеринде чөп чыкпаган Бөкөнбай Казаков учурда Башкы прокурордун орунбасары болуп дайындалды. Ал бул кызматка жөн жердей дайындалган жок десек болот. Демек жакын арада дагы бир чоң саясатчынын үстүнөн Казаковдун колу аркылуу кылмыш иши козголуп, камакка алынышы мүмкүн. Негизи мындай күтүлбөгөн дайындоолордун артында маанилүү маселе турчу эле. Жаңылыкты күтө туралы…

Булак: “Ачык саясат”

Балыкчы окуясына катышкандар кароосуз калышыптыр

СДПКчы депутат Данияр Аттокуров тууралуу бир топ сын пикирлер айтылганы менен, ал тоготуп да койгон жок. Балыкчы окуясына катышкан балдарды «мен карап жатам» – деп акча жеп жүргөнү боюнча да нааразы кептер бар. Мунун кесепети Атамбаевге тийип жатканы ырас. Анан да бул жигитке «губка» деген каймана ат ыйгарышыптыр. Баарын сиңире берип алкымы да чоңойсо керек кайран жигит. Атамбаевди уят кылбай , коомчулук тарабынан көтөрүлүп жаткан суроолорго Данияр мырза жооп кайтарып чекит коюшу керек. Мына ушундай маалыматтарды канча ирет гезит бетине чагылдырдык, бирок эч кандай чара көрүлгөн жок. Балыкчы окуясына катышкан жигиттердин акчасын жеген оңбойт чыгаар. Атамбаев эмнеге көңүл бөлбөй жатат? Эртең эле балыкчылыктар ага керек болот. 2009-жылы Атамбаев үчүн дал ушул балдар коркпостон катуу туруп берген…

Булак: “Ачык саясат”

Президенттик күрөөгө коюулуучу каражатты, Садыр Жапаров үчүн мигранттар чыгармай болушту

 

Мультимиллионер саясатчылардын саясий аренадагы ордуларына акыры чекит коюлмай болду. Тагырагы, депутат же президент болуш учун алгач “күрөө” деген балээң болушу керек змес беле. Ии ошол системаны, алгачкы жолу чет жерлерде жан багып жургөн мигранттарыбыз буза турган болушту.

Анткени “күрөө” деген саясаттын артында, колунда жок, бирок мекенчил намысы бар, иштей тургандардын түшүнө кирбегендей суммалар жашырылган. Жашырганда эмне, бул дүйнөнү башкарган Еврейлердин, “башы иштебесе дагы байдын уулу бай болушу керек” деген бузуку саясаты. Албетте, андай аңкоолор өлкө башкаруу системасына келишсе, еврейлерге пайдалуу да. Мага ишенбесеңер азыркы Жогорку Кеңештен сурап көргүлө. Мына парламентке жалаң көпөстөр толуп алып, өздөрүнө ыңгайлуу мыйзамдарды кабыл алып жатканына нааразы болуп жатпадык беле. Эми жакында президенттик жарыш башталат. Канча талапкер болсо ошончолук бюджетке кө-өп акча түшөт деңизчи. Бирок, таңгөрүнүкү ал каражаттар пайдалуу иштерге, дареги менен тыйыны коробой коротулгандыгы тууралу ачык маалымат жеткиришпейт. Ошондуктан көпчүлүктүн ал каражат менен иши деле жок. Болгону ошол жарыштарда акчасын чачып жеңишке жеткен көпөстөр, Эл жер үчүн ак иштеп, берилген ишенимди актоого аракет кылбай калышат тура. Көрсө алар бирге экини кошкон бизнесмендер да, эми саясатты бизнес аренасына айлантышып, короткондорунан 2-3 эсе ашык табуу үчүн бийликке келишерин баарыбыз жакшы эле түшүнүп калдык. Мындан улам Садыр Жапаровду колдогон, чет өлкөлөрдөгү ар бир мигрант кыргыз жарандары 20 доллардан чогултуп беришмей болуптур. Мунун себеби, Садыке президенттик жарышка ат салышуу үчүн дал ушул “күрөөдө” маселе жаралган экен. Эми ага эле жан тарткыдай мигранттарга анчалык эмне кылып коюптур дээр чыгарсыңар. Анда түшүнүктүү болушу үчүн айта кетели. Кече жакында Садыр Жапа­ров, “Кумтөр” кенин иштеткен Канадалык “Центтера Голд” ишканасы өлкөгө экологиялык зыян алып келип жаткан учурун тастыктап, эл аралык сотко бергенин жакшы эле билесиңер да. Учурда аны жүзөгө ашыруу үчүн Кыргызстандын жарандарынан кол (петица) топтолуп жатат. Анткен менен бул ишти кыргыз бийлигинде тургандар аткарса таасири күчтүү болмок. Бирок, андай кайдан болсун.

Канадалык шылуундар ким бийликке келсе жашылбайлар менен азгырып, өз алтыныбыздан түшкөн пайда менен өз адамыбыздын көзүн тумандатып азгырып жатышса. Анан аткаруу, башкаруу бийликтери биригип алышып, мекен деген бирөөнү каралоого өтүштү. Тузак уюштуруп коюшкандыгы тууралу имиштерди чыгарып, Кыргызстанга 25-мартта келем деген Садыр мырзаны коркутуп ,келтирбөө аракетинде. Мындан улам түтөгөн кыргызым акыры чыдабады көрүнөт. Ошол Центераны сотко берүү боюнча, КМШ өлкөлөрүндө эмгектенип жатышкан Кыргызстандын жарандары менен жолугушуп жүргөн Са­дыр Жапаровду мигранттар минтип ажолукка түртмөлөй башташты. Эми “көп түкүрсө көл болот” дегендей, балким Садыр аванын президент болуу бактысы деле келип калгандыр. Андай болсо, анын буга чейинки президенттердей эсирип, эки сүйлөй албасы тур­ган иш. Антүүгө чама-чаркы дагы чектелет. Демек, мындан соң Жапаровдо намыс, ар болсо эл үчүн башы менен жер казып кул болуп бериши керек. Ант­кени башкалар өз акчаларын чачып, анысын элден сыгып алышат. Ал эми Садыр Жапаровдуку мында тескерисинче болушу керек. Элдин акчасын чачып бийликке келсе, кайра анысын элге бир нече эсселеп өз мээнети менен кайтарып бериши керек!

Булак: “Ачык саясат”

Назарбаев: Өзбекстандын жаңы бийлиги соодадагы бардык тоскоолдуктарды жойду

Бийликке Шавкат Мирзиёевдин келиши менен Өзбекстан соодалашуудагы болгон тоскоолдуктарды алып, «бардык мүмкүнчүлүктөрүн ачты». Мындай пикирин Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев өзбек мамлекет башчысынын Астанага болгон сапары маалында билдирди.

«Акыркы беш айдын ичинде эле өлкөлөр ортосундагы товар алмашуу эки тараптан тең 30 пайызга өскөн. Төрт соода үйү ачылып, буудай 30 пайызга, өзбек жашылча-жемиштери 25 пайызга көбүрөөк келди, буга чейин мындай болгон эмес. Мунун баары Өзбекстандын жаңы башчысынын бардык соода мүмкүнчүлүктөрүн ачып, тосколдуктарды алгандыгынын аркасында мүмкүн болуп отурат», – деди Назарбаев.

Казак лидери ошондой эле бүгүнкү күндө Өзбекстан менен Казакстандын ортосунда чечилбеген көйгөй жок экенин белгиледи. Назарбаев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө дээрлик миллиард долларлык 75 келишимге кол коюларын жана мындай көрүнүш алгачкы жолу болорун кошумчалады.

Өз кезегинде Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев дагы эки өлкөнүн мамилесиндеги кызматташтыктын жаңы баскычы башталганын билдирди.

«Биз дайыма Казакстанды эң жакын жана ишенимдүү коңшу катары эсептеп келебиз. Менин алгачкы сапарларымдын бирин Астанага жасаганым эле көп нерсени айтып турат. Биздин делегациялардын курамында алгачкы жолу парламенттин жана Коргоо министрликтеринин жетекчилери бар. Буга чейин мындай тыгыз кызматташтык болгон эмес», – деди Мирзиёев.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Икрам Илмиянов Атамбаевдин ишеничинен кетпептир

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдарынын бири Икрам Илмиянов тууралуу учурда уу-дуу кеп болууда. Анын себеби парламентке келүүдөн баш тартканы болууда. Мындан улам Атамбаев Илмияновду өзүнөн алыстатканы жатыптыр да деген маалыматтарды таратып жиберишти. Бирок Илмиянов тизме аркылуу Жогорку Кеңешке келүүдөн баш тартканы менен Ак үйдөн алыс узап кеткен жок. Ал ишсиз калса деле бир топ маанилүү маселелерди чечип жатканын билебиз. Ал гана эмес Президенттин аппарат башчысынын кабинетинен чыкпайт экен. Демек, Илмиянов Жогорку Кеңешке келип ашыкча сөз болууну каалаган эмес. Ал билишибизче алдыда өтө турган президенттик шайлоого карата тапшырмаларды аткарып жүрөт экен. Демек Атамбаев менен Илмиянов убактылуу таарынышкандары менен бири-бирин эч качан сатышпайт.

Булак: “Ачык саясат”

Меню