Menu

САЯСАТ

Эки жолу мас болуп рулга отурсаң, машинеңен айрыласың!

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров эки жолу мас болуп машина айдагандардын машинасын конфискация кылып мамлекетке алуу керек деген мыйзамдын үстүндө иштеп жатат. Негизинен абдан туура мыйзам, болбосо буга чейинки мыйзамдарды тоготпой, ичип алып айдаган айдоочуларды күндө эле көрүп атпайбызбы. Алардын айынан канча деген жол кырсыктары катталып, бейкүнөө канча адамдар өмүр менен кош айтышса, канча жарандар түбөлүк мунжу, майып болуп калышууда. Алардын убалы кимге?
Айдоочулар кылган кылмышы үчүн жооп бермек тургай жабырлануучуларды «эмне кылып аласың» деген өктөмдүк менен өрөпкүп турганда бул мыйзам мезгил талабы эмеспи? Ырас, айып пулду көтөрдүк, бирок тойдон тоюп чыгып же достору менен майрамдап, болбосо көңүлдөшү менен көңүл ачып алып, арактын күүсү менен алачакмактаган көзү тумандаган айдоочулар азыр деле тыйылып кеткен жок. Андыктан Акылбек мырзанын мыйзамы адам өмүрүн сактап калууга да эң негизги өбөлгө болуп жатпайбы…

Булак: “Де-Факто”

Равшан Жээнбеков, экс-депутат: “Ар нерсени дөөдүрөп сүйлөбөш керек экенин Атамбаевге да айтып койгула!

“Мен 4 нерсе жөнүндө айткым келет.  Биринчиден, бүгүнкү тегерек үстөлдүн уюштуруучуларына өзүмдүн жана кечээги күнү президент Атамбаев чет элдик элчилердин алдында аябай көңүл бурган Сөз эркиндигин коргоо комитетинин атынан терең ыраазчылыгымды билдирем. Биз бул ишти көптөн берип жасап келатабыз, ал эми силердин бул ишти бүгүн жасаганыңар аябай актуалдуу жана чынында эле эрдик деп эсептейбиз”, – деп билдирди кечээ, 16-мартта Кыргызстандын көз карандысыз журналисттер союзу уюштурган сөз эркиндиги боюнча тегерек үстөлдө сүйлөп, экс-депутат Равшан Жээнбеков.

“Экинчиден, эгерде биз жакшы мамлекет курабыз десек,  келечектүү, кофморттуу мамлекет курабыз десек анда бизде мамлекетте бир топ маанилүү, күчтүү мамлекеттик институттарды жана маанилүү фундаменталдуу принциптерди колдоого туура келет.  Ошол, фундаменталдуу принциптердин бири – сөз эркиндиги жана массалык маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгы болуп эсептелет. Эгерде биз өлкөдө сөз эркиндиги менен массалык маалымат каражаттарынын эгемендүүлүгүн сактабай турган болсок анда биз эч качан мамлекетте эффективдүү башкарууну, коррупция менен күрөшүүнү, жакырчылык менен күрөшүүнү жолго коё албайбыз да жакшы мамлекет эч убакта куралбайбыз. Ошондуктан биз сөзсүз түрдө сөз эркиндигин, массалык маалымат каражаттарын колдогонго, коргогонго үйрөнүшүбуз керек. Саясатчылар, журналисттер жана жарандык коом, баары. Бул аябагандай маанилүү.

Үчүнчүдөн, бийлик саясатчыларды куугунтуктап жатканда сиздер баардыгыңар карап тургансыздар, баардыгыңар “оппозициялык саясатчыларды тебелеп жатат” деп кошулуп алып бизди кошо шыбаган журналисттер менен массалык маалымат каражаттары да олтурасыздар бул жерде.  Андан кийин эми кезек, ошол эгемендүү жана анча-мынча көз каранды эмес  массалык маалымат каражаттарына келди. Азыр эми мынакей, алардын кезеги келип жатат. Жакында алардан башкаларга өтөт. Эгерде карап олтура берсеңер,  баардыгыңарга кезек жетет журналисттер. Анткени бийликтин бүгүнкү системасы , саясаты – ал эгемендүү, көз карандысыз маалымат каражаттарын жок кылуу болуп эсептелет. Ошондуктан эми жөнөкөй журналисттерге да кезек келатат. Мындай учурда баардык массалык маалымат каражаттары, баардык журналисттер биригип, чогуу иштегенге аракет кылыш керек.

Төртүнчүдөн, азыр, бул жерде президентти колдоп сүйлөгөн кээ бирлер айтып жатат ”жалган жалаа жапкан болбош керек, туура эмес маалымат таратпаш керек, журналисттик этиканы кармаш керек” деп. Урматтуу президентти колдоп сүйлөгөндөр! (Ушул жерде экөө-үчөөсү колдоп сүйлөдү, мен атын атабай эле койгонум жакшы). Ошол журналисттик этиканы же президенттик этиканы сактоону, жалган маалымат таратпаш керек экенин, ар нерсени дөөдүрөп сүйлөбөш керек экенин Атамбаевге да айтып койгула! Ал аябагандай маанилүү жана принципиалдуу маселе”, – деди экс-депутат Равшан Жээнбеков.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео - Бүгүн “Вечерний Бишкек” гезитинин мурунку ээси Александр Кимди камакка алуу аракети болду

Бүгүн, 17-мартта, кечки саат 18.00.дө  “Вечерний Бишкек” гезитинин  мурунку ээси Александр Кимдин Бишкектеги үйүнө Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын 7 кызматкери келип, аны алып кетүүгө аракет кылышты. Бирок Александр Кимдин жакындары аларды үйгө киргизбей, дароо телефон аркылуу коомчулукту кабардар кылышкандан кийин Алар-Арча конушундагы алардын үйүнө Жогорку Кеңештин атамекенчи депутаты Наталья Никитенко, укук коргоочулар Бурул Макенбаева, Динар Ошурахунова, Асия Сасыкбаевалар жетип келишип, эмне үчүн мамлекеттик орган Александр Кимди күндүз эле чакырып албай дем алыш жана майрам күндөр башталардын алдында, жума күнү кечинде алып кетүүгө аракеттенип жатышканын түшүндүрүүнү талап кылышты.

4,5 саатка созулган талашып-тартышуудан кийин тергөөчү Арзибек Жакишев Александр Кимден 22-мартта саат 14.00.дө каржы полициясына өзү келе турганы боюнча тил кат алып, тарап кетишти.

Буга чейин Александр Кимге караштуу “Вечерний Бишкек” гезити анын бир кездеги өз энчисин сатып кеткен өнөктөшү Александр Рябушкинге тартып берилген.  Ким жана анын тарапкерлери бул Атамбаевдин жакындары Икрамжан Илмиянов менен Эркин Мамбеталиевдин рейдерлик тартып алуусу деп айыпташкан.

Гезиттерин, типографиясын, жарнамалык фирмасын тартып алышкандан кийин Александр Ким өзүнүн жеке керт башына коркунуч туулуп, Кыргызстандан чыгып кеткен болчу. Бозгундан жакында эле Кыргызстанга кайтып келген Александр Кимге 6-мартта издөө жарыяланып, өзүнүн бир кездеги “Рубрикон” жарнамалык фирмасынан 27 миллион сом акчаны мыйзамсыз чыгарып кеткен деп кылмыш иши козголгон. Ошол иштин негизинде бүгүн аны суракка алып кетүү аракети болду.

“Вечерний Бишкек” гезити башка колго өткөндөн кийин анын коллективинен бөлүнүп чыккан Нарын Айып жана Дина Маслова сыяктуу журналисттери “Заноза” сайтын негиздеп, ал оппозициялык нукта тез өсө баштагандыктан бийлик ушул март айынын башында миллиондогон сомго доо артып, сотко берген. “Заноза” сайтынын журналисттери куугунтуктала баштаган. Ошол эле учурда бийлик “Заноза” сайтынын артында Александр Ким турат деп шекшип аны да коркутууга өттү.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео: “Заноза”

Видео - Депутаттарды кагыштырган депутаттык комиссия маселеси

Кечээ Жогорку Кеңеште “Ата Мекендин” үч депутаты Текебаев, Салянова, Шыкмаматов боюнча депутаттар тарабынан түзүлгөн комиссия боюнча чыр чыгып, эл өкүлдөрү кер-мур айтышты. Алгач сөз алган Садык-Шер төрагалык кылган Төлөнов Даниярга “Комиссиянын ишин узартуу маселесин койбой туруп, танапис жарыялап жиберип, ишти токтоттуңуз” – деп жөөлөп өттү. Ошол эле учурда “айрым “Республика – Ата-Журттагы” кесиптештерим коркуштубу же качыштыбы, айтор залга кирбей коридордо басып жүрүштү” – дегенди айтып какшыктады. Экинчи тарап да жөн калмакпы, Максат Сабиров: “Ар бир фракциянын өз иши бар. Биз силердин ишиңерге кийлигишкен жокпуз. Силер да кийлигишпегиле” – деп жооп кайтарды. Кийинки сөз алган КСДП депутаты Момбеков комиссиянын мөөнөтү бүткөнүн, узартуу негизсиз экенин, эгер комиссиянын ишин узартса мыйзамсыз болоорун айтты. Чындыгында 8-февралда түзүлгөн комиссиянын иши 8-мартта аяктаган эле. Аяктаган ишти кайра жандандырып, жыйынтыгы жок комиссиянын ишинин кимге кереги бар. Негизи эле акыркы күндөрү пайда-батасы жок депутаттык комиссиялар көп эле түзүлүп жатат. Ошого жараша жыйынтык болсо бир жөн…

https://www.youtube.com/watch?v=J6AVF6vAU-c

Булак: “Фабула”

Видео: Санжар Калматай

Жанар Акаев, ЖК депутаты: "Журналисттер жазганына жооп берсе, саясатчылар айткан сөзүнө жооп берсин!"

КСДП фракциясынын депутаты болуп туруп, бирок ар дайым бийликтин өзүнө сын айтып келе жаткан Жанар Акаев деген өзгөчө ой жүгүрткөн депутат бар. Кеп анын бийликтин партиясынын депутаты болуп туруп, бийликке сын айтканында деле эмес. Калыс пикирин айта алганында. Кез-кезде аша чаап кетип бармагын тиштеп калганы болбосо, ар дайым сөз эркиндигине, журналисттердин ишмердүүлүгүнө байланыштуу акыйкат сөзүн айтат. Жогорку Кеңеште журналисттер ишмердүүлүгү боюнча талаш-тартыш чыкты эле Жанар мырза тайманбай эле: “Журналисттерди бир тараптуу каралоону токтотсок. Алар маалымат булагына таянып жазып жатышат. Журналисттер жазганына жооп берсе, саясатчылар айткан сөзүнө жооп берсин”, – деп адилет сөзүн айтты.

Булак: “Фабула”

Узарбек Жылкыбаев Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Жылкыбаев Узарбек Казиевич Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн  Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: "Мен ал учурда Жаныш жана Максим Бакиевдер менен эмес, Атамбаев менен чогуу казы-карта чайнап олтургам"

-Бегалы мырза, сизди президент өз сөзүнө кыпчып, «сөз эркиндигин коргойбуз, кыргыз журналисттерин коргойбуз деп, чуу салып, атайын уюм түзүп, өлкөбүздү бүт дүйнөгө мазактап жатышат. Булар өздөрү ким?» деди. Деги силер кимсиңер?

-Биз акыркы жылдары сөз эркиндиги чектелип бараткан Кыргызстан өлкөсүнүн жарандарыбыз. Акыркы 20 жылда кыргыз өлкөсүндө калыптанган сөз эркиндигин бүгүнкү бийлик акыркы 5 жылда чектөөгө аракет кылып, Кокон хандыгын курганы жатышат. Ошого каршы белгилүү журналисттер Замира Сыдыкова, Нарын Айып, оппозициялык саясатчылар Равшан Жээнбеков, Адил Турдукулов жана башка инсандар менен бирдикте Сөз эркиндигин коргоо комитетин түзгөнбүз. Ал эми Атамбаевдин бизге асылып жатышынын себеби мындай. Ал февраль айынын аягында Европага иш сапары менен барып, гранттарды сурап, Кыргызстанда гүлдөгөн демократияны куруп салдым деп мактанып келген. Андан 10-15 күн өтпөй КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баштаган өкмөттүк делегация Европага иш сапары менен барып, ал да Кыргызстан гүлдөп жатат, сөз эркиндиги чексиз деп европалыктарды алдап келди. Ал эми алардын артынан Европага иш сапары менен барган кыргыз оппозициясы, журналисттери жана жарандык коомдун өкүлдөрү фактылар менен алардын калпын чыгарып салды. Мына ушуга чычалаган бийлик биздин жеке керт башыбызга асылып жатат. Европаламенттин депутаттары бизге дароо эле айтышты “Биз силердин жетекчилер айткан мактанычтарга ишене бергидей өтө эле ишенчээк эмеспиз, ошондуктан оппозицияны да угуп көрөлү деп силер менен жолугушуп жатабыз” деп. Ал эми Кыргызстанды бүт дүйнөгө биз эмес Атамбаев өзү мазактап жатат. Эмесе ушул кечээ айткан сөздөрү чет элдик элчилерге айтчу сөзбү? Элчилердин ишеним каттарын алып жатып, өзүнүн жарандарын кемсинткен сөз сүйлөйбү? Россиянын эле ММКлары Атамбаевди мазактап “Кыргызстандын президенти Афганистан менен Эфиопиянын элчилерине журналисттердин үстүнөн арызданды” деп жазып жатышпайбы. Ал иш чарага катышкан чет элдик элчилер менен журналисттер эмне деп кетишти? Ошондо Кыргызстанды дүйнөгө ким мазактап жатат?

Биз Европада кыргыз элининин айкөлдүгүн, Кыргызстандын келечектүү мамлекет экендигин айтып, ал эми бир ууч кландык бийликтин калпын чыгардык.

-«Жумшак креслого отуруп, казы-карта чайнап, Максим менен Жанышты мактап отурушпады беле?”- деди . Жаныш менен Максимди мактап, чогуу казы карта чайнаганыңыз ыраспы?

-Жаныш менен бирге казы-карта жемек тургай өмүрүмдө бир столго олтурган эмесмин. Мен билгенден Атамбаев Жаныш менен деле, Максим менен деле резиденцияда биргелешип чай ичип, казы-карта жеп жүрүшкөн. Эсиңердеби, 2007-жылы апрелде Курманбек Бакиевге каршы чыккан митингичилерди кууп таратуу учурунда ошол кездеги Бакиевдин премьер-министри Атамбаев резиденцияда Жаныш Бакиев, Молдомуса Коңгайтиев, Элмурза Сатыбалдиевдер менен чогуу казы-карта жеп, “чай-пайынан” сеп этип олтуруп, анан генералдардын суранычы боюнча түз эле “Ала-Тоо” аянтына келип, Курманбек Бакиевге каршы митингге чыккан кыргыздарды “Барандар! Бир Текенин артынан ээрчип кете берген койлор!” деп кемсинткен. Ал видеотасма азыр деле Ютуб жана башка каналдарда жүрөт. Ал эми Атамбаев бизди айыптап жаткан учурда тескерисинче мен Алмаз Атамбаевдин үйүндө казы-карта чайнап олтургам.  Айтылбай турган сөз эле айтылып кетти өзү эле дегнендей, өзүнүн асылганына жооп кылып айтышка туура келип калды, 2009-жылы жайында ыраматылык Мелис Эшимканов: “Алмаз Шаршенович, телефон чалып, “Бегалы досуң экөөң келип сый-тамак ичип кеткиле” деп  чакырып жатат” деп калганынан бардык. Ал киши Арашан айылындагы менчиктештирип алган совхоздун багына боз үй тигип, казы-картаны мол кылып дастаркон жайып тосуп алды. Дем алыш күн болчу, бир күн кечке Мелис экөөбүз мейман болдук. Ал сый тамактын күбөлөрү да бар. Анан ошол жерде Атамбаев “Бегалы, сен Жогорку Кеңешке “Ак жолдон” эмес СДПКдан депутат болуп барсаң болмок экен. Бизге сага окшогон активдүү депутаттар жетишпей жатат…” деп бир топ сүйлөгөнү эсимде. Бүгүнкү СДПКнын деңгээлин көрүп, ошондо бир кудай сактап парламентке СДПКдан эмес “Ак жолдон” барып калганыма сүйүнөм. Ал эми журналисттердин “Максим президент болуп калышы мүмкүнбү?”  деген суроосуна “Эл шайласа президент болуп калышы мүмкүн” деген жообумду бурмалашып, “Максимди президент кылам” деген сыяктуу ушактар менен асылып келатышат.

Т.Токтоболотов

Булак: “Жаңы ордо”

 

Баарын айрандатмай болду...

Айбек Калиев деген “Энергохолдингдин” жетекчиси Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭСтерин курмак болуп, бирок курбай койгон “Русгидрого” 37 миллион доллар төлөй бериши керектигин билдирди. Бул эргул олчойгон сумманы Кыр­гызстан өзү төлөйт же ара жолдо калган Нарын ГЭСтерин курууга кызыкдар болуп келген инвестордун мойнуна илинет дегенди айтты. Экспеттер, Жогорку Кеңештин депутаттары Нарын ГЭСин куруу боюнча жасалган иштер 37 миллион доллар болбой турганын, сумма 4-5 эсеге ашыкча апыртылып көрсөтүлгөнүн айтышып, учурда аудит жүргүзүлүп жатат. Анан аудиттин жыйынтыгы чыга электе, Калиевдин 37 миллионду төлөп беребиз деп какшап жатканы жакшылыктын жышааны эмес. Анын үстүнө жасалбаган ишке 37 миллион доллар карыз төлөп, анан дагы миллиондогон доллар жумшап ГЭС курабыз деп кайсы инвестор келет? Баарын үркүтүп, айрандатмай болду го бул сымап…

Булак: “Фабула”

Айгүл Рыскулова Абулгазиевге жардамчы болуп алганбы?

Мамлекеттик кызматтын өзүнүн аткара турган функциялары, милдеттери бар. Ал эми ошол кызматта олтургандар ал милдеттерди аткарышы керек. Анткени ал жерде олтургандыгы үчүн мамлекеттик бюджеттен акча жеп, айлык алып олтурушат. Бирок бизде негедир бул эреже түк сакталбайт. Дегеним, биринчи вице-премьер-министр Муханбеткалый Абулгазиев өткөн жумада кичи мекени Кочкор районуна барып, 3-4 айылда жолугушуу өткөрүп келди. Адаттагы маселелер негизги көйгөй катары көтөрүлүп, таза суу, бүтө элек мектептердин маселелерин чечип берүү өтүнүчтөрү айтылды. Албетте, вице-премьердин эл аралап, көйгөйдү жеринде көрүп жатканы туура. Бирок бир кызык жери, ошол иш сапарда биринчи вице-премьерди «Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулованын ээрчип барганы бизди таң калтырды. Ооба, Айгүл Маратовна так ошол Кочкор районунан чыккан тың кыздардын

бири бирок эмне максатта өкмөт жетекчилерин ээрчип алганы белгисиз. Анын аткара турган иши аймакта эмес, борбор калаада экенин эсинен чыгарганбы? Же байкесине эркелеген эрке карындаштын образын көрсөтүп жатабы? Же өкмөткө штаттан сырткары кызматкер болуп кирип алганбы?! Биз жообун таппай турубуз. Балким төркүнүнө төркүлөгүсү келгендир, андай болсо Абулгазиевсиз эле төркүлөй бербейби?

Булак: “Де-Факто”

Разаковдун иши жакында былгыйт

Бир нече жыл мурун кыраакы саясатчылар өкмөттүн алдында­гы вице дегендер эч кандай жумуш аткарбаганын ачыкка чыгарып, аталган кызматтарды түп-орду менен жойгон эле. Тилекке каршы, коалиция деген илдетке кабылгандан бери партиялар арасындагы бийлик бөлүштүрүүдө ар бирине «устукан» арттыруу үчүн «вице» деген түшүнүктү кайра киргизип, мурдагыдай бирөөнү эмес, азыр төртөөнү тизип койду. Алар эмне жумуш аткарып жатканы белгисиз. Кээ бири лента кырккан жерде эле көрүнө калбаса, башка жерден ит менен издеп да таппайсьщ. Кызыгы, вице-премьер-министрлердин бири Жеңиш Разаковдун кыңыр иштери боюнча ММКларда өтө көп жазылды. Бирок «Ит үрө берет, кербен жүрө берет» деген таризде, жарыяланган маалыматтарга өкмөт жетекчиси реакция жасаган жок. Демек эки ирет төңкөрүш болгонуна карабай, бизде баягы эле «Карга карганын көзүн чукубайт» деген принцип иштеп жатат өңдөнөт. Арийне кыргыздар жөнөкөй калк эмес, кыянаттыкка башын ийип отурбайт. Дегенибиз, жакынкы күндөрү Разаковдун былыктары боюнча жаңы маалыматтар чыкмакчы. Чоңдор бул ирет маселени алакан майламай менен чече албай калышы ыктымал.

Булак: “Де-Факто”

 

Меню