Menu

САЯСАТ

Тайырбек Сарпашевдин күнөөсүз экени билинди. Эми эмнени күтүшөт?

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдын 10-февралындагы буйругуна ылайык Башкы прокуратуранын Тайырбек Сарпашевди өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын милдетин аткаруудан бошотуу боюнча сунушун иликтөө үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын иши 10-апрелде жыйынтыкталат. Комиссиянын ишинин дагы бир айга узартылышын “иштин жагдайын ар тараптуу жана дыкат иликтөө максатында жана комиссиянын акыркы корутундуларын даярдоо үчүн кошумча документтерди өздөштүрүү зарылдыгы талап кылынууда”,- деп түшүндүрүштү.

Эске салсак, Тайырбек мырзага Бишкектеги Скрябин көчөсү 45-45А дарегиндеги “Максим Бакиевдин жерин” мыйзамсыз каттаган”,- таризинде айып тагылган. Бирок, Сарпашевдин кызматтан чегинишин шарттаган чыныгы жагдай кийинчирээк билинди.

Буга чейин гезиттерде жазылгандай, Тайырбек мырзаны креслосунан жыдыткан иштин башы 2007-жылга барып такалат. Ошол жылы “Кыргызтелеком” Аксы Бишкектин борборунан орун алган 1 гектардан ашуун жерди имараттары менен ачык аукцион аркылуу сатат. Жердин жаңы ээси катары 5 миллион сом сунуштаган ‘Глобал Эдертайзингдин” укугу катталат. Анткен менен жердин ээсинин ал жерге ээлиги 1 жылга да созулбайт. Майлуу участокко Максим Бакиевдин да көзү түшүп, ал өзүнө өткөрүп алуу аракетин жүргүзө баштайт. “Глобал Эдертайзингдин” ээси Марат Ахматовго ачык эле талаптар коюлат. Акыры Максим Бакиев ага тиешелүү жерди мүлкү менен өзүнүн “Элит-Дом Строй” аталган фирмасына бепбекер каттатып алат.

Анан бийлик алмашкан 2010-жылы Марат Ахматовдо мүлкүн кайра кайтарып алуу үмүтү жанат. Ээси качып кеткен “ЭлитДомСтройго” барат. Анда Максимдин ишенимдүү өкүлү Ульяна Пак иш алпарып жаткан болот. Экөөсү мурдагы келишимди өз ара жокко чыгарышат.

Келишим боюнча документтер туураланган менен эми кайтарымды соттун чечимине негиздеш керек болчу. Бирок тиешелүү органдар бул ишти чечип берүүгө киришкилери да келбейт. Ошентип ар эшикти каккылап жүргөн Марат Ахматовго 2014-жылы гана ийгилик жылмайып, Бишкек райондор аралык соту “ЭлитДом Строй” менен “Глобал Эндертайзингдин” келишимин жокко чыгарат да, Скрябин 45-45А дарегиндеги кыймылсыз мүлктү 1,28 гектар жер менен мыйзамдуу ээсине кататтуу чечими пайда болот. Соттун чечими чыккан менен эми Мамлекеттик каттоодон өткөрүү иши турган. Бул жерде да тоскоолдуктар жаралып отуруп былтыркы жылдын декабрь айынын 15инде гана бул кызмат “Глобал Эндертайзингдин” жерге укуктарын бекитип берген.

Чырдын башы мына ушул жерге болгон укукту кайтарган чечимде жатат. Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевди “Скрябин көчөсүндөгү Бакиевге тиешелүү жерди камактан бошоткон, Бишкек райондор аралык сотунун чечимин аткарган” деп күнөөлөйт. Башкы прокуратуранын билдиришинче, Бишкек шаардык сотунун административдик жана экономикалык коллегиясы 2016-жылдын 2-ноябрында Скрябин 45-45А дарегиндеги участок боюнча Бишкек райондор аралык сотунун чечиминин аткарылышын токтото туруу токтомун чыгарган.
Т.Сарпашев ушул токтомду аткарган эмес. Бакиевдерге байланыштуу мүлктөр чоң маселе болуп коомчулуктун көңүл чордонунда болуп жатканда “укук бузууга барды” деп Башкы прокуратура Т.Сарпашевди жарга такайт.

Тайырбек Сарпашевдин Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинен убактылуу кетүүгө аргасыз кылган 2016-жылдын 2-ноябрындагы судья Д.Мулукбаева кол койгон Бишкек шаардык сотунун чечими жасалма экенин буга чейин юристтер далилдеп берген. “Глобалдын” адвокаты Асель Жолдошеванын айтымында, 2-ноябрда сот “ЭлитДомСтройдун” өкүлү жана судья Д.Мулукбаеванын келбей калганынына байланыштуу болбой калып, 22-ноябрга жылдырылган. Бул чечимге төрагалык кылуучу А. Алыбаев да, судья Рыбалкина да колдорун койгон. Б.а. мыйзамдуу. Бул табылгадан кийин “Сарпашев ак жеринен караланууда” дегендер басымдуулук кыла баштады. Эсинерде болсо, кызматтан убактылуу четтетилген Т.Сарпашев: “Жерди камакка алуу тууралуу Бишкек шаардык соттун чечими 2-ноябрда кабыл алынган. Ал эми бизди ал тууралуу 28-декабрда кабардар кылышты. Эмне себептен биздин кызматка бул сот чечими тууралуу маалымат кеч берилгсндиги териштирилиши зарыл”,- деген эле.

Мына ошол талашка түшкөн жерде чыныгы мародерлордун кулагы көрүнүп турат. Прокуратура ошону иликтеп чыкса болмок. Ал эми Т.Сарпашев боюнча комиссия алдында далилдүү документтер тургандыктан, ишти көп созбой, адилеттүүлүктү орнотуп койсо дурус эле иш болмок.

Булак: “Майдан.kg”

Фото - Жалал-Абадда Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунан келген кыргыз делегациясын кабыл алышты

КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялык облустунун губернаторунун орун басары Сыйар Кален уулун жана Кызыл-Суу Кыргыз автономиялык облусунун Улуучат оодандык Ак-Тоо районунун акиминин орун басары Янг Жонгныны  кабыл алды. Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Жылуу маанайда өткөн эки тараптуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө КНРдагы Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун губернаторунун орун басары Сыйар Кален уулу  өздөрүнүн губернатору Дилшат Кыдыркан уулунун жана облустун коммунисттик партиясынын секретары Лю Жундун өкүл Кыянбек Сатыбалдиевге жолдогон жылуу саламын жеткирди.

Мындан сырткары алар кой жана жылкы этин сатып алууга кызыктар экендигин жашырышкан жок. Ал жердеги Кыргызстан соода көчөсүндө Ош менен Жалал-Абад облусунан жана Бишкек шаарынан барышкан кыргыз жарандары соода-сатыкта жакшы ийгиликтерди жаратып жатышкандыгын кубануу менен маалымдады.  Жалал-Абад облусунан барышкан 30 үй-бүлө соода-сатыкта жакшы иштеп жатышкандыктарын ыраазы болуу менен белгилеп кетти. Мындан сырткары Кыргызстан менен КНРдин ортосундагы 2 бажы тосмосунан жылкы менен эшек жана беде чөбүн өткөрүүдө эч кандай тоскоолдуктар жок экендигин ырастады. Ошондой эле кыргыз балы менен жаңгак маңыздарын алууда чектөөлөр болбой тургандыгына токтолду. Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусу жер шарты боюнча Баткен облусуна окшошуп кетээрин айтты.

Өз кезегинде КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун губернаторунун орун басары Сыйар Кален уулун жана Улуучат оодандык Ак-Тоо районунун акиминин орун басары Янг Жонгнын мырзага Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык тармактарындагы мүмкүнчүлүктөрү туурасында кенен маалымат берди. Ошондой эле жашылча-жемиштерди сыртка экспортко чыгарууда логистикалык борборлор жана заманбап ветеринардык лабораториялар курулуп жаткандыгын белгиледи. Мал союлуучу заманбап цехтерди куруу иштери жандана баштагандыгына токтолду. Жалал-Абад облусу эки тараптуу пайдалуу соода-сатык кызматташуусуна даяр экендигине токтолду.

Эки тараптуу жолугушууга ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармасынын башчысы, подполковник Акылбек Мамасейитов катышты жана КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Махамаджан Акматжанов катышты.

Учурда КНРдин  Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунда 600 миңден ашуун калк жашаса, анын 200 миңге жакынын этникалык кыргыздар түзөт.

 

     Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

 

Кыргызстандын ЕАЭБ кошулуусунда Жол картасы тууралуу иш чараларды каржылоого Казакстан тараптан бөлүнө турган сметалык сумма 7 млн АКШ долларынан 41 млн АКШ долларына көбөйдү

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ кошулуусунда жол картасы тууралуу иш чараларды каржылоого Казакстан тараптан бөлүнө  турган сметалык сумма 7 млн 526 миң АКШ долларынан 41 млн 038 миң АКШ долларына көбөйдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-декабрындагы жардам берүүнүн тартиби жана анын туура пайдаланылышын текшерүүгө алуу тууралуу Протоколуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2016-жылдын 26-декабрында кол коюлган Протоколго техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу 2017-жылдын 17-мартында Россияны Федерациясынын Москва шаарында кол коюлду.

Жардам берүүнүн тартиби жана анын туура пайдаланылышын текшерүүгө алуу тууралуу Протокол жардам көрсөтүүдөгү процедураларды кыскартат.

Техникалык жардам көрсөтүү тууралуу Протоколго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенден кийин,  сметалык сумма 41 млн 038 миң АКШ долларына өстү (буга чейин7 млн 526 миң АКШ долларына кол коюлган)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2016-жылдын 26-декабрында кол коюлган ЕАЭБ алкагында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу макулдашылды жана Протоколдор Казакстан Республикасы тарабынан, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ курамына кошулуусунан улам Жол картасына байланыштуу иш чараларды каржылоого техникалык көмөк катары 100 млн АКШ долларын бөлүүгө жөнөтүлдү. Ал каражат бажы инфраструктураларынын объектине жана лабораторияларды модернизациялоого ошондой эле ЕАЭБ алкагындагы манилүү иш чараларга багытталган.

Макулдашууларга жана Протоколго ылайык жардам этабы менен көрсөтүлөт.

 

Назарбаев: парламент мөөнөтүнүн аягына чейин иштейт

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев парламент мөөнөтү бүткүчө иштей турганын билдирди. Бул тууралуу казак лидери 16-мартта республикалык ММК өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айтты.

—Жаңы шайлоо менен үйлөнгөндөн кийин ар дайым ойлогон нерсең орундалбайт деген жакшы сөз бар. Ошондуктан… Эмнеге элдер жаңы шайлоолорду көксөшөт? Парламент 2021-жылга чейин шайланган. Ал толук мөөнөтүн өтөйт, — деди Назарбаев.

2015-жылы мөөнөтүнөн мурун өткөн президенттик шайлоодо президент Нурсултан Назарбаев жеңишке жетишкен. 2016-жылы мартта анын “Нур Отан” партиясы кезексиз парламенттик шайлоодо алдыга чыккан.

Назарбаев менен жолугушууга мамлекеттик телеканалдардын журналисттери катышты. Жолугушууда коррупцияга каршы күрөш, тышкы саясат жана башка маанилүү маселелер талкууланды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ЕККУ Украинадагы байкоочу миссиясынын мандатын узартты

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) 16-мартта Өзбекстандагы байкоочу миссиясынын мандатын 2018-жылдын мартына чейин узартты.

Крымдын аннексияланышына үч жыл болду. Бул аралыкта Киев менен Украинанын чыгышындагы Орусия колдогон жикчилдердин мамилеси курч бойдон калууда. Ок атышпоо боюнча 2015-жылы киргизилген режим бир нече жолу бузулган.

БУУнун маалыматы боюнча жыл башынан берки кагылышуулардын кесепетинен кеминде 20 жай тургун каза тапты, 90дон ашуун киши жаракат алды. Байкоочулар соңку апталарда Украинанын чыгышында атышуулар күчөп, коопсуздук боюнча абал начарлаганын белгилешүүдө.

ЕККУнун 700дөн ашуун эл аралык байкоочудан турган куралсыз жарандык миссиясынын максаты – аймактагы курч абалды бошоңдотуп, жер-жерлердеги абалга көз салуу. ЕККУнун маалыматы боюнча уюмга мүчө 27 өлкө, алардын ичинен Украина, Орусия жана Кошмо Штаттар ЕККУнун байкоочу миссиясынын мандатын 2018-жылдын 31-мартына чейин узартууну чечишкен.

Уюм мандатын үчүнчү жолу узартууда. Миссиянын быйылкы бюджети 105,5 миллион евро.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Нурсултан Назарбаев Атамбаев тууралу: "Башчы болгондон кийин ойлонуп сүйлөш керек сөздү. Саясатчы, эл башкаруучу болуу үчүн адамда кадимки пилдин териси болушу керек"

Кечээ, 17-мартта Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев маалымат жыйын өткөрүп, өлкөнүн белдүү журналисттери менен сукбат жасады.  Анын ичинде “Айкын” гезитинин башкы редактору Нуртөрө Жүсүптүн Алмаз Атамбаев тууралуу суроосуна да жооп берди.

Нуртөрө Жүсүп:  Түрк тилдүү элдердин боордоштугу, достугу үчүн сиз көп иштерди жасап келатасыз. Түрктөр “Түрк  элинин атасы” деп үлкөн баа беришти. Бирок, мобу коңшулаш олтурган кыргыз элинин башчысы Алмазбек Атамбаев жакында оногу “Евроньюс” дегенге сукбат бериптир (Ушул жерде Назарбаев “бырс” күлүп жиберет). Ошондо “мына, казактар блокада жасап, чек араны жаап койду” деп жатат, ушундай сөздүн чыгуусунун  себеби эмнеден? “Бөйрөктөн шыйрак чыгаруу” эмеспи?

Нурсултан Назарбаев:  Жакында Казакстандын премьер-министри  Сагинтаев Кыргызстанга барып келди.  Атамбаев  менен жолугушканда  ал “ошондой  катачылык кеткен экен, эми ага эмне көңүл бурасыңар?” деп айтып жатат бир жагынан. Экинчи жагынан улуу акын Абайдын “казак менен кыргызды бир тууган эл деп айтканда дүйнөдө колдобой турган эч ким жок” деген сөзү бар, ошондуктан биз коңшулаш элбиз.  Президенттер келет, кетет, ал эми эки калк калат.  Ага анчалык көңүл бөлө бербөө керек. Азыр аларда шайлоо болгону жатат, жагдайлары башкача өзгөрүп жатат, парламенттик шайлоо да болот.  Эми шайлоо алдында мындай жагдайлар боло берет. Бул жерде түшундүрүп кете турган нерсе, 2010-жылы Кыргызстанда быт-чыт болуп, переворот болуп,  мыйзамдуу олтурган президентти ордунан кулатып, кууп чыгып жаткан кезде түрмөдөн кишилерди чыгарып жиберишип, ууру-кески бизди көздөй жабылганда биз чек араны жапканга аргасыз болгонбуз.  Келечекте дагы ошондой боло турган болсо чек араны дагы жабабыз. Мындай учурда чек арасын кайсы мамлекет жаппайт? Мына, Түркия деле жаап жатпайбы.  2010-жылы кыргыз менен чек арасын Өзбекстан да, Тажикстан да жапкан. Ошондуктан мында эч кимдин күнөөсү жок, күнөө ошол кезде түзулгөн жагдайда.  Анан Кыргызстанда жарандык согушу болуп кетпесин деп мен Бакиевди алып чыгып кеттим.  Анын тегерегинде калың топ тарапкерлери бар болчу. Бишкекке барып, баарын кыйратабыз деп олтурган кезде Отунбаева деген ошол кездеги мамлекеттин башчысы мага кол кат жазды. Ал кат бизде сакталуу. “Бакиевди алып кетиңиздер” деп суранганынан учактарды жиберип, аскерлерди жиберип, мен алып чыгып кеттим. Ошентип тынчтык орнотконбуз. Ошондуктан мындай сөздөргө маани бере берүүнун кереги жок. Саясатчы болуу үчүн, эл башкаруу үчүн адамда кадимки пилдин териси болушу керек. Сын деген айтылат, сөз деген бүгүн айтылат, эртең кетет. Башчы болгондон кийин ойлонуп сүйлөш керек сөздү. Анын сөзү жалпы эки элдин арасындагы, тууган элдин, боордош элдин арасындагы карым-катнашка залакасы тиет деп мен ойлобойм. Алардын жагдайлары начар, көмөктөшүп жатабыз, дагы көмөктөшөбүз, мына, 40 миллион доллар акча бердик, чек араларда лабаратория салып, бизге эт сатышсын деп. 2010-жылы Ошто баары кыйрап калганда мен акча берип, 2 мектеп салдырып бердим. Көңүл айтарлык көмөктөрдү да анда-санда берип турабыз. Ошондуктан баарыбыз агайын-тууган эмеспизби.  Кыргызстандын да, Өзбекстандын да, Тажикстандын да дүйнөгө чыгар жолу Казакстан аркылуу өтөт. Темир жолу да биз аркылуу өтөт, авто көлүк жолу да биз аркылуу, учак аба жолдору да биз аркылуу кетет. Байланыштары (телефон, интернет – ред.) да биз аркылуу өтөт.  Ошондуктан достукту сактоо керек, ынтымакты сактоо керек , ынтымактан өткөн өткөн байлык жок.

Булак: Хабар.kz

Кыргызстандын Өкмөтүнүн делегациясы КМШ Экономикалык кеңешинин 73-жыйынынын ишине жана КМШ Эл аралык экономикалык форумуна катышты

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн делегациясы Россия Федерациясынын Москва шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 73-жыйынынын ишине жана «КМШ – келечекке көз караш» Эл аралык экономикалык форумуна катышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Аталган эл аралык иш чарада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясын Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов жетектеди.

КМШ Экономикалык кеңешинин жыйынында инновациялык кызматташуу, миграция, радионавигация, транспорт жана айыл чарба тармагы боюнча маселелер каралды.

КМШ Экономикалык кеңешинин жыйынынан кийин, КМШ Эл аралык экономикалык форуму өттү.

Форумда сөз сүйлөгөн вице-премьер-министр Олег Панкратов КМШ эң маанилүү маселелерди талкуулаган, элдер арасында тыгыз кызматташтыкты сактап турган, ЖККУ, ЕврАзЭС сыяктуу КМШ жалпы мейкиндик сактап турган аны менен катар Бажы биримдигине жана ЕАЭБ ыңгайлашкан жалпы аянт болуп кала бере турганын баса белгиледи.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов ошондой эле 2017-жылы Кыргыз Республикасы ЕАЭБ төрагалык кылуусунун приоритеттүү багыттарын айтып берди.

КМШ Форумуна Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Игорь Шувалов, Казакстан Респуликасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Аскар Мамин, Аткаруу комитетинин төрагасы – КМШ аткаруучу катчысы Сергей Лебедев, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышты.

КСДПдан Нурсултан Назарбаевге жооп: «Бир тууганбыз деп, анан болочокто да чек араны тосуп коёрун айткан Казакстандын Президентинин сөздөрү бизди терең ирээнжитти”

«Бизди бир тууган элдербиз деп атап, эгерде керек болсо, болочокто да чек араны тосуп коёрун айткан Казакстандын Президентинин сөздөрү бизди терең ирээнжитти”, – КСДП фракциясынын депутаттары Рыскелди Момбеков менен Евгения Строкова Казакстан Республикасынын Президентинин сөздөрү тууралуу ушундай түшүндүрмө беришти.

Алардын айтымында, бизди бир тууган элдербиз деп атап, эгерде керек болсо, болочокто да чек араны тосуп коёрун убада кылган Казакстандын Президентинин сөздөрү аларды терең иренжиткен.

«Адегенде эле белгилеп кетчү нерсе, биздин өлкөлөрдүн элдери ортосундагы достук кылымдар бою калыптанган жана аны эч ким буза албайт. Ал эми кеп айрым саясатчылардын катачылыктары жөнүндө болсо, анда төмөндөгүнү тактап койгубуз келет. Назарбаевдин эсинен чыгып кеткендир, же ага туура эмес  маалымат жеткиришкендир, бирок, 7 апрелде анын алдында Бакиевдин режими мыйзамсыз камаган оппозиция лидерлери, саясий камактагылар гана абактан бошотулган. Бир дагы кылмышкер түрмөдөн чыккан эмес, демек бул чек аранын буулуп калышын  актай алган кеп эмес”,- деп белгилешет депутаттар.

Социал-демократтардын пикири боюнча, Астана 7-апрелде Бишкекте болуп өткөн кайгылуу окуялардын  кесепеттерин алгачкы бир нече күн бою баалаганында эч кандай айып жок. “Бул мыйзам ченемдүү. Бирок кептин баары бул, жумшак айтканда, “баалоо, же талдоо” бир жарым айга созулуп кеткенинде жана чынында бул ачык эле достукка окшобогон кадам болгонунда жатат. Нурсултан Назарбаевдин эл тарабынан кулатылган Бакиевдин режиминин “мыйзамдуулугуна” басым жасаганы да адам катары бизди кабатырлантты. Курманбек Бакиев өзү революциянын толкуну менен бийликке келген. Бирок, ырас, ал кийин революцияга чыккынчылык кылды жана акырында өз жарандарына кызыл кыргын салып туруп, качып кетти. Баса, сөз болуп калган соң айта кете турган нерсе, 7-апрелдеги революциядан кийин расмий түрдө эл аралык издөөдө жүрүшкөн Бакиевдин бир туугандары, жакын туугандары жана анын айлана-тегерегинде жүргөндөр Казакстандын аймагында тойлорду өткөрүп жүрүшкөнүн билебиз. Эмнегедир аларды эч ким кармап, биздин өлкөнүн укук коргоо органдарына өткөрүп берген жок. Ушул да союздаштык мамилеби, чындык кайда? Бул бизге түшүнүксүз », – деп белгилешет КСДП фракциясынын депутаттары.

Депутаттар ошондой эле Казакстан лидеринин Кыргызстанга көрсөтүлүп жаткан жардам тууралуу сөздөрүнө байланыштуу өз пикирин айтышты:  «Кыргыз-казак инвестициялык фондусунун алкагында бир тууган Казакстан бизге бермек болуп убада кылган 100 млн доллар жардамдын али деле “келе жатканы”, бул фонддун түзүлгөнү менен кийин иштебей кайра жабылганы эсибизде. Ушундан кийин биз кошунабыздан олуттуу жардам күтсөк болобу?»

Албетте, эми өткөн таарынычтарды унутуп, илгери үмүт менен алга басышыбыз керек. Бирок “Керек болсо, – чек араны дагы жабам” деген сөз ЕАЭБ жана ЖККУ боюнча союздаштарга карата айтыла турган сөз эмес, биздин оюбузча, бул досчулукка да, бир тууганчылыкка да жатпайт», – деп белгилешти социал-демократтар.

Депутаттар Казакстандын жетекчилерине караганда карапайым казакстандыктар бизди колдошо турганын жана 30-жылдардагы ачарчылык учурунда кыргыздар боордош казактар менен бир сындырым нанды бөлүшүп жеп, иш жүзүндө боордош республиканын көптөгөн жашоочуларын өлүмдөн сактап калганын унутушпаганын эске салышты.

Булак: sdpk.kg

2010-жылы 6-7-апрелде Таластагы түрмөдөн 60 абакчы бошотулуп, 1, 5 миң курал уурдалган

Бүгүн, 18-мартта КСДПчы депутаттар Рыскелди Момбеков менен Евгения Строкова Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кечээ, 17-мартта Астанадагы маалымат жыйынында 2010-жылдагы Кыргызстандагы мамлекеттик төңкөрүш, кыргыз-казак чек арасы жана Атамбаев тууралу  айткандарына КСДПнын расмий сайты аркылуу расмий жооп беришти.

Анда алар “2010-жылы 7-апрелде бир дагы кылмышкер түрмөдөн чыккан эмес, демек бул чек аранын буулуп калышын  актай алган кеп эмес”,- деп жазышкан. Бирок чындыгында кандай болгонун Евгения Строкова билбесе да Рыскелди Момбеков билиш керек эле. Башкасын айтпаганда да ошол Рыскелди Момбеков аралашкан 6-7-апрелдеги Талас окуяларында Таластагы түрмөдөн митингичилерден башка ар башка оор кылмыштар менен айыпталып олтурушкан 60 абакчы бошотулуп, алар боштондукка чыккандан кийин Талас облустук милициясынын курал-жарак сакталуучу кампасынан, милиция кызматкерлеринен баардыгы болуп 1,5 миң курал-жарак тартып алышып, анан милициянын имаратын, түрмөсүн өрттөп жиберишкен. Мына ошол абактан бошотулган “каралар” эң биринчи “кызыл” генерал Молдомуса Коңгайтиевди сабай башташкан. Талас шаары Казакстандын Тараз шаарына кошуна болгондуктан “каралар” тартып алышкан 1,5 миң ок атуучу курал-жарактын жарымы Казакстанга сатылып, өтүп кетпесин деп казактар алгач чек араны ошол Жамбыл облусу тараптан жабышкан. Анан башка аймактарды да жаба башташкан.

Эсибизде, казактар чек араны жапканда Алмаз Атамбаев “жапса жаба берсин, башка жол салып алабыз!” деп айтканы. Ал кайсы жол экенин тактаган эмес. Россияга Казакстансыз жол жок же Кытай аркылуу Ыраакы Чыгышты аралап гана салыш керек болот. Кошуналарыбыз Өзбекстан менен Тажикстан өздөрү Россияга, дегеле дүйнөгө Казакстан аркылуу чыгышат.

Ошондой эле Ноокатта райондук администрацияны басып алышып, камакка алынып, 2009-жылы экстремисттер катары соттолгон 20 хизбутчулар да революциядан кийин аминистия менен бошотулуп жиберилгенин да эч ким унутула элек.

Бишкекте 7-апрелде тартып алынган милициянын, УКМКнын атайын отрядынын курал-жарактары да, Таластагы 1,5 миң курал жарактын көбү андан бери 7 жыл өтсө да толук кайтарыла электиги ачык эле айтылып, ММКларда жазылып жүрбөйбү.

Ошондуктан КСДПнын депутаттары Назарбаевге жооп берердин алдында алгач бул маселе боюнча УКМК менен КР ИИМине кайрылып, маалыматты тактап алышса уят болушмак эмес.

Булак: Кyrgyztoday.kg

“Шералынын чокою”

Башкы прокуратура “Президент Алмазбек Атамбаевдин аброюна шек келтирди” деген айып менен “Азаттык” радиосун, “Заноза” маалымат порталын сотко берди. Бул доо арыз “Ата Мекен” партиясынын адвокаттарынын “Авиакырсыкка учураган учактагы жүк Президент Атамбаевге тиешелүү болгон” деген билдирүүсүнө байланыштуу. Башкы прокуратура “Ата Мекендин” юристтеринен 10 млн сом, “Азаттык” радиосунан 10 млн сом, “Занозадан” 3 млн сомду моралдык чыгым катары сураган. Мындан сырткары, КСДП 24.kg маалымат агенттиги менен укук коргоочу Рита Карасартованы сотко берди.  Бул сотко берүүнү жарандык коом сөз эркиндигине кысым катары баалоодо.

Президент: “Бир ууч жалганчылар жана ушакчылардын чайкоочулук кылышына жол бербейбиз”

Андан көп өтпөй эле Президент Атамбаев билдирүү таратты. Билдирүүдө акыркы учурда сөз эркиндиги деген ураанга жамынып алган көз карандысыз журналисттер, саясатчылар президент баш болгон бир катар адамдарды негизсиз каралап жатканы айтылат. Президент мындай көрүнүш айрым маалымат каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу бир нече жылдан бери уланып келгенин жана былтыр жай айынан тарта күч алганын белгилеген. “Кыргызстандын жарандары бул эркин сөрөй журналисттердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана саясатчылардын чыныгы көздөгөн максаты – чындык эмес, жалган жалаа жаап, ушактоо менен бүткүл эл шайланган мамлекет башчысынын жана бүт өлкөнүн дүйнөлүк коомчулуктагы беделин түшүрүү, өлкөнүн жаңы президентин шайлоо алдында Кыргызстандагы кырдаалды курчутуу экенин билиши керек. Тийиштүү мамлекеттик органдар бул өздөрүн калп эле эркиндик үчүн күрөшүүчү кылып көрсөтүп жаткандарга мыйзам бүткүл эл шайлаган президент үчүн эле эмес, бардык жарандарга бирдей экенин эскерте турган мезгил келди. Көптөгөн кыйынчылыктар аркылуу жеткен жарандардын укуктары жана эркиндиги менен бир ууч жалганчылар жана ушакчылардын чайкоочулук кылышына жол бербейбиз” деп айтылат билдирүүдө.

Андан кийин Президент 15-мартта Ооганстан, Индия, Латвия, Кот-д’Ивуар жана Эфиопиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчилеринен ишеним грамота кабыл алып жатып дагы журналисттердин дарегине сын пикир узатты.“Урматтуу бул жерде катышып жаткан журналисттер! Мен сиздерди журналисттик этиканы жана адамдык моралды бекем сактоого, коомчулукка чындыкты жана бейтарап маалымат жеткирүүгө чакырам. Мыйзам маалыматты жарыялоодон мурун текшерүүнү талап кылат. Чыныгы журналист ушуну менен “ушакчыдан”, “жалганчыдан” айырмаланат. Эркиндик – бул баарынан мурда жоопкерчилик. Президенттин аброю менен намысын коргоо боюнча Башкы прокуратура берген доо арыздар эки гана маалымат каражатына, бири нече жылдан бери максаттуу түрдө мамлекетти жана президентти дискредитациялоо боюнча иштеп жаткан “Азаттык” менен “Занозага” багытталганын баса белгилеп кетким келет” деди Алмазбек Атамбаев.

Журналисттердин көз карандысыз уюму: “Бул ыкмалар демократиялык баалуулуктарды тутунган коомдо болбошу керек”

Журналисттердин көз карандысыз уюму бул жагдайга тынчсызданып жатканын айтып билдирүү таратты. “Мындай соттошуу аракеттери –  маалымат каражаттарына болгон кысым бийликтин сөз эркиндигин чектөө үчүн жасаган аракети экенин  Кыргызстандагы бийлик менен ММКлардын мамилелеринин тарыхы көрсөтүп турат. Мындай аракеттер банкротко учуратуу, айрым маалымат булактарынын жабылышы сыяктуу кыска мөөнөттүү эффект бергени менен, тескери жыйынтык берип келген. Өздөрүнө жакпаган ММКларга тандалма мамиле жасоо, мамлекеттик машинаны башкача көз караштагыларды кодулоо, сынды көтөрө албоо – бул ыкмалар демократиялык баалуулуктарды тутунган коомдо болбошу керек. Бул ыкмаларды колдонуу укуктук мамлекеттин принциптеринен артка кетүү деген коңугроону түшүндүрөт. Ошол эле учурда ММКлар дагы өзүлөрү тараткан билдирүүлөргө жоопкерчилиги болушу керек. Биз эки тарапты ачык диалог курууга чакырабыз” деп жазылат билдирүүдө.

Жанар Акаев, ЖК депутаты: “Толкундоолорду унутсак Шералынын чокоюндай кылып сүрөттөрүн илип коелу”

Буга улай эле Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар журналисттердин ишмердүүлүгүн сындап чыгышты. Кайсы ММК экенин так айтышкан жок. ЖК депутаты Аскар Шадиев “Ар ким каалаганын жазып жатат. Чындыкты жазышсын да. Эмне? Бизде эч кандай жакшы иштер жасалбай жатабы? Эл шайлаган Президент бар. Бул кишиге чындыгын да, калпын дагы илип атышат. Бизде эмне акыркы заман келип калдыбы? Акыркы 5-6 жылда чоң өзгөрүүлөр болду. Акты ак, караны кара дешибиз керек” деди Шадиев. Ага сөз улай депутат Азамат Арапбаев “Сөз эркиндигине жамынып алып Президент боюнча ушак, жалган маалыматтарды жазып жатышат. Кадырын түшүрүп жатышат. Айрым ММКлар өлкөнүн коопсуздугу үчүн коркунучтуу болуп жатат. Президенттин кол тийбестиги тууралуу мыйзам бар. Эгер ММКлар муну аткарбаса, аларды тартипке чакырышыбыз керек” деди Арапбаев. Ал эми ушул эле КСДПдан депутат болгон Жанар Акаев сөз эркиндигин муунтпаш керек деген оюн айтты.
“Журналисттерди бир тараптуу күнөөлөгөн туура эмес. Алар депутаттардын сөзүнө таянуу менен жазып жатат да. Элдин баары парламентти карап отурса жазууга милдеттүү. Буга чейинки эки революциянын келип чыгышына сөз эркиндигинин басмырланышы да себеп болгон. Ошону унутуп калдыкпы? Андай болсо Шералынын чокоюндай кылып, сүрөттөрүн илип коёлу”, — деди Акаев.

Булак: “ПолитКлиника”

Меню